Башкы бетТафсирAl-Muminoon (23)

Тафсир Al-Muminoon (23) — المؤمنون

Меккелик · 118 аят

Окуу · УгууPDF файл

قَدْ أَفْلَحَ ٱلْمُؤْمِنُونَ ﴿١﴾

Аллахка ыйман келтиргендер, Анын шариятын аткаргандар көздөгөн максаттарына жетип жана корккон нерселеринен кутулуп жеңишке жетишти

ٱلَّذِينَ هُمْ فِى صَلَاتِهِمْ خَـٰشِعُونَ ﴿٢﴾

Алар намаз окушканда өздөрүн төмөн тутушат жана намазда дене-мүчөлөрү тынч алып, жүрөктөрүн эч бир нерсе алаксытпайт

وَٱلَّذِينَ هُمْ عَنِ ٱللَّغْوِ مُعْرِضُونَ ﴿٣﴾

Алар жалгандан,пайдасыз нерселерден жана күнөө сөздөр менен күнөө иштерден баштарткандар

وَٱلَّذِينَ هُمْ لِلزَّكَوٰةِ فَـٰعِلُونَ ﴿٤﴾

Алар өздөрүн ыплас иштерден таза туткандар жана зекет берип мал-мүлктөрүн тазалагандар

وَٱلَّذِينَ هُمْ لِفُرُوجِهِمْ حَـٰفِظُونَ ﴿٥﴾

Алар жыныс мүчөлөрүн зынадан, бачабаздыктан жана бузукулуктан сакташкандар. Алар абийирдүү, таза адамдар

إِلَّا عَلَىٰٓ أَزْوَٰجِهِمْ أَوْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَـٰنُهُمْ فَإِنَّهُمْ غَيْرُ مَلُومِينَ ﴿٦﴾

Бирок никелүү аялдары жана кол астындагы күңдөрү менен жыныстык жана башка жолдор менен ырахат алышканы үчүн айыпталышпайт

فَمَنِ ٱبْتَغَىٰ وَرَآءَ ذَٰلِكَ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْعَادُونَ ﴿٧﴾

Ал эми ким никелүү аялдарынан жана кол астындагыкүңдөрүнөн башкалар менен ырахат алууну издесе, анда ал адалжолдуташтап арам жолгоөтүп Аллахтын чектеринен чыкты

وَٱلَّذِينَ هُمْ لِأَمَـٰنَـٰتِهِمْ وَعَهْدِهِمْ رَٰعُونَ ﴿٨﴾

Алар Аллахтын жана Анын пенделеринин алдындагыаманаттарын жана убадаларын бузбастан толук аткарышат

وَٱلَّذِينَ هُمْ عَلَىٰ صَلَوَٰتِهِمْ يُحَافِظُونَ ﴿٩﴾

Алар намаздарын дайым өз убагында парздары,важиптери жана мустахабдарыменен кошотолук окушат. بلغ Куран · Тафсир

أُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْوَٰرِثُونَ ﴿١٠﴾

Мына ушул сыпаттарга ээ адамдар — ошолор мурас алуучулар

ٱلَّذِينَ يَرِثُونَ ٱلْفِرْدَوْسَ هُمْ فِيهَا خَـٰلِدُونَ ﴿١١﴾

Алар бейиштин эң бийик жерин мураска алышкандар. Алар ал жакта түбөлүк калышат жана алардын жыргалчылыктары түгөбөйт

وَلَقَدْ خَلَقْنَا ٱلْإِنسَـٰنَ مِن سُلَـٰلَةٍۢ مِّن طِينٍۢ ﴿١٢﴾

Биз адамзаттын түпкү атасы Адамды ылайдан жараттык. Ал жаратылган топурак жердин топурагы менен суунун аралашмасынан тандалып алынды. ثم جعلنهنطفة فى قرار مكين

ثُمَّ جَعَلْنَـٰهُ نُطْفَةًۭ فِى قَرَارٍۢ مَّكِينٍۢ ﴿١٣﴾

Кийин Биз анын урпактарын төрөт убагына чейин жатында жайланышкан белсуудан жаратып көбөйттүк

ثُمَّ خَلَقْنَا ٱلنُّطْفَةَ عَلَقَةًۭ فَخَلَقْنَا ٱلْعَلَقَةَ مُضْغَةًۭ فَخَلَقْنَا ٱلْمُضْغَةَ عِظَـٰمًۭا فَكَسَوْنَا ٱلْعِظَـٰمَ لَحْمًۭا ثُمَّ أَنشَأْنَـٰهُ خَلْقًا ءَاخَرَ ۚ فَتَبَارَكَ ٱللَّهُ أَحْسَنُ ٱلْخَـٰلِقِينَ ﴿١٤﴾

Андан соң ал жатындагы жайгашкан бел суудан кочкул коюу канды жараттык. Кийин ал кочкул коюу канды тиштелген бир кесим эт кылдык. Кийин ал бир кесим эттен катуу сөөктөрдү жараттык. Кийин ал сөөктөргө эт каптадык. Андан соң Биз ага жан салып, башка жаратылышта өстүрө баштап, жашоого чыгардык. Жаратуучулардын эңмыктысыыйык болгон Аллах. ثم إنكم بعد ذلك لميتون

ثُمَّ إِنَّكُم بَعْدَ ذَٰلِكَ لَمَيِّتُونَ ﴿١٥﴾

Эй,адамдар!Андан соңсилер ушулжошоонун баскычтарынан өткөндөн кийин ажалыңар жеткенде өлөсүңөр

ثُمَّ إِنَّكُمْ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ تُبْعَثُونَ ﴿١٦﴾

Андан соң силер өлгөндөн кийин кылган иштериңерге сурак бериш үчүн кыямат күнү кабырларыңардан кайрадан тирилесиңер

وَلَقَدْ خَلَقْنَا فَوْقَكُمْ سَبْعَ طَرَآئِقَ وَمَا كُنَّا عَنِ ٱلْخَلْقِ غَـٰفِلِينَ ﴿١٧﴾

Эй, адамдар! Биз силердин үстүңөргө кабат-кабат жети асманды жараттык. Биз Өзүбүз жараткан нерселерден бейкапар эмеспиз жана алардыунуткан да жокпуз. بلغ Куран · Тафсир

وَأَنزَلْنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۢ بِقَدَرٍۢ فَأَسْكَنَّـٰهُ فِى ٱلْأَرْضِ ۖ وَإِنَّا عَلَىٰ ذَهَابٍۭ بِهِۦ لَقَـٰدِرُونَ ﴿١٨﴾

Биз асмандан керектүү өлчөмдө жамгыр суусун түшүрдүк, ал көп болуп зыян бербейт жана аз болуп жетишсиз болбойт. Жана аны адамдар менен жан-жаныбарлар пайдаланышы үчүн жер бетинде тура турган кылдык. Чындыгында Биз аныалар пайдалана албай тургандай кылып кетирип коюуга да кудуретибиз жетет. فأنشأنا لكم به جنت من ن خيل وأعنب ل كم فيها فوكهكثيرة ومنها تأكلون

فَأَنشَأْنَا لَكُم بِهِۦ جَنَّـٰتٍۢ مِّن نَّخِيلٍۢ وَأَعْنَـٰبٍۢ لَّكُمْ فِيهَا فَوَٰكِهُ كَثِيرَةٌۭ وَمِنْهَا تَأْكُلُونَ ﴿١٩﴾

Биз ал суу менен курма жана жүзүм ж.б. бактарды өстүрөбүз. Ал бактарда силер үчүн анжир, анар жана алма сыяктууар кандай түрдөгүжана түстөгүмөмө-жемиштер бар.Силер андан жейсиңер

وَشَجَرَةًۭ تَخْرُجُ مِن طُورِ سَيْنَآءَ تَنۢبُتُ بِٱلدُّهْنِ وَصِبْغٍۢ لِّلْـَٔاكِلِينَ ﴿٢٠﴾

Жана Биз силерге алсууменен Синай тоосунун аймагында өскөн Зайтун дарагын өстүрдүк.Анын мөмөсүнөн май чыгарылып, анысыйпанышат жана андан нан малып жечү татымал алынат

وَإِنَّ لَكُمْ فِى ٱلْأَنْعَـٰمِ لَعِبْرَةًۭ ۖ نُّسْقِيكُم مِّمَّا فِى بُطُونِهَا وَلَكُمْ فِيهَا مَنَـٰفِعُ كَثِيرَةٌۭ وَمِنْهَا تَأْكُلُونَ ﴿٢١﴾

Эй, адамдар! Чындыгында силер үчүн (төө, уй, кой сыяктуу) үй жаныбарларында ибарат-өрнөктөр бар. Силер аларды Аллахтын кудуреттүүлүгүнө жана силерге кылган мээримине далил кыласыңар. Биз силерге алардын ичинен чыккан ичкенге жагымдуу таза сүттү ичиребиз. Силер үчүн аларда көптөгөн пайдалар бар. Силер аларды минесиңер,жүнүн жана тыбытын пайдаланасыңар жана эттеринен жейсиңер

وَعَلَيْهَا وَعَلَى ٱلْفُلْكِ تُحْمَلُونَ ﴿٢٢﴾

Кургактыкта үй жаныбарларынан төөлөрдүн үстүндө,алэми деңизде кемелердин үстүндө жүрөсүңөр

وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوْمِهِۦ فَقَالَ يَـٰقَوْمِ ٱعْبُدُوا۟ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنْ إِلَـٰهٍ غَيْرُهُۥٓ ۖ أَفَلَا تَتَّقُونَ ﴿٢٣﴾

Биз Нухту Аллах жолуна чакыруу үчүн өз элине жибердик. Ал аларга айтты: «Оо, элим! Жалгыз Аллахка сыйынгыла! Силер үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Аллахтын буйруктарын аткарып жана тыйгандарын таштап Андан коркпойсуңарбы?!»

فَقَالَ ٱلْمَلَؤُا۟ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ مِن قَوْمِهِۦ مَا هَـٰذَآ إِلَّا بَشَرٌۭ مِّثْلُكُمْ يُرِيدُ أَن يَتَفَضَّلَ عَلَيْكُمْ وَلَوْ شَآءَ ٱللَّهُ لَأَنزَلَ مَلَـٰٓئِكَةًۭ مَّا سَمِعْنَا بِهَـٰذَا فِىٓ ءَابَآئِنَا ٱلْأَوَّلِينَ ﴿٢٤﴾

Ошондоанын элинен Аллахка каапырлык кылган кадырлуу адамдар менен башчыларыөз тарапташтарына жана жалпы элге айтышты: «Мына бу өзүн пайгамбармын деп ойлоп жаткан адам силерге окшогон эле адам. Ал силердин үстүңөрдөн бийлик кылып, башчы болгусу келип жатат. Эгерде Аллах бизге пайгамбар жиберүүнү кааласа, анда адамзаттан эмес, периштелерден жибермек. Биз мунун айткандарын бизден мурун жашап өткөн ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз. بلغ Куран · Тафсир إن هوإلا رجل به جنة فتربصوابه حت حين

إِنْ هُوَ إِلَّا رَجُلٌۢ بِهِۦ جِنَّةٌۭ فَتَرَبَّصُوا۟ بِهِۦ حَتَّىٰ حِينٍۢ ﴿٢٥﴾

Алөзүайтканын өзүтүшүнбөгөн жин тийген адам.Анын иши адамдарга ачык болгонгочейин аныкүтүп тургула!»

قَالَ رَبِّ ٱنصُرْنِى بِمَا كَذَّبُونِ ﴿٢٦﴾

Нух (ага Аллахтын саламттыгы-тынчтыгы болсун) айтты: «Оо, Раббим! Алар мени жалганга чыгарганы себептүү алардан өч алып, мага аларга каршыжардам бер!»

فَأَوْحَيْنَآ إِلَيْهِ أَنِ ٱصْنَعِ ٱلْفُلْكَ بِأَعْيُنِنَا وَوَحْيِنَا فَإِذَا جَآءَ أَمْرُنَا وَفَارَ ٱلتَّنُّورُ ۙ فَٱسْلُكْ فِيهَا مِن كُلٍّۢ زَوْجَيْنِ ٱثْنَيْنِ وَأَهْلَكَ إِلَّا مَن سَبَقَ عَلَيْهِ ٱلْقَوْلُ مِنْهُمْ ۖ وَلَا تُخَـٰطِبْنِى فِى ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓا۟ ۖ إِنَّهُم مُّغْرَقُونَ ﴿٢٧﴾

Ошондо Биз ага вахий кылдык: «Биздин көз алдыбызда жана Биз сага кантип жасашты үйрөткөндөй кылып кеме кур! Качан аларды жок кылуу тууралуу буйругубуз келгенде тандыр кайнап, жерден күч менен суу атырылып чыкканда, кемеге ар бир тирүү жандыктан андан тукум улаш үчүн эркек-ургаачысынан сал. Ошондой эле үй- бүлөңдү сал, бирок аялың жана балаң сыяктуу Аллах тараптан кыйроого учурайт деп алдын ала жазылгандарды салба. Каапырлыгы менен зулумдук кылышкандарды куткар же кыйроого учуратпа деп Мага кайрылба! Чындыгында алар топон сууга чөктүрүлүп сөзсүз кыйроогоучурашат»

فَإِذَا ٱسْتَوَيْتَ أَنتَ وَمَن مَّعَكَ عَلَى ٱلْفُلْكِ فَقُلِ ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ ٱلَّذِى نَجَّىٰنَا مِنَ ٱلْقَوْمِ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿٢٨﴾

Качан сен жана сени менен аман кала турган ыймандуулар кемеге түшкөндө мындай деп айткын: «Каапыр коомдукыйратып,бизди алардан куткарган Аллахка чексиз мактоолор болсун»

وَقُل رَّبِّ أَنزِلْنِى مُنزَلًۭا مُّبَارَكًۭا وَأَنتَ خَيْرُ ٱلْمُنزِلِينَ ﴿٢٩﴾

Жана айткын: «Оо, Раббим! Мени жер бетиндеги берекелүү жайга түшүр. Сен эң жакшы жайгаштыруучусуң!». إن فى ذلك لٔايت وإن كنا لمبتلين

إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَـٰتٍۢ وَإِن كُنَّا لَمُبْتَلِينَ ﴿٣٠﴾

Чындыгында бул айтылгандарда, тагыраак айтканда Нухту жана аны менен бирге болгон ыймандууларды куткарып, каапырларды жок кылууда – Биз пайгамбарларыбызга жардам берүүгө жана аларды жалганга чыгаргандарды жок кылууга кудуреттүү экенибизге ачык-айкын белгилер бар. Чындыгында Биз Нухту элине аны пайгамбар кылып жиберип, ыймандууну каапырдан жана моюн сунгандыкүнөөкөрдөн айырмалаш үчүн анын коомун сынадык. ثم أنشأنا من بعدهم قرنا ءاخرين

ثُمَّ أَنشَأْنَا مِنۢ بَعْدِهِمْ قَرْنًا ءَاخَرِينَ ﴿٣١﴾

Андан соңНухтун коомун жок кылгандан кийин башка коомдупайда кылдык. بلغ Куран · Тафсир

فَأَرْسَلْنَا فِيهِمْ رَسُولًۭا مِّنْهُمْ أَنِ ٱعْبُدُوا۟ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنْ إِلَـٰهٍ غَيْرُهُۥٓ ۖ أَفَلَا تَتَّقُونَ ﴿٣٢﴾

Аларды Аллахка чакырыш үчүн өздөрүнүн арасынан пайгамбар жибердик. Ал аларга айтты: «Жалгыз Аллахка сыйынгыла! Силер үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Аллахтын тыйгандарын таштап жана буйруктарын аткарып Андан коркпойсуңарбы?!»

وَقَالَ ٱلْمَلَأُ مِن قَوْمِهِ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَكَذَّبُوا۟ بِلِقَآءِ ٱلْـَٔاخِرَةِ وَأَتْرَفْنَـٰهُمْ فِى ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا مَا هَـٰذَآ إِلَّا بَشَرٌۭ مِّثْلُكُمْ يَأْكُلُ مِمَّا تَأْكُلُونَ مِنْهُ وَيَشْرَبُ مِمَّا تَشْرَبُونَ ﴿٣٣﴾

يأكل مما تأكلون منهويشرب مما تشربون Анын элинен Аллахка каапырлык кылган, акыретти жана андагыболотурган сыйлык же жазаныжалганга чыгарган, бул дүйнө жашоосунда Биз аларга кең кылып берген жакшылыктарда аша чапкан кадырлуу адамдар менен башчыларыөз тарапташтарына жана жалпыэлге айтышты: «Мына бу силерге окшогон эле адам. Ал силер жегенди жейт, силер ичкенди ичет. Ал силерге пайгамбар болуп жиберилгидей эчкандай артыкчылыкка ээ эмес. ولئن أطعتم بشرا مثلكم إنكم إذا ل خسرون

وَلَئِنْ أَطَعْتُم بَشَرًۭا مِّثْلَكُمْ إِنَّكُمْ إِذًۭا لَّخَـٰسِرُونَ ﴿٣٤﴾

Эгерде өзүңөгө окшогон, силерден эч кандай артыкчылыкка ээ болбогон адамга ээрчип, ага баш ийип, кудайларыңарды таштасаңар, анда силер анык зыянга учурап жана да ага баш ийгениңерден эч бир пайда таппайсыңар. أيعدكم أنكم إذا متم وكنتم ترابا وعظما أنكم م خرجون

أَيَعِدُكُمْ أَنَّكُمْ إِذَا مِتُّمْ وَكُنتُمْ تُرَابًۭا وَعِظَـٰمًا أَنَّكُم مُّخْرَجُونَ ﴿٣٥﴾

Мына буөзүн пайгамбармын деп ойлоп жаткан адам:«Силер өлүп топуракка жана чириген сөөккө айлангандан кийин кабырларыңардан тирилип чыгасыңар»– деп силерге убада кылып жатабы?Мунун акылыжайындабы?

۞ هَيْهَاتَ هَيْهَاتَ لِمَا تُوعَدُونَ ﴿٣٦﴾

Силер өлүп топуракка жана чириген сөөккө айлангандан кийин кабырларыңардан тирилип чыгасыңар деп айткан убадасыөтө алыс!

إِنْ هِىَ إِلَّا حَيَاتُنَا ٱلدُّنْيَا نَمُوتُ وَنَحْيَا وَمَا نَحْنُ بِمَبْعُوثِينَ ﴿٣٧﴾

Бул дүйнө жашоосунан башка жашоо жок! Акырет жашоосу да жок! Бизден тирүүлөр өлөт, алар кайра тирилишпейт. Башкалар төрөлүп, алар жашашат. Биз өлгөндөн кийин кыямат күнү сурак үчүн кайра тирилип чыкпайбыз

إِنْ هُوَ إِلَّا رَجُلٌ ٱفْتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًۭا وَمَا نَحْنُ لَهُۥ بِمُؤْمِنِينَ ﴿٣٨﴾

Мына бу өзүн силерге пайгамбармын деп айтып жаткан адам жөнөкөй эле адам. Ал бул сөзү менен Аллахка жалган жалаа жаап жатат. Биз буга ыйман келтирбейбиз. بلغ Куран · Тафсир

قَالَ رَبِّ ٱنصُرْنِى بِمَا كَذَّبُونِ ﴿٣٩﴾

Пайгамбар айтты: «Оо, Раббим! Булар мени жалганга чыгарганы себептүү алардан өч алып аларга каршы мага жардам бер». قال عما قليل ليصبحن ندمين

قَالَ عَمَّا قَلِيلٍۢ لَّيُصْبِحُنَّ نَـٰدِمِينَ ﴿٤٠﴾

Аллах ага жооп кылып: «Сен алып келген нерсени жалганга чыгарган ал жалганчылар бир аз убакыттан кийин жалганга чыгаргандарына өкүнүшөт» – деп айтты

فَأَخَذَتْهُمُ ٱلصَّيْحَةُ بِٱلْحَقِّ فَجَعَلْنَـٰهُمْ غُثَآءًۭ ۚ فَبُعْدًۭا لِّلْقَوْمِ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿٤١﴾

Алар баш ийбестиктери үчүн азапка татыктуу болушканы себептүү аларды кыйратуучу ач кыйкырык алып, селдин суусунун үстүндө калкыган, алсыз чырпыктардай жансыз өлүмтүктөргө айландырды. Заалым коомдорго кыйроо болсун! ثم أنشأنا من بعدهم قرونا ءاخرين

ثُمَّ أَنشَأْنَا مِنۢ بَعْدِهِمْ قُرُونًا ءَاخَرِينَ ﴿٤٢﴾

Кийин Биз аларды кыйратып жок кылган соң Луттун, Шуайбдын, Юнустун коомдору сыяктуу башка коомдорду жана үммөттөрдү пайда кылдык. ما تسبق من أمة أجلها وما يستٔخرون

مَا تَسْبِقُ مِنْ أُمَّةٍ أَجَلَهَا وَمَا يَسْتَـْٔخِرُونَ ﴿٤٣﴾

Бул жалганчы коомдордун кайсынысы болбосун, аларда кандай каражаттар болсо дагы кыйроосу белгиленген мөөнөтүнөн ашпайт жана кечикпейт

ثُمَّ أَرْسَلْنَا رُسُلَنَا تَتْرَا ۖ كُلَّ مَا جَآءَ أُمَّةًۭ رَّسُولُهَا كَذَّبُوهُ ۚ فَأَتْبَعْنَا بَعْضَهُم بَعْضًۭا وَجَعَلْنَـٰهُمْ أَحَادِيثَ ۚ فَبُعْدًۭا لِّقَوْمٍۢ لَّا يُؤْمِنُونَ ﴿٤٤﴾

يؤمنون Кийин Биз пайгамбарларыбызды биринин артынан бирин жибердик. Качандыр ошол коомдордун ар бирине жөнөтүлгөн пайгамбарлары келгенде аларды жалганга чыгарышты. Ошондо Биз дагы аларды биринин артынан бирин кыйраттык жана алар тууралуу эл оозунда айтылган сөздөрдөн башка эч нерсе калбады. Пайгамбарлары Раббиси тараптан алып келген нерсеге ыйман келтирбеген коомдоргокыйрооболсун! ثم أرسلنا موس وأخاههرون بٔايتنا وسلطن مبين

ثُمَّ أَرْسَلْنَا مُوسَىٰ وَأَخَاهُ هَـٰرُونَ بِـَٔايَـٰتِنَا وَسُلْطَـٰنٍۢ مُّبِينٍ ﴿٤٥﴾

Андан соң Биз Муса менен бир тууганы Харунду тогуз керемет-белгилерибиз (таяк, кол, саранчалар, биттер, бакалар, кан, суу каптоо, кургакчылык, түшүмдүн жоктугу) жана ачык-айкын далилдер менен жибердик. بلغ Куран · Тафсир

إِلَىٰ فِرْعَوْنَ وَمَلَإِي۟هِۦ فَٱسْتَكْبَرُوا۟ وَكَانُوا۟ قَوْمًا عَالِينَ ﴿٤٦﴾

Ал экөөсүн Фараонго жана элиндеги кадырлуу адамдарга жибергенибизде алар текеберленишти, ал экөөсүнө ыйман келтирип баш ийишкен жок.Алар адамдардыбасмырлап,зулумдук кылып өздөрүн алардан жогорукойгон адамдар эле

فَقَالُوٓا۟ أَنُؤْمِنُ لِبَشَرَيْنِ مِثْلِنَا وَقَوْمُهُمَا لَنَا عَـٰبِدُونَ ﴿٤٧﴾

Алар айтышты: «Бизге эле окшогон, эч кандай артыкчылыгы болбогон бул эки адамга ыйман келтиребизби? Бул экөөнүн эли (Исраилурпактары) бизге баш ийишкендер го?»

فَكَذَّبُوهُمَا فَكَانُوا۟ مِنَ ٱلْمُهْلَكِينَ ﴿٤٨﴾

Ошондо ал экөөсү Раббиси тараптан алып келген нерсени жалганга чыгарышты. Алар жалганга чыгаргандары себептүү сууга чөктүрүлүп кыйроого учурашты

وَلَقَدْ ءَاتَيْنَا مُوسَى ٱلْكِتَـٰبَ لَعَلَّهُمْ يَهْتَدُونَ ﴿٤٩﴾

Биз Мусага Тоораттыэли акыйкат жолготүшсүн жана аныиш жүзүндө аткарсын деген үмүттө бердик

وَجَعَلْنَا ٱبْنَ مَرْيَمَ وَأُمَّهُۥٓ ءَايَةًۭ وَءَاوَيْنَـٰهُمَآ إِلَىٰ رَبْوَةٍۢ ذَاتِ قَرَارٍۢ وَمَعِينٍۢ ﴿٥٠﴾

Жана Биз Ыйса менен анын энеси Мариямды кудуретибизди билдирген белги кылдык. Ал атасыз боюнда болду жана Биз ал экөөсүн жердин отурукташууга ылайыктуу, суу агып турган бийик жеринде калкаладык

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلرُّسُلُ كُلُوا۟ مِنَ ٱلطَّيِّبَـٰتِ وَٱعْمَلُوا۟ صَـٰلِحًا ۖ إِنِّى بِمَا تَعْمَلُونَ عَلِيمٌۭ ﴿٥١﴾

Оо, пайгамбарлар! Мен силерге адал кылган, жегенге жагымдуу нерселерден жегиле жана шариятка туура келген жакшы иштерди кылгыла. Чындыгында Мен силердин ар бир кылган ишиңерди билемин. Мага силердин иштериңердин эчбири жашыруун эмес

وَإِنَّ هَـٰذِهِۦٓ أُمَّتُكُمْ أُمَّةًۭ وَٰحِدَةًۭ وَأَنَا۠ رَبُّكُمْ فَٱتَّقُونِ ﴿٥٢﴾

Оо, пайгамбарлар! Чындыгында силердин диниңер – бир дин. Ал Ислам дини. А Мен силердин Раббиңермин, силердин Менден башка Раббиңер жок. Андыктан Менден гана корккула, буйруктарымды аткаркыла жана тыйгандарымды таштагыла!

فَتَقَطَّعُوٓا۟ أَمْرَهُم بَيْنَهُمْ زُبُرًۭا ۖ كُلُّ حِزْبٍۭ بِمَا لَدَيْهِمْ فَرِحُونَ ﴿٥٣﴾

Бирок аларды ээрчигендер алардан кийин динде топторго бөлүнүп кетишти. Ар бир топ өзү ишенгенин гана туура деп ошону Аллахтын алдында кабыл кылына турган дин деп калышты. Ал эми башкалардыкына көңүл да бурушкан жок. بلغ Куран · Тафсир فذرهم فىغمرتهم حت حين

فَذَرْهُمْ فِى غَمْرَتِهِمْ حَتَّىٰ حِينٍ ﴿٥٤﴾

Оо, пайгамбар! Сен алардыөз наадандыгында жана адашуусунда азап түшө турган убакка чейин тим кой. أيحسبون أنما نمدهم به من مال وبنين

أَيَحْسَبُونَ أَنَّمَا نُمِدُّهُم بِهِۦ مِن مَّالٍۢ وَبَنِينَ ﴿٥٥﴾

نُسَارِعُ لَهُمْ فِى ٱلْخَيْرَٰتِ ۚ بَل لَّا يَشْعُرُونَ ﴿٥٦﴾

Алдындагы нерселерге кубанган ал топтор Биз аларга бул дүйнө жашоосунда берген байлыктарды жана бала- чаканыалар татыктуу болгон жакшылыктын тездеши деп ойлоп жатышабы?! Алар ойлогондой эмес! Чындыгында Биз аныаларга мөөнөт берип, акырындык менен азапташ үчүн берип жатабыз. Алар анысезишпейт

إِنَّ ٱلَّذِينَ هُم مِّنْ خَشْيَةِ رَبِّهِم مُّشْفِقُونَ ﴿٥٧﴾

Ал эми ыйман келтирип, жакшылыктардыкылууменен бирге Раббисинен коркушкандар,

وَٱلَّذِينَ هُم بِـَٔايَـٰتِ رَبِّهِمْ يُؤْمِنُونَ ﴿٥٨﴾

Анын Китебиндеги аяттарга ыйман келтиришкендер,

وَٱلَّذِينَ هُم بِرَبِّهِمْ لَا يُشْرِكُونَ ﴿٥٩﴾

Раббисин жалгыздап Ага эчбир нерсени шерик кылбагандар,

وَٱلَّذِينَ يُؤْتُونَ مَآ ءَاتَوا۟ وَّقُلُوبُهُمْ وَجِلَةٌ أَنَّهُمْ إِلَىٰ رَبِّهِمْ رَٰجِعُونَ ﴿٦٠﴾

Жакшылыктарды кылууда тырышчаак болгондор, жакшы иш-аракеттер менен Аллахка жакындагандар. Алар кыямат күнү Аллахка кайтканда садакалары жана жакшы иш-аракеттери Аллахтын алдында кабыл кылынбай калуусунан корккондор

أُو۟لَـٰٓئِكَ يُسَـٰرِعُونَ فِى ٱلْخَيْرَٰتِ وَهُمْ لَهَا سَـٰبِقُونَ ﴿٦١﴾

Мына ушундай асыл сыпаттарга ээ адамдар жакшылык иштерди алгачкылардан болуп кылууга умтулушат. Алар ага карай жарышкандар,алүчүн башкалардан озуп кеткендер

وَلَا نُكَلِّفُ نَفْسًا إِلَّا وُسْعَهَا ۖ وَلَدَيْنَا كِتَـٰبٌۭ يَنطِقُ بِٱلْحَقِّ ۚ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ ﴿٦٢﴾

Биз эч бир жанга анын кудурети жетпеген ишти милдет кылбайбыз. Биздин алдыбызда ар бир адамдын иш- аракети жазылган Китеп бар, ал эч кандай шек-күмөнү жок акыйкатты гана сүйлөйт. Аларга сооптору азайтылып же күнөөлөрүкөбөйтүлүп зулумдук кылынбайт. بلغ Куран · Тафсир بل قلوبهم فى غمرةمن هذا ولهم أعمل من دون ذلك هم لها عملون

بَلْ قُلُوبُهُمْ فِى غَمْرَةٍۢ مِّنْ هَـٰذَا وَلَهُمْ أَعْمَـٰلٌۭ مِّن دُونِ ذَٰلِكَ هُمْ لَهَا عَـٰمِلُونَ ﴿٦٣﴾

Тескерисинче, каапырлардын жүрөктөрү акыйкатты сүйлөгөн бул Китептен (Лавхул-Махфуз) жана аларга түшкөн Китептен (Курандан) бейкапар. Алардын каапырлыктан башка дагы кылган иш-аракеттери бар. Алар ошолорду кылышат

حَتَّىٰٓ إِذَآ أَخَذْنَا مُتْرَفِيهِم بِٱلْعَذَابِ إِذَا هُمْ يَجْـَٔرُونَ ﴿٦٤﴾

Качан Биз алардын бул дүйнөдө жыргап жашагандарын (күнөөгө баткандарын) кыямат күнү азаптап жазалаганыбызда алар үндөрүн бийик чыгарып жардам сурашат

لَا تَجْـَٔرُوا۟ ٱلْيَوْمَ ۖ إِنَّكُم مِّنَّا لَا تُنصَرُونَ ﴿٦٥﴾

Ошондо Аллахтын ырайымына болгон үмүттөрүн үзүп аларга мындай деп айтылат: «Силер бүгүн кыйкырбагыла жана жардам да сурабагыла! Чындыгында силерди Аллахтын азабынан куткара турган эч бир колдоочу жок»

قَدْ كَانَتْ ءَايَـٰتِى تُتْلَىٰ عَلَيْكُمْ فَكُنتُمْ عَلَىٰٓ أَعْقَـٰبِكُمْ تَنكِصُونَ ﴿٦٦﴾

Дүйнө жашоосунда силерге Аллахтын Китебиндеги аяттар окулганда аны угарыңар менен жактырбай жүз буруп качат элеңер. مستكبرين به سمرا تهجرون

مُسْتَكْبِرِينَ بِهِۦ سَـٰمِرًۭا تَهْجُرُونَ ﴿٦٧﴾

Силер муну аль-Харамдын ээси бизбиз деген ойдо адамдарга текеберленип кылат элеңер. Силер анын ээси эмессиңер! Анын ээси – такыбалар. Ошондой эле силер анын тегерегинде түнү бою жаман сөздөрдү сүйлөшүп отурчусуңар.Силер аныыйык туткан жоксуңар

أَفَلَمْ يَدَّبَّرُوا۟ ٱلْقَوْلَ أَمْ جَآءَهُم مَّا لَمْ يَأْتِ ءَابَآءَهُمُ ٱلْأَوَّلِينَ ﴿٦٨﴾

Аллах Курандагы аяттарды ыйман келтирип, андагы айтылгандарды аткаруу үчүн түшүргөн. Мушриктер бул нерселерге ой жүгүртүшпөйбү же аларга мурунку ата-бабаларына келбеген жаңы нерсе келиптирби?! Бирок алар андан жүз бурушту жана жалганга чыгарышты. أم لم يعرفوارسولهم فهم له منكرون

أَمْ لَمْ يَعْرِفُوا۟ رَسُولَهُمْ فَهُمْ لَهُۥ مُنكِرُونَ ﴿٦٩﴾

Же алар Аллах пайгамбар кылып жиберген Мухаммадды (ага Аллахтын саламттыгы-тынчтыгы болсун) билишпейби?! Алар аны жакшы таанышат жана анын чынчылдыгын, аманаткөйлүгүн да жакшы билишет. Бирок алар анычетке кагышты

أَمْ يَقُولُونَ بِهِۦ جِنَّةٌۢ ۚ بَلْ جَآءَهُم بِٱلْحَقِّ وَأَكْثَرُهُمْ لِلْحَقِّ كَـٰرِهُونَ ﴿٧٠﴾

Алар аны жинди деп жатышат. Алардын сөзү жалган. Тескерисинче, ал аларга Аллах тараптан келгендигинде эч кандай шек жок акыйкат менен келди.Бирок алардын көпчүлүгүакыйкаттыжаман көрүшөт,өздөрүндөгүкөрө بلغ Куран · Тафсир албастыктан жана жалганга катууберилгендиктен улам аныжек көрүшөт

وَلَوِ ٱتَّبَعَ ٱلْحَقُّ أَهْوَآءَهُمْ لَفَسَدَتِ ٱلسَّمَـٰوَٰتُ وَٱلْأَرْضُ وَمَن فِيهِنَّ ۚ بَلْ أَتَيْنَـٰهُم بِذِكْرِهِمْ فَهُمْ عَن ذِكْرِهِم مُّعْرِضُونَ ﴿٧١﴾

م عرضون Эгер Аллахиштерди алардын напсилери каалагандай кылганда,асмандар менен жер жана андагылар иштердин акыбетин, туура же туура эместигин билбегендиктен кыйрап калмак. А Биз болсо, алардын ызаттуулугун жана кадыр баркын камтыган нерсени:Курандыалып келдик.Алар болсо,андан жүз буруп жатышат

أَمْ تَسْـَٔلُهُمْ خَرْجًۭا فَخَرَاجُ رَبِّكَ خَيْرٌۭ ۖ وَهُوَ خَيْرُ ٱلرَّٰزِقِينَ ﴿٧٢﴾

Оо, пайгамбар! Сен алып келген нерсең үчүн алардан акы сурап жатасыңбы, алар ошон үчүн ыйманга чакырыгыңдан баш тартып жатышабы?Сен андай кылган жоксуң.Раббиңдин сыйлыгы– алардын же башкалардын сыйлыгынан жакшыраак. Ал эң жакшы ырыскы берүүчү. وإنك لتدعوهم إلى صرط م ستقيم

وَإِنَّكَ لَتَدْعُوهُمْ إِلَىٰ صِرَٰطٍۢ مُّسْتَقِيمٍۢ ﴿٧٣﴾

Оо, пайгамбар! Сен аларды жана башкаларды эч кандай бурмалоосу жок туура жолго чакырып жатасың. Ал Ислам жолу

وَإِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ عَنِ ٱلصِّرَٰطِ لَنَـٰكِبُونَ ﴿٧٤﴾

Ал эми акыретке жана андагы боло турган суракка, жазага, сыйлыкка ишенбегендер Ислам жолунан чыгып, тозокко алып баруучу бурмаланган жолдорго түшкөндөр

۞ وَلَوْ رَحِمْنَـٰهُمْ وَكَشَفْنَا مَا بِهِم مِّن ضُرٍّۢ لَّلَجُّوا۟ فِى طُغْيَـٰنِهِمْ يَعْمَهُونَ ﴿٧٥﴾

Эгер Биз аларга ырайым кылып, алардын башына түшкөн кургакчылыкты, ачкачылыкты кетирген болсок да алар акыйкат жолдон адашуусунан баштартпай темселеп жүрө беришет

وَلَقَدْ أَخَذْنَـٰهُم بِٱلْعَذَابِ فَمَا ٱسْتَكَانُوا۟ لِرَبِّهِمْ وَمَا يَتَضَرَّعُونَ ﴿٧٦﴾

Биз алардыар кандай кыйынчылыктар менен сынадык.Бирок алар Раббисине моюн сунушкан жок жана аларга түшкөн кыйынчылыктардан куткар деп жалынып дуба да кылышкан жок

حَتَّىٰٓ إِذَا فَتَحْنَا عَلَيْهِم بَابًۭا ذَا عَذَابٍۢ شَدِيدٍ إِذَا هُمْ فِيهِ مُبْلِسُونَ ﴿٧٧﴾

Качан Биз аларга катууазаптын эшигин ачканда алар бардык жакшылыктан жана кутулуудан үмүттөрүн үзүшөт

وَهُوَ ٱلَّذِىٓ أَنشَأَ لَكُمُ ٱلسَّمْعَ وَٱلْأَبْصَـٰرَ وَٱلْأَفْـِٔدَةَ ۚ قَلِيلًۭا مَّا تَشْكُرُونَ ﴿٧٨﴾

Эй, кайра тирилүүнү жалган дегендер! Аллах силерге угуу үчүн кулакты, көрүү үчүн көздү, түшүнүү үчүн жүрөктү жаратты.Буга карабастан силер булжакшылыктар үчүн аз гана шүгүр кыласыңар. بلغ Куран · Тафсир

وَهُوَ ٱلَّذِى ذَرَأَكُمْ فِى ٱلْأَرْضِ وَإِلَيْهِ تُحْشَرُونَ ﴿٧٩﴾

Эй, адамдар! Ал силерди жер бетинде жаратты. Жана силер сурак берип, жаза же сыйлык алыш үчүн кыямат күнү жалгыз Ага гана чогултуласыңар

وَهُوَ ٱلَّذِى يُحْىِۦ وَيُمِيتُ وَلَهُ ٱخْتِلَـٰفُ ٱلَّيْلِ وَٱلنَّهَارِ ۚ أَفَلَا تَعْقِلُونَ ﴿٨٠﴾

Ал жалгыз Өзү гана тирилтет, Андан башка тирилтүүчү жок. Ал жалгыз Өзү гана өлтүрөт, Андан башка өлтүрүүчү жок. Ал жалгыз Өзү түн менен күндүн алмашуусундагы караңгылыкты, жарыкты, алардын узундугу менен кыскалыгын белгилейт. Силер Анын кудуреттүүлүгүнө акыл жүгүртпөйсүңөрбү жана жаратуу менен башкаруу Ага гана таандык дебейсиңерби?!

بَلْ قَالُوا۟ مِثْلَ مَا قَالَ ٱلْأَوَّلُونَ ﴿٨١﴾

Бирок алар каапырлыкта мурунку ата-бабаларыайткан сөздөрдү айтышты

قَالُوٓا۟ أَءِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًۭا وَعِظَـٰمًا أَءِنَّا لَمَبْعُوثُونَ ﴿٨٢﴾

Мүмкүн эмес дегендей четке кагып мындай дешти:«Биз өлүп топуракка жана чириген сөөккө айлангандан кийин сурак беришүчүн кайрадан тирилет бекенбиз?!

لَقَدْ وُعِدْنَا نَحْنُ وَءَابَآؤُنَا هَـٰذَا مِن قَبْلُ إِنْ هَـٰذَآ إِلَّآ أَسَـٰطِيرُ ٱلْأَوَّلِينَ ﴿٨٣﴾

Өлгөндөн кийин кайра тирилүү тууралуу айтылган бул удада бизге жана бизге чейинки ата-бабаларыбызга да убада кылынган. Биз бул убаданы ишке ашпайт деп ойлойбуз. Бул байыркылардын жомоктору менен уламыштарынан башка эч нерсе эмес

قُل لِّمَنِ ٱلْأَرْضُ وَمَن فِيهَآ إِن كُنتُمْ تَعْلَمُونَ ﴿٨٤﴾

Оо, пайгамбар! Кайра тирилүүнү четке каккан ал каапырлардан сурачы: «Эгер билсеңер айткылачы, бул Жер жана андагынерселер кимге таандык?»

سَيَقُولُونَ لِلَّهِ ۚ قُلْ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ ﴿٨٥﴾

Алар: «Жер жана андагы нерселер Аллахка таандык»,– деп жооп беришет. Аларга айт: «Эстебейсиңерби, ошол Жерге жана андагыларга ээлик кылган Аллахсилерди өлгөндөн кийин кайра тирилтүүгө кудуреттүүэмеспи?»

قُلْ مَن رَّبُّ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ ٱلسَّبْعِ وَرَبُّ ٱلْعَرْشِ ٱلْعَظِيمِ ﴿٨٦﴾

Аларга айт:«Жети асмандын Раббиси ким?Аллахжараткандардын эң чоңуболгон улууАрштын Раббиси ким?». بلغ Куран · Тафсир

سَيَقُولُونَ لِلَّهِ ۚ قُلْ أَفَلَا تَتَّقُونَ ﴿٨٧﴾

Алар: «Жети асман жана улуу Арш Аллахтын мүлкү»,– деп жооп беришет. Аларга айт: «Аллахтын азабынан кутулуу үчүн Анын буйруктарын аткарып,тыйгандарын таштап Андан коркпойсуңарбы?». قل من بيده ملكوت كل شىء وهويجيرولا يجارعليه إن كنتمتعلمون

قُلْ مَنۢ بِيَدِهِۦ مَلَكُوتُ كُلِّ شَىْءٍۢ وَهُوَ يُجِيرُ وَلَا يُجَارُ عَلَيْهِ إِن كُنتُمْ تَعْلَمُونَ ﴿٨٨﴾

Аларга айт: «Бүткүл нерсенин бийлиги кимдин колунда? Анын бийлигинен эч бир нерсе чыгып кетпейт. Ал Өзү каалаган пендесине жардам берет. Ал кимге жамандыкты кааласа, эч ким аны азаптан куткарып, коргоп кала албайт.Эгер (башка бирөө болсо) билсеңер айткылачы?»

سَيَقُولُونَ لِلَّهِ ۚ قُلْ فَأَنَّىٰ تُسْحَرُونَ ﴿٨٩﴾

Алар: «Бүткүл нерсенин бийлиги Аллахтын гана колунда»,– дешет. Аларга айт: «Муну мойнуңарга алган болсоңор, анда эмнеге акылыңардан адашып, Андан башка нерселерге сыйынып жатасыңар?»

بَلْ أَتَيْنَـٰهُم بِٱلْحَقِّ وَإِنَّهُمْ لَكَـٰذِبُونَ ﴿٩٠﴾

Алар ойлогондой эмес! Тескерисинче, Биз аларга эч кандай шек-күмөнү болбогон акыйкатты алып келдик. Ал эми алардын Аллахтын шериги жана баласыбар деген ойлору анык жалган. Аллах алардын айткан сөздөрүнөн аруу жана бийик

مَا ٱتَّخَذَ ٱللَّهُ مِن وَلَدٍۢ وَمَا كَانَ مَعَهُۥ مِنْ إِلَـٰهٍ ۚ إِذًۭا لَّذَهَبَ كُلُّ إِلَـٰهٍۭ بِمَا خَلَقَ وَلَعَلَا بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍۢ ۚ سُبْحَـٰنَ ٱللَّهِ عَمَّا يَصِفُونَ ﴿٩١﴾

Каапырлар ойлогондой Аллах эч кимди Өзүнө бала кылган эмес жана Аны менен катар сыйынууга татыктуу кудай жок. Эгерде Аны менен катар сыйынууга татыктуу кудай болгондо, анда алардын ар бири өзү жараткан нерселерин бөлүп кетмек жана бири-бирине үстөмдүк кылмак, анан ааламдын тартиби бузулмак. Акыйкатта андай нерсе болгон жок. Демек, бул нерсе сыйынууга татыктуу жалгыз кудай – Аллах экендигине далил болот. Аллах мушриктер Ага таңуулап баласыбар жана шериги бар деген сыяктуу Ага туура келбеген сыпаттардан аруу жана ыйык

عَـٰلِمِ ٱلْغَيْبِ وَٱلشَّهَـٰدَةِ فَتَعَـٰلَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ ﴿٩٢﴾

Ал инсандарга жана башка жаратылгандарга билинбеген ар бир нерсени Билүүчү. Ошондой эле көрүнгөн, көрүнбөгөн же сезилбеген болсун ар бир нерсени Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Аллах шериктерден аруу. قل رب إما ترينى ما يوعدون

قُل رَّبِّ إِمَّا تُرِيَنِّى مَا يُوعَدُونَ ﴿٩٣﴾

Оо, пайгамбар! Айткын: «Оо, Раббим! Эгер мага мушриктерге убада кылган азаптыкөргөзө турган болсоң. بلغ Куран · Тафсир

رَبِّ فَلَا تَجْعَلْنِى فِى ٱلْقَوْمِ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿٩٤﴾

Оо, Раббим! Эгер Сен алардыжазалай турган болсоң жана мен аныкөргөн болсом, анда мени алардын арасында калтырба. Аларга түшкөн азап мага да тийип калбасын»

وَإِنَّا عَلَىٰٓ أَن نُّرِيَكَ مَا نَعِدُهُمْ لَقَـٰدِرُونَ ﴿٩٥﴾

Чындыгында Биз аларга убада кылган азапты сага да көргөзүүгө кудуретибиз жетет. Биз аны да, башкасын да кылууга алсыз эмеспиз

ٱدْفَعْ بِٱلَّتِى هِىَ أَحْسَنُ ٱلسَّيِّئَةَ ۚ نَحْنُ أَعْلَمُ بِمَا يَصِفُونَ ﴿٩٦﴾

Оо, пайгамбар! Сага жамандык кылган адамга эң жакшысыпатта, кечирим менен жооп бер. Анын берген зыянына сабыр кыл. Биз алар сыпаттап жаткан ширк, жалганга чыгарууну, ошондой эле жинди, сыйкырчы деп сага ылайык келбеген сыпаттардыайтып жаткандарын жакшыбилебиз

وَقُل رَّبِّ أَعُوذُ بِكَ مِنْ هَمَزَٰتِ ٱلشَّيَـٰطِينِ ﴿٩٧﴾

Айткын: «Оо, Раббим! Мен Өзүң менен жин-шайтандардын азгырыктарынан жана жаман ойлорунан, куулуулуктарынан коргономун. وأعوذ بك رب أن يحضرون

وَأَعُوذُ بِكَ رَبِّ أَن يَحْضُرُونِ ﴿٩٨﴾

Оо,Раббим!Алар менин иштериме аралашуусунан Сенден коргоосураймын»

حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَ أَحَدَهُمُ ٱلْمَوْتُ قَالَ رَبِّ ٱرْجِعُونِ ﴿٩٩﴾

Качан ал мушриктердин бирине өлүм келип, аны өз көзү менен көргөн кезде ал өткөргөн өмүрүнө жана Аллахтын алдындагымилдеттерин аткарбаганга өкүнүп мындай деп айтат: «Оо, Раббим! Мени дүйнөгө кайтара көр!

لَعَلِّىٓ أَعْمَلُ صَـٰلِحًۭا فِيمَا تَرَكْتُ ۚ كَلَّآ ۚ إِنَّهَا كَلِمَةٌ هُوَ قَآئِلُهَا ۖ وَمِن وَرَآئِهِم بَرْزَخٌ إِلَىٰ يَوْمِ يُبْعَثُونَ ﴿١٠٠﴾

"Аттиң, эгер кайра жаралсам, жакшы иштерди кылмакмын" (дейт). Жок, иш ал талап кылгандай болбойт! Чынында, бул жөн эле айтылган сөз. Эгер ал дүйнө жашоосуна кайра кайтарылса да айткан убадасын аткарбайт. Ал өлгөн адамдар кайра тирилүү күнүнө чейин дүйнө менен акыреттин ортосун бөлгөн жайда болот. Алар өткөрүп жиберген ишин кайра аткаруу жана бузуку иштерин кайра оңдооүчүн дүйнө жашоосуна кайтып келбейт. بلغ Куран · Тафсир

فَإِذَا نُفِخَ فِى ٱلصُّورِ فَلَآ أَنسَابَ بَيْنَهُمْ يَوْمَئِذٍۢ وَلَا يَتَسَآءَلُونَ ﴿١٠١﴾

Сурнай тартууга жоопкер болгон периште кыяматтын башталганын жар салып экинчи жолу сурнайды тарткан кезде алардын ортосундагысыймыктанышкан тууганчылыгыда жок болот. Анткени алар акыреттеги коркунучтар менен алек болуп калышат. Ошондой эле аларга түшкөн чоң мүшкүл убайымга салган себептүү алар бири-бирин да сурашпай калат

فَمَن ثَقُلَتْ مَوَٰزِينُهُۥ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْمُفْلِحُونَ ﴿١٠٢﴾

Кимдин сооптору күнөөлөрүнөн көптүк кылып таразасы оор болсо, мына ошолор көздөгөнүнө жетип жана коркунучтардан кутулуп ийгиликке жеткендер

وَمَنْ خَفَّتْ مَوَٰزِينُهُۥ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ فِى جَهَنَّمَ خَـٰلِدُونَ ﴿١٠٣﴾

Ал эми кимдин күнөөлөрү соопторунан көптүк кылып таразасыжеңил болсо, мына ошолор зыян иштерди кылып жана пайда берген ыйман менен жакшылык иштерди таштап өздөрүнө зыян кылгандар. Алар тозок отунда болушат, ал жактан чыгышпайт

تَلْفَحُ وُجُوهَهُمُ ٱلنَّارُ وَهُمْ فِيهَا كَـٰلِحُونَ ﴿١٠٤﴾

Алардын жүздөрү тозокко куйкаланат. Ал жайда алардын беттери катуу тырышканы үчүн алдыңкы жана үстүңкү эриндери тартылып,тиштери көрүнүп калат. ألم تكن ءايتى تتل عليكم فكنتم بها تكذبون

أَلَمْ تَكُنْ ءَايَـٰتِى تُتْلَىٰ عَلَيْكُمْ فَكُنتُم بِهَا تُكَذِّبُونَ ﴿١٠٥﴾

Аларга айптоо менен мындай деп айтылат: «Силерге дүйнө жашоосунда Куран аяттары окулбады беле, а силер болсо аны жалганга чыгаргансыңар?!»

قَالُوا۟ رَبَّنَا غَلَبَتْ عَلَيْنَا شِقْوَتُنَا وَكُنَّا قَوْمًۭا ضَآلِّينَ ﴿١٠٦﴾

Алар айтышат: «Оо, Раббибиз! Сенин абалкы илимиңде бизге жазылган бактысыздык үстөмдүк кылып, биз акыйкаттан адашкан коом болдук

رَبَّنَآ أَخْرِجْنَا مِنْهَا فَإِنْ عُدْنَا فَإِنَّا ظَـٰلِمُونَ ﴿١٠٧﴾

Оо, Раббибиз! Бизди тозоктон чыгара көр! Эгер биз кайра каапырлыкка жана адашууга кайта турган болсок, анда өзүбүзгө зулум кылгандардан болобуз.Мына ошондобизге кечирим болбойт»

قَالَ ٱخْسَـُٔوا۟ فِيهَا وَلَا تُكَلِّمُونِ ﴿١٠٨﴾

Аллах айтат: «Тозоктокор болуп жашагыла жана Мага сүйлөбөгүлө!». بلغ Куран · Тафсир

إِنَّهُۥ كَانَ فَرِيقٌۭ مِّنْ عِبَادِى يَقُولُونَ رَبَّنَآ ءَامَنَّا فَٱغْفِرْ لَنَا وَٱرْحَمْنَا وَأَنتَ خَيْرُ ٱلرَّٰحِمِينَ ﴿١٠٩﴾

Чындыгында Мага ыйман келтирген пенделеримдин бир тайпасы айтышат: «Оо, Раббибиз! Биз Сага ыйман келтирдик, биздин күнөөлөрүбүздү кечир жана бизге Өзүң ырайым кыл. Сен ырайымдуулардын эң жакшысысың»

فَٱتَّخَذْتُمُوهُمْ سِخْرِيًّا حَتَّىٰٓ أَنسَوْكُمْ ذِكْرِى وَكُنتُم مِّنْهُمْ تَضْحَكُونَ ﴿١١٠﴾

Силер болсо Раббисине дуба кылган ал ыймандууларды маскаралап шылдыңдай берип, аларды шылдыңдоо менен алек болгонуңар акырысилерге Аллахтыэстөөнүунуттуруп койду.Силер болбой эле алардын үстүнөн күлүп шылдыңдап маскаралай бердиңер

إِنِّى جَزَيْتُهُمُ ٱلْيَوْمَ بِمَا صَبَرُوٓا۟ أَنَّهُمْ هُمُ ٱلْفَآئِزُونَ ﴿١١١﴾

Кыямат күнү Мен ал ыймандууларды бейишке жеткирип сыйлык беремин. Анткени алар Аллахка моюн сунууга жана силерден көргөн зыяндарга сабыр кылышты

قَـٰلَ كَمْ لَبِثْتُمْ فِى ٱلْأَرْضِ عَدَدَ سِنِينَ ﴿١١٢﴾

Ал айтты: «Жер бетинде канча жыл жашадыңар? Ал жакта канча убактыңарды текке кетирдиңер?»

قَالُوا۟ لَبِثْنَا يَوْمًا أَوْ بَعْضَ يَوْمٍۢ فَسْـَٔلِ ٱلْعَآدِّينَ ﴿١١٣﴾

Алар: «Бир күн же күндүн бир бөлүгүнчө жашадык. Жакшысыкүндөрдү жана айлардыэсептегендерден сура»,– деп жооп беришет

قَـٰلَ إِن لَّبِثْتُمْ إِلَّا قَلِيلًۭا ۖ لَّوْ أَنَّكُمْ كُنتُمْ تَعْلَمُونَ ﴿١١٤﴾

Ал айтты: «Силер дүйнөдө аз гана убакыт болдуңар. Эгер силер канча болгонуңардын ченин билгениңерде, анда Аллахка моюн сунууга сабыр кылуу жеңил болмок. أفحسبتم أنما خلقنكم عبثا وأنكم إ لينا لا ترجعون

أَفَحَسِبْتُمْ أَنَّمَا خَلَقْنَـٰكُمْ عَبَثًۭا وَأَنَّكُمْ إِلَيْنَا لَا تُرْجَعُونَ ﴿١١٥﴾

Эй, адамдар! Биз силерди жаныбарлар сыяктуу сыйлык-жазасы жок максатсыз жаратып жана кыямат күнү сурак бериш үчүн Бизге кайтпайбыз деп ойлоп жатасыңарбы?!»

فَتَعَـٰلَى ٱللَّهُ ٱلْمَلِكُ ٱلْحَقُّ ۖ لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ رَبُّ ٱلْعَرْشِ ٱلْكَرِيمِ ﴿١١٦﴾

Жараткандарын Өзү каалагандай башкарган Падыша Аллах аруу. Ал – Өзү акыйкат, убадасы акыйкат, сөзү акыйкат жана Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал – жаратылгандардын эң чоңу болгон улуу Арштын Ээси. Эгер ким жаратылгандардын эң чоңунун Раббиси болсо,анда Албүткүлжаратылгандардын Раббиси. بلغ Куран · Тафсир

وَمَن يَدْعُ مَعَ ٱللَّهِ إِلَـٰهًا ءَاخَرَ لَا بُرْهَـٰنَ لَهُۥ بِهِۦ فَإِنَّمَا حِسَابُهُۥ عِندَ رَبِّهِۦٓ ۚ إِنَّهُۥ لَا يُفْلِحُ ٱلْكَـٰفِرُونَ ﴿١١٧﴾

Кимде-ким Аллах менен катар сыйынууга татыктуу экенине эч кандай далили жок башка бир кудайга дуба кылса (бул Аллахтан башка бардык кудайчаларга тийиштүү), анда анын бул кылган күнөө ишинин жазасы Раббисинин алдында. Ал Өзү аны азап менен жазалайт. Чындыгында каапырлар көздөгөнүнө жетишпейт жана корккон нерселеринен да кутулушпайт

وَقُل رَّبِّ ٱغْفِرْ وَٱرْحَمْ وَأَنتَ خَيْرُ ٱلرَّٰحِمِينَ ﴿١١٨﴾

Оо, пайгамбар! Айткын: «Оо, Раббим! Күнөөлөрүмдү кечир жана мага Өзүң ырайым кыл! Сен – күнөөкөргө ырайым кылып, тообосун кабыл кылгандардын эң жакшысысың». Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Al-Muminoon — المؤمنون

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил