Башкы бетТафсирYusuf (12)

Тафсир Yusuf (12) — يوسف

Меккелик · 111 аят

Окуу · УгууPDF файл

الٓر ۚ تِلْكَ ءَايَـٰتُ ٱلْكِتَـٰبِ ٱلْمُبِينِ ﴿١﴾

“Алиф лаам раа” бул тамгалар жана ушуга окшогон аяттар туурасында бакара сүрөөсүнүн башында айтылды. Бул сүрөөдөгү түшкөн мына ушул аяттар – ачык-айкынيКурандын аяттарынан

إِنَّآ أَنزَلْنَـٰهُ قُرْءَٰنًا عَرَبِيًّۭا لَّعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ ﴿٢﴾

Оо, арабдар! Силер Курандын маанилерин түшүнүш үчүн аныараб тилинде түшүрдүк

نَحْنُ نَقُصُّ عَلَيْكَ أَحْسَنَ ٱلْقَصَصِ بِمَآ أَوْحَيْنَآ إِلَيْكَ هَـٰذَا ٱلْقُرْءَانَ وَإِن كُنتَ مِن قَبْلِهِۦ لَمِنَ ٱلْغَـٰفِلِينَ ﴿٣﴾

Оо, пайгамбар! Биз сага бул Куран китебин түшүрүү менен чыныгы болуп өткөн жана сөздөрү менен көркөмдүгү кемчиликсиз эң сонун окуяларды айтып беребиз. Чындыгында, бул окуяларды түшүргөнгө чейин сенин кабарың жок эле. Жана бул туурасында сенде эч кандай илим болгон эмес

إِذْ قَالَ يُوسُفُ لِأَبِيهِ يَـٰٓأَبَتِ إِنِّى رَأَيْتُ أَحَدَ عَشَرَ كَوْكَبًۭا وَٱلشَّمْسَ وَٱلْقَمَرَ رَأَيْتُهُمْ لِى سَـٰجِدِينَ ﴿٤﴾

Оо, пайгамбар! Юсуф атасы Якубга мындай деп айткандыгы туурасында Биз сага кабар беребиз. Ал: “Оо, атаке! Мен түшүмдө он бир жылдызды жана күн менен айды көрдүм. Жана алардын баары мага сажда кылып жатышкандыгынو көрдүм” – деп айтты. Мына бул түш Юсуф пайгамбарга сүйүнүч кабары болгон

قَالَ يَـٰبُنَىَّ لَا تَقْصُصْ رُءْيَاكَ عَلَىٰٓ إِخْوَتِكَ فَيَكِيدُوا۟ لَكَ كَيْدًا ۖ إِنَّ ٱلشَّيْطَـٰنَ لِلْإِنسَـٰنِ عَدُوٌّۭ مُّبِينٌۭ ﴿٥﴾

Якуб баласы Юсуфка мындай деп айтты: “Эй, балам! Бул түшүңдү агаларыңа айтпа. Түшүнүп калып сени көрө албай жүрбөсүн. Көралбастыктын айынан сага айла-амал кылып жүрбөсүн. Чындыгында, шайтан адамга ачык душман болду”

وَكَذَٰلِكَ يَجْتَبِيكَ رَبُّكَ وَيُعَلِّمُكَ مِن تَأْوِيلِ ٱلْأَحَادِيثِ وَيُتِمُّ نِعْمَتَهُۥ عَلَيْكَ وَعَلَىٰٓ ءَالِ يَعْقُوبَ كَمَآ أَتَمَّهَا عَلَىٰٓ أَبَوَيْكَ مِن قَبْلُ إِبْرَٰهِيمَ وَإِسْحَـٰقَ ۚ إِنَّ رَبَّكَ عَلِيمٌ حَكِيمٌۭ ﴿٦﴾

Оо, Юсуф! Сен бул түштү көрүшүң менен сени Раббиң тандап алат. Жана сага түш жорууну үйрөтөт жана сага пайгамбарлык берет. Ата-бабаларың Ибрахим жана Исхак пайгамбарларга Өз жакшылыктарын толуктап бергендей эле сага да жакшылыктарын толуктап берет. Чындыгында, Раббиң жараткан маклуктарын Билүүчү. Башкаруусунда Даанышман

۞ لَّقَدْ كَانَ فِى يُوسُفَ وَإِخْوَتِهِۦٓ ءَايَـٰتٌۭ لِّلسَّآئِلِينَ ﴿٧﴾

Чынында Юсуф туурасында жана анын агалары туурасындагы кабарларда сураган адамдар үчүн сабактар жана эскертемелер бар. بلغ Куран · Тафсир

إِذْ قَالُوا۟ لَيُوسُفُ وَأَخُوهُ أَحَبُّ إِلَىٰٓ أَبِينَا مِنَّا وَنَحْنُ عُصْبَةٌ إِنَّ أَبَانَا لَفِى ضَلَـٰلٍۢ مُّبِينٍ ﴿٨﴾

Анын агалары өз ара сүйлөшкөн кезде бири-бирине мындай деп айтышты: “Биздин бир тууганыбыз Юсуф биз көпчүлүк болсок да атабызга бизге караганда сүйкүмдүү

ٱقْتُلُوا۟ يُوسُفَ أَوِ ٱطْرَحُوهُ أَرْضًۭا يَخْلُ لَكُمْ وَجْهُ أَبِيكُمْ وَتَكُونُوا۟ مِنۢ بَعْدِهِۦ قَوْمًۭا صَـٰلِحِينَ ﴿٩﴾

Юсуфту өлтүргүлө же алыс жерге алып барып жок кылгыла. Ошондоатаңардын жүзү силерге бурулуп силерди толук жакшыкөрүп калат. Силер Юсуфту өлтүрүп же жок кылгандан кийин кылган күнөөңөр үчүн тообокылып жакшы адамдардан болосуңар

قَالَ قَآئِلٌۭ مِّنْهُمْ لَا تَقْتُلُوا۟ يُوسُفَ وَأَلْقُوهُ فِى غَيَـٰبَتِ ٱلْجُبِّ يَلْتَقِطْهُ بَعْضُ ٱلسَّيَّارَةِ إِن كُنتُمْ فَـٰعِلِينَ ﴿١٠﴾

Агаларынын бирөөсү айтты: “Юсуфту өлтүрбөгүлө. Бирок аны кудуктун түбүнө таштап жибергиле. Кудуктун жанынан өткөн мусапырлар аныалып кетишет. Ошондо аныөлтүрүүдөн бир аз жеңилирээк болот. Эгерде ушул туурасында айткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, анда ушундай кылгыла”. م

قَالُوا۟ يَـٰٓأَبَانَا مَا لَكَ لَا تَأْمَ۫نَّا عَلَىٰ يُوسُفَ وَإِنَّا لَهُۥ لَنَـٰصِحُونَ ﴿١١﴾

Качан алар Юсуфтуалыска алып барып таштайбыз деген бир сөзгө келишкенде атасыЯкубка келип мындай деп айтышты: “Оо, атаке! Эмнеге Юсуфту бизге берип ишене албайсыз? Биз ага ырайым кылып зыян келген нерседен сактайбыз. Юсуф сизге кайтып келгиче биз аны сактап жана коргоп боорукерлик менен алып барып келебиз. Юсуфтубиз менен жөнөтүүгө сизди эмне тосуп жатат?”. أرسلهمعنا غدا يرتع ويلعب وإنا له لحفظون

أَرْسِلْهُ مَعَنَا غَدًۭا يَرْتَعْ وَيَلْعَبْ وَإِنَّا لَهُۥ لَحَـٰفِظُونَ ﴿١٢﴾

Эртең Юсуфту биз менен барып тамак жеп эс алып ойноп келүүсүнө уруксат бериңиз. Биз ага жеткен бардык зыяндардан анысактап жүрөбүз

قَالَ إِنِّى لَيَحْزُنُنِىٓ أَن تَذْهَبُوا۟ بِهِۦ وَأَخَافُ أَن يَأْكُلَهُ ٱلذِّئْبُ وَأَنتُمْ عَنْهُ غَـٰفِلُونَ ﴿١٣﴾

Якуб балдарына мындай деп айтты: “Юсуф менен барганыңар мени капаландырат. Анткени ал менден ажырагандыгына сабыр кыла албаймын.Силер ойноп эс алып жатып андан кабарсыз калганда аныкарышкыр жеп кетишинен коркомун

قَالُوا۟ لَئِنْ أَكَلَهُ ٱلذِّئْبُ وَنَحْنُ عُصْبَةٌ إِنَّآ إِذًۭا لَّخَـٰسِرُونَ ﴿١٤﴾

Алар атасына айтышты: “Эгерде ага карышкыр кол сала турган болсо, биз жамаат болуп туруп аныкоргой албасак, анда бизден эч кандай пайда жок. Аныкарышкырдан коруй албасак, анда биз зыянга учурап калабыз. بلغ Куран · Тафсир

فَلَمَّا ذَهَبُوا۟ بِهِۦ وَأَجْمَعُوٓا۟ أَن يَجْعَلُوهُ فِى غَيَـٰبَتِ ٱلْجُبِّ ۚ وَأَوْحَيْنَآ إِلَيْهِ لَتُنَبِّئَنَّهُم بِأَمْرِهِمْ هَـٰذَا وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ ﴿١٥﴾

Якуб Юсуфту алар менен жиберди. Аны алыска алып барышып, кудуктун түбүнө ыргытууну чечишти. Биз ошол учурда Юсуфка аян бердик: “Ушул кылган иштери жөнүндө аларга кабар бересиң, бирок алар сага маани беришпейт”

وَجَآءُوٓ أَبَاهُمْ عِشَآءًۭ يَبْكُونَ ﴿١٦﴾

Юсуфтун агаларыкечинде айла-амалдарын ишке ашырыш үчүн ыйламсырап атасына келишти

قَالُوا۟ يَـٰٓأَبَانَآ إِنَّا ذَهَبْنَا نَسْتَبِقُ وَتَرَكْنَا يُوسُفَ عِندَ مَتَـٰعِنَا فَأَكَلَهُ ٱلذِّئْبُ ۖ وَمَآ أَنتَ بِمُؤْمِنٍۢ لَّنَا وَلَوْ كُنَّا صَـٰدِقِينَ ﴿١٧﴾

Алар айтышты: “Оо, атаке! Биз жаа атышып, жөө жарышып ойноп, Юсуфту кийимдерибиздин жана тамактарыбыздын жанына карап турсун деп таштап кетсек, карышкыр жеп кетиптир. Чындыгында биз ал жөнүндө айткан сөзүбүздө чынчылболсок да сиз бизге ишенбейсизби?”

وَجَآءُو عَلَىٰ قَمِيصِهِۦ بِدَمٍۢ كَذِبٍۢ ۚ قَالَ بَلْ سَوَّلَتْ لَكُمْ أَنفُسُكُمْ أَمْرًۭا ۖ فَصَبْرٌۭ جَمِيلٌۭ ۖ وَٱللَّهُ ٱلْمُسْتَعَانُ عَلَىٰ مَا تَصِفُونَ ﴿١٨﴾

تصفون Юсуфтукарышкыр жеп кетти деп көйнөгүнө анын каныболбогон башка бир кандыбоёп,булкабардыайлакерлик менен тастыкташты. Бирок Якубалардын жалган максатын кийимине карап түшүндү, анткени кийим тытылган эмес болчу. Якуб аларга айтты: “Бирок бул иш силер айткандай болгон эмес. Тескерисинче, напсиңер силерге кылган жаман ишиңерди кооз көргөздү. Эми менин кылар ишим – наалыбастан жакшы сабыр кылуу. Юсуф тууралуусилер айткан сөздө Аллахтан гана жардам сурайм”

وَجَآءَتْ سَيَّارَةٌۭ فَأَرْسَلُوا۟ وَارِدَهُمْ فَأَدْلَىٰ دَلْوَهُۥ ۖ قَالَ يَـٰبُشْرَىٰ هَـٰذَا غُلَـٰمٌۭ ۚ وَأَسَرُّوهُ بِضَـٰعَةًۭ ۚ وَٱللَّهُ عَلِيمٌۢ بِمَا يَعْمَلُونَ ﴿١٩﴾

يعملون Анан жолоочу кербен келип, аларга суу алып келүүчү адамды кудукка жиберишти. Ал чакасын кудукка ыргытканда Юсуф анын жибинен кармап илинип алды. Чаканы ыргыткан киши аны көргөндө – Сүйүнчүү! Бул бала го, - деп кубанып кетти. Суу алып келүүчү жана анын достору аны башка жолоочулар көрүп калбасын деп буюмдардын арасына жашырып коюшту. Аллахтын алдында алардын кылган иштери жашыруун эмес. Юсуфту кордоп, сатыкка койгондугун Аллах Билүүчү

وَشَرَوْهُ بِثَمَنٍۭ بَخْسٍۢ دَرَٰهِمَ مَعْدُودَةٍۢ وَكَانُوا۟ فِيهِ مِنَ ٱلزَّٰهِدِينَ ﴿٢٠﴾

Суу алып келүүчү жана анын достору Мисирге келгенде Юсуфтан тез кутулуш үчүн саналуу дирхамга сатып жиберишти. Анткени, анын абалынан кул эместиги билишти. Өз жандарына зыян болбосун деп анын туугандарынан коркушту. Ошондуктан алар менен көпкө калбады. Булда болсо Аллахтын Юсуфка болгон толук ырайымынан. بلغ Куран · Тафсир

وَقَالَ ٱلَّذِى ٱشْتَرَىٰهُ مِن مِّصْرَ لِٱمْرَأَتِهِۦٓ أَكْرِمِى مَثْوَىٰهُ عَسَىٰٓ أَن يَنفَعَنَآ أَوْ نَتَّخِذَهُۥ وَلَدًۭا ۚ وَكَذَٰلِكَ مَكَّنَّا لِيُوسُفَ فِى ٱلْأَرْضِ وَلِنُعَلِّمَهُۥ مِن تَأْوِيلِ ٱلْأَحَادِيثِ ۚ وَٱللَّهُ غَالِبٌ عَلَىٰٓ أَمْرِهِۦ وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ ﴿٢١﴾

Аны Мисирде сатып алган киши аялына айтты: “Ага жакшы мамиле кылып, биз менен болгондо ага сый көрсөт. Балким өзүбүздүн кээ бир муктаждыктарыбызды бүтүрүүгө пайдасы тиет. Же болбосо аны бала кылып багып алабыз. Юсуфту өлүмдөн сактагандай, аны кудуктан чыгардык. Ошондой эле вазирдин жүрөгүн ага жумшартып койдук. Ага түш жооруну үйрөтүү үчүн аны Мисирде жашаттык. Аллах Өз ишинде Жеңүүчү жана Анын буйругу дайыма ишке ашат жана аны эч ким мажбурлай албайт. Бирок адамдардын көпчүлүгү ал нерсени билишпейт. Анткени алар каапырлар

وَلَمَّا بَلَغَ أَشُدَّهُۥٓ ءَاتَيْنَـٰهُ حُكْمًۭا وَعِلْمًۭا ۚ وَكَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿٢٢﴾

Юсуфтун денеси күчкө толгон жашында илим жана туура түшүнүк бердик. Ушул сыяктуу сыйлыкты Аллахка сыйынып, жакшы иш кылгандарга да беребиз

وَرَٰوَدَتْهُ ٱلَّتِى هُوَ فِى بَيْتِهَا عَن نَّفْسِهِۦ وَغَلَّقَتِ ٱلْأَبْوَٰبَ وَقَالَتْ هَيْتَ لَكَ ۚ قَالَ مَعَاذَ ٱللَّهِ ۖ إِنَّهُۥ رَبِّىٓ أَحْسَنَ مَثْوَاىَ ۖ إِنَّهُۥ لَا يُفْلِحُ ٱلظَّـٰلِمُونَ ﴿٢٣﴾

Вазирдин аялы жумшактык жана айлакерлик менен Юсуфтан бузукулукка барууну суранып, аны менен жалгыз калыш үчүн эшиктердин баарын кулптады да ага: «Бери келчи мага!» – деди. Юсуф айтты: «Аллах мени бул чакырып жаткан ишиңден сактасын!Менин кожоюнум өз алдынан мени жакшыорунга жайгаштырды.Мен ага эч качан кыянат кылбайм.Ага кыянаттык кылчуболсом залымдардан болуп калам.Чындыгында залымдар жеңишке жетишпейт»

وَلَقَدْ هَمَّتْ بِهِۦ ۖ وَهَمَّ بِهَا لَوْلَآ أَن رَّءَا بُرْهَـٰنَ رَبِّهِۦ ۚ كَذَٰلِكَ لِنَصْرِفَ عَنْهُ ٱلسُّوٓءَ وَٱلْفَحْشَآءَ ۚ إِنَّهُۥ مِنْ عِبَادِنَا ٱلْمُخْلَصِينَ ﴿٢٤﴾

Ал аялдын напсиси бузукулук кылууну каалады. Эгерде ошол нерседен аны токтотуп алыстаткан Аллахтын белгилерин көрбөгөндө, ал нерсе анын да оюна келмек. Аны жамандыктан сакташ үчүн жана аны зына менен кыянаттыктан алыстатыш үчүн Биз ага аларды көрсөттүк. Чындыгында Юсуф пайгамбарлыкка тандалган пенделерибизден эле

وَٱسْتَبَقَا ٱلْبَابَ وَقَدَّتْ قَمِيصَهُۥ مِن دُبُرٍۢ وَأَلْفَيَا سَيِّدَهَا لَدَا ٱلْبَابِ ۚ قَالَتْ مَا جَزَآءُ مَنْ أَرَادَ بِأَهْلِكَ سُوٓءًا إِلَّآ أَن يُسْجَنَ أَوْ عَذَابٌ أَلِيمٌۭ ﴿٢٥﴾

يسجن أو عذاب أليم Экөө тең эшикти көздөй жарыша чуркап жөнөштү, Юсуф өзүн сакташ үчүн, тигил болсо аны чыгарбаш үчүн. Ошондо аны чыгарбайын деп көйнөгүнөн тартканда арка жагы айрылып кетти. Экөөсү эшиктин оозунан күйөөсүнө туш болуп калышты. Вазирдин аялы вазирге жалган сүйлөп: «Оо, вазир! Сиздин аялыңыз менен бузукулук кылам дегендин жазасы– зындан же жан кыйноочуазап болсун!»– деди. بلغ Куран · Тафсир

قَالَ هِىَ رَٰوَدَتْنِى عَن نَّفْسِى ۚ وَشَهِدَ شَاهِدٌۭ مِّنْ أَهْلِهَآ إِن كَانَ قَمِيصُهُۥ قُدَّ مِن قُبُلٍۢ فَصَدَقَتْ وَهُوَ مِنَ ٱلْكَـٰذِبِينَ ﴿٢٦﴾

Юсуф (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) мындай деди: «Ал өзү мени бузук ишке чакырды. Мен аны каалаган да эмесмин». Аялдын туугандарынан бирөө күбө болуп: «Эгерде Юсуфтун көйнөгү алды жагынан айрылса, анда аялдын айтканычын экенине далил болот. Анткени, аял андан өзүн коргогон болот. Мында тиги (Юсуф) жалганчы болот

وَإِن كَانَ قَمِيصُهُۥ قُدَّ مِن دُبُرٍۢ فَكَذَبَتْ وَهُوَ مِنَ ٱلصَّـٰدِقِينَ ﴿٢٧﴾

А, эгер анын көйнөгүнүн арты айрылса, анда бул Юсуфтун чын айтып жатканына далил болот. Анткени аял аны азгырды, ал болсо андан качты. Мында аял жалганчы болот»

فَلَمَّا رَءَا قَمِيصَهُۥ قُدَّ مِن دُبُرٍۢ قَالَ إِنَّهُۥ مِن كَيْدِكُنَّ ۖ إِنَّ كَيْدَكُنَّ عَظِيمٌۭ ﴿٢٨﴾

Вазир Юсуфтун көйнөгү арт жагынан айрылганын көргөндө анын айткан сөзү чын экени анык болду. Ал айтты: «Эй, аялдар! Мунун буга жапкан жалган жалаасы – силердин айлакерлигиңерден. Чындыгында силердин айлакерлигиңер өтө күчтүү»

يُوسُفُ أَعْرِضْ عَنْ هَـٰذَا ۚ وَٱسْتَغْفِرِى لِذَنۢبِكِ ۖ إِنَّكِ كُنتِ مِنَ ٱلْخَاطِـِٔينَ ﴿٢٩﴾

Юсуфка айтты: «Оо, Юсуф! Бул болгон ишти көңүлүңө алба, аны эч кимге айтпа! А сен болсо күнөөң үчүн кечирим сура. Чындыгында сен Юсуфту азгырганың себептүү күнөөкөр болдуң»

۞ وَقَالَ نِسْوَةٌۭ فِى ٱلْمَدِينَةِ ٱمْرَأَتُ ٱلْعَزِيزِ تُرَٰوِدُ فَتَىٰهَا عَن نَّفْسِهِۦ ۖ قَدْ شَغَفَهَا حُبًّا ۖ إِنَّا لَنَرَىٰهَا فِى ضَلَـٰلٍۢ مُّبِينٍۢ ﴿٣٠﴾

Шаарда ал тууралуу сөз таркады. Бир топ аялдар жактырбагандай: «Вазирдин аялы өз кулун азгырыптыр. Аны чын дилинен сүйүп калыптыр. Биз анын азгырганын жана сүйүп калганын ачык эле адашуу деп ойлойбуз» – деп сөз кылышты

فَلَمَّا سَمِعَتْ بِمَكْرِهِنَّ أَرْسَلَتْ إِلَيْهِنَّ وَأَعْتَدَتْ لَهُنَّ مُتَّكَـًۭٔا وَءَاتَتْ كُلَّ وَٰحِدَةٍۢ مِّنْهُنَّ سِكِّينًۭا وَقَالَتِ ٱخْرُجْ عَلَيْهِنَّ ۖ فَلَمَّا رَأَيْنَهُۥٓ أَكْبَرْنَهُۥ وَقَطَّعْنَ أَيْدِيَهُنَّ وَقُلْنَ حَـٰشَ لِلَّهِ مَا هَـٰذَا بَشَرًا إِنْ هَـٰذَآ إِلَّا مَلَكٌۭ كَرِيمٌۭ ﴿٣١﴾

Вазирдин аялы алардын жамандагандарын жана ал жөнүндө ушактагандарын укканда алар өздөрү Юсуфту көрүшсүн,анан аныжемелегенин токтотушат деп аларга адам жиберип чакыртты.Алар үчүн төшөктөрдүсалып, жаздыктардыкоюп атайын жай даярдадыда келген аялдардын ар бирине мөмө-жемиш кесип жесин деп бирден бычак берип: «Булардын алдына чык!» – деп Юсуфка айтты. Алар аны көрүшөрү менен ушунчалык улуктап, анын сулуулугуна акыл-эстен тана таңданышып, акыры ушунчалык суктангандарынан мөмө-жемиш кесиш үчүн берилген бычактар менен колдорун кесе башташты. Алар: «Аллах аруу! Бул бала адамзаттан эмес. Бул анык эле кереметтүү периштелердин бири го!» – дешти. بلغ Куран · Тафсир

قَالَتْ فَذَٰلِكُنَّ ٱلَّذِى لُمْتُنَّنِى فِيهِ ۖ وَلَقَدْ رَٰوَدتُّهُۥ عَن نَّفْسِهِۦ فَٱسْتَعْصَمَ ۖ وَلَئِن لَّمْ يَفْعَلْ مَآ ءَامُرُهُۥ لَيُسْجَنَنَّ وَلَيَكُونًۭا مِّنَ ٱلصَّـٰغِرِينَ ﴿٣٢﴾

Аялдар өздөрүнө эмне болгонун көрүшкөндө вазирдин аялыаларга айтты:«Анысүйүп калганым үчүн силер мени айыптаган жигит ушул! Мен андан сурандым, аныазгырыштын айласын издедим, бирок ал баш тартты. Эгерде ал мен талап кылгандыкелечекте кылбай турган болсо, анда ал сөзсүз зынданга кирет жана кордолгондордон болот»

قَالَ رَبِّ ٱلسِّجْنُ أَحَبُّ إِلَىَّ مِمَّا يَدْعُونَنِىٓ إِلَيْهِ ۖ وَإِلَّا تَصْرِفْ عَنِّى كَيْدَهُنَّ أَصْبُ إِلَيْهِنَّ وَأَكُن مِّنَ ٱلْجَـٰهِلِينَ ﴿٣٣﴾

Юсуф пайгамбар Раббисине дуба кылып айтты: «Оо, Раббим! Алар мени чакырып жаткан бузукулукка караганда коркутуп жатышкан зынданы мага сүйүктүүрөөк. Эгерде Сен мени алардын айла-амалдарынан куткарбасаң, аларга тартылып кетем. А эгер аларга тартылып кетсем, анда наадандардан болуп калам жана алар менден каалап жатышкандарын ишке ашырышат»

فَٱسْتَجَابَ لَهُۥ رَبُّهُۥ فَصَرَفَ عَنْهُ كَيْدَهُنَّ ۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ ﴿٣٤﴾

Аллаханын дубасын кабылкылды.Анывазирдин аялыменен шаардык аялдардын айла-амалдарынан куткарды. Чындыгында Аллахтаала Юсуфтун дубасын жана ар бир дуба кылуучунун дубасын Угуучу,анын жана башкалардын абалдарын Билүүчү

ثُمَّ بَدَا لَهُم مِّنۢ بَعْدِ مَا رَأَوُا۟ ٱلْـَٔايَـٰتِ لَيَسْجُنُنَّهُۥ حَتَّىٰ حِينٍۢ ﴿٣٥﴾

Вазир жана анын жан-жөөкөрлөрүдалилдердин негизинде Юсуфтун күнөөсүз экендигин көрүшкөндөн кийин бул уят иш элге жайылып кетпесин деп белгисиз мөөнөткө анызынданга отургузуу тууралуу ойгомакулдашышты

وَدَخَلَ مَعَهُ ٱلسِّجْنَ فَتَيَانِ ۖ قَالَ أَحَدُهُمَآ إِنِّىٓ أَرَىٰنِىٓ أَعْصِرُ خَمْرًۭا ۖ وَقَالَ ٱلْـَٔاخَرُ إِنِّىٓ أَرَىٰنِىٓ أَحْمِلُ فَوْقَ رَأْسِى خُبْزًۭا تَأْكُلُ ٱلطَّيْرُ مِنْهُ ۖ نَبِّئْنَا بِتَأْوِيلِهِۦٓ ۖ إِنَّا نَرَىٰكَ مِنَ ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿٣٦﴾

Аны зынданга отургузушту. Аны менен кошо эки жигит да отурду. Ошолордун бирөөсү Юсуфка: «Мен түшүмдө шарап жасаш үчүн жүзүм сыгып жатыптырмын» – деди, ал эми экинчиси болсо: «А мен түшүмдө башыма нан көтөрүп баратыпмын, андан чымчыктар жеп жатышыптыр» – деп түштөрүн айтып: «Оо, Юсуф! Эми түшүбүздү жоруп берчи.Биз сени жакшылыгын аябаган адамдардан деп ойлойбуз»–дешти

قَالَ لَا يَأْتِيكُمَا طَعَامٌۭ تُرْزَقَانِهِۦٓ إِلَّا نَبَّأْتُكُمَا بِتَأْوِيلِهِۦ قَبْلَ أَن يَأْتِيَكُمَا ۚ ذَٰلِكُمَا مِمَّا عَلَّمَنِى رَبِّىٓ ۚ إِنِّى تَرَكْتُ مِلَّةَ قَوْمٍۢ لَّا يُؤْمِنُونَ بِٱللَّهِ وَهُم بِٱلْـَٔاخِرَةِ هُمْ كَـٰفِرُونَ ﴿٣٧﴾

Юсуф айтты: «Экөөңөргө падыша жана башкалар тараптан берилген тамагыңар келгенге чейин силерге анын акыйкатын жана кандай болорун айтып берейин. Мына бу мен билген түш жоруу касиети мага Раббим үйрөткөн нерселерден. Бул көзү ачыктык же жыздыз төлгө эмес. Чындыгында мен Аллахка ыйман келтирбеген коомдун динин таштадым.Анткени алар акыретке ишенишпейт. بلغ Куран · Тафсир

وَٱتَّبَعْتُ مِلَّةَ ءَابَآءِىٓ إِبْرَٰهِيمَ وَإِسْحَـٰقَ وَيَعْقُوبَ ۚ مَا كَانَ لَنَآ أَن نُّشْرِكَ بِٱللَّهِ مِن شَىْءٍۢ ۚ ذَٰلِكَ مِن فَضْلِ ٱللَّهِ عَلَيْنَا وَعَلَى ٱلنَّاسِ وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَشْكُرُونَ ﴿٣٨﴾

Мен ата-бабаларым – Ибрахим, Исхак жана Якубдун динин ээрчидим. Ал – жалгыз Аллахка сыйынуу дини. Биз үчүн Аллахка башкаларды шерик кылуу ылайык эмес жана жалгыз сыйынуучулук Ага гана таандык. Мен жана ата- бабаларым тутунган ошол жалгыз Аллахка сыйынуучулук менен ыйман – бизге ийгилик берген Аллахтын жакшылыктарынан жана жалпы адамдарга кылган жакшылыктарынан. Анткени Ал аларга пайгамбарларды жиберди. Бирок адамдардын көпчүлүгү Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылышпайт, тескерисинче, аларды танышат»

يَـٰصَـٰحِبَىِ ٱلسِّجْنِ ءَأَرْبَابٌۭ مُّتَفَرِّقُونَ خَيْرٌ أَمِ ٱللَّهُ ٱلْوَٰحِدُ ٱلْقَهَّارُ ﴿٣٩﴾

Андан соң Юсуф зындандагыэки жигитке кайрылып айтты: «Көп кудайларга сыйынуу жакшыбы, же эч бир шериги жок Жалгыз жана жеңилбес Каардуу Аллахка сыйынган жакшыбы?»

مَا تَعْبُدُونَ مِن دُونِهِۦٓ إِلَّآ أَسْمَآءًۭ سَمَّيْتُمُوهَآ أَنتُمْ وَءَابَآؤُكُم مَّآ أَنزَلَ ٱللَّهُ بِهَا مِن سُلْطَـٰنٍ ۚ إِنِ ٱلْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ ۚ أَمَرَ أَلَّا تَعْبُدُوٓا۟ إِلَّآ إِيَّاهُ ۚ ذَٰلِكَ ٱلدِّينُ ٱلْقَيِّمُ وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ ﴿٤٠﴾

Аллахтан башка силер сыйынып жаткан нерселер өзүңөр жана ата-бабаларыңар кудайлар деп атап алышкан атына затытуура келбеген аталыштардан башка эч нерсе эмес. Алардын кудай болууга эч кандай укугу жок. Силер аларга ысымдарды ыйгарып алганыңарды туура дегенге Аллах эч кандай далил түшүргөн эмес. Бүткүл жаратылгандардын өкүмү – силер жана ата-бабаларыңар атап алган ысымдарга эмес, жалгыз Аллахка гана таандык. Аллах силерди жалгыз Ага гана сыйынууңарды буйруду жана Ага башкаларды шерик кылууңарды тыйды. Мына ошол жалгыз Аллахка сыйынуучулук – эч кандай бурмалануусу жок туура дин. Бирок көпчүлүк адамдар муну билишпейт. Ошол себептен алар Аллахка шерик кошушуп, кээ бир жаратылгандарга сыйынышат

يَـٰصَـٰحِبَىِ ٱلسِّجْنِ أَمَّآ أَحَدُكُمَا فَيَسْقِى رَبَّهُۥ خَمْرًۭا ۖ وَأَمَّا ٱلْـَٔاخَرُ فَيُصْلَبُ فَتَأْكُلُ ٱلطَّيْرُ مِن رَّأْسِهِۦ ۚ قُضِىَ ٱلْأَمْرُ ٱلَّذِى فِيهِ تَسْتَفْتِيَانِ ﴿٤١﴾

Оо, менин зындандагышериктерим! Түшүндө шарап жасаш үчүн жүзүм сыгып жатканын көргөн адам мурунку ишине кайтып, кожоюнуна шарап куюп берет. Ал эми түшүндө башына нан көтөрүп, андан чымчыктар чокуп жатканын көргөн адам болсо буту-кулунан дарга кагылып өлтүрүлөт, анан чымчыктар анын башынын этинен чокуп жешет.Силер өкүмүн сураган иштин толук чечмелениши ушундай.Алсөзсүз ишке ашат

وَقَالَ لِلَّذِى ظَنَّ أَنَّهُۥ نَاجٍۢ مِّنْهُمَا ٱذْكُرْنِى عِندَ رَبِّكَ فَأَنسَىٰهُ ٱلشَّيْطَـٰنُ ذِكْرَ رَبِّهِۦ فَلَبِثَ فِى ٱلسِّجْنِ بِضْعَ سِنِينَ ﴿٤٢﴾

Юсуф экөөсүнөн аман чыгат деп ойлогонуна, тагыраак айтканда кожоюнуна шарап куюп бере турганына айтты: «Кожоюнуңа менин окуямды жана абалымды айтканды унутпа! Балким ал мени зындандан чыгарар». Кийин шайтан шарап коюучуга Юсуф тууралуу кожоюна айтканды унуттуруп койду. Ошондон кийин да Юсуф зынданда бир топ жылжатты. بلغ Куран · Тафсир

وَقَالَ ٱلْمَلِكُ إِنِّىٓ أَرَىٰ سَبْعَ بَقَرَٰتٍۢ سِمَانٍۢ يَأْكُلُهُنَّ سَبْعٌ عِجَافٌۭ وَسَبْعَ سُنۢبُلَـٰتٍ خُضْرٍۢ وَأُخَرَ يَابِسَـٰتٍۢ ۖ يَـٰٓأَيُّهَا ٱلْمَلَأُ أَفْتُونِى فِى رُءْيَـٰىَ إِن كُنتُمْ لِلرُّءْيَا تَعْبُرُونَ ﴿٤٣﴾

أفتونى فى رءيى إن كنتمللرءيا تعبرون Падыша айтты: «Мен түшүмдө жети семиз уй көрдүм. Аларды жети арык уй жеп жатыптыр. Ошондой эле жети даана жашыл машак жана жети даана куураган машак көрдүм. Эй, башчылар жана кадырмандар! Кимиңер бул түштүн жандырмагын билсеңер, анда мага түшүмдү жоруп бергиле»

قَالُوٓا۟ أَضْغَـٰثُ أَحْلَـٰمٍۢ ۖ وَمَا نَحْنُ بِتَأْوِيلِ ٱلْأَحْلَـٰمِ بِعَـٰلِمِينَ ﴿٤٤﴾

Алар айтышты: «Көргөн түшүңүз чаташкан түш экен. Эгер ушундай болсо, анда ал жорулбайт. Биз чаташкан түштөрдү жоруй албайбыз»

وَقَالَ ٱلَّذِى نَجَا مِنْهُمَا وَٱدَّكَرَ بَعْدَ أُمَّةٍ أَنَا۠ أُنَبِّئُكُم بِتَأْوِيلِهِۦ فَأَرْسِلُونِ ﴿٤٥﴾

Ошондо зындандан аман чыккан шарап куюучу Юсуфтун түштү жакшы жоруганын жана анын абалын көп убакыттан кийин эсине түшүрүп: «Мен сиздерге падышанын көргөн түшү кандай жоруларын түш жоруганды жакшы билген бирөөдөн сиздерге суратып берейин. Оо, падыша! Мени Юсуфка жибериңиз, түшүңүздү жорутуп келейин» – деди

يُوسُفُ أَيُّهَا ٱلصِّدِّيقُ أَفْتِنَا فِى سَبْعِ بَقَرَٰتٍۢ سِمَانٍۢ يَأْكُلُهُنَّ سَبْعٌ عِجَافٌۭ وَسَبْعِ سُنۢبُلَـٰتٍ خُضْرٍۢ وَأُخَرَ يَابِسَـٰتٍۢ لَّعَلِّىٓ أَرْجِعُ إِلَى ٱلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَعْلَمُونَ ﴿٤٦﴾

Аман чыкканы Юсуфка келип айтты: «Оо, Юсуф! Оо, чынчыл жигит! Бирөө түшүндө жети семиз уй көрүп, аларды жети арык уй жеп жаткан экен. Ошондой эле жети даана жашыл машак жана жети даана куураган машак көрүптүр. Бизге бул түштү жоруп бер. Мен падышага жана анын жанындагыларга барып айтайын. Балким алар падышанын түшүнүн маанисин билишер жана сенин артыкчылыгыңдыжана кадырыңдыбаамдашар

قَالَ تَزْرَعُونَ سَبْعَ سِنِينَ دَأَبًۭا فَمَا حَصَدتُّمْ فَذَرُوهُ فِى سُنۢبُلِهِۦٓ إِلَّا قَلِيلًۭا مِّمَّا تَأْكُلُونَ ﴿٤٧﴾

Юсуф бул түштү жоруп мындай деди: «Жети жыл бою жакшылап буудай эгесиңер. Ошол жети жылдын ар бир жылында жыйнаган түшүмдөн өзүңөргө жете тургандай аз гана бөлүгүн жегенге жанчып алып, ал эми калган бөлүгүн курттап кетпешүчүн машагыменен калтырасыңар. ثم يأتى من بعد ذلك سبع شداد يأكلن ما قدمتملهن إلا قليلا مما تحصنون

ثُمَّ يَأْتِى مِنۢ بَعْدِ ذَٰلِكَ سَبْعٌۭ شِدَادٌۭ يَأْكُلْنَ مَا قَدَّمْتُمْ لَهُنَّ إِلَّا قَلِيلًۭا مِّمَّا تُحْصِنُونَ ﴿٤٨﴾

Андан соң ошол мол түшүмдүү жети жылдан кийинки жети жыл кургакчылык болот. Ошол жылдары адамдар мол түшүмдүү жылдары жыйнап сактап койгон түшүмдүн аз гана бөлүгүн урукка алып калышат да калганын өздөрү жешет

ثُمَّ يَأْتِى مِنۢ بَعْدِ ذَٰلِكَ عَامٌۭ فِيهِ يُغَاثُ ٱلنَّاسُ وَفِيهِ يَعْصِرُونَ ﴿٤٩﴾

Андан соң ошол кургакчылык жылдардан кийинки жылы көп жамгыр жаайт, эгиндер көктөйт жана адамдар жүзүм, зайтун, кант камышы сымал керектүү жемиштердин ширелерин сыгып алышат». بلغ Куран · Тафсир

وَقَالَ ٱلْمَلِكُ ٱئْتُونِى بِهِۦ ۖ فَلَمَّا جَآءَهُ ٱلرَّسُولُ قَالَ ٱرْجِعْ إِلَىٰ رَبِّكَ فَسْـَٔلْهُ مَا بَالُ ٱلنِّسْوَةِ ٱلَّـٰتِى قَطَّعْنَ أَيْدِيَهُنَّ ۚ إِنَّ رَبِّى بِكَيْدِهِنَّ عَلِيمٌۭ ﴿٥٠﴾

ربى بكيدهن عليم Падышанын түшүн Юсуф кандай жоруганын уккандан кийин жан-жөкөрлөрүнө: «Анызындандан чыгаргыла да мага алып келгиле!» – деди. Юсуфка падышадан элчи келгенде ал ага айтты: «Башчы кожоюнуңа барып колдорун кесишкен аялдардын окуясын сурагын.Чындыгында Раббим алардын мени азгырганын Билүүчү.Ага булнерсенин эчбири жашыруун эмес».Алмунузындандан чыгардан мурун өзүнүн актыгын билдиришүчүн айтты

قَالَ مَا خَطْبُكُنَّ إِذْ رَٰوَدتُّنَّ يُوسُفَ عَن نَّفْسِهِۦ ۚ قُلْنَ حَـٰشَ لِلَّهِ مَا عَلِمْنَا عَلَيْهِ مِن سُوٓءٍۢ ۚ قَالَتِ ٱمْرَأَتُ ٱلْعَزِيزِ ٱلْـَٔـٰنَ حَصْحَصَ ٱلْحَقُّ أَنَا۠ رَٰوَدتُّهُۥ عَن نَّفْسِهِۦ وَإِنَّهُۥ لَمِنَ ٱلصَّـٰدِقِينَ ﴿٥١﴾

Падыша (Малик) аялдарга кайрылып: "Эмне үчүн Юсуфту өзүңөр менен бузуку ишке баруусун талап кылдыңар?" деди. Аялдар: "Аллахка ант болсун, биз анын эч жамандыгын көрбөдүк, ага жалаа жабылып жатат" деп жооп беришти. Ошондо ызаттуу кишинин аялы (Зулайка) айыбын моюнуна алып: "Чындык ачыкка чыкты, мен аны азгырууга аракет кылгам, ал мени азгырган эмес, анын өзүнүн тазалыгы жана менин жалган жалаам тууралуу айтканы чындык" деди

ذَٰلِكَ لِيَعْلَمَ أَنِّى لَمْ أَخُنْهُ بِٱلْغَيْبِ وَأَنَّ ٱللَّهَ لَا يَهْدِى كَيْدَ ٱلْخَآئِنِينَ ﴿٥٢﴾

Вазирдин аялы айтты: «Мен аны өзүм азгырганымды жана күйөөм жокто ага кыянаттык кылбаганым чын деп айткан сөзүн мойнума алып жатканымды Юсуф билсин. Мен мындан жалган айткандар менен айла-амал кылгандарга Аллахийгилик бербесин түшүндүм»

۞ وَمَآ أُبَرِّئُ نَفْسِىٓ ۚ إِنَّ ٱلنَّفْسَ لَأَمَّارَةٌۢ بِٱلسُّوٓءِ إِلَّا مَا رَحِمَ رَبِّىٓ ۚ إِنَّ رَبِّى غَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ ﴿٥٣﴾

Вазирдин аялы сөзүн улап мындай деди: «Жамандык ишти каалаганымды танбайм. Мен муну менен өзүмдү актайын деген оюм жок. Анткени адамдын напсиси өзү каалаганга тартканы үчүн жана аны токтотуш кыйынга турганы үчүн ал жаман иштерге көп буйруйт. Бир гана Аллах ырайым кылган напсилер гана андай кылышпайт. Аллах аларды жамандыкка буюруудан коргоду. Чындыгында Раббим тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу»

وَقَالَ ٱلْمَلِكُ ٱئْتُونِى بِهِۦٓ أَسْتَخْلِصْهُ لِنَفْسِى ۖ فَلَمَّا كَلَّمَهُۥ قَالَ إِنَّكَ ٱلْيَوْمَ لَدَيْنَا مَكِينٌ أَمِينٌۭ ﴿٥٤﴾

Падыша Юсуфтун күнөөсүз экенин билгенден кийин жардамчыларына: «Аны мага алып келгиле! Мен аны өзүмө жакын алып жүрөйүн" деди. Юсуфту ага алып келишти. Аны менен сүйлөшкөндөн кийин анын билимдүү жана акылдуу экени анык болду. Падыша ага: «Юсуф! Бүгүнтөн тарта сен биздин алдыбызда кадырлуу, ардактуу жана ишенимдүү адамга айландың» деди

قَالَ ٱجْعَلْنِى عَلَىٰ خَزَآئِنِ ٱلْأَرْضِ ۖ إِنِّى حَفِيظٌ عَلِيمٌۭ ﴿٥٥﴾

Юсуф падышага: «Мени Мисир жергесинин мал-мүлк жана азык-түлүк казыналарына башчыкылып дайындаңыз. Чындыгында мен ишенимдүүказыначымын жана аткарган ишимди мыктыбилемин». بلغ Куран · Тафсир

وَكَذَٰلِكَ مَكَّنَّا لِيُوسُفَ فِى ٱلْأَرْضِ يَتَبَوَّأُ مِنْهَا حَيْثُ يَشَآءُ ۚ نُصِيبُ بِرَحْمَتِنَا مَن نَّشَآءُ ۖ وَلَا نُضِيعُ أَجْرَ ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿٥٦﴾

Биз Юсуфту актап жана абактан куткарып жакшылык кылганыбыз сыяктуу эле ага Мисирде бийлик кылууну да бердик. Ал өзү каалаган жерине конуп жашай алат. Биз бул дүйнөдө Өзүбүз каалаган пенделерибизге ырайымдуулугубуздан беребиз жана жакшылык кылгандардын сообун жок кылбайбыз. Тескерисинче, аларга соопторун эчкемитбестен толук кылып беребиз

وَلَأَجْرُ ٱلْـَٔاخِرَةِ خَيْرٌۭ لِّلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَكَانُوا۟ يَتَّقُونَ ﴿٥٧﴾

Аллахка ыйман келтирип, Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоо менен Андан коркушкандар үчүн даярдап койгон акыреттеги Аллахтын сообу–булдүйнө сообунан да жакшыраак

وَجَآءَ إِخْوَةُ يُوسُفَ فَدَخَلُوا۟ عَلَيْهِ فَعَرَفَهُمْ وَهُمْ لَهُۥ مُنكِرُونَ ﴿٥٨﴾

Юсуфтун бир туугандарыМисир жерине буюм-тайымдарыменен келишип анын үстүнө киришкенде анын бир туугандары экенин тааныды. Бирок арадан көп убакыт өтүп, сырткы келбети өзгөргөнү себептүү алар Юсуфту таанышкан жок. Анткени аныкудукка таштаганда кичинекей бала эле

وَلَمَّا جَهَّزَهُم بِجَهَازِهِمْ قَالَ ٱئْتُونِى بِأَخٍۢ لَّكُم مِّنْ أَبِيكُمْ ۚ أَلَا تَرَوْنَ أَنِّىٓ أُوفِى ٱلْكَيْلَ وَأَنَا۠ خَيْرُ ٱلْمُنزِلِينَ ﴿٥٩﴾

Аларга сураган азык-түлүктөрүн бергенде алар аталаш дагы бир тууганы бар экенин жана ал атасы менен калганын айтышканда ал айтты: «Ошол аталаш бир тууганыңарды да алып келгиле, мен силерге дагы бир төөлүк азык кошуп беремин. Көрдүңөр го, силерге өлчөмүн кемитпестен толук ченеп бердим. Мен эң жакшы меймандосмун. فإن لم تأتونى به فلا كيل لكم عندى ولا تقربون

فَإِن لَّمْ تَأْتُونِى بِهِۦ فَلَا كَيْلَ لَكُمْ عِندِى وَلَا تَقْرَبُونِ ﴿٦٠﴾

Эгерде аныалып келбесеңер, анда аталаш бир тууганыбыз бар деген сөзүңөр жалган экени анык болот. Ошондо силерге азык-түлүк да бербейм, менин жериме да жолобойсуңар». قالوا سنرود عنهأباه وإنا لفعلون

قَالُوا۟ سَنُرَٰوِدُ عَنْهُ أَبَاهُ وَإِنَّا لَفَـٰعِلُونَ ﴿٦١﴾

Ошондо бир туугандары ага: «Биз аны атабыздан сурайбыз. Колубуздан келишинче аракет кылабыз. Чындыгында биз сенин буйругуңду кайдыгер карабай аткарабыз» – дешти

وَقَالَ لِفِتْيَـٰنِهِ ٱجْعَلُوا۟ بِضَـٰعَتَهُمْ فِى رِحَالِهِمْ لَعَلَّهُمْ يَعْرِفُونَهَآ إِذَا ٱنقَلَبُوٓا۟ إِلَىٰٓ أَهْلِهِمْ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ ﴿٦٢﴾

Юсуф жумушчуларына айтты: «Берген буюмдарын кошо салып койгула. Алар кайтып барышканда биз аларга сатпаганыбызды билишсин. Бул аларды чынчыл экендиктерин тастыкташ үчүн жана алар буюмдарын кайтарыш үчүн дагыбир ирет бир тууганыменен кайтып келүүлөрүнө түртөт». بلغ Куран · Тафсир

فَلَمَّا رَجَعُوٓا۟ إِلَىٰٓ أَبِيهِمْ قَالُوا۟ يَـٰٓأَبَانَا مُنِعَ مِنَّا ٱلْكَيْلُ فَأَرْسِلْ مَعَنَآ أَخَانَا نَكْتَلْ وَإِنَّا لَهُۥ لَحَـٰفِظُونَ ﴿٦٣﴾

Алар атасына кайтып келишип Юсуфтун берешендиги тууралуу окуяны кеп кылып мындай дешти: «Оо, атаке! Эгерде биз бир тууганыбыздыалып барбасак, бизге азык-түлүк берилбей турган болду. Аныбиз менен жибериңиз. Жеибере турган болсоңуз азык топтоп алабыз. Ал сизге эсен-аман кайтып келиши үчүн аны коргойбуз деп сизге убада беребиз»

قَالَ هَلْ ءَامَنُكُمْ عَلَيْهِ إِلَّا كَمَآ أَمِنتُكُمْ عَلَىٰٓ أَخِيهِ مِن قَبْلُ ۖ فَٱللَّهُ خَيْرٌ حَـٰفِظًۭا ۖ وَهُوَ أَرْحَمُ ٱلرَّٰحِمِينَ ﴿٦٤﴾

Аларга атасы айтты: «Мурда агасы Юсуфту силерге ишенип тапшыргандай эми анын бир тууганын да тапшырмак белем?! Мен силерге аны ишенип тапшырган болчум, силер аны коргойбуз деп убада берген элеңер, бирок удабаңарды аткарбадыңар. Эми силердин сактайбыз деген убадаңарга ишенбейм. Мен Аллахка гана ишеним артам. Ал сактагысы келгендерди эң жакшы сактоочу жана Өз ырайымын каалагандарга өтө ырайымдуу»

وَلَمَّا فَتَحُوا۟ مَتَـٰعَهُمْ وَجَدُوا۟ بِضَـٰعَتَهُمْ رُدَّتْ إِلَيْهِمْ ۖ قَالُوا۟ يَـٰٓأَبَانَا مَا نَبْغِى ۖ هَـٰذِهِۦ بِضَـٰعَتُنَا رُدَّتْ إِلَيْنَا ۖ وَنَمِيرُ أَهْلَنَا وَنَحْفَظُ أَخَانَا وَنَزْدَادُ كَيْلَ بَعِيرٍۢ ۖ ذَٰلِكَ كَيْلٌۭ يَسِيرٌۭ ﴿٦٥﴾

Качан алар алып келишкен азык-түлүк куржундарын ачышканда ичинен буюмдарын таап алышып атасына: «Ушундай жоомарттыктан кийин биз бул башчыдан эмнени сурайбыз? Мына бу азык-түлүккө бааланган буюмдарды башчы өз айкөлдүгү менен бизге кайтарыптыр. Биз үй-бүлөбүзгө азык-түлүк алып келебиз, сиз корккон инибизди коргойбуз жана ал үчүн да бир төөлүк ашыкча жүк алып келебиз. Ал эми бир төөлүк жүктү ашыкча берүү – башчы үчүн өтө жеңил иш»

قَالَ لَنْ أُرْسِلَهُۥ مَعَكُمْ حَتَّىٰ تُؤْتُونِ مَوْثِقًۭا مِّنَ ٱللَّهِ لَتَأْتُنَّنِى بِهِۦٓ إِلَّآ أَن يُحَاطَ بِكُمْ ۖ فَلَمَّآ ءَاتَوْهُ مَوْثِقَهُمْ قَالَ ٱللَّهُ عَلَىٰ مَا نَقُولُ وَكِيلٌۭ ﴿٦٦﴾

ما نقول وكيل Атасы аларга айтты: «Силер аны кайра алып келебиз деп Аллахтын алдында анык убада бермейинче аны силер менен жибербейм. Силердин баарыңар кыйрап кетсеңер же араңардан эч бириңер аман калбасаңар же аны коргоп же кайтара албай калсаңар гана кечиремин». Качан алар Аллахтын анык убадасын беришкенде ал айтты: «Биздин бул сөздөрүбүзгө Аллах Өзү күбө. Анын күбөлүгү бизге жетиштүү»

وَقَالَ يَـٰبَنِىَّ لَا تَدْخُلُوا۟ مِنۢ بَابٍۢ وَٰحِدٍۢ وَٱدْخُلُوا۟ مِنْ أَبْوَٰبٍۢ مُّتَفَرِّقَةٍۢ ۖ وَمَآ أُغْنِى عَنكُم مِّنَ ٱللَّهِ مِن شَىْءٍ ۖ إِنِ ٱلْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ ۖ عَلَيْهِ تَوَكَّلْتُ ۖ وَعَلَيْهِ فَلْيَتَوَكَّلِ ٱلْمُتَوَكِّلُونَ ﴿٦٧﴾

Аларга атасы осуят кылып айтты: «Шаарга киргенде чогу бир эшиктен кирбегиле. Ар башка эшиктен киргиле! Мунун себеби кимдир бирөө силерге зыян берүүнү кааласа зыяны баарыңарга чогу тийип калуусунан сактайт. Бирок бул нерсени Аллах силерге каалаган зыяндан коргош үчүн же Аллах силерге каалабаган пайдага жеткириш үчүн айткан жокмун.Тагдыр – Аллахтын гана жазган тагдыры.Буйрук дагыАнын гана буйругу.Бардык иштеримде Ага гана тобокел кылдым. Тобокел кылгандар бардык иштеринде жалгыз Ага гана тобокел кылышат». بلغ Куран · Тафсир

وَلَمَّا دَخَلُوا۟ مِنْ حَيْثُ أَمَرَهُمْ أَبُوهُم مَّا كَانَ يُغْنِى عَنْهُم مِّنَ ٱللَّهِ مِن شَىْءٍ إِلَّا حَاجَةًۭ فِى نَفْسِ يَعْقُوبَ قَضَىٰهَا ۚ وَإِنَّهُۥ لَذُو عِلْمٍۢ لِّمَا عَلَّمْنَـٰهُ وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ ﴿٦٨﴾

Алар иниси менен чогужөнөп кетишти.Алар атасыбуйругандай ар башка эшиктен киришсе да алардын ар башка эшиктен киришкени Аллахтын аларга тагдыр кылган нерсесин тосоалбайт. Чындыгында бул Якубдун балдарына карата болгон боорукерлиги жана айткан осуяты.АлАллахтын тагдырынан башка эчбир тагдыр жок экенин билет. Анткени ал тагдырга ишенүү жана себептерди аткаруу сыяктуу Биз ага үйрөткөн нерселерди билет. Бирок адамдардын көпчүлүгү муну билишпейт

وَلَمَّا دَخَلُوا۟ عَلَىٰ يُوسُفَ ءَاوَىٰٓ إِلَيْهِ أَخَاهُ ۖ قَالَ إِنِّىٓ أَنَا۠ أَخُوكَ فَلَا تَبْتَئِسْ بِمَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿٦٩﴾

Качан Юсуфтун бир туугандарыанын үстүнө иниси менен чогукиришкенде инисин өзүнө жакындатып сыр кылып айтты: «Мен сенин бир тууган агаң Юсуфмун. Бир туугандарыңдын бизге болгон ыза берүүсү, жек көрүүсү жана мени кудукка таштаган сыяктууойлонбостон кылган иштерине капаланба»

فَلَمَّا جَهَّزَهُم بِجَهَازِهِمْ جَعَلَ ٱلسِّقَايَةَ فِى رَحْلِ أَخِيهِ ثُمَّ أَذَّنَ مُؤَذِّنٌ أَيَّتُهَا ٱلْعِيرُ إِنَّكُمْ لَسَـٰرِقُونَ ﴿٧٠﴾

Качан Юсуф кызматчыларына бир туугандарынын азык-түлүктөрүн төөлөргө жүктөөнү буйруганда адамдарга азык-түлүктү ченеген падышанын чөйчөгүн инисинин куржунуна аларга билгизбей салып коёт. Бул аны өзү менен бирге калтыруунун айла-амалы болчу. Алар үйүн көздөй жол тартканда арттан бир адам жар салып: «Эй, азык- түлүк жүктөлгөн төө ээлери!Силер анык ууруэкенсиңер»–деп келет. قالوا وأقبلوا عليهم م اذا تفقدون

قَالُوا۟ وَأَقْبَلُوا۟ عَلَيْهِم مَّاذَا تَفْقِدُونَ ﴿٧١﴾

Юсуфтун бир туугандары артта кыйкырып келе жаткан адамды жана анын жанындагы жан-жөкөрлөрүн көздөй бет алып:«Бизди уурудеп айыптай турганчалык эмнеңерди жоготтуңар?»–деп сурашты

قَالُوا۟ نَفْقِدُ صُوَاعَ ٱلْمَلِكِ وَلِمَن جَآءَ بِهِۦ حِمْلُ بَعِيرٍۢ وَأَنَا۠ بِهِۦ زَعِيمٌۭ ﴿٧٢﴾

Жарчы менен анын жан-жөкөрлөрү Юсуфтун бир туугандарына: «Падышанын ченегич чөйчөгүн жоготтук. Биз өзүбүз тинтигенге чейин падышанын чөйчөгүн ким тапса, ага сыйлык бар. Ага бир төө жүгү менен берилет. Мен буга өзүм кепилдик беремин»– деп айтты

قَالُوا۟ تَٱللَّهِ لَقَدْ عَلِمْتُم مَّا جِئْنَا لِنُفْسِدَ فِى ٱلْأَرْضِ وَمَا كُنَّا سَـٰرِقِينَ ﴿٧٣﴾

Юсуфтун бир туугандары аларга: «Аллахка ант болсун! Силер биздин акыбалыбызды көргөндөй эле ак ниеттүүлүгүбүздү жана буга катышыбыз жок экенин билдиңер. Биз Мисир жерине бузукулук кылганы келбедик жана биз жашоодо ууру эмеспиз» – дешти

قَالُوا۟ فَمَا جَزَٰٓؤُهُۥٓ إِن كُنتُمْ كَـٰذِبِينَ ﴿٧٤﴾

Жарчы менен анын жан-жөөкөрлөрү айтышты: «Уурулукка катышыбыз жок деп жалган айткан болсоңор, анда силерде уурдаган адамга кандай жаза берилет?» بلغ Куран · Тафсир

قَالُوا۟ جَزَٰٓؤُهُۥ مَن وُجِدَ فِى رَحْلِهِۦ فَهُوَ جَزَٰٓؤُهُۥ ۚ كَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿٧٥﴾

Юсуфтун бир туугандарыайтышты:«Уурунун биздеги жазасы– уурдалган буюм кимдин куржунунан табылса,анда ал адам буюмдун ээсине берилет, ал аны кул кылат. Биз ууруларды мына ушинтип кул кылып жазалайбыз»

فَبَدَأَ بِأَوْعِيَتِهِمْ قَبْلَ وِعَآءِ أَخِيهِ ثُمَّ ٱسْتَخْرَجَهَا مِن وِعَآءِ أَخِيهِ ۚ كَذَٰلِكَ كِدْنَا لِيُوسُفَ ۖ مَا كَانَ لِيَأْخُذَ أَخَاهُ فِى دِينِ ٱلْمَلِكِ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ ۚ نَرْفَعُ دَرَجَـٰتٍۢ مَّن نَّشَآءُ ۗ وَفَوْقَ كُلِّ ذِى عِلْمٍ عَلِيمٌۭ ﴿٧٦﴾

Аларды Юсуфка куржундарын текшерткени алып келишти. Айла-амалды жашырыш үчүн инисинин куржунунан мурун агаларынын куржундарын текшерип баштады.Андан соң инисинин куржунун текшерди.Анын куржунунан падышанын чөйчөгүн сууруп чыкты. Биз Юсуфка инисинин куржунуна чөйчөктү салдырып айла-амал үйрөткөнүбүз сыяктуу ага башка бир айла-амалды да үйрөттүк. Ал айла-амал бир туугандарын өздөрү жактын салты боюнча ууруну кул кылып жазалоо эле. Эгерде ал падышанын жазасы боюнча ууруга балак уруп, айып пул төлөтүү менен жазалай турган болсо, анда бул нерсе ишке ашпайт болчу. Бир гана Аллах башка айла-амалды кааласа ишке ашмак. Ал ага кудуреттүү. Биз Юсуфтун даражасын көтөргөн сыяктуу Өзүбүз каалаган пенделерибиздин да даражасын көтөрөбүз. Ар бир илимдүүнүн үстүндө андан да илимдүүсү бар. Ал эми Аллахтынر илими бүткүл илимден жогору турат. Ал бүт баарын билет

۞ قَالُوٓا۟ إِن يَسْرِقْ فَقَدْ سَرَقَ أَخٌۭ لَّهُۥ مِن قَبْلُ ۚ فَأَسَرَّهَا يُوسُفُ فِى نَفْسِهِۦ وَلَمْ يُبْدِهَا لَهُمْ ۚ قَالَ أَنتُمْ شَرٌّۭ مَّكَانًۭا ۖ وَٱللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا تَصِفُونَ ﴿٧٧﴾

Юсуфтун бир туугандары айтышты: «Ал уурдаса таң калыштын кереги жок. Буга чейин мунун агасы да уурулук кылган деп Юсуфка тийиштирип айтышты. Алардын бул сөзү ага катуу тийгенин ичине катып сыр бербеди. Аларга ичинен мындай көрө албастык менен кара ниеттикти мурун да кылгансыңар. Ушул жерде да бул кылганыңар анык кара ниеттик. Силердин кылып жаткан бул жалган жалааңардыАллах таала жакшыбилет»

قَالُوا۟ يَـٰٓأَيُّهَا ٱلْعَزِيزُ إِنَّ لَهُۥٓ أَبًۭا شَيْخًۭا كَبِيرًۭا فَخُذْ أَحَدَنَا مَكَانَهُۥٓ ۖ إِنَّا نَرَىٰكَ مِنَ ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿٧٨﴾

Юсуфтун бир туугандары ага айтышты: «Оо, башчы! Бул баланын карып калган атасы бар. Ал муну аябай жакшы көрөт. Сен мунун ордуна бирөөбүздү алып кал. Чындыгында сенин бизге жана башкаларга кылган мамилеңден сени жакшылыгын аябаган адамдардан деп билебиз.Бизге бир жакшылык кыла көр»

قَالَ مَعَاذَ ٱللَّهِ أَن نَّأْخُذَ إِلَّا مَن وَجَدْنَا مَتَـٰعَنَا عِندَهُۥٓ إِنَّآ إِذًۭا لَّظَـٰلِمُونَ ﴿٧٩﴾

Юсуф пайгамбар айтты: «Аллах сактасын! Биз күнөөлүүнүн кылмышы менен күнөөсүзгө зулумдук кылып, падышанын чөйчөгү куржунунан табылгандан башка бирөөнү алып калмак белек?! Эгерде биз күнөөсүздү жазалап, күнөөлүүнү коё берсек, анда анык залым болобуз. ي

فَلَمَّا ٱسْتَيْـَٔسُوا۟ مِنْهُ خَلَصُوا۟ نَجِيًّۭا ۖ قَالَ كَبِيرُهُمْ أَلَمْ تَعْلَمُوٓا۟ أَنَّ أَبَاكُمْ قَدْ أَخَذَ عَلَيْكُم مَّوْثِقًۭا مِّنَ ٱللَّهِ وَمِن قَبْلُ مَا فَرَّطتُمْ فِى يُوسُفَ ۖ فَلَنْ أَبْرَحَ ٱلْأَرْضَ حَتَّىٰ يَأْذَنَ لِىٓ أَبِىٓ أَوْ يَحْكُمَ ٱللَّهُ لِى ۖ وَهُوَ خَيْرُ ٱلْحَـٰكِمِينَ ﴿٨٠﴾

ى Юсуф алардын суранычына жооп бергенден кийин үмүттөрү үзүлүп адамдардан четирээк барып кеңешишти. Алардын улуусуайтты:«Атаңарга анын баласын алып келебиз деп Аллахтын алдында анык убада бергениңерди بلغ Куран · Тафсир унуттуңарбы? Ал силерге аны коргой албай тургандай абалга кабылсаңар гана кечирем деген. Буга чейин Юсуфка да кайдыгерлик кылгансыңар. Ал тууралуу атаңарга берген убадаңарды да аткарган эмессиңер. Эми атам мага кайтып барууга уруксат бермейинче же Аллах инимди алып кетүүнү насип кылмайынча мен Мисир жеринен кайтпайм. Аллах эң жакшы өкүм кылуучу. Ал акыйкат жана адилеттик менен өкүм кылат»

ٱرْجِعُوٓا۟ إِلَىٰٓ أَبِيكُمْ فَقُولُوا۟ يَـٰٓأَبَانَآ إِنَّ ٱبْنَكَ سَرَقَ وَمَا شَهِدْنَآ إِلَّا بِمَا عَلِمْنَا وَمَا كُنَّا لِلْغَيْبِ حَـٰفِظِينَ ﴿٨١﴾

Улуу агасы айтты: «Атаңарга баргыла да ага айткыла: «Балаңыз уурулук кылды. Уурулугунун жазасы катары Мисирдин башчысы аны кул кылды. Анын куржунунан падышанын чөйчөгү чыкканын өз көзүбүз менен көрүп билгенибиз үчүн гана айтып жатабыз. Биз анын уурдашын билген эмеспиз. Эгер муну билгенибизде анда сизге кайра алып келебиз деп убада бербейт элек

وَسْـَٔلِ ٱلْقَرْيَةَ ٱلَّتِى كُنَّا فِيهَا وَٱلْعِيرَ ٱلَّتِىٓ أَقْبَلْنَا فِيهَا ۖ وَإِنَّا لَصَـٰدِقُونَ ﴿٨٢﴾

Оо, атаке! Биздин сөзүбүз чын экенин билгиңиз келсе, биз барган жердеги мисирликтерден сураңыз жана биз менен бирге келген кербендеги адамдардан да сураңыз. Алар биз сизге айткан сөздү айтышат. Чындыгында анын уурдаганытууралуу сизге айткан сөзүбүздө чындыктыгана айтып жатабыз»

قَالَ بَلْ سَوَّلَتْ لَكُمْ أَنفُسُكُمْ أَمْرًۭا ۖ فَصَبْرٌۭ جَمِيلٌ ۖ عَسَى ٱللَّهُ أَن يَأْتِيَنِى بِهِمْ جَمِيعًا ۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلْعَلِيمُ ٱلْحَكِيمُ ﴿٨٣﴾

Аларга атасы айтты: «Аны уурдады деп айткан сөзүңөр акылга сыйбаган иш. Бирок силерге напсиңер ага айла- амал кылууңарды кооз кылып көрсөтүптүр. Буга чейин анын агасы Юсуфка да ушундай айла-амал кылгансыңар. Эми жакшыгана сабыр кылам жана Аллахтын Өзүнө гана арызданам.Балким Аллахалардын баарысын – Юсуфту, анын инисин жана алардын улуу агасын чогу кайтарар. Чындыгында Аллах менин абалымдан Кабардар жана менин ишимди жөнгө салууда Даанышман»

وَتَوَلَّىٰ عَنْهُمْ وَقَالَ يَـٰٓأَسَفَىٰ عَلَىٰ يُوسُفَ وَٱبْيَضَّتْ عَيْنَاهُ مِنَ ٱلْحُزْنِ فَهُوَ كَظِيمٌۭ ﴿٨٤﴾

Алардан жүзүн буруп: «Аттиң ай, Юсуф балама болгон кайгым жан кыйнады го!» – деди. Баласы үчүн көп ыйлагандыгынан анын көзүнүн карасы бозоруп, кайгы-капага толуп кеткен эле. Бирок ал кайгысын адамдарга айтчу эмес

قَالُوا۟ تَٱللَّهِ تَفْتَؤُا۟ تَذْكُرُ يُوسُفَ حَتَّىٰ تَكُونَ حَرَضًا أَوْ تَكُونَ مِنَ ٱلْهَـٰلِكِينَ ﴿٨٥﴾

Юсуфтун бир туугандары атасына айтышты: «Оо, атаке! Аллахка ант! Юсуфту эстеп кыйнала берип ооруңузду да күчөтүп алдыңыз же ушинте берип акырыөзүңүздү жок кыласыз»

قَالَ إِنَّمَآ أَشْكُوا۟ بَثِّى وَحُزْنِىٓ إِلَى ٱللَّهِ وَأَعْلَمُ مِنَ ٱللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ ﴿٨٦﴾

Атасы аларга айтты: «Башыма түшкөн кайгы-капамды жалгыз Аллахка гана айтып арызданам. Мен Аллахтын мээримдүүлүгү, жакшылык кылуусу, зарыккандын дубасына жооп берүүсү жана башына кыйынчылык түшкөн адамга берген сыйлыгытууралуусилер билбеген нерселерди билемин». بلغ Куран · Тафсир

يَـٰبَنِىَّ ٱذْهَبُوا۟ فَتَحَسَّسُوا۟ مِن يُوسُفَ وَأَخِيهِ وَلَا تَا۟يْـَٔسُوا۟ مِن رَّوْحِ ٱللَّهِ ۖ إِنَّهُۥ لَا يَا۟يْـَٔسُ مِن رَّوْحِ ٱللَّهِ إِلَّا ٱلْقَوْمُ ٱلْكَـٰفِرُونَ ﴿٨٧﴾

Аларга атасы айтты: «Оо, балдарым! Баргыла да Юсуф менен инисинен кабар алгыла! Аллахтын пенделерине болгон куткаруусунан үмүт үзбөгүлө! Чындыгында каапыр коом гана анын куткаруусунан үмүт үзөт. Анткени алар Аллахтын кудуретинин улуулугун жана пенделерине кылган жашыруун жакшылыктарын билишпейт»

فَلَمَّا دَخَلُوا۟ عَلَيْهِ قَالُوا۟ يَـٰٓأَيُّهَا ٱلْعَزِيزُ مَسَّنَا وَأَهْلَنَا ٱلضُّرُّ وَجِئْنَا بِبِضَـٰعَةٍۢ مُّزْجَىٰةٍۢ فَأَوْفِ لَنَا ٱلْكَيْلَ وَتَصَدَّقْ عَلَيْنَآ ۖ إِنَّ ٱللَّهَ يَجْزِى ٱلْمُتَصَدِّقِينَ ﴿٨٨﴾

Алар атасынын буйругуна баш ийишип Юсуф менен инисин издеп жөнөштү.Качан алар Юсуфка киришкенде ага айтышты: «Башыбызга катаалчылык жана жакырчылык түштү. Биз сага сатканга бир аз буюмдарыбызды алып келдик. Эми сен мурда тартып бергендей кылып толук эле тартып бер. Бизге бир аз ашырып же арзыбаган буюмдарыбызга карабай садака кыла көр. Чындыгында Аллах садака берүүчүлөргө эң жакшы сыйлыктарды тартуулайт». قال هل علمتم ما فعلتم بيوسف وأخيه إذ أنتمجهلون

قَالَ هَلْ عَلِمْتُم مَّا فَعَلْتُم بِيُوسُفَ وَأَخِيهِ إِذْ أَنتُمْ جَـٰهِلُونَ ﴿٨٩﴾

Алардын сөздөрүн уккандан кийин аларга боору ооруп кетти да аларга өзүнүн ким экенин айтып: «Кылган ишиңердин акыбети эмнеге алып барарын билбестен туруп Юсуф менен инисине эмне кылганыңар эсиңердеби?» – деди

قَالُوٓا۟ أَءِنَّكَ لَأَنتَ يُوسُفُ ۖ قَالَ أَنَا۠ يُوسُفُ وَهَـٰذَآ أَخِى ۖ قَدْ مَنَّ ٱللَّهُ عَلَيْنَآ ۖ إِنَّهُۥ مَن يَتَّقِ وَيَصْبِرْ فَإِنَّ ٱللَّهَ لَا يُضِيعُ أَجْرَ ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿٩٠﴾

Ошондо алар айран таң калышып: «Сен чын эле Юсуфсуңбу?» – дегенде Юсуф аларга айтты: «Ооба, мен Юсуфмун. Мына бу жанымда турган менин бир тууган иним. Аллах бизди мурунку абалыбыздан куткарып жана кадырыбыздыкөтөрүп бизге жакшылык кылды.Кимде-ким Аллахтын буйруктарын аткарып,тыйгандарын таштап Ага моюн сунса жана кыйынчылыкка сабыр кылса, анда анын кылганы жакшылык иштерден. Аллах жакшылык кылгандардын сообун жок кылбайт.Тескерисинче,аныалар үчүн сактап коёт»

قَالُوا۟ تَٱللَّهِ لَقَدْ ءَاثَرَكَ ٱللَّهُ عَلَيْنَا وَإِن كُنَّا لَخَـٰطِـِٔينَ ﴿٩١﴾

Бир туугандары кылган иштери үчүн кечирим сурашып: «Аллахка ант! Аллах сага кемчиликсиз сыпаттарды берип сени бизден артык кылды. Чынында биз сага кылган ишибизде каталык жана зулумдук кылдык»– деп айтышты

قَالَ لَا تَثْرِيبَ عَلَيْكُمُ ٱلْيَوْمَ ۖ يَغْفِرُ ٱللَّهُ لَكُمْ ۖ وَهُوَ أَرْحَمُ ٱلرَّٰحِمِينَ ﴿٩٢﴾

Юсуф аларды кечирип мындай деп айтты: «Бүгүн силерди жазалап же жамандай тургандай силерге эч кандай айыптоо жок. Аллахтан силерди кечирүүсүн сурайм. Ал ырайымдуулардын Ырайымдуусу». بلغ Куран · Тафсир

ٱذْهَبُوا۟ بِقَمِيصِى هَـٰذَا فَأَلْقُوهُ عَلَىٰ وَجْهِ أَبِى يَأْتِ بَصِيرًۭا وَأْتُونِى بِأَهْلِكُمْ أَجْمَعِينَ ﴿٩٣﴾

Алар атасынын көзүнө эмне болгону тууралуу ага айтышканда ал көйнөгүн берип: «Бул көйнөгүмдү алып барып атамдын жүзүнө жапкыла, ошондо көзү көрүп калат. Баарыңар үй-бүлөңөр менен мага кайтып келгиле» – деп айтты

وَلَمَّا فَصَلَتِ ٱلْعِيرُ قَالَ أَبُوهُمْ إِنِّى لَأَجِدُ رِيحَ يُوسُفَ ۖ لَوْلَآ أَن تُفَنِّدُونِ ﴿٩٤﴾

Кербен Мисирден чыгып шаардан алыстаган кезде Якубпайгамбар балдарына жана жанындагыжердештерине: «Мен чындап эле Юсуфтун жытын сезип жатам. Силер бул чал алжып калды, эмне деп жатканын да билбейт деп мени акылынан адашкан деп жүрбөгүлө»–деп айтты

قَالُوا۟ تَٱللَّهِ إِنَّكَ لَفِى ضَلَـٰلِكَ ٱلْقَدِيمِ ﴿٩٥﴾

Анын алдындагыбалдарыага: «Аллахка ант! Сиз дагыделе Юсуфтун кадырын эстеп жана аныэкинчи ирет көрүүгө мүмкүнчүлүк болот деген эски ойлоруңуздан эчэле кайтпадыңыз го»– дешти

فَلَمَّآ أَن جَآءَ ٱلْبَشِيرُ أَلْقَىٰهُ عَلَىٰ وَجْهِهِۦ فَٱرْتَدَّ بَصِيرًۭا ۖ قَالَ أَلَمْ أَقُل لَّكُمْ إِنِّىٓ أَعْلَمُ مِنَ ٱللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ ﴿٩٦﴾

Якубга сүйүнүч кабардыалып келген адам анын жүзүнө Юсуфтун көйнөгүн ыргытканда анын көзү көрүп калды. Ошондоалбалдарына:«Мен Аллахтын мээриминен жана жакшылыгынан силер билбеген нерселерди билем деп айттым эле го?»– деп айтты

قَالُوا۟ يَـٰٓأَبَانَا ٱسْتَغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَآ إِنَّا كُنَّا خَـٰطِـِٔينَ ﴿٩٧﴾

Балдары атасы Якуб пайгамбардан Юсуф менен инисине кылган нерселери үчүн кечирим сурашып: «Оо, атаке! Биздин өткөн күнөөлөрүбүз үчүн Аллахтан кечирим сураңыз! Чындыгында биз Юсуф менен инисине жамандык кылган күнөөкөрлөрдөн болдук» – дешти

قَالَ سَوْفَ أَسْتَغْفِرُ لَكُمْ رَبِّىٓ ۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلْغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ ﴿٩٨﴾

Аларга атасыайтты: «Эми Раббимден силер үчүн кечирим сураймын. Чындыгында ал тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу»

فَلَمَّا دَخَلُوا۟ عَلَىٰ يُوسُفَ ءَاوَىٰٓ إِلَيْهِ أَبَوَيْهِ وَقَالَ ٱدْخُلُوا۟ مِصْرَ إِن شَآءَ ٱللَّهُ ءَامِنِينَ ﴿٩٩﴾

Якуб үй-бүлөсү менен өз жеринен Юсуфту көздөй Мисирге жөнөштү. Качан алар ага киришкенде ата-энесин кучактады жана үй-бүлөлөрү менен турушкан бир туугандарына: «Аллахтын каалоосу менен тынчтыкта Мисирге кош келдиңиздер! Бул жерде эч кандай ыза тартпайсыздар» – деп айтты. بلغ Куран · Тафсир ق

وَرَفَعَ أَبَوَيْهِ عَلَى ٱلْعَرْشِ وَخَرُّوا۟ لَهُۥ سُجَّدًۭا ۖ وَقَالَ يَـٰٓأَبَتِ هَـٰذَا تَأْوِيلُ رُءْيَـٰىَ مِن قَبْلُ قَدْ جَعَلَهَا رَبِّى حَقًّۭا ۖ وَقَدْ أَحْسَنَ بِىٓ إِذْ أَخْرَجَنِى مِنَ ٱلسِّجْنِ وَجَآءَ بِكُم مِّنَ ٱلْبَدْوِ مِنۢ بَعْدِ أَن نَّزَغَ ٱلشَّيْطَـٰنُ بَيْنِى وَبَيْنَ إِخْوَتِىٓ ۚ إِنَّ رَبِّى لَطِيفٌۭ لِّمَا يَشَآءُ ۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلْعَلِيمُ ٱلْحَكِيمُ ﴿١٠٠﴾

Ата-энесин өзү отурган тактыга отургузду. Ата-энеси жана он бир бир тууганы ага сажда кылып учурашышты. Бул сажда түшүндө көргөндөй Аллахтын буйругун ишке ашырыш үчүн кылынган таазим кылуу саждасыэле, сыйынуу саждасы эмес. Ошондуктан Юсуф пайгамбар атасына: «Сиздердин мага сажда кылып учурашканыңыздар – мен мурда көрүп сизге айтып берген түшүмдүн жандырмагы.Раббим алтүшүмдүишке ашырды.Раббим мени абактан чыгарып,мени менен бир туугандарымдын ортосун шайтан бузгандан кийин сиздерди алыскычөлдөн мага алып келип жакшылык кылды. Чындыгында Раббим Өзү каалаган иштеринде Мээримдүү. Ал пенделеринин абалдарын Билүүчү, Өз башкаруусунда Даанышман»

۞ رَبِّ قَدْ ءَاتَيْتَنِى مِنَ ٱلْمُلْكِ وَعَلَّمْتَنِى مِن تَأْوِيلِ ٱلْأَحَادِيثِ ۚ فَاطِرَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ أَنتَ وَلِىِّۦ فِى ٱلدُّنْيَا وَٱلْـَٔاخِرَةِ ۖ تَوَفَّنِى مُسْلِمًۭا وَأَلْحِقْنِى بِٱلصَّـٰلِحِينَ ﴿١٠١﴾

Андан соң Юсуф Раббисине дуба кылып: «Оо, Раббим! Сен мага Мисирдин бийлигин бердиң, түш жооруганды үйрөттүң. Оо, асмандар менен жердин Жаратуучусу жана ал экөөсүн мурда болбогондой көрүнүштө пайда Кылуучу! Сен менин бул дүйнөдөгү жана акыреттеги бардык иштеримди башкаруучусуң. Ажалым жеткенде мусулман абалда жанымды ал. Мени ата-бабаларымдан жана башкалардан болгон пайгамбарлар менен улуу Фирдаус бейишинде бирге кыл!»

ذَٰلِكَ مِنْ أَنۢبَآءِ ٱلْغَيْبِ نُوحِيهِ إِلَيْكَ ۖ وَمَا كُنتَ لَدَيْهِمْ إِذْ أَجْمَعُوٓا۟ أَمْرَهُمْ وَهُمْ يَمْكُرُونَ ﴿١٠٢﴾

Оо, пайгамбар! Биз сага кабар берген Юсуф менен анын бир туугандары тууралуу бул окуяны сен билчү эмессиң. Анткени Юсуфтун бир туугандарыаныкудуктун түбүнө таштайбыз деп чечишип,айла-амалдардыойлоп табышкан маалда сен алардын жанында эмес элең. Бирок биз сага мунун кабарын бердик

وَمَآ أَكْثَرُ ٱلنَّاسِ وَلَوْ حَرَصْتَ بِمُؤْمِنِينَ ﴿١٠٣﴾

Оо,пайгамбар!Сен адамдар ыйман келтиришсин деп болгон аракетиңди жумшасаңда алардын көпчүлүгүыйман келтиришпейт.Андыктан алар үчүн өзүңдүкыйнап сыгылба

وَمَا تَسْـَٔلُهُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ ۚ إِنْ هُوَ إِلَّا ذِكْرٌۭ لِّلْعَـٰلَمِينَ ﴿١٠٤﴾

Оо,пайгамбар!Эгерде алар акылжүгүртүшкөндө анда сага ыйман келтиришмек.Анткени сен алардан Куран үчүн жана алардычакырган нерсең үчүн акысураган жоксуң. Куран жалпыадамдар үчүн эскертүү гана

وَكَأَيِّن مِّنْ ءَايَةٍۢ فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ يَمُرُّونَ عَلَيْهَا وَهُمْ عَنْهَا مُعْرِضُونَ ﴿١٠٥﴾

Асмандар менен жерде Аллахтын жалгыздыгын тастыктап билдирген көптөгөн аят-белгилер бар. Алар анын үстүндө басып жүрүшөт, бирок алар тууралуу ой-жүгүртүүдөн жана ибарат алуудан баш тартышат жана аларга көңүл да бурушпайт. بلغ Куран · Тафсир

وَمَا يُؤْمِنُ أَكْثَرُهُم بِٱللَّهِ إِلَّا وَهُم مُّشْرِكُونَ ﴿١٠٦﴾

Адамдардын көпчүлүгү Аллахты Жаратуучу, ырыскы Берүүчү, Өлтүрүүчү, Тирилтүүчү деп ишенишет, бирок Аны менен катар башка кудайларга жана айкелдерге сыйынышат. Алар Анын баласыбар деп айтышат. Ал андан Аруу

أَفَأَمِنُوٓا۟ أَن تَأْتِيَهُمْ غَـٰشِيَةٌۭ مِّنْ عَذَابِ ٱللَّهِ أَوْ تَأْتِيَهُمُ ٱلسَّاعَةُ بَغْتَةًۭ وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ ﴿١٠٧﴾

Мушриктер бул дүйнөдө коргоно албай тургандай жаза аларды каптап басып келишинен, же болбосо кыямат келет деп ага даярдык көрүшпөй, анын келишин сезбей турушканда капыстан аларга кыямат келип калуусунан көңүлдөрүтынчпы?!Мына ошондуктан алар ыйман келтиришпейт

قُلْ هَـٰذِهِۦ سَبِيلِىٓ أَدْعُوٓا۟ إِلَى ٱللَّهِ ۚ عَلَىٰ بَصِيرَةٍ أَنَا۠ وَمَنِ ٱتَّبَعَنِى ۖ وَسُبْحَـٰنَ ٱللَّهِ وَمَآ أَنَا۠ مِنَ ٱلْمُشْرِكِينَ ﴿١٠٨﴾

О, пайгамбар! Сен даават кылгандарга минтип айт: «Ушул менин жолум. Мен адамдарды ушул жолго чакырам. Бул жолго мен жана мени ээрчигендер, туура жолума түшкөндөр, сүннөтүмдү кармангандар ачык-айкын далилдер менен чакырабыз. Мен Аллахка шерик кылгандардан эмесмин. Тескерисинче, жалгыз Ага гана ибадат кылуучуларданмын»

وَمَآ أَرْسَلْنَا مِن قَبْلِكَ إِلَّا رِجَالًۭا نُّوحِىٓ إِلَيْهِم مِّنْ أَهْلِ ٱلْقُرَىٰٓ ۗ أَفَلَمْ يَسِيرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ فَيَنظُرُوا۟ كَيْفَ كَانَ عَـٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ ۗ وَلَدَارُ ٱلْـَٔاخِرَةِ خَيْرٌۭ لِّلَّذِينَ ٱتَّقَوْا۟ ۗ أَفَلَا تَعْقِلُونَ ﴿١٠٩﴾

Оо, пайгамбар!Биз сага чейин периштелерден эмес, адамзаттан эркектерди гана пайгамбар кылып жибергенбиз. Сага кабар түшүргөндөй аларга да кабар түшүргөнбүз. Алар чөл элинен эмес, шаар элинен эле. Аларды элдери жалганга чыгарышканда Биз аларды кыйратып жок кылдык. Сени жалганга чыгаргандар да жер бетин кыдырып, аларга чейинки жалганга чыгаргандардын акыбети кандай болгонуна ой жүгүртүп сабак алышпайбы?!Булдүйнөдө Аллахтан корккондор үчүн акырет жайындагы жыргалчылыктар жакшыраак. Бул нерсе жакшы экендигине акыл жүгүртпөйсүңөрбү, Аллахтын буйруктарына баш ийип, тыйгандарын таштап Андан коркпойсуңарбы?! Буйруктардын эң улугу – ыйман келтирүү. Ал эми тыйгандардын эң чоңу – Аллахка шерик кошуу

حَتَّىٰٓ إِذَا ٱسْتَيْـَٔسَ ٱلرُّسُلُ وَظَنُّوٓا۟ أَنَّهُمْ قَدْ كُذِبُوا۟ جَآءَهُمْ نَصْرُنَا فَنُجِّىَ مَن نَّشَآءُ ۖ وَلَا يُرَدُّ بَأْسُنَا عَنِ ٱلْقَوْمِ ٱلْمُجْرِمِينَ ﴿١١٠﴾

Биз жиберген пайгамбарлардын душмандарына мөөнөт беребиз, аларды алдап кызыктырыш үчүн жазалоого шашылбайбыз. Анткени алардын кыйрашы кечеңдегенде, пайгамбарлар алардын кыйроосунан үмүт үзүп калышканда жана пайгамбарлардын «жалганга чыгаргандарга азап келет, ыймандуулар аман калышат» деп берген убадаларын каапырлар жалган экен деп ойлоп калышканда пайгамбарларыбызга Биздин жеңишибиз келет жана Биз пайгамбарлар менен ыймандууларды жалганчылар кабылган кыйроодон сактап калабыз. Күнөөкөр коомготүшкөн азабыбыз эчкачан кайтарылбайт. بلغ Куран · Тафсир

لَقَدْ كَانَ فِى قَصَصِهِمْ عِبْرَةٌۭ لِّأُو۟لِى ٱلْأَلْبَـٰبِ ۗ مَا كَانَ حَدِيثًۭا يُفْتَرَىٰ وَلَـٰكِن تَصْدِيقَ ٱلَّذِى بَيْنَ يَدَيْهِ وَتَفْصِيلَ كُلِّ شَىْءٍۢ وَهُدًۭى وَرَحْمَةًۭ لِّقَوْمٍۢ يُؤْمِنُونَ ﴿١١١﴾

كل شىء وهدى ورحمةلقوم يؤمنون Пайгамбарлар менен алардын элдери тууралуу окуяларда жана Юсуф менен бир туугандары тууралуу окуяда акылы тунук адамдар үчүн сабактар бар. Мына ушуларды өзүнө камтыган Куран – ойлоп чыгарылып Аллахка карата айтылган жалган сөз эмес. Бирок ал – Аллахтын алдынан көктөн түшкөн китептерди тастыктоочу, кеңири чечмелөөнү талап кылган шарияттарды жана өкүмдөрдү чечмелөөчү, бардык жакшылыктарга багыттоочу жана ага ыйман келтирген адамдар үчүн ырайым.Мына ошолор андагынерселерден пайда алышат. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Yusuf — يوسف

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил