Башкы бетТафсирAl-An'aam (6)

Тафсир Al-An'aam (6) — الأنعام

Меккелик · 165 аят

Окуу · УгууPDF файл

ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ ٱلَّذِى خَلَقَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَجَعَلَ ٱلظُّلُمَـٰتِ وَٱلنُّورَ ۖ ثُمَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِرَبِّهِمْ يَعْدِلُونَ ﴿١﴾

Жакшы көрүү менен айтылган, өтө көркөм, толук сыпатталган мактоолор Аллахка гана тиешелүү. Ал мурда эч окшошу болбогон асман жана жерди жаратты, бири-биринин артынан ээрчип жүргөн түн менен күндүздү жаратты. Түндү караңгы, күндүздү жарык кылды. Ушуга карабастан, каапырлар Ага башка нерсени теңеп, шерик кошуп алышты

هُوَ ٱلَّذِى خَلَقَكُم مِّن طِينٍۢ ثُمَّ قَضَىٰٓ أَجَلًۭا ۖ وَأَجَلٌۭ مُّسَمًّى عِندَهُۥ ۖ ثُمَّ أَنتُمْ تَمْتَرُونَ ﴿٢﴾

Эй, адамдар, Ал кемчиликсиз Зат атаңар Адамды(ага Аллахтын тынчтыгыболсун) жаратканда силерди топурактан жаратты.Кийин дүйнө жашоосунда жашап турууңар үчүн силерге мөөнөт берди.анан кыямат күнүсилерди кайра тирилтип чыгарууүчүн Өзүнөн башка эчким билбеген ажалмөөнөтүн берди.Ушундан кийин да Аллахтын кайра тирилтүүчү кудуретине ишенбей шектенесиңер

وَهُوَ ٱللَّهُ فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَفِى ٱلْأَرْضِ ۖ يَعْلَمُ سِرَّكُمْ وَجَهْرَكُمْ وَيَعْلَمُ مَا تَكْسِبُونَ ﴿٣﴾

Ал кемчиликсиз Зат асман-жердегинин баары Ага ибадат кылуусуна татыктуу, Ага эч нерсе жашыруун боюнча калбайт, Ал силер ниетиңерди, сөзүңөрдү, ишиңерди жашырсаңар да, ачык кылсаңара да билип турат. Кийин ошогожараша сыйлайт же азаптайт وما تأتيهم من ءاية من ءايت ربهم إلا كانواعنها معرضين

وَمَا تَأْتِيهِم مِّنْ ءَايَةٍۢ مِّنْ ءَايَـٰتِ رَبِّهِمْ إِلَّا كَانُوا۟ عَنْهَا مُعْرِضِينَ ﴿٤﴾

Бутпарастарга Жаратуучуңардан далил, белги келсе, ага көңүл бурбастан таштап коюшту. Чынында аларга Аллахтын жалгыздыгын далидеген айдан ачык бир канча далил, белгилер келди, Аллахтын элчисинин чындык экенине бир канча далиллдер келди. Ошогокарабастан кош көңүлдүк менен жүз буруп, тескери кетишти

فَقَدْ كَذَّبُوا۟ بِٱلْحَقِّ لَمَّا جَآءَهُمْ ۖ فَسَوْفَ يَأْتِيهِمْ أَنۢبَـٰٓؤُا۟ مَا كَانُوا۟ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ ﴿٥﴾

Алар ачык-айкын далил, белгилерден баш тартуу менен андан да ачык болгон нерседен баш тартып алышты. Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, салматтыгы жана мактоо дубасы болсун) алып келген Куранды жалган дешти. Жакында кыямат күнү азапты көргөндө аларга келген чындыкты шылдыңдаган кандай болорун билишет

أَلَمْ يَرَوْا۟ كَمْ أَهْلَكْنَا مِن قَبْلِهِم مِّن قَرْنٍۢ مَّكَّنَّـٰهُمْ فِى ٱلْأَرْضِ مَا لَمْ نُمَكِّن لَّكُمْ وَأَرْسَلْنَا ٱلسَّمَآءَ عَلَيْهِم مِّدْرَارًۭا وَجَعَلْنَا ٱلْأَنْهَـٰرَ تَجْرِى مِن تَحْتِهِمْ فَأَهْلَكْنَـٰهُم بِذُنُوبِهِمْ وَأَنشَأْنَا مِنۢ بَعْدِهِمْ قَرْنًا ءَاخَرِينَ ﴿٦﴾

Заалым үммөттөрдү кыйратып жок кылчу Аллахтын жолун бул каапырлар билбейби? Чынында Аллах Таала бул каапырларга бербеген жерди берген, булрада жок күчтү берген канчалаган элдерди жок кылды. Аларга асмандан утуру жамгыр жаадырып турчу, турган жерлерин аралай дарыяларды агызып койгон эле. Кийин алар Аллахка күнөөкөр болушту,күнөөгө баткандыгыүчүн алардыкыйратып жок кылды,анан алардын ордуна башка элдерди жаратты بلغ Куран · Тафсир

وَلَوْ نَزَّلْنَا عَلَيْكَ كِتَـٰبًۭا فِى قِرْطَاسٍۢ فَلَمَسُوهُ بِأَيْدِيهِمْ لَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ إِنْ هَـٰذَآ إِلَّا سِحْرٌۭ مُّبِينٌۭ ﴿٧﴾

Оо, элчи, эгер сага барактарга жазылган китепти түшүрсөк, алар аны өз көзү менен көрүп, анан колдору менен кармап көргөнүн тастыктаса да, баарыбир анытан албай, ишенбей коймок жана: сен алып келген нерсе анык сыйкыр экен, биз буга эч ишенбейбиз деп айтышмак

وَقَالُوا۟ لَوْلَآ أُنزِلَ عَلَيْهِ مَلَكٌۭ ۖ وَلَوْ أَنزَلْنَا مَلَكًۭا لَّقُضِىَ ٱلْأَمْرُ ثُمَّ لَا يُنظَرُونَ ﴿٨﴾

Тиги каапырлар:Эгер АллахТаала Мухаммадга бир периштени түшүрүп,аланын чындык экенине күбө өтүп бизге сүйлөгөндө, ошондо ага ишенмекпиз дешет. Эгер алар сыпаттагандай периштени түшүргөнүбүздө да ишенишпесе, алардыкыйратып жок кылмакпыз, анда аларга тообокылууга мөөнөт да берилмек эмес. ولو جعلنهملكا ل جعلنهرجلا وللبسنا عليهم ما يلبسون

وَلَوْ جَعَلْنَـٰهُ مَلَكًۭا لَّجَعَلْنَـٰهُ رَجُلًۭا وَلَلَبَسْنَا عَلَيْهِم مَّا يَلْبِسُونَ ﴿٩﴾

Аларга периштени элчи кылып жибере турган болгонубузда деле, алар ага жолугуп, аны угуусу үчүн периштени эркек кишинин кейпинде жибермекпиз; себеби, периштени Аллах Таала жараткан чыныгыөз кейпинде жиберсек ага туруштук бере алышмак эмес. А аныкиши кейпинде жиберсек, бул аларга дагыкүмөн жаратмак

وَلَقَدِ ٱسْتُهْزِئَ بِرُسُلٍۢ مِّن قَبْلِكَ فَحَاقَ بِٱلَّذِينَ سَخِرُوا۟ مِنْهُم مَّا كَانُوا۟ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ ﴿١٠﴾

Булар сага периште түшүрүүнү талап кылып шылдыңдашса, мурдагы коомдор да элчилерин шылдыңдашкан. Кийин, алар азапка кабылды, бул азапка алар ишенбей, четке кагып шылдыңдаган эле

قُلْ سِيرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ ثُمَّ ٱنظُرُوا۟ كَيْفَ كَانَ عَـٰقِبَةُ ٱلْمُكَذِّبِينَ ﴿١١﴾

Оо, элчи, бул жалганчы, шылдыңдоочуларга минтип айт: жер бетин кыдыргыла, Аллахтын элчилерин жалганга чыгаргандарын абалы эмне болгонуна ой жүгүрткүлө, чынында, алар күчтүү, бекем болгонуна карабастан кийин Аллахтын азабына кабылышты

قُل لِّمَن مَّا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۖ قُل لِّلَّهِ ۚ كَتَبَ عَلَىٰ نَفْسِهِ ٱلرَّحْمَةَ ۚ لَيَجْمَعَنَّكُمْ إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْقِيَـٰمَةِ لَا رَيْبَ فِيهِ ۚ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ فَهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ ﴿١٢﴾

Оо, элчи, аларга дагы минтип айт: Асмандын, жердин жана бул экөөнүн ортосундагылардын мүлк-падышалыгы кимге таандык? Айт: булардын баарынын мүлк-падышалыгы Аллахка тиешелүү. Ал пенделерине артыкчылык берип, Өз напсисине ырайымдуулукту жазып койгон, аларды азаптоого шашылбайт, качан гана тообо кылышпаса, кыямат күнү баарын жыят. бул күндүн болоруна шек жок. Аллахка каапыр болуп, өз жанына зыян кылгандар ыйман келтиришпейт жана зыяндан өз жандарын куткара алышпайт

۞ وَلَهُۥ مَا سَكَنَ فِى ٱلَّيْلِ وَٱلنَّهَارِ ۚ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ ﴿١٣﴾

Түнү-күнү жан кечиргендин баарынын мүлк-падышалыгы Аллахка таандык, Ал алардын сөздөрүн Угуучу, кылган иштерин Билүүчү, кийин ошогожараша жазалайт же сыйлайт بلغ Куран · Тафсир ي

قُلْ أَغَيْرَ ٱللَّهِ أَتَّخِذُ وَلِيًّۭا فَاطِرِ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَهُوَ يُطْعِمُ وَلَا يُطْعَمُ ۗ قُلْ إِنِّىٓ أُمِرْتُ أَنْ أَكُونَ أَوَّلَ مَنْ أَسْلَمَ ۖ وَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلْمُشْرِكِينَ ﴿١٤﴾

Оо, элчи, Аллах менен бирге бут-айкелдерге ж.б. нерселерге ибадат кылган бутпарастарга минтип айт: Аллахтан башканы жардамчы кылып, андан жардам суроом акылга сыйчу ишпи?! Ал мурда эч окшошу болбогон асман менен жерди жаратты, жаратууда эч кимди алдына салбады. Ал пенделирнен кимди кааласа ошогоырыскыберет, пенделеринен эч китм ага ырыскы бере албайт. Ал пенделерине муктаж эмес, пенделер Ага муктаж. Эй, элчи, аларга дагы минтип айт: Мени Жаратуучум бул үммөттүн ичинен эң биринчи Аллахка моюн сунуп, Ага таянуучулардан болуумду буйруду жана Ага шерик кылуучулардын катарында болуудан тыйды

قُلْ إِنِّىٓ أَخَافُ إِنْ عَصَيْتُ رَبِّى عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍۢ ﴿١٥﴾

Оо, элчи, айткын: мен ширк жана башка Аллах тыюу салган күнөөлөргө бут коюп, Аллахка күнөөкөр болуудан, же ыйман жана башка Аллахбуйруган нерселерди аткарбай кыямат күнүкатууазапка дуушар болуудан корком

مَّن يُصْرَفْ عَنْهُ يَوْمَئِذٍۢ فَقَدْ رَحِمَهُۥ ۚ وَذَٰلِكَ ٱلْفَوْزُ ٱلْمُبِينُ ﴿١٦﴾

Кыямат күнү Аллах кимди бул азаптан алыстатса, Аллахтын ырайымы менен жеңишке жетиптир, мын ушул Аллахтын азабынан кутулуу жеңиши - эч бир жеңиш тең келбей турган ачык-айкын, чыныгыжеңиш

وَإِن يَمْسَسْكَ ٱللَّهُ بِضُرٍّۢ فَلَا كَاشِفَ لَهُۥٓ إِلَّا هُوَ ۖ وَإِن يَمْسَسْكَ بِخَيْرٍۢ فَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرٌۭ ﴿١٧﴾

Оо, Адам баласы, эгер сага Аллахтан бир балээ келсе, сени андан Аллахтан башка эч ким арылта албайт, эегр сага Аллахтан жакшылык келсе, мындан Аны тосуучу жок, анын артыкчылыгын кайтаруучу да болбойт. Ал бардык нерсеге Кудуреттүү, Аны эч нерсе алсыз кыла албайт

وَهُوَ ٱلْقَاهِرُ فَوْقَ عِبَادِهِۦ ۚ وَهُوَ ٱلْحَكِيمُ ٱلْخَبِيرُ ﴿١٨﴾

Ал пенделерин кордоп үстөмдүк кылуучу, аны эч нерсе алсыз кыла албай турган бардык тараптан бийик, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, баары ага көз каранды. Өзүнүн кемчиликсиз сыпаттарына ылайык пенделеринин үстүндө, жаратуучулугунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман жана Кабардар, Ага эч нерсе жашыруун калбайт. بلغ Куран · Тафсир

قُلْ أَىُّ شَىْءٍ أَكْبَرُ شَهَـٰدَةًۭ ۖ قُلِ ٱللَّهُ ۖ شَهِيدٌۢ بَيْنِى وَبَيْنَكُمْ ۚ وَأُوحِىَ إِلَىَّ هَـٰذَا ٱلْقُرْءَانُ لِأُنذِرَكُم بِهِۦ وَمَنۢ بَلَغَ ۚ أَئِنَّكُمْ لَتَشْهَدُونَ أَنَّ مَعَ ٱللَّهِ ءَالِهَةً أُخْرَىٰ ۚ قُل لَّآ أَشْهَدُ ۚ قُلْ إِنَّمَا هُوَ إِلَـٰهٌۭ وَٰحِدٌۭ وَإِنَّنِى بَرِىٓءٌۭ مِّمَّا تُشْرِكُونَ ﴿١٩﴾

ئ ى إ Оо, элчи, сени жалгансы деген бутпарастарга: Менин чынчылдыгыма кайсы нерсе күчтүү жана ишенимдүү күбө болот? - деп айт. Анан айт: Аллах менин чынчылдыгыма күчтүү, ишенимдүү күбө, Ал менин менен силердин ортоңордоКүбө болуучу,менинсилерге эмнени алып келгенимди жана силердин эмнени кайтарарыңардыбилет. Аллах Таала мага силерди жана Куран жеткен инсан, жиндердин баарын эскертүү үчүн Куранды аян кылган. Силер, эй, бутпарастар, Аллах менен бирге дагыбашка ибадат кылууга боло турган нерселер бар деп ишенесиңер. Эй, элчи, аларга дагы минтип айт: Силер ишенген нерсеңер жалган болгону үчүн ага мен күбө боло албайм, чынында Аллах ибадатка ылайыктуу Жалгыз, Анын шериги жок, мен Ага шерик кошкондордун баарынан жүз буруп четтеймин

ٱلَّذِينَ ءَاتَيْنَـٰهُمُ ٱلْكِتَـٰبَ يَعْرِفُونَهُۥ كَمَا يَعْرِفُونَ أَبْنَآءَهُمُ ۘ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ فَهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ ﴿٢٠﴾

Биз Тооротту берген яхудилер жана Инжилди берген христиандар, Мухаммад пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) өздөрүнүн балдарын башкалардын балдарынан айрып тааныгандай даана таанып билишет. Бул, тозокко кирүү менен жандарына зыян кылгандар эч ыйман келтиришпейт

وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ ٱفْتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا أَوْ كَذَّبَ بِـَٔايَـٰتِهِۦٓ ۗ إِنَّهُۥ لَا يُفْلِحُ ٱلظَّـٰلِمُونَ ﴿٢١﴾

Аллахка шерик кошуп, анан кошкон нерсесине сыйынган жана Аллах Таала элчисине түшүргөн аяттарды жалган деп эсептеген адамдан өткөн залым адам болбойт.Аллахка шерик кошуп жана Анын аяттарын жалганга чыгарып залым болгондор эгер тообокылышпаса, анда эч жеңишке жетишпейт

وَيَوْمَ نَحْشُرُهُمْ جَمِيعًۭا ثُمَّ نَقُولُ لِلَّذِينَ أَشْرَكُوٓا۟ أَيْنَ شُرَكَآؤُكُمُ ٱلَّذِينَ كُنتُمْ تَزْعُمُونَ ﴿٢٢﴾

Кыямат күнү алардын баарын чогултканда эч кимисине кыянат кылбайбыз. Аллахка башка нерсени шерик кылып ибадат кылгандарды жемелеп: Аллахтын шериктери деп жалган айтып жүргөн шериктериңер кайда? деп айтабыз

ثُمَّ لَمْ تَكُن فِتْنَتُهُمْ إِلَّآ أَن قَالُوا۟ وَٱللَّهِ رَبِّنَا مَا كُنَّا مُشْرِكِينَ ﴿٢٣﴾

Ушундай сыноодон кийин алардын шылтоосу өздөрү сыйынган нерседен баш тартуу гана болот да: Аллахка ант болсун, о, Жаратуучубуз, ал дүйнөдө биз бутпарас болгон эмеспиз, Сага ишенген, Сени жалгыз деп тааныгандардан болгонбу- деп жалган айтышат

ٱنظُرْ كَيْفَ كَذَبُوا۟ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمْ ۚ وَضَلَّ عَنْهُم مَّا كَانُوا۟ يَفْتَرُونَ ﴿٢٤﴾

Оо, Мухаммад, булардын Аллахка эч нерсени шерик кылган эмеспиз деп танышканын, жана бул дүйнөдө Аллахка шерик кылган шериктеринин алардан качып,жок болуп кеткенин карачы?! بلغ Куран · Тафсир

وَمِنْهُم مَّن يَسْتَمِعُ إِلَيْكَ ۖ وَجَعَلْنَا عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ أَكِنَّةً أَن يَفْقَهُوهُ وَفِىٓ ءَاذَانِهِمْ وَقْرًۭا ۚ وَإِن يَرَوْا۟ كُلَّ ءَايَةٍۢ لَّا يُؤْمِنُوا۟ بِهَا ۚ حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءُوكَ يُجَـٰدِلُونَكَ يَقُولُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ إِنْ هَـٰذَآ إِلَّآ أَسَـٰطِيرُ ٱلْأَوَّلِينَ ﴿٢٥﴾

Оо, элчи, сен Куран окуганда бутпарастардын арасында аны уккандары да бар, бирок алар уккандарынан пайдалана алышпайт; анткени кежирлиги жана баш ийбегендиги үчүн алардын Куранды түшүнө албай турган кылып жүрөктөрүнө тосмо койгонбуз жана пайдалуу нерсени угуудан кулактарын керең кылганбыз. Алар ачык далилдерди, айкын белгилерди көп көрсө да баары бир ишенбейт. Сага келип, чындык тууралуу жалганды айтып талашат да:Сенин айтып жаткандарыңмурдагылардын китебинен алынган болмуштар - дешет

وَهُمْ يَنْهَوْنَ عَنْهُ وَيَنْـَٔوْنَ عَنْهُ ۖ وَإِن يُهْلِكُونَ إِلَّآ أَنفُسَهُمْ وَمَا يَشْعُرُونَ ﴿٢٦﴾

Алар адамдарды элчиге ыйман келтирүүдөн тыйып, андан алыстатат, пайда алдыра койбойт, өздөрү да андан пайдаланбайт.Булкылыктарыменен өздөрүн жок кылышат,жана кылган иштери кыйрооэкенин билишпейт

وَلَوْ تَرَىٰٓ إِذْ وُقِفُوا۟ عَلَى ٱلنَّارِ فَقَالُوا۟ يَـٰلَيْتَنَا نُرَدُّ وَلَا نُكَذِّبَ بِـَٔايَـٰتِ رَبِّنَا وَنَكُونَ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿٢٧﴾

Оо, элчи, кыямат күнү аларды тозокко тикелей алып келгендеги абалын көргөнүңдө... Алар анда өкүнүч менен: Аттиң ай, дүйнө жашоосуна кайра барып калсак кана, анда Аллахтын аяттарын жалган дебейт элек, Аллах ишенген ыймандуулардан болот элек - дешет.Алардын оор абалын таңкалууменен көрөсүң

بَلْ بَدَا لَهُم مَّا كَانُوا۟ يُخْفُونَ مِن قَبْلُ ۖ وَلَوْ رُدُّوا۟ لَعَادُوا۟ لِمَا نُهُوا۟ عَنْهُ وَإِنَّهُمْ لَكَـٰذِبُونَ ﴿٢٨﴾

Биз кайра дүйнө жашоосуна жиберилсек ыйман келтирет элек дегендери да жалган. Алардын ден-мүчөлөрү күбөлүк бергенде, (Аллахка ант, биз мурда бутпарас болгон эмеспиз) деген ичиндеги жалгандары ачыкка чыгып калды. Эгер алар бул дүйнө жашоосуна кайра келүүгө кудурети жеткенде деле, кайра эле тыюу салынган каапырлыгы менен бутпарастыгына барышмак, чынында алардын кайра кайтсак ыйман келтиребиз деген убадасы жалган

وَقَالُوٓا۟ إِنْ هِىَ إِلَّا حَيَاتُنَا ٱلدُّنْيَا وَمَا نَحْنُ بِمَبْعُوثِينَ ﴿٢٩﴾

Бул бутпарастар: биз азыр жашап жаткан жашоодон башка жашоо жок, биз эсеп берүү үчүн кайра тирилбейбиз дешти

وَلَوْ تَرَىٰٓ إِذْ وُقِفُوا۟ عَلَىٰ رَبِّهِمْ ۚ قَالَ أَلَيْسَ هَـٰذَا بِٱلْحَقِّ ۚ قَالُوا۟ بَلَىٰ وَرَبِّنَا ۚ قَالَ فَذُوقُوا۟ ٱلْعَذَابَ بِمَا كُنتُمْ تَكْفُرُونَ ﴿٣٠﴾

Оо, элчи, кайра тирилүү болбойт дегендер Аллахтын алдында турганын көргөнүңдө, алардын абалыөтө оорлугуна таң кала карайт элең. Аллах Таала алардан: Силер жалган деген эч шеги жана жалганы жок кайра тирилүү ушул эмеспи?! - деп сурайт. Алар: Бизди жараткан Жаратуучубузга ант берип айтабыз, кайра тирилүү эч шеги жок чындык экен - дешет. Ошондо Аллах Таала аларга: Ушул күнгө ишенбегениңер үчүн азаптын даамын таткыла, дүйнө жашоосунда жүргөнүңөрдө бул күндүболбойт деп жалганга чыгаргансыңар - дейт. بلغ Куран · Тафсир

قَدْ خَسِرَ ٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِلِقَآءِ ٱللَّهِ ۖ حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَتْهُمُ ٱلسَّاعَةُ بَغْتَةًۭ قَالُوا۟ يَـٰحَسْرَتَنَا عَلَىٰ مَا فَرَّطْنَا فِيهَا وَهُمْ يَحْمِلُونَ أَوْزَارَهُمْ عَلَىٰ ظُهُورِهِمْ ۚ أَلَا سَآءَ مَا يَزِرُونَ ﴿٣١﴾

ى Кыямат күнү кайра тирилүүнү жалган, Аллахтын алдына чогулууну мүмкүн эмес дегендер чынында зыян тартышты. Алар кабарсыз турганда кокусунан кыямат болуп, анан катуу өкүнүп: шорубуз курусун, Аллахка каапырлык кылып жана кыямат күнүнө даярданбай жаңылыш үмут кылыппыз - дешет, алар күнөөлөрүн жонуна көтөрүп жүрүшөт, алардын көтөргөн күнөөлөрүкандай жаман

وَمَا ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَآ إِلَّا لَعِبٌۭ وَلَهْوٌۭ ۖ وَلَلدَّارُ ٱلْـَٔاخِرَةُ خَيْرٌۭ لِّلَّذِينَ يَتَّقُونَ ۗ أَفَلَا تَعْقِلُونَ ﴿٣٢﴾

Аллахты ыраазы кылчу ишти кылбагандарга сөйөнүп алган бул дүйнө жашоосу өтүп кетчү оюндай эле. Ал эми ыйман келтирип, баш ийип жакшы иштерди жасаган жана ширк, күнөө кылуу сыяктуу тыюу салынган иштерден тыйылып Аллахка такыба болгондорго акырет жашоосу жакшы. Эй, бутпарастар, ушуга акыл жүгүртсөңөр, ыйманга келип, жакшы иштерди жасайт элеңер

قَدْ نَعْلَمُ إِنَّهُۥ لَيَحْزُنُكَ ٱلَّذِى يَقُولُونَ ۖ فَإِنَّهُمْ لَا يُكَذِّبُونَكَ وَلَـٰكِنَّ ٱلظَّـٰلِمِينَ بِـَٔايَـٰتِ ٱللَّهِ يَجْحَدُونَ ﴿٣٣﴾

Оо, элчи, алар сени сыртынан жалганга чыгарганына кайгырганыңды Биз билебиз. Сен билгин алар сенин аманатка бек, чынчыл экениңди билет жана өз ара сени жалганга чыгарышпайт. Бирок алар залым адамдар, сенин ишиңе ичинен ишенип турса да, сыртынан четке кага берет

وَلَقَدْ كُذِّبَتْ رُسُلٌۭ مِّن قَبْلِكَ فَصَبَرُوا۟ عَلَىٰ مَا كُذِّبُوا۟ وَأُوذُوا۟ حَتَّىٰٓ أَتَىٰهُمْ نَصْرُنَا ۚ وَلَا مُبَدِّلَ لِكَلِمَـٰتِ ٱللَّهِ ۚ وَلَقَدْ جَآءَكَ مِن نَّبَإِى۟ ٱلْمُرْسَلِينَ ﴿٣٤﴾

Бул жалганга чыгаруу сага гана тиешелүү деп ойлобо. Сенден мурдагы элчилер да жалганга чыгарылган, коомдору аларды азаптаган. Алар үгүттөөдө, Аллах жолунда казат кылууда сабырдуулук кылышкан жана аларга Аллахтын жардамы келген. Аллах китебинде жазган жардамды жана элчилерине берген убаданы эч ким өзгөртө албайт. Эй, элчи, чынында сага мурдагы элчилердин кабары, б.а. аларга коому кандай каршы чыкканы жана Аллах Таала аларга жардам берип душмандарын кандай кыйратканытууралуукабар берилди

وَإِن كَانَ كَبُرَ عَلَيْكَ إِعْرَاضُهُمْ فَإِنِ ٱسْتَطَعْتَ أَن تَبْتَغِىَ نَفَقًۭا فِى ٱلْأَرْضِ أَوْ سُلَّمًۭا فِى ٱلسَّمَآءِ فَتَأْتِيَهُم بِـَٔايَةٍۢ ۚ وَلَوْ شَآءَ ٱللَّهُ لَجَمَعَهُمْ عَلَى ٱلْهُدَىٰ ۚ فَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلْجَـٰهِلِينَ ﴿٣٥﴾

ى Оо, элчи, сен алып келген чындыктан тескери бурулуп, жалганга чыгаргандары сага катуу тийсе, эгер жер астын кирүүчү жол же асманга көтөрүлчү тепкич таап, Биз сага бергенден башка далил, белги көрсөтө алсаң, анда ошондой кыл. Эгер Аллах кааласа алардын баарын чогултуп сен алып келген туура жолго салып коймок. Бирок Өзүнүн жеткиликтүү даанышмандыгы менен мындай кылууну каалбады. Сен буга акылы жетпеген илими тайкылардан болбо. Алардын ыйманга келбегенине кайгырганыңдытоктот

۞ إِنَّمَا يَسْتَجِيبُ ٱلَّذِينَ يَسْمَعُونَ ۘ وَٱلْمَوْتَىٰ يَبْعَثُهُمُ ٱللَّهُ ثُمَّ إِلَيْهِ يُرْجَعُونَ ﴿٣٦﴾

Сен алып келген диниңди сөздү угуп, түшүнгөндөр гана кабыл кылышат, а каапырлар өлүк сыяктуу алардын эч кадыры жок, жүрөктөрү өлүп калган. Өлүктөрдү кыямат күну Аллах кайра тилитет, анан кылган иштерине жооп بلغ Куран · Тафсир берүү үчүн Жалгыз Аллахтын алдына кайтышат

وَقَالُوا۟ لَوْلَا نُزِّلَ عَلَيْهِ ءَايَةٌۭ مِّن رَّبِّهِۦ ۚ قُلْ إِنَّ ٱللَّهَ قَادِرٌ عَلَىٰٓ أَن يُنَزِّلَ ءَايَةًۭ وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ ﴿٣٧﴾

Бутпарастар: Мухаммадга ал алып келген дини чындык экенине далил боло турган адаттан тыш белги берилбейби? - дешет. Эй, элчи, аларга: Аллах Таала силер каалагандай белгини тушүрүүгө кудуреттүү - деп айт. Бирок ошолбелгини түшүрүүнуталап кылган бутпарастардын көбүбелгини түшүрүү,алардын талабыменен эмес, Аллахтын даанышмандык сырыменен болорун билишпейт.Эгер мындай белгини түшүргөндөн кийин да ыйманга келишпесе, анда кыйроого учурап калышмак

وَمَا مِن دَآبَّةٍۢ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَا طَـٰٓئِرٍۢ يَطِيرُ بِجَنَاحَيْهِ إِلَّآ أُمَمٌ أَمْثَالُكُم ۚ مَّا فَرَّطْنَا فِى ٱلْكِتَـٰبِ مِن شَىْءٍۢ ۚ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّهِمْ يُحْشَرُونَ ﴿٣٨﴾

ربهم يحشرون Оо,Адам балдары,жер бетинде кыбырыган жандуунун баары,асманда канат каккан канаттуулар жаратылуусунда жана ырыскылануусунда силер сыяктуу эле үммөт. Сакталган китепте (Лавх ал-Махфузда) эч нерсени калтырбай жазганбыз. Баарынын илими Аллахка маалым. Кийин, кыямат күнү өкүмду угуу үчүн баарыңар Аллахка кайтасыңар жана ар ким өзүнө ылайык сыйланат же жазаланат. م

وَٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا صُمٌّۭ وَبُكْمٌۭ فِى ٱلظُّلُمَـٰتِ ۗ مَن يَشَإِ ٱللَّهُ يُضْلِلْهُ وَمَن يَشَأْ يَجْعَلْهُ عَلَىٰ صِرَٰطٍۢ مُّسْتَقِيمٍۢ ﴿٣٩﴾

Аяттарыбызды жалган дегендер кулагы укпаган кереңдер, сүйлөй албаган дудуктар сыяктуу. Буга кошумча алар караңгылыкта, көрө алышпайт, мындайлар туура жолду тапмак беле?! Аллах адамдардан кимди адаштырууну кааласа, адаштырат, кимди туура жолго баштоону кааласа, эч кыйшыгы жок түз жолго багыттайт

قُلْ أَرَءَيْتَكُمْ إِنْ أَتَىٰكُمْ عَذَابُ ٱللَّهِ أَوْ أَتَتْكُمُ ٱلسَّاعَةُ أَغَيْرَ ٱللَّهِ تَدْعُونَ إِن كُنتُمْ صَـٰدِقِينَ ﴿٤٠﴾

Оо, элчи, тиги бутпарастарга минтип айт: Айткылачы, эгер силерге Аллахтын азабы, же болуусу убада берилген кыямат болуп калса, ошол убакта башыңарга түшкөн балээ, кыйынчылыктан куткаруусун суранып Аллахтан башкага кайрыласыңарбы?!Эгер силер сыйынган нерселер пайдасын жана зыянын тийгизе алат деп ишенгениңер чын болсо ушинтмексиңер

بَلْ إِيَّاهُ تَدْعُونَ فَيَكْشِفُ مَا تَدْعُونَ إِلَيْهِ إِن شَآءَ وَتَنسَوْنَ مَا تُشْرِكُونَ ﴿٤١﴾

Бул учурда өзүңөрдү жараткан Аллахтан башкага дуба кылбастыгыңар чындык. Ал силерди балээден сактап, зыянды токтотот, Ал буга башчы жана ушундай кылууга Кудуреттүү. Ал эми Аллахка шерик кылып ибадат кылган "кудайларыңарды" алардан пайда да, зыян да болбоосун билип, таштап коёсуңар

وَلَقَدْ أَرْسَلْنَآ إِلَىٰٓ أُمَمٍۢ مِّن قَبْلِكَ فَأَخَذْنَـٰهُم بِٱلْبَأْسَآءِ وَٱلضَّرَّآءِ لَعَلَّهُمْ يَتَضَرَّعُونَ ﴿٤٢﴾

Оо, элчи, сенден мурдагы үммөттөргө да элчилерди жибергенбиз, аларды да коомдору жалганчы деп, алар алып келген динден тескери бурулушкан. Биз аларды Жаратуучуларына багынып, Анын алдында кемсинүүсү үчүн жакырчылык, дене-боюна зыяны тийчү оору-сыркоо менен азаптадык. بلغ Куран · Тафсир

فَلَوْلَآ إِذْ جَآءَهُم بَأْسُنَا تَضَرَّعُوا۟ وَلَـٰكِن قَسَتْ قُلُوبُهُمْ وَزَيَّنَ لَهُمُ ٱلشَّيْطَـٰنُ مَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿٤٣﴾

Алардын башына балээ түшүргөнүбүздө, андан кутулуу үчүн Аллахтын алдында кемсинип, Ага багынып калышса, Биз аларга ырайым кылмакпыз.Бирок алар минтпеди,алардын жүрөгүкатып калгандыктан этибар кылбадыжана сабак албады.Берилип алган күнөө жана каапырлыктарын шайтан аларга кооз көрсөтүп,каапырлыктарын уланта беришти

فَلَمَّا نَسُوا۟ مَا ذُكِّرُوا۟ بِهِۦ فَتَحْنَا عَلَيْهِمْ أَبْوَٰبَ كُلِّ شَىْءٍ حَتَّىٰٓ إِذَا فَرِحُوا۟ بِمَآ أُوتُوٓا۟ أَخَذْنَـٰهُم بَغْتَةًۭ فَإِذَا هُم مُّبْلِسُونَ ﴿٤٤﴾

Жакырлык жана оорудан сабак албай, Аллахтын буйруктарын да аткарбай коюшканда, аларга ырыскыэшиктерин ачып, байлык берип, ден-соолуктарын чыңдап азгырып кызыктырдык. Качан алар көөдөнүн көтөрүп менменсинип, өздөрүнө берилген нерсеге чиренип калышканда, кокустан Биздин азабыбыз келди эле, үмүттөрү үзүлүп эмне кыларын билбей калышты

فَقُطِعَ دَابِرُ ٱلْقَوْمِ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ ۚ وَٱلْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٤٥﴾

Элчилерге жардам берүү, каапырларды кыйроого учуратуу аркылуу каапырлардын аягы кесилди. Душмандарын кыйратып, досторуна жардам берген Ааламдардын Жаратуучусу Аллахка шүгүр, мактоожана ыраазылык болсун

قُلْ أَرَءَيْتُمْ إِنْ أَخَذَ ٱللَّهُ سَمْعَكُمْ وَأَبْصَـٰرَكُمْ وَخَتَمَ عَلَىٰ قُلُوبِكُم مَّنْ إِلَـٰهٌ غَيْرُ ٱللَّهِ يَأْتِيكُم بِهِ ۗ ٱنظُرْ كَيْفَ نُصَرِّفُ ٱلْـَٔايَـٰتِ ثُمَّ هُمْ يَصْدِفُونَ ﴿٤٦﴾

Оо, элчи, тиги бутпарастарга минтип айт: Эгер Аллах силердин угуу жана көрүү касиетиңерди алып, керең, сокур кылып койсо, жүрөгүңөргө мөөр басып, эч нерсени баамдабай калсаңар; силердин жоготкон нерсеңерди кайсы кудайыңар кайтарып бере алат, айткылачы? Эй, элчи, ойлоп көрчү, биз буларга кандай гана белгилерди баяндабадык,кандай гана далилдерди келтирбедик,алар болсоошондон кийин да тескери бурулушту!

قُلْ أَرَءَيْتَكُمْ إِنْ أَتَىٰكُمْ عَذَابُ ٱللَّهِ بَغْتَةً أَوْ جَهْرَةً هَلْ يُهْلَكُ إِلَّا ٱلْقَوْمُ ٱلظَّـٰلِمُونَ ﴿٤٧﴾

Оо элчи, аларга минтип айт: Аллахтын азабы силерге билинбей кокустан келсе да же ачык эле билинип келсе да, Аллахка каапырлык кылган жана пайгамбарларын жалганга чыгарган залымдар гана кыйроогоучурайт

وَمَا نُرْسِلُ ٱلْمُرْسَلِينَ إِلَّا مُبَشِّرِينَ وَمُنذِرِينَ ۖ فَمَنْ ءَامَنَ وَأَصْلَحَ فَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ ﴿٤٨﴾

Биз элчилерибизди ыймандуу, баш ийген адамдарга аларды кубантуучу, эч түгөнбөгөн, үзгултүккө учурабаган түбөлүк жакшылыкты айтып кабарлоо үчүн жана каапыр, күнөөкөр адамдарга катуу азабыбызды айтып эскертүү үчүн жибердик. Элчилерге ишенип, жакшы иштерди кылгандарга акыретте эч коркунуч болбойт, ошондой эле алар булдүйнө жашоосунда аткарган иштерине өкүнбөйт жана кайгырбайт

وَٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا يَمَسُّهُمُ ٱلْعَذَابُ بِمَا كَانُوا۟ يَفْسُقُونَ ﴿٤٩﴾

Биздин аяттарыбыздыжалган дегендер, Аллахка баш ийбегени себептүү азапка кабылышат بلغ Куран · Тафсир

قُل لَّآ أَقُولُ لَكُمْ عِندِى خَزَآئِنُ ٱللَّهِ وَلَآ أَعْلَمُ ٱلْغَيْبَ وَلَآ أَقُولُ لَكُمْ إِنِّى مَلَكٌ ۖ إِنْ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَىٰٓ إِلَىَّ ۚ قُلْ هَلْ يَسْتَوِى ٱلْأَعْمَىٰ وَٱلْبَصِيرُ ۚ أَفَلَا تَتَفَكَّرُونَ ﴿٥٠﴾

ى Оо, элчи, тиги бутпарастарга дагы минтип айт: Менде өзүм каалагандай алып иштете турган Аллахтын ырыскы казынасы бар деп айтпаймын. Мага Аллах аян-кабар аркылуу билдиргенден башка кайыптарды да билем деп айтпаймын.Мен периштелердин биримин деп да айтпаймын.Мен Аллахтын элчисимин,мага аян-кабар болгон нерсени гана ээрчийм, өзүмдо болбогон нерсени айтпайм. Эй, элчи, аларга дагы мындай де: Чындыктан көзү тосулуп калган каапыр менен чындыкты көрүп ага ишенген ыймандуу бирдей болобу? Эй, бутпарастар, айлан- чөйрөңөрдөгү белгилерге акылыңардыى иштетпейсиңерби?

وَأَنذِرْ بِهِ ٱلَّذِينَ يَخَافُونَ أَن يُحْشَرُوٓا۟ إِلَىٰ رَبِّهِمْ ۙ لَيْسَ لَهُم مِّن دُونِهِۦ وَلِىٌّۭ وَلَا شَفِيعٌۭ لَّعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ ﴿٥١﴾

Оо, элчи, кыямат күнү Жаратуучусунун алдында тирилип туруудан корккондорду Куран менен коркутуп, эскерт. Аларга Аллахтан башка пайда алып келе турган дос, зыяндан сактап кала турган колдоочу жок. Алар буйрулган ишти аткарып, тыйылган иштен тыйылып Аллахка такыба болушаар. Мына ушулар Курадан пайда ала турган адамдар

وَلَا تَطْرُدِ ٱلَّذِينَ يَدْعُونَ رَبَّهُم بِٱلْغَدَوٰةِ وَٱلْعَشِىِّ يُرِيدُونَ وَجْهَهُۥ ۖ مَا عَلَيْكَ مِنْ حِسَابِهِم مِّن شَىْءٍۢ وَمَا مِنْ حِسَابِكَ عَلَيْهِم مِّن شَىْءٍۢ فَتَطْرُدَهُمْ فَتَكُونَ مِنَ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿٥٢﴾

Оо, элчи, эртели-кеч Аллахка чын ыкласы менен дайыма ибадат кылган кембагал мусулмандарды жаныңдан алыстатпа. Бутпарастардын чоңдорун өзүңө жакындатууүчүн булардыжаныңдан алыстатпа. Сен ал жакырларды эч эсеп кылбайсың, аларды Аллах эсеп-кысап кылат, алар да сени эсеп кылбайт. Сен эгер аларды жаныңдан оолактатсаң,анда Аллахтын чегинен чыккан кишилерден болуп каласың

وَكَذَٰلِكَ فَتَنَّا بَعْضَهُم بِبَعْضٍۢ لِّيَقُولُوٓا۟ أَهَـٰٓؤُلَآءِ مَنَّ ٱللَّهُ عَلَيْهِم مِّنۢ بَيْنِنَآ ۗ أَلَيْسَ ٱللَّهُ بِأَعْلَمَ بِٱلشَّـٰكِرِينَ ﴿٥٣﴾

Ушинтип аларды бири-бири менен сынадык. Аларды дүйнө үлүшүндө ар түрдүү кылдык. Бай каапырлар кедей мусулмандарды теңсинбей: Аллах биздин арабыздан мына ушул жакырларды туура жолго салдыбы? Эгер ыйман жакшылык болгондоанда алар бизден мурда ээ болмок эмес, биз алардан мурда ээ болмокпуз - дешкени үчүн, Биз алардыушундай сынадык. Жакшылыгына шүгүр кылуучулардыАллах жакшыраак билет эмеспи, ошон үчүн аларды ыйманга багыттады, каапырларды да жакшы билип, аларды кур калтырды, алар ыйманга келишпейт. Ооба, Аллах алардан Билүчүүрөөк

وَإِذَا جَآءَكَ ٱلَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِـَٔايَـٰتِنَا فَقُلْ سَلَـٰمٌ عَلَيْكُمْ ۖ كَتَبَ رَبُّكُمْ عَلَىٰ نَفْسِهِ ٱلرَّحْمَةَ ۖ أَنَّهُۥ مَنْ عَمِلَ مِنكُمْ سُوٓءًۢا بِجَهَـٰلَةٍۢ ثُمَّ تَابَ مِنۢ بَعْدِهِۦ وَأَصْلَحَ فَأَنَّهُۥ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ ﴿٥٤﴾

بجهلةثم تاب من بعده وأصلح فأنه غفور رحيم Оо, элчи, эгер сага сен алып келген диндин чын экенине далил болгон Биздин аяттарыбызга ишенген ыймандуулар келсе,алардыурматтап саламына жооп кайтар,аларга Аллахтын ырайымыкенен экенин сүйүнчүлө. Аллах Таала Өзүнө кенен ыйрайымдуулукту ыйгарган. Алардын кимиси болсо да билбестен же унутуп күнөөгө барса, кийин андан кайтып тообокылса, иш-аракеттерин жакшыртса, Аллах Таала чынында анын кылган күнөөсүн кечирет. Аллах Таала тообокылган пенделерине Кечиримдүү жана аларга Ырайымдуу. بلغ Куран · Тафсир

وَكَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ ٱلْـَٔايَـٰتِ وَلِتَسْتَبِينَ سَبِيلُ ٱلْمُجْرِمِينَ ﴿٥٥﴾

Жогоруда айтылгандарыд сага баяндаган сыяктуу, жалган ишенимдегилерге да далил, белгилерибизди баяндайбыз, күнөөкөрлөрдүн жолу жана түзүлүштөрү айкын болуусу үчүн жана алардан алыс болуп сактанууңар үчүн

قُلْ إِنِّى نُهِيتُ أَنْ أَعْبُدَ ٱلَّذِينَ تَدْعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ ۚ قُل لَّآ أَتَّبِعُ أَهْوَآءَكُمْ ۙ قَدْ ضَلَلْتُ إِذًۭا وَمَآ أَنَا۠ مِنَ ٱلْمُهْتَدِينَ ﴿٥٦﴾

Оо, элчи, аларга: Силер сыйынып жаткан Аллахтан башка нерселерге сыйынууга Аллах мага тыюу салган - деп айт. Дагы айт: Аллахтан башкага сыйынуу каалооңорду ээрчибейм, эгер мында мен силерди ээрчисем ак жолдон адашкан болом, ага багытталбай калам. Аллахтын далилисиз каалоолорун ээрчигендердин баарынын абалы ушундай болот

قُلْ إِنِّى عَلَىٰ بَيِّنَةٍۢ مِّن رَّبِّى وَكَذَّبْتُم بِهِۦ ۚ مَا عِندِى مَا تَسْتَعْجِلُونَ بِهِۦٓ ۚ إِنِ ٱلْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ ۖ يَقُصُّ ٱلْحَقَّ ۖ وَهُوَ خَيْرُ ٱلْفَـٰصِلِينَ ﴿٥٧﴾

Оо, элчи,тиги бутпарастарга минтип айт: Мен каалаоомду эмес, Жаратуучумдун ачык-айкын далилин ээрчийм. а, силер болсо бул далилди жалганга чыгардыңар.Силер талап кылып жаткан адаттан тыш далилдер жана силер шашылып жаткан азаптар менин колумда эмес.Булар Аллахтын колунда.Жалпысилер талап кылган нерселердин өкүмү Аллахка тиешелүү. Ал чындыкты айтат, чындык менен өкүм чыгарат. Ал чындык менен жалганды ажыратуучулардын жана баяндоочулардын эң жакшысы

قُل لَّوْ أَنَّ عِندِى مَا تَسْتَعْجِلُونَ بِهِۦ لَقُضِىَ ٱلْأَمْرُ بَيْنِى وَبَيْنَكُمْ ۗ وَٱللَّهُ أَعْلَمُ بِٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿٥٨﴾

Оо, элчи, аларга айт: Эгер менин колумда же мүмкүнчүлүгүмдө силер шашып талап кылып жаткан азап болгон, аны эбак эле түшүрмөкмүн жана анда мени менен силердин ортобуздагы ишибиз да бүтмөк. Аллах Таала заалымдардын мөөнөтүн канча узартууну жана алардыкачан азаптоону жакшыбилет

۞ وَعِندَهُۥ مَفَاتِحُ ٱلْغَيْبِ لَا يَعْلَمُهَآ إِلَّا هُوَ ۚ وَيَعْلَمُ مَا فِى ٱلْبَرِّ وَٱلْبَحْرِ ۚ وَمَا تَسْقُطُ مِن وَرَقَةٍ إِلَّا يَعْلَمُهَا وَلَا حَبَّةٍۢ فِى ظُلُمَـٰتِ ٱلْأَرْضِ وَلَا رَطْبٍۢ وَلَا يَابِسٍ إِلَّا فِى كِتَـٰبٍۢ مُّبِينٍۢ ﴿٥٩﴾

Кайыптын казыналары жалгыз Аллахтын колунда, аны Андан башка эч ким билбейт. Ал кургактыктагы жана деңиздеги айбанаттарды, өсүмдүктөрдү жана заттардыбилет. Дарактын кайсыбир жерге учуп түшкөн жалбырагы, жер түбүндө өнгөн дан, бышкан жана быша элек нерсенин баары анык китепте жазылып сакталган, ал китеп Лавхул Махфуз. م

وَهُوَ ٱلَّذِى يَتَوَفَّىٰكُم بِٱلَّيْلِ وَيَعْلَمُ مَا جَرَحْتُم بِٱلنَّهَارِ ثُمَّ يَبْعَثُكُمْ فِيهِ لِيُقْضَىٰٓ أَجَلٌۭ مُّسَمًّۭى ۖ ثُمَّ إِلَيْهِ مَرْجِعُكُمْ ثُمَّ يُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ ﴿٦٠﴾

ينبئكم بما كنتمتعملون Силер уктаганда рухуңардыбелгилүү мөөнөткө алып турган Ал Аллах. Күндүзү ойгоо кезиңерде иштерден эмнени кылганыңардыбилген да Аллах.Уйкуда рухуңардыалгандан кийин ишиңерди кылууңар үчүн күндүзүкайра بلغ Куран · Тафсир тирилтет. Ушинтип Аллах өлчөп койгон өмүрүңөр бүткөндөн кийин, кыямат күнү тирилип Аллахтын Өзүнө кайтасыңар. Ошондо силер бул дүйнө жашоосунда эмне кылып жүргөнүңөрдү кабарлайт жана ошого жараша сыйлайт же жазалайт

وَهُوَ ٱلْقَاهِرُ فَوْقَ عِبَادِهِۦ ۖ وَيُرْسِلُ عَلَيْكُمْ حَفَظَةً حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَ أَحَدَكُمُ ٱلْمَوْتُ تَوَفَّتْهُ رُسُلُنَا وَهُمْ لَا يُفَرِّطُونَ ﴿٦١﴾

Аллах Таала пенделерине үстөм; бардык тараптан алардан Бийик, башка баардык нерсе Ага көз каранды. Өзүнүн кемчиликсиз улуктугуна жараша пенделериинин үстүндө. Эй адамдар, Аллах силерге кылган ишиңерди эсептеп сактоочу периштелерин жиберет, ажалыңар жеткенде жаныңарды алуу үчүн өлүм периштесин жана анын жардамчыларын жиберет.Алпериштелер буйрулган ишин кемчиликсиз аткарат

ثُمَّ رُدُّوٓا۟ إِلَى ٱللَّهِ مَوْلَىٰهُمُ ٱلْحَقِّ ۚ أَلَا لَهُ ٱلْحُكْمُ وَهُوَ أَسْرَعُ ٱلْحَـٰسِبِينَ ﴿٦٢﴾

Кийин жаныалынгандын баары, кылган иштерине эсеп берүү үчүн, аларга күчтүү чечим жана адил өкүм чыгаруучу чыныгыпадышасыАллахтын алдына чогулат.Ал иш-аракеттерди өтө бат эсеп кылуучу

قُلْ مَن يُنَجِّيكُم مِّن ظُلُمَـٰتِ ٱلْبَرِّ وَٱلْبَحْرِ تَدْعُونَهُۥ تَضَرُّعًۭا وَخُفْيَةًۭ لَّئِنْ أَنجَىٰنَا مِنْ هَـٰذِهِۦ لَنَكُونَنَّ مِنَ ٱلشَّـٰكِرِينَ ﴿٦٣﴾

Оо, элчи, бул бутпарастарга минтип айт: Кургактын жана деңиздин караңгылыгында кабылган апаат-балээлерден ким силерди саламат сактап калат?Ичиңерден да, сыртыңардан кемсинип, Анын жалгыз Өзүнө: О, Жараткан, эгер ушул балээден бизди сак-саламат алып калсаң, бул жакшылыгыңа шүгүр кылуучулардан болуп, Сенден башкага сыйынбайбыз - деп жалбарасыңар го

قُلِ ٱللَّهُ يُنَجِّيكُم مِّنْهَا وَمِن كُلِّ كَرْبٍۢ ثُمَّ أَنتُمْ تُشْرِكُونَ ﴿٦٤﴾

Оо, элчи, аларга минтип айт: Силерди ал балээден куткара турган Аллах Өзү, бардык кайгы-кападан арылтат. силер болсо ошондон кийин да, жыргалчылык учурда Ага башка нерсени шерик кыласыңар. Ушул кылганыңардан да өткөн залымдык болобу?!

قُلْ هُوَ ٱلْقَادِرُ عَلَىٰٓ أَن يَبْعَثَ عَلَيْكُمْ عَذَابًۭا مِّن فَوْقِكُمْ أَوْ مِن تَحْتِ أَرْجُلِكُمْ أَوْ يَلْبِسَكُمْ شِيَعًۭا وَيُذِيقَ بَعْضَكُم بَأْسَ بَعْضٍ ۗ ٱنظُرْ كَيْفَ نُصَرِّفُ ٱلْـَٔايَـٰتِ لَعَلَّهُمْ يَفْقَهُونَ ﴿٦٥﴾

Оо, элчи, аларга дагы минтип айт: Аллах Таала силерге үстүңөрдөн келүүчү таш жаадыруу, чагылган түшүрүү, топон сууга чөктүрүү сыяктуу ошодой эле бут астыңардан келүүчү жер титирөө, жер жутуу сыяктуу азаптарды жиберүүгө күчү жетүүчү-Кудуреттүү. Же жүрөгүңөрдү бири-бириңе каршы кылып коёт да, ар кимиң өз каалооңду ээрчип, бири-бириңерди өлтүрөсүңөр.Эй элчи,алардын ишеними жалган,сен алып келген дин чындык экенин түшүнүүсү үчүн аларга түрдүүбелги,далилдерди көрсөтүп жана баяндап жатканыбыздыкарап көрчү

وَكَذَّبَ بِهِۦ قَوْمُكَ وَهُوَ ٱلْحَقُّ ۚ قُل لَّسْتُ عَلَيْكُم بِوَكِيلٍۢ ﴿٦٦﴾

Коомуң бул Куранды жалган деди. Куран чындык, анын Аллахтан экенине эч күмөн жок. Эй, элчи, аларга: Мага силерди көзөмөлдөө жүктөлгөн эмес, болгону мен силерге жакын арада туш болуучу катуу азаптыэскертүүчүмүн. بلغ Куран · Тафсир ر

لِّكُلِّ نَبَإٍۢ مُّسْتَقَرٌّۭ ۚ وَسَوْفَ تَعْلَمُونَ ﴿٦٧﴾

Ар бир кабардын туруктууубактысыжана бүтө турган акыркычеги бар.Ушунун бири силердин малыңардын жана акыбетиңердин кабары. Муну кыямат күнү кайра тирилгенде билесиңер

وَإِذَا رَأَيْتَ ٱلَّذِينَ يَخُوضُونَ فِىٓ ءَايَـٰتِنَا فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ حَتَّىٰ يَخُوضُوا۟ فِى حَدِيثٍ غَيْرِهِۦ ۚ وَإِمَّا يُنسِيَنَّكَ ٱلشَّيْطَـٰنُ فَلَا تَقْعُدْ بَعْدَ ٱلذِّكْرَىٰ مَعَ ٱلْقَوْمِ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿٦٨﴾

ى Оо, элчи, эгер бутпарастардын Биздин аяттарыбыз тууралуу келекелүү, шылдың сөздөрүн уксаң, аяттарыбызды шылдыңдаган сөздөн башка сөзгө көчмөйүнчө алардан алыс бол. Эгер шайтан унттуруп алар менен отуруп калсаңжана кийин эстесең,алардын отурушун ташта,мындай бузукулар менен отурба

وَمَا عَلَى ٱلَّذِينَ يَتَّقُونَ مِنْ حِسَابِهِم مِّن شَىْءٍۢ وَلَـٰكِن ذِكْرَىٰ لَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ ﴿٦٩﴾

Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюусунан тыйылып такыба болгондор бутпарастар үчүн жооп бербейт, болгону алардын моюнунда туура эмес иштен кайтаруу гана бар, мүмкүн бутпарастар да, буйруктардыаткарып, күнөөдөн тыйылып такыба болуп калаар

وَذَرِ ٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُوا۟ دِينَهُمْ لَعِبًۭا وَلَهْوًۭا وَغَرَّتْهُمُ ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَا ۚ وَذَكِّرْ بِهِۦٓ أَن تُبْسَلَ نَفْسٌۢ بِمَا كَسَبَتْ لَيْسَ لَهَا مِن دُونِ ٱللَّهِ وَلِىٌّۭ وَلَا شَفِيعٌۭ وَإِن تَعْدِلْ كُلَّ عَدْلٍۢ لَّا يُؤْخَذْ مِنْهَآ ۗ أُو۟لَـٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ أُبْسِلُوا۟ بِمَا كَسَبُوا۟ ۖ لَهُمْ شَرَابٌۭ مِّنْ حَمِيمٍۢ وَعَذَابٌ أَلِيمٌۢ بِمَا كَانُوا۟ يَكْفُرُونَ ﴿٧٠﴾

إ حميم وعذاب أليمبما كانوايكفرون Оо, элчи, диндерин оюн-тамашага айлантып, шылдың, келеке кылган бутпарастардан алыс бол, аларды дүйнө жашоосу жана андагы убактылуу кызыктар азгырып койгон. Эй, пайгамбар, адамдарга Куран менен насаат кыл, кылган күнөөлөрү себептүү өздөрүн кыйроого дуушар кылып албасын. Ага жардам бере турган Аллахтан башка жардамчы болбойт жана Кыямат күнү аны Аллахтын азабынан арачалай турган колдоочу да болбойт. Азаптан кутулуу үчүн жаза акысына эмнени бербесин, баары бир кабыл кылынбайт. Булар күнөөгө баткан себептүү өз жандарын кыйроого учураткандар, Кыямат күнү алардын каапырлыгы үчүн ысыктыгы акыркы чегине жеткен ичимдиктер берилип,жан кейиткен азап менен азапталат

قُلْ أَنَدْعُوا۟ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَنفَعُنَا وَلَا يَضُرُّنَا وَنُرَدُّ عَلَىٰٓ أَعْقَابِنَا بَعْدَ إِذْ هَدَىٰنَا ٱللَّهُ كَٱلَّذِى ٱسْتَهْوَتْهُ ٱلشَّيَـٰطِينُ فِى ٱلْأَرْضِ حَيْرَانَ لَهُۥٓ أَصْحَـٰبٌۭ يَدْعُونَهُۥٓ إِلَى ٱلْهُدَى ٱئْتِنَا ۗ قُلْ إِنَّ هُدَى ٱللَّهِ هُوَ ٱلْهُدَىٰ ۖ وَأُمِرْنَا لِنُسْلِمَ لِرَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٧١﴾

Оо, элчи, тиги бутпарастарга минтип айт: Аллахтан башка, пайда берүүгө да, зыян берүүгө да ээлик кыла албаган бут-айкелдерге сыйыналыбы. Аллах Таала туура жолго салып койгондон кийин динден кайтып, шайтандар адаштырып, туура жолун таппай акылы айран болгон кишиге окшойлубу. Анын түз жолдогу жолдоштору бар, алар аны чындыкка чакырат, ал болсо алардын чакырыгына жооп бере албайт. Эй, элчи, аларга дагы минтип айт: Чынында Аллахтын жолу мына ушул туура жол, Аллах бизди Анын Жалгыздыгын моюндап, Ага ибадат кылып моюн сунууга буйруган, Ал ааламдардын Жаратуучусу بلغ Куран · Тафсир

وَأَنْ أَقِيمُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَٱتَّقُوهُ ۚ وَهُوَ ٱلَّذِىٓ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ ﴿٧٢﴾

Чынында бизди намазды толук кандуу окууга буйруду, Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюусунан тыйылып, такыба болууга буйруду. Ал Жалгыз, кыямат күнү пенделер топтолуп, кылган иштерине эсеп-кысап берүү үчүн Ага барат

وَهُوَ ٱلَّذِى خَلَقَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ بِٱلْحَقِّ ۖ وَيَوْمَ يَقُولُ كُن فَيَكُونُ ۚ قَوْلُهُ ٱلْحَقُّ ۚ وَلَهُ ٱلْمُلْكُ يَوْمَ يُنفَخُ فِى ٱلصُّورِ ۚ عَـٰلِمُ ٱلْغَيْبِ وَٱلشَّهَـٰدَةِ ۚ وَهُوَ ٱلْحَكِيمُ ٱلْخَبِيرُ ﴿٧٣﴾

Ал асман-жерди чындык менен жараткан кемчиликсиз Аллах Таала. Аллах бир нерсеге бол деген күнү ал болуп калат. Кыямат күнү тургула дегенде турушат. Анын сөзү сөзсүз боло турган чындык. Кыямат күнү Исрафил периште сурнайын экинчи жолу үйлөгөндө бардык падышалык Ага таандык болот. Ал кайыпты да, көрүнүп турганды Билүүчү, жаратууда жана башкарууда Даанышман, эч нерсе жашыруун болбогон Кабардар, иштердин ички сыры Ага сыртында көрүнүп тургандай эле маалым

۞ وَإِذْ قَالَ إِبْرَٰهِيمُ لِأَبِيهِ ءَازَرَ أَتَتَّخِذُ أَصْنَامًا ءَالِهَةً ۖ إِنِّىٓ أَرَىٰكَ وَقَوْمَكَ فِى ضَلَـٰلٍۢ مُّبِينٍۢ ﴿٧٤﴾

Оо, элчи, Ибрахим (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) буттарга сыйынган атасына кайрылып: "Ата, Аллахты танып, ушул буттарга ибадат кыласыңбы? Сиз дагы, буттарга ибадат кылган сиздин коомуңуз дагы Аллахты танып, Андан башка нерселерге ибадат кылып, ачык-айкын адашышты жана чыныгы туура жолдон четтеп кетишти. Ал Кемчиликсиз Аллах чыныгы ибадатка татыктуу, Андан башкалары ибадат кылууга татыктуу эмес

وَكَذَٰلِكَ نُرِىٓ إِبْرَٰهِيمَ مَلَكُوتَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَلِيَكُونَ مِنَ ٱلْمُوقِنِينَ ﴿٧٥﴾

Атасынын жана анын коомунун адашуусун көрсөткөн сыяктуу, Аллахтын жалгыздыгына, ибадат кылуу жалгыз Ага ылайык экенине жыйынтык чыгарып, Аллах эч бир шериги жок, бардык нерсеге Кудуреттүү экенине анык ишенүүчүлөрдөн болуусуүчүн ага асман-жердин түгөнгүс мүлкүн көрсөттүк

فَلَمَّا جَنَّ عَلَيْهِ ٱلَّيْلُ رَءَا كَوْكَبًۭا ۖ قَالَ هَـٰذَا رَبِّى ۖ فَلَمَّآ أَفَلَ قَالَ لَآ أُحِبُّ ٱلْـَٔافِلِينَ ﴿٧٦﴾

Караңгы киргенде асмандан жылдызды көрүп: "Ушул менин Раббим" - деди. (Жер жарып) жылдыз көрүнбөй калганда: "Жок болуп кетүүчүлөрдү жакшы көрбөймүн" , - деди. Анткени, чыныгы Кудай дайыма бар болот, Ал жоголуп кетпейт

فَلَمَّا رَءَا ٱلْقَمَرَ بَازِغًۭا قَالَ هَـٰذَا رَبِّى ۖ فَلَمَّآ أَفَلَ قَالَ لَئِن لَّمْ يَهْدِنِى رَبِّى لَأَكُونَنَّ مِنَ ٱلْقَوْمِ ٱلضَّآلِّينَ ﴿٧٧﴾

Толуп чыккан айдыкөрүп: "Мына ушул менин Раббим" - деди. Ай батып кеткенде: "Жалгыздыгын таанууга жана Ага ибадат кылууга Аллах Өзү жол көрсөтпөсө, Анын чыныгыдининен алыстап, адашкан коомдон болуп калчудаймын" - деди. بلغ Куран · Тафсир

فَلَمَّا رَءَا ٱلشَّمْسَ بَازِغَةًۭ قَالَ هَـٰذَا رَبِّى هَـٰذَآ أَكْبَرُ ۖ فَلَمَّآ أَفَلَتْ قَالَ يَـٰقَوْمِ إِنِّى بَرِىٓءٌۭ مِّمَّا تُشْرِكُونَ ﴿٧٨﴾

Жаркырап тийген күндү көрүп: "Мына бул жылдыздан да, айдан да чоң болгон Күн менин Раббим" - деди. Күн батып кеткенде: "Эй, эл-журт, силер Аллахка шерик кылган нерселердин баарынан жүз бурдум" - деди

إِنِّى وَجَّهْتُ وَجْهِىَ لِلَّذِى فَطَرَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ حَنِيفًۭا ۖ وَمَآ أَنَا۠ مِنَ ٱلْمُشْرِكِينَ ﴿٧٩﴾

Мен көп кудайлуулук ишениминен бир Кудайга ишенүүгө кайтып,мурда эчбир окшошуболбогон асман-жердин Жаратуучусуна динимди тапшырдым.Мен Аллахка башка нерсени шерик кылып ибадат кылуучулардан эмесмин

وَحَآجَّهُۥ قَوْمُهُۥ ۚ قَالَ أَتُحَـٰٓجُّوٓنِّى فِى ٱللَّهِ وَقَدْ هَدَىٰنِ ۚ وَلَآ أَخَافُ مَا تُشْرِكُونَ بِهِۦٓ إِلَّآ أَن يَشَآءَ رَبِّى شَيْـًۭٔا ۗ وَسِعَ رَبِّى كُلَّ شَىْءٍ عِلْمًا ۗ أَفَلَا تَتَذَكَّرُونَ ﴿٨٠﴾

Бутпарас коому Аллахтын жалгыздыгы тууралуу талашып-тартышып, аны бут-айкелдери менен коркута баштаганда, аларга минтип айтты: "Аллахтын жалгыздыгы, ибадатка татыктуулугу тууралуу талашасыңарбы? Раббим мени бул жолго Өзү багыттаган, мен силердин бут-айкелдериңерден коркпоймун. Анткени, эгер Аллах каалабаса, алар мага зыянын да, пайдасын да тийгизе албайт. Аллах каалаган нерсе гана болот. Аллах бардык нерсени билип турат, асман-жерде болгондордун баарыага жашыруун эмес. Эй, эл, силер Ага каапыр болуп, ширк кылып, жалгыз Аллахка ишенбей жүрөсүңөр, ушуну ойлонбойсуңарбы?!

وَكَيْفَ أَخَافُ مَآ أَشْرَكْتُمْ وَلَا تَخَافُونَ أَنَّكُمْ أَشْرَكْتُم بِٱللَّهِ مَا لَمْ يُنَزِّلْ بِهِۦ عَلَيْكُمْ سُلْطَـٰنًۭا ۚ فَأَىُّ ٱلْفَرِيقَيْنِ أَحَقُّ بِٱلْأَمْنِ ۖ إِن كُنتُمْ تَعْلَمُونَ ﴿٨١﴾

Силер Аллахка эчдалилсиз ширк кылып,Аллахжараткан нерселерди Ага шерик кылуудан коркпосоңор,мен силер ибадат кылып жаткан буттардан эмнеге коркмок элем.?! Бул эки топтун: бир Кудайга ишенүүчүлөр менен ширк кылуучулардын кайсынысы бейпилдикке, тынчтыкка татыктуу? Булардын кайсынысы татыктуураак экенин билсеңер, ошонусун ээрчииле, акыйкатта татыктуурагы- эч шексиз - бир Кудайга ишенүүчү, ыймандуулардын тобу

ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَلَمْ يَلْبِسُوٓا۟ إِيمَـٰنَهُم بِظُلْمٍ أُو۟لَـٰٓئِكَ لَهُمُ ٱلْأَمْنُ وَهُم مُّهْتَدُونَ ﴿٨٢﴾

Аллахка ыйман келтирип, шариятты бекем кармап, ыймандарына ширкти аралаштырбаган адамдарга гана тынчтык, амандык болот. Алар багытталган адамдар, аларды Раббилери туура жолго багыттаган

وَتِلْكَ حُجَّتُنَآ ءَاتَيْنَـٰهَآ إِبْرَٰهِيمَ عَلَىٰ قَوْمِهِۦ ۚ نَرْفَعُ دَرَجَـٰتٍۢ مَّن نَّشَآءُ ۗ إِنَّ رَبَّكَ حَكِيمٌ عَلِيمٌۭ ﴿٨٣﴾

(Бул эки топтун кайсынысы тынчтыкка акылуу...) деген Аллахтын сөзү Биз Ибрахимге берген далил. Ал ошол далил менен коомунун далилдерине үстөмдүк кылып,алардын далилдерин жоккочыгарды.Биз каалаган пендебиздин даражасын бул дүйнөдө да, акыретте да көтөрбүз. Эй, элчи, акыйкатта сенин Раббиң жаратуучулугунда жана башкаруусунда Даанышман, пенделерин Билүүчү. بلغ Куран · Тафсир

وَوَهَبْنَا لَهُۥٓ إِسْحَـٰقَ وَيَعْقُوبَ ۚ كُلًّا هَدَيْنَا ۚ وَنُوحًا هَدَيْنَا مِن قَبْلُ ۖ وَمِن ذُرِّيَّتِهِۦ دَاوُۥدَ وَسُلَيْمَـٰنَ وَأَيُّوبَ وَيُوسُفَ وَمُوسَىٰ وَهَـٰرُونَ ۚ وَكَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿٨٤﴾

ى Ибрахимге баласы Исхакты жана небереси Якубду бердик жана ал экөөң тең туура жолго салдык. Булардан мурда Нухту да туура жолго салганбыз.Ошондой эле анын урпактарынан Даудду, анын уулу Сулайманды, Айюбду, Юсуфту, Мусаны, анын агасы Харунду (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) туура жолго салганбыз. Биз пайгамбарларды алардын жакшылыктары үчүн ушундай сыйлаганбыз. Алардан башка жакшылык кылуучуларды да ушундай ل сыйлайбыз

وَزَكَرِيَّا وَيَحْيَىٰ وَعِيسَىٰ وَإِلْيَاسَ ۖ كُلٌّۭ مِّنَ ٱلصَّـٰلِحِينَ ﴿٨٥﴾

Ошондой эле Закарияны,Яхияны, Мариямдын уулу Исаны жана Илясты (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) туура жолго багыттаганбыз. Бул пайгамбарлардын لбаары Аллах элчи кылып тандаган саалих-ыймандуу адамдардан эле

وَإِسْمَـٰعِيلَ وَٱلْيَسَعَ وَيُونُسَ وَلُوطًۭا ۚ وَكُلًّۭا فَضَّلْنَا عَلَى ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٨٦﴾

Ошондой эле Исмаилди, Ал-Ясаьны,Юнусту жана Лутту да (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) туура жолго багыттадык. Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) баш болгон ушулпайгамбарлардын баарын ааламдардан артык кылдык

وَمِنْ ءَابَآئِهِمْ وَذُرِّيَّـٰتِهِمْ وَإِخْوَٰنِهِمْ ۖ وَٱجْتَبَيْنَـٰهُمْ وَهَدَيْنَـٰهُمْ إِلَىٰ صِرَٰطٍۢ مُّسْتَقِيمٍۢ ﴿٨٧﴾

Биз туура жолго түшүүсүн каалап, тандаган алардын кээ бир аталарын, кээ бир балдарын жана кээ бир туугандарын да бир Кудайга сыйынуу жана баш ийүү жолу болгон түз, туура жолгобагыттадык

ذَٰلِكَ هُدَى ٱللَّهِ يَهْدِى بِهِۦ مَن يَشَآءُ مِنْ عِبَادِهِۦ ۚ وَلَوْ أَشْرَكُوا۟ لَحَبِطَ عَنْهُم مَّا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿٨٨﴾

Алардын туура жолго түшүүсү Аллахтын багыттоосу менен, Аллах каалаган пенделерин ушинтип багыттайт. Эгер алар Аллахка башка нерсени шерик кылышса, кылган жакшы иш-аракеттери текке кетет. Анткени, ширк жакшы иштерди жокко чыгарат

أُو۟لَـٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ ءَاتَيْنَـٰهُمُ ٱلْكِتَـٰبَ وَٱلْحُكْمَ وَٱلنُّبُوَّةَ ۚ فَإِن يَكْفُرْ بِهَا هَـٰٓؤُلَآءِ فَقَدْ وَكَّلْنَا بِهَا قَوْمًۭا لَّيْسُوا۟ بِهَا بِكَـٰفِرِينَ ﴿٨٩﴾

Жогоруда айтылган пайгамбарларга Биз китептерди, даанышмандыкты жана пайгамбарлыкты бергенбиз. Эгер сенин коомуң Биз пайгамбарларга берген бул үч нерсеге каапырлык кылышса, ага каапыр болбой турган башка коомду даярдап, алмаштырып коёбуз. Алар аныбекем кармаган ыймандуулар болушат. Алар мухажирлер жана ансарлар,ошондой эле алардын жолун жолдогон кыяматка чейинки ыймандуулар. بلغ Куран · Тафсир

أُو۟لَـٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ هَدَى ٱللَّهُ ۖ فَبِهُدَىٰهُمُ ٱقْتَدِهْ ۗ قُل لَّآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ أَجْرًا ۖ إِنْ هُوَ إِلَّا ذِكْرَىٰ لِلْعَـٰلَمِينَ ﴿٩٠﴾

Ошол пайгамбарлар жана алар менен бирге айтылган аталары, балдары жана бир туугандары акыйкатта туура жолго түшкөн адамдар. Эй, элчи, сен ушуларды ээрчи жана коомуңа: "Мен Куранды жеткиргеним үчүн силерден акы сурабаймын. Куран - инсан жана жиндер үчүн насаат-эскертме, ал аркылуу түз, туура жолду табасыңар" - деп айт

وَمَا قَدَرُوا۟ ٱللَّهَ حَقَّ قَدْرِهِۦٓ إِذْ قَالُوا۟ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ عَلَىٰ بَشَرٍۢ مِّن شَىْءٍۢ ۗ قُلْ مَنْ أَنزَلَ ٱلْكِتَـٰبَ ٱلَّذِى جَآءَ بِهِۦ مُوسَىٰ نُورًۭا وَهُدًۭى لِّلنَّاسِ ۖ تَجْعَلُونَهُۥ قَرَاطِيسَ تُبْدُونَهَا وَتُخْفُونَ كَثِيرًۭا ۖ وَعُلِّمْتُم مَّا لَمْ تَعْلَمُوٓا۟ أَنتُمْ وَلَآ ءَابَآؤُكُمْ ۖ قُلِ ٱللَّهُ ۖ ثُمَّ ذَرْهُمْ فِى خَوْضِهِمْ يَلْعَبُونَ ﴿٩١﴾

ى Бутпарастар Аллахтын пайгамбары Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун): "Аллах адамзатка эч кандай аян-кабар түшүргөн эмес" - дегенде, Аллахты Өз улуулугуна жараша баалашкан жок. Эй, элчи, аларга минтип айт: "Мусага анын коому үчүн нур, туура жол жана багыт кылып Тооротту ким түшүргөн?" Жөөттөр анын жазып алышып,көңүлүнө жаккан жерин ачык көрсөтүп,Мухаммаддын сыпаттары сыяктуу көңүлдөрүнө жакпаган жерин жашырып коюшкан. Эй, араптар, силер өзүңөр да, силерден мурдагылар да билбеген нерселерди Курандан үйрөндүңөр. Эй, элчи, аларга: "Аны Аллах түшүргөн" - деп айт. Кийин аларды чындык ачыкка чыкчу күн келгиче, караңгы, адашкан, шылдыңдаган абалдарында таштап кой

وَهَـٰذَا كِتَـٰبٌ أَنزَلْنَـٰهُ مُبَارَكٌۭ مُّصَدِّقُ ٱلَّذِى بَيْنَ يَدَيْهِ وَلِتُنذِرَ أُمَّ ٱلْقُرَىٰ وَمَنْ حَوْلَهَا ۚ وَٱلَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ يُؤْمِنُونَ بِهِۦ ۖ وَهُمْ عَلَىٰ صَلَاتِهِمْ يُحَافِظُونَ ﴿٩٢﴾

ى Оо, пайгамбар,Куран Биз сага түшүргөн китеп, ал берекелүү, мурдагы асман китептерин тастыктаган китеп. Ал Мекке элин жана жердин чыгыш-батышындагы адамдардын баарын туура жолго киргизүү үчүн эскертүү. Акырет жашоосуна ыйман келтиргендер, Куранга да ыйман келтиришет. Анда айтылгандарды иш жүзүндө аткарышат. Намаздарын парз, важыб, мустахабдарыменен шариятта белгиленген так убактысында окушат

وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ ٱفْتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا أَوْ قَالَ أُوحِىَ إِلَىَّ وَلَمْ يُوحَ إِلَيْهِ شَىْءٌۭ وَمَن قَالَ سَأُنزِلُ مِثْلَ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ ۗ وَلَوْ تَرَىٰٓ إِذِ ٱلظَّـٰلِمُونَ فِى غَمَرَٰتِ ٱلْمَوْتِ وَٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ بَاسِطُوٓا۟ أَيْدِيهِمْ أَخْرِجُوٓا۟ أَنفُسَكُمُ ۖ ٱلْيَوْمَ تُجْزَوْنَ عَذَابَ ٱلْهُونِ بِمَا كُنتُمْ تَقُولُونَ عَلَى ٱللَّهِ غَيْرَ ٱلْحَقِّ وَكُنتُمْ عَنْ ءَايَـٰتِهِۦ تَسْتَكْبِرُونَ ﴿٩٣﴾

Өз оюнан ойлоп таап Аллахка жалган айткан адамдан өткөн залым болобу!? Ал: "Аллах Таала адам баласына эч кандай аян-кабар түшүргөн эмес" - деп айтат. Же Аллахага эч нерсе түшүрбөсө деле, өзүнө аян-кабар түшүрдү деп айтат. Же болбосо: "Мен дагы Аллах Куранда түшүргөн дин сыяктуу динди түшүрөмүн" - дейт. Эй, элчи, ал залымдар өлүмдүн даамын татышканын, периштелер аларга колун созуп, азаптап, уруп жатышканын көргөнүндө... Периштелер аларга каардуу мамиле жасап: "Жаныңарды чыгаргыла, биз аны алып кетебиз. Пайгамбарлык, аян-кабар жана Аллах түшүргөн сыяктуу динди түшүрүү тууралуу Аллахка жалган айтканыңар себептүүошондой эле Аллахтын аяттарына ыйман келтирүүдөн текеберленгениңер үчүн бүгүн катуу,кор кылуучу азап менен кыйналасыңар" - дешет. Эгер ошол учурду көргөңүңдө өтө коркунучтуу абалдыкөрөт элең. بلغ Куран · Тафсир

وَلَقَدْ جِئْتُمُونَا فُرَٰدَىٰ كَمَا خَلَقْنَـٰكُمْ أَوَّلَ مَرَّةٍۢ وَتَرَكْتُم مَّا خَوَّلْنَـٰكُمْ وَرَآءَ ظُهُورِكُمْ ۖ وَمَا نَرَىٰ مَعَكُمْ شُفَعَآءَكُمُ ٱلَّذِينَ زَعَمْتُمْ أَنَّهُمْ فِيكُمْ شُرَكَـٰٓؤُا۟ ۚ لَقَد تَّقَطَّعَ بَيْنَكُمْ وَضَلَّ عَنكُم مَّا كُنتُمْ تَزْعُمُونَ ﴿٩٤﴾

Кайра тирилүү күнү аларга минтип айтылат: "Биз силерди алгач жаратканда жылаңач, жылаң аяк жараткандай, Биздин алдыбызга бүгүн байлыгыңар да, бийлигиңер да жок жалгыз келдиңер го! Биз берген байлык, бийлигиңерди тиги дүйнөгө таштадыңар. Ибадат кылганда Аллахка шерик болот, бизге ортомчулук кылат деп ойлогон "кудайларыңарды" да жаныңарда көрбөдүк. Силердин алар менен байланышыңар үзүлдү. Булар Аллахтын шериктери,бизге колдоокөрсөтөт деген оюңар жоккочыкты"

۞ إِنَّ ٱللَّهَ فَالِقُ ٱلْحَبِّ وَٱلنَّوَىٰ ۖ يُخْرِجُ ٱلْحَىَّ مِنَ ٱلْمَيِّتِ وَمُخْرِجُ ٱلْمَيِّتِ مِنَ ٱلْحَىِّ ۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ ۖ فَأَنَّىٰ تُؤْفَكُونَ ﴿٩٥﴾

Чынында, үрөөндү өндүрүп, андан эгин чыгарган жалгыз Аллах. Данекти жарып, андан курма, жүзүм, ж.б. дарактарды өстүргөн да жалгыз Аллах. Ал өлүктөн тирүүнү чыгарат; мисалы, адам баласы да, айбанаттар да бир тамчы уруктук суудан чыккан. Ал тирүүдөн өлүктү чыгарат; мисалы, ошол уруктук суу адамдан чыгат, жумуртка тооктон чыгат.Ушунун баарын силерди жараткан Аллахжасайт.Эй,бутпарастар,Аллахтын жоктон бар кылганына күбө болуп туруп,чындыктан кантип качасыңар!?

فَالِقُ ٱلْإِصْبَاحِ وَجَعَلَ ٱلَّيْلَ سَكَنًۭا وَٱلشَّمْسَ وَٱلْقَمَرَ حُسْبَانًۭا ۚ ذَٰلِكَ تَقْدِيرُ ٱلْعَزِيزِ ٱلْعَلِيمِ ﴿٩٦﴾

Ал, Кемчиликсиз, Улуу Аллах түндүн караңгылыгын таңдын нуру менен жарытат. Ал, күндүзү иштеп чарчаган адамдар эс алып, иш-аракеттерин токтотуусу үчүн түндү эс алуучу убак кылды. Ал, күн менен айды ченелген тагдыр менен жүрө турган кылды. Мына ушул айтылган жоктон бар кылуунун баарыэч кимдин күчү жетпеген Кубаттуу Аллахтын тагдыры, Ал жараткандарын жана аларга эмне пайдалуу экенин Билүүчү

وَهُوَ ٱلَّذِى جَعَلَ لَكُمُ ٱلنُّجُومَ لِتَهْتَدُوا۟ بِهَا فِى ظُلُمَـٰتِ ٱلْبَرِّ وَٱلْبَحْرِ ۗ قَدْ فَصَّلْنَا ٱلْـَٔايَـٰتِ لِقَوْمٍۢ يَعْلَمُونَ ﴿٩٧﴾

Оо, Адам, баласы, Ал, Кемчиликсиз, Улуу Аллах силер кургакта жана деңизде сапарда жүргөндө аларды карап жол табуу үчүн асмандагы жылдыздарды жаратты. Чынында, далил, белгилерге акыл жугүртүп, андан пайда ала турган адамдар үчүн,Кудуретибизди билдирген далил,белгилердиر ачык-айкын баян кылдык

وَهُوَ ٱلَّذِىٓ أَنشَأَكُم مِّن نَّفْسٍۢ وَٰحِدَةٍۢ فَمُسْتَقَرٌّۭ وَمُسْتَوْدَعٌۭ ۗ قَدْ فَصَّلْنَا ٱلْـَٔايَـٰتِ لِقَوْمٍۢ يَفْقَهُونَ ﴿٩٨﴾

Ал Кемчиликсиз, Улуу Аллах силерди бир жандан, атаңар Адамдан жараткан. Ал эми жаратылууңар атаңардын топурактан жаралуусунан башталган. Кийин андан силерди жаратты. Силерге энеңердин жатынын бышып жетилүүчужай,атаңардын беломурткасын сакталуучужай кылып койду.Аллахтын сөзүнө түшүнгөн адамдар үчүн далилдерди ушиндай баян кылдык. بلغ Куран · Тафсир ب

وَهُوَ ٱلَّذِىٓ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ فَأَخْرَجْنَا بِهِۦ نَبَاتَ كُلِّ شَىْءٍۢ فَأَخْرَجْنَا مِنْهُ خَضِرًۭا نُّخْرِجُ مِنْهُ حَبًّۭا مُّتَرَاكِبًۭا وَمِنَ ٱلنَّخْلِ مِن طَلْعِهَا قِنْوَانٌۭ دَانِيَةٌۭ وَجَنَّـٰتٍۢ مِّنْ أَعْنَابٍۢ وَٱلزَّيْتُونَ وَٱلرُّمَّانَ مُشْتَبِهًۭا وَغَيْرَ مُتَشَـٰبِهٍ ۗ ٱنظُرُوٓا۟ إِلَىٰ ثَمَرِهِۦٓ إِذَآ أَثْمَرَ وَيَنْعِهِۦٓ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكُمْ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّقَوْمٍۢ يُؤْمِنُونَ ﴿٩٩﴾

Ал, Кемчиликсиз, Улуу Аллах асмандан жамгыр жаадырат. Жамгыр суусу менен өсүмдүктөрдүн бардык түрүн өстүрдүк, өсүмдүктөрдөн жапжашыл эгиндерди жана дарактарды чыгардык. Андан дандары бири-бирине жабышкан машактардычыгарабыз.Курманын бутактарынан отурган адам да,турган адам да жетчүдөй ийилген шиңгил мөмөлөрү чыгат. Ошондой эле жүзүм бакчаларын, жалбырактары окшош бирок, мөмөлөрү ар башка зайтун жана анар бактарын чыгарабыз. Эй, адамдар, мөмөлөр эми байлаганда жана алар бышып-жетилип калганда аларга карагыла! Эй, адамдар, мында, далил, белгилерден пайда алып, Аллахка ыйман келтирген адамдар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүнө ачык-айкын далилдер бар

وَجَعَلُوا۟ لِلَّهِ شُرَكَآءَ ٱلْجِنَّ وَخَلَقَهُمْ ۖ وَخَرَقُوا۟ لَهُۥ بَنِينَ وَبَنَـٰتٍۭ بِغَيْرِ عِلْمٍۢ ۚ سُبْحَـٰنَهُۥ وَتَعَـٰلَىٰ عَمَّا يَصِفُونَ ﴿١٠٠﴾

Бутпарастар пайда-зыянытиет деген ишеними менен ибадат кылган учурда жиндерди Аллахка шерик кылышты. Чынында, аларды да Аллах жараткан, Андан башка эч ким жараткан эмес. Ошон үчүн ибадат кылууга бир гана Аллах ылайыктуу. Жөөттөр Узайрды, христиандар Исаны Аллахтын баласы деп, бутпарастар периштелерди Аллахтын кыздары деген сыяктуу Аллахка уул-кызды таңуулашты. Аллах жалган ишенимдегилер сыпаттаган сыпаттардын баарынан Аруужана Бийик

بَدِيعُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۖ أَنَّىٰ يَكُونُ لَهُۥ وَلَدٌۭ وَلَمْ تَكُن لَّهُۥ صَـٰحِبَةٌۭ ۖ وَخَلَقَ كُلَّ شَىْءٍۢ ۖ وَهُوَ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌۭ ﴿١٠١﴾

Ал, Кемчиликсиз, Улуу Аллах муда болбогон сүрөттөгү асмандардын жана жердин Жаратуучусу. Анын аялы болбосо, кантип баласы болсун!? Ал чынында, бардык нерсени жараткан, Ал бардык нерсени Билүүчү, Ага эч нерсе жашырууну эмес

ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمْ ۖ لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ خَـٰلِقُ كُلِّ شَىْءٍۢ فَٱعْبُدُوهُ ۚ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ وَكِيلٌۭ ﴿١٠٢﴾

Оо, адамдар, ушундай сыпаттар менен сыпатталаган Зат силердин Раббиңер, андан башка силерге Рабби жок. Андан ашка ибадат кылууга татыктуу эч ким жок, Ал бардык нерсени жаратуучу, Анын Өзүө гана сыйынгыла, Ал ибадат кылууга татыктуу.Албардык нерсени сактап туруучу

لَّا تُدْرِكُهُ ٱلْأَبْصَـٰرُ وَهُوَ يُدْرِكُ ٱلْأَبْصَـٰرَ ۖ وَهُوَ ٱللَّطِيفُ ٱلْخَبِيرُ ﴿١٠٣﴾

Көздөр аны орой албайт, Ал Кемчиликсиз Зат көздөрдү ороп алат. Ал саалих пенделерине Жумшак, алардан Кабардар

قَدْ جَآءَكُم بَصَآئِرُ مِن رَّبِّكُمْ ۖ فَمَنْ أَبْصَرَ فَلِنَفْسِهِۦ ۖ وَمَنْ عَمِىَ فَعَلَيْهَا ۚ وَمَآ أَنَا۠ عَلَيْكُم بِحَفِيظٍۢ ﴿١٠٤﴾

Оо, адамдар, силерге Раббиңерден ачык-айкын далилдер жана белгилер келди, ким ага акыл жүгүртүп, баш ийсе, пайдасы өзүнө. Ал эми ким сокур болуп, акыл жүгүртпөсө жана баш ийбесе, анын зыяны өзүнө. Мен силердин иш- аракетиңерди санаган күзөтчүэмесмин.Мен силерди күзөтүп турган Раббимдин элчисимин. بلغ Куран · Тафсир

وَكَذَٰلِكَ نُصَرِّفُ ٱلْـَٔايَـٰتِ وَلِيَقُولُوا۟ دَرَسْتَ وَلِنُبَيِّنَهُۥ لِقَوْمٍۢ يَعْلَمُونَ ﴿١٠٥﴾

Аллахтын күч-кудуретине ар түрдүү далил, белгилерди көрсөткөнүбүз сыяктуу, аяттарыбызды да убада, эскертүү, насаат кылып ар түрдүү түшүрдүк. Бутпарастар: Бул аян-кабар эмес, сен муну мурдагы китеп ээлеринен үйрөнгөнсүң - дешет. Ошондой эле чындыкты Мухаммаддын үммөтүнө баян кылуубуз үчүн аяттарды түрдүү кылдык. Алар чындыкты калы кылышат жана аны ээрчишет

ٱتَّبِعْ مَآ أُوحِىَ إِلَيْكَ مِن رَّبِّكَ ۖ لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ وَأَعْرِضْ عَنِ ٱلْمُشْرِكِينَ ﴿١٠٦﴾

Оо, элчи, Раббиң сага аян-кабыр кылган чындыкты гана ээрчи. Ал кемчиликсиз Аллах, Андан башка ибадтка татыктуу эч ким жок. Каапырлардын тоң моюндугуна жүрөгүңдү алагды кылба, алардын иши Аллахтын колунда

وَلَوْ شَآءَ ٱللَّهُ مَآ أَشْرَكُوا۟ ۗ وَمَا جَعَلْنَـٰكَ عَلَيْهِمْ حَفِيظًۭا ۖ وَمَآ أَنتَ عَلَيْهِم بِوَكِيلٍۢ ﴿١٠٧﴾

Эгер Аллах алардын Ага эч нерсени шерик кылбоосун каалаганда, алар Ага эч нерсени шерик кылбайт эле. Эй элчи,сени алардын ишин көзөмөлдөй турган кароолкылган эмеспиз.Сен аларга мажбурланбайсың,чынында сен элчисиң, сенин милдетиң жеткирүү

وَلَا تَسُبُّوا۟ ٱلَّذِينَ يَدْعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ فَيَسُبُّوا۟ ٱللَّهَ عَدْوًۢا بِغَيْرِ عِلْمٍۢ ۗ كَذَٰلِكَ زَيَّنَّا لِكُلِّ أُمَّةٍ عَمَلَهُمْ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّهِم مَّرْجِعُهُمْ فَيُنَبِّئُهُم بِمَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿١٠٨﴾

مرجعهم فينبئهم بما كانوايعملون Оо, ыймандуулар, сөгүүгө ылайыктуу өтө жаман нерселер болгонуна карабастан, бутпарастар Аллахка шерик кылып сыйынып жаткан бут-айкелдерди сөкпөгүлө. Бутпарастар ага өчөшүп жана караңгылык кылып Аллахты сөкпөсүн. Аларга адашуулары кооз көрүнгөн сыяктуу бардык үммөттөргө өздөрүнүн иш-аракеттери жакшы болсо да, жаман болсо да аны кооз көрсөттүк. Биз аларга кооз көрсөткөн нерседен сактангыла. Кыямат күнү баары Раббисине кайтат. Ошондоалардын бул дүйнөдө эмне иш-аракет кылганын кабар берип, ошогожараша жазалайт

وَأَقْسَمُوا۟ بِٱللَّهِ جَهْدَ أَيْمَـٰنِهِمْ لَئِن جَآءَتْهُمْ ءَايَةٌۭ لَّيُؤْمِنُنَّ بِهَا ۚ قُلْ إِنَّمَا ٱلْـَٔايَـٰتُ عِندَ ٱللَّهِ ۖ وَمَا يُشْعِرُكُمْ أَنَّهَآ إِذَا جَآءَتْ لَا يُؤْمِنُونَ ﴿١٠٩﴾

Эгер Мухаммад аларга алар талап кылган Аллахтын аят-белгилеринен бир белгини алып келсе, ага ыйман келтиребиз деп, бутпарастар колунан келишинче жан үрөп Аллахка ант беришет. Эй элчи, аларга: "Аят-белгилерди түшүргүдөй алар менин колумда эмес, ал Аллахтын колунда качан кааласа, ошондо түшүрөт" - деп айт. Эй, ыймандуулар, эгер алардын талабына ылайык аят-белги келсе да алардын ыйман келтирбестигин билесиңерби? Алар кежирленип, моюнуна албаган боюнча кала беришет, анткени алар туура жолду каалашпайт

وَنُقَلِّبُ أَفْـِٔدَتَهُمْ وَأَبْصَـٰرَهُمْ كَمَا لَمْ يُؤْمِنُوا۟ بِهِۦٓ أَوَّلَ مَرَّةٍۢ وَنَذَرُهُمْ فِى طُغْيَـٰنِهِمْ يَعْمَهُونَ ﴿١١٠﴾

Өздөрүнүн кежирлиги себептүү биринчи ирет Куранга ыйман келтирүүдөн алыстатып койгонубуз сыяктуу, алардын жүрөктөрүн жана көздөрүн чындыкка алып барчу туура жолдон алагды кылып, оодарып койдук. Эми алардыадашып, дүрбөлөңгө түшүп, тентиген боюнча Раббисине калтырып коёбуз. بلغ Куран · Тафсир

۞ وَلَوْ أَنَّنَا نَزَّلْنَآ إِلَيْهِمُ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةَ وَكَلَّمَهُمُ ٱلْمَوْتَىٰ وَحَشَرْنَا عَلَيْهِمْ كُلَّ شَىْءٍۢ قُبُلًۭا مَّا كَانُوا۟ لِيُؤْمِنُوٓا۟ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ يَجْهَلُونَ ﴿١١١﴾

ولكن أك ثرهم يجهلون Биз алар талап кылган нерсени алып келип,периштелерди түшүрсөк жана ага күбоболушса,өлүктөр сүйлөп,сен алып келген дин чындык экенин айтышса,алар талап кылган нерсенин баарын алардын алдына келтирсек дагы, баары бир алар сен алып келген нерсеге ыйман келтиришпейт. Аллах туура жолду каалагандары гана ыйман келтиришет. Бирок, алардын көбү мындан кабары жок, Аллахтан туура жолوтилеп жалынышпайт

وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَا لِكُلِّ نَبِىٍّ عَدُوًّۭا شَيَـٰطِينَ ٱلْإِنسِ وَٱلْجِنِّ يُوحِى بَعْضُهُمْ إِلَىٰ بَعْضٍۢ زُخْرُفَ ٱلْقَوْلِ غُرُورًۭا ۚ وَلَوْ شَآءَ رَبُّكَ مَا فَعَلُوهُ ۖ فَذَرْهُمْ وَمَا يَفْتَرُونَ ﴿١١٢﴾

Сени бутпарастардын душмандыгы менен сынаган сыяктуу сенден мурдагы пайгамбарларды да сынаганбыз. Алардын ар бирине адамдардан жана жиндерден болгон душмандардыкылганбыз, алар бири-бирин азгырып, элди алдоо үчүн жалганды кооз кылып көсөтүшкөн. Эгер Аллах кааласа мындай кылбайт эле, бирок, Аллах сыноо үчүн ушуну каалады. Эми жалган, каапырлыгы менен таштап кой, аларга ээрчибе

وَلِتَصْغَىٰٓ إِلَيْهِ أَفْـِٔدَةُ ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ وَلِيَرْضَوْهُ وَلِيَقْتَرِفُوا۟ مَا هُم مُّقْتَرِفُونَ ﴿١١٣﴾

Алардын бири-бирине болгон азгырыгына акыретке ыйман келтирбегендердин жүрөгү жибип, ага ыраазы болуп, кабыл кылып, күнөө-каталарды жасап жүрө берүүсү үчүн

أَفَغَيْرَ ٱللَّهِ أَبْتَغِى حَكَمًۭا وَهُوَ ٱلَّذِىٓ أَنزَلَ إِلَيْكُمُ ٱلْكِتَـٰبَ مُفَصَّلًۭا ۚ وَٱلَّذِينَ ءَاتَيْنَـٰهُمُ ٱلْكِتَـٰبَ يَعْلَمُونَ أَنَّهُۥ مُنَزَّلٌۭ مِّن رَّبِّكَ بِٱلْحَقِّ ۖ فَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلْمُمْتَرِينَ ﴿١١٤﴾

Оо, элчи, Аллахменен бирге башка нерселерге ибадат кылган бул бутпарастарга: "Мен менен силердин ортоңордо өкүм чыгаруу үчүн Аллахтан башканы тандап алуу акылга сыябы?" - деп айт. Куранды толук, баяндоочу кылып түшүргөн ал - Аллах Өзү. Тоорот берилген жөөттөр жана Инжил берилген христиандар, Куран чындыкты алып түшкөн китеп экенин жакшы билишет. Анткени, алар китептеринен буга далилдерди көрүшкөн. Биз сага аян- кабар кылып түшүргөн нерсеге шектенүүчүлөрдөн болбо

وَتَمَّتْ كَلِمَتُ رَبِّكَ صِدْقًۭا وَعَدْلًۭا ۚ لَّا مُبَدِّلَ لِكَلِمَـٰتِهِۦ ۚ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ ﴿١١٥﴾

Куран сөздөрдүн да,кабарлардын да чындыгын чегине жеткирген ,Анын сөзүн өзгөртүүчүжок.Алпенделеринин сөзүн угуучу, аларды билүүчү. Ага эч нерсе жашыруун калбайт. Анын сөздөрүн өзгөртүүгө аракет кылгандарды кийин жазалайт

وَإِن تُطِعْ أَكْثَرَ مَن فِى ٱلْأَرْضِ يُضِلُّوكَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ ۚ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَإِنْ هُمْ إِلَّا يَخْرُصُونَ ﴿١١٦﴾

Оо, элчи, эгер сен жердеги адамдардын көпчүлүгүнө баш ийсең, сени Аллахтын дининен адаштырып коюшат. Акыйкатта, чындыкты азчылык тарапта кылганы бул Аллахтын сүннөт-жолу. Ададмардын көбү дайыны жок күмөнгө ээрчишет, ибадат кылып жаткан нерселери Аллахка жакындатат деп ойлошот жана бул тууралуу жалганды ойлоп чыгарышат. بلغ Куран · Тафсир

إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ مَن يَضِلُّ عَن سَبِيلِهِۦ ۖ وَهُوَ أَعْلَمُ بِٱلْمُهْتَدِينَ ﴿١١٧﴾

Оо, элчи, сенин Раббиң адамдардын кимиси адашканын жана кимиси туура жолго түшкөнүн жакшы билет. Мындан Ага эчнерсе жашыруун калбайт

فَكُلُوا۟ مِمَّا ذُكِرَ ٱسْمُ ٱللَّهِ عَلَيْهِ إِن كُنتُم بِـَٔايَـٰتِهِۦ مُؤْمِنِينَ ﴿١١٨﴾

Оо,адамдар,эгер Анын ачык далилдерине чындап ыйман келтирген болсоңор,Аллахтын атыаталып мууздалган адалды гана жегиле

وَمَا لَكُمْ أَلَّا تَأْكُلُوا۟ مِمَّا ذُكِرَ ٱسْمُ ٱللَّهِ عَلَيْهِ وَقَدْ فَصَّلَ لَكُم مَّا حَرَّمَ عَلَيْكُمْ إِلَّا مَا ٱضْطُرِرْتُمْ إِلَيْهِ ۗ وَإِنَّ كَثِيرًۭا لَّيُضِلُّونَ بِأَهْوَآئِهِم بِغَيْرِ عِلْمٍ ۗ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِٱلْمُعْتَدِينَ ﴿١١٩﴾

Оо, ыймандуулар, Аллахтын аты аталган нерсени жегенден силерди эмне тыйып жатат. Чынында, Аллах силерге арам нерселерди баяндаган, алардан сактануу силерге важыб, бирок, өтө зарылдыкта жесеңер болот. Зарылдык тыюуну жокко чыгарат. Бутпарастардын көбү билбестен, туура эмес пикирден улам чындыктан алыстап кетшүүдө. Алар өлүмтүк сыяктуу Аллах арам кылган нерселерди адал дешет. Бахира (беш жолу ботологон төө), васила (удаа- удаа эки жолу ургачы ботологон төө) жана хами (он жолу ботолоткон эркек төө) сыяктуу Аллах адал деген нерселерди арам кылышат. Эй, элчи, Раббиң чектен чыккандарды жакшы билет жана аларды чектен чыккандыгы үчүн жазалайт

وَذَرُوا۟ ظَـٰهِرَ ٱلْإِثْمِ وَبَاطِنَهُۥٓ ۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَكْسِبُونَ ٱلْإِثْمَ سَيُجْزَوْنَ بِمَا كَانُوا۟ يَقْتَرِفُونَ ﴿١٢٠﴾

Оо, адамдар, ачык жана жашырууну күнөөнүн баарын таштагыла. Ачык жана жашыруун күнөөгө берилгендерди, алардын кылганына жашара Аллах Таала жазалайт

وَلَا تَأْكُلُوا۟ مِمَّا لَمْ يُذْكَرِ ٱسْمُ ٱللَّهِ عَلَيْهِ وَإِنَّهُۥ لَفِسْقٌۭ ۗ وَإِنَّ ٱلشَّيَـٰطِينَ لَيُوحُونَ إِلَىٰٓ أَوْلِيَآئِهِمْ لِيُجَـٰدِلُوكُمْ ۖ وَإِنْ أَطَعْتُمُوهُمْ إِنَّكُمْ لَمُشْرِكُونَ ﴿١٢١﴾

أطعتموهم إ نكم لمشركون Оо, мусулмандар, Аллахтын аты аталбаган нерсени, мейли ага башканын аты аталсын же аталбасын, баары бир аны жебегиле. Анткени, аны жеш Аллахка баш ийүүдөн чыгарып, күнөөгө түртөт. шайтандар өздөрүнүн досторуна өлүмтүктү жеш-жебеш боюнча күмөн жаратат. Оо, мусулмандар, эгер силер ушундай күмөнгө ээрчип аныжесеңер, силер да ширк кылууда алар менен бирдей болуп каласыңар

أَوَمَن كَانَ مَيْتًۭا فَأَحْيَيْنَـٰهُ وَجَعَلْنَا لَهُۥ نُورًۭا يَمْشِى بِهِۦ فِى ٱلنَّاسِ كَمَن مَّثَلُهُۥ فِى ٱلظُّلُمَـٰتِ لَيْسَ بِخَارِجٍۢ مِّنْهَا ۚ كَذَٰلِكَ زُيِّنَ لِلْكَـٰفِرِينَ مَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿١٢٢﴾

كذلك زين للكفرين ما كانوايعملون Каапыр болуп, караңгылыкта, күнөөгө батып өлүк сыяктуу болгон, анан Аллах аны туура жолго, ыйманга багыттап, Өзүнө баш ийдирип тирилткен адам, каапырлыктын, илимсиздиктин жана күнөөкөрдүктүн караңгылыгында жүргөн, андан чыга албай, жолдору жабылып, караңгылыкта калган адам менен бирдей болмок беле!? Бутпарастарга өздөрүнүн ширки, өлүмтүк жегени,жалганды талашып-тартышуусу жакшы көрсөтүлгөн сыяктуу, каапырларга да кылган күнөөлөрү жакшы көрсөтүлдү, кыямат күнү аларды ошого жараша азаптоо үчүн. بلغ Куран · Тафсир

وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَا فِى كُلِّ قَرْيَةٍ أَكَـٰبِرَ مُجْرِمِيهَا لِيَمْكُرُوا۟ فِيهَا ۖ وَمَا يَمْكُرُونَ إِلَّا بِأَنفُسِهِمْ وَمَا يَشْعُرُونَ ﴿١٢٣﴾

Меккеде бутпарастарды Аллахтын жолунан тосуучу чоңдору болгон сыяктуу, бардык айылдарда аларды куулук- шумдугу менен шайтандын жолуна чакырып, элчилерге жана аларды ээрчигендерге каршы тукурган башчы, чоңдорун кылып койдук. Иш жүзүндө алар куулук-шумдугу менен өздөрүн алдашат, бирок, алар илимсиздиги жана каалоосуна берилгендиги себептүү муну сезишпейт

وَإِذَا جَآءَتْهُمْ ءَايَةٌۭ قَالُوا۟ لَن نُّؤْمِنَ حَتَّىٰ نُؤْتَىٰ مِثْلَ مَآ أُوتِىَ رُسُلُ ٱللَّهِ ۘ ٱللَّهُ أَعْلَمُ حَيْثُ يَجْعَلُ رِسَالَتَهُۥ ۗ سَيُصِيبُ ٱلَّذِينَ أَجْرَمُوا۟ صَغَارٌ عِندَ ٱللَّهِ وَعَذَابٌۭ شَدِيدٌۢ بِمَا كَانُوا۟ يَمْكُرُونَ ﴿١٢٤﴾

Каапырлардын чоңдоруна Аллах Таала пайгамбарына түшүргөн аят-белгилерден бир белги келсе, алар: "Аллах бизге да пайгамбарларга берген пайгамбарлык жана элчилик озуйпаныбермейинче ыйман келтирбейбиз" дешет. Аллах элчиликке жана анын милдеттирин аткарууга ким ылайык экенин жакшы билет жана пайгамбарлык озуйпаны ошого гана таандык кылат. Чектен чыккан адамдарга чындыкка текеберленгени үчүн кордук, куулук- шумдугу үчүн катуу азап болот

فَمَن يُرِدِ ٱللَّهُ أَن يَهْدِيَهُۥ يَشْرَحْ صَدْرَهُۥ لِلْإِسْلَـٰمِ ۖ وَمَن يُرِدْ أَن يُضِلَّهُۥ يَجْعَلْ صَدْرَهُۥ ضَيِّقًا حَرَجًۭا كَأَنَّمَا يَصَّعَّدُ فِى ٱلسَّمَآءِ ۚ كَذَٰلِكَ يَجْعَلُ ٱللَّهُ ٱلرِّجْسَ عَلَى ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ ﴿١٢٥﴾

ه Аллах кимди туура жолго салгысы келсе, анын көкүрөгүн ачып, исламды кабылдоого жибитип коёт. Ал эми кимди туура жолго салгысыкелбесе, чындыктыкабыл алууга анын көкүрөгүн тарытып коёт. Б.а.асманга көтөрүлө албаган сыяктуу жүрөгүно чындыкты киргизе алышпайт. Адашкандарды ушундай кыйын, тар абалга калтырган сыяктуу, ыйман келтирбегендерди да катууазаптайт

وَهَـٰذَا صِرَٰطُ رَبِّكَ مُسْتَقِيمًۭا ۗ قَدْ فَصَّلْنَا ٱلْـَٔايَـٰتِ لِقَوْمٍۢ يَذَّكَّرُونَ ﴿١٢٦﴾

Оо, элчи, Биз сага шарият кылып берген ушул дин Аллахтын эч ийриси жок түз жолу, Аллахты эстеп, түшүнө турган акыл-эстүү адамдарга аяттарды баян кылдык

۞ لَهُمْ دَارُ ٱلسَّلَـٰمِ عِندَ رَبِّهِمْ ۖ وَهُوَ وَلِيُّهُم بِمَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿١٢٧﴾

Алар үчүн бардык жамандыктан сак-саламат болотурган бейиш бар.Жакшыиштерди жасаганына сыйлык катары Аллах алардыколдойт жана кам көрөт

وَيَوْمَ يَحْشُرُهُمْ جَمِيعًۭا يَـٰمَعْشَرَ ٱلْجِنِّ قَدِ ٱسْتَكْثَرْتُم مِّنَ ٱلْإِنسِ ۖ وَقَالَ أَوْلِيَآؤُهُم مِّنَ ٱلْإِنسِ رَبَّنَا ٱسْتَمْتَعَ بَعْضُنَا بِبَعْضٍۢ وَبَلَغْنَآ أَجَلَنَا ٱلَّذِىٓ أَجَّلْتَ لَنَا ۚ قَالَ ٱلنَّارُ مَثْوَىٰكُمْ خَـٰلِدِينَ فِيهَآ إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُ ۗ إِنَّ رَبَّكَ حَكِيمٌ عَلِيمٌۭ ﴿١٢٨﴾

Оо, элчи, инсандар менен жиндерди чогулткан Кыямат күнүн эсте. Ошондо Аллах: "Эй, жиндер жамааты, инсандардын көбүн адаштырып, Аллахтын жолунан тостуңар" дейт. Алардыээрчиген инсандар Раббисине жооп берип: "Оо, Раббибиз, биз бири-бирибизди пайдаландык, жиндер ага баш ийген инсанды пайдаланды, инсандар кумар каалоосунан пайдаланды, ошентип жүрүп бизге чектелген күн Кыямат келди" дешет. Аллах: "Силердин турак жайыңар тозок, анда түбөлүк каласыңар, бирок, Аллах каалагандар, кайра тирилгенден тартып тозокко киргенче түбөлүк тозокто болбойт" дейт. Аллах ушул мөөнөттү түбөлүк тозокто калуу деп эсептеген жок. Эй, элчи, بلغ Куран · Тафсир акыйкатта сенин Раббиң тагдыр кылууда жана башкарууда Даанышман, пенделерин кимиси тозокко татыктуу экенин Билүүчү

وَكَذَٰلِكَ نُوَلِّى بَعْضَ ٱلظَّـٰلِمِينَ بَعْضًۢا بِمَا كَانُوا۟ يَكْسِبُونَ ﴿١٢٩﴾

Жиндердин кээсин башчы кылып, инсандарды азгыруу үчүн аларга эрк берип койгонубуз чыяктуу, залымды залымга башчы кылып коёбуз, алар бири-бирин жамандыкка үндөп, кызыктырат. жана жакшылыктан качырып, алыстатат;булалардын күнөөгө берилгендигинин жазасы

يَـٰمَعْشَرَ ٱلْجِنِّ وَٱلْإِنسِ أَلَمْ يَأْتِكُمْ رُسُلٌۭ مِّنكُمْ يَقُصُّونَ عَلَيْكُمْ ءَايَـٰتِى وَيُنذِرُونَكُمْ لِقَآءَ يَوْمِكُمْ هَـٰذَا ۚ قَالُوا۟ شَهِدْنَا عَلَىٰٓ أَنفُسِنَا ۖ وَغَرَّتْهُمُ ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَا وَشَهِدُوا۟ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمْ أَنَّهُمْ كَانُوا۟ كَـٰفِرِينَ ﴿١٣٠﴾

Кыямат күнү аларга: "Эй, инсан жана жиндердин жамааты, силерге өзүнөрдүн жынсыңардагы - инсандардан болгон - элчилер келбедиби, алар Аллах түшүргөн нерсени силерге окуп берип , кыямат күнү жолугарыбызды айтып, эскертишпедиби?" - деп айтабыз. Алар: Ооба, Сенин элчилериң бул күн тууралуу бизге жеткиргенин , бул күнү жолугушуу болорун моюнубузга алабыз. Бирок, элчилериңди жалганга чыгарганбыз, Кыяматтагы жолугууну да жалганга чыгарганбыз - дешет. Аларды убактылуу кооздугу, жакшылыгы жана ырахаты менен дүйнө жашоосу алдап койду. Алар дүйнө жашоосунда Аллахка жана Анын элчисине каапыр болушканын моюнуна алышты, бирок, убактысыөтүп кеткендиктен алардын эми моюнуна алганыда,ыйман келтиргени да пайдасыз

ذَٰلِكَ أَن لَّمْ يَكُن رَّبُّكَ مُهْلِكَ ٱلْقُرَىٰ بِظُلْمٍۢ وَأَهْلُهَا غَـٰفِلُونَ ﴿١٣١﴾

Инсандарга жана жиндерге элчилерди жиберүүнүн сыры, элчи жөнөтпөй, дааватын жеткирбей туруп эч кимди азаптабагандыгында,эчбир үммөттүэлчилерин жиберип эскертмейинче азаптаган эмес

وَلِكُلٍّۢ دَرَجَـٰتٌۭ مِّمَّا عَمِلُوا۟ ۚ وَمَا رَبُّكَ بِغَـٰفِلٍ عَمَّا يَعْمَلُونَ ﴿١٣٢﴾

Алардын ар биринин ишине жараша даражасы болот. Жамандыгы көп адам менен жамандыгы азы бирдей болбойт. Ээрчүүчү менен ээрчиген бирдей болбойт. Ошондой эле, жакшы иштерди кылуучулардын сооптору да бирдей болбойт. Раббиң алардын эмне иш кылганынан кабарсыз эмес, Ал баарынан кабардар, Ага эч нерсе жашыруун эмес.Эми баарын кылган иштерине жараша жазалайт

وَرَبُّكَ ٱلْغَنِىُّ ذُو ٱلرَّحْمَةِ ۚ إِن يَشَأْ يُذْهِبْكُمْ وَيَسْتَخْلِفْ مِنۢ بَعْدِكُم مَّا يَشَآءُ كَمَآ أَنشَأَكُم مِّن ذُرِّيَّةِ قَوْمٍ ءَاخَرِينَ ﴿١٣٣﴾

Оо, элчи, Раббиң пенделерине муктаж эмес, алардын ибадатына да муктаж эмес. Алардын каапырлыгы Ага зыянын тийгизбейт. Аларга муктаж болбогонуна карабай, аларга мээримдүү. Эй, күнөөкөр пенделер, эгер силердин жок болууңардыкааласа,Өзүнүн бир азабын жиберип коёт.Силерди жок кылгандан кийин өзүнө ыйман келтирип,баш ийген элди пайда кылат.Силерди да өзүңөрдөн мурдагыкоомдун урук-насилинен ушинтип пайда кылган. بلغ Куран · Тафсир

إِنَّ مَا تُوعَدُونَ لَـَٔاتٍۢ ۖ وَمَآ أَنتُم بِمُعْجِزِينَ ﴿١٣٤﴾

Эй, каапырлар, убада кылынган кайра тирилүү, чогулуу, эсеп берүү жана азап чегүү сөзсүз болот. Раббиңерден эч качып кутула албайсыңар, Ал силерди качырбайт жана азабыменен азаптайт

قُلْ يَـٰقَوْمِ ٱعْمَلُوا۟ عَلَىٰ مَكَانَتِكُمْ إِنِّى عَامِلٌۭ ۖ فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ مَن تَكُونُ لَهُۥ عَـٰقِبَةُ ٱلدَّارِ ۗ إِنَّهُۥ لَا يُفْلِحُ ٱلظَّـٰلِمُونَ ﴿١٣٥﴾

Оо, элчи, аларга айт: Эй, коомум, каапырлык жана адашууда жүргөн жолуңарда бекем тура бергиле, мен силерге ачык-айкын далилдерди жеткирип озуйпамдан кутулдум. Силердин каапырлыгыңарга жана адашууңарга көңүл буруучуэмесмин.Мен эми өзүм турган чындык жолунда журө берем.Эми кимге жер бетинде жардам болорун,жер кимге мурас каларын, кимге акыретте жеңиш болорун билесиңер. Бутпарастар жерде да, акыретте да жеңишке жетишпейт, алардын акыбети өкүнүч болот

وَجَعَلُوا۟ لِلَّهِ مِمَّا ذَرَأَ مِنَ ٱلْحَرْثِ وَٱلْأَنْعَـٰمِ نَصِيبًۭا فَقَالُوا۟ هَـٰذَا لِلَّهِ بِزَعْمِهِمْ وَهَـٰذَا لِشُرَكَآئِنَا ۖ فَمَا كَانَ لِشُرَكَآئِهِمْ فَلَا يَصِلُ إِلَى ٱللَّهِ ۖ وَمَا كَانَ لِلَّهِ فَهُوَ يَصِلُ إِلَىٰ شُرَكَآئِهِمْ ۗ سَآءَ مَا يَحْكُمُونَ ﴿١٣٦﴾

Бутпарастар Аллах жараткан эгиндерден, мал-жандыктардан Аллахка бөлүштүрүп, буга чейин болбогон ишти башташты. Бөлгөн нерселеринин бир болүгүн Аллахка, бир бөлүгүн өздөрү ибадат кылган бут-айкелдерге деп ойлошту. Өздөрүнүн бут-айкелдерине деп бөлгөн бөлүктү, Аллахка деп бөлгөн бөлүккө б.а. Аллах шариятта буйруган кедей-кембагалдарга иштетилчү бөлүгүнө такыр аралаштырышпады. Ал эми Аллахка деген бөлүктү өздөрүнүн айкелдерине бөлгөн бөлүккө каалагандай арылаштырышты.Булкандай жаман бөлүштүрүүжана өкүм!

وَكَذَٰلِكَ زَيَّنَ لِكَثِيرٍۢ مِّنَ ٱلْمُشْرِكِينَ قَتْلَ أَوْلَـٰدِهِمْ شُرَكَآؤُهُمْ لِيُرْدُوهُمْ وَلِيَلْبِسُوا۟ عَلَيْهِمْ دِينَهُمْ ۖ وَلَوْ شَآءَ ٱللَّهُ مَا فَعَلُوهُ ۖ فَذَرْهُمْ وَمَا يَفْتَرُونَ ﴿١٣٧﴾

Шайтан мына ушул жаман өкүмдү бутпарастарга кооз кылып көрсөткөн сыяктуу, бутпарастардын шайтандардан болгон шериктери аларга кедейликтен коркуп балдарын өлтүрүүнүкооз көрсөттү.Аллахтыюусалган адам өлтүрүү ишине кадам таштатуу үчүн жана кайсы шариат, кайсы шариат эмес экенин билбей, диндерин аралаштырып алуусу үчүн ушундай кылды. Эгер Аллах алардын андай кылбоосун каалаганда, андай кылышпайт эле. Бирок, Өзүнүн чексиз даанышмандыгы менен Аллах ушуну каалады. Эй, элчи, бутпарастарды Аллахка жапкан жалган жалааларыменен таштап кой, бул сага зыянын тийгизбейт, алардын ишин Аллахка тапшыр

وَقَالُوا۟ هَـٰذِهِۦٓ أَنْعَـٰمٌۭ وَحَرْثٌ حِجْرٌۭ لَّا يَطْعَمُهَآ إِلَّا مَن نَّشَآءُ بِزَعْمِهِمْ وَأَنْعَـٰمٌ حُرِّمَتْ ظُهُورُهَا وَأَنْعَـٰمٌۭ لَّا يَذْكُرُونَ ٱسْمَ ٱللَّهِ عَلَيْهَا ٱفْتِرَآءً عَلَيْهِ ۚ سَيَجْزِيهِم بِمَا كَانُوا۟ يَفْتَرُونَ ﴿١٣٨﴾

Бутпарастар бул мал-жандыктарды жана эгиндерди биз каалагандан башка адамдарга жегенге болбойт дешет. Бул жаныбарлардын үстү арам б.а.минүүгө, жүк артууга болбойт деп, бахираны, саибаны, хамини айтышат, буларды сойгондоАллахтын атыаталбайт дешет. Алардыбут-айкелдердин атын атап мууздашат. Мунун баарын Аллахтан деп жалган айтышат.Ушинтип жалган жалаа жапкан себептүүкийин Аллахалардыжазалайт. بلغ Куран · Тафсир

وَقَالُوا۟ مَا فِى بُطُونِ هَـٰذِهِ ٱلْأَنْعَـٰمِ خَالِصَةٌۭ لِّذُكُورِنَا وَمُحَرَّمٌ عَلَىٰٓ أَزْوَٰجِنَا ۖ وَإِن يَكُن مَّيْتَةًۭ فَهُمْ فِيهِ شُرَكَآءُ ۚ سَيَجْزِيهِمْ وَصْفَهُمْ ۚ إِنَّهُۥ حَكِيمٌ عَلِيمٌۭ ﴿١٣٩﴾

Ошондой эле: саиба жана бахира эгер тирүү тууса, анын ичиндегиси эркектерибизге адал, аялдарыбазга арам, а, эгер өлүк тууса, анда эркектерибизге да, аялдарыбызга да адал дешет. Эми алардыылайыксыз сөздөрү үчүн Аллах жазалайт. Ал шариятында жана жараткандарынын абалын жөнгө салууда Даанышман, алардыжакшыБилүүчү

قَدْ خَسِرَ ٱلَّذِينَ قَتَلُوٓا۟ أَوْلَـٰدَهُمْ سَفَهًۢا بِغَيْرِ عِلْمٍۢ وَحَرَّمُوا۟ مَا رَزَقَهُمُ ٱللَّهُ ٱفْتِرَآءً عَلَى ٱللَّهِ ۚ قَدْ ضَلُّوا۟ وَمَا كَانُوا۟ مُهْتَدِينَ ﴿١٤٠﴾

Акылыжана илими жетишсиздиктен балдарын өлтүргөндөр жана Аллахырыскыкылып берген мал-жандыктарды Аллахтан деп жалган айтып арамга чыгаргандар зыянга учурашты. Алар түз жолдон алыстап, туура жолго түшүүчү болбоду

۞ وَهُوَ ٱلَّذِىٓ أَنشَأَ جَنَّـٰتٍۢ مَّعْرُوشَـٰتٍۢ وَغَيْرَ مَعْرُوشَـٰتٍۢ وَٱلنَّخْلَ وَٱلزَّرْعَ مُخْتَلِفًا أُكُلُهُۥ وَٱلزَّيْتُونَ وَٱلرُّمَّانَ مُتَشَـٰبِهًۭا وَغَيْرَ مُتَشَـٰبِهٍۢ ۚ كُلُوا۟ مِن ثَمَرِهِۦٓ إِذَآ أَثْمَرَ وَءَاتُوا۟ حَقَّهُۥ يَوْمَ حَصَادِهِۦ ۖ وَلَا تُسْرِفُوٓا۟ ۚ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلْمُسْرِفِينَ ﴿١٤١﴾

Кемчиликсиз Аллах жер бетине сөңгөгү жок жапыз өсө турган жана сөңгөктүү бийик көтөрүлүп өсө турган бактарды жараткан. Ошондой эле курманы ,көрүнүшү жана даамы ар түрдүү эгиндерди жаратты. Ал жалбырактары окшош, даамы окшобогон зайтун жана анарды жаратты. Эй, адамдар, бышкан учурда алардын мөмөсүн жегиле,терип-жыйганыңарда анын үшүрүн бергиле,жегенде жана напака кылып берген шарият чегинен чыкпагыла. Жеп, напака кылууда же башка жол менен иштетүүдө чектен чыккан ысырапкорлорду Аллах жашы көрбөйт, аларга ачууланат. Бул нерселерди жараткан Зат Өзү аларды силерге адал кылган, аларды арамга чыгаруу бутпарастардынو иши эмес

وَمِنَ ٱلْأَنْعَـٰمِ حَمُولَةًۭ وَفَرْشًۭا ۚ كُلُوا۟ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُ وَلَا تَتَّبِعُوا۟ خُطُوَٰتِ ٱلشَّيْطَـٰنِ ۚ إِنَّهُۥ لَكُمْ عَدُوٌّۭ مُّبِينٌۭ ﴿١٤٢﴾

Ал Зат силерге чоң төөлөр сыяктуу жүк ташуучу жана алардын кичинелери же кой-эчкилер сыяктуу майда, жүк ташууга жарабаган жан-жаныбарларды берди. Оо, адамдар, Аллах силерге адал кылып койгон ушул нерселерден жегиле,бутпарастарга окшоп Аллахадалкылган нерсени арам,арам кылган нерсени адалкөрсөткөн шайтандын жолуна ээрчибегиле. Оо, адамдар, акыйкатта, шайтан ушунусу менен силерди Аллахка күнөөкөр кылууну каалаган анык душманыңар

ثَمَـٰنِيَةَ أَزْوَٰجٍۢ ۖ مِّنَ ٱلضَّأْنِ ٱثْنَيْنِ وَمِنَ ٱلْمَعْزِ ٱثْنَيْنِ ۗ قُلْ ءَآلذَّكَرَيْنِ حَرَّمَ أَمِ ٱلْأُنثَيَيْنِ أَمَّا ٱشْتَمَلَتْ عَلَيْهِ أَرْحَامُ ٱلْأُنثَيَيْنِ ۖ نَبِّـُٔونِى بِعِلْمٍ إِن كُنتُمْ صَـٰدِقِينَ ﴿١٤٣﴾

Силерге мал-жандыктан сегиз жупту жаратты; койдун эркек ургаачысын жана эчкинин эркек ургаачысын. Эй, элчи, бутпарастарга: Аллах Таала булардын эркектерин эркектиги үчүн арам кылдыбы? - деп айт. Эгер: ооба - дешсе, Анда ургаачыларын эмне үчүн арамга чыгарасыңар? же аларды ургаачылыгы себептүү арам кылдыбы? - деп айт. Эгер: ооба, - дешсе, Алардын эркектерин эмнеге арамга чыгарасыңар? же алардын ичиндегилер аралаш болгону үчүн алардын ургаачыларын арам кылдыбы? - деп айт. Эгер ооба - дешсе, Алардын ичиндегилери аралаш болгондо эмне үчүн кээде эркектерин, кээде ургаачыларын арам деп ажыратасыңар - деп айт. Эй, бутпарастар, эгер ушул нерселерди Аллах арам кылды деген сөзүңөр чын болсо, туура илим менен түшүндүрүп бергилечи - дегин. بلغ Куран · Тафсир

وَمِنَ ٱلْإِبِلِ ٱثْنَيْنِ وَمِنَ ٱلْبَقَرِ ٱثْنَيْنِ ۗ قُلْ ءَآلذَّكَرَيْنِ حَرَّمَ أَمِ ٱلْأُنثَيَيْنِ أَمَّا ٱشْتَمَلَتْ عَلَيْهِ أَرْحَامُ ٱلْأُنثَيَيْنِ ۖ أَمْ كُنتُمْ شُهَدَآءَ إِذْ وَصَّىٰكُمُ ٱللَّهُ بِهَـٰذَا ۚ فَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ ٱفْتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًۭا لِّيُضِلَّ ٱلنَّاسَ بِغَيْرِ عِلْمٍ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهْدِى ٱلْقَوْمَ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿١٤٤﴾

ه ى ه Сегиз мал-жандыктын калганы, булар: эркек-ургаачы эки төө жана эркек-ургаачы эки уй. Эй, элчи, бутпарастарга: Аллах булардын эркектерин арам кылдыбы, же ургаачыларын арам кылдыбы, же экөөнүн ичиндегилеринби?- деп айт. Эй, бутпарастар: же өз оюңарда, Аллах силер арамга чыгарып жаткандарыд арам деп осуят кылганда күбө болдуңар беле? Эч бир илими жок туруп, адамдарды туура жолдон адаштыруу үчүн, Аллах арам кылбаган нерселерди арам кылды деп Аллахка жалган жалаа жабуучудан өткөн чоң күнөө жана чоң залымдык болбойт. Аллахка жалган жалаа жапканыүчүн Аллах залымдардытуура жолгобагыттабайт

قُل لَّآ أَجِدُ فِى مَآ أُوحِىَ إِلَىَّ مُحَرَّمًا عَلَىٰ طَاعِمٍۢ يَطْعَمُهُۥٓ إِلَّآ أَن يَكُونَ مَيْتَةً أَوْ دَمًۭا مَّسْفُوحًا أَوْ لَحْمَ خِنزِيرٍۢ فَإِنَّهُۥ رِجْسٌ أَوْ فِسْقًا أُهِلَّ لِغَيْرِ ٱللَّهِ بِهِۦ ۚ فَمَنِ ٱضْطُرَّ غَيْرَ بَاغٍۢ وَلَا عَادٍۢ فَإِنَّ رَبَّكَ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ ﴿١٤٥﴾

Оо, элчи, айткын: Мага Аллах аян-кабар кылган нерселерден Аллахтын аты аталбай өлүп калган өлүмтүк, мууздаганда аккан кан, чочконун эти, бут-айкелдерге арналып союлган малдар сыяктуу мууздаганда Аллахтын ысымыайтылбаган мал-жандыктар гана арам экенин көрдүм.Ким катууачкалыктан улам зарыл болуп,ушул арам нерселерден зарылдыктын чегинен ашырбай, арааны ачылып берилбей, аз гана жесе, ага күнөө эмес. Оо, элчи, акыйкатта, Раббиң андан жеген зарылмандарды кечирүүчү, аларга ырайымдуу

وَعَلَى ٱلَّذِينَ هَادُوا۟ حَرَّمْنَا كُلَّ ذِى ظُفُرٍۢ ۖ وَمِنَ ٱلْبَقَرِ وَٱلْغَنَمِ حَرَّمْنَا عَلَيْهِمْ شُحُومَهُمَآ إِلَّا مَا حَمَلَتْ ظُهُورُهُمَآ أَوِ ٱلْحَوَايَآ أَوْ مَا ٱخْتَلَطَ بِعَظْمٍۢ ۚ ذَٰلِكَ جَزَيْنَـٰهُم بِبَغْيِهِمْ ۖ وَإِنَّا لَصَـٰدِقُونَ ﴿١٤٦﴾

Жөөттөргө ача туяк болбогон төө сыяктуу жаныбарларды арам кылганбыз. Ошондой эле аларга уй жана майда жандыктардын жонундагы, ичегилериндеги майларынан жана сөөгүнө аралашкан куйрук, жамбаш майларынан башка майларын арам кылганбыз. Биз залымдыгы үчүн бул нерселерди аларга арам кылып жазаладык. Биз бардык айткан сөздөрүбүздө чынчылбыз

فَإِن كَذَّبُوكَ فَقُل رَّبُّكُمْ ذُو رَحْمَةٍۢ وَٰسِعَةٍۢ وَلَا يُرَدُّ بَأْسُهُۥ عَنِ ٱلْقَوْمِ ٱلْمُجْرِمِينَ ﴿١٤٧﴾

Оо, элчи, эгер сени жалганга чыгарышса жана Раббиңден алып келген нерсеге ишенишпесе, аларды кызыктырып: Раббиңердин ырайымыкенен, силерге узун мөөнөт берип, азаптабай күтүп турганыАнын ырайымынан деп айт. Ошондой эле алардыэскертип:Күнөөгө баткан коомгоАллахтын азабыкелбей койбойт дегин

سَيَقُولُ ٱلَّذِينَ أَشْرَكُوا۟ لَوْ شَآءَ ٱللَّهُ مَآ أَشْرَكْنَا وَلَآ ءَابَآؤُنَا وَلَا حَرَّمْنَا مِن شَىْءٍۢ ۚ كَذَٰلِكَ كَذَّبَ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ حَتَّىٰ ذَاقُوا۟ بَأْسَنَا ۗ قُلْ هَلْ عِندَكُم مِّنْ عِلْمٍۢ فَتُخْرِجُوهُ لَنَآ ۖ إِن تَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَإِنْ أَنتُمْ إِلَّا تَخْرُصُونَ ﴿١٤٨﴾

ى Өздөрүнүн ширк кылуусу туура экенине Аллахтын тагдырын жана каалосун шылтоолоп, бутпарастар: эгер Аллах каалаганда биз да, биздин аталарыбыз да Ага шерик кылбайт элек. Эгер Аллах каалаганда, өзүбүзгө арам кылган нерсени арам кылбайт элек дешет. Булар сыяктуу жалган шылтоону мурдагы каапырла да айтышканю Алар: Эгер Аллах каалаганда биз азыр жалганга чыгарган нерселерди жалганга чыгарбайт элек дешет. Алар ошентип Биз үстүнө азап түшүргөнгө чейин жалганга чыгарып жүрүштү.Эй элчи бутпарастарга:Силердин ширк кылуубузга بلغ Куран · Тафсир жана арамды адалга, адалды арамга чыгарганыбызга Аллах ыраазы болду дегениңерге далилиңер барбы? деп айт. Силерди ушул боюнча таштап койгону силерге ыраазыболгонунун далили эмес. Силер бул боюнча күмөндү ээрчип жатасыңар,а күмөндө эчкандай чындык болбойт.Силер жалганчысыңар

قُلْ فَلِلَّهِ ٱلْحُجَّةُ ٱلْبَـٰلِغَةُ ۖ فَلَوْ شَآءَ لَهَدَىٰكُمْ أَجْمَعِينَ ﴿١٤٩﴾

Оо, элчи, бутпарастарга минтип айт: силерде ушул түккө турбаган далилиңерден башка далилиңер жок болсо, Аллахта силердин шылтооңорду жокко чыгара турган, силер ээрчиген күмөнүңдү жок кыла турган кескин далилдери бар. Эгер Аллах баарыңардын чындыкка ээрчүүңөрдү каалаганда, ошондой кылмак

قُلْ هَلُمَّ شُهَدَآءَكُمُ ٱلَّذِينَ يَشْهَدُونَ أَنَّ ٱللَّهَ حَرَّمَ هَـٰذَا ۖ فَإِن شَهِدُوا۟ فَلَا تَشْهَدْ مَعَهُمْ ۚ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَآءَ ٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا وَٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ وَهُم بِرَبِّهِمْ يَعْدِلُونَ ﴿١٥٠﴾

Оо, элчи, Аллах адал кылган нерсени арамга чыгарып, анан муну Аллах өзү арамга чыгарды деп жалган айткан бутпарастарга: "Силер арам деп жаткан нерселерди Аллах арамга чыгарганына күбө болгон күбөңөрдү алып келгилечи" деп айт. Эй, элчи, эгер алар илимсиздик кылып, Аллах арам кылды деп күбө өтүшсө, сен алардын күбөлүгүнө ишенбе.Анткени алжалган күбөлүк,каалоолоруменен өкүм кылгандардын каалоосуна ээрчип кетпе. Алар Аллах адал кылганды арам дешкенде биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты. Акыретке ишенбегендерди ээрчибе, алар Раббисине шерик кошуп, Ага башканы теңешет. Раббисине ушундай мамиле кылгандардын жолуна кантип ээрчилсин?!

۞ قُلْ تَعَالَوْا۟ أَتْلُ مَا حَرَّمَ رَبُّكُمْ عَلَيْكُمْ ۖ أَلَّا تُشْرِكُوا۟ بِهِۦ شَيْـًۭٔا ۖ وَبِٱلْوَٰلِدَيْنِ إِحْسَـٰنًۭا ۖ وَلَا تَقْتُلُوٓا۟ أَوْلَـٰدَكُم مِّنْ إِمْلَـٰقٍۢ ۖ نَّحْنُ نَرْزُقُكُمْ وَإِيَّاهُمْ ۖ وَلَا تَقْرَبُوا۟ ٱلْفَوَٰحِشَ مَا ظَهَرَ مِنْهَا وَمَا بَطَنَ ۖ وَلَا تَقْتُلُوا۟ ٱلنَّفْسَ ٱلَّتِى حَرَّمَ ٱللَّهُ إِلَّا بِٱلْحَقِّ ۚ ذَٰلِكُمْ وَصَّىٰكُم بِهِۦ لَعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ ﴿١٥١﴾

Оо, элчи, адамдарга минтип айт: "келгиле, мен силерге Аллах арам кылган нерселерди окуп берейин. Аллах силерге жараткан нерселерин Ага шерик кылууну, ата-энеңерден ак болууну арам кылды, ата-энеге жакшы мамиле кылуу важыб болду. Дагы силерге,жахилияттагы адамдарга окшоп, жакырлык себебинен балдарыңарды өлтүрүүнү арам кылды, силерге да, балдарыңарга да ырыскыны Биз беребиз. Дагы силерге бузук иштердин ачыгына да, жашыруунуна да жакындоону арам кылды. Дагы силерге Аллах акысыз өлтүрүүгө тыюу салган б.а.үйлөнгөндөн кийин зина кылган, исламга киргенден кийин кайра динден кайткан адамдардан башка адамдарды өлтүрүүнү арам кылды. Мына ушул айтылгандарды Аллахтын буйрук жана тыюуларына акыл жүгүртүүңөр үчун силерге насаат кылды

وَلَا تَقْرَبُوا۟ مَالَ ٱلْيَتِيمِ إِلَّا بِٱلَّتِى هِىَ أَحْسَنُ حَتَّىٰ يَبْلُغَ أَشُدَّهُۥ ۖ وَأَوْفُوا۟ ٱلْكَيْلَ وَٱلْمِيزَانَ بِٱلْقِسْطِ ۖ لَا نُكَلِّفُ نَفْسًا إِلَّا وُسْعَهَا ۖ وَإِذَا قُلْتُمْ فَٱعْدِلُوا۟ وَلَوْ كَانَ ذَا قُرْبَىٰ ۖ وَبِعَهْدِ ٱللَّهِ أَوْفُوا۟ ۚ ذَٰلِكُمْ وَصَّىٰكُم بِهِۦ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ ﴿١٥٢﴾

Дагысилерге жетимдин малын иштетүүнү арам кылды, жетим - атасыжок балакат жашына жете элек кыз-балдар. Бирок, жетимге жакшылык, пайда кылуу үчүн же ал балакатка жеткенге чейин мал-мүлкүн көбөйтүү үчүн иштетсе болот. Дагы силерге таразада жана өлчөп-ченөөдө кем кылууну арам кылды. Соода-сатык, алды-бердиде адилеттүү болуу силерге важыб. Адамга анын колунан келген ишти гана жүктөйбүз, тартып, өлчөп, ченөөдө ашык- кем кетирүүдөн сактана албаган учурларда күнөө жок. Дагысилерге кабар айтууда же күбөлүк берүүдө بلغ Куран · Тафсир жакындарыңарга, досторуңарга жан тартып туура эмес сүйлөөнү арам кылды. Дагы силерге Аллахка берген антыңарды же Аллахтын аты менен берген антыңарды аткарбай коюуну арам кылды. Силерге мындай антыңардын өтөөсүнө чыгуу важыб. Жогоруда айтылгандар иштериңердин акыбетин эстеп жүрүү үчүн Аллахтын силерге бекемдеп берген буйруктары

وَأَنَّ هَـٰذَا صِرَٰطِى مُسْتَقِيمًۭا فَٱتَّبِعُوهُ ۖ وَلَا تَتَّبِعُوا۟ ٱلسُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَن سَبِيلِهِۦ ۚ ذَٰلِكُمْ وَصَّىٰكُم بِهِۦ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ ﴿١٥٣﴾

تتقون Дагы силерге адашууга алып барчу жолдорго түшүүну арам кылды. Аллахтын эч кыйшыгы жок түз жолуна ээрчү силерге важыб. Адаштыруучу жолдор силерди чындык жолунан алыстатып, ажыратат. Тыюуларынан тыйылып, буйруктарын аткарып Аллахка такыба болууңарды үмүт кылып Аллах силерге Өзүнүн туз жолун ээрчүүнү осуят кылды

ثُمَّ ءَاتَيْنَا مُوسَى ٱلْكِتَـٰبَ تَمَامًا عَلَى ٱلَّذِىٓ أَحْسَنَ وَتَفْصِيلًۭا لِّكُلِّ شَىْءٍۢ وَهُدًۭى وَرَحْمَةًۭ لَّعَلَّهُم بِلِقَآءِ رَبِّهِمْ يُؤْمِنُونَ ﴿١٥٤﴾

Жогорудагыларды кабар бергенден кийин, Мусага Тооротту түшүргөнүбүз тууралуу кабар беребиз. Жакшылктарыбызды толуктап, Мусанын жакшы иштерине сыйлык кылып, динде далил керек болгон бардык нерсени баяндап, чындык жана ырайымга далил кылып, кыяматта Раббисине жолугууга ыйман келирүүлөрүн жана ага жакшыиштери менен даярданууларын үмүт кылып Тоороттутүшүрдүк

وَهَـٰذَا كِتَـٰبٌ أَنزَلْنَـٰهُ مُبَارَكٌۭ فَٱتَّبِعُوهُ وَٱتَّقُوا۟ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ ﴿١٥٥﴾

Бул Куран, Биз берекелүү кылып түшүргөн китеп;анткени ал дүйнө жана акыретке пайдалуу нерселерди ичине камтыйт. Анда түшүрүлгөн нерселерге ээрчигиле, ага каршыболуудан сактангыла, ырайымдыүмүт кылгыла

أَن تَقُولُوٓا۟ إِنَّمَآ أُنزِلَ ٱلْكِتَـٰبُ عَلَىٰ طَآئِفَتَيْنِ مِن قَبْلِنَا وَإِن كُنَّا عَن دِرَاسَتِهِمْ لَغَـٰفِلِينَ ﴿١٥٦﴾

Эй, арап бутпарастары, силер: Аллах бизден мурда жөөттөргө Тооротту, христиандарга Инжилди тушүрдү, бизге болсо китеп түшүргөн жок, биздин тилибизде эмес, алардын тилиндеги китептерин окууну билбейбиз деп айтпооңор үчүн

أَوْ تَقُولُوا۟ لَوْ أَنَّآ أُنزِلَ عَلَيْنَا ٱلْكِتَـٰبُ لَكُنَّآ أَهْدَىٰ مِنْهُمْ ۚ فَقَدْ جَآءَكُم بَيِّنَةٌۭ مِّن رَّبِّكُمْ وَهُدًۭى وَرَحْمَةٌۭ ۚ فَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّن كَذَّبَ بِـَٔايَـٰتِ ٱللَّهِ وَصَدَفَ عَنْهَا ۗ سَنَجْزِى ٱلَّذِينَ يَصْدِفُونَ عَنْ ءَايَـٰتِنَا سُوٓءَ ٱلْعَذَابِ بِمَا كَانُوا۟ يَصْدِفُونَ ﴿١٥٧﴾

ء Ошондой эле, "Эгер Аллах бизге да жөөтөр менен христиандарга түшүргөн сыяктуу китеп түшүргөндө, аларга караганда көбүрөөк туура жолдо боло элек" деп айтпооңор үчүн, өзүңөрдүн тилиңерде пайгамбарыңар Мухаммадга китеп түшүрдүк. Бул ачык далил, туура жолго багыт жана үммөткө ырайым. Маанисиз шылтоолорду айтпагыла, жалган нерселерди себеп кылбагыла. Аллахтын аяттарын жалганга чыгарып, андан баш тарткан адамдан өткөн залым болобу. Кийин Биздин аяттарыбыздан баш тарткандардыбаш тартканыжан жүз бурганы үчүн тозокко киргизип катуу азаптайбыз. بلغ Куран · Тафсир

هَلْ يَنظُرُونَ إِلَّآ أَن تَأْتِيَهُمُ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ أَوْ يَأْتِىَ رَبُّكَ أَوْ يَأْتِىَ بَعْضُ ءَايَـٰتِ رَبِّكَ ۗ يَوْمَ يَأْتِى بَعْضُ ءَايَـٰتِ رَبِّكَ لَا يَنفَعُ نَفْسًا إِيمَـٰنُهَا لَمْ تَكُنْ ءَامَنَتْ مِن قَبْلُ أَوْ كَسَبَتْ فِىٓ إِيمَـٰنِهَا خَيْرًۭا ۗ قُلِ ٱنتَظِرُوٓا۟ إِنَّا مُنتَظِرُونَ ﴿١٥٨﴾

Бул жалганга чыгаруучулар эми аларга өлүм периштеси жана анын жардамчылары келип, жандарын дүйнөдөн алып кетүүсүн күтүшөт. Же аларга өкүм чыгаруу үчүн ажыратуучу күндө Раббиңдин келүүсүн күтүшөт. Же Раббиңдин кыяматка далил болчу кээ бир белгилерин күтүшөт. Раббиңдин күндүн батыштан чыкканычыяктуу кээ бир белгилери келгенде, каапырларга ыйманы пайда бербейт, буга чейин жакшы иш кылбаган момунга эми кылган жакшы иши да пайда бербейт. Эй, элчи, жалганчы бутпарастарга: "Ушул нерселердин бирин күткүлө, биз да күтөбүз" деп айт

إِنَّ ٱلَّذِينَ فَرَّقُوا۟ دِينَهُمْ وَكَانُوا۟ شِيَعًۭا لَّسْتَ مِنْهُمْ فِى شَىْءٍ ۚ إِنَّمَآ أَمْرُهُمْ إِلَى ٱللَّهِ ثُمَّ يُنَبِّئُهُم بِمَا كَانُوا۟ يَفْعَلُونَ ﴿١٥٩﴾

Диндеринин кээ бирин алып, кээ бирин таштап, бөлүп алган жөөттөр менен христиандар - бөлүнүп кеткен тайпалар.Эй Элчи,сен эчбир нерседе алардан эмессиң,Алар түшүп алган адашуудан сен кайтарылгансың.Сенин милдетиң аларды эскертүү гана, алардын иштери Аллахка таандык.Кыямат күнү Аллах аларга дүйнөдө эмне иш кылгандарын кабар берет жана ошогожараша жазалайт

مَن جَآءَ بِٱلْحَسَنَةِ فَلَهُۥ عَشْرُ أَمْثَالِهَا ۖ وَمَن جَآءَ بِٱلسَّيِّئَةِ فَلَا يُجْزَىٰٓ إِلَّا مِثْلَهَا وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ ﴿١٦٠﴾

Ыймандуулардын кайсы бири кыямат күнү бир жакшы иш менен келсе, Аллах аны он жакшылыкка көбөйтөт. Ал эми ким бир күнөө иш менен келсе, ага жеңилдик кылып ошого жараша гана жазалайт, андан ашырып жибербейт.Кыяматта алар жакшылыгынын сообуазайтылып же күнөөсүнүн азабыкөбөйтүлүп залым кылынбайт

قُلْ إِنَّنِى هَدَىٰنِى رَبِّىٓ إِلَىٰ صِرَٰطٍۢ مُّسْتَقِيمٍۢ دِينًۭا قِيَمًۭا مِّلَّةَ إِبْرَٰهِيمَ حَنِيفًۭا ۚ وَمَا كَانَ مِنَ ٱلْمُشْرِكِينَ ﴿١٦١﴾

Оо, элчи, жалганчы бутпарастарга: "мени Раббим түз жолго баштады, ал жол дүйнө жана акырет иштерин ондой турган бекем диндин жолу,алжолчындыкка ийилген жана эчкачан бутпарас болбогон Ибрахимдин жолу" деп айт

قُلْ إِنَّ صَلَاتِى وَنُسُكِى وَمَحْيَاىَ وَمَمَاتِى لِلَّهِ رَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿١٦٢﴾

Оо, элчи, "Менин намазым жана курмандыгым Аллах үчүн, Аллахтын ысымына болгон, башканын ысымына болгон эмес. Тирүүлүгүм менен өлүмүм да, булардын баары бүт жаратылгандардын жалгыз Раббисине, Андан башкалардын мында эчнасиби жок

لَا شَرِيكَ لَهُۥ ۖ وَبِذَٰلِكَ أُمِرْتُ وَأَنَا۠ أَوَّلُ ٱلْمُسْلِمِينَ ﴿١٦٣﴾

"Ал Кемчиликсиз Аллах Анын шериги жок, Андан башка ибадатка татыктуу эч нерсе жок. Мени Аллах мына ушул ширктен таза болгон ишенимге буйруган,мен булүммөттүн ичинен буга эң биринчи моюн сунуучумун" деп айт. بلغ Куран · Тафсир ب

قُلْ أَغَيْرَ ٱللَّهِ أَبْغِى رَبًّۭا وَهُوَ رَبُّ كُلِّ شَىْءٍۢ ۚ وَلَا تَكْسِبُ كُلُّ نَفْسٍ إِلَّا عَلَيْهَا ۚ وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٌۭ وِزْرَ أُخْرَىٰ ۚ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّكُم مَّرْجِعُكُمْ فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ فِيهِ تَخْتَلِفُونَ ﴿١٦٤﴾

إلى ربكم مرجعكم فينبئكم بما كنتمفيه تختلفون Оо, элчи, бул бутпарастарга: "Кемчиликсиз Улуу Аллах бардык нерсенин Раббиси болсо, мен Андан башка Рабби издейинби?Алсилер сыйынып жаткан нерселердин да Раббиси.Таза адам башка бирөөнүн күнөөсүн көтөрбөйт, кийин кыямат күнү баарыңардын кайтууңар жалгыз Раббиңерге болот, ошондобул дүйнөдө дин иштерине кандай каршыболгонуңардын кабарын берет

وَهُوَ ٱلَّذِى جَعَلَكُمْ خَلَـٰٓئِفَ ٱلْأَرْضِ وَرَفَعَ بَعْضَكُمْ فَوْقَ بَعْضٍۢ دَرَجَـٰتٍۢ لِّيَبْلُوَكُمْ فِى مَآ ءَاتَىٰكُمْ ۗ إِنَّ رَبَّكَ سَرِيعُ ٱلْعِقَابِ وَإِنَّهُۥ لَغَفُورٌۭ رَّحِيمٌۢ ﴿١٦٥﴾

Аллах тукумун улоо үчүн силерди жер бетинде мурдагыларга орун басар кылган. Кээ бириңерди кээ биринерден жаралуусунда , ырыскысында ж.б.даражасын жогору кылган; берген нерселери менен силерди сыноо үчүн. Эй, элчи, акыйкатта Раббиң тез эсептешүүчү, бардык келүүчү ишер өто жакын. Чынында Ал пенделеринин тобо кылгандарына Кечиримдүү жана Ырайымдуу. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Al-An'aam — الأنعام

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил