الٓمٓر ۚ تِلْكَ ءَايَـٰتُ ٱلْكِتَـٰبِ ۗ وَٱلَّذِىٓ أُنزِلَ إِلَيْكَ مِن رَّبِّكَ ٱلْحَقُّ وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يُؤْمِنُونَ ﴿١﴾
Алиф, лаам, ро. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башталышында айтылган. Эй, пайгамбар! Бул сүрөөдөгү ушул улуу аяттар жана Аллах сага түшүргөн Куран – эч кандай шек-күмөнү жок акыйкат. Ал Аллахтын алдынан экендигинде шек жок. Бирок адамдардын көпчүлүгү көк беттиктен жана текеберликтен ага ыйман لкелтиришпейт
ٱللَّهُ ٱلَّذِى رَفَعَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ بِغَيْرِ عَمَدٍۢ تَرَوْنَهَا ۖ ثُمَّ ٱسْتَوَىٰ عَلَى ٱلْعَرْشِ ۖ وَسَخَّرَ ٱلشَّمْسَ وَٱلْقَمَرَ ۖ كُلٌّۭ يَجْرِى لِأَجَلٍۢ مُّسَمًّۭى ۚ يُدَبِّرُ ٱلْأَمْرَ يُفَصِّلُ ٱلْـَٔايَـٰتِ لَعَلَّكُم بِلِقَآءِ رَبِّكُمْ تُوقِنُونَ ﴿٢﴾
Аллах силер көрүп турган бийик асмандарды тирөөчсүз жаратты. Андан соң эч бир нерсеге окшобогон жана кандай болгондугубелгисиз абалда Өзүнө ылайык келгендей Аршка көтөрүлүп бийиктеди.Жана Күн менен Айды адамдардын пайдаларыүчүн баш ийдирди. Аллахтын илиминде Күн дагыАй дагыбелгиленген мөөнөткө чейин жүрөт. Аллах асмандар менен жердеги иштерди Өзү каалагандай башкарат. Кыямат күнү Раббиңер менен жолугууга толук ишенип, ага жакшылык иштер менен даярдангыла деген үмүттө Ал Өзүнүн кудуреттүүлүгүн билдирген аят-белгилерди ачыктап көрсөтөт
وَهُوَ ٱلَّذِى مَدَّ ٱلْأَرْضَ وَجَعَلَ فِيهَا رَوَٰسِىَ وَأَنْهَـٰرًۭا ۖ وَمِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ جَعَلَ فِيهَا زَوْجَيْنِ ٱثْنَيْنِ ۖ يُغْشِى ٱلَّيْلَ ٱلنَّهَارَ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّقَوْمٍۢ يَتَفَكَّرُونَ ﴿٣﴾
Аллах Таала жерди жайык кылып, адамдарды силкип жибербөөсү үчүн анда бекем тоолорду жаратты. Адамдар, алардын малдары жана эгин-тегиндери суу ичүү үчүн дарыяларды агызды. Айбанаттарды эркек-ургаачы кылган сыяктуу мөмө-жемиштерди да баарын эки түрдүү кылды. Ал түндү күндүзгө каптатып, жарык караңгыга айланат. Чынында, бул айтылгандарда Аллахжараткан нерселер тууралуу ой жүгүртүп, пикир кылгандар үчүн аят-далилдер бар. Мына ошолор бул аят-далилдерден пайда алышат
وَفِى ٱلْأَرْضِ قِطَعٌۭ مُّتَجَـٰوِرَٰتٌۭ وَجَنَّـٰتٌۭ مِّنْ أَعْنَـٰبٍۢ وَزَرْعٌۭ وَنَخِيلٌۭ صِنْوَانٌۭ وَغَيْرُ صِنْوَانٍۢ يُسْقَىٰ بِمَآءٍۢ وَٰحِدٍۢ وَنُفَضِّلُ بَعْضَهَا عَلَىٰ بَعْضٍۢ فِى ٱلْأُكُلِ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّقَوْمٍۢ يَعْقِلُونَ ﴿٤﴾
ى Жер бетинде жакын жайгашкан жер тилкелери, жүзүм бактар, эгинзарлар, бир өзөктөн чыккан курмалар жана өзөктөрүар башка курмалар бар.Мына ошолбакчалар жана эгинзарлар бир суудан сугарылат.Алар бир жерден суу ичип, жакын жайгашканына карабастан пайдаларыүчүн Биз алардыдаамында жана башка нерселерде бири- биринен артык кылабыз. Чындыгында бул айтылгандарда акыл жүгүрткөн адамдар үчүн далилдер бар. Анткени мына ошолор булнерселерден сабак алышат
۞ وَإِن تَعْجَبْ فَعَجَبٌۭ قَوْلُهُمْ أَءِذَا كُنَّا تُرَٰبًا أَءِنَّا لَفِى خَلْقٍۢ جَدِيدٍ ۗ أُو۟لَـٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِرَبِّهِمْ ۖ وَأُو۟لَـٰٓئِكَ ٱلْأَغْلَـٰلُ فِىٓ أَعْنَاقِهِمْ ۖ وَأُو۟لَـٰٓئِكَ أَصْحَـٰبُ ٱلنَّارِ ۖ هُمْ فِيهَا خَـٰلِدُونَ ﴿٥﴾
Оо, пайгамбар! Эгерде бир нерсеге таң калчу болсоң, анда алардын кайрадан тирилүүнү жалганга чыгаргандарына жана аныжоккочыгарып “биз өлүп топуракка жана чириген сөөккө айлангандан кийин بلغ Куран · Тафсир кайрадан тирилмек белек?!” деп далил кылган сөздөрүнө таң калганың татыктуураак. Раббисине каапырлык кылышып, өлгөндөрдү кайра тирилтүүгө Анын кудурети жетпейт деп өлүмдөн кийин кайра тирилүүнү жокко чыгаргандар – ошолор кыямат күнү моюндарына оттон болгон чынжырлар оролгондор, мына ошолор тозокко киргендер.Алар алжайда түбөлүк калышат,алар жок да болушпайт жана алардан азап токтотулбайт
وَيَسْتَعْجِلُونَكَ بِٱلسَّيِّئَةِ قَبْلَ ٱلْحَسَنَةِ وَقَدْ خَلَتْ مِن قَبْلِهِمُ ٱلْمَثُلَـٰتُ ۗ وَإِنَّ رَبَّكَ لَذُو مَغْفِرَةٍۢ لِّلنَّاسِ عَلَىٰ ظُلْمِهِمْ ۖ وَإِنَّ رَبَّكَ لَشَدِيدُ ٱلْعِقَابِ ﴿٦﴾
Оо, пайгамбар! Мушриктер сенден азапты шаштырышат. Аллах аларга тагдыр кылган жакшылыктарды толук алышканга чейин азаптын келиши кечигип кетти дешет. Алардан мурун аларга окшогон жалганчыкоомдор да жазаланышкан. Эмнеге алардан сабак алышпайт? Эй, пайгамбар! Чындыгында Раббиң адамдар зулумдук кылышса дагы аларга кечиримдүү. Алар Аллахка тообо кылуулары үчүн аларды жазалоого шашылбайт. Ошондой эле Ал каапырлыктан кайтпагандар тообо кылышпаса аларды катуу жазалайт
وَيَقُولُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَوْلَآ أُنزِلَ عَلَيْهِ ءَايَةٌۭ مِّن رَّبِّهِۦٓ ۗ إِنَّمَآ أَنتَ مُنذِرٌۭ ۖ وَلِكُلِّ قَوْمٍ هَادٍ ﴿٧﴾
Аллахка каапырлык кылгандар баш тарткандарынан жана көк беттиктеринен кайтышпай: «Муса менен Исага түшкөндөй аят-белгилер Мухаммадга да түшпөйт беле?!» – дешет. Оо, пайгамбар! Сен адамдарды Аллахтын азабынан коркуткан гана эскертүүчүсүң. Аллах сага кайсыаят-белгилерди берсе, ошолор гана болот. Ар бир коомдо алардыакыйкат жолгосалган, ага карай жол көрсөткөн пайгамбар болот
ٱللَّهُ يَعْلَمُ مَا تَحْمِلُ كُلُّ أُنثَىٰ وَمَا تَغِيضُ ٱلْأَرْحَامُ وَمَا تَزْدَادُ ۖ وَكُلُّ شَىْءٍ عِندَهُۥ بِمِقْدَارٍ ﴿٨﴾
Аллах ар бир аялдын курсагындагы көтөргөнүн билет. Ал тууралуу баарысын билет жана жатында болуп жаткан азайып көбөйгөнүн, саламаттыгын жана илдеттүүлүгүн билет. Аллахтын алдында бардык нерсе белгиленген өлчөмдө болот,ал андан азайбайт да кемибейт
عَـٰلِمُ ٱلْغَيْبِ وَٱلشَّهَـٰدَةِ ٱلْكَبِيرُ ٱلْمُتَعَالِ ﴿٩﴾
Анткени Аллах жаратылгандар сезбеген бардык кайып нерселерди жана алардын сезимдери сезген ар бир нерсени Билүүчү. Ал Өзүнүн сыпаттарында, ысымдарында жана иш-аракеттеринде Улук. Ал Өз Заты жана сыпаттарыменен бүткүл жаратылгандардан Жогору
سَوَآءٌۭ مِّنكُم مَّنْ أَسَرَّ ٱلْقَوْلَ وَمَن جَهَرَ بِهِۦ وَمَنْ هُوَ مُسْتَخْفٍۭ بِٱلَّيْلِ وَسَارِبٌۢ بِٱلنَّهَارِ ﴿١٠﴾
Оо, адамдар! Ал жашыруун сырларды билет. Анын илиминде силердин араңарда сөзүн жашырган адам менен ачык айткан адам бирдей, ошондой эле караңгы түндө адамдардын көзүнө көрүнбөй жашынган адам менен күндүзгүжарыкта көз көрүнө иш кылып жаткан адам Анын илиминде бирдей. بلغ Куран · Тафсир
لَهُۥ مُعَقِّبَـٰتٌۭ مِّنۢ بَيْنِ يَدَيْهِ وَمِنْ خَلْفِهِۦ يَحْفَظُونَهُۥ مِنْ أَمْرِ ٱللَّهِ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّىٰ يُغَيِّرُوا۟ مَا بِأَنفُسِهِمْ ۗ وَإِذَآ أَرَادَ ٱللَّهُ بِقَوْمٍۢ سُوٓءًۭا فَلَا مَرَدَّ لَهُۥ ۚ وَمَا لَهُم مِّن دُونِهِۦ مِن وَالٍ ﴿١١﴾
إ ه Аллах тааланын адамга кезектешип келген периштелери бар. Алардын кээ бирлери кечинде келет, кээ бири күндүзү келет. Алар Аллах тагдыр кылып жазган бирок болтурбай коюу керек болгон тагдырды токтотуу үчүн адамдардыАллахтын буйругуменен сакташат. Ошондой эле адамдын сөздөрүн жана кылган иштерин жазышат. Чындыгында Аллах бир эл өздөрүн шүгүр кылуучу абалга өзгөртпөсө, анда ал элди жакшы абалдан башка абалга өзгөтпөйт. Аллах таала бир коомду кыйратууну кааласа, анда эч ким Аллахтын каалоосун кайтара албайт. Эй, адамдар!Силер үчүн силердин ишиңерди башкарган Аллахтан башка башкаруучужок. Ошондуктан силерге туш болгон балеелерди кайтарыш үчүн Ага таянгыла
هُوَ ٱلَّذِى يُرِيكُمُ ٱلْبَرْقَ خَوْفًۭا وَطَمَعًۭا وَيُنشِئُ ٱلسَّحَابَ ٱلثِّقَالَ ﴿١٢﴾
Оо, адамдар! Ал силерге чагылганды көргөзөт. Ал чагылгандын соккусу менен силерге коркунуч жана жамгырга болгон үмүт жаратат.Ошондой эле Алнөшөөрлөгөн жамгыр суусуменен оор болгон булуттардыжаратат
وَيُسَبِّحُ ٱلرَّعْدُ بِحَمْدِهِۦ وَٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ مِنْ خِيفَتِهِۦ وَيُرْسِلُ ٱلصَّوَٰعِقَ فَيُصِيبُ بِهَا مَن يَشَآءُ وَهُمْ يُجَـٰدِلُونَ فِى ٱللَّهِ وَهُوَ شَدِيدُ ٱلْمِحَالِ ﴿١٣﴾
Күндүн күркүрөгү Раббисин мактоо менен биргеликте Аны аруулайт. Ошондой эле периштелер Раббисинен коркуп, улуктап жана урматтап аруулашат. Аллах макулуктарынын каалаганына күйгүзүүчү чагылган түшүрүп, аларды кыйратат. Ал эми каапырлар болсо, Аллахтын жалгыздыгы тууралуу талашып-тартышат. Аллахтын күч- кубаты катаал, Ал каалаганын аткарат
لَهُۥ دَعْوَةُ ٱلْحَقِّ ۖ وَٱلَّذِينَ يَدْعُونَ مِن دُونِهِۦ لَا يَسْتَجِيبُونَ لَهُم بِشَىْءٍ إِلَّا كَبَـٰسِطِ كَفَّيْهِ إِلَى ٱلْمَآءِ لِيَبْلُغَ فَاهُ وَمَا هُوَ بِبَـٰلِغِهِۦ ۚ وَمَا دُعَآءُ ٱلْكَـٰفِرِينَ إِلَّا فِى ضَلَـٰلٍۢ ﴿١٤﴾
Аллахтын жалгыздыгына чакыруу жалгыз Аллах үчүн гана болуу керек. Бул нерседе эч ким ага шерик эмес. Мушриктер дуба кылып сурап жаткан Аллахтан башка кудайчалар алар эмне гана дуба кылып сурабасын,алардын дубаларына жооп беришпейт. Алардын ага кылган дубалары суусаган адам сууга колун сунуп сууну оозуна жеткизип ичем деген сыяктуу. Суу болсо анын оозуна жетпейт, ал эми каапырлардын кудайчаларга кылган дубалары туурадан алыс жана алар жоготууда. Анткени куйдайчалар аларга пайда алып келгенге жана алардан зыяндытосууга ээлик кылбайт
وَلِلَّهِ يَسْجُدُ مَن فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ طَوْعًۭا وَكَرْهًۭا وَظِلَـٰلُهُم بِٱلْغُدُوِّ وَٱلْـَٔاصَالِ ۩ ﴿١٥﴾
Асмандардагы жана жердегилердин баары жалгыз Аллах үчүн сажда кылып моюн сунушат. Бул нерседе мусулман жана каапыр бирдей. Болгону мусулман Аллахка өз каалоосу менен моюн сунуп сажда кылат. Ал эми каапыр болсо Аллахка мажбур түрдө моюн сунат. Бирок анын табиятыАллахка өз каалоосу менен моюн сунууну айтып турат. Көлөкөсү бар бардык жаратылгандардын көлөкөлөрү эртең менен кечинде Аллахка баш ийишет. بلغ Куран · Тафсир ر
قُلْ مَن رَّبُّ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ قُلِ ٱللَّهُ ۚ قُلْ أَفَٱتَّخَذْتُم مِّن دُونِهِۦٓ أَوْلِيَآءَ لَا يَمْلِكُونَ لِأَنفُسِهِمْ نَفْعًۭا وَلَا ضَرًّۭا ۚ قُلْ هَلْ يَسْتَوِى ٱلْأَعْمَىٰ وَٱلْبَصِيرُ أَمْ هَلْ تَسْتَوِى ٱلظُّلُمَـٰتُ وَٱلنُّورُ ۗ أَمْ جَعَلُوا۟ لِلَّهِ شُرَكَآءَ خَلَقُوا۟ كَخَلْقِهِۦ فَتَشَـٰبَهَ ٱلْخَلْقُ عَلَيْهِمْ ۚ قُلِ ٱللَّهُ خَـٰلِقُ كُلِّ شَىْءٍۢ وَهُوَ ٱلْوَٰحِدُ ٱلْقَهَّـٰرُ ﴿١٦﴾
ى О, пайгамбар! Аллах менен бирге башка нерселерге да сыйынып жаткан каапырларга: “Асмандардын жана жердин Жаратуучусу жана ал экөөнү Башкаруучу ким?” деп айткын. О, пайгамбар! Дагы аларга: “Ал экөөнү Жаратуучу жана Башкаруучу – Аллах. Муну силер да моюнга аласыңар” деп айт. О, пайгамбар! Аларга дагы минтип айткын: “Аллахтан башка алсыз олуяларды өзүңөргө дос кылып алдыңарбы? Алар өздөрүнө пайда алып келе албайт, зыяндан сактана албайт. Анан кантип башкаларга жардам бере алмак эле?”О, пайгамбар! Аларга айткын: “Көкүрөгү көр каапыр менен туура жолдогу көрөгөч мусулман бирдейби? Же караңгы каапырлык менен нурдуу ыйман бирдейби?” Же Аллах Таалага жаратууда шерик болуштубу? Же алар Аллахтын жаратканындай жаратыштыбы? Алар Аллахтын жаратканын алардын шериктери жаратты деп аралаштырып алышты. О, пайгамбар! Аларга айткын: “Жалгыз Аллах бардык нерсени Жаратуучу. Жаратууда Ага эч ким шерик эмес. Кудай болуу жалгыз Ага гана таандык. Ал жалгыз Өзү гана ибадат кылууга татыктуу жана бардык нерсеге үстөмдүк кылуучу
أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ فَسَالَتْ أَوْدِيَةٌۢ بِقَدَرِهَا فَٱحْتَمَلَ ٱلسَّيْلُ زَبَدًۭا رَّابِيًۭا ۚ وَمِمَّا يُوقِدُونَ عَلَيْهِ فِى ٱلنَّارِ ٱبْتِغَآءَ حِلْيَةٍ أَوْ مَتَـٰعٍۢ زَبَدٌۭ مِّثْلُهُۥ ۚ كَذَٰلِكَ يَضْرِبُ ٱللَّهُ ٱلْحَقَّ وَٱلْبَـٰطِلَ ۚ فَأَمَّا ٱلزَّبَدُ فَيَذْهَبُ جُفَآءًۭ ۖ وَأَمَّا مَا يَنفَعُ ٱلنَّاسَ فَيَمْكُثُ فِى ٱلْأَرْضِ ۚ كَذَٰلِكَ يَضْرِبُ ٱللَّهُ ٱلْأَمْثَالَ ﴿١٧﴾
ه Аллах,жалгандын жок болуусуна жана акыйкаттын сакталып калуусуна асмандан түшкөн жамгырдын суусун мисал кылды. Ал өлчөмүнө жараша аз же көп болуп өзөндөрдө агат. Анан ал сел таштанды, көбүктөрдү суунун үстүнө чыгарат. Ошондой эле Аллах ал экөөнө, кымбат баалуу металдарды отко эритип, анын ширенди-датын ажыратып, жасана турган жасалгаларды жасаганды мисал кылат. Аллах ушундай мисалдарды акыйкат менен жалганга мисал катары келтирет. Жалган – суунун үстүнө чыгып калган таштанды жана көбүктөргө жана металды эриткенде чыккан ширенди-даттарга окшош. Ал эми акыйкат – ичиле турган таза суу сыяктуу. Анын натыйжасында мөмөлөр, өсүмдүктөр, чөптөр өсөт. Жана жасалгандан кийинки (таза) темир сыяктуу. Аны адамдар пайдаланат. Аллах акыйкат жалгандан айырмаланып туруусу үчүн адамдарга ушул эки мисалды келтирген сыяктуу башка мисалдарды да келтирет
لِلَّذِينَ ٱسْتَجَابُوا۟ لِرَبِّهِمُ ٱلْحُسْنَىٰ ۚ وَٱلَّذِينَ لَمْ يَسْتَجِيبُوا۟ لَهُۥ لَوْ أَنَّ لَهُم مَّا فِى ٱلْأَرْضِ جَمِيعًۭا وَمِثْلَهُۥ مَعَهُۥ لَٱفْتَدَوْا۟ بِهِۦٓ ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ لَهُمْ سُوٓءُ ٱلْحِسَابِ وَمَأْوَىٰهُمْ جَهَنَّمُ ۖ وَبِئْسَ ٱلْمِهَادُ ﴿١٨﴾
ء ى Раббиси Аны жалгыздоого жана Ага моюн сунууга чакырганда Ага жооп берген ыймандуулар үчүн жакшы сыйлык бар, ал – бейиш. Ал эми Анын жалгыздыгына жана Ага моюн сунууга чакырганда жооп бербеген каапырлар эгерде аларда жер бетиндеги түрдүү мал-мүлктөр болсо жана ошого кошумча дагы ошончолук мал-мүлктөрү болсо, анда алар ошонун баарын жандарын азаптан куткаруу үчүн сарптап жиберишмек. Алар Аллахтын чакырыгына жооп беришпеди. Алар бардык кылган күнөөлөрү үчүн суракка алынышат. Алардын бара турган жайы тозок. Алардын бара турган жерлери жана жайларытозок кандай жаман! بلغ Куран · Тафсир
۞ أَفَمَن يَعْلَمُ أَنَّمَآ أُنزِلَ إِلَيْكَ مِن رَّبِّكَ ٱلْحَقُّ كَمَنْ هُوَ أَعْمَىٰٓ ۚ إِنَّمَا يَتَذَكَّرُ أُو۟لُوا۟ ٱلْأَلْبَـٰبِ ﴿١٩﴾
Оо, пайгамбар! Аллах сага түшүргөн нерсе Раббиңден экенин жана анда эч бир шеги жок акыйкат экенин билип, Аллахка моюн сунган ыймандуу адам менен Аллахка моюн сунбаган сокур каапыр адам тең эмес. Бул нерседен акылытунук адамдар гана акыл-насаат алышат
ٱلَّذِينَ يُوفُونَ بِعَهْدِ ٱللَّهِ وَلَا يَنقُضُونَ ٱلْمِيثَـٰقَ ﴿٢٠﴾
Аллахка баш ийгендер мына ошолор Ага берген убадаларын же Анын пенделерине берген убадаларын аткарышат.Алар Аллахменен болгон же Андан башкасыменен болгон бекем убадалардыбузушпайт
وَٱلَّذِينَ يَصِلُونَ مَآ أَمَرَ ٱللَّهُ بِهِۦٓ أَن يُوصَلَ وَيَخْشَوْنَ رَبَّهُمْ وَيَخَافُونَ سُوٓءَ ٱلْحِسَابِ ﴿٢١﴾
Алар Аллах үзбөгөнгө буйруган бардык туугандык мамилелерди бекемдешет жана Раббисинен коркушат. Ал коркуу – аларды Анын буйруктарын аткарууга жана Анын тыйган нерселеринен тыйылууга түртөт. Аллах алар кылган бардык күнөөлөрүсебептүүалардыэсеп-кысап кылуусунан коркушат.Анткени кимге эсеп-кысап кылынса, анда ал кыйроого учурайт. ر
وَٱلَّذِينَ صَبَرُوا۟ ٱبْتِغَآءَ وَجْهِ رَبِّهِمْ وَأَقَامُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَأَنفَقُوا۟ مِمَّا رَزَقْنَـٰهُمْ سِرًّۭا وَعَلَانِيَةًۭ وَيَدْرَءُونَ بِٱلْحَسَنَةِ ٱلسَّيِّئَةَ أُو۟لَـٰٓئِكَ لَهُمْ عُقْبَى ٱلدَّارِ ﴿٢٢﴾
Алар Аллахка баш ийүүдө жана Аллах аларга тагдыр кылып берген жакшылык-жамандыкта сабыр кылгандар. Аллахтын ыраазылыгын көздөп күнөөдөн тыйылышкандар. Намазды толук аткарышкандар. Биз берген мал- мүлктөрдү милдеттүү болгон акыларга жумшагандар. Аларды ыктыярдуу түрдө жана жашыруун түрдө эл көрүүсүнөн сактанып беришкендер жана алардыкөрүп башкалар да ээрчиш үчүн ачык түрдө бергендер.Аларга жамандык кылган адамдардын жамандыгына жакшылык менен жооп беришкендер. Ушул сыпаттар менен сыпатталган адамдар үчүн Кыямат күнүмактооготатыктууакыбет бар
جَنَّـٰتُ عَدْنٍۢ يَدْخُلُونَهَا وَمَن صَلَحَ مِنْ ءَابَآئِهِمْ وَأَزْوَٰجِهِمْ وَذُرِّيَّـٰتِهِمْ ۖ وَٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ يَدْخُلُونَ عَلَيْهِم مِّن كُلِّ بَابٍۢ ﴿٢٣﴾
Мактоого татыктуу акыбет – бул бейиштер. Анда адамдар түбөлүк жыргалчылыкта жашашат. Алардын бейиштеги толук жыргачылыктарынын бири – алар менен ага туура жолдо жүргөн аталары, энелери, жубайлары жана балдарынын кирүүсү. Бул нерсе аларга жолугууну каалагандыктары себептүү болот. Периштелер аларга бейиштеги жайларынын бардык эшиктеринен киришип алардыкуттукташат
سَلَـٰمٌ عَلَيْكُم بِمَا صَبَرْتُمْ ۚ فَنِعْمَ عُقْبَى ٱلدَّارِ ﴿٢٤﴾
Аларга периштелер кирген сайын: «Силерге Аллахтын тынчтыгыболсун» - деп салам беришет. Тагыраак айтканда, Аллахка баш ийүүдө, Анын тагдырынын жамандыгына сабыр кылганыңар себептүү жана Ага күнөө кылуудан тыйылгандыгыңар себептүү апааттардан саламат болгула. Силердин акыбетиңер болгон Акырет үйү кандай жакшы! بلغ Куран · Тафсир
وَٱلَّذِينَ يَنقُضُونَ عَهْدَ ٱللَّهِ مِنۢ بَعْدِ مِيثَـٰقِهِۦ وَيَقْطَعُونَ مَآ أَمَرَ ٱللَّهُ بِهِۦٓ أَن يُوصَلَ وَيُفْسِدُونَ فِى ٱلْأَرْضِ ۙ أُو۟لَـٰٓئِكَ لَهُمُ ٱللَّعْنَةُ وَلَهُمْ سُوٓءُ ٱلدَّارِ ﴿٢٥﴾
ء Аллахка берген убадаларын бекемдегенден кийин да убадаларын бузгандар жана Аллах буюруган тууганчылык карым-катышты үзгөндөр бактысыз адамдар. Алар Аллахтын ырайымынан куулгандар. Андай адамдардын акыбети жаман, ал - тозок
ٱللَّهُ يَبْسُطُ ٱلرِّزْقَ لِمَن يَشَآءُ وَيَقْدِرُ ۚ وَفَرِحُوا۟ بِٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا وَمَا ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَا فِى ٱلْـَٔاخِرَةِ إِلَّا مَتَـٰعٌۭ ﴿٢٦﴾
Аллах каалаган пенделерине ырыскысын кеңейтет жана каалаган пенделерине тарытат. Ырыскынын кеңдиги бактылуулуктун жана Аллахты жакшы көрүүсүнүн белгиси эмес. Ал эми ырыскынын тардыгы бактысыздыктын белгиси эмес. Каапырлар бул дүйнө жашоосуна кубанышып, ал жашоого катуу таянышып бейпил жашашты. Бирок бул дүйнө жашоосуакырет жашоосунун алдында бир аз гана арзыбаган жыргалчылык
وَيَقُولُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَوْلَآ أُنزِلَ عَلَيْهِ ءَايَةٌۭ مِّن رَّبِّهِۦ ۗ قُلْ إِنَّ ٱللَّهَ يُضِلُّ مَن يَشَآءُ وَيَهْدِىٓ إِلَيْهِ مَنْ أَنَابَ ﴿٢٧﴾
Аллахка жана Анын аяттарына каапыр болгондор мындай деп айтышты: «Эгер Мухаммадга Раббисинен чынчылдыгына далил болгон көрүнүктүү аят-белги түшүрүлгөндө биз ага ыйман келтирмекпиз». Оо, пайгамбар! Ал сунуш кылгандарга айткын: «Чындыгында Аллах адилеттүүлүгү менен каалаган адамды адаштырат. Жана Аллах пазилети менен тообо кылып кайткандарды туура жолго салат. Алар туура жолго түшүүнү аят-белгилердин түшүүсүнө байлашса да ал туура жолгобаштооалардын колунда эмес»
ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَتَطْمَئِنُّ قُلُوبُهُم بِذِكْرِ ٱللَّهِ ۗ أَلَا بِذِكْرِ ٱللَّهِ تَطْمَئِنُّ ٱلْقُلُوبُ ﴿٢٨﴾
Аллах туура жолго баштаган адамдар – алар Аллахка ыйман келтирип, Аллахты аруулап, мактап, Куранды окуп жана угуп зикр кылганда жүрөктөрү тынчтанган адамдар. Көңүл бургула! Жалгыз Аллахты эстөө менен жүрөктөр тынчтанат. Аллах жүрөктү ушул үчүн жараткан
ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ طُوبَىٰ لَهُمْ وَحُسْنُ مَـَٔابٍۢ ﴿٢٩﴾
Аллахка ыйман келтиргендер жана Аллахка жакындатуучу жакшы иш-аракеттерди кылгандарга акыретте жакшы жашоо бар. Андай адамдардын акыбети жакшы бейиш гана болот
كَذَٰلِكَ أَرْسَلْنَـٰكَ فِىٓ أُمَّةٍۢ قَدْ خَلَتْ مِن قَبْلِهَآ أُمَمٌۭ لِّتَتْلُوَا۟ عَلَيْهِمُ ٱلَّذِىٓ أَوْحَيْنَآ إِلَيْكَ وَهُمْ يَكْفُرُونَ بِٱلرَّحْمَـٰنِ ۚ قُلْ هُوَ رَبِّى لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ عَلَيْهِ تَوَكَّلْتُ وَإِلَيْهِ مَتَابِ ﴿٣٠﴾
Оо, пайгамбар! Биз мурунку үммөттөрдүн элчилерине жөнөткөн китептердин окшошундай сенин үммөтүңө да жибердик. Биз сага түшүргөн куранды аларга окуп бер. Андыктан ал Куран сенин чынчыл экендигиңе жетиштүү далил. Бирок сенин коомуңдун абалы бул аяттарды четтке кагышты. Себеби алар ырайымдуу Аллахка башка нерсени шерик кылышып каапыр болушту. Эй, пайгамбар! Аларга айткын: «Силер шерик кошкон ырайымдуу Аллах ал менин Раббим. Андан башка сыйынууга татыктуу зат жок. Бардык иштеримде Ага гана таянам жана Ага гана тообо кыламын. بلغ Куран · Тафсир
وَلَوْ أَنَّ قُرْءَانًۭا سُيِّرَتْ بِهِ ٱلْجِبَالُ أَوْ قُطِّعَتْ بِهِ ٱلْأَرْضُ أَوْ كُلِّمَ بِهِ ٱلْمَوْتَىٰ ۗ بَل لِّلَّهِ ٱلْأَمْرُ جَمِيعًا ۗ أَفَلَمْ يَا۟يْـَٔسِ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ أَن لَّوْ يَشَآءُ ٱللَّهُ لَهَدَى ٱلنَّاسَ جَمِيعًۭا ۗ وَلَا يَزَالُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ تُصِيبُهُم بِمَا صَنَعُوا۟ قَارِعَةٌ أَوْ تَحُلُّ قَرِيبًۭا مِّن دَارِهِمْ حَتَّىٰ يَأْتِىَ وَعْدُ ٱللَّهِ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُخْلِفُ ٱلْمِيعَادَ ﴿٣١﴾
ى ه Оо, пайгамбар! Эгер Аллахтан түшкөн китептердин бири кереметүү болуп, ошол керемет менен тоолор ордуларынан жылдырылса, жер жарылып дарыялар жана булактар ага турган болсо, ал кереметтүү китеп өлүктөргө окулганда тирилип кете турган болсо, анда ал керемет сага түшкөн Куранда болмок. Эгер алардын жүрөктөрүндө коркуу болгондо ал Куран өтө таасирдүү ачык далил болот эле. Бирок алар аны четке кагышты. Тактап айтканда, кереметтерди жана аят-белгилерди түшүрүү туурасындагы иштердин баары Аллахка гана таандык. Аллахка ыйман келтиргендер билишпейби?! Эгер Аллах адамдарды баарын туура жолго түшүрүүнү кааласа, анда Аллах аларга аят-белгилерин түшүрбөстөн туруп эле туура жолго салып коймок. Бирок Аллах андайды каалабады. Аллахка каапыр болгондорго капырлыктары жана күнөөлөрү себептүү оор кыйынчылыктар жетип турат. Ал балээлер Аллахтын токтоосуз түшүүчү азабынын убадасы келгенче, алардын турак жайларына жакын жерге түшөт. Чындыгында Аллах убада кылган нерсесин белгиленген убагы келгенде убадасын аткарбай койбойт
وَلَقَدِ ٱسْتُهْزِئَ بِرُسُلٍۢ مِّن قَبْلِكَ فَأَمْلَيْتُ لِلَّذِينَ كَفَرُوا۟ ثُمَّ أَخَذْتُهُمْ ۖ فَكَيْفَ كَانَ عِقَابِ ﴿٣٢﴾
Оо, пайгамбар! Сени коомуң шылдыңдап жалганга чыгарган эң биринчи пайгамбар эмессиң. Сенден мурдагы үммөттөр да пайгамбарларын шылдыңдашкан. Өз пайгамбарларын шылдыңдаган каапырлар Мени: «Ал азаптабайт» - деп ойлошуп калганга чейин мөөнөт бердим. Мөөнөт бүткөндөн кийин алардыар кандай азаптар менен азаптадым. Мен аларды азаптаганымды көргөнүңдө кандай болмок? Ал өтө катаал азап
أَفَمَنْ هُوَ قَآئِمٌ عَلَىٰ كُلِّ نَفْسٍۭ بِمَا كَسَبَتْ ۗ وَجَعَلُوا۟ لِلَّهِ شُرَكَآءَ قُلْ سَمُّوهُمْ ۚ أَمْ تُنَبِّـُٔونَهُۥ بِمَا لَا يَعْلَمُ فِى ٱلْأَرْضِ أَم بِظَـٰهِرٍۢ مِّنَ ٱلْقَوْلِ ۗ بَلْ زُيِّنَ لِلَّذِينَ كَفَرُوا۟ مَكْرُهُمْ وَصُدُّوا۟ عَنِ ٱلسَّبِيلِ ۗ وَمَن يُضْلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِنْ هَادٍۢ ﴿٣٣﴾
Бардык жаратылыштын ырыскыларын сактоону өз милдетине алган, бүткүл адамдардын иш-аракеттерин көзөмөлдөөчү жана кылган иштерине жараша жаза же сыйлык берген Зат сыйынылууга татыктуураакпы же таптакыр сыйынылууга татыбаган бул айкелдерби? Каапырлар буларды Аллахка зулумдук кылышып жана жалгандан шерик кылып жатышат. Эй, пайгамбар! Аларга айткын: “Эгер айтып жаткан нерсеңерде чынчыл болсоңор,силер Аллахка кошуп сыйынып жаткан кудайчаларыңардын аттарын атап бергилечи.Же эмне Аллахка силер жер жүзүндө Албилбеген шериктер жөнүндө кабар берип жатасыңарбы?Же эчдалилсиз үстүртөн айтылган бош сөздү Ага кабарлап жатасыңарбы?”. Жок! Шайтан каапырлардын жаман айлакерликтерин аларга кооздоп көрсөттү жана ушунун натыйжасында алар Аллахка каапыр болушту. Жана аларды хидаяттан жана туура жолдон тосуп койду. Кимди Аллах туура жолдон адаштырса, аны туура жолго салуучу эч ким жок
لَّهُمْ عَذَابٌۭ فِى ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا ۖ وَلَعَذَابُ ٱلْـَٔاخِرَةِ أَشَقُّ ۖ وَمَا لَهُم مِّنَ ٱللَّهِ مِن وَاقٍۢ ﴿٣٤﴾
Алар үчүн дүйнө жашоосунда мусулмандар тарабынан өлтүрүлүү жана алардын колдоруна туткунга алынуу менен ишке аша турган азап бар. Ал эми акыретте алардыкүткөн азап үзгүлтүксүз токтобогону менен дүйнөдөгү азаптан да катуураак жана өтө оор.Кыямат күнүалардыАллахтын азабынан куткара турган эчким болбойт. بلغ Куран · Тафсир
۞ مَّثَلُ ٱلْجَنَّةِ ٱلَّتِى وُعِدَ ٱلْمُتَّقُونَ ۖ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَـٰرُ ۖ أُكُلُهَا دَآئِمٌۭ وَظِلُّهَا ۚ تِلْكَ عُقْبَى ٱلَّذِينَ ٱتَّقَوا۟ ۖ وَّعُقْبَى ٱلْكَـٰفِرِينَ ٱلنَّارُ ﴿٣٥﴾
Аллах тааланын буйруктарына моюн сунуп жана Анын тыйгандарын таштаган такыба адамдар үчүн Аллахтын убада берген бейишинин сыпаты– кан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар агып турат.Ал жердин мөмө-жемиштери эч качан түгөнбөйт. Алар бул дүйнөдөгү мөмө-жемиштердей эмес. Көлөкөсү да туруктуу, жок болуп жана кыскарып да кетпейт. Аллахка такыбалык кылган, Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарынан кайткан адамдын акыбети мына ушундай. Ал эми каапырлардын акыбети тозок. Алар ага киришип, ал жакта түбөлүк калышат
وَٱلَّذِينَ ءَاتَيْنَـٰهُمُ ٱلْكِتَـٰبَ يَفْرَحُونَ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيْكَ ۖ وَمِنَ ٱلْأَحْزَابِ مَن يُنكِرُ بَعْضَهُۥ ۚ قُلْ إِنَّمَآ أُمِرْتُ أَنْ أَعْبُدَ ٱللَّهَ وَلَآ أُشْرِكَ بِهِۦٓ ۚ إِلَيْهِ أَدْعُوا۟ وَإِلَيْهِ مَـَٔابِ ﴿٣٦﴾
ه Оо, пайгамбар! Биз Тоораттыберген жөөттөр жана Инжилди берген христиандар сага түшүрүлгөн нерсенин кээ бири аларга түшкөн нерселерге шайкеш келгендиги үчүн сүйүнүшөт. Жөөттөр менен христиандардын кээ бир тайпалары сага түшүрүлгөн кээ бир нерселерди өздөрүнүн каалоолоруна ылайык келбегендиги үчүн же аларды өзгөртүп бурмалагандарын сыпаттагандыгы үчүн четке кагышат. Оо, пайгамбар! Аларга айт: “Чындыгында Аллах таала мени жалгыз Өзүнө сыйынуумду жана Ага эч нерсени шерик кошпоомду буйруду”. Жалгыз Ага гана дуба кылам, Андан башка эч кимге дуба кылбайм. Жалгыз Ага гана кайтамын. Тоорат жана Инжил да мына ушул нерселер менен келген. ي
وَكَذَٰلِكَ أَنزَلْنَـٰهُ حُكْمًا عَرَبِيًّۭا ۚ وَلَئِنِ ٱتَّبَعْتَ أَهْوَآءَهُم بَعْدَ مَا جَآءَكَ مِنَ ٱلْعِلْمِ مَا لَكَ مِنَ ٱللَّهِ مِن وَلِىٍّۢ وَلَا وَاقٍۢ ﴿٣٧﴾
Оо, пайгамбар! Биз мурунку китептерди элдеринин тилинде түшүргөнүбүз сыяктуу сага да өкүмдү ачыктап, акыйкатты баяндай турган Куранды араб тилинде түшүрдүк. Эй, пайгамбар! Эгер Аллах сага үйрөткөн илим келгенден кийин Китеп ээлеринин каалоолоруна ылайык келбеген нерсени өчүрүү туурасында сени менен тартышкан нерсесинде алардын каалоолоруна ээрчий турган болсоң,анда Аллахтарабынан сенин ишиңе жардам бере турган дос да, душмандарыңа каршы сага жардамчы да болбойт. Жана сени Анын азабынан тыя турган эч ким болбойт
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا رُسُلًۭا مِّن قَبْلِكَ وَجَعَلْنَا لَهُمْ أَزْوَٰجًۭا وَذُرِّيَّةًۭ ۚ وَمَا كَانَ لِرَسُولٍ أَن يَأْتِىَ بِـَٔايَةٍ إِلَّا بِإِذْنِ ٱللَّهِ ۗ لِكُلِّ أَجَلٍۢ كِتَابٌۭ ﴿٣٨﴾
أ جل كتاب Оо, пайгамбар! Чынында сенден мурда да адамдардан пайгамбарларды жибергенбиз. Сен жаңы пайда болгон жалгыз пайгамбар эмессиң. Аларга да башка адамдар сыяктуу аялдарды жана бала-чакаларды бердик. Аларды үйлөнбөгөн жана бала көрбөгөн периштелер сыяктуу кылбадык. Сен дагы үйлөнүп, бала көргөн адамдардан болгон пайгамбарлардансың. Эми эмнеге мушриктер сенин ушундай болгонуңа таң калып жатышат? Аллахтын уруксатысыз эч бир пайгамбар өзүнөн бир аят-белги алып келүүсү мүмкүн эмес. Аллах тагдыр кылган ар бир иштин мөөнөтүэскерилген китеп бар.Ал мөөнөт оозуп да кетпейт кечда калбайт. بلغ Куран · Тафсир
يَمْحُوا۟ ٱللَّهُ مَا يَشَآءُ وَيُثْبِتُ ۖ وَعِندَهُۥٓ أُمُّ ٱلْكِتَـٰبِ ﴿٣٩﴾
Аллах таала жакшылык-жамандыктын же бактылуулук-бактысыздыктын жана башка нерселердин каалаганын кетирип жок кылат. Жана алардан каалаганын бекемдеп коёт. Тагдыр китеби да Анын алдында. Ал бардык нерсенин кайта турган жери. Өчүрүлгөн же бекемделген кандай гана нерсе болбосун, анын баары андагы жазылган нерсеге туура келет
وَإِن مَّا نُرِيَنَّكَ بَعْضَ ٱلَّذِى نَعِدُهُمْ أَوْ نَتَوَفَّيَنَّكَ فَإِنَّمَا عَلَيْكَ ٱلْبَلَـٰغُ وَعَلَيْنَا ٱلْحِسَابُ ﴿٤٠﴾
Оо, пайгамбар! Биз убада кылып жаткан азаптын кээ бирин сен өлө элегиңде сага көрсөтүү — ал биздин ишибиз. Же сага көрсөткөнгө чейин сенин жаныңдыалсак да сенин милдетиң жеткирүүгө буйрулган нерсени жеткирүү гана. Аларды жазалап жана суракка алуу сенин милдетиң эмес. Ал Биздин ишибиз
أَوَلَمْ يَرَوْا۟ أَنَّا نَأْتِى ٱلْأَرْضَ نَنقُصُهَا مِنْ أَطْرَافِهَا ۚ وَٱللَّهُ يَحْكُمُ لَا مُعَقِّبَ لِحُكْمِهِۦ ۚ وَهُوَ سَرِيعُ ٱلْحِسَابِ ﴿٤١﴾
Биз Исламды жайылтуу менен жана мусулмандардын жерлерди ачуусу менен каапырлык кылынган жерлерди четинен кемитип жатканыбыздыал каапырлар көрүшкөн жокбу. АллахӨзү каалаган нерсе менен пенделеринин арасында өкүм кылат. Анын өкүмүн эч ким бузуп же өзгөртүп же алмаштыруу менен артка кайтара албайт. Ал АрууАллахтын азабыбат болот.Абалкылар менен кийинкилерди бир күндө суракка алат
وَقَدْ مَكَرَ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ فَلِلَّهِ ٱلْمَكْرُ جَمِيعًۭا ۖ يَعْلَمُ مَا تَكْسِبُ كُلُّ نَفْسٍۢ ۗ وَسَيَعْلَمُ ٱلْكُفَّـٰرُ لِمَنْ عُقْبَى ٱلدَّارِ ﴿٤٢﴾
Мурунку элдер пайгамбарларына айлакерлик кылышты жана алар алып келген динди жалганга чыгарышты. Бирок, алар айлакерликтери менен эмне кыла алышты? Эч нерсе кыла алган жок. Анткени, ишке ашкан чечим, эч кимдин чечими эмес,Аллахтын чечими.Ошондой эле АллахТаала алардын кылып жаткан иштерин билет жана ал үчүн аларды жазалайт. Мына ошондо алар Аллахка ыйман келтирбей канчалык ката кетиргенин жана мусулмандар туура жолду карманып, ошол себептүү бейишке жана жакшы акыбетке ээ болгонун билишет
وَيَقُولُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَسْتَ مُرْسَلًۭا ۚ قُلْ كَفَىٰ بِٱللَّهِ شَهِيدًۢا بَيْنِى وَبَيْنَكُمْ وَمَنْ عِندَهُۥ عِلْمُ ٱلْكِتَـٰبِ ﴿٤٣﴾
Каапыр болгондор: “Эй, Мухаммад! Сен Аллахтан жиберилген элчи эмессиң” – деп айтышат. Эй, пайгамбар! Сен аларга мындай деп айткын:“Менин жана силердин ортоңордомен силерге Раббим тараптан элчи экениме Аллах жана менин сыпатым келген асмандан түшкөн китептер тууралуу илими барлар күбө экени жетиштүү. Кимдин чынчылдыгына Аллах күбө болсо, анда аныжалганга чыгаргандардын жалганга чыгаруусу зыян бербейт. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран