وَٱلتِّينِ وَٱلزَّيْتُونِ ﴿١﴾
Аллах анжир жана ал өскөн жер менен ант берди. Ошондой эле зайтун жана ал өскөн Палестина жергеси менен ант берди. Ал жерде Иса пайгамбар болуп жиберилген. وطور سينين
Башкы бет›Тафсир›At-Tin (95)
Меккелик · 8 аят
وَٱلتِّينِ وَٱلزَّيْتُونِ ﴿١﴾
Аллах анжир жана ал өскөн жер менен ант берди. Ошондой эле зайтун жана ал өскөн Палестина жергеси менен ант берди. Ал жерде Иса пайгамбар болуп жиберилген. وطور سينين
وَطُورِ سِينِينَ ﴿٢﴾
Жана Муса пайгамбар Раббиси менен мунажат кылган Синай тоосу менен ант берди
وَهَـٰذَا ٱلْبَلَدِ ٱلْأَمِينِ ﴿٣﴾
Жана кирген адам коопсуз болгон ыйык Мекке шаары менен ант берди. Ал жерде Мухаммад пайгамбар болуп жиберилген
لَقَدْ خَلَقْنَا ٱلْإِنسَـٰنَ فِىٓ أَحْسَنِ تَقْوِيمٍۢ ﴿٤﴾
Чындыгында Биз инсанды келишкен турпатта жана эң сонун келбетте жараттык. ثم رددنه أسفل سفلين
ثُمَّ رَدَدْنَـٰهُ أَسْفَلَ سَـٰفِلِينَ ﴿٥﴾
Андан кийин Биз аны дүйнөдө карылыкка жана акыл-эстен тайган абалга кайтардык, ошондо ал табияты бузулгандыгынан пайда көрбөгөнү сыяктуу денесинен да пайда көрбөйт жана тозокко барат
إِلَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ فَلَهُمْ أَجْرٌ غَيْرُ مَمْنُونٍۢ ﴿٦﴾
Бирок Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар каарыса да алар үчүн түгөнбөгөн түбөлүктүү сыйлык болгон бейиш бар. Анткени алар табияттарын тазартышты. بلغ Куран · Тафсир
فَمَا يُكَذِّبُكَ بَعْدُ بِٱلدِّينِ ﴿٧﴾
Эй, инсан! Анын кудуреттүүлүгүнүн көптөгөн белгилерин көргөндөн кийин сыйлык жана жаза күнүн жалганга чыгарууга сага эмне түрткү берди?
أَلَيْسَ ٱللَّهُ بِأَحْكَمِ ٱلْحَـٰكِمِينَ ﴿٨﴾
Кыямат күнүн сыйлык жана жаза күн кылган Аллах – эң даанышман жана эң адилеттүү өкүмдар эмеспи? Аллах жакшылык кылуучуга сыйлыгын жана жамандык кылуучуга жазасын бербестен, пенделеринин ортосунда өкүм кылбастан, аларды жөн эле таштап койгону акылга сыймак беле? Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз