قَدْ سَمِعَ ٱللَّهُ قَوْلَ ٱلَّتِى تُجَـٰدِلُكَ فِى زَوْجِهَا وَتَشْتَكِىٓ إِلَى ٱللَّهِ وَٱللَّهُ يَسْمَعُ تَحَاوُرَكُمَآ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعٌۢ بَصِيرٌ ﴿١﴾
Оо, пайгамбар! Аллах Хаулат бинт Саалаба деген аялдын сөзүн укту. Аны күйөөсү Аус ибн ас-Самит «зихар» кылганда, ал күйөөсү тууралуу сени менен сүйлөшкөнү келди жана анын кылганын Аллахка айтып даттанды. Аллах экөөңөрдүн талаш сөзүңөрдү укту. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Чындыгында Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу,иш-аракеттерин Көрүүчү.Алардын эчбири Ага жашыруун эмес
ٱلَّذِينَ يُظَـٰهِرُونَ مِنكُم مِّن نِّسَآئِهِم مَّا هُنَّ أُمَّهَـٰتِهِمْ ۖ إِنْ أُمَّهَـٰتُهُمْ إِلَّا ٱلَّـٰٓـِٔى وَلَدْنَهُمْ ۚ وَإِنَّهُمْ لَيَقُولُونَ مُنكَرًۭا مِّنَ ٱلْقَوْلِ وَزُورًۭا ۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَعَفُوٌّ غَفُورٌۭ ﴿٢﴾
Аялдарын зихар кылгандар, тагыраак айтканда, силерден кимдир бирөө аялына: «Сен мага апамдын белиндейсиң» деп айткандар – бул айткан сөздөрүндө жалганчылар. Алардын аялдары энеси эмес. Аларды төрөгөндөр гана алардын энелери. Алар бул сөздү айтышканда, коркунучтуу жана жалган сөздү айтышкан болот. Чындыгында Аллах – Кечүүчү, Кечиримдүү
وَٱلَّذِينَ يُظَـٰهِرُونَ مِن نِّسَآئِهِمْ ثُمَّ يَعُودُونَ لِمَا قَالُوا۟ فَتَحْرِيرُ رَقَبَةٍۢ مِّن قَبْلِ أَن يَتَمَآسَّا ۚ ذَٰلِكُمْ تُوعَظُونَ بِهِۦ ۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌۭ ﴿٣﴾
تعملون خبير Бул коркунучтүү сөздү айтып алып, кийин зихар кылган аялдары менен жыныстык мамиле кылууну каалагандар, алар менен жыныстык катнаш кылуудан мурун бир кулду азат кылуу менен күнөөсүн жууш керек. Бул айтылган өкүм, силерди зихар кылуудан тосуу үчүн буйрук кылынды. Аллахсилердин кылганыңардан Кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эчбири Ага жашыруун эмес
فَمَن لَّمْ يَجِدْ فَصِيَامُ شَهْرَيْنِ مُتَتَابِعَيْنِ مِن قَبْلِ أَن يَتَمَآسَّا ۖ فَمَن لَّمْ يَسْتَطِعْ فَإِطْعَامُ سِتِّينَ مِسْكِينًۭا ۚ ذَٰلِكَ لِتُؤْمِنُوا۟ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ ۚ وَتِلْكَ حُدُودُ ٱللَّهِ ۗ وَلِلْكَـٰفِرِينَ عَذَابٌ أَلِيمٌ ﴿٤﴾
Ким азат кылганга кул таппаса, анда ал зихар кылган аялы менен жыныстык мамиле кылуудан мурун эки ай үлгүлтүксүз орозо кармашы керек. Ал эми ким эки ай үзгүлтүксүз орозо кармай албаса, анда ал алтымыш кембагалды тамактандыруусу керек. Биз бул өкүмдү Аллах буйруду деп ишенип, Анын буйругуна баш ийүүңөр үчүн өкүм кылдык.Биз силерге шарият кылган булөкүмдөр – Аллахтын пенделери үчүн койгон чектери.Андыктан,аны бузбагыла.Алэми Аллахтын өкүмдөрүнө жана койгон чектерине каапыр болгондоргокыйноочуазап бар
إِنَّ ٱلَّذِينَ يُحَآدُّونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ كُبِتُوا۟ كَمَا كُبِتَ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ ۚ وَقَدْ أَنزَلْنَآ ءَايَـٰتٍۭ بَيِّنَـٰتٍۢ ۚ وَلِلْكَـٰفِرِينَ عَذَابٌۭ مُّهِينٌۭ ﴿٥﴾
م هين Аллахка жана Анын элчисине душмандык кылгандар, мурунку душман коомдор кор болгон сыяктуу кордукка туш болушту. Биз ачык-айкын аят-белгилерибизди түшүргөнбүз. Аллахка, анын элчисине жана аят-белгилерине каапырлык кылгандарга кордоочуазап бар. بلغ Куран · Тафсир
يَوْمَ يَبْعَثُهُمُ ٱللَّهُ جَمِيعًۭا فَيُنَبِّئُهُم بِمَا عَمِلُوٓا۟ ۚ أَحْصَىٰهُ ٱللَّهُ وَنَسُوهُ ۚ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ شَهِيدٌ ﴿٦﴾
Ал күнү Аллах алардын бирин да калтырбастан, бүт баарысын кайра тирилтип, аларга дүйнөдө кылган жамандык иштери тууралуу кабар берет. Аллах аларды эсептеп койгон, алардын иш-аракеттеринин эч бирин өткөрүп жиберген эмес. Бирок алар муну унутуп коюшкан, кийин алар анын кичинеси да, чоңу да калтырылбастан эсептелген амал баракчаларында жазылганын көрүшөт. Аллах бардык нерседен кабардар. Алардын иш- аракеттеринин эчбири Ага жашыруун эмес
أَلَمْ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ يَعْلَمُ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ ۖ مَا يَكُونُ مِن نَّجْوَىٰ ثَلَـٰثَةٍ إِلَّا هُوَ رَابِعُهُمْ وَلَا خَمْسَةٍ إِلَّا هُوَ سَادِسُهُمْ وَلَآ أَدْنَىٰ مِن ذَٰلِكَ وَلَآ أَكْثَرَ إِلَّا هُوَ مَعَهُمْ أَيْنَ مَا كَانُوا۟ ۖ ثُمَّ يُنَبِّئُهُم بِمَا عَمِلُوا۟ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌ ﴿٧﴾
بكل شىء عليم Оо, пайгамбар! Аллах асмандардагы жана жердеги нерселерди билет экенин билбейсиңби? Ал экөөсүндөгү эч бир нерсе Ага жашыруун эмес. Үч адамдын ортосунда жашыруун сөз болсо, Ал Өз илими менен алардын төртүнчүсү болот. Беш адамдын ортосунда жашыруун сөз болсо, Ал Өз илими менен алардын алтынчысы болот. Андан аз санда болобу, көп санда болобу, алар кайда болушпасын, Ал Өзү илими менен алар менен бирге. Андан кийин кыямат күнү Ал алардын кылгандары тууралуу кабар берет. Чындыгында Аллах бардык нерсени Билүүчү. Алардын эчбири Ага жашыруун эмес
أَلَمْ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ نُهُوا۟ عَنِ ٱلنَّجْوَىٰ ثُمَّ يَعُودُونَ لِمَا نُهُوا۟ عَنْهُ وَيَتَنَـٰجَوْنَ بِٱلْإِثْمِ وَٱلْعُدْوَٰنِ وَمَعْصِيَتِ ٱلرَّسُولِ وَإِذَا جَآءُوكَ حَيَّوْكَ بِمَا لَمْ يُحَيِّكَ بِهِ ٱللَّهُ وَيَقُولُونَ فِىٓ أَنفُسِهِمْ لَوْلَا يُعَذِّبُنَا ٱللَّهُ بِمَا نَقُولُ ۚ حَسْبُهُمْ جَهَنَّمُ يَصْلَوْنَهَا ۖ فَبِئْسَ ٱلْمَصِيرُ ﴿٨﴾
Оо, пайгамбар! Ыймандуу адамды көргөндө өз ара жашыруун сүйлөшкөн жөөттөрдү көрбөдүңбү? Аллах аларды жашыруун сүйлөшүүдөн тыйган эле. Бирок кийин алар Аллахтын тыйган нерсесине кайра кайтышты жана ыймандууларды ушактоо, аларга душмандык кылуу, пайгамбарга баш ийбестик кылуу сыяктуу күнөө иштерди ич ара жашыруун сүйлөштү.Оо,пайгамбар!Качан алар сага келгенде,алар Аллахтын сага айткан саламынан башкача саламды айтышат. Бул алардын «ассааму алейка (сага өлүм болсун)» деген сөзү. Жана алар пайгамбарды жалганга чыгарып: «Аллах бизди бул айткан сөзүбүз үчүн жазалабайт беле? Эгер ал пайгамбармын деген сөзүндө чынчыл болсо, анда Аллах бизди ал тууралуу айткан сөзүбүз үчүн жазаламак» – деп айтышат. Алардын айткан сөздөрүнүн жазасына тозок жетиштүү.Алар анын ысык азабын тартышат.Алардын бара турган жайыкандай жаман жай!
يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِذَا تَنَـٰجَيْتُمْ فَلَا تَتَنَـٰجَوْا۟ بِٱلْإِثْمِ وَٱلْعُدْوَٰنِ وَمَعْصِيَتِ ٱلرَّسُولِ وَتَنَـٰجَوْا۟ بِٱلْبِرِّ وَٱلتَّقْوَىٰ ۖ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ ٱلَّذِىٓ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ ﴿٩﴾
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Жөөттөргө окшобошуңар үчүн күнөөнү же душмандыкты же пайгамбарга карата баш ийбестикти камтыган нерселер тууралуу ич ара жашыруун сүйлөшпөгүлө! Аллахка моюн сунууну жана Ага баш ийбестиктикти тыюуну камтыган нерселерди жашыруун сүйлөшкүлө! Жана Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоо менен Андан корккула! Силер кыямат күнү сурак жана сыйлык-жаза үчүн жалгыз Ага гана чогултуласыңар. بلغ Куран · Тафсир
إِنَّمَا ٱلنَّجْوَىٰ مِنَ ٱلشَّيْطَـٰنِ لِيَحْزُنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَلَيْسَ بِضَآرِّهِمْ شَيْـًٔا إِلَّا بِإِذْنِ ٱللَّهِ ۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ ٱلْمُؤْمِنُونَ ﴿١٠﴾
Чындыгында өзүнө күнөөнү, душмандыктыжана пайгамбарга болгон баш ийбестикти камтыган жашыруун сөздөр – шайтандын ыймандууларга каршыжаман иш болот деп алардыойгосалыш үчүн өзүнүн жан жөкөрлөрүнө кооз кылып көрсөтүүсү жана азгырыгы. Шайтан жана анын кооз кылып көргөзүүсү Аллахтын каалоосу болмоюнча ыймандууларга эч кандай зыян келтирбейт. Ыймандуулар бардык иштеринде Аллахка гана таянышат
يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِذَا قِيلَ لَكُمْ تَفَسَّحُوا۟ فِى ٱلْمَجَـٰلِسِ فَٱفْسَحُوا۟ يَفْسَحِ ٱللَّهُ لَكُمْ ۖ وَإِذَا قِيلَ ٱنشُزُوا۟ فَٱنشُزُوا۟ يَرْفَعِ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ مِنكُمْ وَٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْعِلْمَ دَرَجَـٰتٍۢ ۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌۭ ﴿١١﴾
ه ه Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эгерде силерге «ордуңардан жылышкыла» деп айтылса, анда жылышкыла. Ошондо Аллах силерге дүйнө жашооңордо жана акыретте орун берет. Эгер силерге «кадырлуу адамдар олтурсун үчүн ордуңарды бошоткула» деп айтылса, анда ордуңарды бошоткула. Аллах таала силердин араңардагы ыйман келтиргендердин жана илим берилгендердин даражасын көтөрүп коёт. Аллах силердин кылган нерселериңерден кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Алалардын сыйлыгын же жазасын берет
يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِذَا نَـٰجَيْتُمُ ٱلرَّسُولَ فَقَدِّمُوا۟ بَيْنَ يَدَىْ نَجْوَىٰكُمْ صَدَقَةًۭ ۚ ذَٰلِكَ خَيْرٌۭ لَّكُمْ وَأَطْهَرُ ۚ فَإِن لَّمْ تَجِدُوا۟ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌ ﴿١٢﴾
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сырдашууну каалаган сахабалар көбөйгөндө, Аллах Таала: "О, ыйман келтиргендер! Эгерде пайгамбар менен жеке сүйлөшүүнү кааласаңар, анда аны менен сүйлөшүүдөн мурда садага бергиле. Ошентип алдын ала садага берүү – силер үчүн жакшыраак жана тазараак. Анткени, мында Аллахка жүрөктөрдү тазарткан баш ийүү бар. Эгер садага бергенге эч нерсе таппасаңар, анда аны менен жекече сүйлөшүүңөр күнөө эмес. Чынында, Аллах пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу.Алпенделеринин моюнуна күчүжетпеген ишти жүктөгөн жок
ءَأَشْفَقْتُمْ أَن تُقَدِّمُوا۟ بَيْنَ يَدَىْ نَجْوَىٰكُمْ صَدَقَـٰتٍۢ ۚ فَإِذْ لَمْ تَفْعَلُوا۟ وَتَابَ ٱللَّهُ عَلَيْكُمْ فَأَقِيمُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُوا۟ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَطِيعُوا۟ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ ۚ وَٱللَّهُ خَبِيرٌۢ بِمَا تَعْمَلُونَ ﴿١٣﴾
Пайгамбар менен жекече сүйлөшүүңөр үчүн алдын ала берген садакаңар себептүү кедейликтен корктуңарбы? Аллахтын бул тууралуу берген буйругун аткара албасаңар жана Аллах силерге аны таштоого уруксат берип, тообоңорду кабыл кылса, анда намазды толук түрдө аткаргыла, мал-мүлкүңөрдөн зекет бергиле, Аллахка жана Анын элчисине баш ийгиле. Аллах силердин кылып жатканыңардан Кабардар. Силердин иш-аракеттериңердин эчбири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал алардын сыйлыгын же жазасын берет
۞ أَلَمْ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ تَوَلَّوْا۟ قَوْمًا غَضِبَ ٱللَّهُ عَلَيْهِم مَّا هُم مِّنكُمْ وَلَا مِنْهُمْ وَيَحْلِفُونَ عَلَى ٱلْكَذِبِ وَهُمْ يَعْلَمُونَ ﴿١٤﴾
Оо, пайгамбар! Каапырлыктары жана күнөөлөрү себептүү Аллахтын каарына калган жөөттөр менен достошуп жүргөн эки жүздүүлөргө карабайсыңбы?Эки жүздүүлөр ыймандуулардан эмес,жөөттөрдөн да эмес.Алар буларга да, тигилерге да тиешеси жок ара жолдо жүргөндөр. Алар мусулманбыз деп касам ичишип, мусулмандардын кабарларын жөөттөргө жеткиришет.Алар ичкен касамында жалганчылар. بلغ Куран · Тафсир
أَعَدَّ ٱللَّهُ لَهُمْ عَذَابًۭا شَدِيدًا ۖ إِنَّهُمْ سَآءَ مَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿١٥﴾
Аллах акыретте аларга катуу азапты даярдап койган. Алар тозоктун эң төмөнкү кабатына киришет. Алардын дүйнөдө кылган каапырлык иштери кандай жаман!
ٱتَّخَذُوٓا۟ أَيْمَـٰنَهُمْ جُنَّةًۭ فَصَدُّوا۟ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ فَلَهُمْ عَذَابٌۭ مُّهِينٌۭ ﴿١٦﴾
Алар берген анттарын каапырлык себептүү өлтүрүлбөш үчүн коргонуч кылып алышты. Анткени алар өз канын жана мал-мүлкүн коргош максатта аны менен сыртынан Исламды көрсөтүшөт жана адамдарды акыйкаттан бурушат. Анткени бул нерседе мусулмандарды алсыратуу жана аларга бут тосуу бар. Алар үчүн кордукка салуучу азап даярдалган
لَّن تُغْنِىَ عَنْهُمْ أَمْوَٰلُهُمْ وَلَآ أَوْلَـٰدُهُم مِّنَ ٱللَّهِ شَيْـًٔا ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ أَصْحَـٰبُ ٱلنَّارِ ۖ هُمْ فِيهَا خَـٰلِدُونَ ﴿١٧﴾
Аларга Аллахтын алдында мал-мүлктөрү жана бала-чакасыэч пайда келтирбейт. Мына ошолор тозок ээлери. Алар ал жакка кирип, түбөлүк калышат. Алардын азабы токтотулбайт
يَوْمَ يَبْعَثُهُمُ ٱللَّهُ جَمِيعًۭا فَيَحْلِفُونَ لَهُۥ كَمَا يَحْلِفُونَ لَكُمْ ۖ وَيَحْسَبُونَ أَنَّهُمْ عَلَىٰ شَىْءٍ ۚ أَلَآ إِنَّهُمْ هُمُ ٱلْكَـٰذِبُونَ ﴿١٨﴾
Ал күнү Аллах аларды жазалоо үчүн бирин да калтырбай кайра тирилтет. Ошондо алар каапырлыкта жана эки жүздүүлүктө болбостон, Аллахты ыраазы кылган иштерди аткарган ыймандуулардай Аллахка касам ичишет. Оо, ыймандуулар! Алар дүйнөдө силерге «биз мусулманбыз» деп касам ичкендей, акыретте да Аллахка касам ичишет. Алар Аллах үчүн ичкен бул касамдары аларга пайда келтирет же аларды зыяндан коргойт деп ойлошот. Мына ошолор дүйнөдө жана акыретте айткан касамдарында чыныгыжалганчылар эмеспи!
ٱسْتَحْوَذَ عَلَيْهِمُ ٱلشَّيْطَـٰنُ فَأَنسَىٰهُمْ ذِكْرَ ٱللَّهِ ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ حِزْبُ ٱلشَّيْطَـٰنِ ۚ أَلَآ إِنَّ حِزْبَ ٱلشَّيْطَـٰنِ هُمُ ٱلْخَـٰسِرُونَ ﴿١٩﴾
Шайтан аларды баш ийдирип, өз азгырыгы менен Аллахты эстөөнү унуттурду. Алар Ал ыраазы болгон иштерди кылышкан жок. Тескерисинче, Анын каарын келтирген иштерди кылышты. Мына ушундай сыпаттагыадамдар – Иблистин аскери жана аны ээрчигендер. Иблисти жана аны ээрчигендер, мына ошолор дүйнөдө жана акыретте кыйроогоучурагандар эмеспи! Анткени алар акыйкаттыадашууга саттыжана бейишти тозоккосатты
إِنَّ ٱلَّذِينَ يُحَآدُّونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓ أُو۟لَـٰٓئِكَ فِى ٱلْأَذَلِّينَ ﴿٢٠﴾
Аллахка жана Анын элчисине душмандык кылгандар, Аллах бул дүйнөдө жана акыретте кор кылгандардын жана кордукка тушболгон каапыр коомдордун катарында
كَتَبَ ٱللَّهُ لَأَغْلِبَنَّ أَنَا۠ وَرُسُلِىٓ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ قَوِىٌّ عَزِيزٌۭ ﴿٢١﴾
Аллахабалкыилиминде:«Мен жана Менин элчилерим далилжана күч-кубаттуулук менен душмандардын үстүнөн сөзсүз жеңишке жетебиз» – деп жазып койгон. Чындыгында Аллах өз элчилерине жардам берүүгө Кубаттуу, душмандарынан өч алууга Кудуреттүү. بلغ Куран · Тафсир
لَّا تَجِدُ قَوْمًۭا يُؤْمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلْيَوْمِ ٱلْـَٔاخِرِ يُوَآدُّونَ مَنْ حَآدَّ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَلَوْ كَانُوٓا۟ ءَابَآءَهُمْ أَوْ أَبْنَآءَهُمْ أَوْ إِخْوَٰنَهُمْ أَوْ عَشِيرَتَهُمْ ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ كَتَبَ فِى قُلُوبِهِمُ ٱلْإِيمَـٰنَ وَأَيَّدَهُم بِرُوحٍۢ مِّنْهُ ۖ وَيُدْخِلُهُمْ جَنَّـٰتٍۢ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَـٰرُ خَـٰلِدِينَ فِيهَا ۚ رَضِىَ ٱللَّهُ عَنْهُمْ وَرَضُوا۟ عَنْهُ ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ حِزْبُ ٱللَّهِ ۚ أَلَآ إِنَّ حِزْبَ ٱللَّهِ هُمُ ٱلْمُفْلِحُونَ ﴿٢٢﴾
ه Оо, пайгамбар! Сен Аллахка жана кыямат күнүнө ыйман келтирген адамдарды, Аллахтын жана Анын элчисинин душмандарын дос туткандарын көрбөйсүң,эгер ал Аллахка жана Анын элчисине душмандык кылгандар алардын аталары же балдары же бир туугандары же алар таандык болгон урук-туугандары болсо да. Анткени ыйман Аллахтын жана Анын элчисинин душмандары менен достошуудан тыят жана ыйман байланышы бардык байланыштардан жоготу турат. Экөөсү бирдей келгенде ал биринчи аткарылат. Жакын тууганы болсо да, Аллахтын жана Анын элчисинин душмандарын дос тутпаган адамдар, мына ошолордун жүрөктөрүнө Аллах өзгөрбөс ыймандыбекемдеп койду жана алардыӨзүнүн далили жана нуру менен кубаттады. Алар кыяматта хан сарайлары менен бак-дарактарынын алдынан дарыялар агып турган Адн бейиштерине киришет. Алар анын түгөнбөгөн жыргалчылыктарында түбөлүк калышат. Аллах аларга андан кийин эч качан ачууланбай тургандай ыраазы болду жана алар Ага түгөнбөс жыргалчылык тартуулаганы үчүн ыраазы болушту. Ал жыргалчылыктардын бири – Аны көрүү.Жогоруда айтылган сыпаттагыадамдар –Аллахтын буйругун ээрчиген жана Анын тыюуларын таштаган Анын аскери. Албетте, мына ошол Аллахтын аскери жеңишке жетүүчүлөр эмеспи! Анткени алар дүйнөдө жана акыретте көздөгөнүнө жетишет жана коркунучсалган нерселерден кутушулат. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран