الٓر ۚ كِتَـٰبٌ أَنزَلْنَـٰهُ إِلَيْكَ لِتُخْرِجَ ٱلنَّاسَ مِنَ ٱلظُّلُمَـٰتِ إِلَى ٱلنُّورِ بِإِذْنِ رَبِّهِمْ إِلَىٰ صِرَٰطِ ٱلْعَزِيزِ ٱلْحَمِيدِ ﴿١﴾
Алиф, Лам, Ра. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү Бакара сүрөөсүнүн башталышында айтылган. О, пайгамбар! Аллахтын каалоосу жана жардамы менен сен адамдарды каапырлыктан, билимсиздиктен жана адашуудан ыймандуулукка, илимдүүлүккө, туура жолго чыгарууң үчүн жана эч ким жеңе албаган Күчтүү, бардык нерседе мактооготатыктуу Аллахтын жолу болгон Ислам динине чакырууң үчүн Биз сага бул Куран китепти түшүрдүк
ٱللَّهِ ٱلَّذِى لَهُۥ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ ۗ وَوَيْلٌۭ لِّلْكَـٰفِرِينَ مِنْ عَذَابٍۢ شَدِيدٍ ﴿٢﴾
Асмандардагы жана жердеги мүлктөр жалгыз Аллахка гана таандык. Андыктан Ага жаратылгандардан эч кимди шерик кылбастан сыйынылууга Өзү гана татыктуу. Каапыр болгондоргокатуу азап жетет
ٱلَّذِينَ يَسْتَحِبُّونَ ٱلْحَيَوٰةَ ٱلدُّنْيَا عَلَى ٱلْـَٔاخِرَةِ وَيَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ وَيَبْغُونَهَا عِوَجًا ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ فِى ضَلَـٰلٍۭ بَعِيدٍۢ ﴿٣﴾
Каапыр болгондор бул дүйнө жашоосун жана андагы убактылуу жыргалчылыктарды акыреттен жана андагы түбөлүктүү жыргалчылыктардан жогору коюшат. Ошондой эле адамдардыАллахтын жолунан адаштырышат жана Аллахтын жолун бурмалоону, адамдарды чындыктан адаштырууну жана ал жолду эч ким карманбоосу үчүн ал жолду кармануудан адамдарды башка жакка бурууну каалашат. Мына ушул сыпаттар менен сыпатталгандар акыйкаттан жана тууралыктан алыстаткан адашууда
وَمَآ أَرْسَلْنَا مِن رَّسُولٍ إِلَّا بِلِسَانِ قَوْمِهِۦ لِيُبَيِّنَ لَهُمْ ۖ فَيُضِلُّ ٱللَّهُ مَن يَشَآءُ وَيَهْدِى مَن يَشَآءُ ۚ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ ﴿٤﴾
Аллах тараптан алып келген нерсени түшүнүү жеңил болуусу үчүн кайсы элчини жибербейли, өз элинин тилинде сүйлөгөн адамды гана элчи кылып жибердик. Жана Биз аны Аллахка ыйман келтирүүгө адамдарды мажбурлоосу үчүн жибербедик. Аллах кимди кааласа адилеттүүлүгү менен адаштырат жана кимге кааласа Өз жакшылыгы менен туура жолду карманууга ийгилик берет. Ал эч кимге жеңилбес Күчтүү. Жаратканында жана башкаруусунда Даанышман
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مُوسَىٰ بِـَٔايَـٰتِنَآ أَنْ أَخْرِجْ قَوْمَكَ مِنَ ٱلظُّلُمَـٰتِ إِلَى ٱلنُّورِ وَذَكِّرْهُم بِأَيَّىٰمِ ٱللَّهِ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّكُلِّ صَبَّارٍۢ شَكُورٍۢ ﴿٥﴾
صبار شكور Чындыгында Биз Мусаны жибердик жана анын чынчылдыгын жана ал Раббиси тарабынан жиберилгенин далилдеген аят-белгилер менен аны кубаттадык. Ошондой эле өз коомун каапырлыктан жана наадандыктан ыйманга жана илимге чыгарууга буйрудук. Жана аларга жыргалчылыктарды берген Аллахтын күндөрүн эстетүүгө аны буйрудук. Чындыгында ал күндөрдө Аллахтын жалгыздыгына, Анын улуу кудуретине жана ыймандууларга берилген жакшылыктарына ачык далилдер бар. Мына бул нерсе менен Аллахка ибадат кылууга сабыр кылгандар, Аллахтын жакшылыктарына дайым шүгүр кылгандар пайда алышат. بلغ Куран · Тафсир
وَإِذْ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوْمِهِ ٱذْكُرُوا۟ نِعْمَةَ ٱللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ أَنجَىٰكُم مِّنْ ءَالِ فِرْعَوْنَ يَسُومُونَكُمْ سُوٓءَ ٱلْعَذَابِ وَيُذَبِّحُونَ أَبْنَآءَكُمْ وَيَسْتَحْيُونَ نِسَآءَكُمْ ۚ وَفِى ذَٰلِكُم بَلَآءٌۭ مِّن رَّبِّكُمْ عَظِيمٌۭ ﴿٦﴾
Оо, пайгамбар! Муса Раббисинин буйругун аткарып өз коомунан болгон Исраил урпактарына Аллахтын жакшылыктарын эскертип мындай деп айтты: “Эй, коомум! Аллах силерди Фараондун жан-жөкөрлөрүнөн куткарып, силерди алардын азабынан сактады. Алар силерди катуу азапка салды, анткени силерден Фараондун тактысын ээлеп ала турган урпактар төрөлбөш үчүн эркек уулдарыңардысойду.Силердин аялдарыңардыдүйнө жашоосунда кор кылыш үчүн тирүү калтырды. Алардын бул кылган иштеринде сабырдуулукка болгон чоң сыноо бар.Булсыноогосабыр кылганыңар үчүн Аллахсилерди Фараондун жан-жөкөрлөрүнөн куткарууменен сыйлыгын берди”
وَإِذْ تَأَذَّنَ رَبُّكُمْ لَئِن شَكَرْتُمْ لَأَزِيدَنَّكُمْ ۖ وَلَئِن كَفَرْتُمْ إِنَّ عَذَابِى لَشَدِيدٌۭ ﴿٧﴾
Аларга Муса мындай деп айтты: “Раббиңер силерге кылган ачык билдирүүсүн эстегиле. Эгер силерге берген жогорудагы эскертилген жакшылыктары үчүн Аллахка шүгүр кылсаңар, анда силерге Өз жакшылыгы менен андан да ашырып берет. Эгер Аллах силерге берген жакшылыктарын жокко чыгарып шүгүр кылбасаңар, анда Аллахтын жакшылыктарын жоккочыгарып шүгүр кылбагандар үчүн Аллахтын азабыкатуу”
وَقَالَ مُوسَىٰٓ إِن تَكْفُرُوٓا۟ أَنتُمْ وَمَن فِى ٱلْأَرْضِ جَمِيعًۭا فَإِنَّ ٱللَّهَ لَغَنِىٌّ حَمِيدٌ ﴿٨﴾
Муса өз коомуна мындай деп айтты: “Эй, коомум! Эгер силер каапырлык кылсаңар, анда силер менен бирге жер жүзүндөгү адамдардын баары каапырлык кылышат. Анын зыяны өзүңөргө кайтып келет. Анткени Аллах эч нерсеге муктаж эмес. Ал Өзү мактоого татыктуу. Ага момундун ыйман келтирүүсү эч пайда бербейт. Ошондой эле каапырлардын каапырлыгыэч зыянын тийгизбейт”
أَلَمْ يَأْتِكُمْ نَبَؤُا۟ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِكُمْ قَوْمِ نُوحٍۢ وَعَادٍۢ وَثَمُودَ ۛ وَٱلَّذِينَ مِنۢ بَعْدِهِمْ ۛ لَا يَعْلَمُهُمْ إِلَّا ٱللَّهُ ۚ جَآءَتْهُمْ رُسُلُهُم بِٱلْبَيِّنَـٰتِ فَرَدُّوٓا۟ أَيْدِيَهُمْ فِىٓ أَفْوَٰهِهِمْ وَقَالُوٓا۟ إِنَّا كَفَرْنَا بِمَآ أُرْسِلْتُم بِهِۦ وَإِنَّا لَفِى شَكٍّۢ مِّمَّا تَدْعُونَنَآ إِلَيْهِ مُرِيبٍۢ ﴿٩﴾
Оо, каапырлар! Силерге өзүңөрдөн мурун өткөн жалганчы коомдор, Нух пайгамбардын коому, Худ пайгамбардын Аад коому,Салихпайгамбардын Самуд коомужана алардан кийин келген коомдордун саныкөп болуп,алардын санын Аллахтан башка эч ким санай албагандардыжок кылган кабарыкелген жок беле? Аларга пайгамбарлары ачык далилдерди алып келишти. Алар пайгамбарларына ачуулангандары себептүү бармактарын тиштеп калышты. Ошондо алар пайгамбарларына мындай деп айтышты: “Биз силер жиберилген нерсеге каапыр болдук. Албетте бизди шекке алып бара турган силер чакырып жаткан нерсеге күмөнكсанап жатабыз”
۞ قَالَتْ رُسُلُهُمْ أَفِى ٱللَّهِ شَكٌّۭ فَاطِرِ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۖ يَدْعُوكُمْ لِيَغْفِرَ لَكُم مِّن ذُنُوبِكُمْ وَيُؤَخِّرَكُمْ إِلَىٰٓ أَجَلٍۢ مُّسَمًّۭى ۚ قَالُوٓا۟ إِنْ أَنتُمْ إِلَّا بَشَرٌۭ مِّثْلُنَا تُرِيدُونَ أَن تَصُدُّونَا عَمَّا كَانَ يَعْبُدُ ءَابَآؤُنَا فَأْتُونَا بِسُلْطَـٰنٍۢ مُّبِينٍۢ ﴿١٠﴾
Аларга пайгамбарлары жооп кайтарып мындай деп айтышты: “Аллахты жалгыздоодо жана жалгыз Өзүнө сыйынууда шек барбы? Ал асмандар менен жердин жаратуучусу, ал экөөсүн мурун болбогондой көрүнүштө жаратты. Ал силердин өткөн күнөөңөрдү кечириш үчүн силерди Өзүнө ыйман келтирүүгө чакырып жатат. Силерди дүйнө жашоосундагы белгиленген ажалыңар келгиче кечиктирет”. Ошондо элдери пайгамбарларына мындай дейт:“Силер бизге окшогон адам эмессиңерби?Силерде бизден өзгөчө болотурган нерсе жок го.Силер بلغ Куран · Тафсир мурун ата-бабаларыбыз сыйынган нерседен бизди алыстатууну каалап жатасыңарбы? Анда силер бизге Аллахтан келген пайгамбарларбыз деген сөзүңөргө чынчылболсоңор ачык далилалып келгилечи?”
قَالَتْ لَهُمْ رُسُلُهُمْ إِن نَّحْنُ إِلَّا بَشَرٌۭ مِّثْلُكُمْ وَلَـٰكِنَّ ٱللَّهَ يَمُنُّ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ مِنْ عِبَادِهِۦ ۖ وَمَا كَانَ لَنَآ أَن نَّأْتِيَكُم بِسُلْطَـٰنٍ إِلَّا بِإِذْنِ ٱللَّهِ ۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ ٱلْمُؤْمِنُونَ ﴿١١﴾
Пайгамбарлары аларга жооп кылып мындай деп айтышты: “Биз силер сыяктуу эле адамбыз. Биз силерге окшош экенибизди четке какпайбыз. Бирок, биздин силерге болгон окшоштугубуз бардык нерседе окшошбуз дегенге жатпайт. Аллах өзгөчө жакшылыктарын Өзү каалаган пенделерине берип, адамдардын арасынан пайгамбарларды тандап алат. Силер талап кылган далилди Аллах кааласа гана алып келе алабыз. Ал далилди алып келүү биздин күч-кудуретибизге байланыштуу эмес. Ал далилди алып келүүгө жалгыз Аллахтын гана күч- кудурети жетет. Ошондуктан ыймандуу мусулмандар бардык ишинде жалгыз Аллахка гана тобокел кылышат”
وَمَا لَنَآ أَلَّا نَتَوَكَّلَ عَلَى ٱللَّهِ وَقَدْ هَدَىٰنَا سُبُلَنَا ۚ وَلَنَصْبِرَنَّ عَلَىٰ مَآ ءَاذَيْتُمُونَا ۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ ٱلْمُتَوَكِّلُونَ ﴿١٢﴾
Аллахка тобокел кылуудан бизди кандай каршылык, кандай себеп тыйып турат? Чынында, Аллах бизди эң туура акыйкат жолуна салды. Силер бизди жалганга чыгарып, шылдыңдап азап бергениңерге биз сабыр кылабыз. Жалгыз Аллахка тобокел кылуучулар бардык ишинде Ага гана тобокел кылат
وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لِرُسُلِهِمْ لَنُخْرِجَنَّكُم مِّنْ أَرْضِنَآ أَوْ لَتَعُودُنَّ فِى مِلَّتِنَا ۖ فَأَوْحَىٰٓ إِلَيْهِمْ رَبُّهُمْ لَنُهْلِكَنَّ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿١٣﴾
Өз коомдорунан чыккан элчилерге каапыр болгондор аларга каршыдалил айтуудан алсыз болгон кезде: «Албетте биз силерди айылыбыздан чыгарабыз же болбососилерди сөзсүз диниңерден өзүбүздүн динибизге кайтарабыз» – деп айтышты. Ошондо Аллах аларды бекемдеп пайгамбарларга: «Албетте Биз Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгон заалымдардыкыйратып жок кылабыз»–деп вахий түшүрдү
وَلَنُسْكِنَنَّكُمُ ٱلْأَرْضَ مِنۢ بَعْدِهِمْ ۚ ذَٰلِكَ لِمَنْ خَافَ مَقَامِى وَخَافَ وَعِيدِ ﴿١٤﴾
Оо,элчилер!Биз алардыкыйратып жок кылгандан кийин албетте силерди жана силерди ээрчигендерди булжерге жашатабыз. Бул жалганчы каапырларды кыйратуу, ыймандууларды жана элчилерди бул жерге жашатуу аларды кыйратып жок кылгандан кийин болот. Ал жердеги жашоо Менин улуулугумду, көзөмөлүмдү сезе билген жана эскерткен азабымдан корккон адамдар үчүн гана болот
وَٱسْتَفْتَحُوا۟ وَخَابَ كُلُّ جَبَّارٍ عَنِيدٍۢ ﴿١٥﴾
Элчилер Раббисинен душмандарын жеңүүгө жардам сурашты. Акыйкатка каршы чыккан бардык тоң моюн текеберлер зыянга учурашты. Акыйкат анык болсода аныээрчишпеди
مِّن وَرَآئِهِۦ جَهَنَّمُ وَيُسْقَىٰ مِن مَّآءٍۢ صَدِيدٍۢ ﴿١٦﴾
Кыямат күнү бул текебердин алдында тозок күтүп турат. Анткени ал тозок анын бараар жайы. Анда ага тозок ээлеринен аккан ириңден ичирилет. Мындан анын чаңкоосу да таркабайт. Ал дайыма чаңкоолук менен жана андан башка түрдүүазаптар менен азапталат. بلغ Куран · Тафсир
يَتَجَرَّعُهُۥ وَلَا يَكَادُ يُسِيغُهُۥ وَيَأْتِيهِ ٱلْمَوْتُ مِن كُلِّ مَكَانٍۢ وَمَا هُوَ بِمَيِّتٍۢ ۖ وَمِن وَرَآئِهِۦ عَذَابٌ غَلِيظٌۭ ﴿١٧﴾
Ал ириң аябай ачуу, ысык, сасык жыты болгондугу үчүн кыйналып кайра кайра ичүүгө аракет кылат. Аны жутууга күчү да жетпейт. Ага ар тараптан өлүмгө тете болгон катуу азаптан өлүм келет. Ал эс алуу үчүн өлүп да калбайт. Тескерисинче, ал азапты чегип тирүү бойдон кала берет. Жана анын алдында андан да башка катуу азап күтүп турат
مَّثَلُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِرَبِّهِمْ ۖ أَعْمَـٰلُهُمْ كَرَمَادٍ ٱشْتَدَّتْ بِهِ ٱلرِّيحُ فِى يَوْمٍ عَاصِفٍۢ ۖ لَّا يَقْدِرُونَ مِمَّا كَسَبُوا۟ عَلَىٰ شَىْءٍۢ ۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلضَّلَـٰلُ ٱلْبَعِيدُ ﴿١٨﴾
Каапырлар берген садака, башкаларга жакшылык кылуусу, алсыздарга ырайымдуулук кылуусу сыяктуу жакшылык иш-аракеттеринин мисалыбороондуу күндө шамал учуруп кеткен күлгө окшош. Анткени анышамал көтөрүп ар тарапка изин калтырбай чачып салат. Кудум ушундай эле каапырлардын каапырчылыгы да жакшылык иш- аракеттерин учуруп жок кылат. Кыямат күнү жакшылык иш-аракеттери аларга пайда бербейт. Иш-аракеттер ыйманга негизделбеген болсо, анда ал акыйкат жолунан алыс болгон адашуу болот
أَلَمْ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ خَلَقَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ بِٱلْحَقِّ ۚ إِن يَشَأْ يُذْهِبْكُمْ وَيَأْتِ بِخَلْقٍۢ جَدِيدٍۢ ﴿١٩﴾
Оо, адам! Билесиңби? Албетте Аллах асмандар менен жерди акыйкат үчүн жаратты. Мына ошондуктан ал экөөсүн максатсыз жараткан жок. Эгер Аллах силерди жок кылып ордуңарга Өзүнө гана сыйынган, моюн сунган башка адамдардыалып келүүнү кааласа, анда силерди жок кылып Өзүнө гана сыйынган, моюн сунган башка адамдарды алып келип коёт.Анткени алиш Аллахка өтө жеңил
وَمَا ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ بِعَزِيزٍۢ ﴿٢٠﴾
Силерди кыйратып силерден башка адамдарды алып келүү Ага оор эмес. Ал бардык нерсеге кудуреттүү. Аны алсырата турган эч нерсе жок
وَبَرَزُوا۟ لِلَّهِ جَمِيعًۭا فَقَالَ ٱلضُّعَفَـٰٓؤُا۟ لِلَّذِينَ ٱسْتَكْبَرُوٓا۟ إِنَّا كُنَّا لَكُمْ تَبَعًۭا فَهَلْ أَنتُم مُّغْنُونَ عَنَّا مِنْ عَذَابِ ٱللَّهِ مِن شَىْءٍۢ ۚ قَالُوا۟ لَوْ هَدَىٰنَا ٱللَّهُ لَهَدَيْنَـٰكُمْ ۖ سَوَآءٌ عَلَيْنَآ أَجَزِعْنَآ أَمْ صَبَرْنَا مَا لَنَا مِن مَّحِيصٍۢ ﴿٢١﴾
Убада берилген күнү адамдар кабырларынан Аллахтын алдына чыгышты. Ошондоээрчиген алсыз адамдар аттуу- баштууларга айтышты: «Оо, эл башчылары! Чындыгында биз силердин буйруган буйруктарыңарды аткарып, тыйган нерселериңерден тыйылып силерди ээрчидик эле. Эми силер бизди Аллахтын азабынан куткара аласыңарбы?» Аттуу-баштуулар мындай деп жооп беришти: «Эгерде Аллах бизди туура жолго баштаса, анда биз дагы силерди туура жолго багыттайт элек. Ошондо баарыбыз Аллахтын азабынан кутулмакпыз. Бирок биз адаштык жана силерди да адаштырдык. Эми азап бизге да силерге да аны көтөрүүдө алсыздык кылабызбы же сабыр кылабызбы бирдей болот. Бизди ал азаптан эч ким куткарбайт». بلغ Куран · Тафсир
وَقَالَ ٱلشَّيْطَـٰنُ لَمَّا قُضِىَ ٱلْأَمْرُ إِنَّ ٱللَّهَ وَعَدَكُمْ وَعْدَ ٱلْحَقِّ وَوَعَدتُّكُمْ فَأَخْلَفْتُكُمْ ۖ وَمَا كَانَ لِىَ عَلَيْكُم مِّن سُلْطَـٰنٍ إِلَّآ أَن دَعَوْتُكُمْ فَٱسْتَجَبْتُمْ لِى ۖ فَلَا تَلُومُونِى وَلُومُوٓا۟ أَنفُسَكُم ۖ مَّآ أَنَا۠ بِمُصْرِخِكُمْ وَمَآ أَنتُم بِمُصْرِخِىَّ ۖ إِنِّى كَفَرْتُ بِمَآ أَشْرَكْتُمُونِ مِن قَبْلُ ۗ إِنَّ ٱلظَّـٰلِمِينَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌۭ ﴿٢٢﴾
Бейиш ээлери бейишке жана тозок ээлери тозокко киришкенде шайтан мындай деди: «Чындыгында Аллах силерге акыйкат убада берди. Жана силерге берген убадасын аткарды. Ал эми мен жалган убада бердим. Жана силерге берген убадамдыаткарган жокмун.Дүйнөдө мен силерди каапырлыкка жана адашууга мажбурлай турган эч кандай күчүм жок болчу. Болгону мен силерди каапырлыкка чакырып, күнөө иштерди кооз кылып көрсөттүм эле силер мени жарышып ээрчип кеттиңер. Андыктан силердин башыңарга түшкөн адашуу үчүн мени күнөөлөбөгүлө. Силер өзүңөрдү өзүңөр күнөөлөгүлө. Ал бирөөнү жемелөөдөн жакшыраак. Мен силерди азаптан куткарып жардам бере албайм. Силер дагы мени азаптан куткарып жардам бере албайсыңар. Силер мени Аллахка сыйынууда Ага шерик кылууңарды четке кактым. Чындыгында дүйнөдө Аллахка шерик келтирип, ага каапыр болгон залымдардыкыямат күнүкүтүп турган жан ооруткан азап бар»
وَأُدْخِلَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ جَنَّـٰتٍۢ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَـٰرُ خَـٰلِدِينَ فِيهَا بِإِذْنِ رَبِّهِمْ ۖ تَحِيَّتُهُمْ فِيهَا سَلَـٰمٌ ﴿٢٣﴾
سلم Ал эми залымдардын бара турган жеринин карама каршысында, ыйман келтиргендер жана жакшы иш- аракеттерди аткаргандарды кан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар аккан бейишке киргизди. Алар ал жакта Раббисинин уруксаты жана кудурети менен гана түбөлүк жашашат. Алар бири-бири менен саламдашышат жана периштелер да алар менен саламдашат. Ошондой эле Раббиси аларга Өзүнүн саламыменен аларга салам берет
أَلَمْ تَرَ كَيْفَ ضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلًۭا كَلِمَةًۭ طَيِّبَةًۭ كَشَجَرَةٍۢ طَيِّبَةٍ أَصْلُهَا ثَابِتٌۭ وَفَرْعُهَا فِى ٱلسَّمَآءِ ﴿٢٤﴾
Оо, пайгамбар! Аллах «Аллахтан башка кудай жок» деген күбөлүк келмесине кандай мисал келтиргенин билесиңби? Ал ага мөмөлүү даракты мисал кылды. Ал дарак курма дарагы. Ал дарактын сөңгөгү жердин түбүнө терең кирип, жакшы тамырлары менен суу ичет. Ал эми анын бутактары асманга көтөрүлүп, шүдүрүмдөн ичет жана таза аба менен дем алат
تُؤْتِىٓ أُكُلَهَا كُلَّ حِينٍۭ بِإِذْنِ رَبِّهَا ۗ وَيَضْرِبُ ٱللَّهُ ٱلْأَمْثَالَ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ ﴿٢٥﴾
Бул мөмөлүү бак Раббисинин буйругу менен жакшы мөмөсүн бардык мезгилде берип турат. Аллах таала адамдарга ушулсыяктуумисалдардыбалким алар эстерине келишет деп айтып турат
وَمَثَلُ كَلِمَةٍ خَبِيثَةٍۢ كَشَجَرَةٍ خَبِيثَةٍ ٱجْتُثَّتْ مِن فَوْقِ ٱلْأَرْضِ مَا لَهَا مِن قَرَارٍۢ ﴿٢٦﴾
Ал эми ыплас ширк сөзүнүн мисалыжаман дарак сыяктуу. Ал дарак ханзал дарагы. Ал өзүнүн тамырынан жулунуп калган. Жерге туруктуу негизи жок. Ал асманга карай көтөрүлбөйт. Ошондуктан ал куурап өлүп калат да аны шамал учуруп кетет. Мына ошондой эле каапырлык сөздөр акыр аягыбарып жок болот. Ал сөздөрдү айткан адам үчүн Аллахтын алдында жакшыиш болуп жазылбайт. بلغ Куран · Тафсир
يُثَبِّتُ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ بِٱلْقَوْلِ ٱلثَّابِتِ فِى ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا وَفِى ٱلْـَٔاخِرَةِ ۖ وَيُضِلُّ ٱللَّهُ ٱلظَّـٰلِمِينَ ۚ وَيَفْعَلُ ٱللَّهُ مَا يَشَآءُ ﴿٢٧﴾
Аллахыймандуулардын ыйманын булдүйнөдө бекем күбөлүк келмеси менен толук бекемдейт.Алардын ыйманы толук болгон абалда бул дүйнөдөн кайтышат. Кабыр жашоосунда аларга суроо берилген кезде жана кыямат күнүндө кубаттайт. Аллах залымдарды Раббисине ширк келтирүү менен жана туура жолдон баш тартуусу менен адаштырат. Аллах каалаганын ишке ашырат – кимди адаштырууну кааласа, анда аны адилеттүүлүгү менен адаштырат. Ошондой эле кимди туура жолго салууну кааласа, аны Өзүнүн жакшылыгы менен туура жолго салат. Аллахты эч ким мажбурлай албайт
۞ أَلَمْ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ بَدَّلُوا۟ نِعْمَتَ ٱللَّهِ كُفْرًۭا وَأَحَلُّوا۟ قَوْمَهُمْ دَارَ ٱلْبَوَارِ ﴿٢٨﴾
Аллахтын жакшылыктарын алмаштырган Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгон курейш уруусунун абалын көрбөдүңбү? Мухаммад пайгамбар болуп жиберилген жана Харам жерин аман кылып койгон жакшылыктарды алар Раббисинен келген акыйкатты жалганга чыгарган каапырлыгы менен алмаштырышты. Жана алардын коомунан алардыкаапырлыкта ээрчиген адамдардыкыйратуучу жайга түшүрүштү
جَهَنَّمَ يَصْلَوْنَهَا ۖ وَبِئْسَ ٱلْقَرَارُ ﴿٢٩﴾
Кыйратуучу жай – алар кире турган тозок жайы. Алар анын ысыгын татышат. Алардын кала турган жайы– кандай жаман жай болду
وَجَعَلُوا۟ لِلَّهِ أَندَادًۭا لِّيُضِلُّوا۟ عَن سَبِيلِهِۦ ۗ قُلْ تَمَتَّعُوا۟ فَإِنَّ مَصِيرَكُمْ إِلَى ٱلنَّارِ ﴿٣٠﴾
Мушриктер ээрчиген адамдардыАллахтын жолунан адаштыргандан кийин дагыда адаштырууүчүн кудайларын Аллахка теңдеш кылышты жана Ага окшоштурушту. Эй, пайгамбар! Аларга: “Бул дүйнөдө кумарга баткан жашооңордо жыргай бергиле жана шектенген күмөнүңөрдү тарата бергиле. Албетте кыямат күнүндө бара турган жайыңар тозок болот. Андан башка жакка кетеرалбайсыңар”– деп айткын
قُل لِّعِبَادِىَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ يُقِيمُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَيُنفِقُوا۟ مِمَّا رَزَقْنَـٰهُمْ سِرًّۭا وَعَلَانِيَةًۭ مِّن قَبْلِ أَن يَأْتِىَ يَوْمٌۭ لَّا بَيْعٌۭ فِيهِ وَلَا خِلَـٰلٌ ﴿٣١﴾
خلل Оо, пайгамбар! Ыймандууларга мындай деп айт: “Оо, ыймандуулар! Намазды толук түрдө окугула. Дос досуна шапаат кыла албаган, Аллахтын азабынан кутулуу үчүн соодалашуу жана кун төлөө кабыл алынбаган күн келе электе, силер Аллах берген ырыскылардан парз жана нафил садакалардан бергиле. Садаканы эл көрүнүүдөн сактанууүчүн жашыруун түрдө жана башкаларга үлгүболууүчүн ачык түрдө бергиле
ٱللَّهُ ٱلَّذِى خَلَقَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَأَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ فَأَخْرَجَ بِهِۦ مِنَ ٱلثَّمَرَٰتِ رِزْقًۭا لَّكُمْ ۖ وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلْفُلْكَ لِتَجْرِىَ فِى ٱلْبَحْرِ بِأَمْرِهِۦ ۖ وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلْأَنْهَـٰرَ ﴿٣٢﴾
Аллахасмандардыжана жерди мурда болбогон көрүнүштө жоктон бар кылды.Асмандан жамгыр суусун түшүрдү. Оо, адамдар! Силерге ырыскы кылып жааган жамгырдан ар түрдүү мөмө-жемиштерди чыгарды. Ошондой эле силерге тагдыр кылып суу үстүндө жүргөн кемелерди жана суусун ичүү үчүн дарыяларды баш ийдирип койду. Андан малыңардыжана эгиниңерди суугарасыңар. بلغ Куран · Тафсир
وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلشَّمْسَ وَٱلْقَمَرَ دَآئِبَيْنِ ۖ وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلَّيْلَ وَٱلنَّهَارَ ﴿٣٣﴾
Токтобой чыгып турган Күн менен Айды жана биринин артынан бири келген күн менен түндү силерге баш ийдирди.Түн силерди уктап эс алууңар үчүн,күндүзүсилер сергек болуп мээнет кылууңар үчүн
وَءَاتَىٰكُم مِّن كُلِّ مَا سَأَلْتُمُوهُ ۚ وَإِن تَعُدُّوا۟ نِعْمَتَ ٱللَّهِ لَا تُحْصُوهَآ ۗ إِنَّ ٱلْإِنسَـٰنَ لَظَلُومٌۭ كَفَّارٌۭ ﴿٣٤﴾
Ал силерге талап кылган нерсеңердин баарын берди. Талап кылбаган нерсеңерди да берди. Эгерде Аллахтын жакшылыктарын эсептесеңер, анда алардын көптүгүнөн эсептеп бүтө албайсыңар. Силерге айтылган жакшылыктар – жакшылыктардын кээ бир мисалдары. Чындыгында адам өзүнө көп зулумдук кылат жана Аллах тааланын жакшылыктарын көп четке кагат
وَإِذْ قَالَ إِبْرَٰهِيمُ رَبِّ ٱجْعَلْ هَـٰذَا ٱلْبَلَدَ ءَامِنًۭا وَٱجْنُبْنِى وَبَنِىَّ أَن نَّعْبُدَ ٱلْأَصْنَامَ ﴿٣٥﴾
Оо, пайгамбар! Ибрахим баласы Исмаилди жана анын апасы Хажарды Меккенин бир талаасына алып келгенде мындай деп айтканын эстегин:“Оо,Раббим!Мен үй-бүлөмдүжашаткан булжерди (Меккени) тынчтык орногон жер кылгын. Бул жерди кан төгүлбөгөн жана эч ким зулумдук көрбөгөн жер кылгын. Ошондой эле мени жана балдарымды айкелдерге сыйынуудан алыс кылгын” – деп дуба кылды
رَبِّ إِنَّهُنَّ أَضْلَلْنَ كَثِيرًۭا مِّنَ ٱلنَّاسِ ۖ فَمَن تَبِعَنِى فَإِنَّهُۥ مِنِّى ۖ وَمَنْ عَصَانِى فَإِنَّكَ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ ﴿٣٦﴾
О, Раббим! Чынында, айкелдер адамдардын көбүн адаштырды. Айкелдер адамдарга колдоочу болот деп ойлоп ага азгырылышты жана Аллахтан башкага сыйынышты. Адамдардан ким мени Аллахты жалгыздоодо жана Ага моюн сунууда ээрчисе, анда ал менден жана мени ээрчигендерден. Ал эми ким менден баш тартса, анда ал жалгыз Аллахка сыйынууда жана Ага моюн сунууда мени ээрчигендерден эмес. О, Раббим! Сен кимди кааласаң кечиресиң. Чынында, Сен күнөөлөрдү Кечирүүчүсүң, аларга Ырайымдуусуң
رَّبَّنَآ إِنِّىٓ أَسْكَنتُ مِن ذُرِّيَّتِى بِوَادٍ غَيْرِ ذِى زَرْعٍ عِندَ بَيْتِكَ ٱلْمُحَرَّمِ رَبَّنَا لِيُقِيمُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ فَٱجْعَلْ أَفْـِٔدَةًۭ مِّنَ ٱلنَّاسِ تَهْوِىٓ إِلَيْهِمْ وَٱرْزُقْهُم مِّنَ ٱلثَّمَرَٰتِ لَعَلَّهُمْ يَشْكُرُونَ ﴿٣٧﴾
Оо, Раббибиз! Чындыгында мен балдарымдын кээ бирлерин Меккеде калтырдым. Алар Исмаилдин урпактары. Өсүмдүк өспөгөн, жака белинде суу чыкпаган Мекке өрөөнүндө балдары калышты. Оо, Раббибиз! Аларды Меккенин жанында жашат, алар ал жерде намаздарын окушсун. Оо, Раббим! Адамдардын жүрөгүн аларга жумшак кыла көр.Алар Сен берген жакшылыктарыңа шүгүр кылуусуүчүн мөмөлөрдөн ырыскыбере көр!
رَبَّنَآ إِنَّكَ تَعْلَمُ مَا نُخْفِى وَمَا نُعْلِنُ ۗ وَمَا يَخْفَىٰ عَلَى ٱللَّهِ مِن شَىْءٍۢ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَا فِى ٱلسَّمَآءِ ﴿٣٨﴾
ى Оо,Раббибиз!Чындыгында,Сен биз жашырган нерселердин жана ачык жасаган нерселердин бардыгын билесиң. Аллахка жерде да, асманда да эч нерсе жашыруун эмес. Тескеринче Ал баарын билет. Жана Ага биздин муктаждыктарыбыз, кедейлигибиз да жашыруун эмес. بلغ Куран · Тафсир
ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ ٱلَّذِى وَهَبَ لِى عَلَى ٱلْكِبَرِ إِسْمَـٰعِيلَ وَإِسْحَـٰقَ ۚ إِنَّ رَبِّى لَسَمِيعُ ٱلدُّعَآءِ ﴿٣٩﴾
Мактоо-шүгүрлөр Аруу зат Аллахка болсун. Ал менин дубамды кабыл кылып ыймандуу балдарды берди. Ал мага жашым өткөн кезде Хажардан Исмаилди берди жана Сарадан Исхакты берди. Чынында Аллах таала ким дуба кылса, дубаны Угуучу
رَبِّ ٱجْعَلْنِى مُقِيمَ ٱلصَّلَوٰةِ وَمِن ذُرِّيَّتِى ۚ رَبَّنَا وَتَقَبَّلْ دُعَآءِ ﴿٤٠﴾
Оо, Раббим! Мени намазды толук окугандардан кыл. Ошондой эле менин урпактарымды да намазды толук окугандардан кыл. Оо, Раббибиз! Менин дубама жооп бер жана аныкабыл кыл
رَبَّنَا ٱغْفِرْ لِى وَلِوَٰلِدَىَّ وَلِلْمُؤْمِنِينَ يَوْمَ يَقُومُ ٱلْحِسَابُ ﴿٤١﴾
Оо, Раббибиз! Менин күнөөлөрүмдү кечире көр, ата-энемдин күнөөлөрүн кечире көр (атасы Аллахтын душманы экенин биле электе айткан. Качан атасы Аллахтын душманы экенин билгенде андан алыстап кеткен) жана ыймандуулардын күнөөлөрүн адамдар сурак берүүүчүн Раббисинин алдына барганда кечире көр!
وَلَا تَحْسَبَنَّ ٱللَّهَ غَـٰفِلًا عَمَّا يَعْمَلُ ٱلظَّـٰلِمُونَ ۚ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍۢ تَشْخَصُ فِيهِ ٱلْأَبْصَـٰرُ ﴿٤٢﴾
Оо, пайгамбар! Эгерде Аллах залымдардын азабын кечиктирип жатса, сен Аллахты залымдар кылып жаткандарынан, жалган айтып Аллахтын жолунан тоскондорунан ж.б.у.с. нерселеринен капилетте деп ойлобо. Албетте Аллах ал нерселерди Билүүчү. Андан эч нерсе жашыруун болуп калбайт. Болгону Ал алардын жазасын кыямат күнгө калтырды.Мына ошолкүндө көздөр көргөн нерсесинен корккондугунан көктүкарап калат
مُهْطِعِينَ مُقْنِعِى رُءُوسِهِمْ لَا يَرْتَدُّ إِلَيْهِمْ طَرْفُهُمْ ۖ وَأَفْـِٔدَتُهُمْ هَوَآءٌۭ ﴿٤٣﴾
Адамдар кабырынан турган кезде алардычакырган жакка шашып барышат. Баштарын көтөрүп корккон абалда асманды карашат. Көрүшкөн нерсесин корккондугунан көздөрүн ала алышпай катып карап калышат. Көргөн нерсесинен коркуп калышкандыктан алардын жүрөктөрүнүн акылы кетип бош болуп, түшүнүүсү да жок болуп калышат
وَأَنذِرِ ٱلنَّاسَ يَوْمَ يَأْتِيهِمُ ٱلْعَذَابُ فَيَقُولُ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ رَبَّنَآ أَخِّرْنَآ إِلَىٰٓ أَجَلٍۢ قَرِيبٍۢ نُّجِبْ دَعْوَتَكَ وَنَتَّبِعِ ٱلرُّسُلَ ۗ أَوَلَمْ تَكُونُوٓا۟ أَقْسَمْتُم مِّن قَبْلُ مَا لَكُم مِّن زَوَالٍۢ ﴿٤٤﴾
Оо, пайгамбар! Үммөтүңдү кыямат күнүндөгү Аллахтын азабы менен коркут. Мына ошол күнү өздөрүнө ширк жана каапырлык менен зулум кылгандар мындай деп айтышат:«Оо,Раббибиз!Бизге убакыт бер,азабыңдыкечиктирип тур. Бизди бул дүйнөгө бир аз мөөнөткө кайтар, биз Сага ыйман келтирип, бизге жөнөткөн элчилериңди ээрчийбиз». Мына ошондо аларды жемелеп мындай жооп кайтарылат: «Силер бул дүйнөдө жүргөндө ушул дүйнөдөн акыретке барбайбыз деп ант ичтиңер. Ошондой эле өлгөндөн кийин кайра тирилүүнү четке кактыңар эле». بلغ Куран · Тафсир
وَسَكَنتُمْ فِى مَسَـٰكِنِ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ وَتَبَيَّنَ لَكُمْ كَيْفَ فَعَلْنَا بِهِمْ وَضَرَبْنَا لَكُمُ ٱلْأَمْثَالَ ﴿٤٥﴾
Силерден мурунку жашаган коомдордун жерлерине келип жашадыңар. Алар силерге чейин Аллахка капырлык кылып, алар өздөрүнө өздөрү зулум кылышты. Алар Худ жана Салих пайгамбарлардын коому. Аларды кантип жазалаганыбыз силерге маалым. Ошондой эле силер сабак алыш үчүн ал туурасында Аллахтын китебинде көптөгөн мисалдардыкелтирдик.Андан силер кандай сабак алдыңар?
وَقَدْ مَكَرُوا۟ مَكْرَهُمْ وَعِندَ ٱللَّهِ مَكْرُهُمْ وَإِن كَانَ مَكْرُهُمْ لِتَزُولَ مِنْهُ ٱلْجِبَالُ ﴿٤٦﴾
Залым коомдордун жашаган жерлерине келип отурукташкан адамдар пайгамбардыөлтүрүп,дааватын токтотууга айла-амал ойлошту. Аллах алар эмне уюштуруп жаткандарын билет жана алар кылып жаткан нерселеринин эч бири Аллахка жашыруун эмес. Алардын айла-амалы алсыз. Алардын айла-амалы алсыз болгондуктан тоону жана башка нерсени дагыжок кыла албайт. Ал эми Аллахтын айла-амалыалардыкынан күчтүү
فَلَا تَحْسَبَنَّ ٱللَّهَ مُخْلِفَ وَعْدِهِۦ رُسُلَهُۥٓ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌۭ ذُو ٱنتِقَامٍۢ ﴿٤٧﴾
Оо, пайгамбар! Пайгамбарларына жеңишти жана динди үстөм кылууну убада кылган Аллахтын ошол пайгамбарларына берген убадасын бузат деп ойлобо. Чындыгында Аллах Кудуреттүү, аны эч ким жеңе албайт. Ошондой эле Өзүнүн сүйүктүү пенделерин урматтайт. Өзүнүн жана пайгамбарынын душмандарынан катуу өч алуучу
يَوْمَ تُبَدَّلُ ٱلْأَرْضُ غَيْرَ ٱلْأَرْضِ وَٱلسَّمَـٰوَٰتُ ۖ وَبَرَزُوا۟ لِلَّهِ ٱلْوَٰحِدِ ٱلْقَهَّارِ ﴿٤٨﴾
Ал капырлардан өч алуу кыямат күнү болот. Ал күнү бул жер башка аппак таза жерге алмашат. Ошондой эле асман дагыбашка асманга алмашат. Андан кийин адамдардын баарыөз денелери, иштери менен кабырларынан туруп жалгыз Аллахтын алдына сурак берүүгө турат. Аллах Өзүнүн падышачылыгында жана улуктугунда жалгыз. Ал Каардуу, баарын багынтат, бирок багынбайт. Ал баарынан үстөмүк кылат жана Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт
وَتَرَى ٱلْمُجْرِمِينَ يَوْمَئِذٍۢ مُّقَرَّنِينَ فِى ٱلْأَصْفَادِ ﴿٤٩﴾
سَرَابِيلُهُم مِّن قَطِرَانٍۢ وَتَغْشَىٰ وُجُوهَهُمُ ٱلنَّارُ ﴿٥٠﴾
Оо, пайгамбар! Жер башка жерге алмашып, асмандар дагы алмашкан күнү капырлар менен мушриктерди көрөсүң. Алар бири-бирине кишенделип, ал эми алардын колдору менен буттары мойндарына бириктирилип чынжыр менен байланат. Алардын кийген кийимдери кара майдан (ал кату күйө турган суюктуктан жазалган тозок кийими).Алардын жүздөрүн алоолонгон от каптап турат
لِيَجْزِىَ ٱللَّهُ كُلَّ نَفْسٍۢ مَّا كَسَبَتْ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَرِيعُ ٱلْحِسَابِ ﴿٥١﴾
Аллах ар бир адамдын кылган жакшыишине же жаман ишине жараша сыйлыгын же жазасын берет. Чындыгында, Аллахиш-аракеттердин эсебин тез берүүчү. بلغ Куран · Тафсир
هَـٰذَا بَلَـٰغٌۭ لِّلنَّاسِ وَلِيُنذَرُوا۟ بِهِۦ وَلِيَعْلَمُوٓا۟ أَنَّمَا هُوَ إِلَـٰهٌۭ وَٰحِدٌۭ وَلِيَذَّكَّرَ أُو۟لُوا۟ ٱلْأَلْبَـٰبِ ﴿٥٢﴾
БулМухаммадка түшкөн Куран Аллахтан адамзатка келген билдирүү.Андагыкатууазаптар менен коркутуулардан корккула. Жана сыйынууга татыктуу жалгыз Аллах экенин билгиле. Андыктан Агагана сыйынып жана Ага эч бир шерик кошпогула. Бул нерседен таза акыл ээлери үлгү сабактарды алышсын. Анткени ошолор үлгүлүү сабактардан пайда алышат. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран