كٓهيعٓصٓ ﴿١﴾
Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген
Башкы бет›Тафсир›Maryam (19)
Меккелик · 98 аят
كٓهيعٓصٓ ﴿١﴾
Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген
ذِكْرُ رَحْمَتِ رَبِّكَ عَبْدَهُۥ زَكَرِيَّآ ﴿٢﴾
Бул Раббиңдин пендеси Закарияга болгонيырайымдуулугун эскерүү. Андан сабак алуу үчүн анысага баяндайбыз
إِذْ نَادَىٰ رَبَّهُۥ نِدَآءً خَفِيًّۭا ﴿٣﴾
Дуба тез кабылيболуусу үчүн Раббисине жашыруун дуба кылганын эсте
قَالَ رَبِّ إِنِّى وَهَنَ ٱلْعَظْمُ مِنِّى وَٱشْتَعَلَ ٱلرَّأْسُ شَيْبًۭا وَلَمْ أَكُنۢ بِدُعَآئِكَ رَبِّ شَقِيًّۭا ﴿٤﴾
Ал мындай деп айтты: “Оо, Раббим! Менин сөөктөрүм алсырап, чачымды ак басты. Мен Сага кылган дубамда бактысыз болбодум.ي Тескерисинче,менин ар бир кылган дубамдыкабылкылдың
وَإِنِّى خِفْتُ ٱلْمَوَٰلِىَ مِن وَرَآءِى وَكَانَتِ ٱمْرَأَتِى عَاقِرًۭا فَهَبْ لِى مِن لَّدُنكَ وَلِيًّۭا ﴿٥﴾
Туугандарым дүнүйө менен алек болушкандыктан алар мен өлгөндөн кийин диндин милдеттерин аткарбай коюуларынан коркомун, менин аялым төрөбөйт жана тукумсуз. Андыктан мага жардамчы боло турган Өзүң тараптан перзент бере көр. ي
يَرِثُنِى وَيَرِثُ مِنْ ءَالِ يَعْقُوبَ ۖ وَٱجْعَلْهُ رَبِّ رَضِيًّۭا ﴿٦﴾
Ал менден жана Якубдун үй-бүлөсүнөн пайгамбарлыкты мурас кылсын. Оо, Раббим! Аны дининде, кулк-мүнөзүндө жана илиминде башкаларي андан ыраазыболгон адам кыла көр
يَـٰزَكَرِيَّآ إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَـٰمٍ ٱسْمُهُۥ يَحْيَىٰ لَمْ نَجْعَل لَّهُۥ مِن قَبْلُ سَمِيًّۭا ﴿٧﴾
Аллах анын дубасын кабыл кылды жана аны мындай деп чакырды: “Эй, Закария! Биз сени кубанткан нерсени сага кабарлайбыз, дубаңды кабыл кылдык жана сага Яхья аттуу баланы бердик, бул ысымды буга чейин андан башка эч кимге ыйгарган эмеспиз.ي
قَالَ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِى غُلَـٰمٌۭ وَكَانَتِ ٱمْرَأَتِى عَاقِرًۭا وَقَدْ بَلَغْتُ مِنَ ٱلْكِبَرِ عِتِيًّۭا ﴿٨﴾
Закария Аллахтын кудуретине таң калып мындай деди: «Аялым төрөбөйт жана тукумсуз, мен ал-күч кетип, картайып калдым,анан кантип балалууболмок элем?!». بلغ Куран · Тафсир قال كذلك قال ربك هوعلى هين وقد خلقتك من قبل ولم تك شئا
قَالَ كَذَٰلِكَ قَالَ رَبُّكَ هُوَ عَلَىَّ هَيِّنٌۭ وَقَدْ خَلَقْتُكَ مِن قَبْلُ وَلَمْ تَكُ شَيْـًۭٔا ﴿٩﴾
Периште мындай деп жооп берди: “Абал, сен айткандай аялың төрөбөйт, сен да картайып өмүрүңдүн аягына жетип, алдан-күчтөн тайдың. Бирок Раббиң мындай деп айтты: “Яхьяны төрөбөс энеден жана өмүрүнүн аягына жетип калган атадан Раббиңдин жаратуусужеңил.Оо,Закария!Мен сени булнерселерден алдын жараттым.Анда сен эскериле тургандайي эчнерсе эмес элең. Анткени сен анда жок болчусуң”
قَالَ رَبِّ ٱجْعَل لِّىٓ ءَايَةًۭ ۚ قَالَ ءَايَتُكَ أَلَّا تُكَلِّمَ ٱلنَّاسَ ثَلَـٰثَ لَيَالٍۢ سَوِيًّۭا ﴿١٠﴾
Закария (Аллахтын саламы болсун) мындай деп айтты: “Оо, Раббим! Периштелер мага сүйүнчүлөгөн нерсенин ишке ашуусун далилдеп, көңүлүмдү тынчтанткан мага бир белги бер”– деди. Аллах: «Сен сүйүнчүлөнгөн нерсенин ишке ашуусунун белгисиي — сен эч себепсиз эле, ден соолугуң чың туруп эле, үч күн тилден каласың» – деди
فَخَرَجَ عَلَىٰ قَوْمِهِۦ مِنَ ٱلْمِحْرَابِ فَأَوْحَىٰٓ إِلَيْهِمْ أَن سَبِّحُوا۟ بُكْرَةًۭ وَعَشِيًّۭا ﴿١١﴾
Ошентип Закария ибадатканадан элине чыгып, аларга: “Эртели-кеч Аллахты аруулагыла” – деп сөзү жок ишарат ي кылды
يَـٰيَحْيَىٰ خُذِ ٱلْكِتَـٰبَ بِقُوَّةٍۢ ۖ وَءَاتَيْنَـٰهُ ٱلْحُكْمَ صَبِيًّۭا ﴿١٢﴾
Ошентип, анын баласы Яхья төрөлдү. Ал балагатка жеткенде ага: “Оо, Яхья! Тооратты олуттуулук менен бекем кармангын” – деп айттык. Ал жаш кезиндеي эле Биз ага түшүнүк, илим, олуттуулук жана чечкиндүүлүк бергенбиз
وَحَنَانًۭا مِّن لَّدُنَّا وَزَكَوٰةًۭ ۖ وَكَانَ تَقِيًّۭا ﴿١٣﴾
Аны Бизден болгон ырайымга бөлөдүк жана аны күнөөлөрдөн тазаладык. Ал Аллахтын буйруктарын аткарган жана тыюуларынан тыйылган такыбаيэле. وبرا بولديه ولم يكن جبارا عص ا
وَبَرًّۢا بِوَٰلِدَيْهِ وَلَمْ يَكُن جَبَّارًا عَصِيًّۭا ﴿١٤﴾
Ал ата-энесин ыраазы кылып, аларга аяр мамиле жасаган, ар дайым жакшылык кылган, Аллахка жана аларга баш ийбей текеберленип, Раббисинеي же ата-энесине эчубакта күнөөкөр болгон эмес. وسلم عليه يوم ولدويوم يموت ويوم يبعث ح ا
وَسَلَـٰمٌ عَلَيْهِ يَوْمَ وُلِدَ وَيَوْمَ يَمُوتُ وَيَوْمَ يُبْعَثُ حَيًّۭا ﴿١٥﴾
Ал төрөлгөн жана өлгөн күнү, бул жашоодон чыккан күнү жана Кыямат күнү кайра тириле турган күнү ага Аллахтын саламы жана тынчтыгы болсун. Бул үч баскыч адам өтө турган эң кооптуу баскычтар. Эгерде ал бул жайларда коопсуз болсо, анда ага башкаي жайларда коркунуч болбойт
وَٱذْكُرْ فِى ٱلْكِتَـٰبِ مَرْيَمَ إِذِ ٱنتَبَذَتْ مِنْ أَهْلِهَا مَكَانًۭا شَرْقِيًّۭا ﴿١٦﴾
Оо, пайгамбар! Сага түшүрүлгөн Курандагы Мариямдын кабарын эстегин. Ал үйүнөн алыстап чыгыш тараптагы бир жерде адамдардан бөлүнүп жалгыз болгон. بلغ Куран · Тафсир ي
فَٱتَّخَذَتْ مِن دُونِهِمْ حِجَابًۭا فَأَرْسَلْنَآ إِلَيْهَا رُوحَنَا فَتَمَثَّلَ لَهَا بَشَرًۭا سَوِيًّۭا ﴿١٧﴾
Ал Раббисине ибадат кылып жаткан абалында элге көрүнбөш үчүн, өзүнчө бөлүнүп өзү үчүн тосмо жасап алган. Ошондо Биз ага Жебирейилди жибердик. Ал кадимки эле жаратылган адамдын кейпинде келди. Анын ниети жаман окшойт деп коркуп кетти.ي
قَالَتْ إِنِّىٓ أَعُوذُ بِٱلرَّحْمَـٰنِ مِنكَ إِن كُنتَ تَقِيًّۭا ﴿١٨﴾
Көркөм келбетте жаратылган адамдын сүрөтүндө ага карай бет алып келе жатканын көрүп Мариям: “Эй, киши! Мен сенден жамандык жетүүсүнөн Чексиз Мээримдүү Аллахтын коргоосун сураймын, эгер сен Аллахтан корккон такыба болсоң, анда сен Аллахтанي коркуп жаман ишке барбайсың”– деп айтты
قَالَ إِنَّمَآ أَنَا۠ رَسُولُ رَبِّكِ لِأَهَبَ لَكِ غُلَـٰمًۭا زَكِيًّۭا ﴿١٩﴾
Жебирейил периште: “Мен адам эмесмин. Мен болгону сага жакшы жана табияты таза, берекелүү наристе белек кылууүчүн Раббиңдин сагаيжиберген элчисимин”. قالت أنى يكون لى غلم ولم يمسسنى بشر ولم أك بغا
قَالَتْ أَنَّىٰ يَكُونُ لِى غُلَـٰمٌۭ وَلَمْ يَمْسَسْنِى بَشَرٌۭ وَلَمْ أَكُ بَغِيًّۭا ﴿٢٠﴾
Мариям таң калып: “Мага эркек да башка да жакындабаса жана менин боюмда бүткүдөй зынакор аял болбосом, анан кантипي мен балалуу болмок элем” – дейт
قَالَ كَذَٰلِكِ قَالَ رَبُّكِ هُوَ عَلَىَّ هَيِّنٌۭ ۖ وَلِنَجْعَلَهُۥٓ ءَايَةًۭ لِّلنَّاسِ وَرَحْمَةًۭ مِّنَّا ۚ وَكَانَ أَمْرًۭا مَّقْضِيًّۭا ﴿٢١﴾
Жебирейил ага мындай деп айтты: “Туура, сен айткандай күйөө да жана башкасы да сага жолобогону анык, сен зынакор да эмессиң. Бирок сенин Раббиң мындай деп айтты: “Баланы атасыз жаратуу Мага жеңил. Андыктан сага берилген перзент Аллахтын кудуретине адамдар үчүн белги болуп калат жана Бизден сага жана ага ыйман келтиргендерге ырайым болот. Сенин бул балаңды жаратуу Сакталган Тагдыр китебинде жазылган Аллахтын буйруган тагдыры болду. ي
۞ فَحَمَلَتْهُ فَٱنتَبَذَتْ بِهِۦ مَكَانًۭا قَصِيًّۭا ﴿٢٢﴾
Периште үйлөгөндөнي кийин боюнда болуп, адамдардан алыс болгон жерге кетти
فَأَجَآءَهَا ٱلْمَخَاضُ إِلَىٰ جِذْعِ ٱلنَّخْلَةِ قَالَتْ يَـٰلَيْتَنِى مِتُّ قَبْلَ هَـٰذَا وَكُنتُ نَسْيًۭا مَّنسِيًّۭا ﴿٢٣﴾
Анан анын толгоосукыйнап,аныкурма дарагынын өзөгүнө алып келди.Мариям (ага Аллахтын саламыболсун) ага: «Аттиң, бул күнгө чейин өлүп калсам кана! Мен тууралуу жаман ой болбостугу үчүн, эч бир эскерилбегендерден болсом кана!» – деди. بلغ Куран · Тафсир ي
فَنَادَىٰهَا مِن تَحْتِهَآ أَلَّا تَحْزَنِى قَدْ جَعَلَ رَبُّكِ تَحْتَكِ سَرِيًّۭا ﴿٢٤﴾
Бутунун астынан Иса Мариямга мындай деп кайрылды: “Кайгырба, Раббиң сенин астыңда иче турган суу арык ي кылды
وَهُزِّىٓ إِلَيْكِ بِجِذْعِ ٱلنَّخْلَةِ تُسَـٰقِطْ عَلَيْكِ رُطَبًۭا جَنِيًّۭا ﴿٢٥﴾
Курманын өзөгүн кармап туруп кыймылдатсаң,сага жаңыбышкан курмалар түшөт.Ошолзамат курмалар күбүлүп түштү.ي
فَكُلِى وَٱشْرَبِى وَقَرِّى عَيْنًۭا ۖ فَإِمَّا تَرَيِنَّ مِنَ ٱلْبَشَرِ أَحَدًۭا فَقُولِىٓ إِنِّى نَذَرْتُ لِلرَّحْمَـٰنِ صَوْمًۭا فَلَنْ أُكَلِّمَ ٱلْيَوْمَ إِنسِيًّۭا ﴿٢٦﴾
Жаңы бышкан курмадан же, суудан ич, балаң менен кубанычка батып, эч капаланба! Эгер адамдарга жолугуп калып, алар сенден бала тууралуу сурашса, аларга: «Раббим үчүн эч бир сөз сүйлөбөйм деп өзүмө-өзүм сөз бердим.Андыктан бүгүн эчيкимге сүйлөбөймүн»,–деп жооп бер
فَأَتَتْ بِهِۦ قَوْمَهَا تَحْمِلُهُۥ ۖ قَالُوا۟ يَـٰمَرْيَمُ لَقَدْ جِئْتِ شَيْـًۭٔا فَرِيًّۭا ﴿٢٧﴾
Мариям баласын көтөрүп алып элине келди. Эли аны жактырбай: «Оо, Мариям! Кайдагы бир атасы жок баланы алып келгениң өтө жийиркенерликي уят иш!» – дешти
يَـٰٓأُخْتَ هَـٰرُونَ مَا كَانَ أَبُوكِ ٱمْرَأَ سَوْءٍۢ وَمَا كَانَتْ أُمُّكِ بَغِيًّۭا ﴿٢٨﴾
Оо, Харунга окшоп ибадат кылган карындашы! (Харун такыба адам болгон.) Сенин атаң да апаң да зынакор эмес болчу. Сен такыбалыгымененي белгилүү үй-бүлөдөнсүң. Анан кантип атасыжок баланыалып келдиң?!
فَأَشَارَتْ إِلَيْهِ ۖ قَالُوا۟ كَيْفَ نُكَلِّمُ مَن كَانَ فِى ٱلْمَهْدِ صَبِيًّۭا ﴿٢٩﴾
Ал бешикте жаткан баласы Исаны жаңсап көрсөттү. Ошондо эл таң кала: «Бешикте жаткан бала менен кантип сүйлөшмөк элек?!» – деди. ي
قَالَ إِنِّى عَبْدُ ٱللَّهِ ءَاتَىٰنِىَ ٱلْكِتَـٰبَ وَجَعَلَنِى نَبِيًّۭا ﴿٣٠﴾
Иса (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун): «Чындыгында мен Аллахтын кулумун. Ал мага Инжилди берип, мени пайгамбар кылды.ي
وَجَعَلَنِى مُبَارَكًا أَيْنَ مَا كُنتُ وَأَوْصَـٰنِى بِٱلصَّلَوٰةِ وَٱلزَّكَوٰةِ مَا دُمْتُ حَيًّۭا ﴿٣١﴾
Кайда барбайын мени адамдарга пайдалуу, берекелүү кылды. Ал мага өмүр өткүчө намаз окууну жана зекет берүүнү буйруду. بلغ Куран · Тафсир ي وبرا بولدتى ولم يجعلنى جبارا شقا
وَبَرًّۢا بِوَٰلِدَتِى وَلَمْ يَجْعَلْنِى جَبَّارًۭا شَقِيًّۭا ﴿٣٢﴾
Ошондой эле энеме жакшы мамиле кылууну буйруду жана Ал мени ибадатта текеберленген, күнөөкөр болгондордон кылбады. ي
وَٱلسَّلَـٰمُ عَلَىَّ يَوْمَ وُلِدتُّ وَيَوْمَ أَمُوتُ وَيَوْمَ أُبْعَثُ حَيًّۭا ﴿٣٣﴾
Мен туулган,өлгөн жана кыяматта кайра тирилген күндөрдө мага шайтан менен анын жан-жөкөрлөрүнөн коргоо болсун! Жалгыздыкта калган мына ушул үч жайда шайтан мага эч зыян келтирген жок»
ذَٰلِكَ عِيسَى ٱبْنُ مَرْيَمَ ۚ قَوْلَ ٱلْحَقِّ ٱلَّذِى فِيهِ يَمْتَرُونَ ﴿٣٤﴾
Мына ушул сыпаттар таандык болгон адам – Иса пайгамбар. Бул айтылган сөз дагы Акыйкат Аллахтын сөзү. Иса тууралуушектенип талашып тартышып адашкандардын айткан сөзүэмес
مَا كَانَ لِلَّهِ أَن يَتَّخِذَ مِن وَلَدٍۢ ۖ سُبْحَـٰنَهُۥٓ ۚ إِذَا قَضَىٰٓ أَمْرًۭا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ ﴿٣٥﴾
Балалуу болуш Аллахка ылайык эмес! Ал мындан таза жана аруу! Эгер Ал бир нерсени кааласа, анда ага «бол!» деп айтып койгону эле жетиштүү, ал нерсе ошол замат сөзсүз ишке ашат. Ким ушундай болсо, анда ал балалуу болуштан аруу
وَإِنَّ ٱللَّهَ رَبِّى وَرَبُّكُمْ فَٱعْبُدُوهُ ۚ هَـٰذَا صِرَٰطٌۭ مُّسْتَقِيمٌۭ ﴿٣٦﴾
Чындыгында Аллах – менин Раббим жана баарыңардын Раббиңер! Ага гана чын ыкластан ибадат кылгыла! Мен силерге айткан нерсе – мына ушул Аллахтын ыраазылыгына жеткирген туура жол
فَٱخْتَلَفَ ٱلْأَحْزَابُ مِنۢ بَيْنِهِمْ ۖ فَوَيْلٌۭ لِّلَّذِينَ كَفَرُوا۟ مِن مَّشْهَدِ يَوْمٍ عَظِيمٍ ﴿٣٧﴾
Кийин алар Иса тууралуу талашып тартышып отуруп, эл ичинде топторго бөлүнүп кетишти. Кээ бирлери ага ыйман келтирип, “ал пайгамбар” дешти, жөөттөргө окшогон башкалары ага каапырлык кылышты. Ошол сыяктуу кээ бир топтор “ал кудай” дешти. Башкалары болсо ал “кудайдын баласы” дешти. Аллах бул нерселерден аруу! Улуу кыямат күнүндө күбөлөр болгондо ал тууралуу талашып тартышкандарга азап болсун! Анткени ал күндө ар кандай көрүнүштөр, сурак жана жаза болот
أَسْمِعْ بِهِمْ وَأَبْصِرْ يَوْمَ يَأْتُونَنَا ۖ لَـٰكِنِ ٱلظَّـٰلِمُونَ ٱلْيَوْمَ فِى ضَلَـٰلٍۢ مُّبِينٍۢ ﴿٣٨﴾
Ал күндө алар даана көрүшөт жана даана угушат. Ал кезде угушса дагы укканы пайда бербейт, көрүшсө дагы көргөнү пайда бербейт. Бирок залимдер бул дүйнөдө туура жолдон анык эле адашууда. Аларга акырет капыстан келгенге чейин зулумдук кылганын токтотмок турсун,эчдаярдык көрүшпөйт. بلغ Куран · Тафсир
وَأَنذِرْهُمْ يَوْمَ ٱلْحَسْرَةِ إِذْ قُضِىَ ٱلْأَمْرُ وَهُمْ فِى غَفْلَةٍۢ وَهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ ﴿٣٩﴾
Оо, пайгамбар! Адамдарга өкүнүч күндү эскерт! Пенделердин китептери ачылып, сурак берип бүткөндө жана ар бир адам кылган ишинин акыбетин көргөндө жамандык кылган адам кылган күнөөлөрүнө өкүнөт, жакшылык кылган адам көп ибадат кылбай калганына өкүнөт. Алар бул жашоододүйнөгө азгырылып, акыретке жеңил карап жана кыямат күнүнө ыйман келтиришкен эмес эле
إِنَّا نَحْنُ نَرِثُ ٱلْأَرْضَ وَمَنْ عَلَيْهَا وَإِلَيْنَا يُرْجَعُونَ ﴿٤٠﴾
Чындыгында бүткүл жаратылыш жок болгондон кийин Биз Өзүбүз калабыз, жерди жана жер бетинде алар жок болуп Биз калгандан кийин андагы нерселерди Өзүбүз мураска алабыз. Биз аларга ээликке бергенбиз, аларга Өзүбүз каалагандай иш жүргүзгөнбүз.Эми алар сурак берип жаза-сыйлыгын алыш үчүн Бизге гана кайтат
وَٱذْكُرْ فِى ٱلْكِتَـٰبِ إِبْرَٰهِيمَ ۚ إِنَّهُۥ كَانَ صِدِّيقًۭا نَّبِيًّا ﴿٤١﴾
Оо, пайгамбар! Сага түшкөн Курандагы Ибрахим (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) тууралуу кабарды эстегин. Чындыгында ал өтө чынчыл жана Аллахтын аяттарына анык ишенген Аллах тараптан келген пайгамбар эле
إِذْ قَالَ لِأَبِيهِ يَـٰٓأَبَتِ لِمَ تَعْبُدُ مَا لَا يَسْمَعُ وَلَا يُبْصِرُ وَلَا يُغْنِى عَنكَ شَيْـًۭٔا ﴿٤٢﴾
Ал атасы Азарга айтты: «Оо, атаке! Эмнеге Аллахтан башка кудайларга сыйынып жатасыз? Алар сиздин кылган дубаңызды да угушпайт, кылган ибадаттарыңызды да көрүшпөйт, сизди зыяндан коргоп, сизге пайда да келтире алышпайт го?. ي
يَـٰٓأَبَتِ إِنِّى قَدْ جَآءَنِى مِنَ ٱلْعِلْمِ مَا لَمْ يَأْتِكَ فَٱتَّبِعْنِىٓ أَهْدِكَ صِرَٰطًۭا سَوِيًّۭا ﴿٤٣﴾
Оо, атаке! Сизге келбеген нерсе мага вахий жолу аркылуу илим болуп келди. Мени ээрчисеңиз сизге туура жолду ي көргөзөм
يَـٰٓأَبَتِ لَا تَعْبُدِ ٱلشَّيْطَـٰنَ ۖ إِنَّ ٱلشَّيْطَـٰنَ كَانَ لِلرَّحْمَـٰنِ عَصِيًّۭا ﴿٤٤﴾
Оо, атаке! Шайтанга баш ийип сыйынбаңыз! Чындыгында шайтанды Адамга сажда кыл деп буйруганда, ал Чексиз Ырайымдуу болгон Аллахкаي каршы чыккан
يَـٰٓأَبَتِ إِنِّىٓ أَخَافُ أَن يَمَسَّكَ عَذَابٌۭ مِّنَ ٱلرَّحْمَـٰنِ فَتَكُونَ لِلشَّيْطَـٰنِ وَلِيًّۭا ﴿٤٥﴾
О, атаке! Эгер каапыр боюнча өлсөңүз, сизге Ырайымдуунун азабы болорунан корком. Анда шайтанды дос кылганыңыз үчүн азапта аныменен бирге болосуз. بلغ Куран · Тафсир ي
قَالَ أَرَاغِبٌ أَنتَ عَنْ ءَالِهَتِى يَـٰٓإِبْرَٰهِيمُ ۖ لَئِن لَّمْ تَنتَهِ لَأَرْجُمَنَّكَ ۖ وَٱهْجُرْنِى مَلِيًّۭا ﴿٤٦﴾
Азар баласы Ибрахимге айтты: «Эй, Ибрахим! Сен мен сыйынган кудайларымдан баш тартып жатасыңбы? Эгерде кудайларымды сөккөнүңдү токтотпосоң, таш менен уруп өлтүрөм. Узак убакка чейин көзүмө көрүнбө, мага эч сүйлөбө, жаныма жакын жолобо!».ي
قَالَ سَلَـٰمٌ عَلَيْكَ ۖ سَأَسْتَغْفِرُ لَكَ رَبِّىٓ ۖ إِنَّهُۥ كَانَ بِى حَفِيًّۭا ﴿٤٧﴾
Ибрахим (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) атасына айтты: «Саламатта калыңыз! Мен сизге зыян келтирбейм. Раббимденي сиз үчүн кечирим жана туура жол сурайм. Чындыгында Ал мага өтө Мээримдүү
وَأَعْتَزِلُكُمْ وَمَا تَدْعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَأَدْعُوا۟ رَبِّى عَسَىٰٓ أَلَّآ أَكُونَ بِدُعَآءِ رَبِّى شَقِيًّۭا ﴿٤٨﴾
Мен силерди жана силер сыйынып жаткан Аллахтан башка кудайыңардыташтап кетем жана бир гана Раббиме дуба кылам жана Ага эч бир нерсени шерик кылбайм. Эгер Ага дуба кылсам, ал дубамды кабыл кылбай коюп, ал себептүүбактысызي болупلкалбаймын деп үмүттөнөм»
فَلَمَّا ٱعْتَزَلَهُمْ وَمَا يَعْبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَهَبْنَا لَهُۥٓ إِسْحَـٰقَ وَيَعْقُوبَ ۖ وَكُلًّۭا جَعَلْنَا نَبِيًّۭا ﴿٤٩﴾
Аларды жана алар сыйынган Аллахтан башка кудайларын таштап кеткенде ал жоготкон үй-бүлөсүнүн ордуна баласы Исхакты жана андан небересиي Якубду бердик. Ал экөөнү тең пайгамбар кылдык. ووهبنا لهم من رحمتنا وجعلنا لهم لسان صدق علا
وَوَهَبْنَا لَهُم مِّن رَّحْمَتِنَا وَجَعَلْنَا لَهُمْ لِسَانَ صِدْقٍ عَلِيًّۭا ﴿٥٠﴾
Биз аларга пайгамбарлык менен бирге Өз ырайымыбыздан көптөгөн жакшылыктардыберип, аларга адамдар ар дайым мактоосөздөрдүيайта тургандай кылып койдук
وَٱذْكُرْ فِى ٱلْكِتَـٰبِ مُوسَىٰٓ ۚ إِنَّهُۥ كَانَ مُخْلَصًۭا وَكَانَ رَسُولًۭا نَّبِيًّۭا ﴿٥١﴾
Оо, пайгамбар! Сага түшкөн Курандагы Муса тууралуу кабарды эсте. Чындыгында ал тандалган пенде жана элчи- пайгамбар болгон. ي
وَنَـٰدَيْنَـٰهُ مِن جَانِبِ ٱلطُّورِ ٱلْأَيْمَنِ وَقَرَّبْنَـٰهُ نَجِيًّۭا ﴿٥٢﴾
Биз Муса турган жерден алганда тоонун оң тарабынан аны чакырдык. Аллах ага сөзүн угузуш үчүн акырын үн менен чакырып аныӨзүнө жакындатты.ي
وَوَهَبْنَا لَهُۥ مِن رَّحْمَتِنَآ أَخَاهُ هَـٰرُونَ نَبِيًّۭا ﴿٥٣﴾
Муса өз Раббисинен дуба кылып сурагандыгы үчүн Биз ага Өз ырайымыбыз жана жакшылыгыбыз менен жооп катарыбир тууганыХарунду пайгамбар кылып бердик. بلغ Куран · Тафсир ي
وَٱذْكُرْ فِى ٱلْكِتَـٰبِ إِسْمَـٰعِيلَ ۚ إِنَّهُۥ كَانَ صَادِقَ ٱلْوَعْدِ وَكَانَ رَسُولًۭا نَّبِيًّۭا ﴿٥٤﴾
Эй, пайгамбар! Сага түшүрүлгөн Курандагы Исмаилдин (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) кабарын эсте. Чындыгында ал убадасынаي бекем, кандай гана убада бербесин, анысөзсүз аткарган элчи-пайгамбар эле
وَكَانَ يَأْمُرُ أَهْلَهُۥ بِٱلصَّلَوٰةِ وَٱلزَّكَوٰةِ وَكَانَ عِندَ رَبِّهِۦ مَرْضِيًّۭا ﴿٥٥﴾
Ал өз элине намаз окууну жанаيзекет берүүнү буйруган. Ал өз Раббисинин ыраазылыгына ээ болгон
وَٱذْكُرْ فِى ٱلْكِتَـٰبِ إِدْرِيسَ ۚ إِنَّهُۥ كَانَ صِدِّيقًۭا نَّبِيًّۭا ﴿٥٦﴾
Оо, пайгамбар! Сага түшүрүлгөн Курандагы Идристин кабарын эстегин. Чындыгында ал аябай чынчыл жана Раббисинин аяттарын тастыктаган Аллахтын пайгамбарларынан эле. ورفعنه مكانا عليا
وَرَفَعْنَـٰهُ مَكَانًا عَلِيًّا ﴿٥٧﴾
Биз ага пайгамбарчылык берген себептүү анын кадырын көтөрдүк. Анын даражасыжогору болду
أُو۟لَـٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ أَنْعَمَ ٱللَّهُ عَلَيْهِم مِّنَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ مِن ذُرِّيَّةِ ءَادَمَ وَمِمَّنْ حَمَلْنَا مَعَ نُوحٍۢ وَمِن ذُرِّيَّةِ إِبْرَٰهِيمَ وَإِسْرَٰٓءِيلَ وَمِمَّنْ هَدَيْنَا وَٱجْتَبَيْنَآ ۚ إِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ ءَايَـٰتُ ٱلرَّحْمَـٰنِ خَرُّوا۟ سُجَّدًۭا وَبُكِيًّۭا ۩ ﴿٥٨﴾
ى Булсүрөөдө эскерилген пайгамбарлар Закариядан баштап,Идрис пайгамбар менен аяктайт.АллахАдам атанын урпактарынын кээ бирине жана Нухпайгамбар менен кемеге түшкөн адамдардын урпактарынын айрымдарына, ошондой эле Ибрахим менен Якубдун урпактарынын кээ бирине пайгамбарлыктыжакшылык кылып берди. Биз алардын кээ бирлерин туура жолго багыттап, Исламга киргиздик. Биз алардан адамдарды тандап, пайгамбар кылдык.Алар Аллахтын аяттарыокулганын укканда,Аллахтан коркуп ыйлаган абалда сажда кылышат
۞ فَخَلَفَ مِنۢ بَعْدِهِمْ خَلْفٌ أَضَاعُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَٱتَّبَعُوا۟ ٱلشَّهَوَٰتِ ۖ فَسَوْفَ يَلْقَوْنَ غَيًّا ﴿٥٩﴾
Бул тандалган пайгамбарлардан кийин жамандыктыээрчиген жана туура жолдон адаштырган адамдар келген. Алар намаздыАллах талап кылгандай аткарбай калышты, зына жана башка напсилери каалаган күнөө иштерди кылгандыктан, алар жакында жамандыкка жана өкүнүчкө дуушар кылуучу тозоктоболушат
إِلَّا مَن تَابَ وَءَامَنَ وَعَمِلَ صَـٰلِحًۭا فَأُو۟لَـٰٓئِكَ يَدْخُلُونَ ٱلْجَنَّةَ وَلَا يُظْلَمُونَ شَيْـًۭٔا ﴿٦٠﴾
Алэми ким кылган кемчилиги жана кош көңүлдүк кылгандыгыүчүн тообокылып Аллахка ыйман келтирип,жакшы иштерди жасап, ушул сыпаттар менен сыпатталса, анда алар бейишке кирет. Алардын кичинеби, чоңбу жакшылык иштеринин соопторунанي эчнерсеси кемибейт
جَنَّـٰتِ عَدْنٍ ٱلَّتِى وَعَدَ ٱلرَّحْمَـٰنُ عِبَادَهُۥ بِٱلْغَيْبِ ۚ إِنَّهُۥ كَانَ وَعْدُهُۥ مَأْتِيًّۭا ﴿٦١﴾
Ырайымдуу Аллах ыймандуу пенделерин түбөлүк кала турган бейиштерге киргизем деп кайыптан убада кылды. Алар аны көрбөсө дагы ага ыйман келтиришти. Аллахтын бейиш тууралуу убадасы кайып болсо дагы сөзсүз келет. بلغ Куран · Тафсир ي
لَّا يَسْمَعُونَ فِيهَا لَغْوًا إِلَّا سَلَـٰمًۭا ۖ وَلَهُمْ رِزْقُهُمْ فِيهَا بُكْرَةًۭ وَعَشِيًّۭا ﴿٦٢﴾
Алар ал жактан ашыкча жана бузуку сөздөрдү угушпайт. Тескерисинче, бири-бирине берген саламды жана периштелердин аларга айтканيсаламдарын гана угушат. Ал жайда алар каалаган тамак-аш эртели-кеч даяр турат
تِلْكَ ٱلْجَنَّةُ ٱلَّتِى نُورِثُ مِنْ عِبَادِنَا مَن كَانَ تَقِيًّۭا ﴿٦٣﴾
Мына ушундай сыпаттарга ээ болгон бейишти буйруктарга баш ийген жана тыюуларды таштаган пенделерибизге мурас кылыпي беребиз
وَمَا نَتَنَزَّلُ إِلَّا بِأَمْرِ رَبِّكَ ۖ لَهُۥ مَا بَيْنَ أَيْدِينَا وَمَا خَلْفَنَا وَمَا بَيْنَ ذَٰلِكَ ۚ وَمَا كَانَ رَبُّكَ نَسِيًّۭا ﴿٦٤﴾
Оо, Жебрейил! Мухаммадга айт: «Чындыгында периштелер өз билемдиги менен түшпөйт. Алар Аллахтын буйругу менен гана түшүшөт. Биз келечекте көрө турган акырет иштери, артта калтырган дүйнө иштери жана акырет менен дүйнөнүнي ортосундагыиштер Аллахка гана таандык. Эй, пайгамбар! Раббиң эч бир нерсени унутпайт»
رَّبُّ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا فَٱعْبُدْهُ وَٱصْطَبِرْ لِعِبَـٰدَتِهِۦ ۚ هَلْ تَعْلَمُ لَهُۥ سَمِيًّۭا ﴿٦٥﴾
Ал асмандар менен жердин Жаратуучусу, Падышасы жана Башкаруучусу. Жана экөөсүнүн ортосундагылардын Жаратуучусу, Падышасы жана Башкаруучусу. Андыктан Ага гана сыйын! Ал Өзү гана сыйынууга татыктуу. Ага ибадат кылууда бекем тур! Сыйынууда шерик болотургандай Ага теңдеш жок
وَيَقُولُ ٱلْإِنسَـٰنُ أَءِذَا مَا مِتُّ لَسَوْفَ أُخْرَجُ حَيًّا ﴿٦٦﴾
Кайра тирилүүнү жокко чыгарган каапыр адам шылдың кылып: «Эгер мен өлсөм, кийин экинчи жолу да кайра тирилип кабырдан чыгат бекенмин?!»— деп айтат
أَوَلَا يَذْكُرُ ٱلْإِنسَـٰنُ أَنَّا خَلَقْنَـٰهُ مِن قَبْلُ وَلَمْ يَكُ شَيْـًۭٔا ﴿٦٧﴾
Кайра тирилүүнү жокко чыгарган ошол адам ойлонбойбу, Биз аны мындан мурун эч нерсе эмес болгон кезинде жаратканбыз го?! Ал абалкы жаратууну экинчи жаратууга далил кылып жатат. Бирок Аллах үчүн экинчи жаратуу жеңил жана оңой. ي
فَوَرَبِّكَ لَنَحْشُرَنَّهُمْ وَٱلشَّيَـٰطِينَ ثُمَّ لَنُحْضِرَنَّهُمْ حَوْلَ جَهَنَّمَ جِثِيًّۭا ﴿٦٨﴾
Оо, пайгамбар! Раббиңе ант, Биз аларды адаштырган шайтандары менен кошо кабырларынан сөзсүз чыгарып, сурак майданына чогултабыз. Андан соң аларды кордолгон, чөгөлөгөн абалда тозоктун эшиктерине айдап ي барабыз
ثُمَّ لَنَنزِعَنَّ مِن كُلِّ شِيعَةٍ أَيُّهُمْ أَشَدُّ عَلَى ٱلرَّحْمَـٰنِ عِتِيًّۭا ﴿٦٩﴾
Андан соң адашкан ар бир топтун арасынан баш ийбей аша чапкан башчыларын катуулук менен күчкө салып сууруп чыгабыз. بلغ Куран · Тафсир ي
ثُمَّ لَنَحْنُ أَعْلَمُ بِٱلَّذِينَ هُمْ أَوْلَىٰ بِهَا صِلِيًّۭا ﴿٧٠﴾
Анан Биз алардын кимиси тозоккокирүүгө жана анын ысыгынын азабына канчалык татыктуу экендигин жакшы ي билебиз
وَإِن مِّنكُمْ إِلَّا وَارِدُهَا ۚ كَانَ عَلَىٰ رَبِّكَ حَتْمًۭا مَّقْضِيًّۭا ﴿٧١﴾
Эй,адамдар!Силердин ар бириңер сөзсүз түрдө тозоктун үстүнө курулган Сырат көпүрөсүаркылууөтөсүңөр.Бул өтүүңөр Аллахөкүм кылган кескинي өкүм.Анын өкүмүн эчким жоккочыгара албайт
ثُمَّ نُنَجِّى ٱلَّذِينَ ٱتَّقَوا۟ وَّنَذَرُ ٱلظَّـٰلِمِينَ فِيهَا جِثِيًّۭا ﴿٧٢﴾
Андан соң Биз Сыраттан өтөөрдө Раббисинин буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап, Андан корккондорду куткарып,ي алэми залимдерди чөгөлөгөн абалда калтырабыз.Алар андан эчкайда кача алышпайт
وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ ءَايَـٰتُنَا بَيِّنَـٰتٍۢ قَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لِلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ أَىُّ ٱلْفَرِيقَيْنِ خَيْرٌۭ مَّقَامًۭا وَأَحْسَنُ نَدِيًّۭا ﴿٧٣﴾
Биздин элчибизге түшкөн ачык-айкын аяттарыбыз адамдарга окулганда каапырлар мусулмандарга: «Кимибиздин жашаган, отурган, чогулган жайы жана жамааты жакшыраак? Силердикиби же биздикиби?» – деп айтышат. وكم أهلكنا قبلهم من قرن هم أحسن أثثا ورءيا
وَكَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُم مِّن قَرْنٍ هُمْ أَحْسَنُ أَثَـٰثًۭا وَرِءْيًۭا ﴿٧٤﴾
Байлыктарынын көптүгүнө чиренип жаткан бул каапырлардан мурда булардан да байыраак, кийимдеринин кымбаттыгы жана дене-мүчөлөрүнүн сымбаттыгы жактан булардан да мыкты болгон канчалаган коомдорду кыйратып жок кылганбыз
قُلْ مَن كَانَ فِى ٱلضَّلَـٰلَةِ فَلْيَمْدُدْ لَهُ ٱلرَّحْمَـٰنُ مَدًّا ۚ حَتَّىٰٓ إِذَا رَأَوْا۟ مَا يُوعَدُونَ إِمَّا ٱلْعَذَابَ وَإِمَّا ٱلسَّاعَةَ فَسَيَعْلَمُونَ مَنْ هُوَ شَرٌّۭ مَّكَانًۭا وَأَضْعَفُ جُندًۭا ﴿٧٥﴾
من هوش مكانا وأضعف جندا Оо, пайгамбар! Айткын: «Кимде-ким адашып, темселеп жүрсө, анын адашуусу дагы күч алыш үчүн Ырайымдуу Аллах аны тим коёт. Качан алар убада кылынган азаптын бул дүйнөдө эрте келгенин же кыяматта кечигип келгенин көрүшкөндө гана алар тараптынбы же мусулмандар тараптынбы кимисинин даражасы төмөнүрөөк, колдоочусуазыраак экенин билишет»
وَيَزِيدُ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ٱهْتَدَوْا۟ هُدًۭى ۗ وَٱلْبَـٰقِيَـٰتُ ٱلصَّـٰلِحَـٰتُ خَيْرٌ عِندَ رَبِّكَ ثَوَابًۭا وَخَيْرٌۭ مَّرَدًّا ﴿٧٦﴾
Аллах залимдерди күч алган адашууга таштаган болсо, ал эми ыйман келтирип туура жолго түшкөндөрдүн ыйманын, ибадатын көбөйтөт. Оо, пайгамбар! Түбөлүк бакытка жеткирген жакшылык иштер – сыйлык жана натыйжа жактан Аллахтын алдында пайдалуураак. بلغ Куран · Тафсир
أَفَرَءَيْتَ ٱلَّذِى كَفَرَ بِـَٔايَـٰتِنَا وَقَالَ لَأُوتَيَنَّ مَالًۭا وَوَلَدًا ﴿٧٧﴾
Оо, пайгамбар! Биздин далилдерибизге каапырлык кылып жана аларга азап болуусуна берген убадабызды четке кагып: “Эгерде мен өлүп кайра тирилсем, анда мага сөзсүз көптөгөн байлык жана бала-чака берилет” деп жаткан адамды көрбөйсүңбү?!
أَطَّلَعَ ٱلْغَيْبَ أَمِ ٱتَّخَذَ عِندَ ٱلرَّحْمَـٰنِ عَهْدًۭا ﴿٧٨﴾
Эмне, ал сөзүн далил менен айткандай кайыпты билип алыптырбы?! Же Аллахтын алдында аны сөзсүз бейишке киргизет жана ага сөзсүз байлык,د бала-чака берет деген келишими бар бекен?!
كَلَّا ۚ سَنَكْتُبُ مَا يَقُولُ وَنَمُدُّ لَهُۥ مِنَ ٱلْعَذَابِ مَدًّۭا ﴿٧٩﴾
Ал ойлогондой эмес!Биз анын айткандарын жана кылгандарын жазып коёбуз. Жана жалган айткандыгыүчүн катуу азап тарттырабыз. ونرثه ما يقول ويأتينا فردا
وَنَرِثُهُۥ مَا يَقُولُ وَيَأْتِينَا فَرْدًۭا ﴿٨٠﴾
Биз аныжок кылгандан кийин анын байлыгыжана бала-чакасыБизге мурас болот. Кыямат күнү алар бизге жалгыз мурда жыргап пайдаланган байлыгыز жана бийлиги тартылып алынган абалда келишет
وَٱتَّخَذُوا۟ مِن دُونِ ٱللَّهِ ءَالِهَةًۭ لِّيَكُونُوا۟ لَهُمْ عِزًّۭا ﴿٨١﴾
Мушриктер өздөрүнө жардамчыжана колдоочуболот деп Аллахтан башка нерселерди кудай тутуп алышты
كَلَّا ۚ سَيَكْفُرُونَ بِعِبَادَتِهِمْ وَيَكُونُونَ عَلَيْهِمْ ضِدًّا ﴿٨٢﴾
Алар ойлогондой болбойт! Алар Аллахтан башка сыйынып жаткан кудайлары кыямат күнү алардын сыйынгандарын четке кагышат,ز алардан баш тартышат жана аларга душман болушат
أَلَمْ تَرَ أَنَّآ أَرْسَلْنَا ٱلشَّيَـٰطِينَ عَلَى ٱلْكَـٰفِرِينَ تَؤُزُّهُمْ أَزًّۭا ﴿٨٣﴾
Оо, пайгамбар! Көрбөйсүңбү, чындыгында Биз шайтандарды жиберип, аларды каапырлардын үстүнөн башкартып койдук. Алардыкүнөө кылууга жана Аллахтынد дининен тосууга козутушат
فَلَا تَعْجَلْ عَلَيْهِمْ ۖ إِنَّمَا نَعُدُّ لَهُمْ عَدًّۭا ﴿٨٤﴾
Оо,пайгамбар!Аллахтан алардытезирээк кыйратуусун сурап шаштырба!Чындыгында Биз алардын өмүрүн тактык менен эсептеп койдук.Качан аларга берилген убакыт бүткөндө татыктуужазасын беребиз. بلغ Куран · Тафсир
يَوْمَ نَحْشُرُ ٱلْمُتَّقِينَ إِلَى ٱلرَّحْمَـٰنِ وَفْدًۭا ﴿٨٥﴾
О, пайгамбар! Кыямат күндү эсте, ал күндө Раббисинин буйругун аткарган, тыюусунан тыйылган такыбаларды ызат-сыйдын үстүнө чогултабыз
وَنَسُوقُ ٱلْمُجْرِمِينَ إِلَىٰ جَهَنَّمَ وِرْدًۭا ﴿٨٦﴾
Каапырларды болсо чаңкаган абалда тозокко алып барабыз
لَّا يَمْلِكُونَ ٱلشَّفَـٰعَةَ إِلَّا مَنِ ٱتَّخَذَ عِندَ ٱلرَّحْمَـٰنِ عَهْدًۭا ﴿٨٧﴾
Ал каапырлар бири-бирине шапаат кыла алышпайт. Бул дүйнөдө Аллахка жана пайгамбарларга ыйман келтирип Анын алдында убада алгандар гана шапаат кыла алышат
وَقَالُوا۟ ٱتَّخَذَ ٱلرَّحْمَـٰنُ وَلَدًۭا ﴿٨٨﴾
Жөөттөр, христиандар жана кээ бир мушриктер:د «Ырайымдуу Аллахтын баласы бар» – дешти. لقد جئتمشئا إ ا
لَّقَدْ جِئْتُمْ شَيْـًٔا إِدًّۭا ﴿٨٩﴾
Эй, ушул сөздү айтып жаткандар! Силер өтө коркунучтуу нерсени айттыңар
تَكَادُ ٱلسَّمَـٰوَٰتُ يَتَفَطَّرْنَ مِنْهُ وَتَنشَقُّ ٱلْأَرْضُ وَتَخِرُّ ٱلْجِبَالُ هَدًّا ﴿٩٠﴾
Булкоркунучтуусөздөн асмандар айрылып,жер жарылып,тоолор кулап бытырап кетчүдөй болуп турат. أن دعوا للرحمن ولدا
أَن دَعَوْا۟ لِلرَّحْمَـٰنِ وَلَدًۭا ﴿٩١﴾
Мына ушунун баарысы алар «Ырайымдуунун баласы бар» дегендери үчүн! Аллах бул нерседен аруу жана жогору. وما ينبغى للرحمن أن يتخذ ولدا
وَمَا يَنۢبَغِى لِلرَّحْمَـٰنِ أَن يَتَّخِذَ وَلَدًا ﴿٩٢﴾
Ырайымдуу Аллах бул нерседен аруу болгону үчүн Анын бала асыроосу туура эмес!
إِن كُلُّ مَن فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ إِلَّآ ءَاتِى ٱلرَّحْمَـٰنِ عَبْدًۭا ﴿٩٣﴾
Чынында, асмандардагы бардык периштелер, адамдар жана жиндер кыямат күнү Раббисине моюн сунуп د келишет لقد أحصىهم وعدهم ع ا
لَّقَدْ أَحْصَىٰهُمْ وَعَدَّهُمْ عَدًّۭا ﴿٩٤﴾
Аллахалардытолук билет жана алардын так эсебин алган.Алардын эчбир нерсеси Ага жашыруун эмес. بلغ Куран · Тафсир
وَكُلُّهُمْ ءَاتِيهِ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ فَرْدًا ﴿٩٥﴾
Алардын ар бири кыяматدкүнү эч бир колдоочусу жок, байлыгы жок жалгыз келет
إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ سَيَجْعَلُ لَهُمُ ٱلرَّحْمَـٰنُ وُدًّۭا ﴿٩٦﴾
Чындыгында Аллахка ыйман келтирип жана Ал ыраазы болгон жакшы иштерди жасагандар үчүн Өзүнүн жана пенделердин аларга болгонدсүйүүсүн жаратат
فَإِنَّمَا يَسَّرْنَـٰهُ بِلِسَانِكَ لِتُبَشِّرَ بِهِ ٱلْمُتَّقِينَ وَتُنذِرَ بِهِۦ قَوْمًۭا لُّدًّۭا ﴿٩٧﴾
Оо, пайгамбар! Чындыгында Биз бул Куранды тилиңе жеңил кылдык. Аны буйруктарды аткарган, тыюуларды таштаган такыбаларга куш кабар беришиң үчүн жана акыйкатка моюн сунбай текеберлик кылгандарды, аша чаап душмандык кылган адамдардыкоркутуп-эскертүүңүчүн түшүрдүк. وكم أهلكنا قبلهم من قرن هل تحس منهم من أحد أو تسمع لهم ركزا
وَكَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُم مِّن قَرْنٍ هَلْ تُحِسُّ مِنْهُم مِّنْ أَحَدٍ أَوْ تَسْمَعُ لَهُمْ رِكْزًۢا ﴿٩٨﴾
Биз сенин коомуңдан мурун нечендеген коомдордукыйратып жок кылганбыз.Сен бүгүн алкоомдордун бирөөсүн болсо да сездиңби?! Же алардын шыбыр эткен үндөрүн уктуңбу?! Аллах каалаган учурда алардын башына түшкөн нерсе башкалардын да башына түшүшү мүмкүн. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз