Башкы бетТафсирTaa-Haa (20)

Тафсир Taa-Haa (20) — طه

Меккелик · 135 аят

Окуу · УгууPDF файл

طه ﴿١﴾

Таа-хаа. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген

مَآ أَنزَلْنَا عَلَيْكَ ٱلْقُرْءَانَ لِتَشْقَىٰٓ ﴿٢﴾

Оо, пайгамбар! Биз сага бул Куранды коомуңдун сага ыйман келтирбей баш тартканына кейип өз жаныңды кыйнашүчүн түшүргөн жокпуз. إلا تذكرة لمن يخش

إِلَّا تَذْكِرَةًۭ لِّمَن يَخْشَىٰ ﴿٣﴾

Биз аныАллахтан корккон адамдарга эскертме катарытүшүрдүк

تَنزِيلًۭا مِّمَّنْ خَلَقَ ٱلْأَرْضَ وَٱلسَّمَـٰوَٰتِ ٱلْعُلَى ﴿٤﴾

Аны Жерди жараткан жана бийик асмандарды жараткан Аллах түшүрдү. Ал – ыйык Куран. Анткени ал Улуу Зат тараптан түшкөн

ٱلرَّحْمَـٰنُ عَلَى ٱلْعَرْشِ ٱسْتَوَىٰ ﴿٥﴾

Ал Ырайымдуу, Өзүнүн улуктугуна ылайык деңгээлде Аршка көтөрүлдү жана бийиктеди

لَهُۥ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا وَمَا تَحْتَ ٱلثَّرَىٰ ﴿٦﴾

Жаратууда, ээлик кылууда жана башкарууда Асмандардагы, Жердеги жана топурак астындагы бардык жаратылгандар жалгыз Ага гана таандык

وَإِن تَجْهَرْ بِٱلْقَوْلِ فَإِنَّهُۥ يَعْلَمُ ٱلسِّرَّ وَأَخْفَى ﴿٧﴾

Оо, пайгамбар! Сен үнүндү чыгарып же шыбырап сүйлөсөң да Аллах анын баарын билет. Ал сырларды жана андан да жашыруун болгон ичтеги ойлордубилет.Булнерселердин эчбири Ага жашыруун эмес

ٱللَّهُ لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ لَهُ ٱلْأَسْمَآءُ ٱلْحُسْنَىٰ ﴿٨﴾

Ал – Аллах. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Анын Өзүнө гана кемчиликсиз эң көркөм ысымдар таандык

وَهَلْ أَتَىٰكَ حَدِيثُ مُوسَىٰٓ ﴿٩﴾

Оо, пайгамбар! Сага Имрандын уулу Мусанын кабары келди. بلغ Куран · Тафсир

إِذْ رَءَا نَارًۭا فَقَالَ لِأَهْلِهِ ٱمْكُثُوٓا۟ إِنِّىٓ ءَانَسْتُ نَارًۭا لَّعَلِّىٓ ءَاتِيكُم مِّنْهَا بِقَبَسٍ أَوْ أَجِدُ عَلَى ٱلنَّارِ هُدًۭى ﴿١٠﴾

Ал жолдо баратып бир маалда отту көрүп, үй-бүлөсүнө: «Ушул жерде туруп тургула! Мен от көрдүм. Мүмкүн барып чок алып келермин же жолдукөргөзгөн бирөө-жарымдытабармын»– деди

فَلَمَّآ أَتَىٰهَا نُودِىَ يَـٰمُوسَىٰٓ ﴿١١﴾

Ал отко жакын келгенде Аллах таала: «Оо, Муса!» – деп чакырды

إِنِّىٓ أَنَا۠ رَبُّكَ فَٱخْلَعْ نَعْلَيْكَ ۖ إِنَّكَ بِٱلْوَادِ ٱلْمُقَدَّسِ طُوًۭى ﴿١٢﴾

«Мен сенин Раббиңмин! Мени менен сырдашып сүйлөшүү үчүн бут кийимиңди чеч! Чындыгында сен ыйык Тува өрөөнүндөсүң

وَأَنَا ٱخْتَرْتُكَ فَٱسْتَمِعْ لِمَا يُوحَىٰٓ ﴿١٣﴾

Оо, Муса! Менин буйруктарымдыжеткириш үчүн Биз сени тандадык. Эми Мен сага вахий кылган нерселерге кулак сал

إِنَّنِىٓ أَنَا ٱللَّهُ لَآ إِلَـٰهَ إِلَّآ أَنَا۠ فَٱعْبُدْنِى وَأَقِمِ ٱلصَّلَوٰةَ لِذِكْرِىٓ ﴿١٤﴾

«Албетте Мен Аллахмын! Менден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Мага гана сыйын жана Мени эстөө үчүн намазды толук аткар!

إِنَّ ٱلسَّاعَةَ ءَاتِيَةٌ أَكَادُ أُخْفِيهَا لِتُجْزَىٰ كُلُّ نَفْسٍۭ بِمَا تَسْعَىٰ ﴿١٥﴾

Ар бир жан кылган жакшы-жаман иштеринин сыйлык-жазасын алыш үчүн кыямат кайым сөзсүз келет жана болот. Мен анын убактысын жашырып койгом, аныэч бир макулук билбейт. Бирок пайгамбар айткан анын белгилерин билишет

فَلَا يَصُدَّنَّكَ عَنْهَا مَن لَّا يُؤْمِنُ بِهَا وَٱتَّبَعَ هَوَىٰهُ فَتَرْدَىٰ ﴿١٦﴾

Сени ага ишенүүдөн жана жакшылык иштерди кылып ага даярдык көрүүдөн ага ишенбеген жана напсилери каалаган арам нерселерди ээрчиген каапырлар сени тосуп коюшпасын! Болбосо ал себептүү сен кыйроого учурайсың. وماتلك بيمينك يموس

وَمَا تِلْكَ بِيَمِينِكَ يَـٰمُوسَىٰ ﴿١٧﴾

Оо, Муса! Оң колуңдагы эмне?». بلغ Куран · Тафсир قال هى عصاى أتوك ؤاعليها وأهش بها عل غنمى ولى فيها مٔارب أخر

قَالَ هِىَ عَصَاىَ أَتَوَكَّؤُا۟ عَلَيْهَا وَأَهُشُّ بِهَا عَلَىٰ غَنَمِى وَلِىَ فِيهَا مَـَٔارِبُ أُخْرَىٰ ﴿١٨﴾

Муса айтты: «Бул менин таягым. Басканда таянамын жана койлорума жалбырак күүп беремин. Мындан башка да пайдалары көп». قال ألقها يموس

قَالَ أَلْقِهَا يَـٰمُوسَىٰ ﴿١٩﴾

Аллах айтты: «Оо, Муса! Аны жерге ташта!». فألقىها فإذا هى حية تسعى

فَأَلْقَىٰهَا فَإِذَا هِىَ حَيَّةٌۭ تَسْعَىٰ ﴿٢٠﴾

Муса аны таштады эле, ал сойлогон чоң жыланга айланды

قَالَ خُذْهَا وَلَا تَخَفْ ۖ سَنُعِيدُهَا سِيرَتَهَا ٱلْأُولَىٰ ﴿٢١﴾

Аллах Мусага айтты: «Таякты кайра ал! Анын жыланга айланганынан коркпо! Сен аны колуңа алганда Биз аны баштапкыабалына келтирип коёбуз»

وَٱضْمُمْ يَدَكَ إِلَىٰ جَنَاحِكَ تَخْرُجْ بَيْضَآءَ مِنْ غَيْرِ سُوٓءٍ ءَايَةً أُخْرَىٰ ﴿٢٢﴾

Жана колуңду колтугуңа сал, ал ала оору эмес аппак нурдуу болуп чыгат. Бул сенин экинчи керемет белгиң болот

لِنُرِيَكَ مِنْ ءَايَـٰتِنَا ٱلْكُبْرَى ﴿٢٣﴾

Оо, Муса! Биз кудуретибизди жана сен Аллах тараптан жиберилген элчи экендигиңди билдирген улуу керемет- белгилерибизди көргөзүш үчүн Биз сага ушулэки белгини көргөздүк

ٱذْهَبْ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ إِنَّهُۥ طَغَىٰ ﴿٢٤﴾

Оо, Муса! Фараонго бар! Чындыгында ал каапырлыкта жана баш ийбестикте чектен чыгып кетти

قَالَ رَبِّ ٱشْرَحْ لِى صَدْرِى ﴿٢٥﴾

Муса айтты: «Раббим! Ызаларга чыдаш үчүн, менин көкүрөгүмдү кенен кыл!

وَيَسِّرْ لِىٓ أَمْرِى ﴿٢٦﴾

Иштеримди жеңил кыл!

وَٱحْلُلْ عُقْدَةًۭ مِّن لِّسَانِى ﴿٢٧﴾

Чечендик менен таза сүйлөөгө жөндөм бер! بلغ Куран · Тафсир يفقهوا قولى

يَفْقَهُوا۟ قَوْلِى ﴿٢٨﴾

Сенин буйруктарыңды жеткиргенде сөздөрүмдү түшүнүүлөрү үчүн

وَٱجْعَل لِّى وَزِيرًۭا مِّنْ أَهْلِى ﴿٢٩﴾

Мага өз үй-бүлөмдөн иштериме жардам кылган жардамчыбер! هرون أ خى

هَـٰرُونَ أَخِى ﴿٣٠﴾

Имрандын уулуХарун бир тууганымды

ٱشْدُدْ بِهِۦٓ أَزْرِى ﴿٣١﴾

Ал себептүү белимди кубаттуу кыл

وَأَشْرِكْهُ فِىٓ أَمْرِى ﴿٣٢﴾

Аныпайгамбарчылыкта мени менен шерик кыл! كى نسبحك كثيرا

كَىْ نُسَبِّحَكَ كَثِيرًۭا ﴿٣٣﴾

Сени көп-көп аруулашыбыз үчүн. ونذكرك كثيرا

وَنَذْكُرَكَ كَثِيرًا ﴿٣٤﴾

Жана Сени көп-көп зикир кылышыбыз үчүн. إنك كنت بنا بصيرا

إِنَّكَ كُنتَ بِنَا بَصِيرًۭا ﴿٣٥﴾

Чындыгында Сен бизди көрүп турасың.Биздин ишибиздин эчбири Сага жашыруун эмес». قال قد أوتيت سؤلك يموس

قَالَ قَدْ أُوتِيتَ سُؤْلَكَ يَـٰمُوسَىٰ ﴿٣٦﴾

Аллах айтты: «Оо, Муса! Биз сага сураганыңдын баарын бердик»

وَلَقَدْ مَنَنَّا عَلَيْكَ مَرَّةً أُخْرَىٰٓ ﴿٣٧﴾

Биз сага мындан башка дагыжакшылыктардыкылганбыз. بلغ Куран · Тафсир

إِذْ أَوْحَيْنَآ إِلَىٰٓ أُمِّكَ مَا يُوحَىٰٓ ﴿٣٨﴾

ОшондоБиз Фараондун айла-амалынанو و сени сактаган нерселерди апаңдын көңүлүнө илхам кылдык

أَنِ ٱقْذِفِيهِ فِى ٱلتَّابُوتِ فَٱقْذِفِيهِ فِى ٱلْيَمِّ فَلْيُلْقِهِ ٱلْيَمُّ بِٱلسَّاحِلِ يَأْخُذْهُ عَدُوٌّۭ لِّى وَعَدُوٌّۭ لَّهُۥ ۚ وَأَلْقَيْتُ عَلَيْكَ مَحَبَّةًۭ مِّنِّى وَلِتُصْنَعَ عَلَىٰ عَيْنِىٓ ﴿٣٩﴾

ى Биз ага илхам кылган кезде ага буйрудук: «Ал төрөлгөндөн кийин анысандыкка салып, аныдарыяга ташта. Кийин дарыя Биздин буйругубуз менен аны жээкке алып чыгат. Ошондо аны Менин жана анын душманы болгон Фараон таап алат». Мен сага Өзүм тараптан сүйүү тартууладым. Ошол себептен сени адамдар жакшы көрөт жана сен Биздин көз алдыбызда, коргообузда жана камкордугубузда тарбияланасың

إِذْ تَمْشِىٓ أُخْتُكَ فَتَقُولُ هَلْ أَدُلُّكُمْ عَلَىٰ مَن يَكْفُلُهُۥ ۖ فَرَجَعْنَـٰكَ إِلَىٰٓ أُمِّكَ كَىْ تَقَرَّ عَيْنُهَا وَلَا تَحْزَنَ ۚ وَقَتَلْتَ نَفْسًۭا فَنَجَّيْنَـٰكَ مِنَ ٱلْغَمِّ وَفَتَنَّـٰكَ فُتُونًۭا ۚ فَلَبِثْتَ سِنِينَ فِىٓ أَهْلِ مَدْيَنَ ثُمَّ جِئْتَ عَلَىٰ قَدَرٍۢ يَـٰمُوسَىٰ ﴿٤٠﴾

ى ى Ошондо эжең чыгып сандыктын артынан калбай ээрчип, аны алган адамдарга: «Силерге муну бага турган, эмизип тарбиялай турган адамдыкөргөзөйүнбү?»— деп жатты.Апаң кайгыдан арылып,кубануусуүчүн сени ага кайтарып, Биз сага жакшылык кылдык. Кийин бир коптту бир уруп өлтүрүп койдуң. Ошондо Биз сени жазадан куткарып калдык.Сен туш болгон бардык сыноолордон сени куткардык.Анан алжактан кетип,Мадиян элинде бир нече жыл туруп калдың. Эй, Муса! Андан соң сени менен сүйлөшүү белгиленген убакытта бул жакка келдиң

وَٱصْطَنَعْتُكَ لِنَفْسِى ﴿٤١﴾

Мен сага вахий кылган нерсени адамдарга жеткириш үчүн сени пайгамбар кылып тандадык

ٱذْهَبْ أَنتَ وَأَخُوكَ بِـَٔايَـٰتِى وَلَا تَنِيَا فِى ذِكْرِى ﴿٤٢﴾

Оо,Муса!Бир тууганың Харун экөөңөр Аллахтын жалгыздыгын жана кудуреттүүлүгүн билдирген аят-белгилерибиз менен баргыла!Мага (динге) чакырууда жана Мени эскерүүдө алсыздык кылбагыла!

ٱذْهَبَآ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ إِنَّهُۥ طَغَىٰ ﴿٤٣﴾

Фараонгобаргыла! Чындыгында ал каапырлыкта жана баш ийбестикте чектен чыгып кетти. فقولا له قولا لينا لعله يتذكرأو يخش

فَقُولَا لَهُۥ قَوْلًۭا لَّيِّنًۭا لَّعَلَّهُۥ يَتَذَكَّرُ أَوْ يَخْشَىٰ ﴿٤٤﴾

Ага орой мамиле кылбай, сылык-сыпаа сөз айткыла! Балким ал эсине келип, Аллахтан коркуп тообокылар

قَالَا رَبَّنَآ إِنَّنَا نَخَافُ أَن يَفْرُطَ عَلَيْنَآ أَوْ أَن يَطْغَىٰ ﴿٤٥﴾

Муса менен Харун (аларга Аллахтын саламаттыгы, тынтыгы болсун) айтты: «Чындыгында биз ага толук үгүт кыла электе эле жазалап баштоосунан же бизди өлтүрүп чектен чыгып зулумдук кылуусунан коркуп жатабыз». بلغ Куран · Тафсир

قَالَ لَا تَخَافَآ ۖ إِنَّنِى مَعَكُمَآ أَسْمَعُ وَأَرَىٰ ﴿٤٦﴾

Аллах аларга айтты: «Коркпогула! Мен силерди колдоп жана кубаттап силер менен бирге болом. Аны менен ортоңордоболгон нерсени угуп,көрүп турам»

فَأْتِيَاهُ فَقُولَآ إِنَّا رَسُولَا رَبِّكَ فَأَرْسِلْ مَعَنَا بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ وَلَا تُعَذِّبْهُمْ ۖ قَدْ جِئْنَـٰكَ بِـَٔايَةٍۢ مِّن رَّبِّكَ ۖ وَٱلسَّلَـٰمُ عَلَىٰ مَنِ ٱتَّبَعَ ٱلْهُدَىٰٓ ﴿٤٧﴾

Ага баргыла да: «Эй, Фараон! Чындыгында биз Раббиңдин элчилерибиз. Исраил урпактарын биз менен коё бер. Алардын балдарын өлтүрүп, аялдарын тирүү калтырып, аларды азаптаба. Биз сага Раббиң тараптан чынчыл экенибизди билдирген далилдер менен келдик. Ыйман келтиргендерге жана Аллахтын туура жолуна ээрчигендерге Аллахтын азабынан кутулууболот!»– деп айткыла

إِنَّا قَدْ أُوحِىَ إِلَيْنَآ أَنَّ ٱلْعَذَابَ عَلَىٰ مَن كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ ﴿٤٨﴾

Чындыгында Аллах бизге вахий кылды: «Бул дүйнөдөгү жана акыреттеги азап — Аллахтын аяттарын жалганга чыгаргандарга жана пайгамбарлар алып келген нерселерден баш тарткандарга берилет». قال فمن ر بكما يموس

قَالَ فَمَن رَّبُّكُمَا يَـٰمُوسَىٰ ﴿٤٩﴾

Фараон алар алып келген нерсени четке кагып: «Эй, Муса! Силерди мага жиберди деп ойлоп жаткан Раббиңер ким?» – деп айтты

قَالَ رَبُّنَا ٱلَّذِىٓ أَعْطَىٰ كُلَّ شَىْءٍ خَلْقَهُۥ ثُمَّ هَدَىٰ ﴿٥٠﴾

Муса айтты: «Биздин Раббибиз бардык нерселерге өзүнө ылайык келбет-шекил берген жана бардык жаратылган нерселерди түпкүжаралган максаттарына багыттаган Зат»

قَالَ فَمَا بَالُ ٱلْقُرُونِ ٱلْأُولَىٰ ﴿٥١﴾

Фараон айтты: «Каапырлыкта болгон мурункуэлдерге эмне болгонун билесиңби?»

قَالَ عِلْمُهَا عِندَ رَبِّى فِى كِتَـٰبٍۢ ۖ لَّا يَضِلُّ رَبِّى وَلَا يَنسَى ﴿٥٢﴾

Муса Фараонго айтты: «Ал элдерге эмне болгондугунун илими Раббимдин алдындагы сакталган тагдыр китепте. Раббим ал тууралуу илимде адашкан эмес, эч нерсесин унуткан да эмес»

ٱلَّذِى جَعَلَ لَكُمُ ٱلْأَرْضَ مَهْدًۭا وَسَلَكَ لَكُمْ فِيهَا سُبُلًۭا وَأَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ فَأَخْرَجْنَا بِهِۦٓ أَزْوَٰجًۭا مِّن نَّبَاتٍۢ شَتَّىٰ ﴿٥٣﴾

شت ى Ал Раббим силерге жерди жашоого ыңгайлуу кылып жайып берди, анда басууга ылайыктуу жолдорду кылып берди жана асмандан жамгыр суусун түшүрдү.Кийин алсууменен ар түрдүүөсүмдүктөрдүчыгарды. بلغ Куран · Тафсир

كُلُوا۟ وَٱرْعَوْا۟ أَنْعَـٰمَكُمْ ۗ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّأُو۟لِى ٱلنُّهَىٰ ﴿٥٤﴾

Оо, адамдар! Биз силерге чыгарган адал нерселерден жегиле жана мал-чарбаңарды баккыла! Чындыгында бул айтылган жакшылыктарда акыл ээлери үчүн Аллахтын жалгыздыгын жана кудуреттүүлүгүн билдирген далилдер бар

۞ مِنْهَا خَلَقْنَـٰكُمْ وَفِيهَا نُعِيدُكُمْ وَمِنْهَا نُخْرِجُكُمْ تَارَةً أُخْرَىٰ ﴿٥٥﴾

Биз түпкү атаңар Адамды(ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгыболсун) жер топурагынан жараттык. Эгер өлсөңөр, анда силерди көмүп кайра ага кайтарабыз.Кийин кыямат күнүтирилтүүүчүн силерди андан кайра чыгарабыз. ولقد أرينهءايتنا كلها فكذب وأبى

وَلَقَدْ أَرَيْنَـٰهُ ءَايَـٰتِنَا كُلَّهَا فَكَذَّبَ وَأَبَىٰ ﴿٥٦﴾

Биз Фараонго тогуз аят-белгилерибиздин баарын көрсөттүк. Ал аларды көрүп туруп жалганга чыгарды жана Аллахка ыйман келтирүүгө жооп берүүдөн баштартты. قال أجئتنا لتخرجنا من أرضنا بسحرك يموس

قَالَ أَجِئْتَنَا لِتُخْرِجَنَا مِنْ أَرْضِنَا بِسِحْرِكَ يَـٰمُوسَىٰ ﴿٥٧﴾

Фараон айтты: «Эй, Муса! Сен сыйкырың менен бизди Мисирден чыгарып, андагы мүлккө ээ болоюн деп келдиңби?»

فَلَنَأْتِيَنَّكَ بِسِحْرٍۢ مِّثْلِهِۦ فَٱجْعَلْ بَيْنَنَا وَبَيْنَكَ مَوْعِدًۭا لَّا نُخْلِفُهُۥ نَحْنُ وَلَآ أَنتَ مَكَانًۭا سُوًۭى ﴿٥٨﴾

Оо, Муса! Албетте биз дагы сенин сыйкырыңа окшогон сыйкырды алып келе алабыз. Сен ортобузда бир убакытты белгиле жана белгилүү бир жерди айт. Ал жер биз дагысен дагыкалбай бара тургандай эки тараптын ортосундагы жер болсун

قَالَ مَوْعِدُكُمْ يَوْمُ ٱلزِّينَةِ وَأَن يُحْشَرَ ٱلنَّاسُ ضُحًۭى ﴿٥٩﴾

Муса (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) Фараонго айтты: «Ортобуздагы убадалашкан убакыт майрам күн болсун.Анткени түш убака жакын адамдар майрамдаш үчүн чогулушат». فتولى فرعون فجمع كيده ثم أتى

فَتَوَلَّىٰ فِرْعَوْنُ فَجَمَعَ كَيْدَهُۥ ثُمَّ أَتَىٰ ﴿٦٠﴾

Фараон артка бурулган бойдон кетти. Барып айла-амалкерлерин топтоп, кийин белгиленген убакытта убадалашкан жерге жеңишке жетем деп келди

قَالَ لَهُم مُّوسَىٰ وَيْلَكُمْ لَا تَفْتَرُوا۟ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًۭا فَيُسْحِتَكُم بِعَذَابٍۢ ۖ وَقَدْ خَابَ مَنِ ٱفْتَرَىٰ ﴿٦١﴾

Муса Фараондун сыйкырчыларына насаат кылып айтты: «Сак болгула! Адамдарды сыйкырлык менен алдап Аллахка жалган жалаа жаппагыла! Ал силерге Өз азабын жөнөтүп, түп-тамырыңар менен жок кылып коёт. Аллахка жалган жалаа жапкандар сөзсүз зыянга учурайт». بلغ Куран · Тафсир

فَتَنَـٰزَعُوٓا۟ أَمْرَهُم بَيْنَهُمْ وَأَسَرُّوا۟ ٱلنَّجْوَىٰ ﴿٦٢﴾

Сыйкырчылар Мусанын сөзүн укканда талашка түшүп калыштыжана өз ара шыбырашып сүйлөшө башташты

قَالُوٓا۟ إِنْ هَـٰذَٰنِ لَسَـٰحِرَٰنِ يُرِيدَانِ أَن يُخْرِجَاكُم مِّنْ أَرْضِكُم بِسِحْرِهِمَا وَيَذْهَبَا بِطَرِيقَتِكُمُ ٱلْمُثْلَىٰ ﴿٦٣﴾

Кээ бир сыйкырчылар башкаларына шыбырап: «Чындыгында Муса менен Харун сыйкырчы. Алар сыйкырлары менен силерди Мисирден чыгаруунужана силердин жашооңордотутунган бийик жолуңардыжок кылуунукаалап ف жатышат

فَأَجْمِعُوا۟ كَيْدَكُمْ ثُمَّ ٱئْتُوا۟ صَفًّۭا ۚ وَقَدْ أَفْلَحَ ٱلْيَوْمَ مَنِ ٱسْتَعْلَىٰ ﴿٦٤﴾

Ишиңерге бекем болгула, талашып тартышпагыла, сапка тизилип алдыга баскыла, колуңардагы нерселерди баарыңар чогууташтагыла!Бүгүн ким атаандашын жеңсе,анда алкөздөгөнүнө жетти»

قَالُوا۟ يَـٰمُوسَىٰٓ إِمَّآ أَن تُلْقِىَ وَإِمَّآ أَن نَّكُونَ أَوَّلَ مَنْ أَلْقَىٰ ﴿٦٥﴾

Сыйкырчылар Мусага айтышты: «Эй, Муса! Экөөнүн бирөөсүн танда, сыйкыр көрсөтүүнү сен биринчи баштайсыңбыже биз биринчи баштайлыбы?»

قَالَ بَلْ أَلْقُوا۟ ۖ فَإِذَا حِبَالُهُمْ وَعِصِيُّهُمْ يُخَيَّلُ إِلَيْهِ مِن سِحْرِهِمْ أَنَّهَا تَسْعَىٰ ﴿٦٦﴾

Муса: «Жок, силер биринчи таштагыла!» – деди. Алар өздөрүндөгү нерселерди ташташканда, алардын таштаган аркандарыжана таяктарысыйкырдан улам Мусага бат сойлогон жыландардай элес болуп көрүндү. فأوجس فى نفسه خيفة م وس

فَأَوْجَسَ فِى نَفْسِهِۦ خِيفَةًۭ مُّوسَىٰ ﴿٦٧﴾

Муса алардын булкылгандарынан сестенип кеткенин ичине жашырды

قُلْنَا لَا تَخَفْ إِنَّكَ أَنتَ ٱلْأَعْلَىٰ ﴿٦٨﴾

Аллах Мусанын көңүлүн тынчтандырып мындай деди: «Сага элес болуп көрүнгөн нерселерден коркпо! Оо, Муса! Чындыгында сен жеңиш жана колдооменен алардан бийиксиң»

وَأَلْقِ مَا فِى يَمِينِكَ تَلْقَفْ مَا صَنَعُوٓا۟ ۖ إِنَّمَا صَنَعُوا۟ كَيْدُ سَـٰحِرٍۢ ۖ وَلَا يُفْلِحُ ٱلسَّاحِرُ حَيْثُ أَتَىٰ ﴿٦٩﴾

Оң колуңдагы аса таякты ташта, ал жыланга айланып, алардын кылган сыйкырларын жутуп коёт. Алардын кылгандары сыйкырлуу айла-амалдан башка эч нерсе эмес. Сыйкырчы кайда болсо дагы максатына жетпейт

فَأُلْقِىَ ٱلسَّحَرَةُ سُجَّدًۭا قَالُوٓا۟ ءَامَنَّا بِرَبِّ هَـٰرُونَ وَمُوسَىٰ ﴿٧٠﴾

Муса аса таягын таштаганда ал жыланга айланып, сыйкырчылардын кылгандарын жутуп койду. Ошондо сыйкырчылар Мусанын кылганысыйкыр эмес экендигин жана булАллахтараптан гана болгондугун билишип بلغ Куран · Тафсир Аллахка сажда кылышты. Алар: «Биз Муса менен Харундун Раббисине ыйман келтирдик. Ал бардык жаратылыштын Раббиси» – дешти

قَالَ ءَامَنتُمْ لَهُۥ قَبْلَ أَنْ ءَاذَنَ لَكُمْ ۖ إِنَّهُۥ لَكَبِيرُكُمُ ٱلَّذِى عَلَّمَكُمُ ٱلسِّحْرَ ۖ فَلَأُقَطِّعَنَّ أَيْدِيَكُمْ وَأَرْجُلَكُم مِّنْ خِلَـٰفٍۢ وَلَأُصَلِّبَنَّكُمْ فِى جُذُوعِ ٱلنَّخْلِ وَلَتَعْلَمُنَّ أَيُّنَآ أَشَدُّ عَذَابًۭا وَأَبْقَىٰ ﴿٧١﴾

ى Сыйкырчылардын ыйман келтиргендерин Фараон четке кагып,азап менен коркутуп:«Мен силерге уруксат бере электе эле Мусага ыйман келтирдиңерби?! Эй, сыйкырчылар! Көрсө, Муса силерге сыйкырды үйрөткөн башчыңар турбайбы?! Эми мен ар бириңердин колу-бутуңарды кайчылаштырып кесип, тирүүлөй курма дарагына асамын. Бул кылганыңар башкаларга сабак болот! Ошондокимибиздин азабыбыз оор жана узак экенин анык билесиңер, менинби же Мусанын Раббисининби?!»– деди

قَالُوا۟ لَن نُّؤْثِرَكَ عَلَىٰ مَا جَآءَنَا مِنَ ٱلْبَيِّنَـٰتِ وَٱلَّذِى فَطَرَنَا ۖ فَٱقْضِ مَآ أَنتَ قَاضٍ ۖ إِنَّمَا تَقْضِى هَـٰذِهِ ٱلْحَيَوٰةَ ٱلدُّنْيَآ ﴿٧٢﴾

Сыйкырчылар Фараонго айтышты: «Эй, Фараон! Сага ээрчүүнү, бизге келген аят-белгилерге ээрчүүдөн жогору коё албайбыз жана бизди жараткан Аллахтан сени жогору коё албайбыз. Бизге эмне кылам десең ошону кыла бер! Сен бизге бул убактылуу дүйнөдө гана бийлик кыла аласың, жакында сенин да бийгилиң бүтөт

إِنَّآ ءَامَنَّا بِرَبِّنَا لِيَغْفِرَ لَنَا خَطَـٰيَـٰنَا وَمَآ أَكْرَهْتَنَا عَلَيْهِ مِنَ ٱلسِّحْرِ ۗ وَٱللَّهُ خَيْرٌۭ وَأَبْقَىٰٓ ﴿٧٣﴾

Чындыгында биз Раббибизге ыйман келтирдик. Эми Андан каапырлык сыяктуу мурунку күнөөлөрүбүздү кечиришин жана сен бизди үйрөнүүгө, кылууга жана аны менен Мусаны жеңүүгө мажбурлаган сыйкырдын күнөөсүн кечиришин үмүт кылабыз. Аллахтын сыйлыгы сен бизге убада кылган нерсеңден да жакшы жана Анын жазасысен бизди коркутуп жаткан азабыңдан да узак». إنه من يأت ربه مجرما فإن له جهنملا يموت فيها ولا يحي

إِنَّهُۥ مَن يَأْتِ رَبَّهُۥ مُجْرِمًۭا فَإِنَّ لَهُۥ جَهَنَّمَ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحْيَىٰ ﴿٧٤﴾

Чындыгында кыямат күнү Раббисине каапыр болуп келген адамдын акыбети ал түбөлүк кала турган тозок оту болот. Ал жактын азабынан кутулбастыгы үчүн ал өлбөйт жана жакшы жашоодо да жашабайт

وَمَن يَأْتِهِۦ مُؤْمِنًۭا قَدْ عَمِلَ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ لَهُمُ ٱلدَّرَجَـٰتُ ٱلْعُلَىٰ ﴿٧٥﴾

Ал эми кыямат күнү Раббисине ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылып келгендерге, мына ушундай улуу сыпаттарга ээ болгондоргобийик даражалар жана жогорку орундар бар

جَنَّـٰتُ عَدْنٍۢ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَـٰرُ خَـٰلِدِينَ فِيهَا ۚ وَذَٰلِكَ جَزَآءُ مَن تَزَكَّىٰ ﴿٧٦﴾

Бул даражалар – түбөлүк бейиштер. Андагы хансарайлардын алдыларынан дарыялар агып турат, алар анда түбөлүк калышат.Булайтылган сыйлык –каапырлыктан жана күнөөлөрдөн таза болгон адамдардын сыйлыгы. بلغ Куран · Тафсир

وَلَقَدْ أَوْحَيْنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ أَنْ أَسْرِ بِعِبَادِى فَٱضْرِبْ لَهُمْ طَرِيقًۭا فِى ٱلْبَحْرِ يَبَسًۭا لَّا تَخَـٰفُ دَرَكًۭا وَلَا تَخْشَىٰ ﴿٧٧﴾

Биз Мусага вахий кылдык: «Менин пенделерим менен эч кимге билинбей аманчылыкта Мисирден түндөп жолго чык жана деңизди таягың менен уруп, алар үчүн деңизде кургак жол кылып бер. Фараон жана анын жан- жөкөрлөрү силерге жетип алат деп кооптонбожана деңизге чөгүп кетүүдөн да коркпо!»

فَأَتْبَعَهُمْ فِرْعَوْنُ بِجُنُودِهِۦ فَغَشِيَهُم مِّنَ ٱلْيَمِّ مَا غَشِيَهُمْ ﴿٧٨﴾

Фараон аскерлери менен бирге алардын артынан түштү. Ошондодеңиз аныжана аскерлерин чөктүрдү. Алардын кандай чөккөндөрүн Аллах гана билет. Алардын баары чөгүп жок болушту. Муса жана аны менен болгондор гана аман калышты. وأضل فرعون قومه وما هد

وَأَضَلَّ فِرْعَوْنُ قَوْمَهُۥ وَمَا هَدَىٰ ﴿٧٩﴾

Фараон каапырлыкты элине кооз көргөзүп аларды адаштырды, жалгандык менен алдады жана аларды туура жолго баштаган жок

يَـٰبَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ قَدْ أَنجَيْنَـٰكُم مِّنْ عَدُوِّكُمْ وَوَٰعَدْنَـٰكُمْ جَانِبَ ٱلطُّورِ ٱلْأَيْمَنَ وَنَزَّلْنَا عَلَيْكُمُ ٱلْمَنَّ وَٱلسَّلْوَىٰ ﴿٨٠﴾

Биз Исраил урпактарын Фараон менен анын аскерлеринен куткаргандан кийин аларга айттык: «Эй, Исраил урпактары! Биз силерди душманыңардан куткардык. Тур тоосунун жанында жайгашкан өрөөндүн оң тарабында Муса менен сүйлөшүүнү силерге убада кылдык. Биз силерге чөлдө бал сыяктуу шириндиктерди жана бөдөнөгө окшогон эти даамдуукичине куштардытүшүрдүк»

كُلُوا۟ مِن طَيِّبَـٰتِ مَا رَزَقْنَـٰكُمْ وَلَا تَطْغَوْا۟ فِيهِ فَيَحِلَّ عَلَيْكُمْ غَضَبِى ۖ وَمَن يَحْلِلْ عَلَيْهِ غَضَبِى فَقَدْ هَوَىٰ ﴿٨١﴾

Биз силерге ырыскы кылып берген адал тамак-аштарды жегиле! Бирок Биз адал кылганды таштап арам кылган нерселерге өтүп кетпегиле! Болбосо силерге Менин каарым түшөт. Кимге Менин каарым түшсө, анда ал кыйрап жок болот жана эки дүйнөдө бактысыз болот

وَإِنِّى لَغَفَّارٌۭ لِّمَن تَابَ وَءَامَنَ وَعَمِلَ صَـٰلِحًۭا ثُمَّ ٱهْتَدَىٰ ﴿٨٢﴾

Чындыгында Мага тообо кылып, ыйман келтиргендерге жана жакшылык иштерди кылып, туура жолго түшкөндөргө Мен Кечиримдүүмүн

۞ وَمَآ أَعْجَلَكَ عَن قَوْمِكَ يَـٰمُوسَىٰ ﴿٨٣﴾

Оо, Муса! Эмнеге элиңден шашылып, алардыартка калтырган бойдон алдыга озуп кеттиң?

قَالَ هُمْ أُو۟لَآءِ عَلَىٰٓ أَثَرِى وَعَجِلْتُ إِلَيْكَ رَبِّ لِتَرْضَىٰ ﴿٨٤﴾

Муса айтты: «Мына алар артымда келе жатышат, жетейин деп калышты. Сени ыраазы кылыш үчүн Сага шашылып элимден алдыга озуп кеттим». بلغ Куран · Тафсир

قَالَ فَإِنَّا قَدْ فَتَنَّا قَوْمَكَ مِنۢ بَعْدِكَ وَأَضَلَّهُمُ ٱلسَّامِرِىُّ ﴿٨٥﴾

Аллах айтты: «Сен артта калтырып кеткен элиңди Биз торпокко сыйынабы деп сынадык. Аларды ага сыйынууга Самирий чакырды. Ал аны менен аларды адаштырды»

فَرَجَعَ مُوسَىٰٓ إِلَىٰ قَوْمِهِۦ غَضْبَـٰنَ أَسِفًۭا ۚ قَالَ يَـٰقَوْمِ أَلَمْ يَعِدْكُمْ رَبُّكُمْ وَعْدًا حَسَنًا ۚ أَفَطَالَ عَلَيْكُمُ ٱلْعَهْدُ أَمْ أَرَدتُّمْ أَن يَحِلَّ عَلَيْكُمْ غَضَبٌۭ مِّن رَّبِّكُمْ فَأَخْلَفْتُم مَّوْعِدِى ﴿٨٦﴾

أن يحل عليكم غضب من ر بكم فأخلفتم موعدى Муса кайтып келгенче эли музоого сыйынып кеткен эле. Аларды көрүп ачууланып, алардын кылганына кайгырып мындай деди: «Эй, элим! Аллах силерге Тоораттытүшүрөм, бейишке киргизем деп жакшынакай убада берген эле го?! Же убакыт ошончолук созулуп, унутуп калдыңарбы? Же бул кылганыңар себептүү силерге Раббиңердин каары түшүшүн, азабыкелишин кааладыңарбы?Ошон үчүн мен силерге кайтып келгенче моюн сунууда бекем болобуз деген убадаңарды буздуңарбы?!»

قَالُوا۟ مَآ أَخْلَفْنَا مَوْعِدَكَ بِمَلْكِنَا وَلَـٰكِنَّا حُمِّلْنَآ أَوْزَارًۭا مِّن زِينَةِ ٱلْقَوْمِ فَقَذَفْنَـٰهَا فَكَذَٰلِكَ أَلْقَى ٱلسَّامِرِىُّ ﴿٨٧﴾

Мусага эли айтты: «Эй, Муса! Биз сага берген убаданы өз ыктыярыбыз менен бузган жокпуз. Аргасыздан буздук. Биз Фараондун коомуна тийиштүүкөптөгөн зер буюмдардыкөтөрө чыккан элек.Кийин андан кутулуш үчүн аныбир чуңкурга таштадык. Биз чуңкурга ыргыткан сыяктуу эле Самирий да өзүндөгү Жебрейилдин атынын туягы баскан топуракты кошо ыргытты

فَأَخْرَجَ لَهُمْ عِجْلًۭا جَسَدًۭا لَّهُۥ خُوَارٌۭ فَقَالُوا۟ هَـٰذَآ إِلَـٰهُكُمْ وَإِلَـٰهُ مُوسَىٰ فَنَسِىَ ﴿٨٨﴾

Самирий ал зергер буюмдардан Исраил урпактарына жансыз музоонун сөлөкөтүн жасап берди. Андан уйдун мөөрөгөнүндөй үн чыгат эле. Самирийдин кылган ишине азгырылгандар айтышты: «Мына ушул силердин жана Мусанын кудайы. Ал аныушул жергеر унутуп таштап кетиптир». أفلا يرون ألا يرجع إليهم قولا ولا يملك لهم ض اولا نفعا

أَفَلَا يَرَوْنَ أَلَّا يَرْجِعُ إِلَيْهِمْ قَوْلًۭا وَلَا يَمْلِكُ لَهُمْ ضَرًّۭا وَلَا نَفْعًۭا ﴿٨٩﴾

Мына ошол музоого азгырылып сыйынып кеткендер, ал музоо аларга сүйлөй албаганын, жооп кайтара албаганын, алардан жана башкалардан зыянды кетире албаганын, өзүнө жана башкаларга пайда бере албаганын көрбөй жатышабы?!

وَلَقَدْ قَالَ لَهُمْ هَـٰرُونُ مِن قَبْلُ يَـٰقَوْمِ إِنَّمَا فُتِنتُم بِهِۦ ۖ وَإِنَّ رَبَّكُمُ ٱلرَّحْمَـٰنُ فَٱتَّبِعُونِى وَأَطِيعُوٓا۟ أَمْرِى ﴿٩٠﴾

Муса аларга кайтып келгенге чейин Харун аларга айткан: «Алтындан куюлган музоонун сөлөкөтү жана андан мөөрөгөн үндүн угулганы— силердин ыймандууңардыкаапырларыңардан айырмалаш үчүн гана болгон сыноо. Эй, элим! Чындыгында Раббиңер — ырайымдуулук Ээси. Ал силерге ар кандай пайда келтире алуучу, зыяндан коргоочу Зат. Андыктан жалгыз Ага сыйынууда мени ээрчигиле, буйругума баш ийип, Андан башкага сыйынганды токтоткула!». بلغ Куран · Тафсир قالوالن نبرح عليه عكفين حت يرجع إلينا موس

قَالُوا۟ لَن نَّبْرَحَ عَلَيْهِ عَـٰكِفِينَ حَتَّىٰ يَرْجِعَ إِلَيْنَا مُوسَىٰ ﴿٩١﴾

Музоогосыйынып азгырылып кеткендер айтышты: «Муса бизге кайтып келгенге чейин биз ага сыйына беребиз»

قَالَ يَـٰهَـٰرُونُ مَا مَنَعَكَ إِذْ رَأَيْتَهُمْ ضَلُّوٓا۟ ﴿٩٢﴾

Муса бир тууганы Харунга айтты: «Алардын Аллахтан башка музоого сыйынып адашкандарын көргөн кезде алардыкайтаруудан сени эмне токтотту

أَلَّا تَتَّبِعَنِ ۖ أَفَعَصَيْتَ أَمْرِى ﴿٩٣﴾

Эмнеге аларды таштап мага келген жоксуң? Мен сени аларга башчы кылып дайындап кеткенимде менин буйругума каршы чыктыңбы?»

قَالَ يَبْنَؤُمَّ لَا تَأْخُذْ بِلِحْيَتِى وَلَا بِرَأْسِىٓ ۖ إِنِّى خَشِيتُ أَن تَقُولَ فَرَّقْتَ بَيْنَ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ وَلَمْ تَرْقُبْ قَوْلِى ﴿٩٤﴾

Муса бир тууганы Харундун кылганына кыжырланып анын сакалынан жана чачынан тартканда ал мага ырайым кыл дегендей: «Сакалымдан, чачымдан тартпачы. Чындыгында менин алар менен калганымдын себеби бар. Эгерде мен алардыөздөрүн эле таштап койчу болсом, алар бөлүнүп, чачырап кетишеби деп корктум. Ошондосен мага алардыбөлдүң жана алар тууралуу мага айткан осуятыңдыаткарбай койдуң демексиң». قال فما خطبك يسمرى

قَالَ فَمَا خَطْبُكَ يَـٰسَـٰمِرِىُّ ﴿٩٥﴾

Муса Самирийге айтты: «Эй, Самирий! Бул эмне кылганың? Муну кылышыңа эмне түрткү берди?»

قَالَ بَصُرْتُ بِمَا لَمْ يَبْصُرُوا۟ بِهِۦ فَقَبَضْتُ قَبْضَةًۭ مِّنْ أَثَرِ ٱلرَّسُولِ فَنَبَذْتُهَا وَكَذَٰلِكَ سَوَّلَتْ لِى نَفْسِى ﴿٩٦﴾

Самирий Мусага айтты:«Мен алар көрбөгөн нерсени көрдүм.Мен Жебреилди ат үстүндө баратканын көрүп,анын атыбаскан жерден бир уучтопурак алгам.Кийин анызергер буюмдардан эритилип куюлган музоонун сөлөкөтүнө чачтым эле,алмузоонун сөлөкөтүнөн мөөрөгөн үн чыкты.Напсим дагыкылган ишимди кооз кылып көргөздү»

قَالَ فَٱذْهَبْ فَإِنَّ لَكَ فِى ٱلْحَيَوٰةِ أَن تَقُولَ لَا مِسَاسَ ۖ وَإِنَّ لَكَ مَوْعِدًۭا لَّن تُخْلَفَهُۥ ۖ وَٱنظُرْ إِلَىٰٓ إِلَـٰهِكَ ٱلَّذِى ظَلْتَ عَلَيْهِ عَاكِفًۭا ۖ لَّنُحَرِّقَنَّهُۥ ثُمَّ لَنَنسِفَنَّهُۥ فِى ٱلْيَمِّ نَسْفًا ﴿٩٧﴾

Муса Самирийге айтты: «Кеткин! Эми сен өмүрүң өткүчө «мага тийбегилечи, мен да тийбейм» деп кордукта жашап өтөсүң. Кыямат күнү сурак берип жана жазаланарыңа убада бар. Аллах бул убаданы эч качан бузбайт. Сен Аллахтан башка кудай деп сыйынып жаткан музооңду карачы? Биз аны ээригенче отко күйгүзөбүз. Анан эч нерсесин калтырбай деңизге чачып салабыз»

إِنَّمَآ إِلَـٰهُكُمُ ٱللَّهُ ٱلَّذِى لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ ۚ وَسِعَ كُلَّ شَىْءٍ عِلْمًۭا ﴿٩٨﴾

Эй, адамдар! Аллах гана силердин чыныгы кудайыңар. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал бардык нерселерди Өз илими менен камтып алган.Жана Ага эчбир нерсенин илими жашыруун эмес. بلغ Куран · Тафсир

كَذَٰلِكَ نَقُصُّ عَلَيْكَ مِنْ أَنۢبَآءِ مَا قَدْ سَبَقَ ۚ وَقَدْ ءَاتَيْنَـٰكَ مِن لَّدُنَّا ذِكْرًۭا ﴿٩٩﴾

Оо, пайгамбар! Сенин көңүлүңдү көтөрүш үчүн Биз сага Муса менен Фараондун жана алардын коомдорунун окуясын айтып бергенибиз сыяктуусага мурункупайгамбарлар менен коомдордун кабарларын да айтып беребиз. Биз сага адамдарды эскертиш үчүн Өз алдыбыздан Куранды бердик

مَّنْ أَعْرَضَ عَنْهُ فَإِنَّهُۥ يَحْمِلُ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ وِزْرًا ﴿١٠٠﴾

Ким сага түшкөн бул Курандан жүз бурса, ага ыйман келтирбесе жана андагы айтылгандарды аткарбаса, анда ал кыямат күнү оор күнөөлөрдү көтөргөн жана кыйноочу азапка татыктуу болгон абалда келет

خَـٰلِدِينَ فِيهِ ۖ وَسَآءَ لَهُمْ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ حِمْلًۭا ﴿١٠١﴾

Алар алазапта түбөлүк болушат.Кыяматта алар көтөргөн жүк кандай жаман!

يَوْمَ يُنفَخُ فِى ٱلصُّورِ ۚ وَنَحْشُرُ ٱلْمُجْرِمِينَ يَوْمَئِذٍۢ زُرْقًۭا ﴿١٠٢﴾

Ал күнү кайра тирилтүү үчүн периште сур кернейин экинчи жолу тартат. Биз ошол күнү каапырлар акырет коркунучтарынын катаалдыгын көрүшкөндө өңдөрү жана көздөрү өзгөргөнүнөн көкмөк болуп калган кейипте чогултабыз. يتخفتون بينهم إن لبثتم إل اعشرا

يَتَخَـٰفَتُونَ بَيْنَهُمْ إِن لَّبِثْتُمْ إِلَّا عَشْرًۭا ﴿١٠٣﴾

Алар бири-бирине шыбырап айтышат:«Силер өлгөндөн кийинки абалда он күндөй эле турдуңар окшойт». ن حن أعلمبما يقولون إذ يقول أمثلهم طريقةإن لبثتمإلا يوما

نَّحْنُ أَعْلَمُ بِمَا يَقُولُونَ إِذْ يَقُولُ أَمْثَلُهُمْ طَرِيقَةً إِن لَّبِثْتُمْ إِلَّا يَوْمًۭا ﴿١٠٤﴾

Биз алардын сыр кылып сүйлөшүп жаткандарын жакшыбилебиз.Алардын эчбири бизге жашыруун эмес.Ошондо алардын акылдуурагы:«Силер өлгөндөн кийинки абалда бир эле күн турдуңар»–дейт

وَيَسْـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلْجِبَالِ فَقُلْ يَنسِفُهَا رَبِّى نَسْفًۭا ﴿١٠٥﴾

Оо, пайгамбар! Алар сенден кыяматта тоолор кандай абалда болорун сурашат. Аларга айт: «Раббим тоолорду түбүнөн жулат жана алардычаңдай сапырат. فيذرها قاعا صفصفا

فَيَذَرُهَا قَاعًۭا صَفْصَفًۭا ﴿١٠٦﴾

Ал эми алардыкөтөргөн Жерди эч кандай курулуштарыжана өсүмдүктөрү жок тептегиз кылып таштайбыз

لَّا تَرَىٰ فِيهَا عِوَجًۭا وَلَآ أَمْتًۭا ﴿١٠٧﴾

Эй, назар салуучу! Сен жердин ушунчалык тегиздигинен андан эч кандай ийриликти, бийиктикти жана ойдуңду көрбөйсүң. بلغ Куран · Тафсир

يَوْمَئِذٍۢ يَتَّبِعُونَ ٱلدَّاعِىَ لَا عِوَجَ لَهُۥ ۖ وَخَشَعَتِ ٱلْأَصْوَاتُ لِلرَّحْمَـٰنِ فَلَا تَسْمَعُ إِلَّا هَمْسًۭا ﴿١٠٨﴾

Ошол күнү адамдар сурак майданын көздөй жарчынын үнүн ээрчип жөнөшөт. Аны ээрчүүдөн аларды эч ким бурбайт. Ырайымдуунун урматыүчүн коркунучтан эчкандай үндөр чыкпай калат. Ал күнү шыбыраган үндөр гана угулат

يَوْمَئِذٍۢ لَّا تَنفَعُ ٱلشَّفَـٰعَةُ إِلَّا مَنْ أَذِنَ لَهُ ٱلرَّحْمَـٰنُ وَرَضِىَ لَهُۥ قَوْلًۭا ﴿١٠٩﴾

Ал улуу күндө Аллах шапаат кылууга уруксат бергендерге гана жана шапаат кылууда, сөзүнө ыраазы болгондорго гана шапаат берилип, ал шапаат ошолоргогана пайда берет. يعلمما بين أيديهم وما خلفهم ولا يحيطون به علما

يَعْلَمُ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ وَلَا يُحِيطُونَ بِهِۦ عِلْمًۭا ﴿١١٠﴾

Аллахкыяматтын качан болору сыяктуу адамдардын келечек иштерин да, алардын өтүп кеткен дүйнө иштерин да билет.Бардык пенделердин илими Аллахтын затын жана сыпаттарын камтый албайт

۞ وَعَنَتِ ٱلْوُجُوهُ لِلْحَىِّ ٱلْقَيُّومِ ۖ وَقَدْ خَابَ مَنْ حَمَلَ ظُلْمًۭا ﴿١١١﴾

Пенделердин жүздөрү эч качан өлбөгөн түбөлүк Тирүүгө жана пенделердин иштерин башкарып Туруучуга баш ийишет. Өзүн-өзү кыйроого туш кылып күнөөлөрдү көтөргөн адам кыйрады

وَمَن يَعْمَلْ مِنَ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ وَهُوَ مُؤْمِنٌۭ فَلَا يَخَافُ ظُلْمًۭا وَلَا هَضْمًۭا ﴿١١٢﴾

Ким Аллахка жана пайгамбарларына ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылган болсо, анда ал сыйлыгын толук алат. Ал өзү кылбаган күнөөсү үчүн азапталып же кылган жакшылык иштеринин сообу кемитилип зулумдук кылынат деп коркпойт. ي

وَكَذَٰلِكَ أَنزَلْنَـٰهُ قُرْءَانًا عَرَبِيًّۭا وَصَرَّفْنَا فِيهِ مِنَ ٱلْوَعِيدِ لَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ أَوْ يُحْدِثُ لَهُمْ ذِكْرًۭا ﴿١١٣﴾

Биз абалкылардын окуяларын түшүргөн сыяктуу бул Куранды таза араб тилинде түшүрдүк. Жана алар Аллахтан коркушсун же Курандан үлгү-насаат алышсын деген максатта анын ичинде коркутуп сестентүү сыяктуу эскертүүлөрдүн түрлөрүн баяндадык

فَتَعَـٰلَى ٱللَّهُ ٱلْمَلِكُ ٱلْحَقُّ ۗ وَلَا تَعْجَلْ بِٱلْقُرْءَانِ مِن قَبْلِ أَن يُقْضَىٰٓ إِلَيْكَ وَحْيُهُۥ ۖ وَقُل رَّبِّ زِدْنِى عِلْمًۭا ﴿١١٤﴾

Аллах баарынан бийик, баарынан ыйык жана баарынан улук. Ал – бүткүл мүлк Ага гана таандык болгон Падыша. Ал Өзү Акыйкат, Анын сөзү да акыйкат. Аллахар кандай нерслерге сыйынуучулар айтып жаткан сыпаттардан аруу. Оо, пайгамбар! Сага Жебрейил толук жеткирип бүтө электе эле Куранды аны менен кошо окуганга шашылба! Жана «Оо, Раббим! Мага үйрөткөн илимди көбөйткүн» – деп айт! بلغ Куран · Тафсир

وَلَقَدْ عَهِدْنَآ إِلَىٰٓ ءَادَمَ مِن قَبْلُ فَنَسِىَ وَلَمْ نَجِدْ لَهُۥ عَزْمًۭا ﴿١١٥﴾

Биз мурун Адамга бул дарактан жебегин деп тыюу салып, анын акыры эмне болорун айтып осуят кылганбыз. Ал осуятты унутуп, ал дарактан жеп алды, ага сабыр кыла албады. Биз андан осуятыбызды бекем карманууга болгон туруктуулукту көрө албадык

وَإِذْ قُلْنَا لِلْمَلَـٰٓئِكَةِ ٱسْجُدُوا۟ لِـَٔادَمَ فَسَجَدُوٓا۟ إِلَّآ إِبْلِيسَ أَبَىٰ ﴿١١٦﴾

Оо, пайгамбар! Биз периштелерге: «Адамга саламдашып сажда кылгыла!» – деп айтканыбызды эстегин. Ошондо Иблистен башка баарысы сажда кылышты. Ал ошол кезде алар менен бирге эле, бирок алардан эмес болчу. Ал текеберленип сажда кылбай койду. و

فَقُلْنَا يَـٰٓـَٔادَمُ إِنَّ هَـٰذَا عَدُوٌّۭ لَّكَ وَلِزَوْجِكَ فَلَا يُخْرِجَنَّكُمَا مِنَ ٱلْجَنَّةِ فَتَشْقَىٰٓ ﴿١١٧﴾

Биз айттык: «Оо, Адам! Чындыгында Иблис сага жана аялыңа душман. Ал силерди азгыруу менен өзүнө баш ийдирип аялыңэкөөңөрдүбейиштен чыгарып жибербесин.Ошондосен машакат тартып кыйналып каласың». إن لك ألا تجوع فيها ولا تعر

إِنَّ لَكَ أَلَّا تَجُوعَ فِيهَا وَلَا تَعْرَىٰ ﴿١١٨﴾

Чындыгында сен бейиште ач калбайсың, Аллах сени тоюндурат. Жылаңач калбайсың, Ал Аллах сени кийиндирет. وأنك لا تظمؤافيها ولا تضح

وَأَنَّكَ لَا تَظْمَؤُا۟ فِيهَا وَلَا تَضْحَىٰ ﴿١١٩﴾

Чаңкабайсың, Ал суусунуңду кандырат. Күндүн ысыгы өтпөйт, Ал сени күндүн ысыгынан калкалайт

فَوَسْوَسَ إِلَيْهِ ٱلشَّيْطَـٰنُ قَالَ يَـٰٓـَٔادَمُ هَلْ أَدُلُّكَ عَلَىٰ شَجَرَةِ ٱلْخُلْدِ وَمُلْكٍۢ لَّا يَبْلَىٰ ﴿١٢٠﴾

Шайтан Адамдыазгырып мындай деди: «Мен сага бир дарактыкөргөзөйүнбү, ким андан жесе эч качан өлбөйт, түбөлүк тирүү жашайт жана түгөнгүс мүлккө ээ болот?!»

فَأَكَلَا مِنْهَا فَبَدَتْ لَهُمَا سَوْءَٰتُهُمَا وَطَفِقَا يَخْصِفَانِ عَلَيْهِمَا مِن وَرَقِ ٱلْجَنَّةِ ۚ وَعَصَىٰٓ ءَادَمُ رَبَّهُۥ فَغَوَىٰ ﴿١٢١﴾

ОшондоАдам менен Хава жегенге тыйылган дарактан жеп алышты. Анан алардын жабылган авраттарыачылып калды. Ошондоалар бейиштеги дарактардын жалбырактарын үзүп авраттарын жаап башташты. Адам дарактан жебөөгө болгон Аллахтын буйругун аткарбай жана да ага уруксат болбогон ишти кылды

ثُمَّ ٱجْتَبَـٰهُ رَبُّهُۥ فَتَابَ عَلَيْهِ وَهَدَىٰ ﴿١٢٢﴾

Кийин Аллах анытандап, тообосун кабыл кылдыжана ага туура жолготүшүүгө ийгилик берди. بلغ Куран · Тафсир و

قَالَ ٱهْبِطَا مِنْهَا جَمِيعًۢا ۖ بَعْضُكُمْ لِبَعْضٍ عَدُوٌّۭ ۖ فَإِمَّا يَأْتِيَنَّكُم مِّنِّى هُدًۭى فَمَنِ ٱتَّبَعَ هُدَاىَ فَلَا يَضِلُّ وَلَا يَشْقَىٰ ﴿١٢٣﴾

Аллах Адам менен Хавага айтты: «Экөөңөр Иблис менен кошо бейиштен түшкүлө! Эми ал силерге, силер ага душмансыңар. Эми силерге Менин жолума багыттаган жолдомо келсе жана силерден ким аны ээрчисе, аны аткарса жана андан бурулбаса, анда ал акыйкаттан адашпайт, акыретте азапталып бактысыз калбайт. Аллах аны сөзсүз бейишке киргизет»

وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِى فَإِنَّ لَهُۥ مَعِيشَةًۭ ضَنكًۭا وَنَحْشُرُهُۥ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ أَعْمَىٰ ﴿١٢٤﴾

Ал эми ким Менин эскертмемден баш тартып кабыл албаса, ага жооп бербесе, анда ага бул дүйнөдө жана кабырда тар жашооболот жана кыямат күнү аныдалилсиз жана сокур абалда сурак майданына алып барабыз

قَالَ رَبِّ لِمَ حَشَرْتَنِىٓ أَعْمَىٰ وَقَدْ كُنتُ بَصِيرًۭا ﴿١٢٥﴾

Эскертмеден баш тарткан адам:«Оо,Раббим!Эмнеге мени сокур кылып тирилттиң?Дүйнөдө менин көзүм көрчү эле го?» – дейт

قَالَ كَذَٰلِكَ أَتَتْكَ ءَايَـٰتُنَا فَنَسِيتَهَا ۖ وَكَذَٰلِكَ ٱلْيَوْمَ تُنسَىٰ ﴿١٢٦﴾

Аллах ага жооп кылып айтты: «Сен дагыушундай кылгансың, дүйнө жашоосунда сага Биздин аяттарыбыз келгенде, андан баш тартып, аларды таштагансың. Ошол сыяктуу эле сен дагы бүгүн азапта ташталасың»

وَكَذَٰلِكَ نَجْزِى مَنْ أَسْرَفَ وَلَمْ يُؤْمِنۢ بِـَٔايَـٰتِ رَبِّهِۦ ۚ وَلَعَذَابُ ٱلْـَٔاخِرَةِ أَشَدُّ وَأَبْقَىٰٓ ﴿١٢٧﴾

Мына ушундай жаза менен Биз арам кылган напсинин кызыкчылыктарына берилип кеткендерди жана Раббиси тараптан келген ачык-айкын далилдерге ыйман келтирбегендерди жазалайбыз.Акыреттеги Аллахтын азабы– бул дүйнөдөгү жана кабырдагытар жашоодон да коркунучтуу, оор жана түбөлүк

أَفَلَمْ يَهْدِ لَهُمْ كَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُم مِّنَ ٱلْقُرُونِ يَمْشُونَ فِى مَسَـٰكِنِهِمْ ۗ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّأُو۟لِى ٱلنُّهَىٰ ﴿١٢٨﴾

Биз алардан мурун жок кылган көптөгөн коомдордун кабарыбелгилүүболгон жокпу?!Алар кыйраган коомдордун жашаган жайларында басып жүрүшөт го, алар дуушар болгон нерсенин белгилерин көрүп жатышат го?! Чындыгында ошолкөптөгөнمкоомдордун кыйрап жок болушунда акылээлери үчүн үлгү-насааттар бар. ولولا كلمة سبقت من ر بك لكان لزاما وأجل مس ى

وَلَوْلَا كَلِمَةٌۭ سَبَقَتْ مِن رَّبِّكَ لَكَانَ لِزَامًۭا وَأَجَلٌۭ مُّسَمًّۭى ﴿١٢٩﴾

Оо, пайгамбар! Эгерде Раббиң тараптан “Аллах далил алып келбестен туруп эч кимди азаптабайт” деген сөз жана Анын алдында алар үчүн белгиленген мөөнөт болбогондо,анда алар татыктууболгон азаптытездетмек. بلغ Куран · Тафсир

فَٱصْبِرْ عَلَىٰ مَا يَقُولُونَ وَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ قَبْلَ طُلُوعِ ٱلشَّمْسِ وَقَبْلَ غُرُوبِهَا ۖ وَمِنْ ءَانَآئِ ٱلَّيْلِ فَسَبِّحْ وَأَطْرَافَ ٱلنَّهَارِ لَعَلَّكَ تَرْضَىٰ ﴿١٣٠﴾

ى Оо, пайгамбар! Сага карата жалган сыпаттарды айтып жаткан жалганчылардын сөздөрүнө сабыр кыл! Аллахтын алдындагы сен ыраазы болгон соопторго жетиш үчүн күн чыкканга чейинки багымдат намазында, күн батканга чейинки асыр намазында, түн убактыларындагы шам менен куптан намаздарында, күндүздүн биринчи тарабынан кийин күн төбөдөн оогондогу бешим намазында, күндүздүн экинчи тарабы бүткөндөн кийин шам намазында Раббиңе мактоолорду айтып аруула!

وَلَا تَمُدَّنَّ عَيْنَيْكَ إِلَىٰ مَا مَتَّعْنَا بِهِۦٓ أَزْوَٰجًۭا مِّنْهُمْ زَهْرَةَ ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا لِنَفْتِنَهُمْ فِيهِ ۚ وَرِزْقُ رَبِّكَ خَيْرٌۭ وَأَبْقَىٰ ﴿١٣١﴾

Биз сыноо максатта кээ бир жалганчылар үчүн кылган бул дүйнө жашоосунун кооздуктарынан болгон жыргалчылыктарга назар салба! Чындыгында Биз аларга кылган нерселер убактылуу. Ал эми сени ыраазы кылып убада кылган Раббиңдин сообу— бул дүйнөдө аларга берилген убактылуужыргалчылыктардан жакшыраак жана түбөлүктүү

وَأْمُرْ أَهْلَكَ بِٱلصَّلَوٰةِ وَٱصْطَبِرْ عَلَيْهَا ۖ لَا نَسْـَٔلُكَ رِزْقًۭا ۖ نَّحْنُ نَرْزُقُكَ ۗ وَٱلْعَـٰقِبَةُ لِلتَّقْوَىٰ ﴿١٣٢﴾

Оо, пайгамбар! Үй-бүлөңдү намаз окууга буюр жана сен дагы аны аткарууга сабырдуу бол! Биз сенден өзүң жана башкалар үчүн ырыскы сурабайбыз. Сенин ырыскыңа Биз Өзүбүз кепилбиз. Бул дүйнөдөгү жана акыреттеги мактоого татыктуу акыбет –Аллахтан корккон, Анын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштаган такыба адамдар үчүн

وَقَالُوا۟ لَوْلَا يَأْتِينَا بِـَٔايَةٍۢ مِّن رَّبِّهِۦٓ ۚ أَوَلَمْ تَأْتِهِم بَيِّنَةُ مَا فِى ٱلصُّحُفِ ٱلْأُولَىٰ ﴿١٣٣﴾

Пайгамбарды жалганга чыгарган ал каапырлар: «Мухаммад бизге Раббиси тараптан анын чынчылдыгын жана пайгамбар экендигин далилдеген керемет алып келсе кана?!» — дешти. Ал жалганчыларга асмандан түшкөн мурункукитептерди тастыктаган Куран келди го?!

وَلَوْ أَنَّآ أَهْلَكْنَـٰهُم بِعَذَابٍۢ مِّن قَبْلِهِۦ لَقَالُوا۟ رَبَّنَا لَوْلَآ أَرْسَلْتَ إِلَيْنَا رَسُولًۭا فَنَتَّبِعَ ءَايَـٰتِكَ مِن قَبْلِ أَن نَّذِلَّ وَنَخْزَىٰ ﴿١٣٤﴾

ونخز ى Эгер Биз пайгамбарды жалганга чыгарган ал жалганчыларды каапырлыктары жана баш ийбестиктери үчүн аларга пайгамбар жибергенге же китеп түшүргөнгө чейин эле азап жибергенибизде,анда алар кыяматта каапырлыктары үчүн кечирим сурап: «Оо, Раббибиз! Дүйнө жашоосунда бизге пайгамбар жибергениңде, Биз ага ыйман келтирип, Сенин азабың себептүү кордукка туш болгонгочейин ал алып келген аяттарга ээрчимекпизل го?!» – деп айтышмак

قُلْ كُلٌّۭ مُّتَرَبِّصٌۭ فَتَرَبَّصُوا۟ ۖ فَسَتَعْلَمُونَ مَنْ أَصْحَـٰبُ ٱلصِّرَٰطِ ٱلسَّوِىِّ وَمَنِ ٱهْتَدَىٰ ﴿١٣٥﴾

Оо, пайгамбар! Ал жалганчыларга айт: «Баардыгыбыз Аллахтын көргөзгөнүн күтөлү. Силер дагы күткүлө! Жакында силер менен биздин кимибиз туура жолдоэкендигинин сөзсүз билесиңер». Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Taa-Haa — طه

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил