لَمْ يَكُنِ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ مِنْ أَهْلِ ٱلْكِتَـٰبِ وَٱلْمُشْرِكِينَ مُنفَكِّينَ حَتَّىٰ تَأْتِيَهُمُ ٱلْبَيِّنَةُ ﴿١﴾
Жөөттөрдөн, христиандардан жана мушриктерден болгон каапырларга ачык-айкын далил келмейинче, алардын каапырлыкка болгон биримдиги жана макулдашуусу ыдыраган жок
رَسُولٌۭ مِّنَ ٱللَّهِ يَتْلُوا۟ صُحُفًۭا مُّطَهَّرَةًۭ ﴿٢﴾
Бул ачык-айкын далил – таза адамдар гана кармай турган таза барактарды окуп берүү үчүн жиберилген Аллахтан келген элчи. فيها كتب قيمة
فِيهَا كُتُبٌۭ قَيِّمَةٌۭ ﴿٣﴾
Ал барактарда адамдарды тууралыкка жана алар үчүн пайдалуу нерселерге багыттаган акыйкат кабарлар жана адилет өкүмдөр бар
وَمَا تَفَرَّقَ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَـٰبَ إِلَّا مِنۢ بَعْدِ مَا جَآءَتْهُمُ ٱلْبَيِّنَةُ ﴿٤﴾
Тоорат берилген жөөттөр жана Инжил берилген христиандар Аллах аларга Өзүнүн пайгамбарын жибергенден кийин гана талашып-тартышып башташты. Алардын кээ бирлери Исламды кабыл алды, кээ бирлери пайгамбардын чынчылдыгын билсе да каапырлыгынан баш тарткан жок
وَمَآ أُمِرُوٓا۟ إِلَّا لِيَعْبُدُوا۟ ٱللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ حُنَفَآءَ وَيُقِيمُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَيُؤْتُوا۟ ٱلزَّكَوٰةَ ۚ وَذَٰلِكَ دِينُ ٱلْقَيِّمَةِ ﴿٥﴾
Жөөттөр менен христиандардын күнөөсү жана баш ийбестиги ачык көрүнүп турат, аларга өз китептеринде буйрулгандай жалгыз Аллахка сыйынуу, ширктен алыс болуу, намаз окуу жана зекет берүү сыяктуу нерселерге бул Куранда да буйрулушкан. Аларга بلغ Куран · Тафсир буйрулган нерсе – эч кандай бурмалануусу жок туура дин
إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ مِنْ أَهْلِ ٱلْكِتَـٰبِ وَٱلْمُشْرِكِينَ فِى نَارِ جَهَنَّمَ خَـٰلِدِينَ فِيهَآ ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ هُمْ شَرُّ ٱلْبَرِيَّةِ ﴿٦﴾
Жөөттөрдөн, христиандардан жана мушриктерден болгон каапырлар кыямат күнү тозокко кирип, ал жакта түбөлүк калышат. Мына ошолор Аллахка кылган каапырлыктары жана Анын элчисин жалганга чыгарышканы себептүү жаратылгандардын эң жаманы
إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ أُو۟لَـٰٓئِكَ هُمْ خَيْرُ ٱلْبَرِيَّةِ ﴿٧﴾
Ал эми Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар – ошолор жаратылгандардын эң жакшысы
جَزَآؤُهُمْ عِندَ رَبِّهِمْ جَنَّـٰتُ عَدْنٍۢ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَـٰرُ خَـٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدًۭا ۖ رَّضِىَ ٱللَّهُ عَنْهُمْ وَرَضُوا۟ عَنْهُ ۚ ذَٰلِكَ لِمَنْ خَشِىَ رَبَّهُۥ ﴿٨﴾
Алардын Раббисинин алдындагы сыйлыктары – хан сарайларынын жана бак- дарактарынын алдынан дарыялар агып турган бейиштер. Алар ал жакта түбөлүк калышат. Алар Аллахка ыйман келтирип, моюн сунушканы себептүү Ал алардан ыраазы болду жана алар дагы Анын ырайымына жетишкени себептүү Андан ыраазы болушту. Мындай ырайымдуулукка Раббисинен корккондор гана жетишет. Андыктан Анын буйругун аткар жана тыйганын ташта. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран