Башкы бетТафсирAl-Anfaal (8)

Тафсир Al-Anfaal (8) — الأنفال

Мединалык · 75 аят

Окуу · УгууPDF файл

يَسْـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلْأَنفَالِ ۖ قُلِ ٱلْأَنفَالُ لِلَّهِ وَٱلرَّسُولِ ۖ فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَصْلِحُوا۟ ذَاتَ بَيْنِكُمْ ۖ وَأَطِيعُوا۟ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ ﴿١﴾

كنتم م ؤمنين Оо, элчи, сахбаларың сенден олжо тууралуу, аны кантип бөлүштүрөрүңдү, кимге берериңди сурашат. Эй, элчи, алардын суроосуна жооп берип: "Олжолор Аллах жана Анын элчисине тиешелүү, аны бөлүштүрүү жана таратуу өкүмү да Аллахка жана Анын элчисине тиешелүү. Силер баш ийгиле жана макул болгула. Эй, ыймандуулар, Аллахтын тыйган иштеринен тыйылып,буйруган иштерин аткарып Ага такыба болгула.Жумшактык,байланышуу, кечирүү жана жакшы мүнөз аркылуу араңадагы кайчы пикирди, тескери бурулууну оңдогула. Эгер чындай ыймандуу болсоңор, Аллахка жана Анын элчисине бекем баш ийгиле. Анткени, ыйман баш ийүүгө жакындатып, күнөөдөн алыстатат" - деп айт. Сахабалар "Бадр" казаты болгондо ушинтип сурашкан

إِنَّمَا ٱلْمُؤْمِنُونَ ٱلَّذِينَ إِذَا ذُكِرَ ٱللَّهُ وَجِلَتْ قُلُوبُهُمْ وَإِذَا تُلِيَتْ عَلَيْهِمْ ءَايَـٰتُهُۥ زَادَتْهُمْ إِيمَـٰنًۭا وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ ﴿٢﴾

Акыйкатта, чыныгы ыймандуулар, эгер Кемчиликсиз Аллах Таала зикр кылынса, жүрөктөрү коркунучка толот; жүрөктөрү да денелери да ибадатка тартылат. Эгер аларга Куран аяттары окулса, ага акыл жүгүртүшөт, анан алардын ыйманы андан да көбөйөт. Жакшылык иштерди кылууда да, жамандык иштерден кутулдууда да Раббисине гана таянып, тобокел кылышат

ٱلَّذِينَ يُقِيمُونَ ٱلصَّلَوٰةَ وَمِمَّا رَزَقْنَـٰهُمْ يُنفِقُونَ ﴿٣﴾

Алар намазды өз убактысында, талаптагыдай аткарууну улантышат жана Биз ырыскыландырган нерселерден милдеттүү жана ыктыярдуу садагаларын беришет. ق

أُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْمُؤْمِنُونَ حَقًّۭا ۚ لَّهُمْ دَرَجَـٰتٌ عِندَ رَبِّهِمْ وَمَغْفِرَةٌۭ وَرِزْقٌۭ كَرِيمٌۭ ﴿٤﴾

Жогорудагы сыпаттар менен сыпатталгандар ыймандын белгилерин жана Исламдын көрүнүшүн өздөрүнө камтыгыны үчүн алар чыныгы ыймандуулар; Алардын сыйы Раббисинин алдындагы бийик орун, күнөөлөрүнүн кечирилүүсү жана кенен ырыскы. Булар Аллах аларга даярдап койгон жакшылыктар

كَمَآ أَخْرَجَكَ رَبُّكَ مِنۢ بَيْتِكَ بِٱلْحَقِّ وَإِنَّ فَرِيقًۭا مِّنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ لَكَـٰرِهُونَ ﴿٥﴾

Силер олжону бөлүштүрүүдө келише албай, талашып-тартышканыңарда, Аллах аны силерден тартып алып Аллахка жана Анын элчисине тиешелүү кылып койгону сыяктуу, Эй, элчи, ыймандуулардын бир бөлүгүнө жакпаса да, Раббиң сени Мадинадан бутпарастарга каршыаттанууга буйруду

يُجَـٰدِلُونَكَ فِى ٱلْحَقِّ بَعْدَ مَا تَبَيَّنَ كَأَنَّمَا يُسَاقُونَ إِلَى ٱلْمَوْتِ وَهُمْ يَنظُرُونَ ﴿٦﴾

Оо, элчи, ыймандуулардын бул бөлүгү, аларга өкүм анык болгондон кийин деле бутпарастар менен согушуу тууралуу, абалдыкөздөрү менен көрүп туруп, өлүмгө айдалып бара жаткансып сени менен талашат. Бул алардын согушка чыгуунуаябай жек көрүшкөнүнөн улам. بلغ Куран · Тафсир

وَإِذْ يَعِدُكُمُ ٱللَّهُ إِحْدَى ٱلطَّآئِفَتَيْنِ أَنَّهَا لَكُمْ وَتَوَدُّونَ أَنَّ غَيْرَ ذَاتِ ٱلشَّوْكَةِ تَكُونُ لَكُمْ وَيُرِيدُ ٱللَّهُ أَن يُحِقَّ ٱلْحَقَّ بِكَلِمَـٰتِهِۦ وَيَقْطَعَ دَابِرَ ٱلْكَـٰفِرِينَ ﴿٧﴾

Оо, талашып-тартышкан ыймандуулар, эстегиле, Аллах силерге бутпарастардын эки тобунун бирин жеңдирүүнү убада кылды.Эки топтун бири буюм-терим алып келе жаткан кербен, аны жеңип олжо аласыңар, экинчиси куралдуу аскерлер, алар менен согушуп жеңишке жетесиңер дегенде, силер согушсуз оңой басып алына турган кербенди тандадыңар. Аллахболсо, силер бутпарастардын баатырларын өлтүрүп, көбүн туткун кылып, Исламдын күч-кубатын жарыя кылууңар үчүн согуш аркылуу чындыкты ачыкка чыгарууну каалады

لِيُحِقَّ ٱلْحَقَّ وَيُبْطِلَ ٱلْبَـٰطِلَ وَلَوْ كَرِهَ ٱلْمُجْرِمُونَ ﴿٨﴾

Исламдын жана мусулмандардын жүзүн ачуу менен Аллах акыйкатты орнотту, бул диндин ачындык экенин көрсөтүү менен болду. Ошондой эле Аллах жалгандыжок кылды, бул анын жалган экенине ачык далиллдер менен болду. Муну бутпарастар жактырбаса да, Аллах ачыкка чыгарды

إِذْ تَسْتَغِيثُونَ رَبَّكُمْ فَٱسْتَجَابَ لَكُمْ أَنِّى مُمِدُّكُم بِأَلْفٍۢ مِّنَ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةِ مُرْدِفِينَ ﴿٩﴾

Бадр согушу болгон күнү душмандарыңарга каршы жеңиш тилеп, жардам сураганыңарды эстегиле. Ошондо Аллах силердин дубаңардыкабылкылып,биринин артынан бири келген миң периштени түшүрүп силерди колдоду

وَمَا جَعَلَهُ ٱللَّهُ إِلَّا بُشْرَىٰ وَلِتَطْمَئِنَّ بِهِۦ قُلُوبُكُمْ ۚ وَمَا ٱلنَّصْرُ إِلَّا مِنْ عِندِ ٱللَّهِ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ ﴿١٠﴾

Оо, ыймандуулар, Аллах периштелер менен колдоону силердин душманыңарды жеңгениңер үчүн сүйүнчү катары жана жеңишке жүрөгүңөр тынчтануусу үчүн көрсөттү. Жеңиш аскердин санынын көптүгү менен болбойт, жеңиш - Аллахтын колунда. Акыйкатта, Аллаалх падышалыгында Кубаттуу, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, шарият жана тагдыр кылууда Даашынман

إِذْ يُغَشِّيكُمُ ٱلنُّعَاسَ أَمَنَةًۭ مِّنْهُ وَيُنَزِّلُ عَلَيْكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ لِّيُطَهِّرَكُم بِهِۦ وَيُذْهِبَ عَنكُمْ رِجْزَ ٱلشَّيْطَـٰنِ وَلِيَرْبِطَ عَلَىٰ قُلُوبِكُمْ وَيُثَبِّتَ بِهِ ٱلْأَقْدَامَ ﴿١١﴾

ى Оо, ыймандуулар, дагы эстегиле, душманыңар тараптан болгон коркунучтан аман сактоо үчүн Аллах силерге жеңил уйку берди. Жүрөгүңөрдү тазалап, силерден шайтандын азгырыгын кетирүү үчүн жана жолуккан учурда жүрөгүңөр жана денеңер бекем болуусу үчүн, ошондой эле кумдуу жерде басканда бутуңар тайгылбоосу үчүн жамгыр жаадырды

إِذْ يُوحِى رَبُّكَ إِلَى ٱلْمَلَـٰٓئِكَةِ أَنِّى مَعَكُمْ فَثَبِّتُوا۟ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ۚ سَأُلْقِى فِى قُلُوبِ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ ٱلرُّعْبَ فَٱضْرِبُوا۟ فَوْقَ ٱلْأَعْنَاقِ وَٱضْرِبُوا۟ مِنْهُمْ كُلَّ بَنَانٍۢ ﴿١٢﴾

Оо, пайгамбар, Бадр күнү ыймандууларды колдоо үчүн түшүргөн периштелерге Аллах минтип аян-кабар берди: Эй,периштелер,жардам жана колдоокөрсөтүүдө Мен силер мененмин,ыймандуулардын эрктүүлөрүн душманга каршы турууга шыктандыргыла. Азыр каапырлардын жүрөгүнө катуу коркунуч саламын. Эй, ыймандуулар, силер да каапырларды моюнун кыя чапкыла, муун-муундарына кылыч шилтеп, согушка жараксыз кылгыла. بلغ Куран · Тафсир

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ شَآقُّوا۟ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ ۚ وَمَن يُشَاقِقِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَإِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلْعِقَابِ ﴿١٣﴾

Каапырларды минтип өлтүрүүнүн жана уруунун себеби, алар Аллахка жана Анын элчисине каршы чыгышты. Алар буйрулуган ишти аткарган жок, тыюу салынган иштен тыйылган жок. Ким бул иштерде Аллахка жана Анын элчисине каршы болсо, акыйкатта, Аллах бул дүйнөдө аларды өлтүрүү жана туткун кылуу, акыретте болсо тозокко түшүрүү менен катуу азаптайт

ذَٰلِكُمْ فَذُوقُوهُ وَأَنَّ لِلْكَـٰفِرِينَ عَذَابَ ٱلنَّارِ ﴿١٤﴾

Оо, Аллахка жана Анын элчисине каршыболгондор, айтылган азаптардын даамын бул дүйнөдө тез арада таткыла, акыретте болсосилерге тозок азабыбар, эгер ушинтип каапырлыгыңарда жана кежирлигиңерде өтүп кетсенер

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِذَا لَقِيتُمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ زَحْفًۭا فَلَا تُوَلُّوهُمُ ٱلْأَدْبَارَ ﴿١٥﴾

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын элчисин ээрчигендер эгер согушта бутпарастарга бетме-бет келсеңер, алардан коркпогула жана артыңарды салып качпагыла. Тескерисинче, тике карап бекем тургула, бет келгениңерге сабыр кылгыла,жардам жана колдоокөрсөтүп Аллахсилер менен бирге

وَمَن يُوَلِّهِمْ يَوْمَئِذٍۢ دُبُرَهُۥٓ إِلَّا مُتَحَرِّفًۭا لِّقِتَالٍ أَوْ مُتَحَيِّزًا إِلَىٰ فِئَةٍۢ فَقَدْ بَآءَ بِغَضَبٍۢ مِّنَ ٱللَّهِ وَمَأْوَىٰهُ جَهَنَّمُ ۖ وَبِئْسَ ٱلْمَصِيرُ ﴿١٦﴾

Ким аларга артын салып качса, Аллахтан ачуусуна качат жана ошого татыктуу болот. Акыретте анын орду тозок, бул албара турган жана көчотурган жайдын эң жаманы.Алэми ким согуштун жүрүшүн өзгөртүүүчүн душман көзүнө качымыш болуп айлакерик кылса же бака мусулман тобуна кошулууүчүн чегинсе эчнерсе эмес

فَلَمْ تَقْتُلُوهُمْ وَلَـٰكِنَّ ٱللَّهَ قَتَلَهُمْ ۚ وَمَا رَمَيْتَ إِذْ رَمَيْتَ وَلَـٰكِنَّ ٱللَّهَ رَمَىٰ ۚ وَلِيُبْلِىَ ٱلْمُؤْمِنِينَ مِنْهُ بَلَآءً حَسَنًا ۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٌۭ ﴿١٧﴾

Оо, ыймандуулар, Бадр күнү бутпарастарды өзүңөрдүн күч-кубатыңар менен өлтүрбөдүңөр, буга Аллах жардам берди. Эй, пайгамбар, аларды атканыңда сен өзүң аткан жоксуң, сенин аткандарың аларга жетип жатканда Аллах аткан болчу. Мунун баарын Аллах санынын аздыгына карабай душмандарын жеңип, Ага шүгүр кылуулары жана ушул жакшылык аркылуу ыймандууларды сыноо максатында кылды. Акыйкатта, Аллах алардын атйкандарын жана дубаларын Угуучу,алардын кылган иштерин жана канткенде аларга пайдалууболорун Билүүчү

ذَٰلِكُمْ وَأَنَّ ٱللَّهَ مُوهِنُ كَيْدِ ٱلْكَـٰفِرِينَ ﴿١٨﴾

Жогоруда айтылгандай бутпарастарды өлтүрүүңөр, алардын кыйрап, артына качуусуна чейин аткылооңор, ыймандууларга берилген душмандарына болгон жеңиш, булар Аллахтан, Аллах Исламга айлакерилик кылган каапырлардын айласын алсыздатуучу. بلغ Куран · Тафсир

إِن تَسْتَفْتِحُوا۟ فَقَدْ جَآءَكُمُ ٱلْفَتْحُ ۖ وَإِن تَنتَهُوا۟ فَهُوَ خَيْرٌۭ لَّكُمْ ۖ وَإِن تَعُودُوا۟ نَعُدْ وَلَن تُغْنِىَ عَنكُمْ فِئَتُكُمْ شَيْـًۭٔا وَلَوْ كَثُرَتْ وَأَنَّ ٱللَّهَ مَعَ ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿١٩﴾

Эй, бутпарастар, эгер залым, чектен чыгуучуларга Аллах азабынтүшүрсүн деп талап кылсаңар, Аллах силер талап кылган нерсени түшүрдү. Муну силерге жаза, такыбаларга өрнөк кылып түшүрдү. Эгер дагы талап кылуудан өзүңөрдү тыйсаңар, бул силерге жакшы. ошондо мөонөтүңөрду узартып, силерди кыйратууга шашылбайт. А эгер кайра талап кылсаңар жана ыймандуулар менен согушууга кайтсаңар, анда жаматыңар жана жардамчыңар канчалык көп болсо да ыймандуулардын аздыгына карабай, жеңишке жете албайсыңар. Акыйкатта, Аллах жардамы жана колдоосу аркылуу ыймандуулар менен бирге. Аллах ким менен бирге болсо, ага үстөмдүк кылуучу болбойт

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ أَطِيعُوا۟ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَلَا تَوَلَّوْا۟ عَنْهُ وَأَنتُمْ تَسْمَعُونَ ﴿٢٠﴾

Оо, Аллах ыйман келтирип, пайгамбарды ээрчигендер, буйруктарын аткарып, тыюуларынан тыйылып Аллахка жана Анын элчисине баш ийгиле. Буйругун аткарбай, тыйганын аткарып Ага каршы болбогула. Силерге окулган Аллахтын аяттарын угуп жатасыңар го

وَلَا تَكُونُوا۟ كَٱلَّذِينَ قَالُوا۟ سَمِعْنَا وَهُمْ لَا يَسْمَعُونَ ﴿٢١﴾

Оо, ыймандуулар, эки жүздүүлөр жана бутпарастарга окош болбогула. Аларга Аллахтын аяттары окулса, алар: "Окулган Куранды кулатарыбыз менен уктук" дешет. Бирок, алар ой-жүгүртүү, насаат алуу менен угушпайт жана уккандарынан пайда алышпайт

۞ إِنَّ شَرَّ ٱلدَّوَآبِّ عِندَ ٱللَّهِ ٱلصُّمُّ ٱلْبُكْمُ ٱلَّذِينَ لَا يَعْقِلُونَ ﴿٢٢﴾

Жаратылгандардан жер бетинде басып жүргөндөрдүн Аллахтын алдындагы эң жаманы - акыйкатты кабыл кылуу менен укпаган кереңдер, (акыкатты) сүйлөбөгөн дудуктар, алар Аллахтын буйруктарына да, тыюларына да көңүл бурушупайт

وَلَوْ عَلِمَ ٱللَّهُ فِيهِمْ خَيْرًۭا لَّأَسْمَعَهُمْ ۖ وَلَوْ أَسْمَعَهُمْ لَتَوَلَّوا۟ وَّهُم مُّعْرِضُونَ ﴿٢٣﴾

Эгер бул жалганчыбутпарастардан жакшылык болорун билгенде, андан пайда ала турган кылып уктуруп, далил, белгилерге акыл жүгүрттүрүп коймок. Бирок, алардан эч жашылык болбоосун билди. Эгер Аллах Таала буйрук жана тагдыр жолуменен уктуруп койсоделе,алар кежирлик кылып ыймандан бурулуп,баштартмак

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱسْتَجِيبُوا۟ لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ ۖ وَٱعْلَمُوٓا۟ أَنَّ ٱللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ ٱلْمَرْءِ وَقَلْبِهِۦ وَأَنَّهُۥٓ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ ﴿٢٤﴾

إ ليه تحشرون Оо, Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарды ээрчигендер, силердин жашооңор болгон акйыкатка чакырса, буйруган нерсесине баш ийип, тыйган нерсесинен сактанып Аллахка жана Анын элчисине жооп бергиле. Аллах акыйкатта бардык нерсеге күчү жетүүчү экенине бекем ишенгиле. Ал силерди акыйкатка баш ийүүдөн тосуп коюуга күчү жетет. Ага шашылгыла жана кыяма күнү жалгыз Аллахка тирилип чыгарыңарга бекем ишенгиле. Ошондобул дүйнөдө жасаган иштериңерге жараша сыйлайт же жазалайт. بلغ Куран · Тафсир

وَٱتَّقُوا۟ فِتْنَةًۭ لَّا تُصِيبَنَّ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ مِنكُمْ خَآصَّةًۭ ۖ وَٱعْلَمُوٓا۟ أَنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلْعِقَابِ ﴿٢٥﴾

Оо, ыймандуулар, араңардагы күнөөкөрлөргө гана эмес, аларга да, алардан башкаларга да жетүүчү азаптан корккула. Бул залымдык ачыкка чыгып, бирок кайтарылбай калганда болот. Акыйкатта, күнөөкөрлөргө Аллахтын азабыкатууэкенине бекем ишенгиле, алардын күнөөсүнөн сактангыла

وَٱذْكُرُوٓا۟ إِذْ أَنتُمْ قَلِيلٌۭ مُّسْتَضْعَفُونَ فِى ٱلْأَرْضِ تَخَافُونَ أَن يَتَخَطَّفَكُمُ ٱلنَّاسُ فَـَٔاوَىٰكُمْ وَأَيَّدَكُم بِنَصْرِهِۦ وَرَزَقَكُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَـٰتِ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ ﴿٢٦﴾

Оо, ыймандуулар, эстегиле, силер Меккеде аз санда элеңер, Мекке эли силерди алсыратып, кордойт эле. Душмандарыңар силерди тез арада тоноп кетүүсүнөн коркот элеңер.Кийин Аллахсилерге Мадинаныорун кылып берди. Бадр сыяктуу согуш жерлеринде душманыңарды жеңилдирип, силерге күч-кубат берди. Силерге адал, таза ырыскы берди, анын ичинде душманыңардан алган олжолор да бар. Балким, Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылсаңар, аны дагы көбөйтүп берет.Анын жакшылыктарына каапырлык кылбагыла, анда аны силерден алып коёт жана силерди азаптайт

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تَخُونُوا۟ ٱللَّهَ وَٱلرَّسُولَ وَتَخُونُوٓا۟ أَمَـٰنَـٰتِكُمْ وَأَنتُمْ تَعْلَمُونَ ﴿٢٧﴾

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын элчисине ээрчигендер, буйруктарын таштоо, тыюларын бузуу аркылуу Аллахка жана Анын элчисине кыянат кылбагыла. Дин жана башка моюнуңарга жүктөлгөн аманаттарга, кылган ишиңер кыянат экенин билип туруп кыянат кылбагыла.Анда кыянатчылардан болуп каласыңар

وَٱعْلَمُوٓا۟ أَنَّمَآ أَمْوَٰلُكُمْ وَأَوْلَـٰدُكُمْ فِتْنَةٌۭ وَأَنَّ ٱللَّهَ عِندَهُۥٓ أَجْرٌ عَظِيمٌۭ ﴿٢٨﴾

Оо, ыймандуулар, билгиле, акыйкатта силердин байлыгыңар жана бала-чакаңар Аллахтын силерге болгон сыноосу. Чынында, алар силерди акырет иштеринен тосот жана кыянатчылыкка алып барат. Билгиле, Аллахтын алдында үлкөн сооптор бар. Байлыгыңарга жана бала-чакаңарга берилүү, алардын айынан кыянат кылуу себептүү, сооп- сыйыңарды жоготуп албагыла

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِن تَتَّقُوا۟ ٱللَّهَ يَجْعَل لَّكُمْ فُرْقَانًۭا وَيُكَفِّرْ عَنكُمْ سَيِّـَٔاتِكُمْ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ۗ وَٱللَّهُ ذُو ٱلْفَضْلِ ٱلْعَظِيمِ ﴿٢٩﴾

Оо, Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарды ээрчигендер, билип алгыла, эгерде силер буйруктарын аткаруу жана тыюуларынан тыйылуу менен Аллахка такыба болсоңор, акыйкат менен жалганды ажырата турган илим берет, ошондо бул экөө силерди чаташтырбай, ачык болот. Силер бут койгон кичине күнөөңөрдү өчүрөт, чоң күнөөңөрдү кечирет. Аллах чоң артыкчылыктын ээси. Анын артыкчылыктарынын бири - пенделеринин такыбаларына даярдап койгон бейиши

وَإِذْ يَمْكُرُ بِكَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لِيُثْبِتُوكَ أَوْ يَقْتُلُوكَ أَوْ يُخْرِجُوكَ ۚ وَيَمْكُرُونَ وَيَمْكُرُ ٱللَّهُ ۖ وَٱللَّهُ خَيْرُ ٱلْمَـٰكِرِينَ ﴿٣٠﴾

Оо, элчи, эстегин, бутпарастар сени камоого, же өлтүрүүгө, же шаарыңдан башка шаарга кууп чыгууга айла издеп, куулук кылышканда, Аллах алардын куулугун өздөрүнө кайтарды. Аллах да айлакерлик кылат, Аллах айлакерлердин эң жакшысы. بلغ Куран · Тафсир

وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ ءَايَـٰتُنَا قَالُوا۟ قَدْ سَمِعْنَا لَوْ نَشَآءُ لَقُلْنَا مِثْلَ هَـٰذَآ ۙ إِنْ هَـٰذَآ إِلَّآ أَسَـٰطِيرُ ٱلْأَوَّلِينَ ﴿٣١﴾

Аларга Биздин аяттарыбыз окулган учурда, акыйкаттан баш тартып, текеберленип: "Буга окшогонду мурда да укканбыз, кааласак бул Куран сыяктуу сөздөрдү биз деле айта алабыз, биз угуп жаткан бул Куран мурдагылардын жалганы, буга эч ишенбейбиз" - дешет

وَإِذْ قَالُوا۟ ٱللَّهُمَّ إِن كَانَ هَـٰذَا هُوَ ٱلْحَقَّ مِنْ عِندِكَ فَأَمْطِرْ عَلَيْنَا حِجَارَةًۭ مِّنَ ٱلسَّمَآءِ أَوِ ٱئْتِنَا بِعَذَابٍ أَلِيمٍۢ ﴿٣٢﴾

Оо, элчи, дагы эстегин, бутпарастар: "Оо, Аллах, эгер Мухаммад алып келген нерсе акыйкат болсо, биздин үстүбүзгө асмандан таш жаадырып кыйратып жок кыл, же бизге катуу азабыңды жибер" - дешти. Алар муну жокко чыгаруу жана тануунун чегинен чыгып айтышты

وَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيُعَذِّبَهُمْ وَأَنتَ فِيهِمْ ۚ وَمَا كَانَ ٱللَّهُ مُعَذِّبَهُمْ وَهُمْ يَسْتَغْفِرُونَ ﴿٣٣﴾

Оо, Мухаммад, сенин үммөтүңдү, мейли алардын арасында дааватка жооп берүүчүсү болсун, же даават кылуучусу болсун, сен алардын арасында тирүү туруп, алар сени араларында көрүп турган учурда Аллах аларды азаптабайт. Ошондой эле алар кылган күнөөлөрүнө тобокылып, кечирим тилешсе да, Аллахалардыазаптабайт

وَمَا لَهُمْ أَلَّا يُعَذِّبَهُمُ ٱللَّهُ وَهُمْ يَصُدُّونَ عَنِ ٱلْمَسْجِدِ ٱلْحَرَامِ وَمَا كَانُوٓا۟ أَوْلِيَآءَهُۥٓ ۚ إِنْ أَوْلِيَآؤُهُۥٓ إِلَّا ٱلْمُتَّقُونَ وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ ﴿٣٤﴾

أكثرهم لا يعلمون Харам мечитине кирип тооп кылуудан жана намаз окуудан тосуп азапка дуушар кыла турган ишке бут койгон адамдарды кайсы нерсе азаптан токтото алмак эле? Бутпарастар Аллахтын дотору эмес, Анын буйругун аткарып, тыюусунан тыйылган такыбалар гана Аллахтын досору боло алат. Бирок, өздөрүн Аллахтын досу деп эсептеген бутпарастардын көбүалар Аллахтын досторуэмес экенин билишпейт

وَمَا كَانَ صَلَاتُهُمْ عِندَ ٱلْبَيْتِ إِلَّا مُكَآءًۭ وَتَصْدِيَةًۭ ۚ فَذُوقُوا۟ ٱلْعَذَابَ بِمَا كُنتُمْ تَكْفُرُونَ ﴿٣٥﴾

Бутпарастардын Харам мечитинин алдындагы намаздары ышкырык жана кол чабуу эле. Эми эй, бутпарастар, Бадр күнү өлүм жанан туткун болуу азабын таткыла. Бул азаптар силердин Аллахка каапыр болуп, Анын элчисин жалганга чыгарганыңар үчүн болду

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ يُنفِقُونَ أَمْوَٰلَهُمْ لِيَصُدُّوا۟ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ ۚ فَسَيُنفِقُونَهَا ثُمَّ تَكُونُ عَلَيْهِمْ حَسْرَةًۭ ثُمَّ يُغْلَبُونَ ۗ وَٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ إِلَىٰ جَهَنَّمَ يُحْشَرُونَ ﴿٣٦﴾

Акыйкатта, Аллахка каапыр болгондор байлыктарын адамдардыАллахтын дининен тосуу үчүн жумшашат жана келечекте да жумшай беришет, бирок каалаганына жетишпейт. Кийин байлыгынан да айрылып, максатына да жетпей, байлыктарын ушинтип иштеткени аларга өкүнүч алып келет. Аллахка каапыр болгондор кыямат күнү тозоккобарышат жана анда түбөлүк калуучулар болуп киришет. بلغ Куран · Тафсир

لِيَمِيزَ ٱللَّهُ ٱلْخَبِيثَ مِنَ ٱلطَّيِّبِ وَيَجْعَلَ ٱلْخَبِيثَ بَعْضَهُۥ عَلَىٰ بَعْضٍۢ فَيَرْكُمَهُۥ جَمِيعًۭا فَيَجْعَلَهُۥ فِى جَهَنَّمَ ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْخَـٰسِرُونَ ﴿٣٧﴾

Адамдарды Аллахтын жолунан тосуу үчүн байлыктарын жумшаган каапырлар тозокко барышканынын себеби, Аллах ыпылас каапырларды таза ыймандуулардан ажыратып жана ыпылас адамдарды, иш-аракеттерди, байлыктарды биринин-үстүнө бирин кабаттап, тозокко таштоосу үчүн. Мына ошол адамдар зыян тартуучулар; анткени, кыямат күнү алар өздөрүн да, үй-бүлөсүн да зыянга учуратат

قُل لِّلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ إِن يَنتَهُوا۟ يُغْفَرْ لَهُم مَّا قَدْ سَلَفَ وَإِن يَعُودُوا۟ فَقَدْ مَضَتْ سُنَّتُ ٱلْأَوَّلِينَ ﴿٣٨﴾

Оо, элчи, коомуңдагы Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгондорго айт: "Эгер Аллахка жана Анын элчисине каапырлыгыңарды токтотуп,Аллахка ыйман келтиргендерди Аллахтын жолунан тоспосоңор, Аллах силердин мурда кылган күнөөңөрдү кечирет. Ислам мурда жасалган күнөөлөрдү жок кылып жиберет. А эгер каапырлыгыңарды уланта берсеңер, мындай адамдарды Аллах эмне кылары мурдагы коомдордо болуп өткөн. Алар динди жалганга чыгарып, каапырлыгын уланта бергенде тез арада азапка кабылышкан

وَقَـٰتِلُوهُمْ حَتَّىٰ لَا تَكُونَ فِتْنَةٌۭ وَيَكُونَ ٱلدِّينُ كُلُّهُۥ لِلَّهِ ۚ فَإِنِ ٱنتَهَوْا۟ فَإِنَّ ٱللَّهَ بِمَا يَعْمَلُونَ بَصِيرٌۭ ﴿٣٩﴾

Оо, ыймандуулар, ширк жана мусулмандарды Аллахтын дининен тосуу токтомоюнча, дин жана баш ийүү шериги жок Жалгыз Аллахка арналмайынча каапыр душмандарыңар менен согуша бергиле.Эгер каапырлар ширктерин жана Аллахтын жолунан тосууларын токтотушса, аларды таштап койгула. Акыйкатта, Аллах алардын кылгандарын көрүп турат, Ага эч нерсе жашыруун калбайт

وَإِن تَوَلَّوْا۟ فَٱعْلَمُوٓا۟ أَنَّ ٱللَّهَ مَوْلَىٰكُمْ ۚ نِعْمَ ٱلْمَوْلَىٰ وَنِعْمَ ٱلنَّصِيرُ ﴿٤٠﴾

Эгер Аллахтын жолунан тосуусун жана каапырлыгын токтотууну буйруганыңарда андан баш тартышса, анда, эй, ыймандуулар, Аллах силердин жардамчыңар экенине бекем ишенгиле. Ал башкаргандарына эң жакшы башчы жана жардам бергендерине эң жакшы жардамчы. Кимдин башчысы Аллах болсо, ал утуп чыгат, кимдин жардамчысы Аллах болсо, ал жеңишке жетет

۞ وَٱعْلَمُوٓا۟ أَنَّمَا غَنِمْتُم مِّن شَىْءٍۢ فَأَنَّ لِلَّهِ خُمُسَهُۥ وَلِلرَّسُولِ وَلِذِى ٱلْقُرْبَىٰ وَٱلْيَتَـٰمَىٰ وَٱلْمَسَـٰكِينِ وَٱبْنِ ٱلسَّبِيلِ إِن كُنتُمْ ءَامَنتُم بِٱللَّهِ وَمَآ أَنزَلْنَا عَلَىٰ عَبْدِنَا يَوْمَ ٱلْفُرْقَانِ يَوْمَ ٱلْتَقَى ٱلْجَمْعَانِ ۗ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرٌ ﴿٤١﴾

ى ه ى ء Оо, ыймандуулар, билип алгыла, Аллах жолундагы казатта каапырлардан тартып алган олжолор беш бөлүккө бөлүнөт да бештен төрт бөлүгү казатка катышкандарга бөлүнүп берилет. Ал эми калган бир бөлүгү дагы бешке бөлүнүп, анын бир бөлүгү Аллахка жана Аллахтын элчисине иешелүү болуп, аны жалпы мусулмандарга иштетет. Экинчи бөлүгүпайгамбарыбыздын жакын туугандарыболгон Хашим жана Муталибдин балдарына берилет.Үчүнчү бөлүгү жетимдерге, төртүнчүсү колунда жок кедей, жакырларга, бешинчиси максат кылган жерине жете албай ара жолдо калган мусаапырларга берилет. Эгер Аллахка жана Аллах силерге душманыңарды жеңдирип, акыйкат менен жалгандыажыраткан Бадр күнүмухаммад пайгамбарга түшкөн нерсеге (Куран аятына) ыйман келтирүүчү болсоңор. Силерге жардам берген Аллахбардык нерсеге күчү жетүүчү. بلغ Куран · Тафсир

إِذْ أَنتُم بِٱلْعُدْوَةِ ٱلدُّنْيَا وَهُم بِٱلْعُدْوَةِ ٱلْقُصْوَىٰ وَٱلرَّكْبُ أَسْفَلَ مِنكُمْ ۚ وَلَوْ تَوَاعَدتُّمْ لَٱخْتَلَفْتُمْ فِى ٱلْمِيعَـٰدِ ۙ وَلَـٰكِن لِّيَقْضِىَ ٱللَّهُ أَمْرًۭا كَانَ مَفْعُولًۭا لِّيَهْلِكَ مَنْ هَلَكَ عَنۢ بَيِّنَةٍۢ وَيَحْيَىٰ مَنْ حَىَّ عَنۢ بَيِّنَةٍۢ ۗ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَسَمِيعٌ عَلِيمٌ ﴿٤٢﴾

ى Эстегиле, силер Мадинага жакын өрөөндө, а бутпарастар болсо андан четирээк Мекке тараптагы өрөөндө, кербен болсо, силерден төмөнүрөөк кызыл деңиздин жээги тарапта бара жаткан. Эгерде силер бутпарастар менен Бадрда жолугушууну мурдатан убадалашып алганыңарда бири-бириңерге макул болмок эмессиңер. Бирок, Аллах Таала силерди эч кандай убадасыз эле Бадрда кезиктирип койду; Аллах муну болгон ишти болтуруу б.а. ыймандууларды жеңдирүү, каапырларды кордоо, динди кубаттандыруу жана ширкти жок кылуу, өлгөндөрдү саны да, күчү да аз ыймандууларды жеңдирген далилин көргөндөн кийин өлтүрүү, тирүүлөрдү далилди көргөндөн кийин тирүү калтыруу үчүн ушундай кылды. Ошентип эч кимге Аллах менен талаша турган далили калбады. Аллах баарынын сөзүн угуучу, кылган иштерин билүүчү, Ага мындан эч нерсе жашыруун тейде калбайт, кийин ошого жараша сыйлайт же жазалайт

إِذْ يُرِيكَهُمُ ٱللَّهُ فِى مَنَامِكَ قَلِيلًۭا ۖ وَلَوْ أَرَىٰكَهُمْ كَثِيرًۭا لَّفَشِلْتُمْ وَلَتَنَـٰزَعْتُمْ فِى ٱلْأَمْرِ وَلَـٰكِنَّ ٱللَّهَ سَلَّمَ ۗ إِنَّهُۥ عَلِيمٌۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ ﴿٤٣﴾

Оо, элчи, эстегин, түшүңдө бутпарастарды аз санда көргөнүң Аллахтын силерге кылган жакшылыктарынын бири. Сен муну ыймандууларга айтып, жакшылыкты сүйүнчүлөдүң, душман менен беттешип, согушууга эрк берип күчтөндүрдүң.А эгер Аллахсенин түшүңө бутпарастардын саныкөп экенин көрсөткөндө,сахабаларыңдын эрки алсыздап, согуштан коркуп калышмак. Бирок, Аллах мындан саламат кылып, көйгөйдөн сактады, алардын санын Аллахтын элчисине аз кылып көрсөтүп койду. Акыйкатта Ал жүрөктү ээлеген жана напсиде жашырылган сырларды Билүүчү

وَإِذْ يُرِيكُمُوهُمْ إِذِ ٱلْتَقَيْتُمْ فِىٓ أَعْيُنِكُمْ قَلِيلًۭا وَيُقَلِّلُكُمْ فِىٓ أَعْيُنِهِمْ لِيَقْضِىَ ٱللَّهُ أَمْرًۭا كَانَ مَفْعُولًۭا ۗ وَإِلَى ٱللَّهِ تُرْجَعُ ٱلْأُمُورُ ﴿٤٤﴾

Оо, ыймандуулар, эстегиле, бутпарастарга бетме-бет келгениңерде Аллах алардын санын силердин көзүңөргө аз кылып көрсөтүп, согушка кирүүгө кайрат берди. Силерди да алардын көзүнө аз көрсөтүп, алар кайра кайтууну пикир кылбастан согушка киришти. Муну Аллах тагдырга жазылган бутпарастардын өлүп жана туткун болуп жеңилүүсүн, мусулмандарга душманын жеңүү жакшылыгы берилүүсүн ишке ашыруу үчүн жасады. Иштин баары бир гана Аллахка кайтат. Кийин күнөөкөрдү күнөөсүнө жараша жазалап, сооптуунун сообуна жараша сыйлайт

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِذَا لَقِيتُمْ فِئَةًۭ فَٱثْبُتُوا۟ وَٱذْكُرُوا۟ ٱللَّهَ كَثِيرًۭا لَّعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ ﴿٤٥﴾

Оо, Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарды ээрчигендер, эгер каалаганыңарга жетип, каалабаганыңардан алыс болууну үмүт кылсаңар, анда каапырлардын жамааты менен бет келгенде, аларга жолукканда бекем болуп, коркпогула. Аллахты көбүрөөк эстеп, дуба кылгыла. Ал силерге жардам берип, аларды жеңдирүүгө кадыр;

وَأَطِيعُوا۟ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَلَا تَنَـٰزَعُوا۟ فَتَفْشَلُوا۟ وَتَذْهَبَ رِيحُكُمْ ۖ وَٱصْبِرُوٓا۟ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ مَعَ ٱلصَّـٰبِرِينَ ﴿٤٦﴾

Сөзүңөрдө, ишиңерде жана бардык абалыңарда Аллах жана анын элчисине бекем баш ийгиле. Эч качан кайчы пикирде болбогула; анткени кайчы пкириде болуп талашуу силердин алсыздооңорго, коркууңарга жана кубатыңардын кетүүсүнө себеп болот. Душманыңарга жолукканда сабырдуу болгула. Акыйкатта, Аллах بلغ Куран · Тафсир көтөрмөлөп, колдоп, жардам берүүдө сабырдуулар менен бирге. Аллах ким менен бирге болсо, ал эч шеги жок үстөмдүк кылуучу жана жеңүүчу болот

وَلَا تَكُونُوا۟ كَٱلَّذِينَ خَرَجُوا۟ مِن دِيَـٰرِهِم بَطَرًۭا وَرِئَآءَ ٱلنَّاسِ وَيَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ ۚ وَٱللَّهُ بِمَا يَعْمَلُونَ مُحِيطٌۭ ﴿٤٧﴾

Меккеден чыкканда адамдарга көрүнүп, текеберленип чыккан, адамдарды Аллахтын дининен тосуп, ага кирүүгө мүмкүнчүлүк бербеген бутпарастарга окшобогула. Аллах алардын кылган иштерин ороп алуучу, алардын иштеринен эчбири жашыруун калбайт,кийин ошогожарша жазалайт

وَإِذْ زَيَّنَ لَهُمُ ٱلشَّيْطَـٰنُ أَعْمَـٰلَهُمْ وَقَالَ لَا غَالِبَ لَكُمُ ٱلْيَوْمَ مِنَ ٱلنَّاسِ وَإِنِّى جَارٌۭ لَّكُمْ ۖ فَلَمَّا تَرَآءَتِ ٱلْفِئَتَانِ نَكَصَ عَلَىٰ عَقِبَيْهِ وَقَالَ إِنِّى بَرِىٓءٌۭ مِّنكُمْ إِنِّىٓ أَرَىٰ مَا لَا تَرَوْنَ إِنِّىٓ أَخَافُ ٱللَّهَ ۚ وَٱللَّهُ شَدِيدُ ٱلْعِقَابِ ﴿٤٨﴾

ى ى ه Оо, ыймандуулар, Аллахтын силерге кылган дагы бир жакшылыгы, шайтан бутпарастарга кылган иштерин кооз көрсөттү. Аларды мусулмандар менен беттешүүгө, согушууга шыктандырды. Аларга: "Бүгүн силерге эч ким үстөмдүк кыла албайт, акыйкатта мен силерге жардам берип, душманыңардан коргойм" - деди. Качан эки топ бет келгенде, ыймандуулардын тобу менен аларга жардам берүүчү периштелер келишти, бутпарастардын тобу менен аларды таштап кетүүчү шайтан келди. Ошондо шайтан артын салып качты да, бутпарастарга: "Мен силерден жүз бурдум,мен ыймандууларга жардам бергени келген периштелерди көрдүм,Аллахмени жок кылып жиберүүсүнөн корком, Аллахтын азабыкатуу, Анын азабына эч ким чыдай албайт" - деди

إِذْ يَقُولُ ٱلْمُنَـٰفِقُونَ وَٱلَّذِينَ فِى قُلُوبِهِم مَّرَضٌ غَرَّ هَـٰٓؤُلَآءِ دِينُهُمْ ۗ وَمَن يَتَوَكَّلْ عَلَى ٱللَّهِ فَإِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌۭ ﴿٤٩﴾

Дагы эстегиле, эки жуздүүлөр менен ыйманы алсыздар: "Бул мусулмандарды, душмандын көптүгүнө карабай, алсыз жана аз саныңар менен жеңишке жетесиңер деп убада берген диндери алдап койду" - дешти. Алар ким Аллахтын Өзүнө таянса, жеңиш убада кылган сөзүнө бекем ишенсе, акыйкатта Аллах ага жардам берип, канчалык алсыз болсо да кароосуз калтырбоосуна ишенишпеди. Аллах кубаттуу, ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, тагдыр кылууда жана шариятында даанышман

وَلَوْ تَرَىٰٓ إِذْ يَتَوَفَّى ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ ۙ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ يَضْرِبُونَ وُجُوهَهُمْ وَأَدْبَـٰرَهُمْ وَذُوقُوا۟ عَذَابَ ٱلْحَرِيقِ ﴿٥٠﴾

Оо,элчи,периштелер Аллахка жана Анын элчилерине каапыр болгондордун жанын алган учурда,бет келгендерин бетине, артын салып качкандарын көчүгүнө уруп өлтүрүп, аларга: "Эй, каапырлар, күйгүзүүчү азапты таткыла" - деп айтканына күбө болгонуңда кана. Эгер буга күбоболгонуңда, өтө чоң иишке күбө болот элең

ذَٰلِكَ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيكُمْ وَأَنَّ ٱللَّهَ لَيْسَ بِظَلَّـٰمٍۢ لِّلْعَبِيدِ ﴿٥١﴾

Эй, каапырлар, жаныңарды алгандагы оорутуучу азаптар жана кабырыңарда,акыретиңерде болуучу күйгүзүүчү азаптар, бул дүйнөдө кылган ишиңер себептүү болду. Аллах адамдарга залым кылбайт, алардын ортосунда адилеттүү өкүм кылат, Ал адилеттүү өкүмдар. بلغ Куран · Тафсир ى

كَدَأْبِ ءَالِ فِرْعَوْنَ ۙ وَٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ ۚ كَفَرُوا۟ بِـَٔايَـٰتِ ٱللَّهِ فَأَخَذَهُمُ ٱللَّهُ بِذُنُوبِهِمْ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ قَوِىٌّۭ شَدِيدُ ٱلْعِقَابِ ﴿٥٢﴾

Бул каапырларга түшүүчү азап ушуларга эле тиешелүү эмес, бул ар кайсы заманда жана мекенде каапырлык кылгандардын баарына болуп келген Аллахтын сүннөт жолу.Фираундун коомужана андан мурдагыүммөттөр да Аллахтын аяттарына каапырлык кылганда ушундай азапка кабылган. Аллах аларды күнөөлөрү себептүү кармады жана азап түшүрдү. Акыйкатта, Аллах күчтүү Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт жана мажбурлай албайт, күнөөкөрлөргө азабы катуу

ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ لَمْ يَكُ مُغَيِّرًۭا نِّعْمَةً أَنْعَمَهَا عَلَىٰ قَوْمٍ حَتَّىٰ يُغَيِّرُوا۟ مَا بِأَنفُسِهِمْ ۙ وَأَنَّ ٱللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٌۭ ﴿٥٣﴾

Бул катуу азаптын болгон себеби төмөнкүчө. Акыйкатта, Аллах эгер бир коомго өзүндөгү жакшылыктардан берсе, алар өздөрүнүн ыйманын, түз жолдо жүрүүсүн, жакшылыкка шүгүр кылуусун, Аллахка каапырлык кылууга күнөөгө жакшылыкка шүгүр кылбоого алмаштырып жибермейинче кайра албайт. Акыйкатта Аллах пенделеринин сөзүн угуучу,ل кылган иштерин билүүчү,Ага андан эчнерсе жашыруун калбайт

كَدَأْبِ ءَالِ فِرْعَوْنَ ۙ وَٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ ۚ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِ رَبِّهِمْ فَأَهْلَكْنَـٰهُم بِذُنُوبِهِمْ وَأَغْرَقْنَآ ءَالَ فِرْعَوْنَ ۚ وَكُلٌّۭ كَانُوا۟ ظَـٰلِمِينَ ﴿٥٤﴾

كانوا ظلمين Бул каапырлардын абалы алардан мурдагы Аллахка каапырлык кылган Фараон жана башка жалганчы үммөттөрдүн абалына окшош. Аллар Раббисиин аяттарын жалганга чыгарышты. Анан күнөөгө берилгендиктери үчүн Аллах аларды талкалады. Фараондун коомун деңизге чөктүрүп жок кылды. Булардын баары, Фараондун коому да, алардан мурдагы үммөттөр да Аллахка каапыр болгону жана ширк кылганы себептүү залым болушту. Алар ушундай азапка татыктуу болушту эле аларга азаптытүшүрдү

إِنَّ شَرَّ ٱلدَّوَآبِّ عِندَ ٱللَّهِ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ فَهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ ﴿٥٥﴾

Чынында, жер бетинде кыбырап жүргөн жандуулардын эң жаманы Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгондор (ишенбегендер). Алар каапырлыкка өтө берилгендиктен, аларга ар кандай аят-белгилер келсе да ыйман келтиришпейт. Алардын туура жолго түшүүсүнө себеп болуучу акылы, угуу жана көрүү касиеттери тосулуп калган

ٱلَّذِينَ عَـٰهَدتَّ مِنْهُمْ ثُمَّ يَنقُضُونَ عَهْدَهُمْ فِى كُلِّ مَرَّةٍۢ وَهُمْ لَا يَتَّقُونَ ﴿٥٦﴾

Курайза уруусу сыяктуу, алгач (тынч жашоого) убада-келишим кылып, анан кайра-кайра ал келишимин буза бергендер - алар,Аллахтан коркпойт,убада-келишиминин өтөөсүнө чыкпайт,ортодотүзүлгөн келишимди бекем сактабайт

فَإِمَّا تَثْقَفَنَّهُمْ فِى ٱلْحَرْبِ فَشَرِّدْ بِهِم مَّنْ خَلْفَهُمْ لَعَلَّهُمْ يَذَّكَّرُونَ ﴿٥٧﴾

Оо, пайгамбар, ошол келишимди бузгандар менен согушта бет келсең, аларды катуу жазала. Ушуну угуп, башкалар да өз абалына карап,сени менен согушуудан жана сага ачык душмандык кылуудан коркуп калышсын. بلغ Куран · Тафсир

وَإِمَّا تَخَافَنَّ مِن قَوْمٍ خِيَانَةًۭ فَٱنۢبِذْ إِلَيْهِمْ عَلَىٰ سَوَآءٍ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ ٱلْخَآئِنِينَ ﴿٥٨﴾

Оо,пайгамбар,эгер сени менен тынчтык келишимин түзгөндөр ага кыянаттык кылып бузуусунан корксоң,сен да аларга келишимдин жоккочыкканын билдирип кой.Алар да мунубилип алышсын.Аларга эскертпестен туруп кол салба, эскертпестен кол салуу - кыянаттык. Аллах кыянат кылуучуларды жакшы көрбөйт, тескерисинче, өтө жаман көрөт.Кыянат кылуудан сен да сак бол

وَلَا يَحْسَبَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ سَبَقُوٓا۟ ۚ إِنَّهُمْ لَا يُعْجِزُونَ ﴿٥٩﴾

Каапырлар Аллахтын жазасынан кутулдук, андан өтүп кеттик деп ойлобосун! Чынында, алар өтүп да кеткен жок, Аллахтын жазасынан кутулбайт дагы.Аллахтын жазасыалардыээрчип жүрөт жана аларга жетүүчү

وَأَعِدُّوا۟ لَهُم مَّا ٱسْتَطَعْتُم مِّن قُوَّةٍۢ وَمِن رِّبَاطِ ٱلْخَيْلِ تُرْهِبُونَ بِهِۦ عَدُوَّ ٱللَّهِ وَعَدُوَّكُمْ وَءَاخَرِينَ مِن دُونِهِمْ لَا تَعْلَمُونَهُمُ ٱللَّهُ يَعْلَمُهُمْ ۚ وَمَا تُنفِقُوا۟ مِن شَىْءٍۢ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ يُوَفَّ إِلَيْكُمْ وَأَنتُمْ لَا تُظْلَمُونَ ﴿٦٠﴾

ه ء Эй,ыймандуулар! Колуңардан келишинче аскерлериңерди жана курал-жабдыктарыңарды даярдап койгула. Аларга Аллах жолуна мине турган аттарды даярдагыла. Ушуну менен айланаңарда силерге көз салып турган Аллахтын жана силердин душманыңар болгон каапырлардыкоркутасыңар. Ошондой эле силер такыр билбеген, силерге душмандык кыларын да али билбеген башка элдерди да сестентесиңер. Жалгыз Аллах гана алардыбилет, алар ичине эмнени жашырганын да билет. (Аллах жолунда) берген аздыр-көптүр напака-садагаңарды Аллах бул дүйнөдө кайтарып берет. А акыретте болсо сооп-сыйын кемитпестен толук берет. Анын жолунда садага бергенге шашылгыла!

۞ وَإِن جَنَحُوا۟ لِلسَّلْمِ فَٱجْنَحْ لَهَا وَتَوَكَّلْ عَلَى ٱللَّهِ ۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ ﴿٦١﴾

Оо, пайгамбар, эгер алар согушту таштап, тынч жашоого макул болсо, сен да макул болуп, келишимди бекемде. Аллахка тобокел кылып, Ага ишен, Ал сени эч качан жардамсыз таштабайт. Ал алардын сөздөрүн Угуучу, ниет, амалдарын Билүүчү

وَإِن يُرِيدُوٓا۟ أَن يَخْدَعُوكَ فَإِنَّ حَسْبَكَ ٱللَّهُ ۚ هُوَ ٱلَّذِىٓ أَيَّدَكَ بِنَصْرِهِۦ وَبِٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿٦٢﴾

Оо, пайгамбар, эгер алар согушту таштап, тынч жашоого макул болууда, согушка даярданып алуу үчүн, сени алдоону максат кылган болсо, алардын айла-амалынан жана алдамчылыгынан сени сактоого Аллах жетиштүү. Ал Аллах Өзүнүн жардамы менен сени кубаттандырды го, мухажир жана ансарлардан турган ыймандуулардын жардамы менен сени кубаттандырды го

وَأَلَّفَ بَيْنَ قُلُوبِهِمْ ۚ لَوْ أَنفَقْتَ مَا فِى ٱلْأَرْضِ جَمِيعًۭا مَّآ أَلَّفْتَ بَيْنَ قُلُوبِهِمْ وَلَـٰكِنَّ ٱللَّهَ أَلَّفَ بَيْنَهُمْ ۚ إِنَّهُۥ عَزِيزٌ حَكِيمٌۭ ﴿٦٣﴾

حكيم Сага жардам берген ыймандуулардын жүрөктөрүн бириктирип койду, мурда алардын жүрөктөрү чачыранды болчу. Сен жер бети толо байлык жумшасаң да алардын жүрөктөрүн бириктире алмак эмессиң. Аллах Жалгыз Өзү алардын жүрөгүн бириктирип койду, анткени, Ал падышалыгында Ызаттуу, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, шариятында, башкаруусунда жана тагдыр кылууда Өкүмдөр. بلغ Куран · Тафсир

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِىُّ حَسْبُكَ ٱللَّهُ وَمَنِ ٱتَّبَعَكَ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿٦٤﴾

Оо, пайгамбар, душмандарыңдын жамандыгынан сактоого сага Аллах жетиштүү, ыймандууларга да жетиштүү. Аллахка ишенип, Ага сүйөнгүн

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِىُّ حَرِّضِ ٱلْمُؤْمِنِينَ عَلَى ٱلْقِتَالِ ۚ إِن يَكُن مِّنكُمْ عِشْرُونَ صَـٰبِرُونَ يَغْلِبُوا۟ مِا۟ئَتَيْنِ ۚ وَإِن يَكُن مِّنكُم مِّا۟ئَةٌۭ يَغْلِبُوٓا۟ أَلْفًۭا مِّنَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌۭ لَّا يَفْقَهُونَ ﴿٦٥﴾

Оо, пайгамбар, ыймандууларды согушка кызыктыр, алардын чечкиндүүлүгүн күчөтүп, кам-пикирин ойгото тургандай шыктандыр. Оо, ыймандуулар, эгер силерден каапырлардын чабуулуна сабыр кыла турган жыйырма жоокер болсо, каапырлардын эки жүзүнө тең келет. А эгер мындай сабырдуулардан жүзү болсо, каапырлардын миңине тең келет; себеби, Аллахтын досторуна жардам берчү жана душмандарын кыйратчу адатын каапырлар билишпейт. Алар согушуудагы максатты да билбейт, болгону дүйнө жашоосунда жогору болуу үчүн согушушат

ٱلْـَٔـٰنَ خَفَّفَ ٱللَّهُ عَنكُمْ وَعَلِمَ أَنَّ فِيكُمْ ضَعْفًۭا ۚ فَإِن يَكُن مِّنكُم مِّا۟ئَةٌۭ صَابِرَةٌۭ يَغْلِبُوا۟ مِا۟ئَتَيْنِ ۚ وَإِن يَكُن مِّنكُمْ أَلْفٌۭ يَغْلِبُوٓا۟ أَلْفَيْنِ بِإِذْنِ ٱللَّهِ ۗ وَٱللَّهُ مَعَ ٱلصَّـٰبِرِينَ ﴿٦٦﴾

ه Оо, ыймандуулар, Аллах силердин алсыздыгыңарды билип, силердин милдетиңерди жеңилдетти, силерге ырайым кылганы үчүн ушинтти. Эми силердин бирөөңөргө каапырлардан ону эмес, экөөсү эле туура келет. Каапырлар менен согушууда силерден жүз адам болсо, алардын эки жүзүнө үстөмдүк кылат. А эгер силерден согушта миң сабырдуу болсо, Аллахтын каалоосу менен эки миң каапырга үстөмдүк кылат. Жардам берүүдө жана колдоодо Аллах ыймандуулардын сабырдуулары менен бирге

مَا كَانَ لِنَبِىٍّ أَن يَكُونَ لَهُۥٓ أَسْرَىٰ حَتَّىٰ يُثْخِنَ فِى ٱلْأَرْضِ ۚ تُرِيدُونَ عَرَضَ ٱلدُّنْيَا وَٱللَّهُ يُرِيدُ ٱلْـَٔاخِرَةَ ۗ وَٱللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌۭ ﴿٦٧﴾

حكيم Пайгамбарда өлүмдү көбөйтүү үчүн (мусулмандар менен) согушкан каапырлардын туткундары болбоосу керек (б.а. колго түшкөн туткундар өлтүрүлүүсү керек болчу). Бул, алар кайрадан согушпоосу үчүн алардын жүрөгүнүн үшүн алмак. А силер болсо, эй, ыймандуулар, Бадр согушунда туткунга түшкөндөргө кун-акы алып бошотууну каалайсыңар. Аллах болсо динге жардам берүү жана аны ызаттуу кылуу менен жете турган акыретти каалайт. Аллах затында, сыпатында жана каар-кудуреттүүлүгүндө ызаттуу, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт. Шарият жана тагдыр кылууда Өкүмдар, Даанышман

لَّوْلَا كِتَـٰبٌۭ مِّنَ ٱللَّهِ سَبَقَ لَمَسَّكُمْ فِيمَآ أَخَذْتُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌۭ ﴿٦٨﴾

Эгер Аллахтын каза-кадары(тагдырлар) жазылган китебинде силерге олжолор жана туткундардын кун-акысыадал деп жазылбаганда, силерге Аллахтан катуу жаза берилмек. Анткени, силер Аллахтан мунун ыктыярдуу экендиги тууралуу аян-кабар түшө электе эле олжолорду олжолоп, туткундардын ордуна кун-акы төлөтүп бошотуп жибердиңер. بلغ Куран · Тафсир

فَكُلُوا۟ مِمَّا غَنِمْتُمْ حَلَـٰلًۭا طَيِّبًۭا ۚ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ ﴿٦٩﴾

Оо, ыймандуулар, эми каапырлардан алган олжоңорду жей бергиле, ал силерге адал. Аллахтын буйруктарын аткарууда жана тыюуларынан тыйылууда Аллахка такыба болгула. Чынында, Аллах ыймандуу пенделерине Кечиримдүү жана аларга Ырайымдуу

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِىُّ قُل لِّمَن فِىٓ أَيْدِيكُم مِّنَ ٱلْأَسْرَىٰٓ إِن يَعْلَمِ ٱللَّهُ فِى قُلُوبِكُمْ خَيْرًۭا يُؤْتِكُمْ خَيْرًۭا مِّمَّآ أُخِذَ مِنكُمْ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ۗ وَٱللَّهُ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ ﴿٧٠﴾

Оо, пайгамбар, Бадр согушунда силердин колуңарга туткунга түшкөн мушрик туткундарга: "Аллах силердин жүрөгүңөрдөгү жакшы максатыңарды жана ниетиңерди түздөгөнүңөрдү билсе, силерге өзүңөрдөн алынган кун- акыга караганда алда канча жакшы нерсени берет, силер үчүн берилген кун-акыга өкүнбөгүлө. Ал силердин күнөөңөдү кечирет, Аллах пенделеринен ким тообо кылса, аны Кечирүүчү жана ага Ырайымдуу" - деп айт. Чынында, Аллах убадасын аткарып, пайгамбардын агасы Аббасты жана башка динди кабыл кылгандарды кечирди

وَإِن يُرِيدُوا۟ خِيَانَتَكَ فَقَدْ خَانُوا۟ ٱللَّهَ مِن قَبْلُ فَأَمْكَنَ مِنْهُمْ ۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ ﴿٧١﴾

Оо, Мухаммад, а эгер алар сага айтып жаткан сөздөрүндө сага кыянат кылууну максат кылса, алар буга чейин Аллахка да кыянат кылышкан, чынында Аллах сага жардам берди. Алардан өлгөндөр өлдү, туткунга түшкөндөр туткунга түштү. Эгер душмандык кылсаңар дагы ушундайды күтө бергиле. Аллах Өзү жараткандарды жана аларды эмне оңдоорун Билүүчү, алардыбашкарууда Даанышман Өкүмдар

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَهَاجَرُوا۟ وَجَـٰهَدُوا۟ بِأَمْوَٰلِهِمْ وَأَنفُسِهِمْ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱلَّذِينَ ءَاوَوا۟ وَّنَصَرُوٓا۟ أُو۟لَـٰٓئِكَ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَآءُ بَعْضٍۢ ۚ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَلَمْ يُهَاجِرُوا۟ مَا لَكُم مِّن وَلَـٰيَتِهِم مِّن شَىْءٍ حَتَّىٰ يُهَاجِرُوا۟ ۚ وَإِنِ ٱسْتَنصَرُوكُمْ فِى ٱلدِّينِ فَعَلَيْكُمُ ٱلنَّصْرُ إِلَّا عَلَىٰ قَوْمٍۭ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَهُم مِّيثَـٰقٌۭ ۗ وَٱللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌۭ ﴿٧٢﴾

ى إ ى Аллахка ыйман келтиргендер, Анын элчисин тастыктагандар, шариятын иш жүзүндө аткаргандар, каапырлардын шаарынан ислам шаарына, же Аллахка коопсуз ибадат кылууга мүмкүн болгон жерге көчүп келгендер, Аллахтын сөзү бийик болсун үчүн мал-жаны менен жихад кылгандар жана ошондой эле аларды өз жайларына отурукташтырып жардам бергендер,б.а.тиги мухажирлер (көчүп келгендер) менен алардытосуп алган ансарлар (жергиликтүүлөр) жардам, кол кабыш кылууда бири-бирине дос. Ал эми Аллахка ыйман келтирип, бирок каапырлардын шаарынан Ислам шаарына көчүп келе электерге көчүп келүүсүнө жардам берип, кол кабыш кылсаңар болот, эй, ыймандуулар. Эгер аларга каапырлар зулум кылып, алар силерден жардам сураса, душмандарга каршы аларга жадам бергиле. Бирок, алардын душмандары менен силердин ортоңордо келишим болсо, анда ал келишимди бузбагыла (аларга жардам бербегиле). Аллах силердин эмне кылганыңарды Көрүүчү, силердин иш-амалдарыңардан эчнерсеси Ага билинбей калбайт,кийин силерди ошогожараша жазалайт

وَٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَآءُ بَعْضٍ ۚ إِلَّا تَفْعَلُوهُ تَكُن فِتْنَةٌۭ فِى ٱلْأَرْضِ وَفَسَادٌۭ كَبِيرٌۭ ﴿٧٣﴾

Аллахка ишенбегендерди каапырлыктары табыштырган, алар бири-бирин колдойт, аларга ыймандуу адам дос болбойт. Эгер ыймандууларды дос жана каапырларды душман санабасаңар, анда ыймандуулар арасында бузукулук болуп, динде аларга жардам берүүчү бир туугандарыңарды таппай каласыңар жана жер бетинде Аллахтын жолунан тоскон бузукулук тарайт. بلغ Куран · Тафсир ق

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَهَاجَرُوا۟ وَجَـٰهَدُوا۟ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱلَّذِينَ ءَاوَوا۟ وَّنَصَرُوٓا۟ أُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْمُؤْمِنُونَ حَقًّۭا ۚ لَّهُم مَّغْفِرَةٌۭ وَرِزْقٌۭ كَرِيمٌۭ ﴿٧٤﴾

ورزق كريم Аллахка ыйман келтирип, Анын жолунда хижрат кылып көчкөңдөр жана Аллах жолунда мухажирлерди тосуп алып, аларга жардам кылгандар, мына ушулар чыныгы ыйман сыпаты менен сыпатталгандар, Аллахтын алдындагыалардын сыйлыгы- күнөөлөрүнүн кечирилүүсү жана аларга чоң ырыскынын берилүүсү, ал - бейиш

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ مِنۢ بَعْدُ وَهَاجَرُوا۟ وَجَـٰهَدُوا۟ مَعَكُمْ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ مِنكُمْ ۚ وَأُو۟لُوا۟ ٱلْأَرْحَامِ بَعْضُهُمْ أَوْلَىٰ بِبَعْضٍۢ فِى كِتَـٰبِ ٱللَّهِ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌۢ ﴿٧٥﴾

ه Мурда ыйманга келген мухажир жана ансарлардан кийинирээк ыйман келтиргендер жана каапыр шаарлардан Ислам шаарына көчүп келгендер, Аллахтын сөзү бийик, каапырлардын сөзү төмөн болуусу үчүн Аллах жолунда жихад кылгандар, алар да - силерден. Эй, ыймандуулар, силердин эмнеге укугуңар болсо, алардын да ошого укугу бар, силерге эмнени аткаруу важыб болсо, аларга да ошону аткаруу важыб. Аллахтын өкүмүндө курбандык кылуучулар ыйман жана хижра кылуу мурасын алууда бири-биринен артык болушат. Чынында, Аллах бардык нерсени Билүүчү, Ага эч нерсе жашыруун эмес, Ал пенделерин эмне оңдоорун билет жана аны аларга шарият кылат. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Al-Anfaal — الأنفال

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил