Башкы бетТафсирAl-Kahf (18)

Тафсир Al-Kahf (18) — الكهف

Меккелик · 110 аят

Окуу · УгууPDF файл

ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ ٱلَّذِىٓ أَنزَلَ عَلَىٰ عَبْدِهِ ٱلْكِتَـٰبَ وَلَمْ يَجْعَل لَّهُۥ عِوَجَا ۜ ﴿١﴾

Кемчиликсиз жана улуу сыпаттар менен ачык жана жашыруун жакшылыктар үчүн жалгыз Аллахка гана мактоо болсун. Ал Аллахтын кулу жана элчиси болгон Мухаммадга Куранды түшүрдү. Ал бул Куранды акыйкаттан чыгып же андан ооп кетүүчүкылган жок

قَيِّمًۭا لِّيُنذِرَ بَأْسًۭا شَدِيدًۭا مِّن لَّدُنْهُ وَيُبَشِّرَ ٱلْمُؤْمِنِينَ ٱلَّذِينَ يَعْمَلُونَ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ أَنَّ لَهُمْ أَجْرًا حَسَنًۭا ﴿٢﴾

Тескерисинче, Аллах каапырларды Өзүнүн алдындагы, аларды күтүп турган катуу азаптан коркутуу үчүн жана жакшыиш-аракеттерди аткарган ыймандууларга теңдеши жок жакшысооп-сыйлыктар менен кубандыра турган кабарды берүү үчүн Аллах Куранды туура, кемчиликсиз, карама-каршылыгы жок кылды. م كثين فيه أبدا

مَّـٰكِثِينَ فِيهِ أَبَدًۭا ﴿٣﴾

Алсооп-сыйлыктар аларга түбөлүк берилет жана алсыйлыктар алардан эчкачан токтоп калбайт

وَيُنذِرَ ٱلَّذِينَ قَالُوا۟ ٱتَّخَذَ ٱللَّهُ وَلَدًۭا ﴿٤﴾

«Аллахтын баласы бар» деп айткан жөөттөрдү, христиандарды жана кээ бир мушриктерди коркутуу үчүн

مَّا لَهُم بِهِۦ مِنْ عِلْمٍۢ وَلَا لِـَٔابَآئِهِمْ ۚ كَبُرَتْ كَلِمَةًۭ تَخْرُجُ مِنْ أَفْوَٰهِهِمْ ۚ إِن يَقُولُونَ إِلَّا كَذِبًۭا ﴿٥﴾

Ал жалганчы каапырлардын Аллахтын баласы бар деп айткан сөздөрү тууралуу илими же болбосо далилдери да жок.Ушулишенимдерди калтырып кеткен ата-бабаларынын да илими болгон эмес.Алардын ооздорунан чыккан бул сөз – акылга сыйбаган, чоң коркунучу бар жаманатты сөз. Алар далилсиз негизи жок жалган сөздөрдү гана айтышат

فَلَعَلَّكَ بَـٰخِعٌۭ نَّفْسَكَ عَلَىٰٓ ءَاثَـٰرِهِمْ إِن لَّمْ يُؤْمِنُوا۟ بِهَـٰذَا ٱلْحَدِيثِ أَسَفًا ﴿٦﴾

Балким сен оо, пайгамбар! Алар бул Куранга ыйман келтиришпесе, өзүңдү түйшүккө салып, кайгырып өзүңө зыян жеткирип аларсын. Сен андай кылба. Сен аларды акыйкат жолуна сала албайсың. Бирок сенин аларга жеткирүүң сага милдет

إِنَّا جَعَلْنَا مَا عَلَى ٱلْأَرْضِ زِينَةًۭ لَّهَا لِنَبْلُوَهُمْ أَيُّهُمْ أَحْسَنُ عَمَلًۭا ﴿٧﴾

Чындыгында Биз алардын кимиси Аллах ыраазы боло турган жакшы амал кыларын жана алардын кимиси жаман амал кыларын сыноо үчүн жана алардын ар бирин татыктуу азап менен азаптоо үчүн жер бетиндеги жаралган нерселер менен жерди кооздодук. بلغ Куран · Тафсир وإنا لجعلون ما عليها صعيدا جرزا

وَإِنَّا لَجَـٰعِلُونَ مَا عَلَيْهَا صَعِيدًۭا جُرُزًا ﴿٨﴾

Албетте Биз жер бетиндеги жаралган нерселерди өсүмдүгү жок топуракка айлантабыз. Бул нерселер анда жашап жаткан жандуулардын жанын алганыбыздан кийин болот.Ошондуктан алнерседен үлгүалгыла

أَمْ حَسِبْتَ أَنَّ أَصْحَـٰبَ ٱلْكَهْفِ وَٱلرَّقِيمِ كَانُوا۟ مِنْ ءَايَـٰتِنَا عَجَبًا ﴿٩﴾

Оо, пайгамбар! Албетте сен үңкүр ээлеринин окуясын жана алардын аттары жазылган тактайды Биздин эң таң калыштуу аят-белгилерибизден деп ойлобогун. Тескерисинче, андан башка асмандар менен жердин жаратылышына окшогон абдан таң калыштуу аят-белгилерибиз бар

إِذْ أَوَى ٱلْفِتْيَةُ إِلَى ٱلْكَهْفِ فَقَالُوا۟ رَبَّنَآ ءَاتِنَا مِن لَّدُنكَ رَحْمَةًۭ وَهَيِّئْ لَنَا مِنْ أَمْرِنَا رَشَدًۭا ﴿١٠﴾

Оо, пайгамбар! Ыймандуу жигиттер динин сактап калуу үчүн качып үңкүргө баш калкалаган кезде өз Раббилерине: «Оо, Раббибиз! Биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, душмандарыбыздан сактап, Өз ырайымыңа ала көр. Бизге каапырлардан көчүп кетүүнү насип эт. Ыйманыбызды акыйкат жолуна баштоочу жана ошол жолдо бекем туруучулардан кыл»–деп айткан дубаларын эстегин

فَضَرَبْنَا عَلَىٰٓ ءَاذَانِهِمْ فِى ٱلْكَهْفِ سِنِينَ عَدَدًۭا ﴿١١﴾

Алар качып барып үңкүргө баш калкалагандан кийин Биз алардын кулактарын үндөрдөн тосуу үчүн парда кылдык. Жана алардыбир нече жылдар бою уктаттык

ثُمَّ بَعَثْنَـٰهُمْ لِنَعْلَمَ أَىُّ ٱلْحِزْبَيْنِ أَحْصَىٰ لِمَا لَبِثُوٓا۟ أَمَدًۭا ﴿١٢﴾

Биз үңкүрдө канча убакыт тургандыгын талашкан эки топкоалардын кимиси ал убакыттыжакшыбилерин билиш үчүн алардыузак уйкуларынан ойготтук

نَّحْنُ نَقُصُّ عَلَيْكَ نَبَأَهُم بِٱلْحَقِّ ۚ إِنَّهُمْ فِتْيَةٌ ءَامَنُوا۟ بِرَبِّهِمْ وَزِدْنَـٰهُمْ هُدًۭى ﴿١٣﴾

Оо, пайгамбар! Биз сага алардын кабарын шексиз чындык менен айтып бердик. Чындыгында алар Раббисине ыйман келтиришкен жана Ага сыйынуу менен алек болушкан жигиттер эле. Биз аларга акыйкат жолундагы бекемдикти жана ийгиликти көбөйттүк

وَرَبَطْنَا عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ إِذْ قَامُوا۟ فَقَالُوا۟ رَبُّنَا رَبُّ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ لَن نَّدْعُوَا۟ مِن دُونِهِۦٓ إِلَـٰهًۭا ۖ لَّقَدْ قُلْنَآ إِذًۭا شَطَطًا ﴿١٤﴾

شططا Биз алардыжүрөктөрүн ыйман менен жана анда бекем туруучу кылып кубаттадык. Жана турак жайларын таштап кетүү үчүн сабыр бердик. Алар каапыр падышанын алдында жалгыз Аллахка ыйман келитиришкендигин жарыялаган кезде ага мындай деп айтышты: «Биз ыйман келтирип сыйынган Раббибиз – Ал асмандардын жана жердин Раббиси. Биз Андан башка ойлоп табылган жалган кудайларга эч качан сыйынбайбыз. Чындыгында биздин Андан башкага сыйынабыз деп айткан сөз – алакыйкаттан алыс чектен чыккан сөз». بلغ Куран · Тафсир

هَـٰٓؤُلَآءِ قَوْمُنَا ٱتَّخَذُوا۟ مِن دُونِهِۦٓ ءَالِهَةًۭ ۖ لَّوْلَا يَأْتُونَ عَلَيْهِم بِسُلْطَـٰنٍۭ بَيِّنٍۢ ۖ فَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ ٱفْتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًۭا ﴿١٥﴾

Андан кийин алар бири-бирине карап мындай дешти: “Элибиздеги тигил адамдар Аллахтан башка сыйынылган нерселерди кудай тутуп алышты.Алар кылган ибадаттарында эчкандай ачык далилди билишпейт.Аллахка шерик кошуп Ага жалган сөздөрдүайткан адамдардан өткөн заалым жок”

وَإِذِ ٱعْتَزَلْتُمُوهُمْ وَمَا يَعْبُدُونَ إِلَّا ٱللَّهَ فَأْوُۥٓا۟ إِلَى ٱلْكَهْفِ يَنشُرْ لَكُمْ رَبُّكُم مِّن رَّحْمَتِهِۦ وَيُهَيِّئْ لَكُم مِّنْ أَمْرِكُم مِّرْفَقًۭا ﴿١٦﴾

مرفقا Алар Аллахтан башкага сыйынып жатышкан кудайларын таштап коомуңардан бөлүнүп четке чыкканыңарда диниңерди сактап калуу үчүн үңкүргө кире качкыла. Ошондо Аллах силерди ырайымына алат жана душманыңардан коргойт. Ошондой эле коомуңардагы жашоону алмаштырган азыркы ишиңерди жеңил кылат

۞ وَتَرَى ٱلشَّمْسَ إِذَا طَلَعَت تَّزَٰوَرُ عَن كَهْفِهِمْ ذَاتَ ٱلْيَمِينِ وَإِذَا غَرَبَت تَّقْرِضُهُمْ ذَاتَ ٱلشِّمَالِ وَهُمْ فِى فَجْوَةٍۢ مِّنْهُ ۚ ذَٰلِكَ مِنْ ءَايَـٰتِ ٱللَّهِ ۗ مَن يَهْدِ ٱللَّهُ فَهُوَ ٱلْمُهْتَدِ ۖ وَمَن يُضْلِلْ فَلَن تَجِدَ لَهُۥ وَلِيًّۭا مُّرْشِدًۭا ﴿١٧﴾

ه ر Алар буйрулгандай аткарышты. Ошондо Аллах аларды узак уйкуга уктатты. Аларды душмандарынан сактады. Эгерде аларды көргөн болсоң, Күн чыгыштан чыгып үңкүрдүн оң жагына тийип өтөт. Ал эми батып жатканда үңкүрдүн сол жагына тийип батат. Алар дайыма көлөкөдө болуп күндүн ысыгы аларга зыян бербейт. Алар кең үңкүрдө муктажболгон аба менен дем алып турушат.Алардын узак уйкуга кеткендиги,аларга күн тийбей өтүшү, жаткан жерлеринин кеңдиги жана душмандарынан кутулгандагы жакшылыктар – алар үңкүргө киришкенде болду. Мына бул Аллахтын таң каларлык кудуретинен. Аллах кимди туура жолго багыттаса, анда чыныгы туура жолду тапты. Эгерде кимди адаштырып туура жолдон алыс кылса, анда аны туура жолго салган эч бир жардамчынытаба албайсың. Анткени туура жолготүшүү адамдын колунда эмес, Аллахтын колунда

وَتَحْسَبُهُمْ أَيْقَاظًۭا وَهُمْ رُقُودٌۭ ۚ وَنُقَلِّبُهُمْ ذَاتَ ٱلْيَمِينِ وَذَاتَ ٱلشِّمَالِ ۖ وَكَلْبُهُم بَـٰسِطٌۭ ذِرَاعَيْهِ بِٱلْوَصِيدِ ۚ لَوِ ٱطَّلَعْتَ عَلَيْهِمْ لَوَلَّيْتَ مِنْهُمْ فِرَارًۭا وَلَمُلِئْتَ مِنْهُمْ رُعْبًۭا ﴿١٨﴾

عليهم لوليت منهم فرارا ولملئت منهم رعبا Эгерде алардыкөрсөң алардын көздөрү ачык бойдон турганын көрүп ойгоо деп ойлойсуң. Бирок алар уйкуда. Жер алардын денелерин чиритип жибербеш үчүн аларды уйкуларында кээде оң жакка, кээде сол жакка оодарып турдук. Алар менен бирге жүргөн ити да алдыңкыбуттарын сунуп үңкүрдүн оозунда уйкуда болду. Эгерде аларды көрүп калсаң,анда алардан чоочуп артка карай качмаксың.Алардан коркуп кетмексиң

وَكَذَٰلِكَ بَعَثْنَـٰهُمْ لِيَتَسَآءَلُوا۟ بَيْنَهُمْ ۚ قَالَ قَآئِلٌۭ مِّنْهُمْ كَمْ لَبِثْتُمْ ۖ قَالُوا۟ لَبِثْنَا يَوْمًا أَوْ بَعْضَ يَوْمٍۢ ۚ قَالُوا۟ رَبُّكُمْ أَعْلَمُ بِمَا لَبِثْتُمْ فَٱبْعَثُوٓا۟ أَحَدَكُم بِوَرِقِكُمْ هَـٰذِهِۦٓ إِلَى ٱلْمَدِينَةِ فَلْيَنظُرْ أَيُّهَآ أَزْكَىٰ طَعَامًۭا فَلْيَأْتِكُم بِرِزْقٍۢ مِّنْهُ وَلْيَتَلَطَّفْ وَلَا يُشْعِرَنَّ بِكُمْ أَحَدًا ﴿١٩﴾

يشعرن بكم أحدا Жогоруда айтылгандай, таң калыштуу кудуретибиз менен аларды узак убакыттан кийин уйкудан ойготтук. Алар канча убакыт уктап жатканын бири-биринен сурап,бирөөлөрү:“Силер канча убакыт уктаганыңардыРаббиңер Өзү гана билет. Анын билимин Анын Өзүнө калтыргыла. Андан көрө өзүңөргө тийиштүү ишти кылгыла” – деди. Ошентип алар бирөөсүнө күмүш тыйын берип: “Барып жакшытамак саткан жана таза соода кылганын карагын. Ошондой эле сатып алганыңда жана мамиле кылганыңда аларга сылык бол. Биздин турган жерди эчким بلغ Куран · Тафсир билбесин, болбосо бизге зыяны тиет” – деп, ошол жерге жакын шаарга жөнөтүштү

إِنَّهُمْ إِن يَظْهَرُوا۟ عَلَيْكُمْ يَرْجُمُوكُمْ أَوْ يُعِيدُوكُمْ فِى مِلَّتِهِمْ وَلَن تُفْلِحُوٓا۟ إِذًا أَبَدًۭا ﴿٢٠﴾

Эгерде элиңер силердин турган жериңерди билип калышса, анда силерди таш баранга алып өлтүрүшөт же алар силерге Аллах силерге туура жолду бергенге чейин жүргөн туура эмес диндерине кайтарышат. Эгерде ал динге кайтып кетсеңер, анда бул дүйнөдө жана акыретте эч качан ийгиликке жетпейсиңер. Анда акыйкат жолун таштаганыңар үчүн жана туура эмес диниңерге кайтып кеткендигиңер себептүү эки дүйнөдө чоң зыянга ق учурайсыңар

وَكَذَٰلِكَ أَعْثَرْنَا عَلَيْهِمْ لِيَعْلَمُوٓا۟ أَنَّ وَعْدَ ٱللَّهِ حَقٌّۭ وَأَنَّ ٱلسَّاعَةَ لَا رَيْبَ فِيهَآ إِذْ يَتَنَـٰزَعُونَ بَيْنَهُمْ أَمْرَهُمْ ۖ فَقَالُوا۟ ٱبْنُوا۟ عَلَيْهِم بُنْيَـٰنًۭا ۖ رَّبُّهُمْ أَعْلَمُ بِهِمْ ۚ قَالَ ٱلَّذِينَ غَلَبُوا۟ عَلَىٰٓ أَمْرِهِمْ لَنَتَّخِذَنَّ عَلَيْهِم مَّسْجِدًۭا ﴿٢١﴾

Биз аларды таң каларлык кудуретибиз менен узак убакытка уктатып жана уйкудан тургуздук. Ошондой эле шаардын эли Аллах өлүктөрдү кайра тирилтүүсү акыйкат экендигине жана кыямат күнү анык экиндигине ишенүүлөрү үчүн аларды шаар элине билдирдик. Үңкүр ээлери шаар элине билинип алар жашап өтүшкөндөн кийин алардыкантип жерге беребиз дешип талашып кетишти. Алардын бир тобу: “Ошол үңкүргө алардысактап турган бир ак сарай куралы. Алардын абалын Раббиси жакшыбилет. Алардын мындай абалыАллахтын алдында өзгөчө абал экендиги болуп турат” – деп айтышты. Сөздөрү өтүмдүү бирок илимдери жок жана туура нерсеге чакыра билбеген кишилер: “Алардын бул жерине аларды урматтоо үчүн жана алардын жерин эстеп туруу үчүн ибадат кылууга мечит курабыз”– деп чыгышты

سَيَقُولُونَ ثَلَـٰثَةٌۭ رَّابِعُهُمْ كَلْبُهُمْ وَيَقُولُونَ خَمْسَةٌۭ سَادِسُهُمْ كَلْبُهُمْ رَجْمًۢا بِٱلْغَيْبِ ۖ وَيَقُولُونَ سَبْعَةٌۭ وَثَامِنُهُمْ كَلْبُهُمْ ۚ قُل رَّبِّىٓ أَعْلَمُ بِعِدَّتِهِم مَّا يَعْلَمُهُمْ إِلَّا قَلِيلٌۭ ۗ فَلَا تُمَارِ فِيهِمْ إِلَّا مِرَآءًۭ ظَـٰهِرًۭا وَلَا تَسْتَفْتِ فِيهِم مِّنْهُمْ أَحَدًۭا ﴿٢٢﴾

Алардын окуяларына баш оту менен кирип кеткендер: “Алар канчоо болушкан? – деп айтышат – алар үчөө ити менен төртөө болушкан” – деген санды айтышат. Ал эми кээ бирлери: “Алар бешөө, ити менен алтоо болушкан” – деп айтышат. Бул эки сөздү айткан адамдар эч кандай далили жок эле ойлоруна келгенин айтышты. Ал эми кээ бирлер: “Алар жетөө болушкан, ит сегизинчиси” – дешет. Эй, пайгамбар! “Раббим алардын канчоо болушканын жакшы билет жана Аллах билгизген аз гана адамдар да билишет” – деп айткын. Андыктан алар менен үңкүрдөгү адамдардын санын жана китеп ээлеринин башка маселелеринде өтө кирип талашпагын. Талашсаң да сага аян кабар болгон нерседе үстүртөн талашсаң болот.Китеп ээлеринен бир нерсе туурасында сурасаң майда-чүйдөсүнө чейин сураба.Анткени алар майда-чүйдөсүнө чейин билишпейт. ولا تقولن لشاىءإنى فاعل ذلك غدا

وَلَا تَقُولَنَّ لِشَا۟ىْءٍ إِنِّى فَاعِلٌۭ ذَٰلِكَ غَدًا ﴿٢٣﴾

Оо, пайгамбар! Эртеңки күнү эмнени кыла турган болсоң, анда “Мен муну эртең кыламын” – деп айтпагын. Анткени аныэртеси кыласыңбыже андан бир нерсе жолтоо болуп кыла албай каласыңбы, сен аныбилбейсиң. Бул ар бир мусулманга да тийиштүү буйрук. بلغ Куран · Тафсир

إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ ۚ وَٱذْكُر رَّبَّكَ إِذَا نَسِيتَ وَقُلْ عَسَىٰٓ أَن يَهْدِيَنِ رَبِّى لِأَقْرَبَ مِنْ هَـٰذَا رَشَدًۭا ﴿٢٤﴾

Эгерде антип айтсаң, анда Аллахтын каалоосуна гана байлап мындай деп айткын: “Мен муну эртең Аллах кааласа кыламын”. Ошондой эле эгерде “Аллах кааласа” деген сөздү унутуп калсаң, анда мындай деп Раббиңди эстегин: “Раббим мени бул иштен да туура жолгобагыттоосуна үмүт кыламын”

وَلَبِثُوا۟ فِى كَهْفِهِمْ ثَلَـٰثَ مِا۟ئَةٍۢ سِنِينَ وَٱزْدَادُوا۟ تِسْعًۭا ﴿٢٥﴾

Үңкүр ээлери үңкүрдө үч жүз тогуз жыл болушту

قُلِ ٱللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا لَبِثُوا۟ ۖ لَهُۥ غَيْبُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۖ أَبْصِرْ بِهِۦ وَأَسْمِعْ ۚ مَا لَهُم مِّن دُونِهِۦ مِن وَلِىٍّۢ وَلَا يُشْرِكُ فِى حُكْمِهِۦٓ أَحَدًۭا ﴿٢٦﴾

Оо, пайгамбар! Алар үңкүрдө канча убакыт болгонун Аллах гана билет деп айткын. Биз алардын канча убакыт тургандыгы боюнча кабарын бердик. Аллах таала бул туурасында айткандан кийин эч ким өз оюн айта албайт. Асмандардагы жана жердеги кайып илимдин жана жаратылган нерселердин баары Аллахка таандык. Ал канчалык көп нерсени көрүп турарын айт! Ал бардык нерсени көрүп турат. Ал канчалык көп нерсени угуп турарын айт! Ал бардык нерсени угуп турат. Алардын иштерин колуна алган Аллахтан башка коргоочу жок. Ал Өзүнүн өкүмүндө эчкимди шериктеш кылбайт.Өкүм кылууАнын Өзүнө гана таандык

وَٱتْلُ مَآ أُوحِىَ إِلَيْكَ مِن كِتَابِ رَبِّكَ ۖ لَا مُبَدِّلَ لِكَلِمَـٰتِهِۦ وَلَن تَجِدَ مِن دُونِهِۦ مُلْتَحَدًۭا ﴿٢٧﴾

Оо, пайгамбар! Аллах сага Курандан аян кабарын берген аяттарды окугун жана аларды иш жүзүндө аткаргын. Анын сөздөрүндө эч кандай өзгөрүү болбойт. Анткени анын баары акыйкат жана баары адилеттүү. Аллахтан башка жалбарып кайрылууга эч ким жок. Андан башка менен коргонотурган да эч ким жок

وَٱصْبِرْ نَفْسَكَ مَعَ ٱلَّذِينَ يَدْعُونَ رَبَّهُم بِٱلْغَدَوٰةِ وَٱلْعَشِىِّ يُرِيدُونَ وَجْهَهُۥ ۖ وَلَا تَعْدُ عَيْنَاكَ عَنْهُمْ تُرِيدُ زِينَةَ ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا ۖ وَلَا تُطِعْ مَنْ أَغْفَلْنَا قَلْبَهُۥ عَن ذِكْرِنَا وَٱتَّبَعَ هَوَىٰهُ وَكَانَ أَمْرُهُۥ فُرُطًۭا ﴿٢٨﴾

ى Эрте менен жана кечинде Раббисине ибадат кылып дуба кылган жана Аллахтан сурап дуба кылган адамдар менен дайыма бирге бол. Байлар менен жана чоң адамдар менен бирге отурууну каалап, ибадат кылган адамдарды карабай койбогун. Жүрөктөрүн мөөрлөп Бизди эстөөдөн бейкапар кылып койгон адамдарга баш ийбегин. Алар жаныңдан кедейлерди кетирип салууңду буйрушту жана Раббисине баш ийүүдөн напсиси каалаган нерсени ээрчүүнү өйдө коюшту. Алардын иш-аракеттери пайдасыз болду

وَقُلِ ٱلْحَقُّ مِن رَّبِّكُمْ ۖ فَمَن شَآءَ فَلْيُؤْمِن وَمَن شَآءَ فَلْيَكْفُرْ ۚ إِنَّآ أَعْتَدْنَا لِلظَّـٰلِمِينَ نَارًا أَحَاطَ بِهِمْ سُرَادِقُهَا ۚ وَإِن يَسْتَغِيثُوا۟ يُغَاثُوا۟ بِمَآءٍۢ كَٱلْمُهْلِ يَشْوِى ٱلْوُجُوهَ ۚ بِئْسَ ٱلشَّرَابُ وَسَآءَتْ مُرْتَفَقًا ﴿٢٩﴾

Оо, пайгамбар! Аллахты эстөөдөн жүрөктөрү капилетте калган адамдарга айткын: “Мен алып келген нерсе акыйкат. Ал Аллахтан келген. Мен өзүм ойлоп тапкан эмесмин. Силер мага ыймандууларды кууп жибер деп айткан сөзүңөргө жооп бербеймин. Кимиңер бул акыйкатка ыйман келтирүүнү кааласаңар, анда ыйман келтирсин. Ал сооп-сыйлыгына жеткенде сүйүнөт. Кимиңер каапырлыкты кааласаңар, анда каапыр боло берсин. Аныкүтүп турган азапка түшкөндө анын жаныооруйт. Чындыгында Биз каапырлыктытандап өздөрүнө зулумдук بلغ Куран · Тафсир кылган адамдарга дубалдар менен тосуп турган отту даярдап койдук. Алар андан качып кете алышпайт. Алар чаңкагандыктан суу сурашканда аларга кир толгон майга окшогон ысык ичимдик берилет. Аларга берилген ичимдик кандай жаман ичимдик! Ал чаңкоону кетирбейт. Кайрадан чаңкоону күчөтөт. Алардын терилерин күйгүзгөн оттун жалыныазайбайт.Алар түшкөн тозок жайыкандай жаман жай!

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ إِنَّا لَا نُضِيعُ أَجْرَ مَنْ أَحْسَنَ عَمَلًا ﴿٣٠﴾

Аллахка ыйман келтирип жакшы иш-аракеттерди кылгандарга улуу сыйлыктар бар. Чындыгында Биз жакшы иш кылгандардын ишин текке кетирбейбиз.Алардын сыйлыктарын эчбир кемитбей толук кылып беребиз

أُو۟لَـٰٓئِكَ لَهُمْ جَنَّـٰتُ عَدْنٍۢ تَجْرِى مِن تَحْتِهِمُ ٱلْأَنْهَـٰرُ يُحَلَّوْنَ فِيهَا مِنْ أَسَاوِرَ مِن ذَهَبٍۢ وَيَلْبَسُونَ ثِيَابًا خُضْرًۭا مِّن سُندُسٍۢ وَإِسْتَبْرَقٍۢ مُّتَّكِـِٔينَ فِيهَا عَلَى ٱلْأَرَآئِكِ ۚ نِعْمَ ٱلثَّوَابُ وَحَسُنَتْ مُرْتَفَقًۭا ﴿٣١﴾

Ыйман келтирген жана жакшы иш-аракеттерди кылгандардын түбөлүк турган жайлары бейиш болот. Алардын үйлөрүнүн алдынан бейиштеги тунук дарыялары агып турат. Алар алтындан болгон билериктерди тагынышат жана жашыл жибектен калың-жука кийимдерди кийишет. Пардалар менен жасалган сөөрүлөрдө сүйөнүп олтурушат. Алардын сыйлыгыкандай жакшысыйлык. Алар турган жана жашаган бейиш кандай жакшыжай

۞ وَٱضْرِبْ لَهُم مَّثَلًۭا رَّجُلَيْنِ جَعَلْنَا لِأَحَدِهِمَا جَنَّتَيْنِ مِنْ أَعْنَـٰبٍۢ وَحَفَفْنَـٰهُمَا بِنَخْلٍۢ وَجَعَلْنَا بَيْنَهُمَا زَرْعًۭا ﴿٣٢﴾

О, пайгамбар! Аларга эки кишинин окуясын мисал катары айтып бер: “Бирөөсү каапыр, экинчиси ыймандуу эле. Каапырдын эки багыбар болчу.Алэки бактыкурма дарак менен тоскон элек.Анын ичине ар кандай бак-даракты жана эгин-зарды өстүрдүк

كِلْتَا ٱلْجَنَّتَيْنِ ءَاتَتْ أُكُلَهَا وَلَمْ تَظْلِم مِّنْهُ شَيْـًۭٔا ۚ وَفَجَّرْنَا خِلَـٰلَهُمَا نَهَرًۭا ﴿٣٣﴾

Алэки бак курмадан,жүзүмдөн жана эгинден толук түшүмдүүболуп кемитпей берип турган.Алэки бактысуугаруу жеңил болуу үчүн ал экөөсүнүн ортосунан дарыя агыздык. وكان له ثمر فقال لصحبه وهو يحاوره أناأكثر منك مالا وأعز نفرا

وَكَانَ لَهُۥ ثَمَرٌۭ فَقَالَ لِصَـٰحِبِهِۦ وَهُوَ يُحَاوِرُهُۥٓ أَنَا۠ أَكْثَرُ مِنكَ مَالًۭا وَأَعَزُّ نَفَرًۭا ﴿٣٤﴾

Бул эки бактын ээсинде мал-мүлктөрү жана башка мөмө-жемиштери көп эле. Ал ыймандуу шеригин азгырып таасир берүү үчүн ага мындай деп айтты: “Менде сага караганда мал-мүлкүм көп, сенден да кадырлуумун жана туугандарым да күчтүү”

وَدَخَلَ جَنَّتَهُۥ وَهُوَ ظَالِمٌۭ لِّنَفْسِهِۦ قَالَ مَآ أَظُنُّ أَن تَبِيدَ هَـٰذِهِۦٓ أَبَدًۭا ﴿٣٥﴾

Каапыр адам бактарын ыймандуу шеригине көргөзүү үчүн аны менен багына кирди. Ал каапырлыгы жана суктанууменен өзүнө зулумдук кылып мындай деди: “Бул көрүп турган бактардыкөрктөнтүп турган себептерди кылганым үчүн бактар эчкачан куурап жок болбойт деп ойлоймун”. بلغ Куран · Тафсир

وَمَآ أَظُنُّ ٱلسَّاعَةَ قَآئِمَةًۭ وَلَئِن رُّدِدتُّ إِلَىٰ رَبِّى لَأَجِدَنَّ خَيْرًۭا مِّنْهَا مُنقَلَبًۭا ﴿٣٦﴾

Ошондой эле кыямат да болбойт. Бул жашоо ушинтип уланып тура берет деп ойлоймун. Эгерде кыямат болот дей турган болсок, анда кайра тирилгенимден кийин бул бактарымдан да жакшысыйлыктарга жетсем керек. Мен бул дүйнөдө бай болгонум акыретте да бай болууга далилболот

قَالَ لَهُۥ صَاحِبُهُۥ وَهُوَ يُحَاوِرُهُۥٓ أَكَفَرْتَ بِٱلَّذِى خَلَقَكَ مِن تُرَابٍۢ ثُمَّ مِن نُّطْفَةٍۢ ثُمَّ سَوَّىٰكَ رَجُلًۭا ﴿٣٧﴾

Ага анын ыймандуу шериги ал айткан сөздөрдөн кайтарып: “Сенин түпкү атаң Адамды топурактан жараткан Жаратуучуга каапыр болдуңбу? Ал сени бел суудан жаратып кийин эркек кылып койбодубу? Сенин дене- мүчөлөрүңдү түз кылып толук кылбадыбы?Бул нерселерди кылган Жаратуучу сени кайра тирүлтүүгө да Кудуреттүү

لَّـٰكِنَّا۠ هُوَ ٱللَّهُ رَبِّى وَلَآ أُشْرِكُ بِرَبِّىٓ أَحَدًۭا ﴿٣٨﴾

Бирок мен сен айткан сөздү айтпаймын. Мен: “Ал Аллахменин Раббим. Бизге жакшылыктарын берген жакшылык Ээси. Ага cыйынууда эч кимди шерик кылбаймын”– деп айтамын

وَلَوْلَآ إِذْ دَخَلْتَ جَنَّتَكَ قُلْتَ مَا شَآءَ ٱللَّهُ لَا قُوَّةَ إِلَّا بِٱللَّهِ ۚ إِن تَرَنِ أَنَا۠ أَقَلَّ مِنكَ مَالًۭا وَوَلَدًۭا ﴿٣٩﴾

Сен мени бала-чакасы аз жана жарды деп ойлосоң, багыңа кирген кезде: “Аллахтын каалаганы... Ким болсо да Аллахтын жардамыменен гана күч-кубатка ээ болот. Аллах каалаганын кылат жана Ал күчтүү”– деп айтпайт белең?

فَعَسَىٰ رَبِّىٓ أَن يُؤْتِيَنِ خَيْرًۭا مِّن جَنَّتِكَ وَيُرْسِلَ عَلَيْهَا حُسْبَانًۭا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ فَتُصْبِحَ صَعِيدًۭا زَلَقًا ﴿٤٠﴾

Аллах мага сенин багыңдан да жакшысыйлыктарын берет деп үмүт кыламын. Сенин багыңа Аллах асмандан бир балээжиберип койбосун.Ошондоэчбир өсүмдүк өспөгөн жана буттар тайган такыр жерге айланат

أَوْ يُصْبِحَ مَآؤُهَا غَوْرًۭا فَلَن تَسْتَطِيعَ لَهُۥ طَلَبًۭا ﴿٤١﴾

Же болбосо жериңдин суусу кетип какыраган жерге айланып ал жерден эч качан сууга да жете албайсың. Суусу кеткен жер кургап жок болот

وَأُحِيطَ بِثَمَرِهِۦ فَأَصْبَحَ يُقَلِّبُ كَفَّيْهِ عَلَىٰ مَآ أَنفَقَ فِيهَا وَهِىَ خَاوِيَةٌ عَلَىٰ عُرُوشِهَا وَيَقُولُ يَـٰلَيْتَنِى لَمْ أُشْرِكْ بِرَبِّىٓ أَحَدًۭا ﴿٤٢﴾

أ حدا Ошентип ыймандуу адам айткандай эле болду. Каапырдын багындагы мөмөлөрдү балээ каптады. Бакты тургузган жана жүзүмдүн шактарыилинген устундар кулады. Акырында каапыр адам багын тургузууга кетирген күчү жана текке кеткен акчалары үчүн катуу кейип өкүнүп алаканын жайып отуруп калды. Ал: “Аттиң! Жалгыз Раббиме гана ыйман келтиргенимде кана! Сыйынуумда Ага эч кимди шерик кылбай сыйынганымда кана!”– деп айтып отурду. بلغ Куран · Тафсир

وَلَمْ تَكُن لَّهُۥ فِئَةٌۭ يَنصُرُونَهُۥ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَمَا كَانَ مُنتَصِرًا ﴿٤٣﴾

Ал каапырга түшкөн балээни тоскон анын адамдары да болбоду. Ал убагында адамдары менен мактанып жаткан эле.Анын адамдарыболгондода Аллахтын жиберген балээсинен тосоалышпайт эле

هُنَالِكَ ٱلْوَلَـٰيَةُ لِلَّهِ ٱلْحَقِّ ۚ هُوَ خَيْرٌۭ ثَوَابًۭا وَخَيْرٌ عُقْبًۭا ﴿٤٤﴾

Мына ушундай абал Аллахтын жардам берген убагы. Ал Өзүнүн ыймандуу жакын адамдарына жакшы сыйлыктардыэселеп көбөйтүп берет. Ошондой эле аларга аягыжакшыбүткөн натыйжа берет

وَٱضْرِبْ لَهُم مَّثَلَ ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا كَمَآءٍ أَنزَلْنَـٰهُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ فَٱخْتَلَطَ بِهِۦ نَبَاتُ ٱلْأَرْضِ فَأَصْبَحَ هَشِيمًۭا تَذْرُوهُ ٱلرِّيَـٰحُ ۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ مُّقْتَدِرًا ﴿٤٥﴾

ى Оо, пайгамбар! Бул дүйнөгө азгырылган адамдарга дүйнөнүн тез өтүп кетүүсүн мисал келтиргин. Бул дүйнөнүн мисалыБиз асмандан жаадырган жамгырдын суусусыяктуу.Алжамгыр суусуменен жерден ар кандай өсүмдүктөр өнүп чыгып бышып жетилет. Андан кийин өсүмдүктөр сынып майдаланып шамал алардыар жакка учуруп жок кылат. Жер кайрадан өз абалына келет. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү. Аны эч нерсе алсыз кыла албайт. Ал каалаган нерсесин калтырат.Каалаган нерсесин жок кылат

ٱلْمَالُ وَٱلْبَنُونَ زِينَةُ ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا ۖ وَٱلْبَـٰقِيَـٰتُ ٱلصَّـٰلِحَـٰتُ خَيْرٌ عِندَ رَبِّكَ ثَوَابًۭا وَخَيْرٌ أَمَلًۭا ﴿٤٦﴾

Мал-мүлк, бала-чака бул дүйнө жашоосунун кооздуктары. Аллах ыраазылыгы үчүн гана сарпталган мал-мүлк акыретте пайда берет. Аллахтыыраазыкылган иш-аракеттер жана сөздөр – сооптуулук жактан Аллахтын алдында бул дүйнөдөгү бардык кооздуктардан да жана адамга үмүт жараткан нерселерден да жакшыраак. Анткени дүйнө кооздуктарыбүтүүчү,алэми жакшылык иштердин жана сөздөрдүн соопторуАллахтын алдында түбөлүк калуучу

وَيَوْمَ نُسَيِّرُ ٱلْجِبَالَ وَتَرَى ٱلْأَرْضَ بَارِزَةًۭ وَحَشَرْنَـٰهُمْ فَلَمْ نُغَادِرْ مِنْهُمْ أَحَدًۭا ﴿٤٧﴾

Биз тоолорду өз ордуларынан жылдырган күндү эстегин. Ошондо сен жерди андагы тоолор, бак-дарактар, имараттар жок болгону үчүн аны тегиз көрөсүң. Биз бардык макулуктарды жыйнайбыз. Алардын бирин да калтырдай тирилтебиз. ف

وَعُرِضُوا۟ عَلَىٰ رَبِّكَ صَفًّۭا لَّقَدْ جِئْتُمُونَا كَمَا خَلَقْنَـٰكُمْ أَوَّلَ مَرَّةٍۭ ۚ بَلْ زَعَمْتُمْ أَلَّن نَّجْعَلَ لَكُم مَّوْعِدًۭا ﴿٤٨﴾

Адамдар Раббиңдин алдына сап-сап болуп келишет, Ал алардан сурак алат. Аларга айтылат: «Биз силерди абалкы жараткандай жалгыз, жылаңаяк, жылаңач жана сүннөткө отургузулбаган абалда келдиңер. Болбосо силер эч качан кайра тирилбейбиз жана Биз силерди кылган иштериңерден сурак алыш үчүн бир жерди жана убакытты белгилебейбиз деп ойлогонсуңар». بلغ Куран · Тафсир

وَوُضِعَ ٱلْكِتَـٰبُ فَتَرَى ٱلْمُجْرِمِينَ مُشْفِقِينَ مِمَّا فِيهِ وَيَقُولُونَ يَـٰوَيْلَتَنَا مَالِ هَـٰذَا ٱلْكِتَـٰبِ لَا يُغَادِرُ صَغِيرَةًۭ وَلَا كَبِيرَةً إِلَّآ أَحْصَىٰهَا ۚ وَوَجَدُوا۟ مَا عَمِلُوا۟ حَاضِرًۭا ۗ وَلَا يَظْلِمُ رَبُّكَ أَحَدًۭا ﴿٤٩﴾

Кылган иштери жазылган китеп коюлат,кээ бирлери китебин оң тарабынан алса,кээ бирлери солтарабынан алат. Эй, инсан! Андагыжазылган нерселерден каапырлардын коркунучка түшкөндөрүн көрөсүң. Анткени алар мурун каапырлык жана күнөөлөрдү кылышкандарын билишет. Алар: «Шорум куруду ай! Бул эмне деген китеп! Кылган иштерибиздин кичине-чоңуна карабай бүт баарыбар го!» – дешет. Алар дүйнө жашоосунда кылган күнөөлөрдүн баарысы жазылганын көрүшөт. Эй, пайгамбар! Раббиң эч кимге зулум кылбайт. Эч кимди күнөөсүз жазалабайт. Моюн сунган адамдын сообунан эчбир нерсени кемитпейт

وَإِذْ قُلْنَا لِلْمَلَـٰٓئِكَةِ ٱسْجُدُوا۟ لِـَٔادَمَ فَسَجَدُوٓا۟ إِلَّآ إِبْلِيسَ كَانَ مِنَ ٱلْجِنِّ فَفَسَقَ عَنْ أَمْرِ رَبِّهِۦٓ ۗ أَفَتَتَّخِذُونَهُۥ وَذُرِّيَّتَهُۥٓ أَوْلِيَآءَ مِن دُونِى وَهُمْ لَكُمْ عَدُوٌّۢ ۚ بِئْسَ لِلظَّـٰلِمِينَ بَدَلًۭا ﴿٥٠﴾

Оо, Мухаммад! Эстечи, Биз периштелерге: «Адамга саламдашуу иретинде сажда кылгыла» – дегенде Раббисинин буйругуна моюн сунушуп баарысы ага сажда кылышты. Бир гана Иблис кылган жок. Ал жиндерден болчу. Периштелерден эмес эле. Ал сажда кылуудан текеберленип баш тартты, Раббисине моюн сунган жок. Эй, адамдар! Алар силерге душман болсо дагы Мени таштап, аны жана анын урпактарын өзүңөргө жакын дос тутуп жатасынарбы?! Залымдардын Аллахтыжакын туткандын ордуна шайтандыдос тутканыкандай жаман иш!

۞ مَّآ أَشْهَدتُّهُمْ خَلْقَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَلَا خَلْقَ أَنفُسِهِمْ وَمَا كُنتُ مُتَّخِذَ ٱلْمُضِلِّينَ عَضُدًۭا ﴿٥١﴾

Силер Менден башка дос туткандарыңар силерге эле окшогон кулдар. Мен асмандар менен жерди жаратканда аларды күбө кылган эмесмин. Алар таптакыр жок болчу. Жана аларды жаратып атканда башкаларын да күбө кылган эмесмин. Мен жалгыз Өзүм гана жараттым жана башкардым. Мен жиндер менен адамдардын адаштыруучу шайтандарынын эч бирин жардамчыда кылган эмесмин. Мен жардамчыларга муктажэмесмин

وَيَوْمَ يَقُولُ نَادُوا۟ شُرَكَآءِىَ ٱلَّذِينَ زَعَمْتُمْ فَدَعَوْهُمْ فَلَمْ يَسْتَجِيبُوا۟ لَهُمْ وَجَعَلْنَا بَيْنَهُم مَّوْبِقًۭا ﴿٥٢﴾

Оо, пайгамбар! Аларга эскерт, бул дүйнөдө Аллахка шерик кошкондорго кыяматта айтылат: «Кана, силер Мага шерик деп ойлогон шериктериме дуба кылгылачы?Балким алар силерге жардам беришер».Алар жалбарып дуба кылышат, бирок алар дубаларына жооп беришпейт, жардам да беришпейт. Биз алар менен кудайларынын ортосунда аларды бириктирген кыйратуучу жай кылдык, ал тозок оту

وَرَءَا ٱلْمُجْرِمُونَ ٱلنَّارَ فَظَنُّوٓا۟ أَنَّهُم مُّوَاقِعُوهَا وَلَمْ يَجِدُوا۟ عَنْهَا مَصْرِفًۭا ﴿٥٣﴾

Мушриктер тозокту көрүшкөндө жана ал жакка киришерин анык билишкенде, ал жерден качып кетүүгө жай таппай калышат

وَلَقَدْ صَرَّفْنَا فِى هَـٰذَا ٱلْقُرْءَانِ لِلنَّاسِ مِن كُلِّ مَثَلٍۢ ۚ وَكَانَ ٱلْإِنسَـٰنُ أَكْثَرَ شَىْءٍۢ جَدَلًۭا ﴿٥٤﴾

Биз Мухаммадга түшүргөн бул Курандан алар сабак алуулары үчүн түрлүү-түрлүү мисалдарды баяндадык. Бирок адам,айрыкча каапыр чындыктыбилбей туруп көп талашып тартышат. بلغ Куран · Тафсир

وَمَا مَنَعَ ٱلنَّاسَ أَن يُؤْمِنُوٓا۟ إِذْ جَآءَهُمُ ٱلْهُدَىٰ وَيَسْتَغْفِرُوا۟ رَبَّهُمْ إِلَّآ أَن تَأْتِيَهُمْ سُنَّةُ ٱلْأَوَّلِينَ أَوْ يَأْتِيَهُمُ ٱلْعَذَابُ قُبُلًۭا ﴿٥٥﴾

قبلا Каапырлардын Мухаммадга Раббиси тараптан түшкөн нерсеге ыйман келтирүүсүнө,ошондой эле алар күнөөлөрү үчүн Аллахтан кечирим суроолоруна аларга толук түшүнүк жетпей калдыдеген нерсе тоскоол болгон жок. Аларга Куранда көптөгөн мисалдар айтылды, ачык-айкын далилдер келтирилди. Чындыгында аларды тоскон нерсе – мурунку коомдорго түшкөн азаптыбизге дагыалып кел, убада кылган азаптыкөзүбүзгө көрсөт деп көктүк кылып талап кылгандары болду

وَمَا نُرْسِلُ ٱلْمُرْسَلِينَ إِلَّا مُبَشِّرِينَ وَمُنذِرِينَ ۚ وَيُجَـٰدِلُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِٱلْبَـٰطِلِ لِيُدْحِضُوا۟ بِهِ ٱلْحَقَّ ۖ وَٱتَّخَذُوٓا۟ ءَايَـٰتِى وَمَآ أُنذِرُوا۟ هُزُوًۭا ﴿٥٦﴾

Биз пайгамбарлардан кимисин жибербейли, аларды моюн сунган жана ыйман келтиргендерге сүйүнчү кабарды, ал эми баш ийбеген жана каапырлык кылгандарга коркунуч кабарды жеткирүү үчүн жибергенбиз. Бирок алар адамдардын жүрөктөрүн туура жолго салууга эч кандай кудуретке ээ эмес. Аллахка каапырлык кылгандар келтирилген далилдердин ачыктыгына карабай пайгамбарлар менен талашып тартышат.Алар мунуМухаммадга түшкөн акыйкатты жалгандары менен жок кылуу үчүн кылышат. Ошондой эле алар Куранды жана коркутуу үчүн айтылган нерселерди азил-тамаша тутуп алышат

وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّن ذُكِّرَ بِـَٔايَـٰتِ رَبِّهِۦ فَأَعْرَضَ عَنْهَا وَنَسِىَ مَا قَدَّمَتْ يَدَاهُ ۚ إِنَّا جَعَلْنَا عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ أَكِنَّةً أَن يَفْقَهُوهُ وَفِىٓ ءَاذَانِهِمْ وَقْرًۭا ۖ وَإِن تَدْعُهُمْ إِلَى ٱلْهُدَىٰ فَلَن يَهْتَدُوٓا۟ إِذًا أَبَدًۭا ﴿٥٧﴾

ى Раббисинин аяттары эскерилгенде андагы айтылган азап тууралуу убадага көңүл бурбаган, андан сабак албаган жана бул дүйнөдө кылган каапырлыгына жана күнөөлөрүнө тообо кылууну унуткан адамдан да өткөн эч бир залым адам жок. Биз ушундай сыпаттагы адамдар Куранды түшүнбөшү үчүн жүрөктөрүнө тосмо жаап койдук. Кулактарын дүлөй кылдык, ошондуктан алар кабыл алып угушпайт. Эгерде аларды ыйманга чакырсаң, алардын жүрөктөрүндө тосмо,кулактарында дүлөйлүк болгон үчүн сен чакырган нерсеге эчкачан жооп беришпейт

وَرَبُّكَ ٱلْغَفُورُ ذُو ٱلرَّحْمَةِ ۖ لَوْ يُؤَاخِذُهُم بِمَا كَسَبُوا۟ لَعَجَّلَ لَهُمُ ٱلْعَذَابَ ۚ بَل لَّهُم مَّوْعِدٌۭ لَّن يَجِدُوا۟ مِن دُونِهِۦ مَوْئِلًۭا ﴿٥٨﴾

Аны жалганга чыгаргандарга азапты тездетүүгө шашылбоосу үчүн Аллах пайгамбарына минтип айтты: «Эй, пайгамбар! Раббиң тобо кылган пенделерине Кечиримдүү. Ал ырайымдын Ээси, Анын ырайымдуулугу бардык нерсени өзүнө камтыйт. Күнөөкөрлөр, балким, тобо кылышар деп аларга мөөнөт бергени – бул Анын ырайымдуулугунан. Эгерде Аллах баш тарткандарды жазаласа, анда бул дүйнөдө эле аларды дароо азаптамак. Бирок Ал Кеңпейил, Ырайымдуу. Ошондуктан алар тобо кылышар деп азаптабай турду. Эгерде алар тобо кылышпаса, анда алар баш тартканыжана каапырлыгыүчүн жазасын ала турган белгилүү убактысыжана белгилүү жайыбар. Ошондоалар Аллахтан башка баш калкалаар эч кимди таппай калышат»

وَتِلْكَ ٱلْقُرَىٰٓ أَهْلَكْنَـٰهُمْ لَمَّا ظَلَمُوا۟ وَجَعَلْنَا لِمَهْلِكِهِم مَّوْعِدًۭا ﴿٥٩﴾

Биз силерге жакын жайгашкан Худ, Салих, Шуайбдын коомдору жашаган шаарлар сыяктуу каапыр шаарлардыжок кылганбыз. Алар каапырлык жана күнөөлөрдү кылышып өздөрүнө өздөрү зулумдук кылышкан эле. Биз аларды жок кылууга атайын бир убакыттыбелгилегенбиз. بلغ Куран · Тафсир

وَإِذْ قَالَ مُوسَىٰ لِفَتَىٰهُ لَآ أَبْرَحُ حَتَّىٰٓ أَبْلُغَ مَجْمَعَ ٱلْبَحْرَيْنِ أَوْ أَمْضِىَ حُقُبًۭا ﴿٦٠﴾

Оо, пайгамбар! Муса кызматчысы Юша ибну Нунга: «Эки деңиз кошулган жерге жеткенге чейин же болбосо узак жол жүрүп, илим үйрөнүш үчүн салихпендеге жолукканга чейин кете беремин»,– деп айтканын эстегин

فَلَمَّا بَلَغَا مَجْمَعَ بَيْنِهِمَا نَسِيَا حُوتَهُمَا فَٱتَّخَذَ سَبِيلَهُۥ فِى ٱلْبَحْرِ سَرَبًۭا ﴿٦١﴾

Ал экөөсү жол жүрүштү. Качан алар эки деңиздин кошулган жерине жеткенде жол азыкка деген балыгын унутуп коюшту. Аллах ал балыкты тирилтип, ал жер алдындагы жолдор менен суу жутпастан деңизди көздөй жол таап кетти

فَلَمَّا جَاوَزَا قَالَ لِفَتَىٰهُ ءَاتِنَا غَدَآءَنَا لَقَدْ لَقِينَا مِن سَفَرِنَا هَـٰذَا نَصَبًۭا ﴿٦٢﴾

Качан алар ал жерден өтүп кеткенде Муса кызматчысына: «Тамакты алып келчи, бул сапардан аябай чарчадык го»,– деп айтты

قَالَ أَرَءَيْتَ إِذْ أَوَيْنَآ إِلَى ٱلصَّخْرَةِ فَإِنِّى نَسِيتُ ٱلْحُوتَ وَمَآ أَنسَىٰنِيهُ إِلَّا ٱلشَّيْطَـٰنُ أَنْ أَذْكُرَهُۥ ۚ وَٱتَّخَذَ سَبِيلَهُۥ فِى ٱلْبَحْرِ عَجَبًۭا ﴿٦٣﴾

Ал жигит: «Билесизби, аска таштын жанында баш калкалап отурганыбызда не болгонун? Мен сизге балыкка эмне болгонун айтам деп унутуп калыпмын. Муну сизге айтууну шайтан гана унуттурду. Ал балык тирилип, деңизди көздөй таңкаларлык көрүнүштө жолтаап кетти»,–деп айтты

قَالَ ذَٰلِكَ مَا كُنَّا نَبْغِ ۚ فَٱرْتَدَّا عَلَىٰٓ ءَاثَارِهِمَا قَصَصًۭا ﴿٦٤﴾

Муса кызматчысына айтты: «Биз көздөгөн нерсе – ошол! Ал салих пенде келген жердин белгиси». Ал экөөсү аска ташка алып бара турган жолдон адашып калбаш үчүн басып келген издерин кууп артка жөнөштү.Алжерден ары балык кирген жайга барышат

فَوَجَدَا عَبْدًۭا مِّنْ عِبَادِنَآ ءَاتَيْنَـٰهُ رَحْمَةًۭ مِّنْ عِندِنَا وَعَلَّمْنَـٰهُ مِن لَّدُنَّا عِلْمًۭا ﴿٦٥﴾

Качан алар балыкты жоготкон жерге келишкенде ал жерден биздин салих пенделерибизден болгон Кыдырды табышты. Биз ага Өз алдыбыздан ырайым көрсөткөнбүз жана адамдар билбеген илимдерди үйрөткөнбүз. Алар мына ушул окуяда камтылган

قَالَ لَهُۥ مُوسَىٰ هَلْ أَتَّبِعُكَ عَلَىٰٓ أَن تُعَلِّمَنِ مِمَّا عُلِّمْتَ رُشْدًۭا ﴿٦٦﴾

Мусага ага кичипейилдик кылып: «Аллах сизге үйрөтүп акыйкатка жол көрсөткөн илимди мага да үйрөтүүңүз үчүн сизге ээрчисем болобу?»– деп айтты. بلغ Куран · Тафсир قال إنك لن تستطيع معىصبرا

قَالَ إِنَّكَ لَن تَسْتَطِيعَ مَعِىَ صَبْرًۭا ﴿٦٧﴾

Кыдыр айтты: «Чындыгында сен менден көргөн илимге сабыр кыла албайсың. Анткени ал сендеги илимге төп келе бербейт. وكيف تصبرعل ما لم تحط به خبرا

وَكَيْفَ تَصْبِرُ عَلَىٰ مَا لَمْ تُحِطْ بِهِۦ خُبْرًۭا ﴿٦٨﴾

Сен кээ бир иштерди көрүп, бирок анын туурасын билбей туруп кантип сабыр кылмак элең?! Анткени сен өз илимиңдин чегинде гана өкүм чыгарасың»

قَالَ سَتَجِدُنِىٓ إِن شَآءَ ٱللَّهُ صَابِرًۭا وَلَآ أَعْصِى لَكَ أَمْرًۭا ﴿٦٩﴾

Муса айтты: «Кудай буйруса, сизден көргөн иштерге сабыр кылып моюн сунганымдыкөрөсүз. Мага буйруган бир дагы ишиңизде сизге каршы чыкпайм»

قَالَ فَإِنِ ٱتَّبَعْتَنِى فَلَا تَسْـَٔلْنِى عَن شَىْءٍ حَتَّىٰٓ أُحْدِثَ لَكَ مِنْهُ ذِكْرًۭا ﴿٧٠﴾

Кыдыр Мусага: «Эгер мени ээрчисең, анда кылган иштеримдин чоо-жайын сага өзүм чечмелеп бермейинче, көргөн нерселериң тууралуу менден эч нерсе сурабайсың»,– деп айтты

فَٱنطَلَقَا حَتَّىٰٓ إِذَا رَكِبَا فِى ٱلسَّفِينَةِ خَرَقَهَا ۖ قَالَ أَخَرَقْتَهَا لِتُغْرِقَ أَهْلَهَا لَقَدْ جِئْتَ شَيْـًٔا إِمْرًۭا ﴿٧١﴾

Алар өз ара ушуга макулдашкандан кийин деңиз боюна жөнөштү. Жолдон бир кемеге туш келишти. Алар ал кемеге отурушту.Кыдырдысыйлап алардан жолакыда алышкан жок.Кийин Кыдыр кеменин бир тактайын жулуп аны тешип салды. Муса ага: «Ээлери бизди бекер алып кетип жатса, анан кемесин тешип салганыңыз эмнеси? Аларды чөктүрөйүң дедиңизби? Сиз өтө жаман иш жасадыңыз!» – деп айтты. قال ألم أقل إنك لن تستطيع معىصبرا

قَالَ أَلَمْ أَقُلْ إِنَّكَ لَن تَسْتَطِيعَ مَعِىَ صَبْرًۭا ﴿٧٢﴾

Кыдыр Мусага:«Сен менден көргөн нерсеңе сабыр кыла албайсың деп айттым эле го?»– деди. قال لا تؤاخذنى بما نسيت ولا ترهقنى من أمرى عسرا

قَالَ لَا تُؤَاخِذْنِى بِمَا نَسِيتُ وَلَا تُرْهِقْنِى مِنْ أَمْرِى عُسْرًۭا ﴿٧٣﴾

Муса Кыдырга: «Сизге берген убадамды унутуп калганымды айып көрбөңүз. Бирге жүргөнүбүздө катуу мамиле кылып, кысымга ала көрбөңүз»,– деп айтты

فَٱنطَلَقَا حَتَّىٰٓ إِذَا لَقِيَا غُلَـٰمًۭا فَقَتَلَهُۥ قَالَ أَقَتَلْتَ نَفْسًۭا زَكِيَّةًۢ بِغَيْرِ نَفْسٍۢ لَّقَدْ جِئْتَ شَيْـًۭٔا نُّكْرًۭا ﴿٧٤﴾

Кемеден түшкөндөн кийин деңиз бойлой басышты. Жолдон жаш балдар менен чогу ойноп жаткан бир баланы көрүп, аны өлтүрүп салды. Ошондо Муса ага: «Балагатка да жете элек күнөөсүз баланы эмнеге өлтүрдүңүз? Сиз өтө жаман иш кылдыңыз!» – деди. بلغ Куран · Тафсир

۞ قَالَ أَلَمْ أَقُل لَّكَ إِنَّكَ لَن تَسْتَطِيعَ مَعِىَ صَبْرًۭا ﴿٧٥﴾

Кызыр Мусага айтты:«Оо,Муса!Менин кылган иштериме сабырың жетпейт деп айттым элем го»

قَالَ إِن سَأَلْتُكَ عَن شَىْءٍۭ بَعْدَهَا فَلَا تُصَـٰحِبْنِى ۖ قَدْ بَلَغْتَ مِن لَّدُنِّى عُذْرًۭا ﴿٧٦﴾

Муса (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) мындай деди: «Мындан кийин дагы бир нерсе сурачу болсом, мени калтырыңыз. Анткени, мен эки жолусизге каршычыгып, мени жолдоштуктан ажырата турган чекке жеткирдим»

فَٱنطَلَقَا حَتَّىٰٓ إِذَآ أَتَيَآ أَهْلَ قَرْيَةٍ ٱسْتَطْعَمَآ أَهْلَهَا فَأَبَوْا۟ أَن يُضَيِّفُوهُمَا فَوَجَدَا فِيهَا جِدَارًۭا يُرِيدُ أَن يَنقَضَّ فَأَقَامَهُۥ ۖ قَالَ لَوْ شِئْتَ لَتَّخَذْتَ عَلَيْهِ أَجْرًۭا ﴿٧٧﴾

قال لو شئت لتخذت عليهأجرا Андан арыжолжүрүшүп,бир шаардын жашоочуларына жолугушту.Алардан тамак сураганда тамак бермек түгүл, коноктобой да коюшту. Анан ошол шаардан кулайын деп турган бир дубалды көрүп, аны Кызыр оңдоп-түздөп тургузду. Ошондо Муса Кыдырга: «Эгер кааласаңыз, эмгегиңиздин акысын алсаңыз» – деди. Алар бизди коноктобой койгондуктан, биз да каражатка зарыл болуп турабыз

قَالَ هَـٰذَا فِرَاقُ بَيْنِى وَبَيْنِكَ ۚ سَأُنَبِّئُكَ بِتَأْوِيلِ مَا لَمْ تَسْتَطِع عَّلَيْهِ صَبْرًا ﴿٧٨﴾

Кызыр Мусага айтты: «Дубалды тургузганыбыз үчүн акы албай койгонума каршы болгонуң – экөөбүздүн ажырашуубузга негизги себеп болду. Эми, сен менин кылгандарымды көрүп, ага сабыр кыла албаган нерселерди сага чечмелеп берейин:

أَمَّا ٱلسَّفِينَةُ فَكَانَتْ لِمَسَـٰكِينَ يَعْمَلُونَ فِى ٱلْبَحْرِ فَأَرَدتُّ أَنْ أَعِيبَهَا وَكَانَ وَرَآءَهُم مَّلِكٌۭ يَأْخُذُ كُلَّ سَفِينَةٍ غَصْبًۭا ﴿٧٩﴾

Мен сага тешүүгө каршы болгон кеме тууралуу айтсам, ал деңизде тиричилик кылган алсыз(кедей- кембагал)дардын кемеси болчу. Падыша зордук менен жарактуу кемелердин бардыгын тартып алып жаткан. Кембагалдардын кемесин да тартып албаш үчүн кемени тешип, жараксыз абалда көрсөтүүнү кааладым

وَأَمَّا ٱلْغُلَـٰمُ فَكَانَ أَبَوَاهُ مُؤْمِنَيْنِ فَخَشِينَآ أَن يُرْهِقَهُمَا طُغْيَـٰنًۭا وَكُفْرًۭا ﴿٨٠﴾

Ал эми сен мага эмнеге өлтүрдүңүз деп нааразы болгон жаш бала тууралуу айтсам, анын ата-энеси ыймандуу адамдар эле. Бирок ал бала Аллахтын илиминде каапыр болот деп жазылган. Эгер ал балагатка жетсе, анда ата- энесинин ага болгон ашыкча сүйүүсү, же ага болгон муктаждыктарынан улам, аларды каапырлыкка же чектен ашууга түрткүбериши мүмкүн деп кооптондук

فَأَرَدْنَآ أَن يُبْدِلَهُمَا رَبُّهُمَا خَيْرًۭا مِّنْهُ زَكَوٰةًۭ وَأَقْرَبَ رُحْمًۭا ﴿٨١﴾

Анан Аллах ал экөөсүнө андан жакшы диндар, такыба, күнөөсү жок жана ата-энесине мээримдүү перзентке алмаштырып берүүсүн кааладык. بلغ Куран · Тафсир

وَأَمَّا ٱلْجِدَارُ فَكَانَ لِغُلَـٰمَيْنِ يَتِيمَيْنِ فِى ٱلْمَدِينَةِ وَكَانَ تَحْتَهُۥ كَنزٌۭ لَّهُمَا وَكَانَ أَبُوهُمَا صَـٰلِحًۭا فَأَرَادَ رَبُّكَ أَن يَبْلُغَآ أَشُدَّهُمَا وَيَسْتَخْرِجَا كَنزَهُمَا رَحْمَةًۭ مِّن رَّبِّكَ ۚ وَمَا فَعَلْتُهُۥ عَنْ أَمْرِى ۚ ذَٰلِكَ تَأْوِيلُ مَا لَمْ تَسْطِع عَّلَيْهِ صَبْرًۭا ﴿٨٢﴾

Ал эми сен мени жактырбай тургузган дубал болсо, ал биз барган шаардагы атасыз эки жетим баланыкы болчу. Ошолдубалдын астында атайын экөөнө арналып көмүлгөн байлык бар эле.Булжаш жетимдердин атасытакыба адам болгон. Эй, Муса! Раббиң алар бойго жетип чоңоюгондо анын алдында көмүлгөн байлыкты табууларын каалады. Эгерде дубал азыр куласа, алардын байлыгы көрүнүп, жоголуп кетмек. Мына ушундай кылынганы – бул Раббиңдин аларга болгон мээримдүүлүгү. Муну мен өзүм билип кылган жокмун. Сен чыдап, сабыр кыла албаган нерселердин чечмелениши мына ушундай!»

وَيَسْـَٔلُونَكَ عَن ذِى ٱلْقَرْنَيْنِ ۖ قُلْ سَأَتْلُوا۟ عَلَيْكُم مِّنْهُ ذِكْرًا ﴿٨٣﴾

Оо, пайгамбар! Мушриктер менен жөөттөр сени сынаш үчүн Зулкарнайн (эки мүйүз ээси) тууралуу окуяны сурашат. Айткын: «Мен силерге ал тууралуу айрым бир окуяларды айтып берейин. Балким андан сабак алып эсиңерге келерсиңер»

إِنَّا مَكَّنَّا لَهُۥ فِى ٱلْأَرْضِ وَءَاتَيْنَـٰهُ مِن كُلِّ شَىْءٍۢ سَبَبًۭا ﴿٨٤﴾

Биз ага жер бетинде бийликти жана көздөгөн максатына жетүү үчүн зарыл талаптарга байланышкан бардык нерсени бердик. فأ تبع سببا

فَأَتْبَعَ سَبَبًا ﴿٨٥﴾

Анан ал Биз ага берген каражаттарды жана максатына жеткирген жолдорду пайдаланып батышты көздөй бет алды

حَتَّىٰٓ إِذَا بَلَغَ مَغْرِبَ ٱلشَّمْسِ وَجَدَهَا تَغْرُبُ فِى عَيْنٍ حَمِئَةٍۢ وَوَجَدَ عِندَهَا قَوْمًۭا ۗ قُلْنَا يَـٰذَا ٱلْقَرْنَيْنِ إِمَّآ أَن تُعَذِّبَ وَإِمَّآ أَن تَتَّخِذَ فِيهِمْ حُسْنًۭا ﴿٨٦﴾

Ал (Зулкарнайн) жер бетинде жүрүп отуруп, жердин күн батыш тарабынын акырына чейин жетти. Ошондо ага күн кара балчыктуу ысык булакка батып бараткандай көрүндү. Ал күн баткан жерден каапыр элге жолукту. ОшондоБиз ага ыктыяр берип: «О, Зулкарнайн! Эгер сен кааласаң буларды өлтүрүп же башкача азапка сал, эгер кааласаң аларга жакшылык кыл» – деп айттык. قال أما من ظلم فسوف نعذبه ثم يرد إلى ربه فيعذبه عذابا نكرا

قَالَ أَمَّا مَن ظَلَمَ فَسَوْفَ نُعَذِّبُهُۥ ثُمَّ يُرَدُّ إِلَىٰ رَبِّهِۦ فَيُعَذِّبُهُۥ عَذَابًۭا نُّكْرًۭا ﴿٨٧﴾

Зулкарнайн айтты: «Биз аларды Аллахка сыйынууга чакыргандан кийин кимиси Аллахка ширк кылып, андан кайтпай турган болсо, анда биз аныбул дүйнөдө өлүм менен жазалайбыз. Кийин кыяматта Раббисине кайтканда, аныоор жаза менен жазалайт. بلغ Куран · Тафсир

وَأَمَّا مَنْ ءَامَنَ وَعَمِلَ صَـٰلِحًۭا فَلَهُۥ جَزَآءً ٱلْحُسْنَىٰ ۖ وَسَنَقُولُ لَهُۥ مِنْ أَمْرِنَا يُسْرًۭا ﴿٨٨﴾

Ал эми алардын кимиси Аллахка ыйман келтирсе, жакшылык иштерди кылса, анда ага бейиш болот. Бул анын Раббисине келтирген ыйманынын жана кылган жакшы иштеринин сыйлыгы. Биз ага Өз буйругубуздан кичипейилдик, жумшактыкты камтыган сөздөрдү айтабыз». ثم أتبع سببا

ثُمَّ أَتْبَعَ سَبَبًا ﴿٨٩﴾

Андан соң ал башка жолготүшүп Күн чыгыштыкөздөй бет алды

حَتَّىٰٓ إِذَا بَلَغَ مَطْلِعَ ٱلشَّمْسِ وَجَدَهَا تَطْلُعُ عَلَىٰ قَوْمٍۢ لَّمْ نَجْعَل لَّهُم مِّن دُونِهَا سِتْرًۭا ﴿٩٠﴾

Ал жол жүрүп отуруп, күн чыккан тарапка жетип, күн бир элдин үстүнө тийип турганын көрдү. Ал элге Биз күндөн башка,тура турган үй,көлөкөлөй турган дарак жараткан эмес элек. كذلك وقد أحطنا بما لديه خبرا

كَذَٰلِكَ وَقَدْ أَحَطْنَا بِمَا لَدَيْهِ خُبْرًۭا ﴿٩١﴾

Зулкарнайндын чоо-жайы ушундай! Биздин илимибиз андагы болгон күч-кубатты жана бийликти өзүнө камтып алган. ثم أتبع سببا

ثُمَّ أَتْبَعَ سَبَبًا ﴿٩٢﴾

Кийин батыш менен чыгыштын ортосундагыбашка жолготүштү

حَتَّىٰٓ إِذَا بَلَغَ بَيْنَ ٱلسَّدَّيْنِ وَجَدَ مِن دُونِهِمَا قَوْمًۭا لَّا يَكَادُونَ يَفْقَهُونَ قَوْلًۭا ﴿٩٣﴾

Ал жол жүрүп отуруп эки тоонун ортосунда жайгашкан анча чоң эмес ачык жерге жетти. Ал жерден башкалардын сөзүнө таптакыр түшүнбөгөн элге жолукту

قَالُوا۟ يَـٰذَا ٱلْقَرْنَيْنِ إِنَّ يَأْجُوجَ وَمَأْجُوجَ مُفْسِدُونَ فِى ٱلْأَرْضِ فَهَلْ نَجْعَلُ لَكَ خَرْجًا عَلَىٰٓ أَن تَجْعَلَ بَيْنَنَا وَبَيْنَهُمْ سَدًّۭا ﴿٩٤﴾

س ا Алар айтышты: «Оо, Зулкарнайн! Чындыгында Яжуж-Мажуж (адам урпактарынан болгон эки чоң эл) жер бетине кыргын салып, ар кандай бузукулук иштерди жасап жатышат. Биз сага акы катары дунүйө, мал-мүлк чогултуп берели, а сен бизге алар менен ортобуздутоскон тосмодубал кылып бербейсиңби?». قال ما مك نى فيه ربى خير فأعينونى بقوةأجعل بينكم وبينهم ردما

قَالَ مَا مَكَّنِّى فِيهِ رَبِّى خَيْرٌۭ فَأَعِينُونِى بِقُوَّةٍ أَجْعَلْ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَهُمْ رَدْمًا ﴿٩٥﴾

Зулкарнайн айтты: «Раббим мага ырыскы кылып берген байлык жана бийлик силер бере турган дүнүйө, мал- мүлккө караганда жакшыраак.Андан көрө кишилериңер,аспап-куралдарыңар менен мага жардам бергиле,мен силер менен алардын ортоңорготосмокуруп берейин». بلغ Куран · Тафсир

ءَاتُونِى زُبَرَ ٱلْحَدِيدِ ۖ حَتَّىٰٓ إِذَا سَاوَىٰ بَيْنَ ٱلصَّدَفَيْنِ قَالَ ٱنفُخُوا۟ ۖ حَتَّىٰٓ إِذَا جَعَلَهُۥ نَارًۭا قَالَ ءَاتُونِىٓ أُفْرِغْ عَلَيْهِ قِطْرًۭا ﴿٩٦﴾

Темир сыныктарын алып келгиле!Алар алып келишип,эки тоонун ортосуна толтуруп жыйышты.Качан алардытоо менен теңме-тең кылышканда жумушчуларга: «Эми бул темирлерге отту үйлөткүлө!» – деди. Темир сыныктары кыпкызылболуп кызыганда айтты:«Эми эриген жезди алып келгиле,үстүнө куям»

فَمَا ٱسْطَـٰعُوٓا۟ أَن يَظْهَرُوهُ وَمَا ٱسْتَطَـٰعُوا۟ لَهُۥ نَقْبًۭا ﴿٩٧﴾

Анан Яжуж-Мажужтосмонун бийиктигинен анын үстүнө да чыга албай, анын бекемдигинен этек жагын теше да албай калышты.ق

قَالَ هَـٰذَا رَحْمَةٌۭ مِّن رَّبِّى ۖ فَإِذَا جَآءَ وَعْدُ رَبِّى جَعَلَهُۥ دَكَّآءَ ۖ وَكَانَ وَعْدُ رَبِّى حَقًّۭا ﴿٩٨﴾

Зулкарнайн айтты: «Бул тосмо – Раббимдин ырайымдуулугу. Ал Яжуж-Мажуж менен жер бетинде бузукулук кылуунун ортосун тосуп турат, аларга бузулук кылууга жол бербейт. Кыямат кайымдын алдында Аллах аларды чыгара турган убактысыкелгенде аныжер менен бирдей кылып тегиздеп коёт. Яжуж-Мажуждун чыгуусу жөнүндө тосмонун жер менен бирдей кылып тегиздөөсүнө берген Аллахтын убадасысөзсүз аткарыларыанык»

۞ وَتَرَكْنَا بَعْضَهُمْ يَوْمَئِذٍۢ يَمُوجُ فِى بَعْضٍۢ ۖ وَنُفِخَ فِى ٱلصُّورِ فَجَمَعْنَـٰهُمْ جَمْعًۭا ﴿٩٩﴾

Акыр заманда Биз кээ бир адамдарды бири-бирине аралаштырып, башаламан таштап коёбуз жана сурнай- керней тартылганда сурак алыш үчүн, сыйлык-жазаларын бериш үчүн жаратылган нерселердин баарын чогултабыз. وعرضنا جهن م يومئ ذ للكفرين عرضا

وَعَرَضْنَا جَهَنَّمَ يَوْمَئِذٍۢ لِّلْكَـٰفِرِينَ عَرْضًا ﴿١٠٠﴾

Биз каапырларга өз көзү менен тозокту ачык көрсөтөбүз

ٱلَّذِينَ كَانَتْ أَعْيُنُهُمْ فِى غِطَآءٍ عَن ذِكْرِى وَكَانُوا۟ لَا يَسْتَطِيعُونَ سَمْعًا ﴿١٠١﴾

Биз тозокту бул дүйнөдө Аллахтын эскертмесине көздөрү көр болгон каапырларга көрсөтөбүз. Анткени алардын көздөрүндө алэскертмелерден тоскон тосмоболгон.Ошондуктан алар Аллахтын аяттарын кабылалууменен уга алышпайт

أَفَحَسِبَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ أَن يَتَّخِذُوا۟ عِبَادِى مِن دُونِىٓ أَوْلِيَآءَ ۚ إِنَّآ أَعْتَدْنَا جَهَنَّمَ لِلْكَـٰفِرِينَ نُزُلًۭا ﴿١٠٢﴾

Аллахка каапырлык кылгандар Менден башка периштелерден, пайгамбарлардан жана шайтандардан болгон кулдарымды кудай кылайын деп ойлоп жатышабы?! Чындыгында Биз каапырларга тозокту турак-жай кылып даярдап койдук

قُلْ هَلْ نُنَبِّئُكُم بِٱلْأَخْسَرِينَ أَعْمَـٰلًا ﴿١٠٣﴾

Оо, пайгамбар! Айткын: «Оо, адамдар! Иштеринде эң чоң зыян тарткан адамдар тууралуу айтайынбы?». بلغ Куран · Тафсир

ٱلَّذِينَ ضَلَّ سَعْيُهُمْ فِى ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا وَهُمْ يَحْسَبُونَ أَنَّهُمْ يُحْسِنُونَ صُنْعًا ﴿١٠٤﴾

Алар бул дүйнөдө кылган аракеттери кыямат күнү жокко чыкканын көрүшөт. Бирок алар жакшы аракеттерди кылып жатабыз, келечекте бул иш-аракеттерибиздин пайдасын көрөбүз деп ойлошкон. Аныгында анын тескериси болду

أُو۟لَـٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِـَٔايَـٰتِ رَبِّهِمْ وَلِقَآئِهِۦ فَحَبِطَتْ أَعْمَـٰلُهُمْ فَلَا نُقِيمُ لَهُمْ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ وَزْنًۭا ﴿١٠٥﴾

Алар Раббисинин жалгыздыгын билдирген аяттарга, Ага жолугууга каапыр болушкандар. Алар каапырлык кылышканысебептүү кылган иш-аракеттери күйүп кетти. Кыяматта Аллахтын алдында алардын эчкандай кадыры болбойт

ذَٰلِكَ جَزَآؤُهُمْ جَهَنَّمُ بِمَا كَفَرُوا۟ وَٱتَّخَذُوٓا۟ ءَايَـٰتِى وَرُسُلِى هُزُوًا ﴿١٠٦﴾

Алар Аллахка каапырлык кылышканы үчүн, пайгамбарларымды жана түшкөн аяттарымды шылдың кылышканы үчүн тозоккокирүү–алар үчүн даярдалган жаза

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ كَانَتْ لَهُمْ جَنَّـٰتُ ٱلْفِرْدَوْسِ نُزُلًا ﴿١٠٧﴾

Ал эми Аллахка ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандарга сый-урмат катары бейиштердин эң бийик жери турак жай болот. خلدين فيها لا يبغون عنها حولا

خَـٰلِدِينَ فِيهَا لَا يَبْغُونَ عَنْهَا حِوَلًۭا ﴿١٠٨﴾

Ал жерде түбөлүк калышат, ал жактан көчүүнү каалашпайт. Анткени ага эч бир сыйлык тең келбейт

قُل لَّوْ كَانَ ٱلْبَحْرُ مِدَادًۭا لِّكَلِمَـٰتِ رَبِّى لَنَفِدَ ٱلْبَحْرُ قَبْلَ أَن تَنفَدَ كَلِمَـٰتُ رَبِّى وَلَوْ جِئْنَا بِمِثْلِهِۦ مَدَدًۭا ﴿١٠٩﴾

Оо, пайгамбар! Айткын: «Чындыгында Раббимдин сөздөрү чексиз көп. Эгерде аны жазууда деңиз сыя катары колдонулса, анда Аллахтын сөздөрдү түгөнгүчө эле деңиздин суусу түгөнүп калмак. Эгер башка деңиздерди да алып келсек, алар дагытүгөнмөк»

قُلْ إِنَّمَآ أَنَا۠ بَشَرٌۭ مِّثْلُكُمْ يُوحَىٰٓ إِلَىَّ أَنَّمَآ إِلَـٰهُكُمْ إِلَـٰهٌۭ وَٰحِدٌۭ ۖ فَمَن كَانَ يَرْجُوا۟ لِقَآءَ رَبِّهِۦ فَلْيَعْمَلْ عَمَلًۭا صَـٰلِحًۭا وَلَا يُشْرِكْ بِعِبَادَةِ رَبِّهِۦٓ أَحَدًۢا ﴿١١٠﴾

Оо, пайгамбар! Айткын: «Мен силер сыяктуу эле адаммын. Мага “чыныгы кудайыңар жалгыз Кудай. Анын шериги жок. Ал – Аллах” деп вахий түштү. Кимде-ким Раббисине жолугуудан корксо, анда Анын шариятына ылайык иш- аракет кылсын,аныАллахүчүн чын ыкластан аткарсын жана сыйынууда Ага эчкимди шерик кылбасын». Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Al-Kahf — الكهف

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил