الٓمٓصٓ ﴿١﴾
Бул тамгалардын чечмеленүүсү тууралуу Бакара сүрөсүнүн башталышында сөз болгон. كتب أنزل إليك فلا يكن فى صدركحرج منهلتنذر به وذكر للمؤمنين
Башкы бет›Тафсир›Al-A'raaf (7)
Меккелик · 206 аят
الٓمٓصٓ ﴿١﴾
Бул тамгалардын чечмеленүүсү тууралуу Бакара сүрөсүнүн башталышында сөз болгон. كتب أنزل إليك فلا يكن فى صدركحرج منهلتنذر به وذكر للمؤمنين
كِتَـٰبٌ أُنزِلَ إِلَيْكَ فَلَا يَكُن فِى صَدْرِكَ حَرَجٌۭ مِّنْهُ لِتُنذِرَ بِهِۦ وَذِكْرَىٰ لِلْمُؤْمِنِينَ ﴿٢﴾
Оо, элчи, Курани Карим Аллах сага түшүргөн китеп, жүрөгүңдө ага эч шек-күмөн болбосун. Аныменен адамдарды коркутууң жана аларга далил кылууң, ошондой эле эскертүүдөн пайда алуучу ыймандууларга эскертүүң үчүн сага аны түшүрдүк
ٱتَّبِعُوا۟ مَآ أُنزِلَ إِلَيْكُم مِّن رَّبِّكُمْ وَلَا تَتَّبِعُوا۟ مِن دُونِهِۦٓ أَوْلِيَآءَ ۗ قَلِيلًۭا مَّا تَذَكَّرُونَ ﴿٣﴾
Оо, адамдар, Раббиңер силерге түшургөн китепке жана пайгамбарыңардын сүннөтүнө ээрчигиле. жаман ишти кооз көрсөткөн шайтандардын досторунун каалоосуна ээрчибегиле. Каалооңорго жаккан үчүн силерге түшкөн нерсени таштап аларды үзгүлтүксүз ээрчийсиңер. Силер өтө аз эскересиңер; Эгер башкага караганда чындыкка жакын экениңерди эстегениңерде , элчиңер алып келген динге ээрчип, ошону аткарып, андан башкасынын баарын таштайт элеңер
وَكَم مِّن قَرْيَةٍ أَهْلَكْنَـٰهَا فَجَآءَهَا بَأْسُنَا بَيَـٰتًا أَوْ هُمْ قَآئِلُونَ ﴿٤﴾
Каапырлыкка жана адашууга кирип кеткен өтө көп айылдарды азабыбыз менен кыйраттык. Катуу азаптарыбыз алар эчнерседен капарсыз турган күндөрдө жана түндөрдө түштү.Алар өздөрүн азаптан сактай алган жок жана алар кудай деп эсептеген нерселери да сактап кала алган жок
فَمَا كَانَ دَعْوَىٰهُمْ إِذْ جَآءَهُم بَأْسُنَآ إِلَّآ أَن قَالُوٓا۟ إِنَّا كُنَّا ظَـٰلِمِينَ ﴿٥﴾
Аларга азап түшкөндө, Аллахка каапыр болуп өздөрүнө зыян кылганын моюнуна алышканынан башка эч нерсе калбады
فَلَنَسْـَٔلَنَّ ٱلَّذِينَ أُرْسِلَ إِلَيْهِمْ وَلَنَسْـَٔلَنَّ ٱلْمُرْسَلِينَ ﴿٦﴾
Кыямат күнү элчилерибиз жиберилген элдерден, алар элчилерге кандай жооп бергенин сурайбыз. Ошондой эле элчилерден аларга жүктөлгөн милдетти кандай жеткиргендигин жана эли аларга кандай жооп бергенин сурайбыз
فَلَنَقُصَّنَّ عَلَيْهِم بِعِلْمٍۢ ۖ وَمَا كُنَّا غَآئِبِينَ ﴿٧﴾
Өзүбүздүн илимибиз менен бардык жаратылгандарга алар дүйнөдө кандай иштерди кылганын айтып беребиз. Акыйкатта, Биз алардын кылган иштеринин баарын билүүчү болгонбуз, анын эч нерсеси бизге белгисиз болуп калбайт.Биз эчбир убакта алардын жанында жок болуп калган эмеспиз. بلغ Куран · Тафсир
وَٱلْوَزْنُ يَوْمَئِذٍ ٱلْحَقُّ ۚ فَمَن ثَقُلَتْ مَوَٰزِينُهُۥ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْمُفْلِحُونَ ﴿٨﴾
Кыямат күнү иштерди таразага тартуу адилдик менен болот, анда эч ким жабыр жана залым кылынбайт. Таразада кимдин жакшы иштери жаман иштерине караганда салмактуу болсо, мына ошолор самаганына жетет, коркконунан кутулат
وَمَنْ خَفَّتْ مَوَٰزِينُهُۥ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓا۟ أَنفُسَهُم بِمَا كَانُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا يَظْلِمُونَ ﴿٩﴾
Ал эми таразада кимдин жаман иштери жакшы иштерине караганда салмактуу болсо, алар Аллахтын аяттарын танганысебептүүкыямат күндө болуучуазаптытандап өздөрүнө зыян кылып алгандар
وَلَقَدْ مَكَّنَّـٰكُمْ فِى ٱلْأَرْضِ وَجَعَلْنَا لَكُمْ فِيهَا مَعَـٰيِشَ ۗ قَلِيلًۭا مَّا تَشْكُرُونَ ﴿١٠﴾
Оо, Адам балдары, чынында, Биз силерди жерге отурукташтырдык жана анда жашап кетүүгө себептерди кылдык. Булүчүн силер Аллахка шүгүр кылышыңар керек эле,бирок,өтө аз шүгүр кылдыңар
وَلَقَدْ خَلَقْنَـٰكُمْ ثُمَّ صَوَّرْنَـٰكُمْ ثُمَّ قُلْنَا لِلْمَلَـٰٓئِكَةِ ٱسْجُدُوا۟ لِـَٔادَمَ فَسَجَدُوٓا۟ إِلَّآ إِبْلِيسَ لَمْ يَكُن مِّنَ ٱلسَّـٰجِدِينَ ﴿١١﴾
Оо, адамдар, Биз атаңар Адамды жараттык, ага өтө кооз сурөт жана кейип бердик. Анан урмат көрсөтүү үчүн периштелерди ага сажда кылууга буйрудук, алар буйрукту аткарып, сажда кылышты. Бир гана Ибилис текеберлик жана кежирлик кылып, сажда кылуудан баш тартты
قَالَ مَا مَنَعَكَ أَلَّا تَسْجُدَ إِذْ أَمَرْتُكَ ۖ قَالَ أَنَا۠ خَيْرٌۭ مِّنْهُ خَلَقْتَنِى مِن نَّارٍۢ وَخَلَقْتَهُۥ مِن طِينٍۢ ﴿١٢﴾
Аллах Таала Ибилисти жемелеп: "Адамга сажда кыл деген буйругумду аткаруудан сени эмне тоту?" деди. Ибилис Раббисине жооп кылып: "мени тоскон нерсе - мен андан жакшымын, мени оттон жараткансың, а, аны болсо, ылайдан жараттың.От ылайдан кадырлуу" деди
قَالَ فَٱهْبِطْ مِنْهَا فَمَا يَكُونُ لَكَ أَن تَتَكَبَّرَ فِيهَا فَٱخْرُجْ إِنَّكَ مِنَ ٱلصَّـٰغِرِينَ ﴿١٣﴾
Аллах ага мындай деди: "Бейиштен чык, сага бейиште текеберленип жүрүүгө болбойт. Анткени, бейиш жакшы, тазалардын жайы. Сага анда жүрүүгө уруксат эмес. Сен, эй, ибилис, өзүңдү адамдан кадырлуумун деп эсептесең, анда жек көрүлгөн, митаамдардансың"
قَالَ أَنظِرْنِىٓ إِلَىٰ يَوْمِ يُبْعَثُونَ ﴿١٤﴾
Ибилис минтип айтты: Адамдардын арасындагы мен адаштыра ала турган адамдарды адаштыруу үчүн Раббим, мага кайра тирилүү күнүнө чейин тирүү болууга мөөнөт бер
قَالَ إِنَّكَ مِنَ ٱلْمُنظَرِينَ ﴿١٥﴾
Аллах ага минтип айтты: "Эй, ибилис, сен, биринчи сурнай тартылып, бардык жаратылгандар өлүп, бир гана Жаратуучуң кала турган күнгө чейин тирүү калуу мөөнөтү берилгендерденсиң". بلغ Куран · Тафсир
قَالَ فَبِمَآ أَغْوَيْتَنِى لَأَقْعُدَنَّ لَهُمْ صِرَٰطَكَ ٱلْمُسْتَقِيمَ ﴿١٦﴾
Ибилис минтип айтты: "Мен Сенин адамга сажда кыл деген буйругуңду аткарбай, Сен мени адаштырганың себептүү, мен эми Сенин туура жолуңда адам балдарын карап отурамын, мени алардын атасына сажда кылууда адаштырганың сыяктуу мен да аларды туура жолдон тайдырып, адаштырамын"
ثُمَّ لَـَٔاتِيَنَّهُم مِّنۢ بَيْنِ أَيْدِيهِمْ وَمِنْ خَلْفِهِمْ وَعَنْ أَيْمَـٰنِهِمْ وَعَن شَمَآئِلِهِمْ ۖ وَلَا تَجِدُ أَكْثَرَهُمْ شَـٰكِرِينَ ﴿١٧﴾
Мен аларга ар тарабынан келип,акыреттен көңүлүн буруп,дүйнөгө кызыктырамын,күмөнгө киргизем,кумардуу иштерди жакшы көрсөтөм. О, Рабби, алар каапырлыкка ийилип, көбү Сага шүгүр кылбаганын көрөсүң
قَالَ ٱخْرُجْ مِنْهَا مَذْءُومًۭا مَّدْحُورًۭا ۖ لَّمَن تَبِعَكَ مِنْهُمْ لَأَمْلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنكُمْ أَجْمَعِينَ ﴿١٨﴾
Аллах минтип айтты: "Эй, ибилис, бейиштен кор болуп, Аллахтын ырайымынан куулган абалда бейиштен чык! Кыяматта сени жана сени ээрчип, сага баш ийип Раббисине күнөөкөр болгондордун баарын тозокко киргизип, тозокту толтурамын"
وَيَـٰٓـَٔادَمُ ٱسْكُنْ أَنتَ وَزَوْجُكَ ٱلْجَنَّةَ فَكُلَا مِنْ حَيْثُ شِئْتُمَا وَلَا تَقْرَبَا هَـٰذِهِ ٱلشَّجَرَةَ فَتَكُونَا مِنَ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿١٩﴾
Алла Адамга минтип айтты: "Эй, Адам, аялың Хава экөөң бейиште тургула. андагы таза нерселерден каалаганыңарды жегиле. Бирок, мобу (Аллах дайындап көрсөткөн) даракка жакындабагыла. Тыйылганыңардан кийин алдарактын мөмөсүнөн жесеңер,анда Аллахтын чегинен чыгуучулардан болосуңар"
فَوَسْوَسَ لَهُمَا ٱلشَّيْطَـٰنُ لِيُبْدِىَ لَهُمَا مَا وُۥرِىَ عَنْهُمَا مِن سَوْءَٰتِهِمَا وَقَالَ مَا نَهَىٰكُمَا رَبُّكُمَا عَنْ هَـٰذِهِ ٱلشَّجَرَةِ إِلَّآ أَن تَكُونَا مَلَكَيْنِ أَوْ تَكُونَا مِنَ ٱلْخَـٰلِدِينَ ﴿٢٠﴾
Аларга авреттери ачылып калганын көрсөтүү үчүн, ибилис аларга жашыруун сөз таштап, мындай деди: "Аллах силерди бул дарактан жеп, периште болуп калбооңор үчүн, же бейиште түбөлүк жашап калуучулардан болбооңор үчүн мунун мөмөсүнөн жегенге тыюусалды"
وَقَاسَمَهُمَآ إِنِّى لَكُمَا لَمِنَ ٱلنَّـٰصِحِينَ ﴿٢١﴾
Аларга Аллахтын аты менен ант берип: "Эй, Адам жана Хава, мен силерге муну айтып насаат кылып жатамын" деди
فَدَلَّىٰهُمَا بِغُرُورٍۢ ۚ فَلَمَّا ذَاقَا ٱلشَّجَرَةَ بَدَتْ لَهُمَا سَوْءَٰتُهُمَا وَطَفِقَا يَخْصِفَانِ عَلَيْهِمَا مِن وَرَقِ ٱلْجَنَّةِ ۖ وَنَادَىٰهُمَا رَبُّهُمَآ أَلَمْ أَنْهَكُمَا عَن تِلْكُمَا ٱلشَّجَرَةِ وَأَقُل لَّكُمَآ إِنَّ ٱلشَّيْطَـٰنَ لَكُمَا عَدُوٌّۭ مُّبِينٌۭ ﴿٢٢﴾
Аларды куулук жана алдоо менен турган даражаларынан түшүрдү. Аларга жегенге тыюу салынган дарактын мөмөсүнөн жээр замат, авреттери ачык болуп көрүнүп калды. Бейиштеги жалбырактар менен авреттерин жабышты. Анан аларга Раббиси кайрылып: "Силерди бул дарактан жегенге тыйбадым беле жана силерди эскертип:шайтан силерге душмандыгыанык болгон душман деп айтпадым беле" деди. بلغ Куран · Тафсир
قَالَا رَبَّنَا ظَلَمْنَآ أَنفُسَنَا وَإِن لَّمْ تَغْفِرْ لَنَا وَتَرْحَمْنَا لَنَكُونَنَّ مِنَ ٱلْخَـٰسِرِينَ ﴿٢٣﴾
Адам менен Хава мындай деди: "О, Раббибиз, дарактан жебегле деген тыюуңду бузуп, күнөө ылуу менен өзүбүзгө залым кылып алдык.Сен биздин күнөөбүздүкечирбесең,ырайымың менен ырайым кылбасаң,анда дүйнө жана акыреттегнасибибизден ажырапرзыян көрүүчүлөрдөн болупو калабыз"
قَالَ ٱهْبِطُوا۟ بَعْضُكُمْ لِبَعْضٍ عَدُوٌّۭ ۖ وَلَكُمْ فِى ٱلْأَرْضِ مُسْتَقَرٌّۭ وَمَتَـٰعٌ إِلَىٰ حِينٍۢ ﴿٢٤﴾
Аллах Адамга, Хавага жана Ибилиске мындай деди: "Бейиштен жерге түшкүлө, эми бири-бириңе душман болосу- ар, белгилүү бир мөөнөткө чейин силерге жер бетинде отурукташып жашоо бар, белгиленген мөөнөт келгиче андагы нерселерди пайдалангыла" قال فيها تحيون وفيها تموتون ومنها تخرجون
قَالَ فِيهَا تَحْيَوْنَ وَفِيهَا تَمُوتُونَ وَمِنْهَا تُخْرَجُونَ ﴿٢٥﴾
Алла Адам менен Хавага жана алардын урпактарына кайрылып: "Бул жер бетинде Аллах тагдыр кылган ажалыңар жеткенче жашайсыңар, жер бетинде өлүп, ошондокөмүлөсүңөр, кийин кабырыңардан тирлип чыгасыңар"
يَـٰبَنِىٓ ءَادَمَ قَدْ أَنزَلْنَا عَلَيْكُمْ لِبَاسًۭا يُوَٰرِى سَوْءَٰتِكُمْ وَرِيشًۭا ۖ وَلِبَاسُ ٱلتَّقْوَىٰ ذَٰلِكَ خَيْرٌۭ ۚ ذَٰلِكَ مِنْ ءَايَـٰتِ ٱللَّهِ لَعَلَّهُمْ يَذَّكَّرُونَ ﴿٢٦﴾
يذك رون Оо, Адам балдары, силердин авретиңерди жаба турган зарыл кийимди бердик, ошондой эле эл алдында жасанып кийинүү үчүн толук кийимдерди да бердик. Аллахтын буйругун аткарып, тыйганынан тыйылып такыба болуу кийими бул кийимдерден жакшы. бул айтылган кийимдер Аллахтын кудуретине далил болчу белгилерден. Аллахтын силерге берген мындай жакшылыктарын эстеп,шүгүр кылаарсыңар
يَـٰبَنِىٓ ءَادَمَ لَا يَفْتِنَنَّكُمُ ٱلشَّيْطَـٰنُ كَمَآ أَخْرَجَ أَبَوَيْكُم مِّنَ ٱلْجَنَّةِ يَنزِعُ عَنْهُمَا لِبَاسَهُمَا لِيُرِيَهُمَا سَوْءَٰتِهِمَآ ۗ إِنَّهُۥ يَرَىٰكُمْ هُوَ وَقَبِيلُهُۥ مِنْ حَيْثُ لَا تَرَوْنَهُمْ ۗ إِنَّا جَعَلْنَا ٱلشَّيَـٰطِينَ أَوْلِيَآءَ لِلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ ﴿٢٧﴾
Оо, Адам балдары, шайтан авретиңерди ачуу үчүн силерди кийимиңерди чечүүгө жана такыба кийимин таштап коюууга кызыктырып азгырбасын. Чынында, шайтан силердин атаңарды аларга тыюу салынган дарактын мөмөсүнөн жегенге кызыктырып алдаган, бул алардын аврети ачылып калуусуна жана бейиштен чыгарылуусуна себеп болгон.Акыйкатта, шайтан жана анын урпактары силерди көрүп, күбө болуп турат, силер аларды көрбөйсүңөр да, күбө да болбойсуңар. Адан жана анын урпактарынан сактангыла. Биз шайтандарды Аллахка ишенбегендер дос кылып койгонбуз.Алэми жакшыиштерди кылган ыймандуулар алара кошулбайт
وَإِذَا فَعَلُوا۟ فَـٰحِشَةًۭ قَالُوا۟ وَجَدْنَا عَلَيْهَآ ءَابَآءَنَا وَٱللَّهُ أَمَرَنَا بِهَا ۗ قُلْ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَأْمُرُ بِٱلْفَحْشَآءِ ۖ أَتَقُولُونَ عَلَى ٱللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ ﴿٢٨﴾
لا تعلمون Бутпарастар ширк кылуу, же Каабаны жылаңач тооп кылуус ыяктуу оор күнөөлрдү жасаса, бул иштерди Аллахтын буйругу менен ата-бабалары ушинтип аткарганын айтып шылтоо кылышат. Эй, Мухаммад, алардын айтканын кайтарып: Аллах күнөө ишке буйрубайт, андан тыят, кантип бул иштериңерди Аллахка төңкөрөсүңөр? Эй, бутпарастар, Аллахка билбеген нерсеңерди жалган, жалаа кылып айтасыңарбы?дегин. بلغ Куран · Тафсир
قُلْ أَمَرَ رَبِّى بِٱلْقِسْطِ ۖ وَأَقِيمُوا۟ وُجُوهَكُمْ عِندَ كُلِّ مَسْجِدٍۢ وَٱدْعُوهُ مُخْلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ ۚ كَمَا بَدَأَكُمْ تَعُودُونَ ﴿٢٩﴾
Оо, Мухаммад, бутпарастарга минтип айт: Чынында Аллах адилеттикке буйруду, жаман, бузук иштерге буйруган жок. Баардык ибадаттарды калыс Ага аткарууга буйруду. Ага ыкылас кылып, баш ийип дуба кылууга буйруду. Ал силердин жоктон бар кылып жараткан сыяктуу экинчи жолу дагы тирилтет. Жок нерсени жаратканга кудурети жеткен, кайра жаратууга жана тирилтүүгө да кудурети жетет
فَرِيقًا هَدَىٰ وَفَرِيقًا حَقَّ عَلَيْهِمُ ٱلضَّلَـٰلَةُ ۗ إِنَّهُمُ ٱتَّخَذُوا۟ ٱلشَّيَـٰطِينَ أَوْلِيَآءَ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَيَحْسَبُونَ أَنَّهُم مُّهْتَدُونَ ﴿٣٠﴾
Аллах адамдарды эки топ кылган: бир тобун туура жолго салган, аларга туура жолго түшүү себептерин жеңил кылган, тоскоолдуктарды алып салган. Бир тобун чындыктын жолунан адашууну жазып койгон, анткени алар Аллахты эмес, шайтандарды дос тутушту жана билбестен аларды ээрчишти. Алар өздөрүн туура жолдо деп ойлошот
۞ يَـٰبَنِىٓ ءَادَمَ خُذُوا۟ زِينَتَكُمْ عِندَ كُلِّ مَسْجِدٍۢ وَكُلُوا۟ وَٱشْرَبُوا۟ وَلَا تُسْرِفُوٓا۟ ۚ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلْمُسْرِفِينَ ﴿٣١﴾
Оо, Адам баласы, авретиңерди жаба турган кийимдерди кийгиле, намаз окуганда жана тооп кылганда таза, жакшы кийимдериңерди кийгиле. Аллах адал кылган таза нерселерден каалаганыңарды жегиле жана ичкиле. Бирок, анын орточо чегинен чыгып кетпегиле, адалдан арамга өтүп чектен чыкпагыла. Акыйкатта, Аллах орточо чегинен ашып кеткендерди жакшыкөрбөйт
قُلْ مَنْ حَرَّمَ زِينَةَ ٱللَّهِ ٱلَّتِىٓ أَخْرَجَ لِعِبَادِهِۦ وَٱلطَّيِّبَـٰتِ مِنَ ٱلرِّزْقِ ۚ قُلْ هِىَ لِلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ فِى ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا خَالِصَةًۭ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ ۗ كَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ ٱلْـَٔايَـٰتِ لِقَوْمٍۢ يَعْلَمُونَ ﴿٣٢﴾
Оо, элчи, Аллах адал кылган кийимдерди, таза тамак-аштарды арамга чыгарган бутпарастарга жооп кылып: "Силерге көрк берчү кийимдерди ким арамга чыгарды? Аллах силерге ырыскы кылып берген таза тамак жана суусундуктарды ким арамга чыгарды? деп айт. Эй, элчи, чынында, бул таза нерселер бул дүйнөдө ыймандууларга таандык, эгер башкалар шерик болушса, бул дүйнөдө гана шерик боло алышат, акыретте каапырлар ага шерик боло алышпайт. Анткени, каапырлар бейишке кирбейт. Ушинтип түшүндүргөн сыяктуу аяттарыбызды да түшүнгөн коомгоайтып беребиз,анткени алар мындан пайда ала турган адамдар
قُلْ إِنَّمَا حَرَّمَ رَبِّىَ ٱلْفَوَٰحِشَ مَا ظَهَرَ مِنْهَا وَمَا بَطَنَ وَٱلْإِثْمَ وَٱلْبَغْىَ بِغَيْرِ ٱلْحَقِّ وَأَن تُشْرِكُوا۟ بِٱللَّهِ مَا لَمْ يُنَزِّلْ بِهِۦ سُلْطَـٰنًۭا وَأَن تَقُولُوا۟ عَلَى ٱللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ ﴿٣٣﴾
Оо, элчи, Аллах адал кылган нерсени арамга чыгарган бутпарастарга минтип айт: "Акыйкатта, Аллах пенделерине бузуку иштерди арам кылды, мейли жашыруу, мейли ашкере болсун, алар күнөөлөрдүн эң жамандары. Ошондой эле күнөөлөрдүн баарын жана адамдардын жанына,малына,абийирине залым кылып душмандык кылуунуарам кылды.Дагы,кудайлыгына эчбир далили жок нерселерди Аллахка шерик кылып алууңардыарам кылды.Анан да, эч нерсени билбей туруп Анын ысымдары, сыпаттары, иштери жана шариятытууралуу сүйлөөнү арам кылды". بلغ Куран · Тафсир
وَلِكُلِّ أُمَّةٍ أَجَلٌۭ ۖ فَإِذَا جَآءَ أَجَلُهُمْ لَا يَسْتَأْخِرُونَ سَاعَةًۭ ۖ وَلَا يَسْتَقْدِمُونَ ﴿٣٤﴾
Ар бир муунга алардын ажалы белгиленген ченелүү мөөнөтү бар, чектелген мөөнөтү келгенде аны бир азга кечиктире да, илгерилете да алышпайт
يَـٰبَنِىٓ ءَادَمَ إِمَّا يَأْتِيَنَّكُمْ رُسُلٌۭ مِّنكُمْ يَقُصُّونَ عَلَيْكُمْ ءَايَـٰتِى ۙ فَمَنِ ٱتَّقَىٰ وَأَصْلَحَ فَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ ﴿٣٥﴾
Оо,Адам балдары,силерге өзүңөрдүн коомуңардан элчилерди чыгарып,алар Мен түшүргөн китептерди силерге окуп берсе, аларга баш ийгиле, алар алып келген нерсеге ээрчигиле. Буйруктарын аткарып, тыйганынан тыйылып, жакшы иштерди кылып, Аллахка такыба болгон пенделерге кыямат күнү коркунуч болбойт, ошондой эле алар дүйнө насибинде кылып өткөн иштерине өкүнбөйт
وَٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا وَٱسْتَكْبَرُوا۟ عَنْهَآ أُو۟لَـٰٓئِكَ أَصْحَـٰبُ ٱلنَّارِ ۖ هُمْ فِيهَا خَـٰلِدُونَ ﴿٣٦﴾
Биздин аяттарыбызды жалган деп ага ишенбеген, элчилери алып келген буйруктарды аткарбаган каапырлар тозоккокирүүчүлөр, алар анда түбөлүк калышат
فَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ ٱفْتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا أَوْ كَذَّبَ بِـَٔايَـٰتِهِۦٓ ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ يَنَالُهُمْ نَصِيبُهُم مِّنَ ٱلْكِتَـٰبِ ۖ حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَتْهُمْ رُسُلُنَا يَتَوَفَّوْنَهُمْ قَالُوٓا۟ أَيْنَ مَا كُنتُمْ تَدْعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ ۖ قَالُوا۟ ضَلُّوا۟ عَنَّا وَشَهِدُوا۟ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمْ أَنَّهُمْ كَانُوا۟ كَـٰفِرِينَ ﴿٣٧﴾
كفرين Аллахтын шериги бар деп же кемчиликтүү деп же Ал айтпаган нерсени айттыдеп Ага жалган жалаа жапкан, же туура жолго баштаган аяттарын жалганга чыгарган адамдан өткөн залым болобу. Мына ушул жогорудагы сыпаттардын ээлерине Лавх ал-Махфузда жазылган ажал-мөөнөтү келип, өлүм периштеси жана анын жардамчылары алардын жандарын алганы келгенде, аларды жемелеп: "Аллахты таштап, Анын ордуна ибадат кылган кудайларыңар кана!? Силерге жардам берүүсү үчүн аларды чакыргыла" дешет. Ошондо бутпарастар периштелерге: "Биз ибадат кылган кудайларыбыз жок болуп кетти, алар кайда экенин билбейбиз" дешет. Каапыр болушканын ошентип моюндарына алышат, бирок, ал учурда моюндарына алганы өздөрүнө каршы далил болот жана пайдасын тийгизбейт
قَالَ ٱدْخُلُوا۟ فِىٓ أُمَمٍۢ قَدْ خَلَتْ مِن قَبْلِكُم مِّنَ ٱلْجِنِّ وَٱلْإِنسِ فِى ٱلنَّارِ ۖ كُلَّمَا دَخَلَتْ أُمَّةٌۭ لَّعَنَتْ أُخْتَهَا ۖ حَتَّىٰٓ إِذَا ٱدَّارَكُوا۟ فِيهَا جَمِيعًۭا قَالَتْ أُخْرَىٰهُمْ لِأُولَىٰهُمْ رَبَّنَا هَـٰٓؤُلَآءِ أَضَلُّونَا فَـَٔاتِهِمْ عَذَابًۭا ضِعْفًۭا مِّنَ ٱلنَّارِ ۖ قَالَ لِكُلٍّۢ ضِعْفٌۭ وَلَـٰكِن لَّا تَعْلَمُونَ ﴿٣٨﴾
ى ولكن لا تعلمون Периштелер аларга: "Эй, бутпарастар, силерден мурда каапырлык жана адашуу менен өткөн жин жана инсандардын жамаатыменен бирге тозокко киргиле" деп айтышат. Ар бир үммөт тозокко кирген сайын, аларды ушул жолго баштаган, мурдараак тозокко кирген жол башчыларына каргыш айтышат. Баары тозокко киргенден кийин, мурдагыларды кем акылдык менен ээрчип, анан тозокко акыры болуп киргендер, мурда кирген башчы, чоңдоруна карап, (анан Раббисине): "Эй, Раббибиз, мына ушул чоңдорубуз бизди туура жолдон адаштырган, бизге адашууну кооздоп көрсөткөнү үчүн алардын азабына катуу кыл" дешет. Аллах аларга жооп кылып:Силердин ар бириңерге тиешелүү күчөтүлгөн азап бар, бирок, силер аны билбейсиңер. بلغ Куран · Тафсир
وَقَالَتْ أُولَىٰهُمْ لِأُخْرَىٰهُمْ فَمَا كَانَ لَكُمْ عَلَيْنَا مِن فَضْلٍۢ فَذُوقُوا۟ ٱلْعَذَابَ بِمَا كُنتُمْ تَكْسِبُونَ ﴿٣٩﴾
Чоңдору артынан ээрчигендерине: "Эй, ээрчүүчүлөр, силердин азабыңарды жеңилдеткидей, силер бизден артык эмессиңер, кылган ишиңердин натыйжасы ушул, жалганды ээрчигениңер үчүн силерге кечирим жок, эй, ээрчүүчүлөр, каапырлыгыңар жана күнөөкөрлүгүңөр себептүү биз сыяктуу эле силер да азаптын даамын таткыла" дейшет
إِنَّ ٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا وَٱسْتَكْبَرُوا۟ عَنْهَا لَا تُفَتَّحُ لَهُمْ أَبْوَٰبُ ٱلسَّمَآءِ وَلَا يَدْخُلُونَ ٱلْجَنَّةَ حَتَّىٰ يَلِجَ ٱلْجَمَلُ فِى سَمِّ ٱلْخِيَاطِ ۚ وَكَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُجْرِمِينَ ﴿٤٠﴾
Биздин ачык-айкын аяттарыбыздыжалганга чыгарганы,текеберлик кылып баш ийбегени үчүн жакшылыктан куру калгандарга, каапырлыгы себептүү алардын кылган иштерине жана алар өлгөндө алардын рухтарына асман эшиктери ачылбайт.Жан-жаныбарлардын чоңуболгон төө буюмдардын эң кичинекейи болгон ийненин көзүнөн өтө албаган сыяктуу, алар да эч качан бейишке кире албайт. Төөнүн ийненин көзүнөн өтүүсү мүмкүн бологон сыяктуу алардын бейишке кирүүсү да мүмкүн эмес. Аллах аларды күнөөлөрү өтө чоң болгону үчүн ушинтип жазалайт
لَهُم مِّن جَهَنَّمَ مِهَادٌۭ وَمِن فَوْقِهِمْ غَوَاشٍۢ ۚ وَكَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿٤١﴾
Бултекебер жалганчылар үчүн тозок отунан төшөнчүжана жууркан болот.Мындай жаза менен Аллахка каапырлык кылып, Андан жүз буруп, Анын чегинен чыккандарды жазалайбыз
وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ لَا نُكَلِّفُ نَفْسًا إِلَّا وُسْعَهَآ أُو۟لَـٰٓئِكَ أَصْحَـٰبُ ٱلْجَنَّةِ ۖ هُمْ فِيهَا خَـٰلِدُونَ ﴿٤٢﴾
Раббисине ыйман келтирип, колунан келишинче жакшы иштерди жасагандар бейишке кирип, анда түбөлүк калышат. Аллахэчкимди колунан келбеген ишке буйрубайт
وَنَزَعْنَا مَا فِى صُدُورِهِم مِّنْ غِلٍّۢ تَجْرِى مِن تَحْتِهِمُ ٱلْأَنْهَـٰرُ ۖ وَقَالُوا۟ ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ ٱلَّذِى هَدَىٰنَا لِهَـٰذَا وَمَا كُنَّا لِنَهْتَدِىَ لَوْلَآ أَنْ هَدَىٰنَا ٱللَّهُ ۖ لَقَدْ جَآءَتْ رُسُلُ رَبِّنَا بِٱلْحَقِّ ۖ وَنُودُوٓا۟ أَن تِلْكُمُ ٱلْجَنَّةُ أُورِثْتُمُوهَا بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ ﴿٤٣﴾
Бейиштеги жакшылыктардын кемчиликсиздиги ушул, анда адамдардын жүрөгүндөгү жек көрүү, кектер алынып салынат, алардын бут алдынан дарыялар агып турат. Алар Аллахтын аларга берген жакшылыктарын моюндап: "Биздин ушул жайга кирүүбүзгө себеп болгон жакшы иштерди аткарууга багыт берген Аллахка мактоо болсун. Раббибиздин элчилери эчшеги жок акыйкатты,бейиш жана тозок тууралуучын убадалардыалып келишкен экен" дешет. Анан аларга мындай деген үн угулат: "Бул силерге Менин элчилерим кабарын берген - бейиш. Муну Аллах силерге,قАллахтын ыраазылыгыүчүн дүйнөق жашоосунда жакшыиштерди кылганыңардын сыйыкатарыберди
وَنَادَىٰٓ أَصْحَـٰبُ ٱلْجَنَّةِ أَصْحَـٰبَ ٱلنَّارِ أَن قَدْ وَجَدْنَا مَا وَعَدَنَا رَبُّنَا حَقًّۭا فَهَلْ وَجَدتُّم مَّا وَعَدَ رَبُّكُمْ حَقًّۭا ۖ قَالُوا۟ نَعَمْ ۚ فَأَذَّنَ مُؤَذِّنٌۢ بَيْنَهُمْ أَن لَّعْنَةُ ٱللَّهِ عَلَى ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿٤٤﴾
Баарыөздөрүнө ылайык убада кылынган жайларына киргенден кийин, бейишке киргендер тозоккокиргендерге: "Биз Рааббибиз бизге убада кылган бейишке чындап жолуктук жана ага кирдик. Эй, каапырлар, силер да Аллах силерге убада кылган тозоккокирдиңерби?" деп үн салышат. Каапырлар: "Бизге убада кылынган тозоккочындап بلغ Куран · Тафсир кирдик" дешет. Ошондо: Аллах залымдарды ырайымынан куусун" деген үн угулат. Дүйнө жашоосунда аларга ырайым эшиги ачылган эле,бирок алар андан баштартышткан
ٱلَّذِينَ يَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ وَيَبْغُونَهَا عِوَجًۭا وَهُم بِٱلْـَٔاخِرَةِ كَـٰفِرُونَ ﴿٤٥﴾
Ал залымдар өздөрү Аллахтын жолуна баш тарткан жана башкалардыда баш тартууга алып келишкен, чындыктын жолу адамдар ага түшпөй турган татаал болуусун каалап, үмүт кылышкан. Алар акыретке ишенишкен эмес жана даярданышкан да эмес
وَبَيْنَهُمَا حِجَابٌۭ ۚ وَعَلَى ٱلْأَعْرَافِ رِجَالٌۭ يَعْرِفُونَ كُلًّۢا بِسِيمَىٰهُمْ ۚ وَنَادَوْا۟ أَصْحَـٰبَ ٱلْجَنَّةِ أَن سَلَـٰمٌ عَلَيْكُمْ ۚ لَمْ يَدْخُلُوهَا وَهُمْ يَطْمَعُونَ ﴿٤٦﴾
يدخلوها وهم يطمعون Бул эки топтун ортосунда,б.а.бейишке кирүүчүлөр менен тозоккокирүүчүлөрдүн ортосунда бийик орунда "Аьраф" деп аталган тосмо бар. Бул бийик тосмодо жакшылык иштери менен күнөөлөрү бирдей болуп калган адамдар топтолот. Алар бейишке кирүүчүлөрдү жүздөрүнүн актыгы сыяктуу белгилеринен, ал эми тозокко кирүүчүлөрдү жүздөрүнүн каралыгы сыяктуу белгилеринен таанып билишет. Бул жердеги адамдар бейишке кире турган адамдарга урмат көрсөтүп: "Силерге тынчтык болсун" деп салам айтышат. Алар бул учурда бейишке кире элек, бирок бейишке кирүүгө Аллахтын ырайымын күтүп турган болушат
۞ وَإِذَا صُرِفَتْ أَبْصَـٰرُهُمْ تِلْقَآءَ أَصْحَـٰبِ ٱلنَّارِ قَالُوا۟ رَبَّنَا لَا تَجْعَلْنَا مَعَ ٱلْقَوْمِ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿٤٧﴾
Эгер Аьрафта тургандар тозокко кирүүчүлөргө көзү бурулуп, алардын катуу азапка дуушар болушканын көрүшсө, Аллахка кайрылып: "Оо, Раббибиз, Сага каапырлык жана ширк кылган залым коом менен бирге кылба" деп дуба кылышат
وَنَادَىٰٓ أَصْحَـٰبُ ٱلْأَعْرَافِ رِجَالًۭا يَعْرِفُونَهُم بِسِيمَىٰهُمْ قَالُوا۟ مَآ أَغْنَىٰ عَنكُمْ جَمْعُكُمْ وَمَا كُنتُمْ تَسْتَكْبِرُونَ ﴿٤٨﴾
Аьрафта турган ададмар тозокко кире турган адамдарыд алардычочулаган көздөрүнөн, карарган жүздөрүнөн таанып, аларга: "Силерге мал-мүлкүңөрдүн жана саныңардын көптүгү менен мактанганыңар жана чындык жолдон текеберленип, менменсинип баш тартканыңар пайда бербедиби?" дешет
أَهَـٰٓؤُلَآءِ ٱلَّذِينَ أَقْسَمْتُمْ لَا يَنَالُهُمُ ٱللَّهُ بِرَحْمَةٍ ۚ ٱدْخُلُوا۟ ٱلْجَنَّةَ لَا خَوْفٌ عَلَيْكُمْ وَلَآ أَنتُمْ تَحْزَنُونَ ﴿٤٩﴾
Анан: "Силер: "Аллах аларды ырайымына албайт" деген ададмар ушуларбы?" дешет (бейишке кирүүчүлөрдү көрсөтүп). Анан Аллах Таала ыймандууларган: "Оо, ыймандуулар, бейишке киргиле, силерге келечекте эч коркунуч болбойт жана дүйнө насибиңерде кылган ишиңер үчүн өкүнбөйсүңөр, анткени, түбөлүктүү жакшылкка кирдиңер" дейт
وَنَادَىٰٓ أَصْحَـٰبُ ٱلنَّارِ أَصْحَـٰبَ ٱلْجَنَّةِ أَنْ أَفِيضُوا۟ عَلَيْنَا مِنَ ٱلْمَآءِ أَوْ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُ ۚ قَالُوٓا۟ إِنَّ ٱللَّهَ حَرَّمَهُمَا عَلَى ٱلْكَـٰفِرِينَ ﴿٥٠﴾
Тозокко кирүүчүлөр бейишке кирүүчүлөрдөн жалынып: "Эй, бейишке кирүүчүлөр, бизге суу жана Аллах силерге ырыскыкылып берген тамактардан бергиле" деп суранышат. Бейишке кирүүчүлөр: "Аллах Таала бул нерселерди بلغ Куран · Тафсир каапыр болгону себептүү каапырларга арам кылган, Аллах арам кылган нерсени биз бере албайбыз" дешет
ٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُوا۟ دِينَهُمْ لَهْوًۭا وَلَعِبًۭا وَغَرَّتْهُمُ ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَا ۚ فَٱلْيَوْمَ نَنسَىٰهُمْ كَمَا نَسُوا۟ لِقَآءَ يَوْمِهِمْ هَـٰذَا وَمَا كَانُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا يَجْحَدُونَ ﴿٥١﴾
يجحدون Ал каапырлар диндерин оюн, тамаша кылышкан, аларды дүйнө жашоосу кооздук ырахаты менен алдап койгон. Алар бул дүйнөдө кыямат күнүндөгү жолугууну унутуп, ага эч аракет кылышпай, даярданышпай, Аллахтын ачык далил-белгилерин танып, анын чындык экенин билип туруп четке кагышканы үчүн, кыямат күнү Аллах аларды азап үстүнө калтырып унутуп коёт. ولقد جئنهم بكتب فص لنهعل علمهدى ورحمةلقوم يؤمنون
وَلَقَدْ جِئْنَـٰهُم بِكِتَـٰبٍۢ فَصَّلْنَـٰهُ عَلَىٰ عِلْمٍ هُدًۭى وَرَحْمَةًۭ لِّقَوْمٍۢ يُؤْمِنُونَ ﴿٥٢﴾
Акыйкатта, Биз силерге Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) түшүрүлгөн Куранды алып келдик. Ал - Куран, ыймандууларды чындыкка жана туура жолго баштоочу жана аларга дүйнө менен акыреттин жакшылыктарын билдирүүчүырайым
هَلْ يَنظُرُونَ إِلَّا تَأْوِيلَهُۥ ۚ يَوْمَ يَأْتِى تَأْوِيلُهُۥ يَقُولُ ٱلَّذِينَ نَسُوهُ مِن قَبْلُ قَدْ جَآءَتْ رُسُلُ رَبِّنَا بِٱلْحَقِّ فَهَل لَّنَا مِن شُفَعَآءَ فَيَشْفَعُوا۟ لَنَآ أَوْ نُرَدُّ فَنَعْمَلَ غَيْرَ ٱلَّذِى كُنَّا نَعْمَلُ ۚ قَدْ خَسِرُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ وَضَلَّ عَنْهُم مَّا كَانُوا۟ يَفْتَرُونَ ﴿٥٣﴾
Каапырлар аларга акыретте иштерине жараша бериле турган катуу азап тууралуу кабардын ишке ашуусун күтүшөт. Аларга кабары берилген азап жана ыймандууларга кабары берилген сый бериле турган убак келгенде, дүйнөдө Куранды унутуп, андагы буйруктарды аткарбагандар минтип арман кылышат: "Рабибиздин элчилери Аллахтан экенине эч шеги жок, кемчиликсиз чындыкты алып келишкен экен. Эми бизди колдоп, азаптан сактап калууга Аллахка ортомчу боло турган колдоочу болсо кана. Же дүйнө жашоосуна кайра кайтып, мурда аткарган жаман иштерибиздин ордуна жакшы иштерди кылып келсек кана". Катуу азапка туш болоруна ишенбей, каапырлар өздөрүн зыянга учуратып алышты. Ошондой эле алар ибадат кылган жалган "кудайлары" аларга эч пайдасын тийгизбей жок болуп кетти
إِنَّ رَبَّكُمُ ٱللَّهُ ٱلَّذِى خَلَقَ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ فِى سِتَّةِ أَيَّامٍۢ ثُمَّ ٱسْتَوَىٰ عَلَى ٱلْعَرْشِ يُغْشِى ٱلَّيْلَ ٱلنَّهَارَ يَطْلُبُهُۥ حَثِيثًۭا وَٱلشَّمْسَ وَٱلْقَمَرَ وَٱلنُّجُومَ مُسَخَّرَٰتٍۭ بِأَمْرِهِۦٓ ۗ أَلَا لَهُ ٱلْخَلْقُ وَٱلْأَمْرُ ۗ تَبَارَكَ ٱللَّهُ رَبُّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٥٤﴾
Оо, адамдар, акыйкатта силердин Раббиңер ал - мурда эч окшошу болбогон жерди алты күндө жараткан Аллах. Андан кийин өзүнүн улуулугуна ылайык биздин акылыбыз жетпеген көтөрүлүү менен Аршына көтөрүлдү. Ал түндүн караңгылыгын күндүздүн жарыгы менен, күндүздүн жарыгын түндүн караңгылыгы менен кетирет. Алар бири-биринин артынан ылдам кечикпестен кууп жүрөт да,бири кеткенде,экинчиси келет.АлӨзүнө моюн сунган күндү, айды жана жылдыздарды жаратты. Билип алгыла, жаратуу бир гана Аллахка таандык, андан башка жаратуучу барбы?! Иштин баары Ага таандык, Анын жакшылыгы улуу, жакшылык кылуусу көп, улуу жана толук деген сыпаттар менен сыпатталган,ааламдардын Раббиси
ٱدْعُوا۟ رَبَّكُمْ تَضَرُّعًۭا وَخُفْيَةً ۚ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلْمُعْتَدِينَ ﴿٥٥﴾
Оо, ыймандуулар, Раббиңерге кичи пейилдик менен берилип купуя, жашыруун дуба кылгыла. Көрсөтүү үчүн эмес, чын ыклас менен Кемчиликсиз Аллахка эч нерсени шерик кылбай дуба кылгыла. Акыйкатта Ал дубада чектен بلغ Куран · Тафсир чыгуучуларды жакшы көрбөйт, дубадагы чектен чыгуунун эң жаманы бутпарастар сыяктуу Ага кошуп башка нерселерге дуба кылуу
وَلَا تُفْسِدُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ بَعْدَ إِصْلَـٰحِهَا وَٱدْعُوهُ خَوْفًۭا وَطَمَعًا ۚ إِنَّ رَحْمَتَ ٱللَّهِ قَرِيبٌۭ مِّنَ ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿٥٦﴾
Аллах элчилерин жиберип жер бетиндегилерди бир Өзүнө баш ийдирип оңдогондон кийин, кайра күнөөгө берилип аны бузбагыла. Азабынан коркконуңарды билдирип, сооп-сыйына жетүүгө үмүт кылып Аллахка дуба кылгыла. Акыйкатта Аллахтын ырайымыжакшылык кылуучуларга жакын, ушулардан болгула
وَهُوَ ٱلَّذِى يُرْسِلُ ٱلرِّيَـٰحَ بُشْرًۢا بَيْنَ يَدَىْ رَحْمَتِهِۦ ۖ حَتَّىٰٓ إِذَآ أَقَلَّتْ سَحَابًۭا ثِقَالًۭا سُقْنَـٰهُ لِبَلَدٍۢ مَّيِّتٍۢ فَأَنزَلْنَا بِهِ ٱلْمَآءَ فَأَخْرَجْنَا بِهِۦ مِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ ۚ كَذَٰلِكَ نُخْرِجُ ٱلْمَوْتَىٰ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ ﴿٥٧﴾
Жамгырдын жакшы кабарын алып келүүчү шамалдарды Аллах жиберет. Шамал сууга толгон оор булуттарды алып келгенде аларды кургакчылык болгон жайларга жаадырып, анын суусу менен түрдүү мөмолөрдү чыгарабыз. мына ушул мөмөлөр өнүп чыккан сыяктуу кыяматта өлүктөр да кабырларынан тирилип чыгышат. Эй, адамдар, Аллахтын кудуретин, жоктон бар кылуучулугун жана өлүктөрдү тирилтүүгө кадыр экенин эстйт го деген үмүттө ушундай иштерди кылабыз
وَٱلْبَلَدُ ٱلطَّيِّبُ يَخْرُجُ نَبَاتُهُۥ بِإِذْنِ رَبِّهِۦ ۖ وَٱلَّذِى خَبُثَ لَا يَخْرُجُ إِلَّا نَكِدًۭا ۚ كَذَٰلِكَ نُصَرِّفُ ٱلْـَٔايَـٰتِ لِقَوْمٍۢ يَشْكُرُونَ ﴿٥٨﴾
Таза топурактуу жерде, Аллахтын уруксаты менен, өсүмдүк кооз,жетиле өсүп чыгат. Ошол сыяктуу эле ыймандуу адам насаатты угуп, андан пайдаланып, жакшы иштерди аткарат. Ал эми шор каптаган таштак жерге өсүмдүк кыйынчылык менен чыгып, көрксүз болот. Ошол сыяктуу каапыр адам насааттан пайда албайт, ага пайдасын тийгизүүчү жакшыиши да жок. Раббисине баш ийип, Ага каапырлык кылбай, Анын жакшылыктарына шүгүр кылган адамдарга чындыктыбекемдөө үчүн ушундай түрдүүдалилдерди көрсөтөбүз
لَقَدْ أَرْسَلْنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوْمِهِۦ فَقَالَ يَـٰقَوْمِ ٱعْبُدُوا۟ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنْ إِلَـٰهٍ غَيْرُهُۥٓ إِنِّىٓ أَخَافُ عَلَيْكُمْ عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍۢ ﴿٥٩﴾
Бир Аллахка ибадат кылып, андан башкасын таштоого үндөө үчүн Нухту коомуна элчи кылдык. Нух коомуна: "Эй, коомум, Аллахка жалгыз Өзүнө сыйынгыла, силерге Андан башка ибадат кылууга татыктуу жок.Эй, коомум, каапырлык кылып жүрүп,кыямат күнүазапка кабылып каласыңар годеп корком
قَالَ ٱلْمَلَأُ مِن قَوْمِهِۦٓ إِنَّا لَنَرَىٰكَ فِى ضَلَـٰلٍۢ مُّبِينٍۢ ﴿٦٠﴾
Коомунун аттуу-баштууларыага: "Эй, Нух, биз сенин тууралыктан өтө алыстап кеткениңди көрүп турабыз" - дешти
قَالَ يَـٰقَوْمِ لَيْسَ بِى ضَلَـٰلَةٌۭ وَلَـٰكِنِّى رَسُولٌۭ مِّن رَّبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٦١﴾
Нух пайгамбар коомунун аттуу-баштууларына: "Мен силер ойлогондой адашуучу эмесмин, мен Раббимдин туура жолундамын. Силерге менин, силердин жана бүт ааламдардын Раббиси Аллах тарабынан жиберилген элчимин" - деди. بلغ Куран · Тафсир
أُبَلِّغُكُمْ رِسَـٰلَـٰتِ رَبِّى وَأَنصَحُ لَكُمْ وَأَعْلَمُ مِنَ ٱللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ ﴿٦٢﴾
Берилген аян кабар аркылуу Аллах мени жиберген динди силерге жеткиремин. Аллахтын буйруктарын аткаруу аркылуу сооп-сыйга жетүүгө кызыктырып силерге жакшылык каалаймын. Тыюу салынган иштерге берилүү аркылуу азапка дуушар болуп калууңардан эскертемин.Аллахтан Анын аян кабарыаркылуусилер билбеген нерсени билип турам
أَوَعَجِبْتُمْ أَن جَآءَكُمْ ذِكْرٌۭ مِّن رَّبِّكُمْ عَلَىٰ رَجُلٍۢ مِّنكُمْ لِيُنذِرَكُمْ وَلِتَتَّقُوا۟ وَلَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ ﴿٦٣﴾
Раббиңердин аян кабарыжана насаат эскертүүсү силердин араңардагыөзүңөргө тааныш адамдын тили аркылуу келгенине таң калууңар күчөдүбү?! Ал силердин араңарда өсүп чоңойгон, өзүңөрдүн жынсыңардан, жалган сүйлөбөгөн, адашкан да эмес. Ал, силер жалган айтып, күнөөкөр болгонуңарда Аллахтын азабын эскертип силерди коркутуу жана Аллахтын буйругун аткарып, тыюусунан тыйылып такыба болууңар үчүн ошондой эле Ага ыйман келтирип Анын ырайымына ээ болууңардыүмүт кылып келген
فَكَذَّبُوهُ فَأَنجَيْنَـٰهُ وَٱلَّذِينَ مَعَهُۥ فِى ٱلْفُلْكِ وَأَغْرَقْنَا ٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَآ ۚ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ قَوْمًا عَمِينَ ﴿٦٤﴾
Коому аны жалганга чыгарып, ыйман келтиришпеди, каапырлыктарын уланта беришти. Ошондо аларды кыйратууну суранып Аллахка дуба кылды. Аны жана аны менен бирге ыйман келтирген адамдарды кемеге чыгарып топон суудан сактап калдык. Биздин аяттарыбызды жалган деп, ошол оюнан кайтпаган каапырларды топон сууга чөктүрүп азаптадык.Акыйкатта алардын жүрөгүчындыктыкөрбөгөн сокур эле
۞ وَإِلَىٰ عَادٍ أَخَاهُمْ هُودًۭا ۗ قَالَ يَـٰقَوْمِ ٱعْبُدُوا۟ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنْ إِلَـٰهٍ غَيْرُهُۥٓ ۚ أَفَلَا تَتَّقُونَ ﴿٦٥﴾
Аад элине өздөрүнүн арасынан Худду (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) пайгамбар кылып жибердик. Ал: "Эй, коомум, Аллахтын Өзүнө гана ибадат кылгыла, силерге Андан башка ибадатка татыктуу жок. Анын азабынан аман калууңар үчүн буйруктарын аткарып, тыюуларынан тыйылып, такыба болбойсуңарбы?!" - деди
قَالَ ٱلْمَلَأُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ مِن قَوْمِهِۦٓ إِنَّا لَنَرَىٰكَ فِى سَفَاهَةٍۢ وَإِنَّا لَنَظُنُّكَ مِنَ ٱلْكَـٰذِبِينَ ﴿٦٦﴾
Коомундагы Аллахка каапыр болуп, Анын элчисин жалганга чыгарган аттуу-баштуулары: "Эй, Худ, бизди бут- айкелдерге ибадат кылууну таштап, жалгыз Аллахка ибадат кылууга үндөгөнүңдөн сенин кем акыл, келесоолугуңду билип жатабыз.Өзүңдүпайгамбар деп эсептегениң анык жалганчылык экенине бекем ишенебиз" - дешти
قَالَ يَـٰقَوْمِ لَيْسَ بِى سَفَاهَةٌۭ وَلَـٰكِنِّى رَسُولٌۭ مِّن رَّبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٦٧﴾
Худ коомунун айтканына жооп кылып: "Эй, коомум, мен кем акыл, келесоо эмесмин, мен ааламдардын Раббиси жиберген элчимин" - деди. أبلغكم رسلت ربى وأنالكم ناص حأمين
أُبَلِّغُكُمْ رِسَـٰلَـٰتِ رَبِّى وَأَنَا۠ لَكُمْ نَاصِحٌ أَمِينٌ ﴿٦٨﴾
Аллах силерге жеткирүүнү буйруган шариятын жана бир кудайга ибадат кылуу ишенимин жеткиремин. Силерге буйрулган нерсени жеткирүүдө ишенимдүү насаатчымын, ага алымча-кошумча кылбаймын. بلغ Куран · Тафсир
أَوَعَجِبْتُمْ أَن جَآءَكُمْ ذِكْرٌۭ مِّن رَّبِّكُمْ عَلَىٰ رَجُلٍۢ مِّنكُمْ لِيُنذِرَكُمْ ۚ وَٱذْكُرُوٓا۟ إِذْ جَعَلَكُمْ خُلَفَآءَ مِنۢ بَعْدِ قَوْمِ نُوحٍۢ وَزَادَكُمْ فِى ٱلْخَلْقِ بَصْۜطَةًۭ ۖ فَٱذْكُرُوٓا۟ ءَالَآءَ ٱللَّهِ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ ﴿٦٩﴾
Раббиңердин аян кабарыжана насаат эскертүүсү силердин жынсыңардагыадамдын, периште же жин жынсынан эмес,тили аркылуу келгенине таң калууңар күчөдүбү?! Силерди жерге жайгаштырып койгонуна жана каапырлыктарыүчүн Аллахкыйратып жок кылган Нухтун коомуна орун басар кылганыүчүн Аллахка мактооайтып, шүгүр кылгыла. Силерге олбурлуу дене, чоң күч-кубат бергенине шүгүр кылгыла. Азап-тозоктон кутулууну үмүт кылсаңар,анда Аллахтын силерге берген көп жакшылыктарын эстегиле
قَالُوٓا۟ أَجِئْتَنَا لِنَعْبُدَ ٱللَّهَ وَحْدَهُۥ وَنَذَرَ مَا كَانَ يَعْبُدُ ءَابَآؤُنَا ۖ فَأْتِنَا بِمَا تَعِدُنَآ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّـٰدِقِينَ ﴿٧٠﴾
Коому Худга кайрылып: "Эй, Худ, бизди ата-бабаларыбыз ибадат кылып келген бут-айкелдерди таштап, жалгыз Аллахка ибадат кылууга буйруйсуңбу?! Айткандарың чын болсо, анда бизге убада кылып жаткан азабыңды алып келе бер" - дешти
قَالَ قَدْ وَقَعَ عَلَيْكُم مِّن رَّبِّكُمْ رِجْسٌۭ وَغَضَبٌ ۖ أَتُجَـٰدِلُونَنِى فِىٓ أَسْمَآءٍۢ سَمَّيْتُمُوهَآ أَنتُمْ وَءَابَآؤُكُم مَّا نَزَّلَ ٱللَّهُ بِهَا مِن سُلْطَـٰنٍۢ ۚ فَٱنتَظِرُوٓا۟ إِنِّى مَعَكُم مِّنَ ٱلْمُنتَظِرِينَ ﴿٧١﴾
Худ аларга жооп кылып: "Чынында, Аллахтын азабын жана каарын талап кылдыңар, мунун силерге келерине эч шек жок. Атаңар да, силер да "кудай" деп атап алган, чындыкка дал келбеген бут-айкелдер тууралуу мени менен талашасыңарбы?! Аллах алардын "кудай" экенине далил боло турган далилди түшүргөн эмес. Өзүңөр батыраак жиберүүсүн Аллахтан талап кылган азаптыкүткүлө, мен да анысилер менен бирге күтөм, ал жакында болот
فَأَنجَيْنَـٰهُ وَٱلَّذِينَ مَعَهُۥ بِرَحْمَةٍۢ مِّنَّا وَقَطَعْنَا دَابِرَ ٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا ۖ وَمَا كَانُوا۟ مُؤْمِنِينَ ﴿٧٢﴾
Худду жана аны менен бирге болгон ыймандууларга ырайым кылып, азаптан сактап калдык. Ал эми Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарып, ыйман келтиришпей, жалганчы болгондорду кыйратып жок кылдык, алар ушундай азапка ылайык болчу
وَإِلَىٰ ثَمُودَ أَخَاهُمْ صَـٰلِحًۭا ۗ قَالَ يَـٰقَوْمِ ٱعْبُدُوا۟ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنْ إِلَـٰهٍ غَيْرُهُۥ ۖ قَدْ جَآءَتْكُم بَيِّنَةٌۭ مِّن رَّبِّكُمْ ۖ هَـٰذِهِۦ نَاقَةُ ٱللَّهِ لَكُمْ ءَايَةًۭ ۖ فَذَرُوهَا تَأْكُلْ فِىٓ أَرْضِ ٱللَّهِ ۖ وَلَا تَمَسُّوهَا بِسُوٓءٍۢ فَيَأْخُذَكُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌۭ ﴿٧٣﴾
ء Самуд коомуна өздөрүнүн ичинен Салихти пайгамбар кылдык. Ал аларды Аллахты жалгыз деп билүүгө жана Ага ибадат кылууга чакырды. Салих коомуна кайрылып: "Аллахка Өзүнө гана ибадат кылгыла, силерге Андан башка ибадатка татыктуу жок. Менин пайгамбарлыгымдын чындык экенине ачык-айкын далил болуучу белги келди. Ал ташты жарып чыккан төө. Анын суу иче турган белгилүү убактысы бар, силер да сууну өзүңөргө тиешелүү убакта алгыла. Ага тийбегиле, Аллахтын жеринде оттоп жүрө берсин, анын силерге зыяны жок. Силер да ага зыян тийгизбегиле. Эгер ага зыян тийгизсеңер, ошол себептүү азапка кириптер болосуңар. بلغ Куран · Тафсир
وَٱذْكُرُوٓا۟ إِذْ جَعَلَكُمْ خُلَفَآءَ مِنۢ بَعْدِ عَادٍۢ وَبَوَّأَكُمْ فِى ٱلْأَرْضِ تَتَّخِذُونَ مِن سُهُولِهَا قُصُورًۭا وَتَنْحِتُونَ ٱلْجِبَالَ بُيُوتًۭا ۖ فَٱذْكُرُوٓا۟ ءَالَآءَ ٱللَّهِ وَلَا تَعْثَوْا۟ فِى ٱلْأَرْضِ مُفْسِدِينَ ﴿٧٤﴾
Силерди Аад коомунун артынан алып келгендеги Аллахтын жакшылыктарын эстегиле. Жалганчылыгы жана каапырлыгы чектен чыккан Аад коому кыйратылгандан кийин силерди жерге жайгаштырып, анда орун-очок алдыңар, издегениңерди таптыңар. Силер эми жердин тегиз бетине ак сарайларды саласыңар, үй жасоо үчүн тоолорду кесесиңер. Аллахка шүгүр кылуу үчүн Анын жакшылыктарын эстегиле. Жер бетинде бузукулук кылып жүрүүнү таштагыла. Бузкулукту таштоо - Аллахка каапырлык кылууну жана күнөөлөрдү таштоо аркылуу болот
قَالَ ٱلْمَلَأُ ٱلَّذِينَ ٱسْتَكْبَرُوا۟ مِن قَوْمِهِۦ لِلَّذِينَ ٱسْتُضْعِفُوا۟ لِمَنْ ءَامَنَ مِنْهُمْ أَتَعْلَمُونَ أَنَّ صَـٰلِحًۭا مُّرْسَلٌۭ مِّن رَّبِّهِۦ ۚ قَالُوٓا۟ إِنَّا بِمَآ أُرْسِلَ بِهِۦ مُؤْمِنُونَ ﴿٧٥﴾
Коомундагы текеберленген байлары жана башчылары ыйман келтирген жарды-жармачтарды (шылдыңдап): "Эй, ыймандуулар, силер, Салих чын эле Аллахтын пайгамбары деп ишенесиңерби? - дешет. Кедей ыймандуулар аларга жооп кылып: "Биз Салих алып келген нерсеге ишенүүчү, тастыктоочу, баш ийүүчү жана анын шариятын аткаруучубуз" - дешти
قَالَ ٱلَّذِينَ ٱسْتَكْبَرُوٓا۟ إِنَّا بِٱلَّذِىٓ ءَامَنتُم بِهِۦ كَـٰفِرُونَ ﴿٧٦﴾
Коомундагы текеберлер: "Эй, ыймандуулар, биз силер ишенген нерсеге каапырбыз, ага эч ишенбейбиз жана анын шариятын да аткарбайбыз" - дешти
فَعَقَرُوا۟ ٱلنَّاقَةَ وَعَتَوْا۟ عَنْ أَمْرِ رَبِّهِمْ وَقَالُوا۟ يَـٰصَـٰلِحُ ٱئْتِنَا بِمَا تَعِدُنَآ إِن كُنتَ مِنَ ٱلْمُرْسَلِينَ ﴿٧٧﴾
Анан Аллахтын буйругун аткарууга текеберлик кылып, зыян тийгизбегиле деп буйруган төөнү союп салыштыда, Салих аларга убада кылган азапка ишенбей, шылдыңдап: "Эй, Салих, эгер чындап эле Аллахтын элчилеринен болсоң, бизге айтып жүргөн катуу азабыңдыалып кел" - дешти
فَأَخَذَتْهُمُ ٱلرَّجْفَةُ فَأَصْبَحُوا۟ فِى دَارِهِمْ جَـٰثِمِينَ ﴿٧٨﴾
Каапырларга алар шашылган азап келип, катуу жер титиреди да, өздөрү да, минген улоолору да баары жерге жутулуп жок болду.Булкыйроодон алардын бирөөсүда кутулбады
فَتَوَلَّىٰ عَنْهُمْ وَقَالَ يَـٰقَوْمِ لَقَدْ أَبْلَغْتُكُمْ رِسَالَةَ رَبِّى وَنَصَحْتُ لَكُمْ وَلَـٰكِن لَّا تُحِبُّونَ ٱلنَّـٰصِحِينَ ﴿٧٩﴾
Салих, коому аны кабыл кылуусунан үмүтүн үзгөндөн кийин, алардан тескери бурулуп: "Эй, коомум, Аллах мага силерге жеткирүүну буйруган нерсени жеткирдим, силерди коркутуп жана кызыктырып насаат айттым, бирок, силер жакшылыкка жакындатып, жамандыктан алыстатууга кызыкдар болгон насаат айтуучуларды жактырбадыңар" - деди. بلغ Куран · Тафсир
وَلُوطًا إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِۦٓ أَتَأْتُونَ ٱلْفَـٰحِشَةَ مَا سَبَقَكُم بِهَا مِنْ أَحَدٍۢ مِّنَ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٨٠﴾
Өзүнүн коомуна жийиркенип: "Эркекти эркек эңсеген эң жаман жийиркеничтүү ишти кыласыңарбы?! Бул ишти силер баштап жатасыңар,силерге чейин мындай ишке эчким барган эмес" - деген Лут пайгамбардыда эстегин
إِنَّكُمْ لَتَأْتُونَ ٱلرِّجَالَ شَهْوَةًۭ مِّن دُونِ ٱلنِّسَآءِ ۚ بَلْ أَنتُمْ قَوْمٌۭ مُّسْرِفُونَ ﴿٨١﴾
Кумарыңарды кандырууга ылайык жаратылган аялдарды карабай, эркектер менен кумар кандырууну каалайсынарбы. Бул кылыгыңар акылга да сыйбайт, адамдын таза табиятына да туура келбейт. Силер адамдык сапаттан чыгып жана адамдын акылыменен табиятыталап кылган нерсени бузуп,Аллахчектенген чегинен чыгып кеттиңер!
وَمَا كَانَ جَوَابَ قَوْمِهِۦٓ إِلَّآ أَن قَالُوٓا۟ أَخْرِجُوهُم مِّن قَرْيَتِكُمْ ۖ إِنَّهُمْ أُنَاسٌۭ يَتَطَهَّرُونَ ﴿٨٢﴾
Бузукулукка берилген адамдар чындыктан баш тартып, бул кайтарууга минтип жооп беришти: "Лутту жана ага ишенгендерди айылдан чыгарып салгыла!Алар биз кылып жаткан ишке барышпайт экен,мындайлар менен чогуу жашообизге ылайык эмес"
فَأَنجَيْنَـٰهُ وَأَهْلَهُۥٓ إِلَّا ٱمْرَأَتَهُۥ كَانَتْ مِنَ ٱلْغَـٰبِرِينَ ﴿٨٣﴾
Бир аздан кийин азап түшө турган айылдан чыгып кеткиле деп аянкылып Лутту жана анын үй-бүлөсүн азаптан сактадык. Бирок, анын аялы коому менен калып, башкалар кабылган азапка кабылды
وَأَمْطَرْنَا عَلَيْهِم مَّطَرًۭا ۖ فَٱنظُرْ كَيْفَ كَانَ عَـٰقِبَةُ ٱلْمُجْرِمِينَ ﴿٨٤﴾
Алардын үстүнө ысык ылайдан катуу жамгыр жаадырдык, айылды болсо, астын-үстүн кылдык. Оо, элчи, Лут пайгамбардын күнөөкөр коомунун акыбети кандай болгонуна ой жүгүрт, акыйкатта, алардын акыбети кыйроо жана түбөлүк азап болду
وَإِلَىٰ مَدْيَنَ أَخَاهُمْ شُعَيْبًۭا ۗ قَالَ يَـٰقَوْمِ ٱعْبُدُوا۟ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنْ إِلَـٰهٍ غَيْرُهُۥ ۖ قَدْ جَآءَتْكُم بَيِّنَةٌۭ مِّن رَّبِّكُمْ ۖ فَأَوْفُوا۟ ٱلْكَيْلَ وَٱلْمِيزَانَ وَلَا تَبْخَسُوا۟ ٱلنَّاسَ أَشْيَآءَهُمْ وَلَا تُفْسِدُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ بَعْدَ إِصْلَـٰحِهَا ۚ ذَٰلِكُمْ خَيْرٌۭ لَّكُمْ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ ﴿٨٥﴾
م ؤمنين Чынында Биз Мадиян элине өздөрүнөн Шуайбды пайгамбар кылдык. Ал коомуна кайрылып: "Эй, коомум, жалгыз Аллахка ибадат кылгыла, Андан башка ибадат кылууга татыктуу жок. Силерге, Мен Рабимден алып келген диндин чындык экенине далил болчу ачык-айкын белгилер келди. Өлчөөнү жана таразада тартууну так кылып, адамдардын акысын жебегиле. буюмдарынын айыбы менен адамдардын баасын түшүрбөгүлө. Мурда пайгамбарларды жиберүү аркылуу оңдогон жер бетинде кайра бузукулукту таратпагыла. Ушул айтылгандар эгер ыйман келтирсеңер силер үчүн пайдалуу жана жакшы. Анткени, Аллахтын тыюусуна баш ийип күнөөну таштайсыңар жана Анын буйругун аткарууменен Ага жакындайсыңар. بلغ Куран · Тафсир
وَلَا تَقْعُدُوا۟ بِكُلِّ صِرَٰطٍۢ تُوعِدُونَ وَتَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ مَنْ ءَامَنَ بِهِۦ وَتَبْغُونَهَا عِوَجًۭا ۚ وَٱذْكُرُوٓا۟ إِذْ كُنتُمْ قَلِيلًۭا فَكَثَّرَكُمْ ۖ وَٱنظُرُوا۟ كَيْفَ كَانَ عَـٰقِبَةُ ٱلْمُفْسِدِينَ ﴿٨٦﴾
Малын тоноо, динге кирүүнү каалаган адамдарды Аллахтын дининен тосуу, адамдар ага кирбесин үчүн динди бурмалап көрсөтүү аркылуу ары-бери өткөн адамдарды коркутуп ар кайсы жолдун боюнда турбагыла. Аллахка шүгүр кылуу үчүн Анын жакшылыктарын эстегиле; силердин саныңар аз эле, Ал аны көбөйттү. Силерден мурдагы жер бетинде бузукулук кылып өткөн адамдардын акыбети кандай болгонун ойлоп көргүлө. Алардын акыбети кырап жок болууменен буткөн
وَإِن كَانَ طَآئِفَةٌۭ مِّنكُمْ ءَامَنُوا۟ بِٱلَّذِىٓ أُرْسِلْتُ بِهِۦ وَطَآئِفَةٌۭ لَّمْ يُؤْمِنُوا۟ فَٱصْبِرُوا۟ حَتَّىٰ يَحْكُمَ ٱللَّهُ بَيْنَنَا ۚ وَهُوَ خَيْرُ ٱلْحَـٰكِمِينَ ﴿٨٧﴾
Эгер мен Рабимден алып келген нерсеге силердин араңардан бир жамаат ыйман келтирсе, бир жамаат буга ыйман келтирбесе, анда, эй, жалганчылар, Аллах силердин ортоңорду ажыратканча күтүп тургула. Ал эң жакшы ажыратуучу жа эң адилеттүү өкүм чыгаруучу
۞ قَالَ ٱلْمَلَأُ ٱلَّذِينَ ٱسْتَكْبَرُوا۟ مِن قَوْمِهِۦ لَنُخْرِجَنَّكَ يَـٰشُعَيْبُ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ مَعَكَ مِن قَرْيَتِنَآ أَوْ لَتَعُودُنَّ فِى مِلَّتِنَا ۚ قَالَ أَوَلَوْ كُنَّا كَـٰرِهِينَ ﴿٨٨﴾
Шуайбдын коомундагы текеберленген чоңдору жана башчылары ага: "Эй, Шуайб, биздин динибизге кайра кайткыла, болбосо сени да, сага ишенип ыйман келтиргендерди да айылдан кууп чыгабыз" - дешти. Шуайб аларга таң калып жана алардын айтканын четке кагып:"Силер тутунган диндин жалган экенин билип,аныжаман көрүп турсак, кантип кабылдамак элек?!" - деди
قَدِ ٱفْتَرَيْنَا عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا إِنْ عُدْنَا فِى مِلَّتِكُم بَعْدَ إِذْ نَجَّىٰنَا ٱللَّهُ مِنْهَا ۚ وَمَا يَكُونُ لَنَآ أَن نَّعُودَ فِيهَآ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ رَبُّنَا ۚ وَسِعَ رَبُّنَا كُلَّ شَىْءٍ عِلْمًا ۚ عَلَى ٱللَّهِ تَوَكَّلْنَا ۚ رَبَّنَا ٱفْتَحْ بَيْنَنَا وَبَيْنَ قَوْمِنَا بِٱلْحَقِّ وَأَنتَ خَيْرُ ٱلْفَـٰتِحِينَ ﴿٨٩﴾
"Биз силердин каапырлык жана ширкке негизделген "диниңерге" кайтсак, Аллахка жалганчы болуп калабыз, анткени, Аллах Өзү бизди каапырлык жана ширктен куткарып чыгарган. Силердин жалган ишенимиңерге кайтуу бизге туура да келбейт, ылайык да эмес, бирок, Аллах кааласа гана. Көз карандылыктын баары Аллахтын каалоосунда, Раббибиз илими менен бардык нерсени ороп алган, Ага эч нерсе жашыруун болбойт. Туура жолдон тайдырбай кадамдарыбызды бекем кылуусу жана тозоктун жолунан сактоосу үчүн бир гана Аллахка таянабыз. Оо, Рабби,биз менен каапыр коомубуздун ортосуна Өзүң өкүм чыгар.Көк беттик менен зыян көрсөткөн залымдарга каршытуура жолдо зыян тартып жаткандарга жардам бер.Оо, Рабби, Сен өкүм чыгаруучулардын эң жакшысысың" - деди
وَقَالَ ٱلْمَلَأُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ مِن قَوْمِهِۦ لَئِنِ ٱتَّبَعْتُمْ شُعَيْبًا إِنَّكُمْ إِذًۭا لَّخَـٰسِرُونَ ﴿٩٠﴾
Коомундагы Аллахты жалгыз деп билүү дааватына каршы болгон каапырлардын чоңдору жана башчылары Шуайбдан жана анын дининен кайтарып: "Эй, элдер, эгер ата-бабаңардан бери келе жаткан диниңерди таштап, Шуайбдын динине киресеңер, анда кыйрап жок болосуңар" - деп коркутушту. بلغ Куран · Тафсир
فَأَخَذَتْهُمُ ٱلرَّجْفَةُ فَأَصْبَحُوا۟ فِى دَارِهِمْ جَـٰثِمِينَ ﴿٩١﴾
Анан жер катуутитиреп,ар кимиси тургн жеринде жерге жутулуп жок болушту
ٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ شُعَيْبًۭا كَأَن لَّمْ يَغْنَوْا۟ فِيهَا ۚ ٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ شُعَيْبًۭا كَانُوا۟ هُمُ ٱلْخَـٰسِرِينَ ﴿٩٢﴾
Шуайбды жалганга чыгаргандардын баары, ал жерде такыр жашабаган сыяктуу тып-тыйпыл болуп кыйрап жоголду. Шуайбды жалганга чыгаргандар өздөрү зыянга туш болду, анткени алар өздөрүнө, өздөрү ээлик кылгандарга зыян кылып алышты. Ал эми жалганчы каапырлар "кыйрайт" деп ойлогон эл арасындагы ыймандуулар эчкандай зыянга учураган жок
فَتَوَلَّىٰ عَنْهُمْ وَقَالَ يَـٰقَوْمِ لَقَدْ أَبْلَغْتُكُمْ رِسَـٰلَـٰتِ رَبِّى وَنَصَحْتُ لَكُمْ ۖ فَكَيْفَ ءَاسَىٰ عَلَىٰ قَوْمٍۢ كَـٰفِرِينَ ﴿٩٣﴾
Алар кыйрап калгандан кийин Шуайбтескери бурулуп:"Эй,элим,Раббим силерге жеткир деп буйруган нерсени жеткирдим, силерге насаат айттым, насаатымды укпадыңар, мен баштаган жолго баспадыңар. Аллахка каапыр болуп, каапырлыгынан кайтпаган элге эмнеге кайгырмак элем?!" - деди
وَمَآ أَرْسَلْنَا فِى قَرْيَةٍۢ مِّن نَّبِىٍّ إِلَّآ أَخَذْنَآ أَهْلَهَا بِٱلْبَأْسَآءِ وَٱلضَّرَّآءِ لَعَلَّهُمْ يَضَّرَّعُونَ ﴿٩٤﴾
Биз кайсы бир айылга кайсы бир пайгамбарды жиберсек, бирок ал жердин эли аны жалганга чыгарып каапыр болсо, алар каапырлыгын жана текеберлигин таштап, Аллахка баш иеби деген үмүттө, аларды кедейлик, кыйынчылык, оору-сыркоо менен эскертебиз. Ушул эскертүү курайштарга да, бардык каапыр, жалганчыларга тиешелүүАллахтын сүннөт жолу
ثُمَّ بَدَّلْنَا مَكَانَ ٱلسَّيِّئَةِ ٱلْحَسَنَةَ حَتَّىٰ عَفَوا۟ وَّقَالُوا۟ قَدْ مَسَّ ءَابَآءَنَا ٱلضَّرَّآءُ وَٱلسَّرَّآءُ فَأَخَذْنَـٰهُم بَغْتَةًۭ وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ ﴿٩٥﴾
يشعرون Жакырлык, ооруу-сыркоо менен эскерткенден кийин, алардын жашоосун жакшылык, аманчылыкка айландырдык эле алардын саны өсүп, мал-жаны көбөйдү. Ошондо алар: "Биздин башыбызга келип жаткан каатчылык жана токчулук мурдагылардын да башына түшкөн адаттагы эле көрүнүш" - дешти. Этибар алсын деп берилген кыйынчылыктыда,өнөк алсын деп берилген жыргалчылыктыда сезишкен жок.Анан алар бейкапар,даярдыксыз турганда капыстан азапка алдык
وَلَوْ أَنَّ أَهْلَ ٱلْقُرَىٰٓ ءَامَنُوا۟ وَٱتَّقَوْا۟ لَفَتَحْنَا عَلَيْهِم بَرَكَـٰتٍۢ مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلْأَرْضِ وَلَـٰكِن كَذَّبُوا۟ فَأَخَذْنَـٰهُم بِمَا كَانُوا۟ يَكْسِبُونَ ﴿٩٦﴾
كانوا يك سبون Эгер Биз элчилерибизди жиберген айылдардын элдери элчилер алып келген динге ишенип, Раббисине такыба болуп, каапырлык жана күнөөнү таштап, Анын буйруктарын аткарышканда, аларга бардык атараптан жакшылык эшиктерин ачып коймокпуз. Бирок, алар ишенишкен да жок, такыба да болушкан жок. Тескерисинче, элчилер алып келген нерсени жалганга чыгарышты. Анан күнөө, катаалары себептүү Биз аларды кокустан азапка туш кылдык. بلغ Куран · Тафсир
أَفَأَمِنَ أَهْلُ ٱلْقُرَىٰٓ أَن يَأْتِيَهُم بَأْسُنَا بَيَـٰتًۭا وَهُمْ نَآئِمُونَ ﴿٩٧﴾
Айылдардын жалганчы элдери алар ырахатка батып, бейпил уктап жатканда Биздин азап келип калса, аман калмакпы?!
أَوَأَمِنَ أَهْلُ ٱلْقُرَىٰٓ أَن يَأْتِيَهُم بَأْسُنَا ضُحًۭى وَهُمْ يَلْعَبُونَ ﴿٩٨﴾
Же күндүзү,алар дүйнө иштери менен алек болуп,ойноп,бейкапар турушканда,Биздин азап келип калса,аман калмак беле?
أَفَأَمِنُوا۟ مَكْرَ ٱللَّهِ ۚ فَلَا يَأْمَنُ مَكْرَ ٱللَّهِ إِلَّا ٱلْقَوْمُ ٱلْخَـٰسِرُونَ ﴿٩٩﴾
Аллахтын аларга берген мүмкүнчүлүктөрүн карагыла, өсүп-өнүгүүсү үчүн аларга күч-кубат, кенен ырыскы берди. Бул айылдардын ишенбөөчү элдери Аллахтын айлакерлигинен жана жашыруун чара көрүүсүнөн кабарсыз беле? Аллахтын айлакерлигинен кыйроочу коом гана кабарсыз калат. Ал эми ийгиликке жетүүчу коом Анын айлакерлигинен коркот, өздөрүнө берилген жакшылыктарга азгырылбайт жана аны сый катары көрүп, ал үчүн шүгүр кылат
أَوَلَمْ يَهْدِ لِلَّذِينَ يَرِثُونَ ٱلْأَرْضَ مِنۢ بَعْدِ أَهْلِهَآ أَن لَّوْ نَشَآءُ أَصَبْنَـٰهُم بِذُنُوبِهِمْ ۚ وَنَطْبَعُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ فَهُمْ لَا يَسْمَعُونَ ﴿١٠٠﴾
يسمعون Күнөөлөрүнүн айынан кыйроого учураган мурдагы элдердин ордуна жайгашып, алардын кыйроосунан этибар албай, кайра ошолордун кылган ишин кайталаган адамдарга эгер Аллах кааласа күнөөлөрү себептүү мурдагылар кабылган балээге кабылтып коёру белгилүү эмеспи? Же жүрөктөрүнө мөөр басып, насааттан таасирленбей, эскертүүдөн пайда албай турган кылып коёрун билишпейби?
تِلْكَ ٱلْقُرَىٰ نَقُصُّ عَلَيْكَ مِنْ أَنۢبَآئِهَا ۚ وَلَقَدْ جَآءَتْهُمْ رُسُلُهُم بِٱلْبَيِّنَـٰتِ فَمَا كَانُوا۟ لِيُؤْمِنُوا۟ بِمَا كَذَّبُوا۟ مِن قَبْلُ ۚ كَذَٰلِكَ يَطْبَعُ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِ ٱلْكَـٰفِرِينَ ﴿١٠١﴾
ى Оо, пайгамбар, сага мурдагы өткөн Нух, Худ, Салих, Лут жана Шуайб пайгамбарлардын коомдору тууралуу, алардын пайгамбарларын жалганга чыгарганы, тоң моюндугу жана кыйроого учураганы тууралуу кабар беребиз. Бул, мындан үлгү алгандарга үлгү, насаат алгандарга насаат болуусу үчүн. Бул айылдын элине пайгамбарлары өздөрүнүн чындык экенине ачык-айкын далилдерди алып келсе да, пайгамабрлары келгенде ыйман келтиришпеди, булардын жалганга чыгаруусу Аллахтын илиминде бар эле. Ошол пайгамбарларын жалганга чыгарган айылэлдеринин жүрөктөрүн мөөрлөп койгон сыяктууМухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгыжана мактоодубасыболсун) каапыр болгондордун да жүрөгүн мөөрлөп коёбуз, алар ыйман жолуна түшө алышпайт
وَمَا وَجَدْنَا لِأَكْثَرِهِم مِّنْ عَهْدٍۢ ۖ وَإِن وَجَدْنَآ أَكْثَرَهُمْ لَفَـٰسِقِينَ ﴿١٠٢﴾
Биз элчилерибизди жиберген элдин көбү Аллахтын осуятын аткарбаганын, нын буйруктарын орундабаганын көрдүк. Алардын көбү Аллахка баш ийбеди. بلغ Куран · Тафсир
ثُمَّ بَعَثْنَا مِنۢ بَعْدِهِم مُّوسَىٰ بِـَٔايَـٰتِنَآ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ وَمَلَإِي۟هِۦ فَظَلَمُوا۟ بِهَا ۖ فَٱنظُرْ كَيْفَ كَانَ عَـٰقِبَةُ ٱلْمُفْسِدِينَ ﴿١٠٣﴾
Ал элчилерден кийин Фараонго жана анын коомуна Муса пайгамбарды пайгамбарлыгы чындык экенине ачык- айкын далил, белгилери менен жибердик. Бирок, алар да анын белгилерин жокко чыгарып, ага каапыр болушту. Оо,элчи,анан Фараондун жана анын коомунун акыбети кандай болгонун кара;Аллахалардычөктүрүп жок кылды жана дүйнө, акыретте каргышка дуушар кылды
وَقَالَ مُوسَىٰ يَـٰفِرْعَوْنُ إِنِّى رَسُولٌۭ مِّن رَّبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿١٠٤﴾
Аллах Мусаны Фараонго жибергенде, ага барып: "Эй, Фараон, мен буткүл жаратылгандардын Жаратуучусу, Падышасыжана иштерин көзөмөлдөөчүсү тарабынан жиберилгенмин" - деди
حَقِيقٌ عَلَىٰٓ أَن لَّآ أَقُولَ عَلَى ٱللَّهِ إِلَّا ٱلْحَقَّ ۚ قَدْ جِئْتُكُم بِبَيِّنَةٍۢ مِّن رَّبِّكُمْ فَأَرْسِلْ مَعِىَ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ ﴿١٠٥﴾
Муса дагы: "Мен Андан келгендиктен, Ал тууралуу жалаң гана чындыкты айтууга милдеттүүмүн. Силерге пайгамбарлыгымдын чындыгына жана Раббим тарабынан жиберилген элчи экендигиме ачык-айкын далилдерди алып келдим.Эми Исраилурпактарын туткундан чыгарып мени менен жибер" - деди
قَالَ إِن كُنتَ جِئْتَ بِـَٔايَةٍۢ فَأْتِ بِهَآ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّـٰدِقِينَ ﴿١٠٦﴾
Фараон Мусага:"Эгер айткандарыңчын болсо,Аллахтан алып келдим деп жаткан далилдериңди көрсөт" - деди. فألق عصاه فإذا هى ثعبان م بين
فَأَلْقَىٰ عَصَاهُ فَإِذَا هِىَ ثُعْبَانٌۭ مُّبِينٌۭ ﴿١٠٧﴾
Муса колундагытаягын ыргыттыэле, чоң жыланга айланып карап тургандарга даана көрүндү
وَنَزَعَ يَدَهُۥ فَإِذَا هِىَ بَيْضَآءُ لِلنَّـٰظِرِينَ ﴿١٠٨﴾
Көйнөгүнүн көкүрөгүндөгү же колтугунан ылдыйыраагындагы чөнтөгүнөн колун чыгарса, пес оорусу жок эле колу аппак болуп чыктыжана аппактыгынан карап тургандарга нурданып көрүндү
قَالَ ٱلْمَلَأُ مِن قَوْمِ فِرْعَوْنَ إِنَّ هَـٰذَا لَسَـٰحِرٌ عَلِيمٌۭ ﴿١٠٩﴾
Мусанын таягы жыланга айланганын жана колдору пес оорусу жок агарып калганын көргөн коомдун башчы, чоңдору: "Муса сыйкыр илимин мыктыбилген сыйкырчыэкен" - дешти
يُرِيدُ أَن يُخْرِجَكُم مِّنْ أَرْضِكُمْ ۖ فَمَاذَا تَأْمُرُونَ ﴿١١٠﴾
"Бул иштери менен ал силерди Мисирден, жериңеден чыгарганы жатат" - деди Фараон, анан Мусанын иши тууралуу кеңеш сурап: "Муну эмне кылууга кеңеш бересиңер?" - деди بلغ Куран · Тафсир
قَالُوٓا۟ أَرْجِهْ وَأَخَاهُ وَأَرْسِلْ فِى ٱلْمَدَآئِنِ حَـٰشِرِينَ ﴿١١١﴾
Алар Фараонго: "Муса менен Харунду коё туруп, Мисирдеги баардык шаарларга андагы сыйкырчыларды алып келүүгө киши чаптыр" - дешти. يأتوك بكل سحر عليم
يَأْتُوكَ بِكُلِّ سَـٰحِرٍ عَلِيمٍۢ ﴿١١٢﴾
Жиберген адамдарыңшаарлардагыбаардык сыйкыр ишин мыктыбилген чебер сыйкырчылардытаап келсин
وَجَآءَ ٱلسَّحَرَةُ فِرْعَوْنَ قَالُوٓا۟ إِنَّ لَنَا لَأَجْرًا إِن كُنَّا نَحْنُ ٱلْغَـٰلِبِينَ ﴿١١٣﴾
Фараон сыйкырчыларды чогултуп келүүгө киши чаптырды. Сыйкырчылар Фараонго келип: эгер Мусанын сыйкырына үстөмдүк кылып жеңип чыгышса,аларга сыйлык берилеби деп сурашты
قَالَ نَعَمْ وَإِنَّكُمْ لَمِنَ ٱلْمُقَرَّبِينَ ﴿١١٤﴾
Фараон аларга: "Ооба, силерге сыйлык жана сый бар, силер менин мансабымда мага жакын адамдар болосуңар" - деди
قَالُوا۟ يَـٰمُوسَىٰٓ إِمَّآ أَن تُلْقِىَ وَإِمَّآ أَن نَّكُونَ نَحْنُ ٱلْمُلْقِينَ ﴿١١٥﴾
Мусаныжеңип аларына бекем ишенген сыйкырчылар бой көтөрө текеберленип:"Эй,Муса,сен тандачыкана,өзүң биринчи таштоону каалайсыңбы, же биз биринчи таштайлыбы?" - дешти
قَالَ أَلْقُوا۟ ۖ فَلَمَّآ أَلْقَوْا۟ سَحَرُوٓا۟ أَعْيُنَ ٱلنَّاسِ وَٱسْتَرْهَبُوهُمْ وَجَآءُو بِسِحْرٍ عَظِيمٍۢ ﴿١١٦﴾
Раббисинин жардамына бекем ишенген Муса аларга маани бербестен: "Таяк жана жибиңерди силер биринчи таштагыла" - деди. Алар таяктарын жана жиптерин таштаганда, адамдардын көздөрүн боёп, үрөй учура турган күчтүү сыйкырды эл көзүнө көрсөтүштү
۞ وَأَوْحَيْنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ أَنْ أَلْقِ عَصَاكَ ۖ فَإِذَا هِىَ تَلْقَفُ مَا يَأْفِكُونَ ﴿١١٧﴾
Ошондо Аллах пайгамбары Мусага: "Эй, Муса, колуңдагы таякты ташта" - деп аян кабар берди. Муса таягын таштады, ошондо ал чоң жыланга айланып, тигилердин эл көзүнө сойлогон жыландай көрүнгөн таяк жана жиптерин оп тартып жутуп койду
فَوَقَعَ ٱلْحَقُّ وَبَطَلَ مَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿١١٨﴾
Чындык ачыкка чыкты, Муса пайгамбардын алып келген дини чындык экени ал эми сыйкырчылардын жасаган сыйкырыжалган экени анык болду. بلغ Куран · Тафсир
فَغُلِبُوا۟ هُنَالِكَ وَٱنقَلَبُوا۟ صَـٰغِرِينَ ﴿١١٩﴾
Алар жеңилип, талкаланып, уят болуп кайтышты, Муса алардыбул жерде жеңип алды
وَأُلْقِىَ ٱلسَّحَرَةُ سَـٰجِدِينَ ﴿١٢٠﴾
Сыйкырчылар Аллахтын улуу кудуретин жана ачык белгилерин көрүшкөн соң, Кемчиликсиз Аллах Таалага сажда кылып жыгылышты
قَالُوٓا۟ ءَامَنَّا بِرَبِّ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿١٢١﴾
Сыйкырчылар: "Бардык жаратылгандардын Раббисине ыйман келтирдик" - дешти. رب موس وهرون
رَبِّ مُوسَىٰ وَهَـٰرُونَ ﴿١٢٢﴾
"Муса менен Харундун (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) Раббисине ыйман келтирдик, Ал чыныгы ибадатка татыктуу,башка ойлонуп табылган кудайлар сыяктууэмес"
قَالَ فِرْعَوْنُ ءَامَنتُم بِهِۦ قَبْلَ أَنْ ءَاذَنَ لَكُمْ ۖ إِنَّ هَـٰذَا لَمَكْرٌۭ مَّكَرْتُمُوهُ فِى ٱلْمَدِينَةِ لِتُخْرِجُوا۟ مِنْهَآ أَهْلَهَا ۖ فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ ﴿١٢٣﴾
تعلمون Алар жалгыз Аллахка ыйман келтиргенден кийин Фараон аларды коркутуп: "Менин уруксатымсыз эле Мусага ишенип алдыңарбы? Ага ыйман келтирүңөр жана Муса алып келген нерсени тастыктап, ишенүүңөр, шаар элин чыгарып кетүүүчүн Муса менен келишип алган алдоо,куулугуңар эле.Эй,сыйкырчылар,силерге кандай азап жана кандай жазалооболорун эми көрөсүңөр" - деди. لأقطعن أيديكم وأرجلكم من خلف ثم لأصلبنكم أجمعين
لَأُقَطِّعَنَّ أَيْدِيَكُمْ وَأَرْجُلَكُم مِّنْ خِلَـٰفٍۢ ثُمَّ لَأُصَلِّبَنَّكُمْ أَجْمَعِينَ ﴿١٢٤﴾
"Силердин оң колуңар менен сол бутуңарды, же сол бутуңар менен оң колуңарды кайчылаш кестирип, анан курма дарагына кердирип өлтүрөмүн. Бул силерге жаза жана силердин көргөндөрдүн баарына эскертүү болот" - деди
قَالُوٓا۟ إِنَّآ إِلَىٰ رَبِّنَا مُنقَلِبُونَ ﴿١٢٥﴾
Сыйкырчылар Фараондун коркутуусуна жооп кылып: "Биз жалгыз Раббибизге кайтуучубуз, бизге кандай коркунучту убада кылсаң да баары бир" - дешти
وَمَا تَنقِمُ مِنَّآ إِلَّآ أَنْ ءَامَنَّا بِـَٔايَـٰتِ رَبِّنَا لَمَّا جَآءَتْنَا ۚ رَبَّنَآ أَفْرِغْ عَلَيْنَا صَبْرًۭا وَتَوَفَّنَا مُسْلِمِينَ ﴿١٢٦﴾
"Эй, Фараон, биз Мсуа аркылуу келген Раббибиздин белгисине ишенгенибиз үчүн сен өч алып жатасың, эгер ушул кылганыбыз айыптала турган күнөө болсо, анда биздин күнөөбүз ушу" - дешти. Анан Аллахка жалбаруу менен дуба кылып: "Оо, Раббибиз, чындыктан тайбай турууга бизге сабыр бер, бизди сага мусулман болуп, буйругуңа баш ийип, элчиңе ээрчиген абалда өлтүр" - дешти. بلغ Куран · Тафсир
وَقَالَ ٱلْمَلَأُ مِن قَوْمِ فِرْعَوْنَ أَتَذَرُ مُوسَىٰ وَقَوْمَهُۥ لِيُفْسِدُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ وَيَذَرَكَ وَءَالِهَتَكَ ۚ قَالَ سَنُقَتِّلُ أَبْنَآءَهُمْ وَنَسْتَحْىِۦ نِسَآءَهُمْ وَإِنَّا فَوْقَهُمْ قَـٰهِرُونَ ﴿١٢٧﴾
Фараондун коомундагы аттуу-баштуулар Фираунду Мусага жана аны ээрчиген ыймандууларга каршы үндөп: "Эй, Фираун, Муса менен анын коомун жерде бузукулук кылдырып таштап коёсуңбу? Алар сени жана сенин кудайларыңды таштап, жалгыз Аллахка дуба кылып жатышат." - дешти. Фираун: "Эми Исраил урпактарынын эркектерин бут кырдырып, кызмат кылдыруу үчүн аялдарын гана алап каламын, Биз аларга бийлик, күч менен мажбурлоо менен үстөмдүк кылабыз" - деди
قَالَ مُوسَىٰ لِقَوْمِهِ ٱسْتَعِينُوا۟ بِٱللَّهِ وَٱصْبِرُوٓا۟ ۖ إِنَّ ٱلْأَرْضَ لِلَّهِ يُورِثُهَا مَن يَشَآءُ مِنْ عِبَادِهِۦ ۖ وَٱلْعَـٰقِبَةُ لِلْمُتَّقِينَ ﴿١٢٨﴾
Муса коомуна осуят кылып: "Эй, коомум, жамандыктан сактанууда, жакшылыкка жетүүдө жалгыз Аллахтан жардам сурагыла, башыңарга түшкөн сыноого сабыр кылгыла, акыйкатта, жер Аллахтыкы, анда каалагандай өкүм чыгаргыдай жер Фираунга же башка бирөөгө таандык эмес. Аны Аллах пенделерине каалагандай бөлүштүрөт. Бирок,жердеги жашоонун жакшыжыйынтыгыАнын буйругун аткарып,тыюусунан тыйылган ыймандууларга болот. Сыноо, мээнет канча оор болсода, жыйынтыгында силерге жакшылык болот" - деди
قَالُوٓا۟ أُوذِينَا مِن قَبْلِ أَن تَأْتِيَنَا وَمِنۢ بَعْدِ مَا جِئْتَنَا ۚ قَالَ عَسَىٰ رَبُّكُمْ أَن يُهْلِكَ عَدُوَّكُمْ وَيَسْتَخْلِفَكُمْ فِى ٱلْأَرْضِ فَيَنظُرَ كَيْفَ تَعْمَلُونَ ﴿١٢٩﴾
فينظر كيف تعملون Исраил урпактарынан болгон Мусанын коому ага кайрылып: "Эй, Муса, Фираун сен келгенге чейин балдарыбызды өлтүрүп, аялдарыбыздытирүү калтырып азаптап келген эле, бул азабысен келгенден кийин деле уланып жатат" - дешти. Муса аларга насаат кылып жана кутулар күндү сүйүнчүлөп: "Раббиңер силердин душманыңар болгон Фираунду жана анын элин өлтүрүп, силерди жер бетинде сактап калаар. Ошондон кийин силер шүгүр кыласыңарбыже каапыр болосуңарбыкарап турат
وَلَقَدْ أَخَذْنَآ ءَالَ فِرْعَوْنَ بِٱلسِّنِينَ وَنَقْصٍۢ مِّنَ ٱلثَّمَرَٰتِ لَعَلَّهُمْ يَذَّكَّرُونَ ﴿١٣٠﴾
Фараондун элин каатчылык жана кургакчылык менен азаптадык, мөмө-жемиштердин жана түшүмдүн тартыштыгыменен сынадык. Бул болуп жаткандар каапырлыктарысебептүү болуп жатканын эскерип, андан сабак алып тобокылышабыдеген үмүттө ушундай кылдык
فَإِذَا جَآءَتْهُمُ ٱلْحَسَنَةُ قَالُوا۟ لَنَا هَـٰذِهِۦ ۖ وَإِن تُصِبْهُمْ سَيِّئَةٌۭ يَطَّيَّرُوا۟ بِمُوسَىٰ وَمَن مَّعَهُۥٓ ۗ أَلَآ إِنَّمَا طَـٰٓئِرُهُمْ عِندَ ٱللَّهِ وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ ﴿١٣١﴾
ولكن أكثرهم لا يعلمون Фараондун эли, кеңирчилик болуп, мөмө-жемиш көбөйүп, баалар арзандаса: "Биз ушуга татыктуубуз, биз үчүң ушундай кеңирчилик болуп жатат" - деп эсептешти.А эгер кургакчылык болуп,каатчылык башталса,ооруу-сыркоо көбөйсө ж.б. балээлер башына түшсө, муну Муса жана аныменен бирге жүргөн Исраил урпактарынын айынан деп ырым кылышты. Чынында, алардын башына келип жаткан иштин баары Кемчиликсиз Аллах Тааланын тагдыры, буга алардын да, Мусанын да тиешеси жок. Аларга каршы Мусанын дубасынын гана тиешеси бар. Бирок, муну алардын көбүбилбейт жана мунун себебин Аллахтан башкага төңкөрүшөт. بلغ Куран · Тафсир وقالوامهما تأتنا به من ءاية لتسحرنا بها فما نحن لك بمؤمنين
وَقَالُوا۟ مَهْمَا تَأْتِنَا بِهِۦ مِنْ ءَايَةٍۢ لِّتَسْحَرَنَا بِهَا فَمَا نَحْنُ لَكَ بِمُؤْمِنِينَ ﴿١٣٢﴾
Фараондун коому чындыкты кабылдоого тоң моюндук кылып: "Биз ибадат кылып жаткан нерселерден бизди кайтарууүчүн жана өзүңалып келген дин чыныгыдин экенин далилдөөгө аракеттенип,кандай далилалып келбе, кандай мужиза көрсөтпө, биз баарыбир сага ишенбейбиз жана тастыктабайбыз" - дешти
فَأَرْسَلْنَا عَلَيْهِمُ ٱلطُّوفَانَ وَٱلْجَرَادَ وَٱلْقُمَّلَ وَٱلضَّفَادِعَ وَٱلدَّمَ ءَايَـٰتٍۢ مُّفَصَّلَـٰتٍۢ فَٱسْتَكْبَرُوا۟ وَكَانُوا۟ قَوْمًۭا مُّجْرِمِينَ ﴿١٣٣﴾
Жалганга чыгарганы жана тоң моюндугу үчүн аларды жазалап, эгин талааларын, мөмө бактарын сууга чайпаттык, жыйган-терген түшүмдөрүнө чегиртке каптаттык,эгиндерин куурата турган жана адамдардын чачын аралап аза бере турган биттерди пайда кылдык, идиш-аяктарын аралап, тамак-аштарын бузуп,төшөк-орундарын аралап кеткен бакаларды жибердик, кудуктарындагы, дарыяларындагы сууларына кан аралаштырдык. Мына ушул ачык- айкын белгилерди биринин-артынан бирин удаа-удаа жибердик. Бирок, бул белгилер келген сайын ыйман келтирүүдөн жана Муса алып келген динди тастыктоодон текеберленип баш тарта беришти. Ошентип күнөөгө баткан коом болушту,жалгандан суурулуп чыга алышпады,чындыктын жолуна түшө алышпады
وَلَمَّا وَقَعَ عَلَيْهِمُ ٱلرِّجْزُ قَالُوا۟ يَـٰمُوسَى ٱدْعُ لَنَا رَبَّكَ بِمَا عَهِدَ عِندَكَ ۖ لَئِن كَشَفْتَ عَنَّا ٱلرِّجْزَ لَنُؤْمِنَنَّ لَكَ وَلَنُرْسِلَنَّ مَعَكَ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ ﴿١٣٤﴾
Жогорудагы балээлер башына түшкөндө Мусага кайрылып: "Эй, Муса, сага гана тиешелүү болгон пайгамбарлыгыңды жана тобо кылгандарды балээден арылта турган келишимиңди ортого салып Раббиңе дуба кыл, бизди балээден арылтсын. Эгер бизди ушул балээлерден сактап калсаң, сага ыйман келтиребиз жана Исраил урпактарын азаттыкка чыгарып сени менен кетиребиз" - дешет
فَلَمَّا كَشَفْنَا عَنْهُمُ ٱلرِّجْزَ إِلَىٰٓ أَجَلٍ هُم بَـٰلِغُوهُ إِذَا هُمْ يَنكُثُونَ ﴿١٣٥﴾
Чөгүп жок болоордон мурда белгилүүбир мөөнөткө алардыбалээден арылтсак,динди тастыктайбыз жана Исраил урпактарын азат кылып кетиребиз деген убадаларын бузуп,кайра эле каапырлыгын улантып Исраилурпактарына Муса менен бирге кетүүгө тоскоол болушту
فَٱنتَقَمْنَا مِنْهُمْ فَأَغْرَقْنَـٰهُمْ فِى ٱلْيَمِّ بِأَنَّهُمْ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا وَكَانُوا۟ عَنْهَا غَـٰفِلِينَ ﴿١٣٦﴾
Качаг алардын жок боло турган мөөнөтү келгенде алардан өч алып деңизге чөктүрүп жибердик. Бул алардын Аллахтын аят-белгилерин жалганга чыгарганы жана эч шек-күмөнү жок чындыктан баш тартканы себептүү болду
وَأَوْرَثْنَا ٱلْقَوْمَ ٱلَّذِينَ كَانُوا۟ يُسْتَضْعَفُونَ مَشَـٰرِقَ ٱلْأَرْضِ وَمَغَـٰرِبَهَا ٱلَّتِى بَـٰرَكْنَا فِيهَا ۖ وَتَمَّتْ كَلِمَتُ رَبِّكَ ٱلْحُسْنَىٰ عَلَىٰ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ بِمَا صَبَرُوا۟ ۖ وَدَمَّرْنَا مَا كَانَ يَصْنَعُ فِرْعَوْنُ وَقَوْمُهُۥ وَمَا كَانُوا۟ يَعْرِشُونَ ﴿١٣٧﴾
ى ر Фараон жана анын элинен кордук көргөн Исраил урпактарына жердин чыгыш жана батышын мурастап бердик. Б.а. Шам мамлекетин бердик, ал эгин, мөмөлөрү көп берекелүү жер болчу. Эй, элчи, ошентип Раббиң айткан сөзүнүн өтөөсүнө чыкты. Ал: "Биз жерде (Мисирде) зыян көргөн адамдарга жакшылык кылып, аларды алдыңкылар жана мураскорлор кылууну кааладык" (Касас,5-аят) деп айткан эле. Аларга мындай жерди Фараон жана анын элинин азабына чыдап,сабыр кылганыүчүн берди.Алэми Фараон жасаган эгиндерин, بلغ Куран · Тафсир турак-жайларын,ак сарайларын баарын талкалап жок кылдык
وَجَـٰوَزْنَا بِبَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ ٱلْبَحْرَ فَأَتَوْا۟ عَلَىٰ قَوْمٍۢ يَعْكُفُونَ عَلَىٰٓ أَصْنَامٍۢ لَّهُمْ ۚ قَالُوا۟ يَـٰمُوسَى ٱجْعَل لَّنَآ إِلَـٰهًۭا كَمَا لَهُمْ ءَالِهَةٌۭ ۚ قَالَ إِنَّكُمْ قَوْمٌۭ تَجْهَلُونَ ﴿١٣٨﴾
Муса пайгамбар таягыменен деңизди чапканда, Биз аныэкиге ажыратып, Исраил коомун андан алып өттүк. Алар бут-айкелдерди жасап алып, Аллахты таштап ошол айкелдерге ибадат кылып жаткан элдин жанынан өтүштү. Ошондо Исраил урпактары Мусага: "Эй, Муса, мобу адамдар ибадат кылып жаткан бут-айкелдер сыяктуу бизге да бут-айкелдерди жасап бер, биз ошого ибадат кылалы" - дешти. Муса аларга: "Эй, коомум, силер Аллахты улуктоо, жалгыздоо милдет экенин билбей экенсиңер, ширк кылып, Андан башка нерсеге ибадат кылуу Ага ылайык эмес" - деди
إِنَّ هَـٰٓؤُلَآءِ مُتَبَّرٌۭ مَّا هُمْ فِيهِ وَبَـٰطِلٌۭ مَّا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿١٣٩﴾
Тиги бут-айкелдерге ибадат кылып жаткандар башка нерсеге ибадат кылганыүчүн жк болушат, алардын Аллахка башка нерсени шерик кылып жасаган иштеринин баарыжараксыз
قَالَ أَغَيْرَ ٱللَّهِ أَبْغِيكُمْ إِلَـٰهًۭا وَهُوَ فَضَّلَكُمْ عَلَى ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿١٤٠﴾
Муса коомуна: "Эй, коомум, Аллахтан башка, ибадат кыла турган кудайды силерге кантип таап берем? Анын чоң белгилерин көрдүңөр, Аллах Таала силерди өз заманында ааламдарга артыкча кылып, душмандарыңарды талкалап,алардын ордуна силерди орун-очок алдырбадыбы?" -деди
وَإِذْ أَنجَيْنَـٰكُم مِّنْ ءَالِ فِرْعَوْنَ يَسُومُونَكُمْ سُوٓءَ ٱلْعَذَابِ ۖ يُقَتِّلُونَ أَبْنَآءَكُمْ وَيَسْتَحْيُونَ نِسَآءَكُمْ ۚ وَفِى ذَٰلِكُم بَلَآءٌۭ مِّن رَّبِّكُمْ عَظِيمٌۭ ﴿١٤١﴾
من ربكم عظيم "Оо, Исраил урпактары, эркек балдарыңарды өлтүрүп, аялдарды кызмат кылдыруу үчүн алып калып, силерге түрдүүазаптын даамын таттырган Фираун жана анын элинин кордугунан куткарган учурубуздуэстегиле!Силерди Фараон жана анын элинен куткаруусу,шүгүр кылар бекен деген чоңсынооэле" - деди
۞ وَوَٰعَدْنَا مُوسَىٰ ثَلَـٰثِينَ لَيْلَةًۭ وَأَتْمَمْنَـٰهَا بِعَشْرٍۢ فَتَمَّ مِيقَـٰتُ رَبِّهِۦٓ أَرْبَعِينَ لَيْلَةًۭ ۚ وَقَالَ مُوسَىٰ لِأَخِيهِ هَـٰرُونَ ٱخْلُفْنِى فِى قَوْمِى وَأَصْلِحْ وَلَا تَتَّبِعْ سَبِيلَ ٱلْمُفْسِدِينَ ﴿١٤٢﴾
Аллах жашыруун сүйлөшүү үчүн Мусаны отуз түнгө убадалашып, анан дагы он түн кошуп, кырк түн кылды. Анан Раббиси менен сүйлөшүүгө жөнөп жатканда Муса бир тууганы Харунга кайрылып: "Эй, Харун, менин ордума коомду башкарып тур, жакшы саясат жүргүзүп, жумшактык менен аларды башкар, күнөөгө бут коюп, бузукулардын жолуна түшүп кетпе жана күнөөгө баштоочу болбо!" - деди. بلغ Куран · Тафсир
وَلَمَّا جَآءَ مُوسَىٰ لِمِيقَـٰتِنَا وَكَلَّمَهُۥ رَبُّهُۥ قَالَ رَبِّ أَرِنِىٓ أَنظُرْ إِلَيْكَ ۚ قَالَ لَن تَرَىٰنِى وَلَـٰكِنِ ٱنظُرْ إِلَى ٱلْجَبَلِ فَإِنِ ٱسْتَقَرَّ مَكَانَهُۥ فَسَوْفَ تَرَىٰنِى ۚ فَلَمَّا تَجَلَّىٰ رَبُّهُۥ لِلْجَبَلِ جَعَلَهُۥ دَكًّۭا وَخَرَّ مُوسَىٰ صَعِقًۭا ۚ فَلَمَّآ أَفَاقَ قَالَ سُبْحَـٰنَكَ تُبْتُ إِلَيْكَ وَأَنَا۠ أَوَّلُ ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿١٤٣﴾
ى ى Муса Раббиси менен кырк түндүк сүйлөшүүгө убадалашкан күнү келгенде, Раббиси ага буйруктар, тыюулар жана башка нерселерди айтты. Муса Аллахтын жүзүн көргүсү келип, Аны көрүүнү суранды. Аллах Таала ага жооп берип: "Мени бул дүйнө жашоосунда көрө албайсың; көрүүгө кудуретиң жетпейт. Азыр мобу тоону кара, Мен ага көрүнгөнүмдө ал таасирленбей, ордунда кала алса, анда сен да Мени көрө аласың, а эгер жерге тегизделип кетсе, анда Мени бул дүйнөдө көрө албайсың" - деди. Ошентип Аллах тоого көрүнгөндө аны жер менен жексен кыла койду. Мусанын эси ооп жыгылды. Качан өзүнө келип, ордунан турганда: "Эй, Рабби, Сени Сага ылайыксыз болгон кемчиликтин баарынан аруулаймын, Сени бул дүйнөдө көрүүнү суранганыма тобо кылдым, мен коомумдагы биринчи ыйман келтирген адам болдум" - деди
قَالَ يَـٰمُوسَىٰٓ إِنِّى ٱصْطَفَيْتُكَ عَلَى ٱلنَّاسِ بِرِسَـٰلَـٰتِى وَبِكَلَـٰمِى فَخُذْ مَآ ءَاتَيْتُكَ وَكُن مِّنَ ٱلشَّـٰكِرِينَ ﴿١٤٤﴾
Аллах Таала Мусага: "Эй, Муса, Мен сени Өзүмдүн диним менен жөнөткөндө сени адамдардан тандап артыкча кылдым. Ошондой эле, эч ортомчусуз сүйлөп сени артыкча кылдым. Мен берген бул кадыр-баркты ал жана бул улуу сый үчүн Аллахка шүгүр кылуучулардан бол" - деди
وَكَتَبْنَا لَهُۥ فِى ٱلْأَلْوَاحِ مِن كُلِّ شَىْءٍۢ مَّوْعِظَةًۭ وَتَفْصِيلًۭا لِّكُلِّ شَىْءٍۢ فَخُذْهَا بِقُوَّةٍۢ وَأْمُرْ قَوْمَكَ يَأْخُذُوا۟ بِأَحْسَنِهَا ۚ سَأُو۟رِيكُمْ دَارَ ٱلْفَـٰسِقِينَ ﴿١٤٥﴾
Анан Мусага Исраил урпактары дүйнө жана акырет иштеринде муктаж боло турган бардык иштерди угуучулар үчүн насаат кылып жана баяндоого муктаж болгон өкүмдөрдүн баян-чечилмелерин тактайга ж.б. нерселерге жазып бердик. Эй, Муса, Тооротту бекем кармап, коомуң Исраил урпактарын анда айтылган сабырдуулук, кечиримдүүлүк сыяктуу сооп-сыйы көп жакшы иштерди аткарууга буйру. Менин буйругумду аткарбай, баш ийүүдөн чыгып кеткендердин акыбети кыйрооболорун силерге көрсөтөмүн"
سَأَصْرِفُ عَنْ ءَايَـٰتِىَ ٱلَّذِينَ يَتَكَبَّرُونَ فِى ٱلْأَرْضِ بِغَيْرِ ٱلْحَقِّ وَإِن يَرَوْا۟ كُلَّ ءَايَةٍۢ لَّا يُؤْمِنُوا۟ بِهَا وَإِن يَرَوْا۟ سَبِيلَ ٱلرُّشْدِ لَا يَتَّخِذُوهُ سَبِيلًۭا وَإِن يَرَوْا۟ سَبِيلَ ٱلْغَىِّ يَتَّخِذُوهُ سَبِيلًۭا ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا وَكَانُوا۟ عَنْهَا غَـٰفِلِينَ ﴿١٤٦﴾
Аллахтын пенделерине жана чындыкка акыйкатсыздык менен текеберленип, далил-белгилерди көргөн сайын жокко чыгарып, ага тоскоолдук кылып, андан четтеге жана Аллах менен Анын элчисинин чегинен чыккан, Аллахтын ыраазылыгына алып бара турган туура жолду көрсө ага түшпөгөн жана кызыкпаган, Аллахтын казабына алып бара турган тескери жолду көрсө, ошого түшүп кеткен адамдарды өзүндөгү жана ааламдагы белгилерге көңүлбурбай турган жана китебимдеги аяттардытүшүнө албай турган кылып буруп коёмун.Булалардын элчилер алып келген нерсенин чын экендигине далилболгон Аллахтын аят-белгилерин жалганга чыгарып,ага көңүлбуруп карабаганы үчүн болду. بلغ Куран · Тафсир
وَٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا وَلِقَآءِ ٱلْـَٔاخِرَةِ حَبِطَتْ أَعْمَـٰلُهُمْ ۚ هَلْ يُجْزَوْنَ إِلَّا مَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿١٤٧﴾
Пайгамбарларыбыздын чындык экенине далил болгон биздин аяттарбызды жана кыямат күну Аллахка жолугууну жалганга чыгаргандардын ибадат катары жасаган иштери жараксыз болуп текке кетет жана ал үчүн сооп алышпайт,анткени иштердин кабылболуусунун негизги шартыболгон ыйман болбоду.Кыямат күнүалар Аллахка ширк кылганы жана каапырлыгы үчүн жазаланат, алардын жазасы тозоктоо түбөлүк калуу
وَٱتَّخَذَ قَوْمُ مُوسَىٰ مِنۢ بَعْدِهِۦ مِنْ حُلِيِّهِمْ عِجْلًۭا جَسَدًۭا لَّهُۥ خُوَارٌ ۚ أَلَمْ يَرَوْا۟ أَنَّهُۥ لَا يُكَلِّمُهُمْ وَلَا يَهْدِيهِمْ سَبِيلًا ۘ ٱتَّخَذُوهُ وَكَانُوا۟ ظَـٰلِمِينَ ﴿١٤٨﴾
Муса Раббиси менен сүйлөшүүгө кеткенден кийин, өздөрүндөгү жасалгаларынан жаны жок, үн чыга турган музоонун айкелин жасатып алышты. Бул музоо аларга сүйлөй албастыгын, жакшы жолго материалдык жактан да, моралдык жактан да баштай албастыгын, аларга пайдасын тийгизе албастыгын жана зыяндан тыя албастыгын билишпей беле?!Алар ушундай нерсени ибадат кылуучукылып алып,өз жандарына зыян кылышты
وَلَمَّا سُقِطَ فِىٓ أَيْدِيهِمْ وَرَأَوْا۟ أَنَّهُمْ قَدْ ضَلُّوا۟ قَالُوا۟ لَئِن لَّمْ يَرْحَمْنَا رَبُّنَا وَيَغْفِرْ لَنَا لَنَكُونَنَّ مِنَ ٱلْخَـٰسِرِينَ ﴿١٤٩﴾
Качан гана, музоону Аллах менен бирге ибадат кылуучу нерсеге айландыруу аркылуу туура жолдон адашканын билиишип, өкүнүшкөндө, Аллах Таалага жалбарып: "Өзүңө баш ийүүгө топук берип ырайым кылбасаң, музоого ибадат кылган күнөөбүздү кечирбесең, дүйнө акыретте зыянга учуроочулардан болуп калабыз" - дешти
وَلَمَّا رَجَعَ مُوسَىٰٓ إِلَىٰ قَوْمِهِۦ غَضْبَـٰنَ أَسِفًۭا قَالَ بِئْسَمَا خَلَفْتُمُونِى مِنۢ بَعْدِىٓ ۖ أَعَجِلْتُمْ أَمْرَ رَبِّكُمْ ۖ وَأَلْقَى ٱلْأَلْوَاحَ وَأَخَذَ بِرَأْسِ أَخِيهِ يَجُرُّهُۥٓ إِلَيْهِ ۚ قَالَ ٱبْنَ أُمَّ إِنَّ ٱلْقَوْمَ ٱسْتَضْعَفُونِى وَكَادُوا۟ يَقْتُلُونَنِى فَلَا تُشْمِتْ بِىَ ٱلْأَعْدَآءَ وَلَا تَجْعَلْنِى مَعَ ٱلْقَوْمِ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿١٥٠﴾
Муса Аллах Таала менен сүйлөшүп коомуна келгенде, музоого сыйынып кетишкенин көрүп, аларга ачууланып, кайгырып: "Эй, коом, мен жокто кыйроону жана бактысыздыкты шаштырган турган өтө жаман иш кылыпсыңар, мени күтпөй, музоого сыйынууга бет алдыңарбы?!" - деди. Ачуусунун жана кайгысынын катуулугуан колундагы тактайларын жерге таштап, бир тууганыХарундун чач-сакалынан силкилдетип, музоогосыйынып кеткен коомду өзгөрпөй, алар менен бирге жүргөнүнө айыптай баштады. Харун Мусадан кечирим сурап, ага жагынып: "Эй, апмадын уулу, булар мени алсыз санап, кордошту, аз жерден өлтүрүп коёюн дешти, мени душмандарыма ылайык жаза менен жазалаба, аччуң менен мени Аллахтан башкага ибадат кылган коомдогу залымдардын катарына кошпо" - деди
قَالَ رَبِّ ٱغْفِرْ لِى وَلِأَخِى وَأَدْخِلْنَا فِى رَحْمَتِكَ ۖ وَأَنتَ أَرْحَمُ ٱلرَّٰحِمِينَ ﴿١٥١﴾
Муса Раббисине дуба кылып: "Эй, Раббим, мени кечир, бир тууганым Харунду да кечир, бизди ырайымыңа ал жана ар тараптан ырайымыңа бөлө, Сен , оо, Раббим, бизге бардык ырайым кылуучулардан ырайымдуусуң" - деди. بلغ Куран · Тафсир
إِنَّ ٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُوا۟ ٱلْعِجْلَ سَيَنَالُهُمْ غَضَبٌۭ مِّن رَّبِّهِمْ وَذِلَّةٌۭ فِى ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا ۚ وَكَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُفْتَرِينَ ﴿١٥٢﴾
Музоону кудай деп эсептеп, ага ибадат кылгандар Раббисинин катуу ачуусуна кабылат жана Рабисин ачуулантканы, Аны кемсинткени себептүү бул дүйнөдө кордукка кабылышат. Мына ушундай жаза менен Аллахка жалган ойлоп тапкандардыжазалайбыз
وَٱلَّذِينَ عَمِلُوا۟ ٱلسَّيِّـَٔاتِ ثُمَّ تَابُوا۟ مِنۢ بَعْدِهَا وَءَامَنُوٓا۟ إِنَّ رَبَّكَ مِنۢ بَعْدِهَا لَغَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ ﴿١٥٣﴾
Аллахка ширк келтирип, күнөө кылып жаман иштерди жасагандар, бул иштеринен кийин, Аллахка ыйман келтирип, кылып жүргөн күнөө иштерден арылып, Аллахка тобо кылса, эй, элчи, ширктен ыйманга, күнөөдөн ибадатка кайткан тободон кийин Раббиң алардын күнөөсүн кечирүү, жана айыбын жашыруу менен аларга Кечиримдүү жана Ырайымдуу
وَلَمَّا سَكَتَ عَن مُّوسَى ٱلْغَضَبُ أَخَذَ ٱلْأَلْوَاحَ ۖ وَفِى نُسْخَتِهَا هُدًۭى وَرَحْمَةٌۭ لِّلَّذِينَ هُمْ لِرَبِّهِمْ يَرْهَبُونَ ﴿١٥٤﴾
Мусанын ачуусу тараганда ачуусу келгенде ыргытып жиберген тактайларын алды. Бул тактайларда адашуудан кайтаруучу туура жол, чындык тууралуу баян, Раабисинен коркуп, Анын азабынан чочулагандар үчүн ырайым болору тууралуу жазылган эле
وَٱخْتَارَ مُوسَىٰ قَوْمَهُۥ سَبْعِينَ رَجُلًۭا لِّمِيقَـٰتِنَا ۖ فَلَمَّآ أَخَذَتْهُمُ ٱلرَّجْفَةُ قَالَ رَبِّ لَوْ شِئْتَ أَهْلَكْتَهُم مِّن قَبْلُ وَإِيَّـٰىَ ۖ أَتُهْلِكُنَا بِمَا فَعَلَ ٱلسُّفَهَآءُ مِنَّآ ۖ إِنْ هِىَ إِلَّا فِتْنَتُكَ تُضِلُّ بِهَا مَن تَشَآءُ وَتَهْدِى مَن تَشَآءُ ۖ أَنتَ وَلِيُّنَا فَٱغْفِرْ لَنَا وَٱرْحَمْنَا ۖ وَأَنتَ خَيْرُ ٱلْغَـٰفِرِينَ ﴿١٥٥﴾
Арасындагы келесоо, кем акылдары музоого сыйынып кеткени үчүн Раббисинен кечирим суроого Муса коомундагы жакшы адамдардан жетимишти тандап алды. Анан Аллах белгилеген убакка барышты. Баргандан кийин Аллахка оройлук кылып, Мусадан Аллахтыөз көздөрү менен көрүүнү талап кылышты. Ошондо жер титиреп, катуу чагылган түшүп кыйрап жок болушту. Муса Раббисине жалынып: "Оо, Раббим, эгер буларды, булар менен бирге мени жок кылууну каалаганыңда, биз бул жерге келе электе эле жок кылат элең. Эми бул акылытайыздардын айынан бизди жок кыласыңбы? Коомумдун музоого ибадат кылып кетүүсү, каалаган адамыңды адаштыруу, каалаган адамыңды туура жолго салуу үчүн сыноо, Сен биздин ишибизди башкаруучусуң, биздин күнөөбүздү кечир, кенен ырайымың менен ырайым кыл, Сен күнөө-каталарды эң жакшы кечиресиң
۞ وَٱكْتُبْ لَنَا فِى هَـٰذِهِ ٱلدُّنْيَا حَسَنَةًۭ وَفِى ٱلْـَٔاخِرَةِ إِنَّا هُدْنَآ إِلَيْكَ ۚ قَالَ عَذَابِىٓ أُصِيبُ بِهِۦ مَنْ أَشَآءُ ۖ وَرَحْمَتِى وَسِعَتْ كُلَّ شَىْءٍۢ ۚ فَسَأَكْتُبُهَا لِلَّذِينَ يَتَّقُونَ وَيُؤْتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَٱلَّذِينَ هُم بِـَٔايَـٰتِنَا يُؤْمِنُونَ ﴿١٥٦﴾
"Бул дүйнөдө Сен жакшылык берип,кечирип,жакшыиштерди жасатып урматтаган адамдардын катарында кыл. Акыретте болсо, аларга бейиш даярдалып коюлган саалих пенделериңдин катарында кыл. Биз Сага тобо кылдык, кемчиликтерибизди моюндап, Өзүңө кайттык" - деди. Аллах Таала: "Бактысыздыкка алып баруучу ишти кылган адамдардан каалаганыма азабым түшөт, бул дүйнөдө ырайымым баардык нерсени ороп турат; Аллахтын ырайымы жаратылгандардан бирөөсүнө да жетпей калбайт, Анын артыкчылыгы менен жакшылыгы баарын курчап турат. Ал эми акыретте Мен ырайымымды Аллахтын буйругун аткарып, тыюусунан тыйылып такыба болгондорго, тиешелүү адамдарга байлыгынан зекет бергендерге, Биздин аяттарыбызга ыйман келтиргендерге жазамын. بلغ Куран · Тафсир
ٱلَّذِينَ يَتَّبِعُونَ ٱلرَّسُولَ ٱلنَّبِىَّ ٱلْأُمِّىَّ ٱلَّذِى يَجِدُونَهُۥ مَكْتُوبًا عِندَهُمْ فِى ٱلتَّوْرَىٰةِ وَٱلْإِنجِيلِ يَأْمُرُهُم بِٱلْمَعْرُوفِ وَيَنْهَىٰهُمْ عَنِ ٱلْمُنكَرِ وَيُحِلُّ لَهُمُ ٱلطَّيِّبَـٰتِ وَيُحَرِّمُ عَلَيْهِمُ ٱلْخَبَـٰٓئِثَ وَيَضَعُ عَنْهُمْ إِصْرَهُمْ وَٱلْأَغْلَـٰلَ ٱلَّتِى كَانَتْ عَلَيْهِمْ ۚ فَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ بِهِۦ وَعَزَّرُوهُ وَنَصَرُوهُ وَٱتَّبَعُوا۟ ٱلنُّورَ ٱلَّذِىٓ أُنزِلَ مَعَهُۥٓ ۙ أُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْمُفْلِحُونَ ﴿١٥٧﴾
Жазууну да, окууну да билбеген, Раббисинен гана аян-кабар алган пайгамбар Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ээрчигендер анын аты жана сыпаттары Муса пайгамбарга түшүрүлгөн Тооротто жана Иса пайгамбарга түшүрүлгөн Инжилде жазылуу экенин көрүшкөн. Ал аларды жакшылыгыанык жана оңдоп-түзөй турган иштерге үндөйт, акылга жана таза ишенимге жаман экендиги билинип турган иштерден тыят. Тамактануу, суусундук ичүү жана никеленүү сыяктуу зыянсыз иштерди аткарууну ыктыярдуу кылган. Булардан таза, адал эместерин аларга арам кылат. Мурда моюндарына жүктөлгөн оор иштерди, мисалы, атайын же кокустан адам өлтүргөн кишиден өчалып аныөлтүрүүсыяктууиштерди алардын моюнуна жүктөбөйт. Исраил урпактарыбы же башкаларбы, айтор, ким ага ыйман келтирсе, аны урматтап-сыйласа, каапырларга каршы ага жардам берсе, туура жолго баштоочу нур болуп түшүрүлгөн Куранды ээрчисе, мына ошолор каалаган нерсесине жетип,корккон нерсесинен кутулуп ийгиликке жетишет
قُلْ يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنِّى رَسُولُ ٱللَّهِ إِلَيْكُمْ جَمِيعًا ٱلَّذِى لَهُۥ مُلْكُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۖ لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ يُحْىِۦ وَيُمِيتُ ۖ فَـَٔامِنُوا۟ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِ ٱلنَّبِىِّ ٱلْأُمِّىِّ ٱلَّذِى يُؤْمِنُ بِٱللَّهِ وَكَلِمَـٰتِهِۦ وَٱتَّبِعُوهُ لَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ ﴿١٥٨﴾
Оо, элчи, аларга: "Оо, адамдар, мен силердин баарыңарга, арабыңарга да арап эмесиңерге да Аллах тарабынан жиберилген элчимин. Асман жана жердин мүлкү Ага таандык. Андан башка ибадатка татыктуу жок. Ал өлүүлөрдү тирилтет жана тирүүлөрдү өлтүрөт. Эй, адамдар, Аллахка жана Анын жазууну да, окууну да билбеген, Раббиси ага түшүргөн аян-кабардыалып келген,Аллахка ыйман келтирген,анын өзүнө жана өзүнөн мурдагыпайгамбарларга түшүрүлгөн нерсеге эч ажыратып бөлбөстөн ыйман келтирген элчи-пайгамбары Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ыйман келтиргиле. Дүйнөдө да, акыретте да пайдалуу болгон жолготүшүүнү үмүт кылып, ал Раббисинен алып келген динге ээрчигиле
وَمِن قَوْمِ مُوسَىٰٓ أُمَّةٌۭ يَهْدُونَ بِٱلْحَقِّ وَبِهِۦ يَعْدِلُونَ ﴿١٥٩﴾
Мусанын Исраил урпактарынан болгон коомунда туура динди беккем кармагандары да бар, башкаларды да ошогочакырышат жана жабыр кылбай,адилет өкүм кылышат
وَقَطَّعْنَـٰهُمُ ٱثْنَتَىْ عَشْرَةَ أَسْبَاطًا أُمَمًۭا ۚ وَأَوْحَيْنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ إِذِ ٱسْتَسْقَىٰهُ قَوْمُهُۥٓ أَنِ ٱضْرِب بِّعَصَاكَ ٱلْحَجَرَ ۖ فَٱنۢبَجَسَتْ مِنْهُ ٱثْنَتَا عَشْرَةَ عَيْنًۭا ۖ قَدْ عَلِمَ كُلُّ أُنَاسٍۢ مَّشْرَبَهُمْ ۚ وَظَلَّلْنَا عَلَيْهِمُ ٱلْغَمَـٰمَ وَأَنزَلْنَا عَلَيْهِمُ ٱلْمَنَّ وَٱلسَّلْوَىٰ ۖ كُلُوا۟ مِن طَيِّبَـٰتِ مَا رَزَقْنَـٰكُمْ ۚ وَمَا ظَلَمُونَا وَلَـٰكِن كَانُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ ﴿١٦٠﴾
ى Исраил урпактарын он эки урууга бөлдүк. Алар Мусадан Аллахка дуба кылып суу сура деп талап кылышканда, ага, эй, Муса, таягың менен ташты ур деп аян кылдык. Ал ташты урганда, андан коомундагы он эки уруунун санына жарша он эки булак агып чыгып, ар бир уруу өзүнө тиешелүү булакты билип, ага башка уруулар шериктеш болбой турган болду. Алар кайда басса жылып, токтосо токтоп алардын үстүнө көлөкө түшүрө турган булутту дайындап койдук. Аларга жакшылык кылып бал сыяктуу даамдуу суусундукту, бөдөнө сыяктуу эти даамдуу чымчыкты түшүруп бердик. Анан аларга: "Силерге ырыскы кылып берген таза нерселерди жегиле, жакшылыкка каапырдык кылуу, залымдык сыяктуу кемчиликтерди кылбагыла. ага өзүно ылайык баа бербей койбогула" - дедик. Бирок, алар بلغ Куран · Тафсир өздөрүнө өздөрү залым кылып, Аллахтын жакшылыктарын четке кагып, Анын буйруктарына каршы чыгып күнөөкөр болуу менен кыйроого туш болушту
وَإِذْ قِيلَ لَهُمُ ٱسْكُنُوا۟ هَـٰذِهِ ٱلْقَرْيَةَ وَكُلُوا۟ مِنْهَا حَيْثُ شِئْتُمْ وَقُولُوا۟ حِطَّةٌۭ وَٱدْخُلُوا۟ ٱلْبَابَ سُجَّدًۭا نَّغْفِرْ لَكُمْ خَطِيٓـَٔـٰتِكُمْ ۚ سَنَزِيدُ ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿١٦١﴾
Оо, элчи, дагы эстегин, Аллах Исраил урпактарына: "Ыйык үйгө киргиле, андагы айылдан каалаган убакта, каалаган тамагыңарды жегиле. Оо, Раббибиз, биздин каталарыбызды өчүр деп, Раббиңерге кичипейилдик менен үрүкү кылып ийилип киргиле. Эгер ушундай кылсаңар, күнөөңөрдү кечиребиз, жакшылык кылуучуларга дүйнө, акыреттин жакшылышыгкөбөйтөбүз" - деп айтты
فَبَدَّلَ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ مِنْهُمْ قَوْلًا غَيْرَ ٱلَّذِى قِيلَ لَهُمْ فَأَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ رِجْزًۭا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ بِمَا كَانُوا۟ يَظْلِمُونَ ﴿١٦٢﴾
Алардын залымдарыаларга буйрук иретинде айтылган сөздүбурмалап,"кечирим тилегиле" деген сөздүн ордуна "арпанын даны" деген сөздүалмаштырып,аларга буйрулган ишти өзгөртүп,эшиктен башын ийип кичи пейилдик менен кирүүнүн ордуна, артын салып жөрмөлөп киришти. Анан алардын залымдыгы себептүү асмандан азап түшүрдүк
وَسْـَٔلْهُمْ عَنِ ٱلْقَرْيَةِ ٱلَّتِى كَانَتْ حَاضِرَةَ ٱلْبَحْرِ إِذْ يَعْدُونَ فِى ٱلسَّبْتِ إِذْ تَأْتِيهِمْ حِيتَانُهُمْ يَوْمَ سَبْتِهِمْ شُرَّعًۭا وَيَوْمَ لَا يَسْبِتُونَ ۙ لَا تَأْتِيهِمْ ۚ كَذَٰلِكَ نَبْلُوهُم بِمَا كَانُوا۟ يَفْسُقُونَ ﴿١٦٣﴾
Оо, элчи, жөөттөргө эскертүү иретинде айылдагы бир окуянын айынан азапка кабылышканын сурагын. Ал айыл деңиздин жээгинде болчу. Аллах аларды сыноо үчүн ишемби күндөрү балыктарды деңиз бетине жакын алып келип, башка күндөрү алыстатып, анан ишемби күнү аларга балык уулоого тыюу салган эле. Бирок, алар Аллахтын чегинен чыгыа ишемби күну балык уулашты. Аллах аларды мындай сыноо менен алар баш ийбей, күнөөгө берилип кеткен себептүү сынады. Алар куулук кылып, ишемби күнү торлорун жайып, чукурларды казып коюп, ага түшүп калган балыктардыжекшемби күнүтартып алып,жешти
وَإِذْ قَالَتْ أُمَّةٌۭ مِّنْهُمْ لِمَ تَعِظُونَ قَوْمًا ۙ ٱللَّهُ مُهْلِكُهُمْ أَوْ مُعَذِّبُهُمْ عَذَابًۭا شَدِيدًۭا ۖ قَالُوا۟ مَعْذِرَةً إِلَىٰ رَبِّكُمْ وَلَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ ﴿١٦٤﴾
يتقون Оо, элчи, дагы эстегин, бир жамаат аларды бул тыюу салынган ишти (балык уулоону) аткаруудан тыйып, эскерткенде, башка бир жамааты: "Күнөөлөрү үчүн Аллах бул дүйнөдө кыйратып жок кылып, акыретте катуу азапка дууша кыла турган адамдарга эмне үчүн насаат айтасыңар?! - дешти. Насаат айтып жаткандар: "Аллахтын бизге буйруган жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу буйругун аткарып, аны аткарбай коюп азапка кабылбоо үчүн насаат айтып жатабыз. мүмкүн алар насааттан пайда алышар жана кылып жаткан күнөө иштеринен кол үзөөр" - дешти
فَلَمَّا نَسُوا۟ مَا ذُكِّرُوا۟ بِهِۦٓ أَنجَيْنَا ٱلَّذِينَ يَنْهَوْنَ عَنِ ٱلسُّوٓءِ وَأَخَذْنَا ٱلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ بِعَذَابٍۭ بَـِٔيسٍۭ بِمَا كَانُوا۟ يَفْسُقُونَ ﴿١٦٥﴾
Күнөөкөрлөр насаат айтуучулардын айтканына көңүл бурбай, кылып жаткан иштерин уланта бергенде, аларды жаман иштен тыйгандардыкуткарып,ишемби күнүбалук уулап залымдык кылгандардыАллахтын чегинен чыгып, күнөөнүуланта бергени үчүн катууазап менен азаптадык. بلغ Куран · Тафсир فلما عتوا عن ما نهوا عنهقلنا لهم كونوا قردة خسٔين
فَلَمَّا عَتَوْا۟ عَن مَّا نُهُوا۟ عَنْهُ قُلْنَا لَهُمْ كُونُوا۟ قِرَدَةً خَـٰسِـِٔينَ ﴿١٦٦﴾
Насаатты укпай, текеберилиги жана кежирлиги менен Аллахка күнөө кылып чектен чыгышканда, аларга: "Эй, күнөөкөрлөр, кор болгон маймылдарга айлангыла" - дедик. Анан алар Биз каалагандай болушту. Биз кайсы бир ишти кааласак, ага: "Бол" - деп айтсак, болуп калат
وَإِذْ تَأَذَّنَ رَبُّكَ لَيَبْعَثَنَّ عَلَيْهِمْ إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْقِيَـٰمَةِ مَن يَسُومُهُمْ سُوٓءَ ٱلْعَذَابِ ۗ إِنَّ رَبَّكَ لَسَرِيعُ ٱلْعِقَابِ ۖ وَإِنَّهُۥ لَغَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ ﴿١٦٧﴾
لغفور ر حيم Оо, элчи, дагы эстегин, Аллах жөттөрдүн үстүнөн аларды дүйнө жашоосунда тээ кыяматка чейин кордоп, коркутуп тура турган адамдарды жиберерин ачык жарыя кылды. Эй, элчи, акыйкатта, Раббиң, күнөө кылгандардын жазасын өтө тез берүүчү, аларга бул дүйнө жашоосунда эле жазалап коёт. Ошондой эле Ал пенделеринен тобо кылгандарга Кечиримдүү жана аларга Ырайымдуу
وَقَطَّعْنَـٰهُمْ فِى ٱلْأَرْضِ أُمَمًۭا ۖ مِّنْهُمُ ٱلصَّـٰلِحُونَ وَمِنْهُمْ دُونَ ذَٰلِكَ ۖ وَبَلَوْنَـٰهُم بِٱلْحَسَنَـٰتِ وَٱلسَّيِّـَٔاتِ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ ﴿١٦٨﴾
يرجعون Аларды жер бетинде бөлүп-жарып, бир канча тайпаларга ажыратып койдук, буга чейин алар бир чогуу жамаат болчу. Алардын арасында Аллахтын да, пенденин да акысын аткаргандары, орточолору жана күнөө жасап өз жандарына зыян кылгандарыда бар. Алардыкылып жаткан иштеринен кайтабыдеген үмүттө жыргал менен да кууралменен да сынап көрдүк
فَخَلَفَ مِنۢ بَعْدِهِمْ خَلْفٌۭ وَرِثُوا۟ ٱلْكِتَـٰبَ يَأْخُذُونَ عَرَضَ هَـٰذَا ٱلْأَدْنَىٰ وَيَقُولُونَ سَيُغْفَرُ لَنَا وَإِن يَأْتِهِمْ عَرَضٌۭ مِّثْلُهُۥ يَأْخُذُوهُ ۚ أَلَمْ يُؤْخَذْ عَلَيْهِم مِّيثَـٰقُ ٱلْكِتَـٰبِ أَن لَّا يَقُولُوا۟ عَلَى ٱللَّهِ إِلَّا ٱلْحَقَّ وَدَرَسُوا۟ مَا فِيهِ ۗ وَٱلدَّارُ ٱلْـَٔاخِرَةُ خَيْرٌۭ لِّلَّذِينَ يَتَّقُونَ ۗ أَفَلَا تَعْقِلُونَ ﴿١٦٩﴾
Анан бул жаман иш жасагандардын артында орун басар болуп бир муун келди. Алар мурдагылардан Тооротту мурас алып, аны окуп бирок, анда жазылгандарды аткарбай, Аллахтын китебин өзгөртүү үчүн жана өкүмдөрдү түшкөн максатынан бурмалоо үчүн жарыбаган дүйнө буюмдарынан пара алып, Аллах күнөөлөрүбүздү кечирет деп өздөрүн алаксытышты.Аларга жок болуп кетүүчүдүйнө буюмдарын алып келишкен сайын,биринин артынан бирин ала беришти. Акйыкатта, Аллах Таала алар менен чындыкты эч өзгөртпөстөн, бурмалабастан айтууга келишим, убада кылган эмсе беле?! Китепте жазылган иштерди алар билбестиктен кылбай койгон жок, тескерисинче аларда илими бар болчу, алар аныокуп, билишкен. Ошон үчүн алардын күнөөсү оор болду. Акырет коргону, анда Аллахтын тыйганынан тыйылып, буйруганын аткарып, такыба болгондор үчүн, бул дүйнөдөгү жок болуп кетүүчү нерселерге караганда түбөлүктүү жакшылыктар бар. Мына ушул жок болуп кетүүчү дүйнө буюмдарын алуучулар, Аллах такыбаларга акыретте жакшы жана түбөлүктүү нерселерди даярдап койгонуна акыл жүгүртүшпөйбү?!
وَٱلَّذِينَ يُمَسِّكُونَ بِٱلْكِتَـٰبِ وَأَقَامُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ إِنَّا لَا نُضِيعُ أَجْرَ ٱلْمُصْلِحِينَ ﴿١٧٠﴾
(Алардын арасында) китепти бекем карманган, анда жазылгандарды иш жүзүндө аткарган, намзадарын убактысында бардык шарттарын,важыбдарын жана сүннөттөрүн толук аткарып окугандарыда бар.Эми Аллах بلغ Куран · Тафсир алардыкылган иштерине жараша сыйлайт, Аллахжакшыиштерди кылгандардын сооп-сыйын текке кетирбейт
۞ وَإِذْ نَتَقْنَا ٱلْجَبَلَ فَوْقَهُمْ كَأَنَّهُۥ ظُلَّةٌۭ وَظَنُّوٓا۟ أَنَّهُۥ وَاقِعٌۢ بِهِمْ خُذُوا۟ مَآ ءَاتَيْنَـٰكُم بِقُوَّةٍۢ وَٱذْكُرُوا۟ مَا فِيهِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ ﴿١٧١﴾
تتقون Оо, Мухаммад, дагы эстегин, Тооротто айтылгандарды аткаруудан баш тартышканда, Биз тоону ажыратып алып, Исраил урпактарынын үстүнө көтөрүп, тоо аларды көлөкөлөгөн булут сыяктуу болуп, алар тоо үстүбузгө түшөт деп ишенип калышканда, аларга: "Биз силерге берген китепти тырышуу менен бекем кармагыла, анда Аллах силерге шарият кылган өкүмдөрдү эстегиле жана ушун кылып такыба болууну үмүт кылсаңар аны унутпагыла" - деп айтылды
وَإِذْ أَخَذَ رَبُّكَ مِنۢ بَنِىٓ ءَادَمَ مِن ظُهُورِهِمْ ذُرِّيَّتَهُمْ وَأَشْهَدَهُمْ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمْ أَلَسْتُ بِرَبِّكُمْ ۖ قَالُوا۟ بَلَىٰ ۛ شَهِدْنَآ ۛ أَن تَقُولُوا۟ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ إِنَّا كُنَّا عَنْ هَـٰذَا غَـٰفِلِينَ ﴿١٧٢﴾
Оо, Мухаммад, дагы эстегин, Раббиң адам баласынын белинен анын урпактарын чыгарды. Ошондо алар Анын Жаратуучу жана Рабби экенин таза табияты менен кабыл кылышты. Раббиси аларга: "Мен силердин Раббиңер эмесминби?" - деди. Алар баары биригип: "Ооба, Сен биздин Раббибизсиң" - дешти. Аллах: "Чынында, силер кыямат күнү далилдерди четке кагып, бул тууралуу эч нерсе билбейбиз деп айтпооңор үчүн, Биз силерди сынадык жана убадаңарды алдык" - деди
أَوْ تَقُولُوٓا۟ إِنَّمَآ أَشْرَكَ ءَابَآؤُنَا مِن قَبْلُ وَكُنَّا ذُرِّيَّةًۭ مِّنۢ بَعْدِهِمْ ۖ أَفَتُهْلِكُنَا بِمَا فَعَلَ ٱلْمُبْطِلُونَ ﴿١٧٣﴾
"Же ата-бабаңар бутпарас болуп, келишимди бузганын айтып, силер болсоалардын ширк ишенимдерин ээрчип кеткениңерди шылтоокылып:"Эй,Раббибиз,бизди ширк кылып иш-амалдарын ок кылып алган ата-бабалар үчүн азаптайсыңбы?Бизде күнөө жок, биз билбестен аталарыбыздын кылганын кылдык" - деп танып кетпөөңөр үчүн ушундай кылдык"- деди
وَكَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ ٱلْـَٔايَـٰتِ وَلَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ ﴿١٧٤﴾
Жалганчы коомдордун жазмышы тууралуу аяттарды баяндаганыбыз сыяктуу, ширк ишенимин таштап, бир Кудайга ишенип, Ага ибадат кылуусун үмут кылып, буларга да аяттардыбаяндап бердик
وَٱتْلُ عَلَيْهِمْ نَبَأَ ٱلَّذِىٓ ءَاتَيْنَـٰهُ ءَايَـٰتِنَا فَٱنسَلَخَ مِنْهَا فَأَتْبَعَهُ ٱلشَّيْطَـٰنُ فَكَانَ مِنَ ٱلْغَاوِينَ ﴿١٧٥﴾
Оо, Мухаммад, Исраил урпактарына алардын өзүнөн чыккан бир адам тууралуу окуп бер. Биз ага аяттарыбызды берип, ал аны билип, ага далил болгон чындыкты түшүнүп туруп, аны иш жүзүндө аткарбады, аны таштап, андан үзүлдү. Ошондо ага шайтан жолугуп, аны өзүнө жакын кылып алды. Анан ал ийгиликке жетүүчу туура жолдон, кыйроого учуроочу кыйшык жолго тушүп алды. بلغ Куран · Тафсир
وَلَوْ شِئْنَا لَرَفَعْنَـٰهُ بِهَا وَلَـٰكِنَّهُۥٓ أَخْلَدَ إِلَى ٱلْأَرْضِ وَٱتَّبَعَ هَوَىٰهُ ۚ فَمَثَلُهُۥ كَمَثَلِ ٱلْكَلْبِ إِن تَحْمِلْ عَلَيْهِ يَلْهَثْ أَوْ تَتْرُكْهُ يَلْهَث ۚ ذَّٰلِكَ مَثَلُ ٱلْقَوْمِ ٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا ۚ فَٱقْصُصِ ٱلْقَصَصَ لَعَلَّهُمْ يَتَفَكَّرُونَ ﴿١٧٦﴾
Эгер ушул аяттар аркылуу анын даражасын көтөрүүнү кааласак, аны иш жүзүндө аткарууга жеңилдик берип, дүйнө , акыретте көтөрүп коймокпуз. Бирок, ал акыретке караганда дүйнө ырахаттарына таасирленип, жардамсыз кала турган жолду тантап алды. Анын дүйнөгө ач көздүгү, итке окшош, ит баардык абалында сугалактанып тилин салаңдата берет, жатса да, тилин салаңдатат, куусаң да тилиин салаңдатат.Бул салыштыруу, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарып адашкан коомго окшош. Эй, элчи, пикри кылып, өздөрүнүн жалганын, адашуусун таштап калуусун үмүт кылып,аларга ушундай аңгемелерди аңгемеле
سَآءَ مَثَلًا ٱلْقَوْمُ ٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا وَأَنفُسَهُمْ كَانُوا۟ يَظْلِمُونَ ﴿١٧٧﴾
Биздин далилдерибизди жалганга чыгарып, ага ишенбей, ушунусу менен өздөрүн түбөлүк кыйроого түрткөн адамдардан да жаман адам болобу
مَن يَهْدِ ٱللَّهُ فَهُوَ ٱلْمُهْتَدِى ۖ وَمَن يُضْلِلْ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْخَـٰسِرُونَ ﴿١٧٨﴾
Аллах кимди туура жолго ылайыктуу кылып, түз жолго салып койсо, ал чындап туура жолго түшөт; кимди түз жолдон алыстатып койсо, алар чындап өздөрүнүн насибин кемитүүчүлөр. Алар кыямат күнү өздөрүнө жана үй- бүлөлөрүнө зыян кылуучулар,буланык зыян тартуу
وَلَقَدْ ذَرَأْنَا لِجَهَنَّمَ كَثِيرًۭا مِّنَ ٱلْجِنِّ وَٱلْإِنسِ ۖ لَهُمْ قُلُوبٌۭ لَّا يَفْقَهُونَ بِهَا وَلَهُمْ أَعْيُنٌۭ لَّا يُبْصِرُونَ بِهَا وَلَهُمْ ءَاذَانٌۭ لَّا يَسْمَعُونَ بِهَآ ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ كَٱلْأَنْعَـٰمِ بَلْ هُمْ أَضَلُّ ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْغَـٰفِلُونَ ﴿١٧٩﴾
Акыйкатта, тозокко ылайыктуу иштерди кыларын билип, көптөгөн жиндерди жана адамдарды тозокко татыктуу кылып жараттык. Алардын жүрөгү болгон менен жүрөгү пайда берүүчүнү да, зыян берүүчүнү да сезбейт. Алардын көздөрүболгон менен өздөрүндөгүжана ааламдагыАллахтын белгилерин көрбөйт жана андан этибар алышпайт. Алардын кулагы болгону менен Аллахтын аяттарын угушпайт жана ага акыл калчабайт. Ушул жогорудагы сыпаттар менен сыпатталган адамдар акылсыздыкта айбандар сыяктуу, а түгүл, адашууда булар айбандарга караганда жаман.Булар Аллахка жана кыямат күнүнө ыйман келтирүүдөн бей капар калышкан
وَلِلَّهِ ٱلْأَسْمَآءُ ٱلْحُسْنَىٰ فَٱدْعُوهُ بِهَا ۖ وَذَرُوا۟ ٱلَّذِينَ يُلْحِدُونَ فِىٓ أَسْمَـٰٓئِهِۦ ۚ سَيُجْزَوْنَ مَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ﴿١٨٠﴾
Кемчиликсиз Аллахта Анын улуулугун жана кемелдигин айгинелеген кооз ысымдары бар. Ошол ысымдары менен Аллахка мактоо айтып, ошол ысымары аркылуу Андан каалаганыңарды сурагыла. Аллахтын ысысмдарында чектен чыгып, бул ысымдардыАллахтан башкага ыйгарган, же Аллахка мындай ысымдардыыраа көрбөгөн, же маанисин бурмалаган, же башка нерсеге окшоткон адамдардан алыс болгула. Кийин Аллахтын ысымдарында чектен чыккандардыкылган кылыктарыүчүн катууазап менен жазалайбыз
وَمِمَّنْ خَلَقْنَآ أُمَّةٌۭ يَهْدُونَ بِٱلْحَقِّ وَبِهِۦ يَعْدِلُونَ ﴿١٨١﴾
Биз жараткандардын арасында, өздөрүн туура жолго салган, башкалардыда ага чакырып туура жолго баштаган, эч кимге жабыр кылбай,адилөкүм кылган жамаат бар. بلغ Куран · Тафсир
وَٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا سَنَسْتَدْرِجُهُم مِّنْ حَيْثُ لَا يَعْلَمُونَ ﴿١٨٢﴾
Биздин аяттарыбызга ыйман келтирбей, тескерсинче, аларды четке кагып, жалганга чыгаргандарга, ырыскы эшиктерин ачабыз. Бирок, бул аларды сыйлоо үчүн эмес, күнөөлөрүн удаа-удаа уланта берип, адашуулары өтө күчөөсүүчүн ушундай кылабыз.Анан кокустан аларга азап жиберебиз
وَأُمْلِى لَهُمْ ۚ إِنَّ كَيْدِى مَتِينٌ ﴿١٨٣﴾
Алардын азабы кечиктирилип, азапталбайбыз го деп ойлоп калышат да, жалганга чыгаруусун жана каапырлыгын уланта беришет, ошентип алардын азабы да күчөй берет. Менин айлам күчтүү, аларга жакшылык кылып жаткандай көрүнүп,бирок жардамсыз таштап коём
أَوَلَمْ يَتَفَكَّرُوا۟ ۗ مَا بِصَاحِبِهِم مِّن جِنَّةٍ ۚ إِنْ هُوَ إِلَّا نَذِيرٌۭ مُّبِينٌ ﴿١٨٤﴾
Аллахтын аяттарын жана элчисин жалганга чыгаргандар Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жинди эмес экенине пикир кылып, акылдарын иштетпейби. Ал Аллахтын элчиси, аны Аллахтын азабын ачык-айкын эскертүүүчүн эскертүүчүкылып жиберген
أَوَلَمْ يَنظُرُوا۟ فِى مَلَكُوتِ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا خَلَقَ ٱللَّهُ مِن شَىْءٍۢ وَأَنْ عَسَىٰٓ أَن يَكُونَ قَدِ ٱقْتَرَبَ أَجَلُهُمْ ۖ فَبِأَىِّ حَدِيثٍۭ بَعْدَهُۥ يُؤْمِنُونَ ﴿١٨٥﴾
Алар Аллахтын асман-жердеги мүлктөрүнө этибар кылып карашпайбы. Аллах асман-жерде жараткан айбанат, өсүмдүк жана башка нерселерге карашпайбы. Өтө жакныдап калган ажалдарына карап, убакыттыөткөрбөй тобо кылышпайбы. Эгер Куранга жанаанда айтылган жакшыжана жаман убадаларга ишенишпесе, анда кайсыкитепке ишенишмек эле?!
مَن يُضْلِلِ ٱللَّهُ فَلَا هَادِىَ لَهُۥ ۚ وَيَذَرُهُمْ فِى طُغْيَـٰنِهِمْ يَعْمَهُونَ ﴿١٨٦﴾
Аллах кимди чындыкка алып баруучу туура жолдон четтетип, туз жолдон адаштырып койсо, аны түз жолго башточу башка эч ким болбойт. Аллах аларды адашкан, каапыр абалдарында таштап коёт да, алар аргасыз туура жолду таба албай кала беришет
يَسْـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلسَّاعَةِ أَيَّانَ مُرْسَىٰهَا ۖ قُلْ إِنَّمَا عِلْمُهَا عِندَ رَبِّى ۖ لَا يُجَلِّيهَا لِوَقْتِهَآ إِلَّا هُوَ ۚ ثَقُلَتْ فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۚ لَا تَأْتِيكُمْ إِلَّا بَغْتَةًۭ ۗ يَسْـَٔلُونَكَ كَأَنَّكَ حَفِىٌّ عَنْهَا ۖ قُلْ إِنَّمَا عِلْمُهَا عِندَ ٱللَّهِ وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ ﴿١٨٧﴾
يعلمون Жалганга чыгаруучу көк беттер сенден кыямат тууралуу, анын качан болору тууралуу сурашат. Эй, Мухаммад, аларга: "Кыяматтын илимин мен да, менден башка да билбейт, Аны бир гана Аллах билет, анын белгиленген убактысын бир гана Аллах ачыкка чыгарат, анын ачыкка чыгары асман-жердегинин баарына жашыруун. Ал кокустан болот" - деп айт. Сен кыямат тууралуу билүүгө кызыкдар болгонсуп, сенден ал тууралуу сурашат. Сен Раббиңди жакшы билгендиктен, кыямат тууралуу Андан сурабастыгыңды билишпейт. Эй, Мухаммад, аларга: "Кыяматтын илими бир гана Аллахта,бирок,көп адамдар мунубилишпейт" деп айткын. بلغ Куран · Тафсир
قُل لَّآ أَمْلِكُ لِنَفْسِى نَفْعًۭا وَلَا ضَرًّا إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُ ۚ وَلَوْ كُنتُ أَعْلَمُ ٱلْغَيْبَ لَٱسْتَكْثَرْتُ مِنَ ٱلْخَيْرِ وَمَا مَسَّنِىَ ٱلسُّوٓءُ ۚ إِنْ أَنَا۠ إِلَّا نَذِيرٌۭ وَبَشِيرٌۭ لِّقَوْمٍۢ يُؤْمِنُونَ ﴿١٨٨﴾
Оо, Мухаммад, аларга минтип айт: "Аллах каалабаса, мен өзүмө жакшылык алып келе албаймын, өзүмдү жамандыктан сактай да албаймын, жакшылык берүү жана жамандыктан сактоо Аллахтын колунда. Ошондой эле, Аллах билдирген нерсени гана билем, кайыпты билбеймин. Эгер кайыпты билгенимде, ишке аша элекиштердин эмне болурун билип алып, мага жакшылык алып келе турган, жамандыкты кетире турган себептерди жасап алмакмын. Мен Аллах тарабынан жиберилген элчимин, менин Аллахтан жиберилген элчи экениме ыйман келтирген жана мен алып келген динди тастыктаган адамдарга Аллахтын катууазыбын эскертем,улук сооп-сыйын сүйүнчүлөймүн
۞ هُوَ ٱلَّذِى خَلَقَكُم مِّن نَّفْسٍۢ وَٰحِدَةٍۢ وَجَعَلَ مِنْهَا زَوْجَهَا لِيَسْكُنَ إِلَيْهَا ۖ فَلَمَّا تَغَشَّىٰهَا حَمَلَتْ حَمْلًا خَفِيفًۭا فَمَرَّتْ بِهِۦ ۖ فَلَمَّآ أَثْقَلَت دَّعَوَا ٱللَّهَ رَبَّهُمَا لَئِنْ ءَاتَيْتَنَا صَـٰلِحًۭا لَّنَكُونَنَّ مِنَ ٱلشَّـٰكِرِينَ ﴿١٨٩﴾
Оо, эркектер жана аялдар, Аллах силерди бир жандан, Адам атадан жаратты. Адамдан анын аялыОбону жаратты. Обону Адамга үйрөнүп, Адам аны менен бейпил жашоосу үчүн анын кабыргасынан жаратты. Жубайлар кошулгандан кийин Обо боюна бүтүп, бирок аны сезбей жүрө берди. Анткени, боюна биринчи жолу болуп жаткандыктан, баштапкы мезгилде эч кандай оорлукту байкаган жок, качан гана түйүлдүк чоңоюп жүгү оорлогондо, жубайлар Раббисине дуба кылып: "Оо, Раббибиз, бизге бал берсең, салих, дени соо бала бергин, Сенин жакшылыгыңа шүгүр кылуучулардан болобу" - дешти
فَلَمَّآ ءَاتَىٰهُمَا صَـٰلِحًۭا جَعَلَا لَهُۥ شُرَكَآءَ فِيمَآ ءَاتَىٰهُمَا ۚ فَتَعَـٰلَى ٱللَّهُ عَمَّا يُشْرِكُونَ ﴿١٩٠﴾
Аллах алардын дубасы кабыл кылып, алар сурангандай таза, саалих бала бергенде, баласын Аллахтан башкага кул кылып, (Абдул Хаарис) "Жердин кулу" деп атап, ширк кылышты. Аллах болсо бардык шериктерден таза, жаратууда да, ибадат кылууда да жалгыз. أيشركون ما لا يخلق شئا وهم يخلقون
أَيُشْرِكُونَ مَا لَا يَخْلُقُ شَيْـًۭٔا وَهُمْ يُخْلَقُونَ ﴿١٩١﴾
Бут-айкелдерди жана башка нерселерди ибадатта Аллахка шерик кылышат. Алар бул ибадат кылып жаткан нерселери эч нерсе жаратпаган, тескерисинче, өзү жаратылган анан да ибадат кылууга татыксыз экенин билишет. анан кантип ушундай нерселерди Аллахка шерик кылышат?!
وَلَا يَسْتَطِيعُونَ لَهُمْ نَصْرًۭا وَلَآ أَنفُسَهُمْ يَنصُرُونَ ﴿١٩٢﴾
Ибадат кылынып жаткан бул бут-айкелдер аларга ибадат кылып жаткандарга да, өздөрүнө да жардам бере албайт,анан кантип ошолоргоибадат кылышат
وَإِن تَدْعُوهُمْ إِلَى ٱلْهُدَىٰ لَا يَتَّبِعُوكُمْ ۚ سَوَآءٌ عَلَيْكُمْ أَدَعَوْتُمُوهُمْ أَمْ أَنتُمْ صَـٰمِتُونَ ﴿١٩٣﴾
Эй, бутпарастар, эгер силер Аллахтын ордуна кудай кылып алган бут-айкелдерди туура жолго чакырсаңар, чакырыгыңарга жооп да бербейт, ээрчибейт дагы. Аларды туура жолго чакырасыңарбы, же унчукпай коёсуңарбы аларга баарыбир, анткени алар жансыз затттар; акыл жүгүртө албайт, укпайт жана сүйлөбөйт. بلغ Куран · Тафсир
إِنَّ ٱلَّذِينَ تَدْعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ عِبَادٌ أَمْثَالُكُمْ ۖ فَٱدْعُوهُمْ فَلْيَسْتَجِيبُوا۟ لَكُمْ إِن كُنتُمْ صَـٰدِقِينَ ﴿١٩٤﴾
Эй, бутпарастар, силер Аллахтын ордуна ибадат кылып жаткан нерселер силер сыяктуу эле Аллах тарабынан жаратылган анын мүлктөрү, бирок алар силерге карганда жакшыраак. Анткени, силер сүйлөгөн, баскан, уккан жана көргөн тирүү жансыңар, ал эми бут-айкелдериңер болсо, мындай эмес. Алардыкудай дегениңер чын болсо, аларга дуба кылгылачы, дубаңарга жооп беришер бекен?!
أَلَهُمْ أَرْجُلٌۭ يَمْشُونَ بِهَآ ۖ أَمْ لَهُمْ أَيْدٍۢ يَبْطِشُونَ بِهَآ ۖ أَمْ لَهُمْ أَعْيُنٌۭ يُبْصِرُونَ بِهَآ ۖ أَمْ لَهُمْ ءَاذَانٌۭ يَسْمَعُونَ بِهَا ۗ قُلِ ٱدْعُوا۟ شُرَكَآءَكُمْ ثُمَّ كِيدُونِ فَلَا تُنظِرُونِ ﴿١٩٥﴾
Силер кудай кылып алган бут-айкелдердин муктаждыктарына чыгуу үчүн баса турган буттарыбарбы? Же аларда силерден жамандыкты күч менен кармап токтотуп кала турган колдору барбы? Же силердин жоголгон нерсеңерди көрүп, силерге кабар бере турган көздөрү барбы? Же силерге угулбай калган нерсени угуп, силерге жеткирип тура турган кулактарыбарбы?Эгер бул айьылгандардын бир да болбосо, анда эмне үчүн алардан пайда берет, зыяндан сактайт деп үмүт кыласыңар?! Эй, элчи, бул бутпарастарга: "Ошол Аллахка теңеген бут- айкелдериңерге дуба кыла бергиле жана мага зыян берүүгө аракет кыла бергиле, мени күтпөгүлө" - дегин
إِنَّ وَلِـِّۧىَ ٱللَّهُ ٱلَّذِى نَزَّلَ ٱلْكِتَـٰبَ ۖ وَهُوَ يَتَوَلَّى ٱلصَّـٰلِحِينَ ﴿١٩٦﴾
Албетте, менин коргоочум жана жардамчым Аллах, Ал мени сактайт, Андан башкадан үмүт кылбайм.Силердин бут-айкелдериңерден эч коркпойм. Ал мага адамдарга туура жол болгон Куранды түшүргөн, Ал пенделеринен салихтерди дос кылган, алардысактаган жана жардам берген
وَٱلَّذِينَ تَدْعُونَ مِن دُونِهِۦ لَا يَسْتَطِيعُونَ نَصْرَكُمْ وَلَآ أَنفُسَهُمْ يَنصُرُونَ ﴿١٩٧﴾
Эй, бутпарастар, силер ибадат кылып жаткан бут-айкелдер силерге жардам бергенге жарабайт, а түгүл, өздөрүнө да жардам бере албайт. Алар алсыз, Аллахтын ордуна кантип ошолоргоибадат кыласыңар?!
وَإِن تَدْعُوهُمْ إِلَى ٱلْهُدَىٰ لَا يَسْمَعُوا۟ ۖ وَتَرَىٰهُمْ يَنظُرُونَ إِلَيْكَ وَهُمْ لَا يُبْصِرُونَ ﴿١٩٨﴾
Эй бутпарастар, ошол Аллахтын ордуна ибадат кылып жаткан бут-айкелдериңерге дуба кылсаңар, угушпайт, жалдырап карап турушканын гана көрөсүңөр, алар жансыз заттар, алар көрбөйт. Бул эстеликтерди адамдын, айбанаттардын кейпинде жасашкан, алардын, колу, буту жана көздору бар, бирок, алар жансыз заттар, жаны да жок кыймылыда жок
خُذِ ٱلْعَفْوَ وَأْمُرْ بِٱلْعُرْفِ وَأَعْرِضْ عَنِ ٱلْجَـٰهِلِينَ ﴿١٩٩﴾
Оо, элчи, адамдарга иштерди жана ахлактарды алардын напсиси көтөрө ала тургандай жүктө, алардын табиятына оор келе турган нерсени жүктөбө, андай кылсаң, аларды качырат, аларга жылуу сөз жана жакшы иш менен буйрук бер. Ал эми караңгы, илимсиздерден алыс бол, алардын караңгылыгына жараша иш кылба. Сага зыян тийгизгенге зыян тийгизбе, сени курукалтыргандысен курукалтырба. بلغ Куран · Тафсир
وَإِمَّا يَنزَغَنَّكَ مِنَ ٱلشَّيْطَـٰنِ نَزْغٌۭ فَٱسْتَعِذْ بِٱللَّهِ ۚ إِنَّهُۥ سَمِيعٌ عَلِيمٌ ﴿٢٠٠﴾
Оо, элчи, эгер шайтандын сага үстөмдүк кыла баштаган азгырыгын сезсең, Аллахтан коргоо тилеп, Ага таян. Анткени, Ал сен айтканды Угуучу, сенин коргонууңду Билүүчү, Ал сени шайтандан коргойт
إِنَّ ٱلَّذِينَ ٱتَّقَوْا۟ إِذَا مَسَّهُمْ طَـٰٓئِفٌۭ مِّنَ ٱلشَّيْطَـٰنِ تَذَكَّرُوا۟ فَإِذَا هُم مُّبْصِرُونَ ﴿٢٠١﴾
Аллах тыюу салган күнөө иштеден тыйылып, буйруган иштерди аткарып, Ага такыба болгондорду кокустан шайтан азгырып, күнөө кылышса, дароо Аллахтын улуулугун, Анын күнөөкөрлөргө берүүчү азабын, бай ийүүчүлөргө берүүчү сооп-сыйын эстеп, күнөөлөрүнөн тобо кылат, Раббисине кайтат. Ошентип, алар чындыкка бекем турушат, кылган күнөөсүн таштап,экинчи кылбайт
وَإِخْوَٰنُهُمْ يَمُدُّونَهُمْ فِى ٱلْغَىِّ ثُمَّ لَا يُقْصِرُونَ ﴿٢٠٢﴾
Ал эми күнөөкөр жана каапырлардан болгон шайтандын туугандарын шайтандар улам адашуусун күчөтүп,алар күнөө үстүнө күнөө жасай беришет. Шайтандар азгыруудан жана адаштыруудан чарчабайт, күнөөкөр инсандар болсоалардыээрчүүдөн жана жаман иштерди кылуудан тыйылбайт
وَإِذَا لَمْ تَأْتِهِم بِـَٔايَةٍۢ قَالُوا۟ لَوْلَا ٱجْتَبَيْتَهَا ۚ قُلْ إِنَّمَآ أَتَّبِعُ مَا يُوحَىٰٓ إِلَىَّ مِن رَّبِّى ۚ هَـٰذَا بَصَآئِرُ مِن رَّبِّكُمْ وَهُدًۭى وَرَحْمَةٌۭ لِّقَوْمٍۢ يُؤْمِنُونَ ﴿٢٠٣﴾
ورحمة لقوم يؤمنون Оо, элчи, сен аларга аят-белгилерди көрсөткөнүңдө, сени жалганга чыгарып, ал белгилерден жүз бурушту, а аят- белгилерди көрсөтпөй койсоң:"Кана,өзүн эле ойлоп таап жасай койбойсуңбу?" деп келекелешти.Эй,элчи,аларга: "Өз алдынча аят-белгилерди көрсөтө албайм, Аллах аян-кабар кылган нерсени гана ээчиймин, мен силерге окуп берип жаткан Куран Аллахтын силердин Жаратуучуңар жана иштериңерди башкаруучуңар экенине ачык-айкын далил жана ыймандуу пенделери үчүн туура жол жана ырайым. Ал эми ыймандуулардан башкалары бактысыз адашуучулар
وَإِذَا قُرِئَ ٱلْقُرْءَانُ فَٱسْتَمِعُوا۟ لَهُۥ وَأَنصِتُوا۟ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ ﴿٢٠٤﴾
Куран окулганда сүйлөбөй, башка ишке алагды болбой, Аллахтын ырайымын үмүт кылып, Курандын окулушуна кулак төшөгүлө
وَٱذْكُر رَّبَّكَ فِى نَفْسِكَ تَضَرُّعًۭا وَخِيفَةًۭ وَدُونَ ٱلْجَهْرِ مِنَ ٱلْقَوْلِ بِٱلْغُدُوِّ وَٱلْـَٔاصَالِ وَلَا تَكُن مِّنَ ٱلْغَـٰفِلِينَ ﴿٢٠٥﴾
Оо, элчи, Раббиңди, берилип, кичи пейил болуп, коркуу менен эсте (зикр кыл). Артыкчылыгы бар эки убакта, т.а. эртең менен жана кечинде үнүңдү өтө бийик да, өтө акырын да чыгарбай орточоүнүң менен дуба кыл
إِنَّ ٱلَّذِينَ عِندَ رَبِّكَ لَا يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِهِۦ وَيُسَبِّحُونَهُۥ وَلَهُۥ يَسْجُدُونَ ۩ ﴿٢٠٦﴾
Оо, элчи, периштелер да Раббисине ибадат кылууда текеберленбейт, ибадатты берилип, баш ийүү менен аткарышат, кош көңүлдүк кылышпайт. Алар күнү-түнү Аллахты ага ылайык келбеген кемчиликтерден аруулап, даңктап турушат жана Анын Өзүнө сажда кылышат. بلغ Куран · Тафсир Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран
Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз