ٱقْتَرَبَ لِلنَّاسِ حِسَابُهُمْ وَهُمْ فِى غَفْلَةٍۢ مُّعْرِضُونَ ﴿١﴾
Адамдар кылган иштери үчүн Кыямат күнүбере турган сурактарыжакындап калды.Бирок алар дүйнө менен алек болушканыүчүн акыреттен жүз буруп бейкапар жүрүшөт
Башкы бет›Тафсир›Al-Anbiyaa (21)
Меккелик · 112 аят
ٱقْتَرَبَ لِلنَّاسِ حِسَابُهُمْ وَهُمْ فِى غَفْلَةٍۢ مُّعْرِضُونَ ﴿١﴾
Адамдар кылган иштери үчүн Кыямат күнүбере турган сурактарыжакындап калды.Бирок алар дүйнө менен алек болушканыүчүн акыреттен жүз буруп бейкапар жүрүшөт
مَا يَأْتِيهِم مِّن ذِكْرٍۢ مِّن رَّبِّهِم مُّحْدَثٍ إِلَّا ٱسْتَمَعُوهُ وَهُمْ يَلْعَبُونَ ﴿٢﴾
Раббиси тараптан аларга Курандан кандай гана сөз келбесин, алар андагынерселерге көңүл бурушпай, пайда да алышпай оюнкарактык менен гана угушту
لَاهِيَةًۭ قُلُوبُهُمْ ۗ وَأَسَرُّوا۟ ٱلنَّجْوَى ٱلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ هَلْ هَـٰذَآ إِلَّا بَشَرٌۭ مِّثْلُكُمْ ۖ أَفَتَأْتُونَ ٱلسِّحْرَ وَأَنتُمْ تُبْصِرُونَ ﴿٣﴾
Аны жүрөктөрү капилет болгон абалда угушту. Каапырлык кылган залимдер өз ара сырдашып: «Мына бу өзүн пайгамбармын деп жаткан адам силерден эч айырмасыжок силерге окшогон эле адам го?! Анын алып келгени сыйкыр.Эми силер анын өзүңөргө окшогон эле адам экенин жана анын алып келгени сыйкыр экенин билип туруп аныээрчийсиңерби?!» – деп сүйлөшкөн сөздөрүн жашырышты
قَالَ رَبِّى يَعْلَمُ ٱلْقَوْلَ فِى ٱلسَّمَآءِ وَٱلْأَرْضِ ۖ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ ﴿٤﴾
Пайгамбар айтты: «Раббим силер жашырган сөздү билет. Ал асмандар менен жердеги айтылган сөздөрдүн баарысын билет. Ал пенделеринин сөздөрүн Угуучу, алардын кылган иш-аракеттерин Билүүчү. Ал аларга кылган иштери үчүн сыйлыгын же жазасын берет»
بَلْ قَالُوٓا۟ أَضْغَـٰثُ أَحْلَـٰمٍۭ بَلِ ٱفْتَرَىٰهُ بَلْ هُوَ شَاعِرٌۭ فَلْيَأْتِنَا بِـَٔايَةٍۢ كَمَآ أُرْسِلَ ٱلْأَوَّلُونَ ﴿٥﴾
Тескерисинче,алар Мухаммад алып келген нерсеге шектенип аныбирде:«Чечмелениши жок башаламан түштөр» – десе, бирде: «Жок! Эч кандай негизи жок өзү эле ойлоп тапкан нерсе» – дешти. Ал эми кээде: «Ал акын. Эгер ал айтып жаткан сөзүндө чынчыл болсо, анда абалкыпайгамбарлар алып келгендей керемет алып келсинчи. Алар Мусанын аса таягы, Салихтин төөсү өңдүү кереметтерди алып келишкен» – дешти
مَآ ءَامَنَتْ قَبْلَهُم مِّن قَرْيَةٍ أَهْلَكْنَـٰهَآ ۖ أَفَهُمْ يُؤْمِنُونَ ﴿٦﴾
Бул сурап жаткандардан алдын өткөн бир дагы шаардын элдери ушундай аят-белгилерди алып келүүнү сурашканда аларга сураганындай алып келингенде да ыйман келтирген эмес. Алар тескерисинче аны жалганга чыгарышкан, ошондо Биз аларды кыйраттык. Эми ушулар ыйман келтиришмек беле?!
وَمَآ أَرْسَلْنَا قَبْلَكَ إِلَّا رِجَالًۭا نُّوحِىٓ إِلَيْهِمْ ۖ فَسْـَٔلُوٓا۟ أَهْلَ ٱلذِّكْرِ إِن كُنتُمْ لَا تَعْلَمُونَ ﴿٧﴾
Оо, пайгамбар! Биз сага чейин адамзаттан эркектерди гана пайгамбар кылып жиберип, аларга вахий түшүргөнбүз. Биз аларга периштелерди жиберген эмеспиз. Эгерде муну билбесеңер, анда силерден мурунку Китеп ээлеринен сурагыла. بلغ Куран · Тафсир
وَمَا جَعَلْنَـٰهُمْ جَسَدًۭا لَّا يَأْكُلُونَ ٱلطَّعَامَ وَمَا كَانُوا۟ خَـٰلِدِينَ ﴿٨﴾
Биз аларга жиберген пайгамбарларды тамак-аш жебеген денелүү адамдардан кылган жокпуз. Алар дагы башкалар сыяктуутамак жешет.Жана алар булдүйнөдө өлбөй түбөлүк калышпайт
ثُمَّ صَدَقْنَـٰهُمُ ٱلْوَعْدَ فَأَنجَيْنَـٰهُمْ وَمَن نَّشَآءُ وَأَهْلَكْنَا ٱلْمُسْرِفِينَ ﴿٩﴾
Кийин Биз пайгамбарларга берген убадабызды аткарып, аларды жана ыймандуулардан Өзүбүз каалагандарды кыйроодон куткардык. Жана Аллахка каапырлык кылып чектен чыккандардыжана күнөө кылгандардыкыйратып жок кылдык
لَقَدْ أَنزَلْنَآ إِلَيْكُمْ كِتَـٰبًۭا فِيهِ ذِكْرُكُمْ ۖ أَفَلَا تَعْقِلُونَ ﴿١٠﴾
Биз силерге Курандытүшүрдүк. Анын ичинде силердин кадырыңар, сыймыгыңар бар, эгер ага ишенген болсоңор жана андагы айтылгандарды аткарган болсоңор. Ага акыл жүгүртпөйсүңөрбү, ага ыйман келтирүүгө шашылып, андагы келгендерди аткарбайсыңарбы?! وكم قصمنا من قريةكانت ظالمة وأنشأنا بعدها قوما ءاخرين
وَكَمْ قَصَمْنَا مِن قَرْيَةٍۢ كَانَتْ ظَالِمَةًۭ وَأَنشَأْنَا بَعْدَهَا قَوْمًا ءَاخَرِينَ ﴿١١﴾
Каапырлык кылып зулумдук кылышканыүчүн Биз нечендеген шаарлардыжок кылдык жана алардан кийин башка коомдорду жараттык
فَلَمَّآ أَحَسُّوا۟ بَأْسَنَآ إِذَا هُم مِّنْهَا يَرْكُضُونَ ﴿١٢﴾
Кыйроого учураган адамдар түп-орду менен жок кылуучу азабыбызды көрөр замат шаардан далбастап качып жөнөштү
لَا تَرْكُضُوا۟ وَٱرْجِعُوٓا۟ إِلَىٰ مَآ أُتْرِفْتُمْ فِيهِ وَمَسَـٰكِنِكُمْ لَعَلَّكُمْ تُسْـَٔلُونَ ﴿١٣﴾
«Качпагыла! Ырахаттанып көңүл ачкан абалыңарга жана үйүңөргө кайткыла! Балким бирөө жарым силердин дүнүйөңөрдөн бир нерсе сурайт чыгар»–деп какшыктап чакырышат
قَالُوا۟ يَـٰوَيْلَنَآ إِنَّا كُنَّا ظَـٰلِمِينَ ﴿١٤﴾
Күнөөлөрүн моюнга алган ал залимдар айтышты: «Эми өлдүк! Эми кыйрадык! Чындыгында биз Аллахка каапырлык кылган залимдерден болуппуз». فما زالت تلك دعوىهم حت جعلنهم حصيدا خمدين
فَمَا زَالَت تِّلْكَ دَعْوَىٰهُمْ حَتَّىٰ جَعَلْنَـٰهُمْ حَصِيدًا خَـٰمِدِينَ ﴿١٥﴾
Биз аларды орулган чөп сыяктуу кыймылсыз өлүктөргө айлантканга чейин алар кылган күнөөлөрүн моюнга алышып,кыйрадык деп кыйкырык салган чакырыктарын кайталай беришти. بلغ Куран · Тафсир
وَمَا خَلَقْنَا ٱلسَّمَآءَ وَٱلْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا لَـٰعِبِينَ ﴿١٦﴾
Биз Асман менен Жерди жана ал экөөнүн оросундагы нерселерди жөн эле оюн үчүн жараткан жокпуз. Биз ал экөөсүн Өзүбүздүн кудуретибизди көрсөтүшүчүн жараттык
لَوْ أَرَدْنَآ أَن نَّتَّخِذَ لَهْوًۭا لَّٱتَّخَذْنَـٰهُ مِن لَّدُنَّآ إِن كُنَّا فَـٰعِلِينَ ﴿١٧﴾
Эгерде Биз бирөөнү аял кылууну же бала кылууну каалаганыбызда, анда Өзүбүздүн алдыбыздан эле кылып алмакпыз. Бирок Биз мындан аруу болгонубуз үчүн аны кылган жокпуз
بَلْ نَقْذِفُ بِٱلْحَقِّ عَلَى ٱلْبَـٰطِلِ فَيَدْمَغُهُۥ فَإِذَا هُوَ زَاهِقٌۭ ۚ وَلَكُمُ ٱلْوَيْلُ مِمَّا تَصِفُونَ ﴿١٨﴾
Тескерисинче, Биз пайгамбарыбызга вахий кылган акыйкатты каапырлардын жалганынын үстүнө таштайбыз, ал аны жок кылат. Ошентип алардын жалганы жок болот. Эй, Аллахтын аялы жана баласы бар деп айткандар! Аллахка ылайык келбеген сыпаттардыАга таңуулаганыңар үчүн силерге кыйрооболсун!
وَلَهُۥ مَن فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۚ وَمَنْ عِندَهُۥ لَا يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِهِۦ وَلَا يَسْتَحْسِرُونَ ﴿١٩﴾
Асмандар менен жердин мүлкү жалгыз Аллахка гана таандык. Анын алдындагы периштелер Ага сыйынуудан текеберленишпейт жана чарчашпайт
يُسَبِّحُونَ ٱلَّيْلَ وَٱلنَّهَارَ لَا يَفْتُرُونَ ﴿٢٠﴾
Алар Аллахтыар дайым аруулашат жана андан тажашпайт
أَمِ ٱتَّخَذُوٓا۟ ءَالِهَةًۭ مِّنَ ٱلْأَرْضِ هُمْ يُنشِرُونَ ﴿٢١﴾
Бирок мушриктер Аллахтан башкалардыкудай кылып алышты. Алар өлүктөрдү да тирилте алышпайт. Анан алар ушуну да кыла албагандарга кантип сыйынып жатышат?!
لَوْ كَانَ فِيهِمَآ ءَالِهَةٌ إِلَّا ٱللَّهُ لَفَسَدَتَا ۚ فَسُبْحَـٰنَ ٱللَّهِ رَبِّ ٱلْعَرْشِ عَمَّا يَصِفُونَ ﴿٢٢﴾
Эгерде асмандар менен жерде башка кудайлар болгондо, анда "кудайлар" бийлик талашып, асмандар менен жер кыйрап калмак. Бирок, жагдай мындай эмес. Арштын Раббиси болгон Аллах мушриктердин Анын шериги бар деген (жалган) сыпаттоосунан таза,аруу. لا يسٔل عما يفعل وهم يسٔلون
لَا يُسْـَٔلُ عَمَّا يَفْعَلُ وَهُمْ يُسْـَٔلُونَ ﴿٢٣﴾
Аллах Өзү жалгыз бийлик кылат жана Өзү чечет. Ал тагдыр кылган жана чечим чыгарган нерселерде эч ким Андан сурабайт. Тескерисинче, ал пенделеринен иш-аракеттери үчүн сурак алат жана аларга сыйлыгын же жазасын берет. بلغ Куран · Тафсир
أَمِ ٱتَّخَذُوا۟ مِن دُونِهِۦٓ ءَالِهَةًۭ ۖ قُلْ هَاتُوا۟ بُرْهَـٰنَكُمْ ۖ هَـٰذَا ذِكْرُ مَن مَّعِىَ وَذِكْرُ مَن قَبْلِى ۗ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ ٱلْحَقَّ ۖ فَهُم مُّعْرِضُونَ ﴿٢٤﴾
Бирок алар Аллахтан башкаларды кудай кылып алышты. Оо, пайгамбар! Мушриктерге айт: «Алар сыйынууга татыктуу экендигине далилиңерди алып келгилечи! Мына мага түшкөн китеп жана пайгамбарларга түшкөн китептер. Силер мындан эч кандай далил таппайсыңар». Тескерисинче, мушриктердин көпчүлүгү наадандыкка жана сокур ээрчүүгө таянат. Алар акыйкаттыкабыл алуудан жүз бурушкан
وَمَآ أَرْسَلْنَا مِن قَبْلِكَ مِن رَّسُولٍ إِلَّا نُوحِىٓ إِلَيْهِ أَنَّهُۥ لَآ إِلَـٰهَ إِلَّآ أَنَا۠ فَٱعْبُدُونِ ﴿٢٥﴾
Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун жиберген ар бир пайгамбарга: «Менден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Жалгыз Мага сыйынгыла жана эч нерсени шерик кылбагыла!» – деп вахий кылганбыз
وَقَالُوا۟ ٱتَّخَذَ ٱلرَّحْمَـٰنُ وَلَدًۭا ۗ سُبْحَـٰنَهُۥ ۚ بَلْ عِبَادٌۭ مُّكْرَمُونَ ﴿٢٦﴾
Мушриктер: «Аллах периштелерди Өзүнө кыз кылып алды» – дешти. Аллах алардын айткан жалгандарынан аруу жана ыйык. Тескерисинче, периштелер Аллахка жакын жана Анын урматтуу кулдары
لَا يَسْبِقُونَهُۥ بِٱلْقَوْلِ وَهُم بِأَمْرِهِۦ يَعْمَلُونَ ﴿٢٧﴾
Алар Раббисинен мурун сүйлөшпөйт, аларга буйрук берилмейин унчугушпайт, Анын буйруктарын аткарышат жана Анын буйруктарына каршычыгышпайт
يَعْلَمُ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ وَلَا يَشْفَعُونَ إِلَّا لِمَنِ ٱرْتَضَىٰ وَهُم مِّنْ خَشْيَتِهِۦ مُشْفِقُونَ ﴿٢٨﴾
Ал алардын өткөн жана келечек иштерин билет. Өзү ыраазы болуп уруксат бергендерге гана шапаат сурай алышат.Алар Аллахтан коркуп сактанышат жана Анын буйрук-тыюуларына каршычыгышпайт
۞ وَمَن يَقُلْ مِنْهُمْ إِنِّىٓ إِلَـٰهٌۭ مِّن دُونِهِۦ فَذَٰلِكَ نَجْزِيهِ جَهَنَّمَ ۚ كَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿٢٩﴾
Мисал катары айтсак, эгерде периштелерден кимиси: «Мен Аллахтан башка кудаймын» – деп айткан болсо, Биз аны ушул сөзү үчүн кыямат күнү жаза катары түбөлүк тозок менен азаптайбыз.Жана ушундай жаза менен каапырлык жана ширк кылган залимдерди да жазалайбыз
أَوَلَمْ يَرَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ أَنَّ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ كَانَتَا رَتْقًۭا فَفَتَقْنَـٰهُمَا ۖ وَجَعَلْنَا مِنَ ٱلْمَآءِ كُلَّ شَىْءٍ حَىٍّ ۖ أَفَلَا يُؤْمِنُونَ ﴿٣٠﴾
يؤمنون Аллахка каапырлык кылышкандар билишпейби, мурда Асмандар менен Жер бири-бирине жабышып турат эле, ортосунда жамгыр жаай тургандай да боштук жок болчу. Кийин Биз ал экөөсүн бөлүп, Асмандан жерге түшкөн суудан бардык жандыктарды жана өсүмдүктөрдү жараттык. Алар мындан сабак алышпайбы жана жалгыз Аллахка ыйман келтиришпейби?! بلغ Куран · Тафсир
وَجَعَلْنَا فِى ٱلْأَرْضِ رَوَٰسِىَ أَن تَمِيدَ بِهِمْ وَجَعَلْنَا فِيهَا فِجَاجًۭا سُبُلًۭا لَّعَلَّهُمْ يَهْتَدُونَ ﴿٣١﴾
Жер өз бетиндегилерди силкибеш үчүн Биз анын үстүнө бекем тоолорду жараттык. Жана анын үстүндө кенен жолдорду кылдык. Балким алар сапарга чыгышканда ошолор аркылуу көздөгөн жерлерине жол таап барышат
وَجَعَلْنَا ٱلسَّمَآءَ سَقْفًۭا مَّحْفُوظًۭا ۖ وَهُمْ عَنْ ءَايَـٰتِهَا مُعْرِضُونَ ﴿٣٢﴾
Биз асманды урап калбагыдай кылып, шып сыяктуу устунсуз жараттык. Ошондой эле сөздөрдү угуп уурдабай тургандай коргоп койдук. Ал эми мушриктер асмандагы Күн жана Ай сыяктуу аят-белгилерди көрүп сабак алышпастан жүз үйрүштү. ل
وَهُوَ ٱلَّذِى خَلَقَ ٱلَّيْلَ وَٱلنَّهَارَ وَٱلشَّمْسَ وَٱلْقَمَرَ ۖ كُلٌّۭ فِى فَلَكٍۢ يَسْبَحُونَ ﴿٣٣﴾
Аллах жалгыз Өзү түндү эс алуу үчүн, күндүздү тиричилик кылыш үчүн жаратты. Ал эми Күндү күндүздүн белгиси кылды,Айдытүндүн белгиси кылды.Күн дагы,Ай дагыөзүнө тийиштүүорбитада жылып жүрөт.Алар андан бурулуп да, ооп да кетишпейт
وَمَا جَعَلْنَا لِبَشَرٍۢ مِّن قَبْلِكَ ٱلْخُلْدَ ۖ أَفَإِي۟ن مِّتَّ فَهُمُ ٱلْخَـٰلِدُونَ ﴿٣٤﴾
Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун эч бир адамды бул жашоодо түбөлүк жашай турган кылбадык. Бул жашоодо ажалың жетип сен өлүп,алэми алар сенден кийин да түбөлүк тирүүкалышат бекен?!Андай болбойт!
كُلُّ نَفْسٍۢ ذَآئِقَةُ ٱلْمَوْتِ ۗ وَنَبْلُوكُم بِٱلشَّرِّ وَٱلْخَيْرِ فِتْنَةًۭ ۖ وَإِلَيْنَا تُرْجَعُونَ ﴿٣٥﴾
Ар бир жан, ал ыймандуу болобу же каапыр болобу, бул дүйнөдө өлүмдү татат. Оо, адамдар! Биз силерди бул дүйнө жашоосунда диний милдеттер, жакшылыктар, кыйынчылыктар менен сынайбыз, өлгөнүңөрдөн кийин Бизге гана кайтасыңар. ОшондоБиз силерди кылган иштериңерге жараша сыйлык же жазаңардыберебиз
وَإِذَا رَءَاكَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ إِن يَتَّخِذُونَكَ إِلَّا هُزُوًا أَهَـٰذَا ٱلَّذِى يَذْكُرُ ءَالِهَتَكُمْ وَهُم بِذِكْرِ ٱلرَّحْمَـٰنِ هُمْ كَـٰفِرُونَ ﴿٣٦﴾
Оо, пайгамбар! Мушриктер сени көрүшкөндө какшыктап шылдыңдашып, жактоочуларына сени жаман көргөзүп: «Силер сыйынган кудайларыңарды сөгүп жаткан адам ушулбу?» – деп айтышат. Алар сени шылдыңдоо менен Аллах аларга түшүргөн Куранды жокко чыгарууда жана аларга берген жакшылыктарга шүгүрсүз кесир болууда. Алар бардык жамандыктардыөзүдөрүнө жыйнагандыгыүчүн айыптооготатыктуу!
خُلِقَ ٱلْإِنسَـٰنُ مِنْ عَجَلٍۢ ۚ سَأُو۟رِيكُمْ ءَايَـٰتِى فَلَا تَسْتَعْجِلُونِ ﴿٣٧﴾
Адам табиятынан шашкалак. Ал убагы келе электе эле эртерээк болсо экен деп шаштырат. Мушриктердин да азапты шаштыруусу да ушуга кирет. Эй, Менин азабымды шаштыргандар! Силер шаштырган нерсени жакында көргөзөм.Силер аныэртелет деп шаштырбагыла! بلغ Куран · Тафсир
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَـٰذَا ٱلْوَعْدُ إِن كُنتُمْ صَـٰدِقِينَ ﴿٣٨﴾
Кайра тирилүүнү жокко чыгарган каапырлар шаштырышып: «Эй, мусулмандар! Эгер силер анык болот деп айтып жаткан нерсеңерде чынчыл болсоңор, жанагы бизге убада кылып жаткан кайра тирилүү качан болот?» – деп айтышат
لَوْ يَعْلَمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ حِينَ لَا يَكُفُّونَ عَن وُجُوهِهِمُ ٱلنَّارَ وَلَا عَن ظُهُورِهِمْ وَلَا هُمْ يُنصَرُونَ ﴿٣٩﴾
Кайра тирилүүнү четке каккан каапырлар жүздөрүнөн жана жондорунан тозок отун тосоалбай калганда, аларды азаптан коргой турган колдоочужок экенин анык билишкенде,азаптыанчалык шаштырышмак эмес. بل تأتيهم بغتةفتبهتهم فلا يستطيعون ردها ولا هم ينظرون
بَلْ تَأْتِيهِم بَغْتَةًۭ فَتَبْهَتُهُمْ فَلَا يَسْتَطِيعُونَ رَدَّهَا وَلَا هُمْ يُنظَرُونَ ﴿٤٠﴾
Алар азаптала турган бул тозок оту аларга убакыты анык айтылып келбейт. Тескерисинче, капысынан келет. Ошондо алар аны артка кайтара алышпайт жана алар тооба кылып, ырайымга жетип алышсын деп артка кечиктирилип да коюлбайт
وَلَقَدِ ٱسْتُهْزِئَ بِرُسُلٍۢ مِّن قَبْلِكَ فَحَاقَ بِٱلَّذِينَ سَخِرُوا۟ مِنْهُم مَّا كَانُوا۟ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ ﴿٤١﴾
Оо, пайгамбар! Элиңдин сени шылдыңдаганы жаңылык эмес. Сенден мурунку пайгамбарлар да шылдыңга кабылышкан. Ошондо аларды шылдыңдаган каапырларды азап курчады. Анткени пайгамбарлары аларды бул дүйнөдө азап менен коркутуп-эскертишкенде анышылдыңга алышкан эле
قُلْ مَن يَكْلَؤُكُم بِٱلَّيْلِ وَٱلنَّهَارِ مِنَ ٱلرَّحْمَـٰنِ ۗ بَلْ هُمْ عَن ذِكْرِ رَبِّهِم مُّعْرِضُونَ ﴿٤٢﴾
Оо, пайгамбар! Мына ошол азапты шаштырып жаткандарга: «Ырайымдуу Аллах тарабынан күндүзү же түнүбү силерге азап түшүрүп, жок кылууну кааласа, андан силерди ким куткара алат?» – деп айткын. Тескерисинче, алар Раббисинин айткан насааттарын же далилдерин эске алуудан жүз бурушту жана наадандыктан улам аларга ой жүгүртүшпөдү
أَمْ لَهُمْ ءَالِهَةٌۭ تَمْنَعُهُم مِّن دُونِنَا ۚ لَا يَسْتَطِيعُونَ نَصْرَ أَنفُسِهِمْ وَلَا هُم مِّنَّا يُصْحَبُونَ ﴿٤٣﴾
Же аларды Биздин азабыбыздан коргой турган кудайлары барбы? Алар өздөрүнө да жардам бере алышпайт, пайда да, зыян да келтире алышпайт. Өзүнө жардам бере албаган кантип башкаларга жардам берсин?! Ошондой эле алар Биздин азабыбыздан да коргой алышпайт
بَلْ مَتَّعْنَا هَـٰٓؤُلَآءِ وَءَابَآءَهُمْ حَتَّىٰ طَالَ عَلَيْهِمُ ٱلْعُمُرُ ۗ أَفَلَا يَرَوْنَ أَنَّا نَأْتِى ٱلْأَرْضَ نَنقُصُهَا مِنْ أَطْرَافِهَآ ۚ أَفَهُمُ ٱلْغَـٰلِبُونَ ﴿٤٤﴾
Биз ал каапырларга жана алардын ата-бабаларына аларды акырындык менен жазалаш үчүн Өз жакшылыктарыбызды кенен кылып бердик. Ошентип алардын заманы созулуп, азгырылып кетишти жана каапырлыктан кайтыштады. Биздин (сыноо үчүн берген) жакшылыктарыбызга азгырылгандар, азабыбызды шаштыргандар Биз элдерди башийдирип,үстөмдүк кылып алардын жерин ар тараптан кыскартып بلغ Куран · Тафсир жатканыбызды көрбөй жатабы?! Башкаларга түшкөн азап алардын да башына түшө электе мындан сабак алышпайбы?!Алар жеңишке жеткендер эмес,алар жеңилгендер
قُلْ إِنَّمَآ أُنذِرُكُم بِٱلْوَحْىِ ۚ وَلَا يَسْمَعُ ٱلصُّمُّ ٱلدُّعَآءَ إِذَا مَا يُنذَرُونَ ﴿٤٥﴾
Оо,пайгамбар!Айткын:«Эй,адамдар!Мага Раббим түшүргөн вахий менен силерди Аллахтын азабынан коркутам. Бирок акыйкатка дүлөй болгон адамдарды Аллахтын азабынан коркутуп акыйкатка чакырса да алар аны кабыл алуу менен угушпайт»
وَلَئِن مَّسَّتْهُمْ نَفْحَةٌۭ مِّنْ عَذَابِ رَبِّكَ لَيَقُولُنَّ يَـٰوَيْلَنَآ إِنَّا كُنَّا ظَـٰلِمِينَ ﴿٤٦﴾
Оо, пайгамбар! Эгерде азапты шаштырып жаткандарга Раббиңдин бир аз эле азабы жеткен болсо, алар ошол кезде: «Курудук ай! Эми өлдүк! Чындыгында биз Аллахка ширк кылып жана Мухаммад (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгыжана мактоодубасыболсун) алып келгенди жалганга чыгарып залимдерден болдук»— дешмек
وَنَضَعُ ٱلْمَوَٰزِينَ ٱلْقِسْطَ لِيَوْمِ ٱلْقِيَـٰمَةِ فَلَا تُظْلَمُ نَفْسٌۭ شَيْـًۭٔا ۖ وَإِن كَانَ مِثْقَالَ حَبَّةٍۢ مِّنْ خَرْدَلٍ أَتَيْنَا بِهَا ۗ وَكَفَىٰ بِنَا حَـٰسِبِينَ ﴿٤٧﴾
حسبين Биз кыямат күнү адамдардын иш-аракеттерин өлчөгөнгө адилеттүү таразаларды орнотобуз. Ал күндө эч бир адамга сооптору кемитилип же күнөөлөрү көбөйтүлүп зулумдук кылынбайт. Эгер тартылган нерсе сарыкычынын данынчалык кичине болсодагыаныалып келебиз. Биз пенделерибиздин иш-аракеттерин эсептөөгө жетиштүүбүз
وَلَقَدْ ءَاتَيْنَا مُوسَىٰ وَهَـٰرُونَ ٱلْفُرْقَانَ وَضِيَآءًۭ وَذِكْرًۭا لِّلْمُتَّقِينَ ﴿٤٨﴾
Биз Муса менен Харунга Тооратты бердик. Ал акыйкат менен жалганды, адал менен арамды ажыратуучу, ага ыйман келтиргендерге туура жол жана Раббисинен корккондоргоэскертме
ٱلَّذِينَ يَخْشَوْنَ رَبَّهُم بِٱلْغَيْبِ وَهُم مِّنَ ٱلسَّاعَةِ مُشْفِقُونَ ﴿٤٩﴾
Алар Раббисинин жазасынан корккондор, Аны көрүшпөсө дагы ыйман келтиргендер жана кыямат кайымдан корккондор
وَهَـٰذَا ذِكْرٌۭ مُّبَارَكٌ أَنزَلْنَـٰهُ ۚ أَفَأَنتُمْ لَهُۥ مُنكِرُونَ ﴿٥٠﴾
Мухаммадга (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгыжана мактоо дубасыболсун) түшкөн бул Куран үлгү-насаат алам дегендер үчүн эскертме жана көп-пайдалуу, берекелүү китеп. Силер буга карабастан четке кагасыңарбы?! Андагы келгендерди моюнга албай жана иш жүзүндө аткарбай коёсуңарбы?!
۞ وَلَقَدْ ءَاتَيْنَآ إِبْرَٰهِيمَ رُشْدَهُۥ مِن قَبْلُ وَكُنَّا بِهِۦ عَـٰلِمِينَ ﴿٥١﴾
Биз Ибрахимге кичинесинде коомуна каршы далилдерди бергенбиз жана Биз аны билгенбиз. Ошондой эле ал коомуна каршыколдонгон далилдердин Биз татыктуу деп эсептегендерди гана бердик. بلغ Куран · Тафсир
إِذْ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوْمِهِۦ مَا هَـٰذِهِ ٱلتَّمَاثِيلُ ٱلَّتِىٓ أَنتُمْ لَهَا عَـٰكِفُونَ ﴿٥٢﴾
Бир кезде ал атасы Азарга жана коомуна айтты: «Силер өз колуңар менен жасап алып сыйынып жаткан бул айкелдер эмне?»
قَالُوا۟ وَجَدْنَآ ءَابَآءَنَا لَهَا عَـٰبِدِينَ ﴿٥٣﴾
Ага коому айтты: «Ата-бабаларыбыз аларга сыйынышкан. Биз дагы аларга ээрчип сыйынып жатабыз»
قَالَ لَقَدْ كُنتُمْ أَنتُمْ وَءَابَآؤُكُمْ فِى ضَلَـٰلٍۢ مُّبِينٍۢ ﴿٥٤﴾
Ибрахим аларга айтты: «Эй, сокур ээрчүүчүлөр! Силер да, ата-бабаларыңар да акыйкат жолдон анык адашуудасыңар"
قَالُوٓا۟ أَجِئْتَنَا بِٱلْحَقِّ أَمْ أَنتَ مِنَ ٱللَّـٰعِبِينَ ﴿٥٥﴾
Коому ага айтты: «Сен бул сөзүңдү чындап айтып жатасыңбы же тамашалаппы?»
قَالَ بَل رَّبُّكُمْ رَبُّ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ٱلَّذِى فَطَرَهُنَّ وَأَنَا۠ عَلَىٰ ذَٰلِكُم مِّنَ ٱلشَّـٰهِدِينَ ﴿٥٦﴾
Ибрахим айтты: «Тамашасыжок чындап айтып жатам. Силердин Раббиңер — Ал Асмандар менен Жерди мурун болбогондой көрүнүштө жараткан Раббиси.Алсилердин жана Асмандар менен Жердин Раббиси экенине күбөгө өткөндөрдөнмүн.Силердин айкел-буттарыңардын мында эчкандай тиешеси жок»
وَتَٱللَّهِ لَأَكِيدَنَّ أَصْنَـٰمَكُم بَعْدَ أَن تُوَلُّوا۟ مُدْبِرِينَ ﴿٥٧﴾
Ибрахим коомуна угузбай өзүнчө: «Аллахка ант! Силер майрамга кеткенде айкелдериңерди силерге жакпагандай бир нерсе кыламын» – деди. فجعلهم جذذا إلا كبيرا لهم لعلهم إليهيرجعون
فَجَعَلَهُمْ جُذَٰذًا إِلَّا كَبِيرًۭا لَّهُمْ لَعَلَّهُمْ إِلَيْهِ يَرْجِعُونَ ﴿٥٨﴾
Анан Ибрахим алардын айкел-буттарын майдалап талкалап салды.Бирок алар кайтып келишкенде,алардыким талкалаганын сурашсын деген ниетте чоңуна тийген жок
قَالُوا۟ مَن فَعَلَ هَـٰذَا بِـَٔالِهَتِنَآ إِنَّهُۥ لَمِنَ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿٥٩﴾
Качан алар кайтып келип, айкел-буттары талкаланганын көргөндө бири-биринен сурашты: «Биздин кудайларыбыздыким талкалады?Чындыгында алардыталкалаган адам анык зулум экен.Анткени алулуктап ыйык тутууга татыктууболгон нерсеге шек келтирди». بلغ Куран · Тафсир قالواسمعنا فتى يذكرهم يقال له إبرهيم
قَالُوا۟ سَمِعْنَا فَتًۭى يَذْكُرُهُمْ يُقَالُ لَهُۥٓ إِبْرَٰهِيمُ ﴿٦٠﴾
Кээ бирлери айтышты: «Ибрахим деген жаш жигит алардыжамандап,айыптап жүргөнүн укканбыз. Балким ошол талкалаган болуш керек»
قَالُوا۟ فَأْتُوا۟ بِهِۦ عَلَىٰٓ أَعْيُنِ ٱلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَشْهَدُونَ ﴿٦١﴾
Алардын башчысыайтты:«Ибрахимди адамдар күбө болуп көрө турган жерге алып келгиле.Алар анын кылганын мойнуна алганына күбө болушсун. Ал кылганын мойнуна алса, аны өзүнө каршы далил кыласыңар»
قَالُوٓا۟ ءَأَنتَ فَعَلْتَ هَـٰذَا بِـَٔالِهَتِنَا يَـٰٓإِبْرَٰهِيمُ ﴿٦٢﴾
Алар Ибрахимди алып келип андан сурашты: «Эй, Ибрахим! Биздин айкел-буттарыбызга мындай маскара ишти сен кылдыңбы?». قال بل فعله كبيرهم هذا فسٔلوهم إن كانواينطقون
قَالَ بَلْ فَعَلَهُۥ كَبِيرُهُمْ هَـٰذَا فَسْـَٔلُوهُمْ إِن كَانُوا۟ يَنطِقُونَ ﴿٦٣﴾
Ибрахим адамдардын көз алдында айкел-буттарын алсыздыгын билдириш үчүн жана аларды шылдың болуусу үчүн мындай деп айтты: «Муну мен кылган жокмун. Муну айкел-буттарыңардын чоңу кылды. Эгер айкел- буттарыңар сүйлөй алса,анда ошолордон сурагыла»
فَرَجَعُوٓا۟ إِلَىٰٓ أَنفُسِهِمْ فَقَالُوٓا۟ إِنَّكُمْ أَنتُمُ ٱلظَّـٰلِمُونَ ﴿٦٤﴾
Ошондо алар өздөрүнчө ойлонуп калышты. Аларга айкел-буттары пайда да, зыян да бербестиги жана алар Аллахтан башка айкел-буттарынага сыйынып зулумдук кылып жатышкандыгыанык болду
ثُمَّ نُكِسُوا۟ عَلَىٰ رُءُوسِهِمْ لَقَدْ عَلِمْتَ مَا هَـٰٓؤُلَآءِ يَنطِقُونَ ﴿٦٥﴾
Кийин кайра көктүккө, баш ийбестикке өтүп: «Эй, Ибрахим! Сен булардын сүйлөбөй турганын өзүң деле билесиң. Анан кантип бизди сура деп жатасың?» – дешти. Алар муну өздөрүн жактап далил кылышкан, бирок өздөрүнө каршы далил болуп калды
قَالَ أَفَتَعْبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَنفَعُكُمْ شَيْـًۭٔا وَلَا يَضُرُّكُمْ ﴿٦٦﴾
Ибрахим алардын сөзүн четке кагып айтты:«Аллахтан башка айкел-буттарга сыйынып жатасыңарбы?Алар силерге пайда да зыян да бере албайт. Өздөрүнө пайда берүүгө же бир зыяндытосуудан алсыз»
أُفٍّۢ لَّكُمْ وَلِمَا تَعْبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ ۖ أَفَلَا تَعْقِلُونَ ﴿٦٧﴾
Аллахтан башка сыйынып жаткан айкелдериңер менен кошо куруп кеткиле! Алар пайда да, зыян да бере алышпайт. Ушуга да акылыңар жетпейби?! Сыйынганыңарды токтотпойсуңарбы?! بلغ Куран · Тафсир
قَالُوا۟ حَرِّقُوهُ وَٱنصُرُوٓا۟ ءَالِهَتَكُمْ إِن كُنتُمْ فَـٰعِلِينَ ﴿٦٨﴾
Качан алар далил менен беттеше албасын билишкенде күч колдонууга киришип: «Ибрахимди отко өрттөгүлө! Ал сындырып талкалаган айкел-буттарыңарга жардам бергиле! Эгерде ага катуу, жолунан кайтаруучу кылып жазалагыңар келсе,ушундай кылгыла!»— деп айтышты
قُلْنَا يَـٰنَارُ كُونِى بَرْدًۭا وَسَلَـٰمًا عَلَىٰٓ إِبْرَٰهِيمَ ﴿٦٩﴾
Анан алар от жагып, аны отко ыргытышты. Ошондо Биз айттык: «Эй, от! Ибрахимге муздак жана зыянсыз бол! – дедик.Алошондой болдужана Ибрахим эчкандай зыян тарткан жок»
وَأَرَادُوا۟ بِهِۦ كَيْدًۭا فَجَعَلْنَـٰهُمُ ٱلْأَخْسَرِينَ ﴿٧٠﴾
Ибрахимдин коому аны өрттөйбүз деп ага каршы айлакерлик кылууну каалашты. Бирок Биз алардын айлакерлигин жок кылдык жана алардын өздөрүн кыйратып жеңилүүгө тушкылдык
وَنَجَّيْنَـٰهُ وَلُوطًا إِلَى ٱلْأَرْضِ ٱلَّتِى بَـٰرَكْنَا فِيهَا لِلْعَـٰلَمِينَ ﴿٧١﴾
Биз аныменен Лут экөөсүн куткардык жана алардыберекелүү кылган Шам жергесине чыгарып жибердик. Себеби Биз ал жакка пайгамбарлардан жибергенбиз жана инсан, жан-жаныбарлар үчүн жакшылыктарды чачып ل койгонбуз
وَوَهَبْنَا لَهُۥٓ إِسْحَـٰقَ وَيَعْقُوبَ نَافِلَةًۭ ۖ وَكُلًّۭا جَعَلْنَا صَـٰلِحِينَ ﴿٧٢﴾
Ал Раббисине мага перзент бер деп дуба кылганда Биз ага Исхакты бердик жана кошумча кылып Якубду бердик. Биз Ибрахимди жана анын баласы Исхакты, небереси Якубду баарысын Аллахка моюн сунган салих-жакшы пенделерден кылдык
وَجَعَلْنَـٰهُمْ أَئِمَّةًۭ يَهْدُونَ بِأَمْرِنَا وَأَوْحَيْنَآ إِلَيْهِمْ فِعْلَ ٱلْخَيْرَٰتِ وَإِقَامَ ٱلصَّلَوٰةِ وَإِيتَآءَ ٱلزَّكَوٰةِ ۖ وَكَانُوا۟ لَنَا عَـٰبِدِينَ ﴿٧٣﴾
Биз аларды адамдар жакшылыкта ээрчий турган башчылардан кылдык. Алар Аллахтын каалоосу менен адамдарды жалгыз Ага гана сыйынууга чакырышат. Биз аларга жакшылыктарды кылгыла, намазды толук түрдө аткаргыла жана зекет бергиле деп вахий кылдык.Алар Бизге моюн сунуучулардан эле
وَلُوطًا ءَاتَيْنَـٰهُ حُكْمًۭا وَعِلْمًۭا وَنَجَّيْنَـٰهُ مِنَ ٱلْقَرْيَةِ ٱلَّتِى كَانَت تَّعْمَلُ ٱلْخَبَـٰٓئِثَ ۗ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ قَوْمَ سَوْءٍۢ فَـٰسِقِينَ ﴿٧٤﴾
Биз Лутка жаатташкан тараптардын ортосунда өкүм кылууну жана дин иштерине байланыштуу илим бердик. Эли бузукулук кылган анын шаарыСадумга түшүргөн азаптан Биз аныаман алып калдык.Алар Раббисине баш ийбей бузукулук кылган коом эле. بلغ Куран · Тафсир
وَأَدْخَلْنَـٰهُ فِى رَحْمَتِنَآ ۖ إِنَّهُۥ مِنَ ٱلصَّـٰلِحِينَ ﴿٧٥﴾
Биз аны коому дуушар болгон азаптан куткарып Өз ырайымыбызга алдык. Чындыгында ал Биздин буйругубузду аткарган, тыйганыбызды таштаган салих-жакшы адамдардан эле
وَنُوحًا إِذْ نَادَىٰ مِن قَبْلُ فَٱسْتَجَبْنَا لَهُۥ فَنَجَّيْنَـٰهُ وَأَهْلَهُۥ مِنَ ٱلْكَرْبِ ٱلْعَظِيمِ ﴿٧٦﴾
Оо, пайгамбар! Нухтун окуясын эстечи, ал Ибрахим менен Луттан мурун Аллахка кайрылып дуба кылганда Биз анын сураганын берип дубасына жооп бердик,аныжана ыйман келтирген үй-бүлөсүн чоңкайгыдан куткардык
وَنَصَرْنَـٰهُ مِنَ ٱلْقَوْمِ ٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَآ ۚ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ قَوْمَ سَوْءٍۢ فَأَغْرَقْنَـٰهُمْ أَجْمَعِينَ ﴿٧٧﴾
Биз аны колдош максатта берген анын чынчыл экенин тастыктаган аят-белгилерибизди жалганга чыгарган коомдун айлакерлигинен аны куткардык. Чындыгында алар бузуку жана ыплас коом эле. Ошондуктан Биз алардын баарын чөктүрүп жок кылдык
وَدَاوُۥدَ وَسُلَيْمَـٰنَ إِذْ يَحْكُمَانِ فِى ٱلْحَرْثِ إِذْ نَفَشَتْ فِيهِ غَنَمُ ٱلْقَوْمِ وَكُنَّا لِحُكْمِهِمْ شَـٰهِدِينَ ﴿٧٨﴾
Оо,пайгамбар!Дауд менен Сулаймандын окуясын эстечи,алар келген жаатташкан эки тараптын ортосундагыбир ишке өкүм кылышты.Биринчиси тарабынан койлорутүндөсүберкисинин жайытына кирип тебелеп салыптыр.Биз Дауд менен Сулаймандын кылган өкүмүнө күбө болгонбуз. Алардын кылган өкүмүнүн эч бир нерсеси Бизге жашыруун эмес
فَفَهَّمْنَـٰهَا سُلَيْمَـٰنَ ۚ وَكُلًّا ءَاتَيْنَا حُكْمًۭا وَعِلْمًۭا ۚ وَسَخَّرْنَا مَعَ دَاوُۥدَ ٱلْجِبَالَ يُسَبِّحْنَ وَٱلطَّيْرَ ۚ وَكُنَّا فَـٰعِلِينَ ﴿٧٩﴾
Ошондо Даудга эмес, Сулайманга иштин чоо-жайын түшүндүрдүк. Биз Даудга да, Сулайманга да пайгамбарлык жана шарият өкүмдөрү тууралуу илим бергенбиз. Муну жеке Сулайманга эле чектеген эмеспиз. Даудга өзү менен кошулуп Аллахты аруулап улуктаган тоолорду жана канаттуу куштарды моюн сундурдук. Ошондой эле силерге жеңилдик, түшүнүк, өкүм жана илим бердик. Ушунун баарын Биз жасадык
وَعَلَّمْنَـٰهُ صَنْعَةَ لَبُوسٍۢ لَّكُمْ لِتُحْصِنَكُم مِّنۢ بَأْسِكُمْ ۖ فَهَلْ أَنتُمْ شَـٰكِرُونَ ﴿٨٠﴾
Биз Сулайманга эмес, Даудга силердин денеңерди куралдын соккусунан сактай турган соот кийимдерди жасоо өнөрүн үйрөттүк. Эй, адамдар!Аллахсилерге берген ушул жакшылык үчүн шүгүр кылдыңарбы?
وَلِسُلَيْمَـٰنَ ٱلرِّيحَ عَاصِفَةًۭ تَجْرِى بِأَمْرِهِۦٓ إِلَى ٱلْأَرْضِ ٱلَّتِى بَـٰرَكْنَا فِيهَا ۚ وَكُنَّا بِكُلِّ شَىْءٍ عَـٰلِمِينَ ﴿٨١﴾
Биз Сулайманга катуу соккон шамалды моюн сундурдук. Ал анын буйругу менен Биз пайгамбарларды чыгарган жана жакшылыктарды мол кылган Шам жергесин карай согуп турат. Биз бардык нерсени билебиз. Алардын эч бири Бизге жашыруун эмес. بلغ Куран · Тафсир
وَمِنَ ٱلشَّيَـٰطِينِ مَن يَغُوصُونَ لَهُۥ وَيَعْمَلُونَ عَمَلًۭا دُونَ ذَٰلِكَ ۖ وَكُنَّا لَهُمْ حَـٰفِظِينَ ﴿٨٢﴾
Жана ал үчүн деңиздин түбүнө чумкуп берметтерди жана башка нерселерди алып чыккан жана курулуш сыяктуу иштерди кылган жин-шайтандарды ага моюн сундурдук. Биз алардын санын жана кылган иштерин көзөмөлдөөчүбүз.Алардын эчбир нерсесин өткөрүп жиберген жокпуз
۞ وَأَيُّوبَ إِذْ نَادَىٰ رَبَّهُۥٓ أَنِّى مَسَّنِىَ ٱلضُّرُّ وَأَنتَ أَرْحَمُ ٱلرَّٰحِمِينَ ﴿٨٣﴾
Оо, пайгамбар! Аюбдун окуясын эстечи, ал балээге туш болгондо Раббисине кайрылып: «Оо, Раббим! Чындыгында мен ооруга жана үй-бүлөмдү жоготууга кабылдым. Сен баарына ырайым кылгандардын ырайымдуусусуң. Башыма түшкөн нерседен мени алыстат»–деп дуба кылды
فَٱسْتَجَبْنَا لَهُۥ فَكَشَفْنَا مَا بِهِۦ مِن ضُرٍّۢ ۖ وَءَاتَيْنَـٰهُ أَهْلَهُۥ وَمِثْلَهُم مَّعَهُمْ رَحْمَةًۭ مِّنْ عِندِنَا وَذِكْرَىٰ لِلْعَـٰبِدِينَ ﴿٨٤﴾
Биз анын дубасын кабыл кылып, ал зыян тарткан нерседен аны алыстаттык жана ал жоготкон үй-бүлө, бала- чакасын өзүнө кайтарып, алардын үстүнө да ошончо кошуп бердик. Бул нерселерде Аллахка ибадат кылып, баш ийгендерге ийгиликке жетүү үчүн Аюб сабыр кылгандай сабыр кылуу керек деген эскертме-үлгү бар. Ушунун баарын ага Өз ырайымыбыздытөккөндүктөнل кылдык
وَإِسْمَـٰعِيلَ وَإِدْرِيسَ وَذَا ٱلْكِفْلِ ۖ كُلٌّۭ مِّنَ ٱلصَّـٰبِرِينَ ﴿٨٥﴾
Оо, пайгамбар! Исмаил, Идрис жана Зулкифлди эстечи, алардын баарысы сыноого жана Аллах аларга милдет кылган өкүмдөрдүаткарууда сабырдуулардан болушкан
وَأَدْخَلْنَـٰهُمْ فِى رَحْمَتِنَآ ۖ إِنَّهُم مِّنَ ٱلصَّـٰلِحِينَ ﴿٨٦﴾
Биз аларды Өз ырайымыбызга алып, аларды пайгамбар кылдык жана аларды бейишке киргиздик. Чындыгында алар Раббисине ибадат кылган, ички жана сыртыдүйнөсү таза болгон Аллахтын салих-жакшыпенделеринен
وَذَا ٱلنُّونِ إِذ ذَّهَبَ مُغَـٰضِبًۭا فَظَنَّ أَن لَّن نَّقْدِرَ عَلَيْهِ فَنَادَىٰ فِى ٱلظُّلُمَـٰتِ أَن لَّآ إِلَـٰهَ إِلَّآ أَنتَ سُبْحَـٰنَكَ إِنِّى كُنتُ مِنَ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿٨٧﴾
Оо, пайгамбар! Киттин ээси Юнустун (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгыболсун) окуясын эстечи, ал элинин баш ийбестигине ачууланып Раббисинин уруксатысыз кетип калган эле. Ал кетип калганы үчүн Биз аны кысымга албайбыз деп ойлогон. Кийин кит аны жуткан кезде катуу кысылып, камакта калып сыналды. Ошондо ал киттин, деңиздин жана түндүн караңгылыктарында күнөөсүн моюнга алып Аллахка тообо кылып: «Сенден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Сен аруусуң жана ыйыксың. Чындыгында мен залымдардан болдум» – деп дуба кылды. بلغ Куран · Тафсир
فَٱسْتَجَبْنَا لَهُۥ وَنَجَّيْنَـٰهُ مِنَ ٱلْغَمِّ ۚ وَكَذَٰلِكَ نُـۨجِى ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿٨٨﴾
Биз анын дубасын кабылкылдык жана аныкараңгылыктардан жана киттин ичинен чыгарып чоң кыйынчылыктан куткардык. Биз Юнусту бул кыйынчылыгынан куткарган сыяктуу эле кыйынчылыкка түшүп, Аллахка дуба кылган ыймандууларды да куткарабыз
وَزَكَرِيَّآ إِذْ نَادَىٰ رَبَّهُۥ رَبِّ لَا تَذَرْنِى فَرْدًۭا وَأَنتَ خَيْرُ ٱلْوَٰرِثِينَ ﴿٨٩﴾
Оо, пайгамбар! Закариянын окуясын эстечи, ал Раббисине кайрылып: «Оо, Раббим! Мени баласыз жалгыз калтырба! Сен калуучулардын, жакшылыкты мага калтыруучулардын эң жакшысысың! Мага өзүмдөн кийин кала турган перзент бер»– деп дуба кылды
فَٱسْتَجَبْنَا لَهُۥ وَوَهَبْنَا لَهُۥ يَحْيَىٰ وَأَصْلَحْنَا لَهُۥ زَوْجَهُۥٓ ۚ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ يُسَـٰرِعُونَ فِى ٱلْخَيْرَٰتِ وَيَدْعُونَنَا رَغَبًۭا وَرَهَبًۭا ۖ وَكَانُوا۟ لَنَا خَـٰشِعِينَ ﴿٩٠﴾
وكانوا لنا خشعين Биз анын дубасын кабыл кылып, ага Яхьяны бала кылып бердик жана аялын айыктырдык. Ал төрөбөс аял эле, бирок ошондон кийин төрөй турган болуп калды. Чындыгында Закария, аялы жана баласы жакшылыктарды кылууга шашылгандардан эле.Алар Биздин алдыбыздагысооптордукаалашып жана жазадан коркушуп Бизге дуба кылышат эле.Алар бизге жалынып жалбарышкан моюн сунуучулардан эле
وَٱلَّتِىٓ أَحْصَنَتْ فَرْجَهَا فَنَفَخْنَا فِيهَا مِن رُّوحِنَا وَجَعَلْنَـٰهَا وَٱبْنَهَآ ءَايَةًۭ لِّلْعَـٰلَمِينَ ﴿٩١﴾
Оо, пайгамбар! Абийирдүү жерлерин зынадан сактаган Мариямды эстечи, Аллах ага Жебрейилди жиберди. Ал ага рух үйлөгөндө анын боюна Иса бүттү. Ал жана анын баласы Иса экөөсү адамдар үчүн Аллахтын кудуретин билдирген белги болду. Анткени Ал аны атасыз эле жараткандыгы чындыгында Аллахты эч нерсе алсыз кыла албастыгына далил
إِنَّ هَـٰذِهِۦٓ أُمَّتُكُمْ أُمَّةًۭ وَٰحِدَةًۭ وَأَنَا۠ رَبُّكُمْ فَٱعْبُدُونِ ﴿٩٢﴾
Эй, адамдар! Чындыгында силердин бул диниңер – бир дин. Ал Аллахты жалгыздоо болгон Ислам дини жана Мен силердин Раббиңермин.Андыктан Мага гана чын ыкластан ибадат кылгыла!
وَتَقَطَّعُوٓا۟ أَمْرَهُم بَيْنَهُمْ ۖ كُلٌّ إِلَيْنَا رَٰجِعُونَ ﴿٩٣﴾
Бирок адамдар бөлүнүп, алардын арасында Аллахты жалгыздагандар, мушриктер, каапырлар жана мусулмандар пайда болду. Мына ошол бөлүнгөндөрдүн баарысы кыямат күнү Бизге гана кайтып келишет. Ошондо Биз аларды кылган иштерине жараша сыйлыгын же жазасын беребиз
فَمَن يَعْمَلْ مِنَ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ وَهُوَ مُؤْمِنٌۭ فَلَا كُفْرَانَ لِسَعْيِهِۦ وَإِنَّا لَهُۥ كَـٰتِبُونَ ﴿٩٤﴾
Алардын кимиси Аллахка,пайгамбарларга жана акырет күнүнө ыйман келтирип жакшылык иштерди кылса,анда анын жакшылык иши текке кетпейт. Тескерисинче, Аллах андан ыраазы болуп сообун эселеп берет. Ал кайра тирилген күнү алардыамал китебинен табат жана кубанычка батат. بلغ Куран · Тафсир
وَحَرَٰمٌ عَلَىٰ قَرْيَةٍ أَهْلَكْنَـٰهَآ أَنَّهُمْ لَا يَرْجِعُونَ ﴿٩٥﴾
КаапырлыктарысебептүүБиз жок кылган шаарлардын элдери булдүйнөгө кайтып тообокылышып жана тооболору кабыл болушу такыр мүмкүн эмес
حَتَّىٰٓ إِذَا فُتِحَتْ يَأْجُوجُ وَمَأْجُوجُ وَهُم مِّن كُلِّ حَدَبٍۢ يَنسِلُونَ ﴿٩٦﴾
Алар Яжуж-Мажуждун тосмосу ачылганга чейин эч качан кайтышпайт. Ошол күнү алар жердин бардык бийик жерлеринен жутунуп чыгышат
وَٱقْتَرَبَ ٱلْوَعْدُ ٱلْحَقُّ فَإِذَا هِىَ شَـٰخِصَةٌ أَبْصَـٰرُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ يَـٰوَيْلَنَا قَدْ كُنَّا فِى غَفْلَةٍۢ مِّنْ هَـٰذَا بَلْ كُنَّا ظَـٰلِمِينَ ﴿٩٧﴾
Алардын чыгышы менен кыямат жакындады жана анын коркунучтары менен кыйынчылыктары көрүнүп калды. Ошол кезде катуу коркунучтан каапырлардын көздөрү тостоюп: «Өлдүк эми! Биз дүйнөдө ойноп эле жүрүптүрбүз, бул улуу күнгө эч кандай даярдык да көрбөптүрбүз. Көрсө, биз каапырлык жана күнөө кылып залымдардан болуптурбуз» – дешет
إِنَّكُمْ وَمَا تَعْبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ حَصَبُ جَهَنَّمَ أَنتُمْ لَهَا وَٰرِدُونَ ﴿٩٨﴾
Эй, мушриктер! Силер жана силер сыйынган Аллахтан башка айкел-буттар, ошондой эле силерди өзүнө сыйынганыңардытуура көргөн адамдар менен жиндер – тозоктун отунуболосуңар.Силер жана кудайларыңар ал жакка сөзсүз киресиңер. ل
لَوْ كَانَ هَـٰٓؤُلَآءِ ءَالِهَةًۭ مَّا وَرَدُوهَا ۖ وَكُلٌّۭ فِيهَا خَـٰلِدُونَ ﴿٩٩﴾
Эгерде алар сыйынууга татыктуу чыныгы кудайлар болгондо, анда алар сыйынгандар менен кошо тозокко киришпейт болчу. Сыйынгандар да, сыйынылгандар да тозокто болушат. Алар ал жакта түбөлүк калышат жана андан чыгышпайт. لهم فيها زفير وهم فيها لا يسمعون
لَهُمْ فِيهَا زَفِيرٌۭ وَهُمْ فِيهَا لَا يَسْمَعُونَ ﴿١٠٠﴾
Алар ал жайда көргөн азаптардын катаалдыгынан улам оор дем алышып, көкүрөктөрү кысылып, кыйналган үндөрү чыгат. Алар тозоктобашына түшкөн катуу коркунучтан үндөрдү да укпай калышат
إِنَّ ٱلَّذِينَ سَبَقَتْ لَهُم مِّنَّا ٱلْحُسْنَىٰٓ أُو۟لَـٰٓئِكَ عَنْهَا مُبْعَدُونَ ﴿١٠١﴾
Качан мушриктер: «Чындыгында Иса менен периштелер тозокко киришет, анткени башкалар аларга сыйынышты» дешкенде, Аллах айтты: «Чындыгында алдын ала Аллахтын илиминде алар Иса сыяктуу бактылуулардан болот деп жазылгандар гана тозоктон алыс болушат. بلغ Куран · Тафсир
لَا يَسْمَعُونَ حَسِيسَهَا ۖ وَهُمْ فِى مَا ٱشْتَهَتْ أَنفُسُهُمْ خَـٰلِدُونَ ﴿١٠٢﴾
Аларга тозоктун үнү да угулбайт. Жана алар көңүлдөрү каалаган жакшылыктарда жана жыргалчылыктарда болушат. Алардын жыргалчылыктары эч качан түгөнбөйт»
لَا يَحْزُنُهُمُ ٱلْفَزَعُ ٱلْأَكْبَرُ وَتَتَلَقَّىٰهُمُ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ هَـٰذَا يَوْمُكُمُ ٱلَّذِى كُنتُمْ تُوعَدُونَ ﴿١٠٣﴾
Тозокко киргендерди ал чулгап алган учурдагы чоң коркунуч аларды коркунучка салбайт. Периштелер аларга: «Бул силерге дүйнөдө убада кылынган жана андагы силер көрө турган жыргалчылыктарды сүйүнчүлөгөн күнүңөр» – деп саламдашып тосуп алышат
يَوْمَ نَطْوِى ٱلسَّمَآءَ كَطَىِّ ٱلسِّجِلِّ لِلْكُتُبِ ۚ كَمَا بَدَأْنَآ أَوَّلَ خَلْقٍۢ نُّعِيدُهُۥ ۚ وَعْدًا عَلَيْنَآ ۚ إِنَّا كُنَّا فَـٰعِلِينَ ﴿١٠٤﴾
Биз ал күнү Асманды баракты ичиндегиси менен кошо тоголоктоп орогондой ороп коёбуз. Жана инсан жана жан- жаныбарларды абалкы жолу жараткан абалда чогултабыз. Биздин бул берген убадабыз бузулбайт. Чындыгында Биз берген убадабызды аткарабыз
وَلَقَدْ كَتَبْنَا فِى ٱلزَّبُورِ مِنۢ بَعْدِ ٱلذِّكْرِ أَنَّ ٱلْأَرْضَ يَرِثُهَا عِبَادِىَ ٱلصَّـٰلِحُونَ ﴿١٠٥﴾
Биз сакталган Тагдыр Китебинде жазгандан кийин пайгамбарларга түшүргөн китептерде да «Жерди Аллахка иш жүзүндө баш ийген ыймандуупенделери мураска алышат»деп жазып койгонбуз. إن فى هذا لبلغا لقوم عبدين
إِنَّ فِى هَـٰذَا لَبَلَـٰغًۭا لِّقَوْمٍ عَـٰبِدِينَ ﴿١٠٦﴾
Чынында, Биз түшүргөн насааттарда Раббисинин шариятына ылайык ибадат кылган адамдар үчүн жеткиликтүү, пайдалуу үлгү-насааттар бар. Мына ошолор андан пайда алышат
وَمَآ أَرْسَلْنَـٰكَ إِلَّا رَحْمَةًۭ لِّلْعَـٰلَمِينَ ﴿١٠٧﴾
Оо, Мухаммад! Биз сени бүткүл ааламга ырайым болушуң үчүн гана жибердик. Анткени сен адамдардын туура жолготүшүшүнө жана алардыАллахтын азабынан куткарууга дайыма аракет кыласың
قُلْ إِنَّمَا يُوحَىٰٓ إِلَىَّ أَنَّمَآ إِلَـٰهُكُمْ إِلَـٰهٌۭ وَٰحِدٌۭ ۖ فَهَلْ أَنتُم مُّسْلِمُونَ ﴿١٠٨﴾
Оо, пайгамбар! Айткын: «Чындыгында мага Раббим тараптан «Силердин чыныгы кудайыңар – Ал жалгыз кудай. Анын шериги жок. Ал – Аллах» деп вахий кылынды. Андыктан силер Ага ыйман келтирип моюн сунгула жана Ага иш жүзүндө баш ийгиле»
فَإِن تَوَلَّوْا۟ فَقُلْ ءَاذَنتُكُمْ عَلَىٰ سَوَآءٍۢ ۖ وَإِنْ أَدْرِىٓ أَقَرِيبٌ أَم بَعِيدٌۭ مَّا تُوعَدُونَ ﴿١٠٩﴾
Оо, пайгамбар! Эгерде алар сен алып келген нерседен баш тартышса, айткын: «Ортобуздагы мага да, силерге да бирдей болгон ишти баарыңарга тегиз жеткирдим.Бирок мен Аллахсилерге убада кылган азаптын качан түшөрүн билбеймин». بلغ Куран · Тафсир
إِنَّهُۥ يَعْلَمُ ٱلْجَهْرَ مِنَ ٱلْقَوْلِ وَيَعْلَمُ مَا تَكْتُمُونَ ﴿١١٠﴾
Чындыгында Аллах силер ачык айткан жана жашырган сөздөрдү билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал жакында силерге анын жазасын же сыйлыгын берет. وإن أدرى لعله فتنة ل كم ومتع إلى حين
وَإِنْ أَدْرِى لَعَلَّهُۥ فِتْنَةٌۭ لَّكُمْ وَمَتَـٰعٌ إِلَىٰ حِينٍۢ ﴿١١١﴾
Мен билбейм, силерге азаптын кечигип жатканы балким силерге болгон сыноодур? Же мөөнөт берүү чыгар же Аллахтын илиминде белгиленген убакытка чейин каапырлыгыңарда, адуушууңарда убактылуу жыргалчылыкта жүргүзүп туруудур
قَـٰلَ رَبِّ ٱحْكُم بِٱلْحَقِّ ۗ وَرَبُّنَا ٱلرَّحْمَـٰنُ ٱلْمُسْتَعَانُ عَلَىٰ مَا تَصِفُونَ ﴿١١٢﴾
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) Раббисине кайрылып: «Оо, Раббим!Каапырлыктан кайтпаган коомум менен биздин ортобузда Өзүң акыйкат менен өкүм кыл!Силер айтып жаткан каапырлык жана жалган сөздөрүңөргө каршыЫрайымдууРаббисибизден жардам сурайбыз». Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз