Башкы бетТафсирAl-Hashr (59)

Тафсир Al-Hashr (59) — الحشر

Мединалык · 24 аят

Окуу · УгууPDF файл

سَبَّحَ لِلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ ۖ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ ﴿١﴾

Асмандагы жана жердеги бүткүл макулуктар Аллахты улукташты жана Ага ылайык келбеген нерселерден аруулашты. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, шариятында жана кудуреттүүлүгүндө Даанышман

هُوَ ٱلَّذِىٓ أَخْرَجَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ مِنْ أَهْلِ ٱلْكِتَـٰبِ مِن دِيَـٰرِهِمْ لِأَوَّلِ ٱلْحَشْرِ ۚ مَا ظَنَنتُمْ أَن يَخْرُجُوا۟ ۖ وَظَنُّوٓا۟ أَنَّهُم مَّانِعَتُهُمْ حُصُونُهُم مِّنَ ٱللَّهِ فَأَتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِنْ حَيْثُ لَمْ يَحْتَسِبُوا۟ ۖ وَقَذَفَ فِى قُلُوبِهِمُ ٱلرُّعْبَ ۚ يُخْرِبُونَ بُيُوتَهُم بِأَيْدِيهِمْ وَأَيْدِى ٱلْمُؤْمِنِينَ فَٱعْتَبِرُوا۟ يَـٰٓأُو۟لِى ٱلْأَبْصَـٰرِ ﴿٢﴾

ه Ал Аллахка каапырлык кылган жана Анын элчисин жалганга чыгарган Бану Надир уруусун Мединадагыөз турак- жайларынан Мединадан Шамга карай биринчи сүргүн катарычыгарды.Алар Тоорат ээлери болгон жөөттөр.Алар келишимди бузуп, мушриктер менен бирге ага каршы болгондон кийин Шам жергесине куугунтукталды. Оо, ыймандуулар! Силер алардын күч-кубаттуулугу жана коргонуусу себептүү аларды өз турак-жайларынан чыгып кетет деп ойлогон эмессиңер.Жана алар дагыкурган чептери алардыАллахтын кудурети менен жазасынан коргойт деп ойлошкон. Аллах Өз элчисине алар менен согушууну жана турак-жайларынан кууп чыгууну буйруган кезде Аллахтын күч-кубаты алар ойлобогон тараптан келди. Аллах алардын жүрөктөрүнө катуу коркунуч салды. Алар мусулмандар пайдаланбасын деп турак-жайларынын ичин өз колуменен бузуп талкалашты.Алэми мусулмандар болсо аны сыртынан талкалашты. Эй, көзү бар адамдар! Аларга каапырлыктары себептүү башына түшкөн нерседен сабак алгыла жана алардай болбогула!Болбосо,силер да алар жазалангандай жаза аласыңар

وَلَوْلَآ أَن كَتَبَ ٱللَّهُ عَلَيْهِمُ ٱلْجَلَآءَ لَعَذَّبَهُمْ فِى ٱلدُّنْيَا ۖ وَلَهُمْ فِى ٱلْـَٔاخِرَةِ عَذَابُ ٱلنَّارِ ﴿٣﴾

Эгер Аллах аларга турак-жайларын таштап чыгып кетүүнү буйрубаганда, (анда Бану Курайза уруусу сыяктуу) аларды блу дүйнөдө өлтүрүү жана туткунга түшүрүү менен азаптамак. А акыретте болсо, аларды азап күтүп турат, алар анда түбөлүк калышат

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ شَآقُّوا۟ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ ۖ وَمَن يُشَآقِّ ٱللَّهَ فَإِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلْعِقَابِ ﴿٤﴾

Алардын башына түшкөн бул нерсенин себеби, алар каапырлыктары жана келишимди бузуулары менен Аллахка жана Анын элчисине душмандык кылышты

مَا قَطَعْتُم مِّن لِّينَةٍ أَوْ تَرَكْتُمُوهَا قَآئِمَةً عَلَىٰٓ أُصُولِهَا فَبِإِذْنِ ٱللَّهِ وَلِيُخْزِىَ ٱلْفَـٰسِقِينَ ﴿٥﴾

Оо, ыймандуулар жамааты! Эгерде силер Бану Надир согушунда Аллахтын душмандарынын кыжырын келтириш үчүн курмаларды кыйсаңар же өзүңөр пайдалануу үчүн аны тамырында турган бойдон калтырсаңар, демек, Аллахтын буйругу менен болду. Бул алар ойлошкондой жер бетинде бузукулукту жаюуга жатпайт. Ошондой эле Аллах муну менен Ага баш ийбестик кылып келишимди бузган жана ишеним жолун таштап, кыянат жолун тандаган жөөттөрдү кордойт. بلغ Куран · Тафсир

وَمَآ أَفَآءَ ٱللَّهُ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ مِنْهُمْ فَمَآ أَوْجَفْتُمْ عَلَيْهِ مِنْ خَيْلٍۢ وَلَا رِكَابٍۢ وَلَـٰكِنَّ ٱللَّهَ يُسَلِّطُ رُسُلَهُۥ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ ۚ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرٌۭ ﴿٦﴾

ى Аллах Өз элчисине кайтарып берген Бану Надирдин мал-мүлктөрүнө жетиш үчүн силер ат чаап же төө жортуп шашылып барбадыңар жана силер кыйынчылык да тарткан жоксуңар. Бирок Аллах Өзү каалаганын элчилерине баш ийдирет. Бану Надирди да Өз элчисине баш ийдирип, алардын мекенин согушсуз багынтып берди. Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, Аныэчбир нерсе алсыратпайт

مَّآ أَفَآءَ ٱللَّهُ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ مِنْ أَهْلِ ٱلْقُرَىٰ فَلِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ وَلِذِى ٱلْقُرْبَىٰ وَٱلْيَتَـٰمَىٰ وَٱلْمَسَـٰكِينِ وَٱبْنِ ٱلسَّبِيلِ كَىْ لَا يَكُونَ دُولَةًۢ بَيْنَ ٱلْأَغْنِيَآءِ مِنكُمْ ۚ وَمَآ ءَاتَىٰكُمُ ٱلرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَىٰكُمْ عَنْهُ فَٱنتَهُوا۟ ۚ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ ۖ إِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلْعِقَابِ ﴿٧﴾

ه Аллах Өз элчисине согушсуз тартуу кылган айыл элинин мал-мүлкү Аллахка таандык, Ал аны Өзү каалагандарга жана пайгамбарга мүлк кылды, ошондой эле анын жакын туугандары болгон Хашим менен Абдулмутталибдин урпактарына, алар садака албагандыгынын ордуна кылды, ошондой эле жетимдерге, кедей-кембагалдарга, каражаты түгөнгөн бөтөн жердиктерге кылды. Ал муну мал-мүлк кедейлерге тийбей, байлардын гана ортосунда айланып калбашы үчүн кылды. Оо, ыймандуулар! Пайгамбар силерге олжодон кандай мал-мүлк берсе, ошону алгыла, кайсыдан тыйса, аныташтагыла! Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула! Чындыгында Аллахтын жазасыкатаал.Анын жазасынан сак болгула

لِلْفُقَرَآءِ ٱلْمُهَـٰجِرِينَ ٱلَّذِينَ أُخْرِجُوا۟ مِن دِيَـٰرِهِمْ وَأَمْوَٰلِهِمْ يَبْتَغُونَ فَضْلًۭا مِّنَ ٱللَّهِ وَرِضْوَٰنًۭا وَيَنصُرُونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓ ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلصَّـٰدِقُونَ ﴿٨﴾

Бул мал-мүлктүн бир бөлүгү Аллах жолунда көчкөн кедей мухажирлерге сарпталат. Алар мал-мүлкүн жана бала- чакасын таштоого аргасыз болушкан. Алар Аллахтан дүйнөдө мол ырыскыны жана акыретте ыраазылыкты тартуу кылат деп үмүттөнүшөт жана алар Аллах жолунда согушуу менен Ага жана Анын элчисине жардам беришет. Бул сыпаттарга ээ болгондор, чыныгы ыйманга бекем адамдар

وَٱلَّذِينَ تَبَوَّءُو ٱلدَّارَ وَٱلْإِيمَـٰنَ مِن قَبْلِهِمْ يُحِبُّونَ مَنْ هَاجَرَ إِلَيْهِمْ وَلَا يَجِدُونَ فِى صُدُورِهِمْ حَاجَةًۭ مِّمَّآ أُوتُوا۟ وَيُؤْثِرُونَ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمْ وَلَوْ كَانَ بِهِمْ خَصَاصَةٌۭ ۚ وَمَن يُوقَ شُحَّ نَفْسِهِۦ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْمُفْلِحُونَ ﴿٩﴾

Мухажирлерден мурун Мединада турукташкан ансарлар Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиришти. Алар Меккеден көчүп келгендерди жакшы көрүшөт жана аларга берилбей, Аллах жолундагы мухажирлерге берилген олжо себептүү көкүрөктөрүндө аларга карата кыжырланууну жана көрө албастыкты сезбейт. Өздөрү кедей жана муктаж болуп турса да, дүйнө жакшылыктарын өздөрүнөн мурун мухажирлерге ыраа көрүшөт. Аллах кимди байлыкка болгон напси сугалактыгынан сактап, ал аны Аллах жолуна сарптаса, мына ошолор өздөрү каалаганына жетип жана корккон нерселеринен аман калууменен жеңишке жетишет. بلغ Куран · Тафсир ل

وَٱلَّذِينَ جَآءُو مِنۢ بَعْدِهِمْ يَقُولُونَ رَبَّنَا ٱغْفِرْ لَنَا وَلِإِخْوَٰنِنَا ٱلَّذِينَ سَبَقُونَا بِٱلْإِيمَـٰنِ وَلَا تَجْعَلْ فِى قُلُوبِنَا غِلًّۭا لِّلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ رَبَّنَآ إِنَّكَ رَءُوفٌۭ رَّحِيمٌ ﴿١٠﴾

Алардан кийин келип жана алардыкыяматка чейин жакшылыкта ээрчигендер айтышат: «Раббибиз! Бизди кечир жана Аллахка жана Анын элчисине бизден мурун ыйман келтирген диндеш бир туугандарыбыздыкечир. Биздин жүрөгүбүзгө ыймандуулардын эч бирине карата көрө албастыктыжана жек көрүүнү салба. Раббибиз! Чындыгында Сен пенделериңе Боорукерсиң, аларга Ырайымдуусуң»

۞ أَلَمْ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ نَافَقُوا۟ يَقُولُونَ لِإِخْوَٰنِهِمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ مِنْ أَهْلِ ٱلْكِتَـٰبِ لَئِنْ أُخْرِجْتُمْ لَنَخْرُجَنَّ مَعَكُمْ وَلَا نُطِيعُ فِيكُمْ أَحَدًا أَبَدًۭا وَإِن قُوتِلْتُمْ لَنَنصُرَنَّكُمْ وَٱللَّهُ يَشْهَدُ إِنَّهُمْ لَكَـٰذِبُونَ ﴿١١﴾

Оо, пайгамбар! Ичине каапырлыкты жашырып, сыртынан ыйманды көргөзгөндөрдү карабайсыңбы, алар бурмаланган Тооратты ээрчиген каапыр жолдогу бир туугандары жөөттөргө: «Үйүңөрдө калгыла, биз силерди жардамсыз таштабайбыз, силерди сатып кетпейбиз. Эгерде силерди ал жактан кууп чыкса, биз дагы силер менен бирге чыгабыз. Бизди силер менен чыгып кетүүдөн тыюуну каалагандарга баш ийбейбиз. Эгерде силер менен согушса, анда биз дагы аларга каршы силерге жардам беребиз» – деп айтышат. Аллах эки жүздүүлөрдүн «жөөттөр кууп чыгарылса, биз дагы кошо чыгабыз, аларга согуш ачылса, алар менен бирге согушабыз» деген сөздөрүндө анык жалганчылар экенине күбөлүк берет

لَئِنْ أُخْرِجُوا۟ لَا يَخْرُجُونَ مَعَهُمْ وَلَئِن قُوتِلُوا۟ لَا يَنصُرُونَهُمْ وَلَئِن نَّصَرُوهُمْ لَيُوَلُّنَّ ٱلْأَدْبَـٰرَ ثُمَّ لَا يُنصَرُونَ ﴿١٢﴾

Эгерде мусулмандар жөөттөрдү кууп чыгышса, алар менен бирге чыгышпайт. Эгерде алар менен согушса, аларды колдоп жардам беришпейт. Эгерде мусулмандарга каршы аларды колдоп жардам беришсе, алардан качып жөнөшмөк. Ошондон кийин эки жүздүүлөргө колдоо болмок эмес. Тескересинче, Аллах аларды кордукка салмак

لَأَنتُمْ أَشَدُّ رَهْبَةًۭ فِى صُدُورِهِم مِّنَ ٱللَّهِ ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌۭ لَّا يَفْقَهُونَ ﴿١٣﴾

Оо, ыймандуулар! Силер эки жүздүүлөрдүн жана жөөттөрдүн жүрөктөрүнө Аллахтан да катуураак коркунуч салдыңар. Алардын силерден катуу корккондугу жана Аллахтан болгон коркунучтарынын аздыгы тууралуу бул айтылгандардын себеби, алар түшүнбөгөн жана аңдабаган коом. Эгерде алар түшүнгөндө, анда коркууга жана сестенүүгө Аллахгана татыктууэкенин билишмек.Ошондуктан Алсилерге алардын үстүнөн бийлик берди

لَا يُقَـٰتِلُونَكُمْ جَمِيعًا إِلَّا فِى قُرًۭى مُّحَصَّنَةٍ أَوْ مِن وَرَآءِ جُدُرٍۭ ۚ بَأْسُهُم بَيْنَهُمْ شَدِيدٌۭ ۚ تَحْسَبُهُمْ جَمِيعًۭا وَقُلُوبُهُمْ شَتَّىٰ ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌۭ لَّا يَعْقِلُونَ ﴿١٤﴾

ذلك بأنهم قوم لا يعقلون Оо,ыймандуулар!Жөөттөр силер менен бирге чептер менен корголгон шаарлардын ичинде же дубалдардын арт жагында гана согушушат. Алар коркоктугу үчүн силер менен бетме-бет чыга алышпайт. Алардын ич ара душмандыктары себептүү күч-кубаттуулугу өздөрүнүн ортосунда гана күчтүү. Сен алардын сөзү жана катары бир деп ойлойсуң, бирок акыйкатта алардын жүрөктөрү бытыранды жана ар башка. Бул пикир келишпестик жана душмандык алардын акыл жүгүртпөгөнү себептүү. Эгерде алар акыл жүгүртүшкөндө, анда акыйкатты билишмек жана аны ээрчишмек, ал тууралуу талашып-тартышмак эмес. بلغ Куран · Тафсир

كَمَثَلِ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ قَرِيبًۭا ۖ ذَاقُوا۟ وَبَالَ أَمْرِهِمْ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌۭ ﴿١٥﴾

Бул жөөттөрдүн каапырлыктагы жана башына түшкөн азаптагы мисалы, жакындагы эле алардан мурунку Мекке мушриктеринин мисалына окшойт. Алар каапырлыктын эң жаман акыбетин татып, Бадр күнү өлтүрүлгөнү өлтүрүлдү, туткундалганы туткундалды. Алар үчүн акыретте кыйноочу азап бар

كَمَثَلِ ٱلشَّيْطَـٰنِ إِذْ قَالَ لِلْإِنسَـٰنِ ٱكْفُرْ فَلَمَّا كَفَرَ قَالَ إِنِّى بَرِىٓءٌۭ مِّنكَ إِنِّىٓ أَخَافُ ٱللَّهَ رَبَّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿١٦﴾

Алардын эки жүздүүлөргө кулак салганы шайтанга окшош. Ал инсанга каапырлыкты кооз кылып көргөздү. Качан ал анын кооз көргөзгөнү себептүү каапыр болгондо: «Мен сенин каапыр болгонуңа катышым жок. Мен макулуктардын Раббисинен коркомун»–деп айтты

فَكَانَ عَـٰقِبَتَهُمَآ أَنَّهُمَا فِى ٱلنَّارِ خَـٰلِدَيْنِ فِيهَا ۚ وَذَٰلِكَ جَزَٰٓؤُا۟ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿١٧﴾

Шайтандын жана ага баш ийген адамдын ишинин акыры кыямат күнү түбөлүк тозок болот. Ал экөөсүн күтүп турган мындай жаза –Аллахтын чектеринен чыгып өздөрүнө зулумдук кылгандардын жазасы

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَلْتَنظُرْ نَفْسٌۭ مَّا قَدَّمَتْ لِغَدٍۢ ۖ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ خَبِيرٌۢ بِمَا تَعْمَلُونَ ﴿١٨﴾

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахтын буйруктарын аткарып жана тыйгандарын таштап Андан корккула! Ар бир жан кыямат күнүнө кандай жакшылык иш даярдаганын карасын. Аллахтан корккула! Чындыгында Аллах силердин кылган ишиңерден Кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында силерге алардын жазасын же сыйлыгын берет

وَلَا تَكُونُوا۟ كَٱلَّذِينَ نَسُوا۟ ٱللَّهَ فَأَنسَىٰهُمْ أَنفُسَهُمْ ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْفَـٰسِقُونَ ﴿١٩﴾

Анын буйруктарына баш ийбей, тыйгандарын таштабай Аллахтыунуткан жана Аллах да аларга өздөрүн унуттурган адамдардай болбогула.Алар Аллахтын каарынан жана жазасынан куткара турган иштерди кылышпады.Аллахтын буйругун аткарбай, тыйгандарын таштабай Аллахты унуткан мына ошол адамдар – Аллахка баш ийбестик кылгандар

لَا يَسْتَوِىٓ أَصْحَـٰبُ ٱلنَّارِ وَأَصْحَـٰبُ ٱلْجَنَّةِ ۚ أَصْحَـٰبُ ٱلْجَنَّةِ هُمُ ٱلْفَآئِزُونَ ﴿٢٠﴾

Тозок ээлери менен бейиш ээлери бирдей эмес. Тескерисинче, алар дүйнөдө кылган иш-аракеттериндеги айырмачылыктар сыяктуу жаза-сыйлыктары да айырмаланат. Бейиш ээлери – алар көздөгөнүнө жетип, коркконунан кутулууменен жеңишке жеткендер

لَوْ أَنزَلْنَا هَـٰذَا ٱلْقُرْءَانَ عَلَىٰ جَبَلٍۢ لَّرَأَيْتَهُۥ خَـٰشِعًۭا مُّتَصَدِّعًۭا مِّنْ خَشْيَةِ ٱللَّهِ ۚ وَتِلْكَ ٱلْأَمْثَـٰلُ نَضْرِبُهَا لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَتَفَكَّرُونَ ﴿٢١﴾

يتفك رون Оо, пайгамбар! Эгер Биз бул Куранды тоого түшүргөн болсок, анда сен ал тоонун бекемдигине карабастан, Аллахтан болгон катуукоркунучтан улам бой сунуп, бөлүнүп-жарылганын көрмөксүң. Анткени Куранда эскертүүчү насааттар жана катаал азаптар тууралуу убадалар бар. Биз бул мисалдарды адамдар акыл жүгүртүп, андагы بلغ Куран · Тафсир аяттарда камтылган осуяттардан жана насааттардан сабак алсын үчүн келтиребиз

هُوَ ٱللَّهُ ٱلَّذِى لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ عَـٰلِمُ ٱلْغَيْبِ وَٱلشَّهَـٰدَةِ ۖ هُوَ ٱلرَّحْمَـٰنُ ٱلرَّحِيمُ ﴿٢٢﴾

هُوَ ٱللَّهُ ٱلَّذِى لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلْمَلِكُ ٱلْقُدُّوسُ ٱلسَّلَـٰمُ ٱلْمُؤْمِنُ ٱلْمُهَيْمِنُ ٱلْعَزِيزُ ٱلْجَبَّارُ ٱلْمُتَكَبِّرُ ۚ سُبْحَـٰنَ ٱللَّهِ عَمَّا يُشْرِكُونَ ﴿٢٣﴾

يشركون Ал – Аллах. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал жашыруунду да, ачыкты да Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Дүйнө менен акыреттин Ырайымдуусу жана алардын Мээримдүүсү. Анын ырайымы бүткүл ааламды өзүнө камтыйт. Ал – Падыша, бүткүл кемчиликтерден Аруу жана Ыйык, бардык айыптардан Таза, Өзүнүн элчилерин кереметтүү аяттар менен Тастыктоочу, пенделеринин иш-аракеттерин Көзөмөлдөөчү, эч кимге жеңилбес Кудуреттүү, Өзүнүн күч-кудурети менен бардык нерсени багыткан Күчтүү, Текебер. Ал мушриктердин шерик кылган кудайларынан жана башка нерселеринен Аруужана Ыйык

هُوَ ٱللَّهُ ٱلْخَـٰلِقُ ٱلْبَارِئُ ٱلْمُصَوِّرُ ۖ لَهُ ٱلْأَسْمَآءُ ٱلْحُسْنَىٰ ۚ يُسَبِّحُ لَهُۥ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۖ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ ﴿٢٤﴾

Ал – Аллах, бүткүл нерселерди жараткан Жаратуучу, заттарды бар Кылуучу, макулуктарга Өзү каалагандай келбет Берүүчү. Ал улуу сыпаттарды камтыган эң көркөм ысымдарга ээ. Аны асмандар менен жердеги нерселер бүткүл айып-кемчиликтерден аруулашат. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, шариятында жана тагдырында Даанышман. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Al-Hashr — الحشر

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил