Башкы бетТафсирAl-Mumtahana (60)

Тафсир Al-Mumtahana (60) — الممتحنة

Мединалык · 13 аят

Окуу · УгууPDF файл

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تَتَّخِذُوا۟ عَدُوِّى وَعَدُوَّكُمْ أَوْلِيَآءَ تُلْقُونَ إِلَيْهِم بِٱلْمَوَدَّةِ وَقَدْ كَفَرُوا۟ بِمَا جَآءَكُم مِّنَ ٱلْحَقِّ يُخْرِجُونَ ٱلرَّسُولَ وَإِيَّاكُمْ ۙ أَن تُؤْمِنُوا۟ بِٱللَّهِ رَبِّكُمْ إِن كُنتُمْ خَرَجْتُمْ جِهَـٰدًۭا فِى سَبِيلِى وَٱبْتِغَآءَ مَرْضَاتِى ۚ تُسِرُّونَ إِلَيْهِم بِٱلْمَوَدَّةِ وَأَنَا۠ أَعْلَمُ بِمَآ أَخْفَيْتُمْ وَمَآ أَعْلَنتُمْ ۚ وَمَن يَفْعَلْهُ مِنكُمْ فَقَدْ ضَلَّ سَوَآءَ ٱلسَّبِيلِ ﴿١﴾

Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Мага жана силерге душман болгондорду жакшы көрүп дос тутпагыла! Алар силердин пайгамбарыңардын колу менен келген динге каапырлык кылышты. Алар пайгамбарга кошуп силерди дагы Меккедеги турак-жайларыңардан чыгарышты. Алар силерге келгенде жакындыкка да, туугандыкка да, дегеле эч нерсеге карашпайт. Анткени силер Раббиңер Аллахка ыйман келтиргенсиңер. Эгерде Менин жолумда согушуу үчүн жана Менин ыраазылыгыма жетүү үчүн чыксаңар, анда андай кылбагыла, аларга болгон сүйүүдөн улам мусулмандардын кабарларын жашыруун жеткирбегиле. Мен силердин ал тууралуу эмнени жашырып, эмнени жарыялаганыңарды билемин. Ал болобу же башкасы болобу, алардын эч бири Мага жашыруун эмес. Кимде-ким каапырлар менен ошондой достук мамиледе болуп, аларга жакындык кылса,анда алжолдун ортосунан чыгып кетти,акыйкаттан адаштыжана тууралыктан четтеди

إِن يَثْقَفُوكُمْ يَكُونُوا۟ لَكُمْ أَعْدَآءًۭ وَيَبْسُطُوٓا۟ إِلَيْكُمْ أَيْدِيَهُمْ وَأَلْسِنَتَهُم بِٱلسُّوٓءِ وَوَدُّوا۟ لَوْ تَكْفُرُونَ ﴿٢﴾

Эгер аларда силерге үстөм кылууга мүмкүнчүлүк түзүлсө эле, алар жүрөктөрүндө каткан кастыкты ачыкка чыгарышат, кордук көрсөтүү жана уруу менен силерге колдорун созушат, сөгүп жана урушуп тилине ээ чыга алышпайт жана алардай болуп Аллахка жана Анын элчисине каапыр болушуңардыкаалап турушат

لَن تَنفَعَكُمْ أَرْحَامُكُمْ وَلَآ أَوْلَـٰدُكُمْ ۚ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ يَفْصِلُ بَيْنَكُمْ ۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌۭ ﴿٣﴾

Эгерде каапырлар менен алар үчүн достошсоңор, анда силерге тууган-уругуңар да, бала-чакаңар да пайда келтирбейт. Кыямат күнү Аллах силерди бөлөт, араңардагы бейиш ээлери бейишке, тозок ээлери тозокко кирет. Бири-бириңерге пайда келтире албайсыңар. Аллах кылып жаткан ишиңерди Көрүүчү. Силердин иш- аракеттериңердин эчбири Ага жашыруун эмес.Жакында силерге алардын сыйлыгын же жазасын берет

قَدْ كَانَتْ لَكُمْ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌۭ فِىٓ إِبْرَٰهِيمَ وَٱلَّذِينَ مَعَهُۥٓ إِذْ قَالُوا۟ لِقَوْمِهِمْ إِنَّا بُرَءَٰٓؤُا۟ مِنكُمْ وَمِمَّا تَعْبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ كَفَرْنَا بِكُمْ وَبَدَا بَيْنَنَا وَبَيْنَكُمُ ٱلْعَدَٰوَةُ وَٱلْبَغْضَآءُ أَبَدًا حَتَّىٰ تُؤْمِنُوا۟ بِٱللَّهِ وَحْدَهُۥٓ إِلَّا قَوْلَ إِبْرَٰهِيمَ لِأَبِيهِ لَأَسْتَغْفِرَنَّ لَكَ وَمَآ أَمْلِكُ لَكَ مِنَ ٱللَّهِ مِن شَىْءٍۢ ۖ رَّبَّنَا عَلَيْكَ تَوَكَّلْنَا وَإِلَيْكَ أَنَبْنَا وَإِلَيْكَ ٱلْمَصِيرُ ﴿٤﴾

Оо, ыймандуулар! Силер үчүн Ибрахимде жана аны менен бирге болгон ыймандуу адамдарда жакшы өрнөк бар. Бир кезде алар каапыр коомуна: «Биз силерге жана Аллахтан башка сыйынган кудайларыңарга эч тиешебиз жок. Биз силер тутунган динге каапырлык кылдык. Силер Аллахка ширк кылбастан, жалгыз Ага ыйман келтирмейинче, биз менен силердин ортобузда душмандык жана жек көрүү жаралды» – деп айтышты. Андыктан силер дагы аларга окшогон каапыр коомуңардан баш тартууңар керек.Бирок Ибрахимдин атасына карата айткан:«Мен сиз үчүн Аллахтан кечирим сураймын. Мен сизди Аллахтын азабынан эч коргой албаймын» – сөзүндө аны өрнөк тутпагыла.Анткени булИбрахим атасынан үмүт үзгөнгө чейин болгон.Ошондуктан ыймандууадам мушрик үчүн кечирим сурабаш керек. Раббибиз! Бүткүл ишибизде Сага таяндык, тообокылып Сага кайттык жана кыямат күнү بلغ Куран · Тафсир кайтып баруу – Өзүңө гана

رَبَّنَا لَا تَجْعَلْنَا فِتْنَةًۭ لِّلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَٱغْفِرْ لَنَا رَبَّنَآ ۖ إِنَّكَ أَنتَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ ﴿٥﴾

Раббибиз! Бизди каапырларга көз каранды кылуу менен аларга сыноо кылба. Ошондо алар бизге: «Эгерде акыйкатта болсоңор, бизге көз каранды болбойт элеңер» – деп айтышпасын. Раббибиз, күнөөлөрүбүздү кечир. Чындыгында Сен жеңилбеген Кудуреттүүсүң жана Өз жаратууңда, шариятыңда жана кудуреттүүлүгүңдө Даанышмансың

لَقَدْ كَانَ لَكُمْ فِيهِمْ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌۭ لِّمَن كَانَ يَرْجُوا۟ ٱللَّهَ وَٱلْيَوْمَ ٱلْـَٔاخِرَ ۚ وَمَن يَتَوَلَّ فَإِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلْغَنِىُّ ٱلْحَمِيدُ ﴿٦﴾

Бул жакшы өрнөктү Аллахтан дүйнө жана акырет жакшылыктарын үмүт кылгандар гана ээрчишет. Ал эми ким мындай жакшы өрнөктөн баш тартса, анда Аллах пенделерине муктаж эмес, Ал алардын баш ийүүсүнө муктаж эмес. Ал бардык абалда мактоого татыктуу

۞ عَسَى ٱللَّهُ أَن يَجْعَلَ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَ ٱلَّذِينَ عَادَيْتُم مِّنْهُم مَّوَدَّةًۭ ۚ وَٱللَّهُ قَدِيرٌۭ ۚ وَٱللَّهُ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ ﴿٧﴾

Оо, ыймандуулар! Балким Аллах силерге душмандык кылган каапырлар менен силердин ортоңордо сүйүү жаратып, Аллах аларды Исламга карай багыттайт. Ошондо алар силердин диндеш бир туугандарыңар болот. Аллах силердин жүрөгүңөрдү ыйманга өзгөртүүгө Кудуреттүү. Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Мээримдүү

لَّا يَنْهَىٰكُمُ ٱللَّهُ عَنِ ٱلَّذِينَ لَمْ يُقَـٰتِلُوكُمْ فِى ٱلدِّينِ وَلَمْ يُخْرِجُوكُم مِّن دِيَـٰرِكُمْ أَن تَبَرُّوهُمْ وَتُقْسِطُوٓا۟ إِلَيْهِمْ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلْمُقْسِطِينَ ﴿٨﴾

Исламга киргениңер себептүү силер менен согушпаган жана силерди өз мекениңерден чыгарбаган адамдарга жакшылык кылууңарды жана аларга тийиштүү акыларын берип, алардын ортосунда адилеттүү болууңарды Аллах силерге тыйбайт. Чындыгында Аллах өздөрүнө, үй-бүлөсүнө жана кол астындагыларга адилеттүүлүк кылгандарды сүйөт

إِنَّمَا يَنْهَىٰكُمُ ٱللَّهُ عَنِ ٱلَّذِينَ قَـٰتَلُوكُمْ فِى ٱلدِّينِ وَأَخْرَجُوكُم مِّن دِيَـٰرِكُمْ وَظَـٰهَرُوا۟ عَلَىٰٓ إِخْرَاجِكُمْ أَن تَوَلَّوْهُمْ ۚ وَمَن يَتَوَلَّهُمْ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلظَّـٰلِمُونَ ﴿٩﴾

Силер менен ыйманыңар себептүү согушуп, силерди өз мекениңерден чыгарган же чыгарууга жардам берген адамдар менен достук мамиле түзүүңөрдү Аллах силерге тыйды. Араңардан ким алар менен достошсо, мына ошолор Аллахтын буйругуна каршычыгып,өздөрүн кыйроогоучураткан залымдар. بلغ Куран · Тафсир

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِذَا جَآءَكُمُ ٱلْمُؤْمِنَـٰتُ مُهَـٰجِرَٰتٍۢ فَٱمْتَحِنُوهُنَّ ۖ ٱللَّهُ أَعْلَمُ بِإِيمَـٰنِهِنَّ ۖ فَإِنْ عَلِمْتُمُوهُنَّ مُؤْمِنَـٰتٍۢ فَلَا تَرْجِعُوهُنَّ إِلَى ٱلْكُفَّارِ ۖ لَا هُنَّ حِلٌّۭ لَّهُمْ وَلَا هُمْ يَحِلُّونَ لَهُنَّ ۖ وَءَاتُوهُم مَّآ أَنفَقُوا۟ ۚ وَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ أَن تَنكِحُوهُنَّ إِذَآ ءَاتَيْتُمُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ ۚ وَلَا تُمْسِكُوا۟ بِعِصَمِ ٱلْكَوَافِرِ وَسْـَٔلُوا۟ مَآ أَنفَقْتُمْ وَلْيَسْـَٔلُوا۟ مَآ أَنفَقُوا۟ ۚ ذَٰلِكُمْ حُكْمُ ٱللَّهِ ۖ يَحْكُمُ بَيْنَكُمْ ۚ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌۭ ﴿١٠﴾

ه Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эгерде силерге ыймандуу аялдар каапырлардын жеринен мусулмандардын жерине көчүп келишсе,алардын ыйманынын чындыгын сынап көргүлө.Аллахалардын ыйманын жакшы билет. Алардын жүрөгүндөгү катылган нерселер Ага жашыруун эмес. Эгерде алардын чынчылдыгын текшергенден кийин ыймандууэкенин билсеңер,анда алардыкаапыр күйөөлөрүнө кайтарбагыла. Ыймандуу аялдар каапырларга турмушка чыгууга болбойт жана каапырлар ыймандуу аялдарга үйлөнүүгө болбойт. Күйөөлөрүнө аларга берген калыңдыкайтарып бергиле. Оо, ыймандуулар! Силер алардын идда мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга калың берип, үйлөнсөңөр күнөө эмес. Кимдин аялы каапыр болсо же Исламдан баш тартса, анда аныкармабасын. Анткени анын каапыр болушу менен алардын никеси токтойт. Динден баш тарткан аялдарыңарга берген калыңды каапырлардан сурагыла жана алар дагы Исламды кабыл алган аялдарынын калыңын сурашсын.Силер тараптан жана алар тараптан калыңдын кайтарылып берилүүсүтууралуубулайтылган нерсе – Аллахтын өкүмү. Аллах силердин араңарда Өзү каалагандай өкүм чыгарат. Аллах пенделеринин абалдарын жана иш-аракеттерин Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал пенделерине кылган шариятында Даанышман

وَإِن فَاتَكُمْ شَىْءٌۭ مِّنْ أَزْوَٰجِكُمْ إِلَى ٱلْكُفَّارِ فَعَاقَبْتُمْ فَـَٔاتُوا۟ ٱلَّذِينَ ذَهَبَتْ أَزْوَٰجُهُم مِّثْلَ مَآ أَنفَقُوا۟ ۚ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ ٱلَّذِىٓ أَنتُم بِهِۦ مُؤْمِنُونَ ﴿١١﴾

Эгерде аялдарыңардын кээ бирлери динден баш тартып, каапырларга кетип калса жана силер каапырлардан алардын калыңын талап кылып,бирок алар бербей коюшса,кийин силер каапырлардан олжогоээ болсоңор,анда динден баш тартып кетип калган аялдардына күйөөлөрү берген калыңды бергиле. Жана силер буйругуна баш ийип жана тыйгандарын таштап,ыйман келтирген Аллахтан корккула!

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِىُّ إِذَا جَآءَكَ ٱلْمُؤْمِنَـٰتُ يُبَايِعْنَكَ عَلَىٰٓ أَن لَّا يُشْرِكْنَ بِٱللَّهِ شَيْـًۭٔا وَلَا يَسْرِقْنَ وَلَا يَزْنِينَ وَلَا يَقْتُلْنَ أَوْلَـٰدَهُنَّ وَلَا يَأْتِينَ بِبُهْتَـٰنٍۢ يَفْتَرِينَهُۥ بَيْنَ أَيْدِيهِنَّ وَأَرْجُلِهِنَّ وَلَا يَعْصِينَكَ فِى مَعْرُوفٍۢ ۙ فَبَايِعْهُنَّ وَٱسْتَغْفِرْ لَهُنَّ ٱللَّهَ ۖ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ ﴿١٢﴾

Оо, пайгамбар! Эгерде сага Меккени багынткан күндөгүдөй ыймандуу аялдар келип, Аллахка эч нерсени шерик кылбастан, жалгыз Ага сыйынууга, уурулук жана зына кылбоого, караңгылык доордогу адамдардын үрп-адаттарына ылайык балдардыөлтүрбөөгө,зынадан төрөлгөн балдарын күйөөлөрүнө таандык кылбоогожана өлүккө өкүрүп ыйлоо, чачты кыруу, кийимин тытуу сыяктуу тыюу салынган жакшылык иштерде сага каршы чыкпоого ант беришсе, анда алардын антын кабылкылжана алар сага ант беришкенден кийин күнөөлөрүүчүн Аллахтан кечирим сура. Чындыгында Аллах тообокылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу. بلغ Куран · Тафсир

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تَتَوَلَّوْا۟ قَوْمًا غَضِبَ ٱللَّهُ عَلَيْهِمْ قَدْ يَئِسُوا۟ مِنَ ٱلْـَٔاخِرَةِ كَمَا يَئِسَ ٱلْكُفَّارُ مِنْ أَصْحَـٰبِ ٱلْقُبُورِ ﴿١٣﴾

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Аллахтын каарына калган коом менен достук мамиледе болбогула. Алар акыретке ишенишпейт. Тескерисинче, алар кайра тирилүүгө ишенбегендик себептүү өлүктөрдүн кайтып келүүсүнөн үмүтсүз болгон сыяктууандан үмүт үзүшкөндөр. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Al-Mumtahana — الممتحنة

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил