نٓ ۚ وَٱلْقَلَمِ وَمَا يَسْطُرُونَ ﴿١﴾
Нуун. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген. Аллах калем менен ант берди жана адамдар калемдери менен жазган нерселерге ант берди
Башкы бет›Тафсир›Al-Qalam (68)
Меккелик · 52 аят
نٓ ۚ وَٱلْقَلَمِ وَمَا يَسْطُرُونَ ﴿١﴾
Нуун. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген. Аллах калем менен ант берди жана адамдар калемдери менен жазган нерселерге ант берди
مَآ أَنتَ بِنِعْمَةِ رَبِّكَ بِمَجْنُونٍۢ ﴿٢﴾
Оо,пайгамбар!Сен Аллахтын жакшылык кылып берген пайгамбарчылыгысебептүүжинди эмессиң.Тескерисинче, сен мушриктердин жинди деп айткан жалаасынан тазасың. وإن لك لأجرا غيرممنون
وَإِنَّ لَكَ لَأَجْرًا غَيْرَ مَمْنُونٍۢ ﴿٣﴾
Сен пайгамбарчылыкты адамдарга жеткирип түйшүк тартканың үчүн сага түгөнгүс сыйлыктар бар жана сага аны эчким милдет кыла албайт. وإنك لعل خلق عظيم
وَإِنَّكَ لَعَلَىٰ خُلُقٍ عَظِيمٍۢ ﴿٤﴾
Чындыгында сен Куранда келген улуу кулк-мүнөздөсүң жана андагыбоюнча эң сонун сыпаттасың. فستبصر ويبصرون
فَسَتُبْصِرُ وَيُبْصِرُونَ ﴿٥﴾
Жакында сен дагыкөрөсүң, ал жалганчылар да көрүшөт
بِأَييِّكُمُ ٱلْمَفْتُونُ ﴿٦﴾
Чындык ачыкка чыкканда,кимиңер жинди экениңерди билип аласыңар
إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ وَهُوَ أَعْلَمُ بِٱلْمُهْتَدِينَ ﴿٧﴾
Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң Анын жолунан чыгып кеткендерди билет жана ага түшкөндөрдү жакшы билет. Алардан ким адашып кетсе, сен ага карай жол баштарыңдыда билет
فَلَا تُطِعِ ٱلْمُكَذِّبِينَ ﴿٨﴾
Оо,пайгамбар!Сен алып келгенди жалганга чыгаргандарга моюн сунба! ود والو تدهن فيدهنون
وَدُّوا۟ لَوْ تُدْهِنُ فَيُدْهِنُونَ ﴿٩﴾
Алар дин тууралуу эсептешкени келгенде аларга жумшак жана сылык мамиле кылууңду жана өздөрү дагы сага жумшак жана сылык болуунукаалашат. بلغ Куран · Тафсир ولاتطع كل حلاف مهين
وَلَا تُطِعْ كُلَّ حَلَّافٍۢ مَّهِينٍ ﴿١٠﴾
Сен баш ийбегин, жалган касам иче берген, жек көрүндү адамдарга,
هَمَّازٍۢ مَّشَّآءٍۭ بِنَمِيمٍۢ ﴿١١﴾
Адамдардыбөлүш үчүн алардыушактай бергендерге жана чагымчылык кылып жүргөндөргө, م ناع للخير معتد أثيم
مَّنَّاعٍۢ لِّلْخَيْرِ مُعْتَدٍ أَثِيمٍ ﴿١٢﴾
Жакшылыкты тоскондорго, адамдардын мал-мүлкүнө, абийирине жана өздөрүнө шек келтиргендерге, жаман иштерди жана күнөөлөрдү кылгандарга, عتلبعد ذلك زنيم
عُتُلٍّۭ بَعْدَ ذَٰلِكَ زَنِيمٍ ﴿١٣﴾
Орой жана катаал, өз элинде тексиз алдамчы. أن كان ذا مال وبنين
أَن كَانَ ذَا مَالٍۢ وَبَنِينَ ﴿١٤﴾
Ал бай жана бала-чакалуу болгону үчүн Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирүүдөн текеберленди
إِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِ ءَايَـٰتُنَا قَالَ أَسَـٰطِيرُ ٱلْأَوَّلِينَ ﴿١٥﴾
Ага аяттарыбыз окулганда: «Бул байыркылардын уламыштарынан» – деп айтты
سَنَسِمُهُۥ عَلَى ٱلْخُرْطُومِ ﴿١٦﴾
Жакында Биз анын мурдуна көркүн бузган жана андан кетпеген белгини басабыз
إِنَّا بَلَوْنَـٰهُمْ كَمَا بَلَوْنَآ أَصْحَـٰبَ ٱلْجَنَّةِ إِذْ أَقْسَمُوا۟ لَيَصْرِمُنَّهَا مُصْبِحِينَ ﴿١٧﴾
Биз бакча ээлерин сынаганыбыз сыяктуу мушриктерди да кургакчылык жана ачкачылык менен сынадык. Бир кезде алар анын мөмөлөрүн кедей-кембагалдар жебеш үчүн таңга маал батыраак терип алабыз деп касам ичишти. ولا يستثنون
وَلَا يَسْتَثْنُونَ ﴿١٨﴾
Алар касам ичишкенде «Аллахкааласа»деген сөздү айтышпады
فَطَافَ عَلَيْهَا طَآئِفٌۭ مِّن رَّبِّكَ وَهُمْ نَآئِمُونَ ﴿١٩﴾
Анан ээлери уктап жатканда Аллах ага от жиберип, ал аныжалмады. Алар аныоттон сактап кала алышпады. بلغ Куран · Тафсир
فَأَصْبَحَتْ كَٱلصَّرِيمِ ﴿٢٠﴾
Ошондо ал караңгы түндөй капкара болуп калды. فتنادوا مص بحين
فَتَنَادَوْا۟ مُصْبِحِينَ ﴿٢١﴾
Анан алар таңзаарда бири-бирин чакырышты
أَنِ ٱغْدُوا۟ عَلَىٰ حَرْثِكُمْ إِن كُنتُمْ صَـٰرِمِينَ ﴿٢٢﴾
«Эгерде түшүмдү жыйнай турган болсоңор, кедей-кембагалдар келгиче, жериңерге эртерээк баргыла» – деп айтышты
فَٱنطَلَقُوا۟ وَهُمْ يَتَخَـٰفَتُونَ ﴿٢٣﴾
Ошентип алар бири-бири менен акырын сүйлөшүп,шашылган бойдон жерлерине жөнөштү
أَن لَّا يَدْخُلَنَّهَا ٱلْيَوْمَ عَلَيْكُم مِّسْكِينٌۭ ﴿٢٤﴾
Алар бири-бирине: «Бүгүн бакчаңарга эч бир кембагал кирбейт» – деп жатышты. وغدواعل حرد قدرين
وَغَدَوْا۟ عَلَىٰ حَرْدٍۢ قَـٰدِرِينَ ﴿٢٥﴾
Алар таң эрте мөмөлөрдү бербейбиз деген ойдо баратышты
فَلَمَّا رَأَوْهَا قَالُوٓا۟ إِنَّا لَضَآلُّونَ ﴿٢٦﴾
Качан алар анын күйүп калганын көрүшкөндө,бири-бирине айтышты:«Биз жолдон адашып калдык окшойт. بل نحن محرومون
بَلْ نَحْنُ مَحْرُومُونَ ﴿٢٧﴾
Жок! Биз кедей-кембагалдарга бербейбиз деп жатып, өзүбүз түшүмдөн куру жалак калыптырбыз». قال أوسطهم ألم أقل ل كم لولا تسبحون
قَالَ أَوْسَطُهُمْ أَلَمْ أَقُل لَّكُمْ لَوْلَا تُسَبِّحُونَ ﴿٢٨﴾
Алардын жакшыраагы айтты: «Силер андан кедей-кембагалдарга бербейбиз деп чечим кылганыңарда мен силерге: «Аллахты аруулап, Ага тообо кылсаңар болбойбу?» – деп айткан элем го» – деди
قَالُوا۟ سُبْحَـٰنَ رَبِّنَآ إِنَّا كُنَّا ظَـٰلِمِينَ ﴿٢٩﴾
Айтышты: «Раббибиз Аруу! Биз бакчабыздын мөмөсүнөн кедей-кембагалдарга бербейбиз деп чечип, өзүбүзгө зыян кылгандардан болдук». بلغ Куран · Тафсир فأقبل بعضهم عل بعض يتلومون
فَأَقْبَلَ بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍۢ يَتَلَـٰوَمُونَ ﴿٣٠﴾
Анан алар бири-бирине карап, жеме сөздөрдү айтып башташты
قَالُوا۟ يَـٰوَيْلَنَآ إِنَّا كُنَّا طَـٰغِينَ ﴿٣١﴾
Алар өкүнүп мындай дешти:«Куругур экенбиз го!Биз кедейлердин акысын бербей,чектен чыгып кетиптирбиз
عَسَىٰ رَبُّنَآ أَن يُبْدِلَنَا خَيْرًۭا مِّنْهَآ إِنَّآ إِلَىٰ رَبِّنَا رَٰغِبُونَ ﴿٣٢﴾
Балким Раббибиз бизге бакчанын ордуна андан да жакшысын берет. Чындыгында биз Аллахты гана каалайбыз, Андан кечиримди үмүт кылабыз жана жакшылыктысурайбыз»
كَذَٰلِكَ ٱلْعَذَابُ ۖ وَلَعَذَابُ ٱلْـَٔاخِرَةِ أَكْبَرُ ۚ لَوْ كَانُوا۟ يَعْلَمُونَ ﴿٣٣﴾
Бизге баш ийбестик кылгандарды мына ушинтип ырыскыдан куру жалак калтыруу менен азаптайбыз. Ал эми акырет азабымындан да чоң,эгер алар анын катаалдыгын жана узактыгын билишкен болсо
إِنَّ لِلْمُتَّقِينَ عِندَ رَبِّهِمْ جَنَّـٰتِ ٱلنَّعِيمِ ﴿٣٤﴾
Чындыгында Аллахтын буйруктарын аткарып,тыйгандарын таштап Андан корккондор үчүн Раббисинин алдында жыргалчылык бейиштери бар.Алар алжакта түбөлүк жыргалчылыкта ырахаттанышат
أَفَنَجْعَلُ ٱلْمُسْلِمِينَ كَٱلْمُجْرِمِينَ ﴿٣٥﴾
Биз Мекке мушриктери ойлогондой, жазалоодомусулмандардыкаапырлардай кылып коёт бекенбиз? مالكم كيف تحكمون
مَا لَكُمْ كَيْفَ تَحْكُمُونَ ﴿٣٦﴾
Эй, мушриктер! Силерге эмне болду, бул адилетсиз жана бурмаланган өкүм менен кантип өкүм чыгарып жатасыңар? أم لكم كتب فيهتدرسون
أَمْ لَكُمْ كِتَـٰبٌۭ فِيهِ تَدْرُسُونَ ﴿٣٧﴾
Же силерде башийген адам менен күнөөкөрдүбирдей деп окуган китебиңер барбы? إن لكم فيه لما تخيرون
إِنَّ لَكُمْ فِيهِ لَمَا تَخَيَّرُونَ ﴿٣٨﴾
Алкитепте силер үчүн акыретте өзүңөр каалагандытандаган нерселер барбы? بلغ Куран · Тафсир
أَمْ لَكُمْ أَيْمَـٰنٌ عَلَيْنَا بَـٰلِغَةٌ إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْقِيَـٰمَةِ ۙ إِنَّ لَكُمْ لَمَا تَحْكُمُونَ ﴿٣٩﴾
Же силерде өзүңөр өкүм кылган нерселер болот дегендей талаптагыанттар менен тастыкталган убадаларыбыз барбы? سلهم أي هم بذلك زعيم
سَلْهُمْ أَيُّهُم بِذَٰلِكَ زَعِيمٌ ﴿٤٠﴾
Оо, пайгамбар! Бул сөздү айткандардан: «Ким буга кепилдик бере алат?» – деп сурачы
أَمْ لَهُمْ شُرَكَآءُ فَلْيَأْتُوا۟ بِشُرَكَآئِهِمْ إِن كَانُوا۟ صَـٰدِقِينَ ﴿٤١﴾
Же жаза берүүдө аларды мусулмандар менен бирдей кылган алардын Аллахтан башка шериктери бар бекен? Эгерде алар жаза алууда мусулмандар менен бирдейбиз деген сөзүндө чынчыл болушса, анда ошол шериктерин алып келишсин
يَوْمَ يُكْشَفُ عَن سَاقٍۢ وَيُدْعَوْنَ إِلَى ٱلسُّجُودِ فَلَا يَسْتَطِيعُونَ ﴿٤٢﴾
Кыямат күнү коркунуч пайда болуп, Раббибиз Балтырын ачык көргөзөт жана адамдар сажда кылууга чакырылганда,ыймандуулар сажда кылышат,алэми каапырлар менен эки жүздүүлөр сажда кыла алышпайт
خَـٰشِعَةً أَبْصَـٰرُهُمْ تَرْهَقُهُمْ ذِلَّةٌۭ ۖ وَقَدْ كَانُوا۟ يُدْعَوْنَ إِلَى ٱلسُّجُودِ وَهُمْ سَـٰلِمُونَ ﴿٤٣﴾
Көздөрү жер карап, аларды кордук жана өкүнүч басты. Алар дүйнөдө бүгүнкү күндөгүдөн сак-саламатта болгон кезде Аллахка сажда кылууга чакырылган эле
فَذَرْنِى وَمَن يُكَذِّبُ بِهَـٰذَا ٱلْحَدِيثِ ۖ سَنَسْتَدْرِجُهُم مِّنْ حَيْثُ لَا يَعْلَمُونَ ﴿٤٤﴾
Оо, пайгамбар! Сага түшкөн бул Куранды жалган дегендерди Мага ташта. Биз аларды акырындык менен азапка алып барабыз, алар бул айла-амал жана аз-аздан жазалооаларга каршыколдонулганын билишпейт
وَأُمْلِى لَهُمْ ۚ إِنَّ كَيْدِى مَتِينٌ ﴿٤٥﴾
Мен аларга күнөөлөрүн кылып алганга мөөнөт берем. Чындыгында каапырларга жана жалганчыларга карата Менин амалкөйлүгүм күчтүү.Алар Менин жазамдан аман калышпайт. أم تسٔلهم أجرا فهم من مغرم مثقلون
أَمْ تَسْـَٔلُهُمْ أَجْرًۭا فَهُم مِّن مَّغْرَمٍۢ مُّثْقَلُونَ ﴿٤٦﴾
Оо, пайгамбар! Сен чакырган нерсең үчүн алардан акысурап, алар ушундан улам оор ишти көтөрүп жатышабы, алардын сенден баш тартуусунун себеби ушулбу? Чынында андай эмес. Сен алардан акы сураган жоксуң. Анда алардын сени ээрчишине эмне тоскоолболуп жатат? بلغ Куран · Тафсир
أَمْ عِندَهُمُ ٱلْغَيْبُ فَهُمْ يَكْتُبُونَ ﴿٤٧﴾
Же аларда кайып илими барбы жана алар сени менен талашып-тартышкан өздөрүнө жаккан далилдерди жазышабы?
فَٱصْبِرْ لِحُكْمِ رَبِّكَ وَلَا تَكُن كَصَاحِبِ ٱلْحُوتِ إِذْ نَادَىٰ وَهُوَ مَكْظُومٌۭ ﴿٤٨﴾
Оо, пайгамбар! Раббиңдин аларга мөөнөт берип, акырындык менен жазалайм деген өкүмүнө сабыр кыл. Коомунан тажоодо киттин ээси Юнустай болбо. Ал деңиз караңгылыгы менен киттин курсагындагы караңгылыкта кыйынчылык абалда турганда Раббисине чакырык салды
لَّوْلَآ أَن تَدَٰرَكَهُۥ نِعْمَةٌۭ مِّن رَّبِّهِۦ لَنُبِذَ بِٱلْعَرَآءِ وَهُوَ مَذْمُومٌۭ ﴿٤٩﴾
Эгерде ага Аллахтын ырайымыжетпегенде, кит аныжемеге калган абалда ээн жерге таштап коймок
فَٱجْتَبَـٰهُ رَبُّهُۥ فَجَعَلَهُۥ مِنَ ٱلصَّـٰلِحِينَ ﴿٥٠﴾
Анан Раббиси анытандап,такыба пенделеринен кылды
وَإِن يَكَادُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَيُزْلِقُونَكَ بِأَبْصَـٰرِهِمْ لَمَّا سَمِعُوا۟ ٱلذِّكْرَ وَيَقُولُونَ إِنَّهُۥ لَمَجْنُونٌۭ ﴿٥١﴾
Аллахка каапырлык кылып, Анын элчисин жалганга чыгаргандар, сага түшкөн Куранды уккан кезде сени акырая тиктеп, көздөрү менен сени көтөрө чаап жиберейин дешет жана алар өз каалоолорун ээрчип, акыйкаттан баш тарткан абалда:«Чындыгында мунуалып келген пайгамбар анык жинди»–деп айтышат. وما هو إلا ذكر للعلمين
وَمَا هُوَ إِلَّا ذِكْرٌۭ لِّلْعَـٰلَمِينَ ﴿٥٢﴾
Сага түшүрүлгөн Куран –адамзат менен жиндер үчүн гана болгон эскертме жана насаат. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз