Башкы бетТафсирAn-Nisaa (4)

Тафсир An-Nisaa (4) — النساء

Мединалык · 176 аят

Окуу · УгууPDF файл

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱتَّقُوا۟ رَبَّكُمُ ٱلَّذِى خَلَقَكُم مِّن نَّفْسٍۢ وَٰحِدَةٍۢ وَخَلَقَ مِنْهَا زَوْجَهَا وَبَثَّ مِنْهُمَا رِجَالًۭا كَثِيرًۭا وَنِسَآءًۭ ۚ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ ٱلَّذِى تَسَآءَلُونَ بِهِۦ وَٱلْأَرْحَامَ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلَيْكُمْ رَقِيبًۭا ﴿١﴾

Оо, адамдар, Жаратуучуңардан корккула. Ал силерди бир жандан, тагыраагы Адам атадан жаратты. Адам атадан анын жубайы, силердин энеңер Хаваны жаратты. Анан ал экөөнөн жер бети толо эркек, аялдарды таратты. Аллахтан корккула, Анын аты менен бири-бириңден бир нерсе сурайсыңар, башкача айтканда, Аллахтын аты менен сураймын, мага мындай жардам берчи деп айтасыңар. Ортоңордобайланышыбар туугандыктыүзүүдө да Аллахтан корккула. Аллах Таала чынында силерди көзөмөлдөп турат, силердин кылганыңар Анын көзөмөлүнөн сыртта калбайт. Баарын эсептеп, ошогожараша сый же жаза берет

وَءَاتُوا۟ ٱلْيَتَـٰمَىٰٓ أَمْوَٰلَهُمْ ۖ وَلَا تَتَبَدَّلُوا۟ ٱلْخَبِيثَ بِٱلطَّيِّبِ ۖ وَلَا تَأْكُلُوٓا۟ أَمْوَٰلَهُمْ إِلَىٰٓ أَمْوَٰلِكُمْ ۚ إِنَّهُۥ كَانَ حُوبًۭا كَبِيرًۭا ﴿٢﴾

Оо, осуят кылынгандар, жетимдердин (жетим - балакат жашына жете элек атасынан ажыраган бал же кыз) малын алар балакатка жетип, оз алдынча жол таап калганда отлук кайтарып бергиле. Арамды адалга аралаштырбагыла; б.а. жетимдердин жакшы мал-мүлкүн алып, кийин аны кайра бергенден анын ордуна өзүңөрдүн жаман мал- мүлкүңөрдөн бербегиле. Ошондой эле жетимдердин мал-мүлкүн өзүңөрдүкүнө кошуп алып жебегиле. Бул Аллахка өтө чоң күнөө

وَإِنْ خِفْتُمْ أَلَّا تُقْسِطُوا۟ فِى ٱلْيَتَـٰمَىٰ فَٱنكِحُوا۟ مَا طَابَ لَكُم مِّنَ ٱلنِّسَآءِ مَثْنَىٰ وَثُلَـٰثَ وَرُبَـٰعَ ۖ فَإِنْ خِفْتُمْ أَلَّا تَعْدِلُوا۟ فَوَٰحِدَةً أَوْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَـٰنُكُمْ ۚ ذَٰلِكَ أَدْنَىٰٓ أَلَّا تَعُولُوا۟ ﴿٣﴾

Эгер кепилдигиңердеги жетим кыздарга үйлөнүүдө аларга адилет боло албайм деп, же аларга берчү махыр акысын толук бере албай калам деп, же аларга мамиле кылууда кемчилик кетирем деп корксоңор, анда алардан башка аялдарга кааласаңар экөөнө, үчөөнө же төртөөнө үйлөнгүлө. А эгер булардын ортосунда адилеттүү боло албайм деп корксоңор, анда бирөө менен чектелгиле же кол алдыңардагы күң аялдарды алгыла (пайдалангыла). Анткени, күңдөрдө эркин аялдарда сакталчу укуктардын көбү жок. Ушул жогоруда айтылган жетимдерге адилеттүү болуу, бир аял менен чектелүү, күң аялдарды пайдалануу зыян тартып калбооңорго себеп болчу амалдар

وَءَاتُوا۟ ٱلنِّسَآءَ صَدُقَـٰتِهِنَّ نِحْلَةًۭ ۚ فَإِن طِبْنَ لَكُمْ عَن شَىْءٍۢ مِّنْهُ نَفْسًۭا فَكُلُوهُ هَنِيٓـًۭٔا مَّرِيٓـًۭٔا ﴿٤﴾

Аялдарыңарга берилүүсү милдеттүү болгон махыр акысын бергиле.Махырынан бир нерсени силерге өзү ыраазы болуп, жек көрбөстөн берсе, аны жей бергиле, анда эч жамандык жок

وَلَا تُؤْتُوا۟ ٱلسُّفَهَآءَ أَمْوَٰلَكُمُ ٱلَّتِى جَعَلَ ٱللَّهُ لَكُمْ قِيَـٰمًۭا وَٱرْزُقُوهُمْ فِيهَا وَٱكْسُوهُمْ وَقُولُوا۟ لَهُمْ قَوْلًۭا مَّعْرُوفًۭا ﴿٥﴾

Оо, кепилдикке алгандар, жетимдердин мал-мүлкүн али иштетүүгө күч-кудурети жете элегинде аларга бербегиле. Бул малды Аллах Таала алардын жашоо-турмушун тикелей турган, адамдардын ортосундагы мамилени бекемдей турган себеп кылып койгон. Ал акылы жете электер, малын сактоону билбейт. Ошон үчүн аларды өзүнүн малдарынан жедирип-ичирип, кийинткиле. Аларга жакшы сөз айткыла. Балакатка жетип, ак-караны ажыратып калганыңарда мал-мүлкүңөрдүөзүңөргө берем деп кубанткыла. بلغ Куран · Тафсир

وَٱبْتَلُوا۟ ٱلْيَتَـٰمَىٰ حَتَّىٰٓ إِذَا بَلَغُوا۟ ٱلنِّكَاحَ فَإِنْ ءَانَسْتُم مِّنْهُمْ رُشْدًۭا فَٱدْفَعُوٓا۟ إِلَيْهِمْ أَمْوَٰلَهُمْ ۖ وَلَا تَأْكُلُوهَآ إِسْرَافًۭا وَبِدَارًا أَن يَكْبَرُوا۟ ۚ وَمَن كَانَ غَنِيًّۭا فَلْيَسْتَعْفِفْ ۖ وَمَن كَانَ فَقِيرًۭا فَلْيَأْكُلْ بِٱلْمَعْرُوفِ ۚ فَإِذَا دَفَعْتُمْ إِلَيْهِمْ أَمْوَٰلَهُمْ فَأَشْهِدُوا۟ عَلَيْهِمْ ۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ حَسِيبًۭا ﴿٦﴾

ى Оо, кепилдикке алгандар, жетимдерди алар балакатка жеткенде мал-мүлкүнөн бир аз берип, сынап, текшерип көргүлө. Эгер аны туура пайдаланып, иштете алса, буга силердин көзүңөр жетсе, анда алардын мал-мүлкүн толук өткөрүп бергиле. Муктаждыкта жегиле деп Аллах уруксат берген өлчөмдөн ашырып алардын мал-мүлкүн жебегиле. Булар балакатка жеткенде бергичем же турайын деп алардын мал-мүлкүн жегенге шашылбагыла. Эгер силерде өзүңөргө жетерлик мал-мүлкүңөр болсо, жетимдердин малына түк тийбегиле. А эгер жакыр болсоңор, өзүңөрдо мал жок болсо, анда муктаждыкка жараша жетимдердин малынан жеп турсаңар болот. Качан алар балакатка жетип, мал-мүлк пайдаланууну билип калганда алардын мал-мүлкүн бергиле жана бергениңерге бирөөлөрдү күбө кылгыла. Күбө укуктун сакталуусуна, кийин талаш-тартыш болбоосуна себеп болот. Буга күбө болууда жана пенделерин амалына жараша эсеп кылууда Аллах жетиштүү

لِّلرِّجَالِ نَصِيبٌۭ مِّمَّا تَرَكَ ٱلْوَٰلِدَانِ وَٱلْأَقْرَبُونَ وَلِلنِّسَآءِ نَصِيبٌۭ مِّمَّا تَرَكَ ٱلْوَٰلِدَانِ وَٱلْأَقْرَبُونَ مِمَّا قَلَّ مِنْهُ أَوْ كَثُرَ ۚ نَصِيبًۭا مَّفْرُوضًۭا ﴿٧﴾

م فروضا Ата-энеси, же бир тууганыже атасыменен бир тууган ага-иниси сыяктуужакын туугандарынан калган мураста, ал мурас азбы, көппү анда эркек кишинин үлүшү бар. Ошондой эле анда аял кишинин да үлүшү болот; А жахилият, караңгы доордо мындай эмес эле, анда мурас аял киши менен жаш балага тийчү эмес. Мурасты ар бирине тиешелүү өлчөмдө үлүш кылып так бөлүп берүүнү Аллах Таала парз кылды

وَإِذَا حَضَرَ ٱلْقِسْمَةَ أُو۟لُوا۟ ٱلْقُرْبَىٰ وَٱلْيَتَـٰمَىٰ وَٱلْمَسَـٰكِينُ فَٱرْزُقُوهُم مِّنْهُ وَقُولُوا۟ لَهُمْ قَوْلًۭا مَّعْرُوفًۭا ﴿٨﴾

Эгер мурас бөлүштүрүлгөндө ал жерде мурас албай турган жакындар,жетимдер же жакыр адамдар болуп калса, жакшылк үчүн мурасты бөлүштүрбөй туруп аларга да бир аздан бергиле, алар ошого муктаж, аларга жылуу- жумшак сөз айтып көңүл көтөргүлө

وَلْيَخْشَ ٱلَّذِينَ لَوْ تَرَكُوا۟ مِنْ خَلْفِهِمْ ذُرِّيَّةًۭ ضِعَـٰفًا خَافُوا۟ عَلَيْهِمْ فَلْيَتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَلْيَقُولُوا۟ قَوْلًۭا سَدِيدًا ﴿٩﴾

Өтүп кетсем, али жаш, кембагал балдарымдын абалы кандай болот деп корккон адамдар, кол алдындагы башка жетим балдарга залым кылууда Аллахтан корксун Өтүп кеткенден кийин мунун балдарына да башкалар жакшылык кылуусу үчүн, өзү азыр жетимдерге жакшылык кылсын. Өлүмү жакын адамга, ал өткөн соң осуят, мурасына залым кылбай так бөлүштүрөрүн айтып,жакшысөзүменен узатсын

إِنَّ ٱلَّذِينَ يَأْكُلُونَ أَمْوَٰلَ ٱلْيَتَـٰمَىٰ ظُلْمًا إِنَّمَا يَأْكُلُونَ فِى بُطُونِهِمْ نَارًۭا ۖ وَسَيَصْلَوْنَ سَعِيرًۭا ﴿١٠﴾

Жетимдердин мал-мүлкүн алып, кийин аныөзү каалагандай иштетип залым кылгандар алардыичинен күйгүзө турган отту жегендей болот, Кыямат күнү алар тозокто күйөт. بلغ Куран · Тафсир

يُوصِيكُمُ ٱللَّهُ فِىٓ أَوْلَـٰدِكُمْ ۖ لِلذَّكَرِ مِثْلُ حَظِّ ٱلْأُنثَيَيْنِ ۚ فَإِن كُنَّ نِسَآءًۭ فَوْقَ ٱثْنَتَيْنِ فَلَهُنَّ ثُلُثَا مَا تَرَكَ ۖ وَإِن كَانَتْ وَٰحِدَةًۭ فَلَهَا ٱلنِّصْفُ ۚ وَلِأَبَوَيْهِ لِكُلِّ وَٰحِدٍۢ مِّنْهُمَا ٱلسُّدُسُ مِمَّا تَرَكَ إِن كَانَ لَهُۥ وَلَدٌۭ ۚ فَإِن لَّمْ يَكُن لَّهُۥ وَلَدٌۭ وَوَرِثَهُۥٓ أَبَوَاهُ فَلِأُمِّهِ ٱلثُّلُثُ ۚ فَإِن كَانَ لَهُۥٓ إِخْوَةٌۭ فَلِأُمِّهِ ٱلسُّدُسُ ۚ مِنۢ بَعْدِ وَصِيَّةٍۢ يُوصِى بِهَآ أَوْ دَيْنٍ ۗ ءَابَآؤُكُمْ وَأَبْنَآؤُكُمْ لَا تَدْرُونَ أَيُّهُمْ أَقْرَبُ لَكُمْ نَفْعًۭا ۚ فَرِيضَةًۭ مِّنَ ٱللَّهِ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمًۭا ﴿١١﴾

ه Аллах Таала силерге келишим кылып, балдарыңардын мурасы тууралуу буларга буйруду; Мурас уул балага эки кыз балага берилчү өлчөмдө берилет. Эгер маркумда уулу жок жалаң кыз болсо, анда эки кызына мурастын үчтөн экиси тиет. А эгер мурас алуучу жалгыз эле кыз болсо, ага мурастын жарымы берилет. Эгер маркумдун уул же кызы болсо, бул учурда анын ата-энесине алтыдан бири тиешелүү болот. А эгер маркумдун перзенти болбосо, анда анын энесине үчтөн бири берилип, калганы атасына берилет. Эгер маркумдун эки же андан көп ага-ини, эже- карындаштары болсо, анда энесине милдеттүү түрдө алтынан бири берилет да, калганы атасына калат, бир туугандарына эч нерсе берилбейт. Мурасты мындай тартипте бөлүштүрүү, маркум мурасты осуят кылгандан кийин жана маркумдун карыздары болсо, аны төлөгөндөн кийин ишке ашырылат. Анан да мурасты маркумдун малынын үчтөн биринен ашырып жибербөө керек, тагыраагы, андан калган мал-мүлктөн үчтөн бири гана мураска бөлүнөт. Мурасты ушинтип бөлүштүрүүнү парз кылганынын себеби, адамдар ата-энесинин же балдарынын кимиси ага бул дүйнөдө да, акыретте да пайдалуу экенин билбейт. Билбегени себептүү бирөөсүн жакшы көрүп, бүт малын ага мураска калтырышы мүмкүн. Дагы бирин жаман көрүп,ага такыр мурас калтырбай коюшу да мүмкүн. А чынында, ал ойлогондой болбой (жакшы көргөнү зыянкеч, жаман көргөнү пайдалуу болуп) калуусу толук мүмкүн. Мунун баарын Ага эч нерсе жашыруун калбаган Аллах билет. Ошон үчүн мурасты жогорудагыдай бөлүштүрүүнү буйруду. Муну пенделери сөзсүз аткара турган милдет кылды. Аллах Таала чынында Билүүчү, пенделерине эмне жагарыАга жашыруун эмес. Ал шарият кылууда, жана өкүм чыгарууда Даанышман

۞ وَلَكُمْ نِصْفُ مَا تَرَكَ أَزْوَٰجُكُمْ إِن لَّمْ يَكُن لَّهُنَّ وَلَدٌۭ ۚ فَإِن كَانَ لَهُنَّ وَلَدٌۭ فَلَكُمُ ٱلرُّبُعُ مِمَّا تَرَكْنَ ۚ مِنۢ بَعْدِ وَصِيَّةٍۢ يُوصِينَ بِهَآ أَوْ دَيْنٍۢ ۚ وَلَهُنَّ ٱلرُّبُعُ مِمَّا تَرَكْتُمْ إِن لَّمْ يَكُن لَّكُمْ وَلَدٌۭ ۚ فَإِن كَانَ لَكُمْ وَلَدٌۭ فَلَهُنَّ ٱلثُّمُنُ مِمَّا تَرَكْتُم ۚ مِّنۢ بَعْدِ وَصِيَّةٍۢ تُوصُونَ بِهَآ أَوْ دَيْنٍۢ ۗ وَإِن كَانَ رَجُلٌۭ يُورَثُ كَلَـٰلَةً أَوِ ٱمْرَأَةٌۭ وَلَهُۥٓ أَخٌ أَوْ أُخْتٌۭ فَلِكُلِّ وَٰحِدٍۢ مِّنْهُمَا ٱلسُّدُسُ ۚ فَإِن كَانُوٓا۟ أَكْثَرَ مِن ذَٰلِكَ فَهُمْ شُرَكَآءُ فِى ٱلثُّلُثِ ۚ مِنۢ بَعْدِ وَصِيَّةٍۢ يُوصَىٰ بِهَآ أَوْ دَيْنٍ غَيْرَ مُضَآرٍّۢ ۚ وَصِيَّةًۭ مِّنَ ٱللَّهِ ۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَلِيمٌۭ ﴿١٢﴾

ى ه Оо, күйөөлөр, эгер аялыңардын силерден же башкадан перзенти болбосо, андан калган мурастын тең жарымы силерге тишелүү. А эгер, алардын эркекпи, кызбы, иши кылып перзенти болсо, анда калган мүлктөн силерге төрттөн бири гана тиет. Бул үлүш качан ал аял мурасты осуят кылып жана анын карыздары төлөнгөндөн кийин бөлүнөт. Эй, күйөөлөр, эгер силердин балаңар болбосо, силерден калган мүлктөн аялдарыңарга төрттөн бири тиешелүү болот. А эгер балаңар болсо, анда аялдарыңарга сегизден бири тиет. Бул үлүш качан силер мурастыосуят кылып жана силердин карызыңар төлөнгөндөн кийин бөлүнөт. Эгер каза болгон эркектин же аялдын ата-энеси да, бала-чакасы да жок болсо, бирок эне тараптан бир эркек же ургаачы бир тууганы болсо, калган мүлктөн ага алтыдан бири милдеттүү түрдө берилет. Эгер ал туугандар бирден көп болсо, алардын баары калган мүлктүн үчтөн бирине шериктеш болуп бөлүп алышат. Бөлүшүүдө эркек, ургаачысыбирдей. Бул үлүшүн да алар маркумдун осятынан жана карызы төлөнгөндөн кийин бөлүп алышат. Себеби, осят кылган мурасы мал-мүлкүнүн үчтөн биринен көп болуп калып,мураскорлордун бирине залым болуп калуусумүмкүн.Мына ушулаятта айтылган мурас бөлүштүрүү өкүмү Аллахтын силерге милдет кылган келишим-буйругу. Аллах Таала пенделерине бул дүйнөдө بلغ Куран · Тафсир да,акыретте да эмне пайдалуу экенин Билүүчү, күнөөкөрлөрдү жазалоогошашылбаган Жумшак пейил

تِلْكَ حُدُودُ ٱللَّهِ ۚ وَمَن يُطِعِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ يُدْخِلْهُ جَنَّـٰتٍۢ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَـٰرُ خَـٰلِدِينَ فِيهَا ۚ وَذَٰلِكَ ٱلْفَوْزُ ٱلْعَظِيمُ ﴿١٣﴾

Жетимдер тууралуу, мурас тууралуу айтылган өкүмдөр, пенделери билүүсү үчүн түзүлгөн Аллахтын шарияты. Буйруктарын аткаруу, күнөөлөрдөн тыйылуу аркылуу Аллахка жана Анын элчисине баш ийгендерди Аллах Таала ак сарайынын алдынан шылдыр сууларыагып турган бейишке киргизет.Алар анда түбөлүк турушат,анда эчнерсе жок болуп кетпейт.БулАллахтын сыйлыгыийгиликтин ийгилиги

وَمَن يَعْصِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَيَتَعَدَّ حُدُودَهُۥ يُدْخِلْهُ نَارًا خَـٰلِدًۭا فِيهَا وَلَهُۥ عَذَابٌۭ مُّهِينٌۭ ﴿١٤﴾

Ал эми өкүмдөрүн бурмалап, аныиш жүзүндө аткарбай, ага күмөн санап, шаряит чектеген чектен чыгып Аллахка жана Анын элчисине күнөөкөр болгондорду тозокко киргизет. Анда алар түбөлүк калат жана түгөнбөс азапка малынат

وَٱلَّـٰتِى يَأْتِينَ ٱلْفَـٰحِشَةَ مِن نِّسَآئِكُمْ فَٱسْتَشْهِدُوا۟ عَلَيْهِنَّ أَرْبَعَةًۭ مِّنكُمْ ۖ فَإِن شَهِدُوا۟ فَأَمْسِكُوهُنَّ فِى ٱلْبُيُوتِ حَتَّىٰ يَتَوَفَّىٰهُنَّ ٱلْمَوْتُ أَوْ يَجْعَلَ ٱللَّهُ لَهُنَّ سَبِيلًۭا ﴿١٥﴾

Аялдарыңардан зинага барып күнөөгө батканы болсо, ага адыл төрт мусулман эркек киши күбөго тарткыла, эгер алар аялдын ушул күнөөгө барганына күбө болушса, аялдын жазасы катары аны үйгө камап койгула. Ал өлгөнгө чейин же Аллах Таала ага камактан башка бир жазаны сунуштаганга чейин үйдө камалып турсун. Кийин Аллах Таала аларга башка жазаны шарият кылды, тагыраагы, эгер зына кылган аял турмушка чыга элек болсо ага жүз балак урулат, ал эми турмушка чыккан жубан болсоташ бараңга алынат

وَٱلَّذَانِ يَأْتِيَـٰنِهَا مِنكُمْ فَـَٔاذُوهُمَا ۖ فَإِن تَابَا وَأَصْلَحَا فَأَعْرِضُوا۟ عَنْهُمَآ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ تَوَّابًۭا رَّحِيمًا ﴿١٦﴾

Зына кылган эркек менен аялдытилиңер жана колуңар менен жазалап кордогула. А эгер күнөөлөрүн моюндап, андан баш тартып, жакшы амалдарды жасаса, ыза берүүнү токтоткула. Анткени, тообо кылуучу күнөөсү жок адамдай болуп калат. Аллах Таала пенделеринен ким тообо кылса, ага ырайым кылып тообосун кабылдайт. Жазанын мындай түрү исламдын алгачкы күндөрүндө болчу, кийин бул өкүм күчүн жоготуп, турмуш кура электерге жүз балак, турмуш кургандарга таш бараң өкүмү чыкты

إِنَّمَا ٱلتَّوْبَةُ عَلَى ٱللَّهِ لِلَّذِينَ يَعْمَلُونَ ٱلسُّوٓءَ بِجَهَـٰلَةٍۢ ثُمَّ يَتُوبُونَ مِن قَرِيبٍۢ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ يَتُوبُ ٱللَّهُ عَلَيْهِمْ ۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًۭا ﴿١٧﴾

حكيما Күнөөнүн акыбетин жана зыянын билбестен бут коюп алган адам, мейли ал күнөөнү билбестен жасасын, мейли атайын жасасын, кийин дароо Жаратуучусуна кайтып, өлүму келе электе тообо кылса, мындай адамдардын тообосун Аллах кабыл кылат, күнөөсүн кечирет. Аллах Таала Өзү жараткан макулуктарынын абалын Билүүчү, аларга тагдыр кылууда жана шарият кылууда Даанышман بلغ Куран · Тафсир

وَلَيْسَتِ ٱلتَّوْبَةُ لِلَّذِينَ يَعْمَلُونَ ٱلسَّيِّـَٔاتِ حَتَّىٰٓ إِذَا حَضَرَ أَحَدَهُمُ ٱلْمَوْتُ قَالَ إِنِّى تُبْتُ ٱلْـَٔـٰنَ وَلَا ٱلَّذِينَ يَمُوتُونَ وَهُمْ كُفَّارٌ ۚ أُو۟لَـٰٓئِكَ أَعْتَدْنَا لَهُمْ عَذَابًا أَلِيمًۭا ﴿١٨﴾

Күнөө артынан күнөө жасап, кекиртегине ажалы келгенче тообо кылбай, анан ошол кезде: күнөөмө тообо кылдым деп жан үрөгөндөрдүн тобосун Аллах кабыл кылбайт. Ошол учурда алардын бири: мына азыр кылган күнөөлөрүмө тообокылдым - деп айтат.Ошондой эле каапыр боюнча жүрүп өтүп кеткендердин тобосун да кабыл кылбайт. Ушинтип күнөө үстүнө күнөө кылгандарга жана каапыр тейде өтүп кеткендерге жан кейитүүчү азап даярдап койгонбуз

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا يَحِلُّ لَكُمْ أَن تَرِثُوا۟ ٱلنِّسَآءَ كَرْهًۭا ۖ وَلَا تَعْضُلُوهُنَّ لِتَذْهَبُوا۟ بِبَعْضِ مَآ ءَاتَيْتُمُوهُنَّ إِلَّآ أَن يَأْتِينَ بِفَـٰحِشَةٍۢ مُّبَيِّنَةٍۢ ۚ وَعَاشِرُوهُنَّ بِٱلْمَعْرُوفِ ۚ فَإِن كَرِهْتُمُوهُنَّ فَعَسَىٰٓ أَن تَكْرَهُوا۟ شَيْـًۭٔا وَيَجْعَلَ ٱللَّهُ فِيهِ خَيْرًۭا كَثِيرًۭا ﴿١٩﴾

كثيرا Оо, Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, атаңардан жана жакындарыңардан калган жесир аялдарды малды мураска алгандай мурастап алганыңар, аларды никеге алганыңар, каалаганыңарга никелегениңер жана аларды башка бирөөгө турмушка чыгуудан тыйып койгонуңар туура эмес жорук. Силер өзүңөргө жакпаган аялыңарды, эгер ал махыр акысынын бир бөлүгүн же башка нерсени силерге төлөп, ажырашууну талап кылса, аны жазалайын деп кетирбей койбогула. Эгерде ал аял зына сыяктуу жаман ишке бут койсо, анда махыр акысын кайтарып алуу үчүн аны кетирбей турсаңар болот. Аялыңарга зыян азар бербей, напаканыжакшыберип жылуу-жумшак болгула. Кайсыбир кемчилиги үчүн жаман көрсөңөр, ага сабыр кылгыла; ошол силерге жакпаган нерсе аркылуубул дүйнөдө да, акыретте да жакшылык табышыңар толук мүмкүн

وَإِنْ أَرَدتُّمُ ٱسْتِبْدَالَ زَوْجٍۢ مَّكَانَ زَوْجٍۢ وَءَاتَيْتُمْ إِحْدَىٰهُنَّ قِنطَارًۭا فَلَا تَأْخُذُوا۟ مِنْهُ شَيْـًٔا ۚ أَتَأْخُذُونَهُۥ بُهْتَـٰنًۭا وَإِثْمًۭا مُّبِينًۭا ﴿٢٠﴾

م بينا Оо, күйөөлөр, эгер аялыңарга талак берүүнү кааласаңар жана ордун башка бирөөнү алмакчы болсоңор; бул силерге күнөө эмес. Бирок, анын махырына көп мал-мүлк берген болсоңор, аны кайра алып калбагыла, аны алып калууанык доомат жана ачык күнөө وكيف تأخذونه وقد أفض بعضكم إلى بعض وأخذن منكم ميثقا غليظا

وَكَيْفَ تَأْخُذُونَهُۥ وَقَدْ أَفْضَىٰ بَعْضُكُمْ إِلَىٰ بَعْضٍۢ وَأَخَذْنَ مِنكُم مِّيثَـٰقًا غَلِيظًۭا ﴿٢١﴾

Мына ошол махыр себептүү аялдарга ээ болгонсуңар, Аллахтын сөзү менен аялдар силерге адал болгон жана алардыкамкордугуңарга алууга ант бергенсиңер, анан кантип берген махырдыкайра алып каласыңар, бул жаман көрүлгөн, туура эмес иш

وَلَا تَنكِحُوا۟ مَا نَكَحَ ءَابَآؤُكُم مِّنَ ٱلنِّسَآءِ إِلَّا مَا قَدْ سَلَفَ ۚ إِنَّهُۥ كَانَ فَـٰحِشَةًۭ وَمَقْتًۭا وَسَآءَ سَبِيلًا ﴿٢٢﴾

Атаңар үйлөнүп, кийин алардан калган аялдарга үйлөнбөгүлө, бул арам. А эгер бул иш жахилиятта, караңгылыкта болгон болсо, ал кечиримдүү. Атанын аялдарына баланын үйлөнүп алуусу жаман ыпылас иш. Мындай кылгандарга Аллах катуу ачууланат بلغ Куран · Тафсир

حُرِّمَتْ عَلَيْكُمْ أُمَّهَـٰتُكُمْ وَبَنَاتُكُمْ وَأَخَوَٰتُكُمْ وَعَمَّـٰتُكُمْ وَخَـٰلَـٰتُكُمْ وَبَنَاتُ ٱلْأَخِ وَبَنَاتُ ٱلْأُخْتِ وَأُمَّهَـٰتُكُمُ ٱلَّـٰتِىٓ أَرْضَعْنَكُمْ وَأَخَوَٰتُكُم مِّنَ ٱلرَّضَـٰعَةِ وَأُمَّهَـٰتُ نِسَآئِكُمْ وَرَبَـٰٓئِبُكُمُ ٱلَّـٰتِى فِى حُجُورِكُم مِّن نِّسَآئِكُمُ ٱلَّـٰتِى دَخَلْتُم بِهِنَّ فَإِن لَّمْ تَكُونُوا۟ دَخَلْتُم بِهِنَّ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ وَحَلَـٰٓئِلُ أَبْنَآئِكُمُ ٱلَّذِينَ مِنْ أَصْلَـٰبِكُمْ وَأَن تَجْمَعُوا۟ بَيْنَ ٱلْأُخْتَيْنِ إِلَّا مَا قَدْ سَلَفَ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ غَفُورًۭا رَّحِيمًۭا ﴿٢٣﴾

Аллах Таала силерге энеңерге никеленүүнү арам кылды, ошондой эле бул канча өйдөлөсө да арам; б.а. таене, анын энеси чоң эне ж.б. Кыздарыңарга никеленүү да арам, канча ылдыйласа да; б.а. кыз, анын кызы, анын кызынын кызы ж.б. Ошондой эле балаңардын жана кызыңардын кыздарына никеленүү арам. Өзүңөрдүн бир тууган эже-карындаштарыңарга жана ата-энеңердин бир тууган эже-карындаш же эже-сиңдилерине никеленүү арам. Бир тууганыңардын кыздарына жана алардын кыздарына, ошондо эле силерге сүтүн эмизген эмчек энеңерге, ошол аялды эмген эмчектеш эже-карындаштарыңарга никеленүү арам. Аялыңардын энеси, кайненеңер, ал аялыңарга жакындык кылсаңар да, кылбасаңар да баары бир никеленүү арам. Аялыңар башка күйөөсүнөн ээрчитип келген кызга никеленүүңөр арам, эгер ал кыздын энесине жакындык кылсаңар, а эгер энесине жакындык кылбасаңар, анда аны талак кылган соң, анын кызына никеленсеңер боло берет. Дагы өзүңөрдүн балаңардын аялына никеленүү арам, бул өкүмгө эмчектеш жагынан болгон балаңардын аялы да тиешелүү. Дагы эки бир тууган эже-сиңдини, мейли алар эмчектеш жагынан болсун чогуу бир ниекеге алуу да арам, бирок бул исламга чейин болсо, аны Аллах кечирет. Аллах тообо кылган пенделерин кечирүүчү, аларга ырайымдуу. Ошондой эле хадистерде аялменен анын атасынын эжесин же таежесин чогуубир никеге алууарам экендиги айтылган

۞ وَٱلْمُحْصَنَـٰتُ مِنَ ٱلنِّسَآءِ إِلَّا مَا مَلَكَتْ أَيْمَـٰنُكُمْ ۖ كِتَـٰبَ ٱللَّهِ عَلَيْكُمْ ۚ وَأُحِلَّ لَكُم مَّا وَرَآءَ ذَٰلِكُمْ أَن تَبْتَغُوا۟ بِأَمْوَٰلِكُم مُّحْصِنِينَ غَيْرَ مُسَـٰفِحِينَ ۚ فَمَا ٱسْتَمْتَعْتُم بِهِۦ مِنْهُنَّ فَـَٔاتُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ فَرِيضَةًۭ ۚ وَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ فِيمَا تَرَٰضَيْتُم بِهِۦ مِنۢ بَعْدِ ٱلْفَرِيضَةِ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمًۭا ﴿٢٤﴾

Ошондой эле күйөөсү бар аялдарга никеленүүңөр арам, бирок кол алдыңарга туткун болуп келген күң аялдарга алар бир айыз көрүп тазалангандан кийин кошула берсеңер болот. Мына ушулардыАллах силерге милдет кылды. Эми жогоруда айтылгандан башка аялдар силерге адал, зынаны максат кылбай, таза-адал жол менен алардын Аллах силерге милдет кылган махырларын берип, никелене бергиле. Никеден кийин келишимиңерди өзгөртүп, силер аларга айтылгандан көп берсеңер, же алар айтылгандын кээсин. же баарын алуудан баш тартса мында эч кимге күнөө жок. Аллах Таала чынында пенделерин билип турат, Ага эч нерсе жашыруун эмес, башкарууда жана шарият кылууда Даанышман

وَمَن لَّمْ يَسْتَطِعْ مِنكُمْ طَوْلًا أَن يَنكِحَ ٱلْمُحْصَنَـٰتِ ٱلْمُؤْمِنَـٰتِ فَمِن مَّا مَلَكَتْ أَيْمَـٰنُكُم مِّن فَتَيَـٰتِكُمُ ٱلْمُؤْمِنَـٰتِ ۚ وَٱللَّهُ أَعْلَمُ بِإِيمَـٰنِكُم ۚ بَعْضُكُم مِّنۢ بَعْضٍۢ ۚ فَٱنكِحُوهُنَّ بِإِذْنِ أَهْلِهِنَّ وَءَاتُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ بِٱلْمَعْرُوفِ مُحْصَنَـٰتٍ غَيْرَ مُسَـٰفِحَـٰتٍۢ وَلَا مُتَّخِذَٰتِ أَخْدَانٍۢ ۚ فَإِذَآ أُحْصِنَّ فَإِنْ أَتَيْنَ بِفَـٰحِشَةٍۢ فَعَلَيْهِنَّ نِصْفُ مَا عَلَى ٱلْمُحْصَنَـٰتِ مِنَ ٱلْعَذَابِ ۚ ذَٰلِكَ لِمَنْ خَشِىَ ٱلْعَنَتَ مِنكُمْ ۚ وَأَن تَصْبِرُوا۟ خَيْرٌۭ لَّكُمْ ۗ وَٱللَّهُ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ ﴿٢٥﴾

ه Оо, эркектер, эгер мал-келиңер жок, эркин аялдарга үйлөнө албасаңар, бирөөлөрдүн кол астындагы күң аялдарга, эгер алар ыймандуу болсо үйлөнсөңөр болот. Аллах Таала ыйманыңардын акыйкатын жана ички абалыңарды жакшыбилет. Силер алар менен динде да, инсанияттыкта да бирдейсиңер. Аларга үйлөнүүдөн баш тартпагыла. بلغ Куран · Тафсир Алардын кожоюнунун уруксатыменен үйлөнгүлө.Алардын махыр акысын толук жана кечиктирбей бергиле.Мунун баарыэгер алар зына кылуучу болбосо жана зына кылуу үчүн жашыруун ойнош күтпөсө. А эгер аларга үйлөнгөндөн кийин алар зынага барса, анда алардын жазасы эркин аялдардын жазасынын жарымындай, элүү балак урулат, эркин аялдардан айырмаланып алар таш бараң кылынбайт. Жогоруда айтылган ушул таза-топук күң аялдарга үйлөнүүгө берилген уруксат, эркин аялдарга үйлөнүүгө кудурети жетпей, бирок зинага бут коюу коркунучу бар эркектер үчүн. Ушундай учурда күң аялдарга үйлөнүүгө сабыр кылуу жакшы. Аллах Таала пенделеринен тообо кылгандарын Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу. Аллах Тааланын ырайымдуулугунун бир белгиси мына ушул, силер эркин аялдарга үйлөнө албай, зынага бут коюу коркунучу болгон учурда күң аялдарга үйлөнүүгө уруксат бергени

يُرِيدُ ٱللَّهُ لِيُبَيِّنَ لَكُمْ وَيَهْدِيَكُمْ سُنَنَ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِكُمْ وَيَتُوبَ عَلَيْكُمْ ۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌۭ ﴿٢٦﴾

Аллах Таала силерге бул өкүмдөрдү шарият кылуу менен шарият жана динин баяндоону каалайт. Бул дүйнө жана акыретте силерге пайдалуу нерсени баяндоону каалайт. Силерди мурдагы пайгамбарлардын жолуна, алардын жакшы жүрүм-турумуна, арам-адалды ажыратууга баштоону каалайт. Силерди күнөөдөн ибадатка, кайтарууну каалайт. Аллах Таала пенделерине эмне пайдалуу экенин билет жана ошону шарият кылат. Аларды башкарууда жана шарият кылууда Даанышман

وَٱللَّهُ يُرِيدُ أَن يَتُوبَ عَلَيْكُمْ وَيُرِيدُ ٱلَّذِينَ يَتَّبِعُونَ ٱلشَّهَوَٰتِ أَن تَمِيلُوا۟ مَيْلًا عَظِيمًۭا ﴿٢٧﴾

Аллах силердин тообоңорду кабыл кылууну, күнөөңөрдү кечирүүнү каалайт. Ал эми кумар-каалоосунан чыга албаган адамдар, силердин түз жолдон алыс адашууңарды каалайт

يُرِيدُ ٱللَّهُ أَن يُخَفِّفَ عَنكُمْ ۚ وَخُلِقَ ٱلْإِنسَـٰنُ ضَعِيفًۭا ﴿٢٨﴾

Аллах Таала шариятын силерге жеңил кылууну каалайт, колуңардан келбеген нерсеге буйрубайт. Анткени ал инсан биологиялык жактан да,физикалык жактан да алсыз экенин билет

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تَأْكُلُوٓا۟ أَمْوَٰلَكُم بَيْنَكُم بِٱلْبَـٰطِلِ إِلَّآ أَن تَكُونَ تِجَـٰرَةً عَن تَرَاضٍۢ مِّنكُمْ ۚ وَلَا تَقْتُلُوٓا۟ أَنفُسَكُمْ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًۭا ﴿٢٩﴾

Оо, Аллахка ишенген, пайгамбарды ээрчиген момундар, бири-бириңдин мал-мүлкүңдү жаман жолдор менен алып жебегиле, мисалы: тартып алуу, урдоо,пара алуу ж.б. Бири-бириңе ыраазыболуп келишип алды-берди кылган соодаңар адал. Мунун акчасын жегиле жана пайдалангыла. Бири-бириңерди өлтүрбөгүлө, өзүңөрдү өзүңөр да өлтүрбөгүлө, өлүмгө алып барбагыла. Аллах Таала чынында силерге ырайымдуу. Анын ырайымынын бири белгиси, каныңардымалыңардыжана абийириңерди бири-бириңе арам кылганы

وَمَن يَفْعَلْ ذَٰلِكَ عُدْوَٰنًۭا وَظُلْمًۭا فَسَوْفَ نُصْلِيهِ نَارًۭا ۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرًا ﴿٣٠﴾

Мына ушул бирөөнүн малын жеш, адам өлтүрүү сыяктуу тыюу салынган күнөөлүү иштерди билбестен же унутуп эмес, билип туруп атайын кылгандарды кыямат күнү Аллах Таала тозокко киргизет, анын оту таптуу азабы катуу. Мындай кылуу Аллах Таалага жеңил; Ал буга Кудуреттүү, эч нерсеге күчү жетпей калбайт. بلغ Куран · Тафсир

إِن تَجْتَنِبُوا۟ كَبَآئِرَ مَا تُنْهَوْنَ عَنْهُ نُكَفِّرْ عَنكُمْ سَيِّـَٔاتِكُمْ وَنُدْخِلْكُم مُّدْخَلًۭا كَرِيمًۭا ﴿٣١﴾

Оо, ыймандуулар, Аллахка шерик кошуу, ата-эненин каргышына калуу, адмм өлтүрүү, сүткордук кылуу сыяктуу чөн күнөөлөрдөн сактансаңар, кичине күнөөлөрүңөрдү кечирем. Анан кереметтүү жай бейишке киргизем

وَلَا تَتَمَنَّوْا۟ مَا فَضَّلَ ٱللَّهُ بِهِۦ بَعْضَكُمْ عَلَىٰ بَعْضٍۢ ۚ لِّلرِّجَالِ نَصِيبٌۭ مِّمَّا ٱكْتَسَبُوا۟ ۖ وَلِلنِّسَآءِ نَصِيبٌۭ مِّمَّا ٱكْتَسَبْنَ ۚ وَسْـَٔلُوا۟ ٱللَّهَ مِن فَضْلِهِۦٓ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمًۭا ﴿٣٢﴾

ه ه Оо, ыйман келтиргендер, бири-бириңердеги Аллах ыроологон артыкчылыктарга көралбастык кылбагыла; Аллах Таала эркектерге гана тиешелүү кылган нерсеге аялдардын үмүт кылуусу болбойт. Ар биринде өзүнө жараша үлүшү бар. Аллах Тааладан Ал бере турган нерсени көбөйтүүсүн сурангыла; Аллах Таала чынында бардык нерсени Билүүчүжана ар бирине өзүнө ылайыгын берет

وَلِكُلٍّۢ جَعَلْنَا مَوَٰلِىَ مِمَّا تَرَكَ ٱلْوَٰلِدَانِ وَٱلْأَقْرَبُونَ ۚ وَٱلَّذِينَ عَقَدَتْ أَيْمَـٰنُكُمْ فَـَٔاتُوهُمْ نَصِيبَهُمْ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ شَهِيدًا ﴿٣٣﴾

شىء شهيدا Баарыңарга ата-энесинен же жакын туугандарынан калган мурастыала турган тууганчылыктыжаратып койдук. Силерге жардам берүүгө жана артыңарда турууга ишенимдүү келишим түзгөн дос-жардамчыларыңарга мурастан насибин бергиле. Аллах Таала чынында баардык нерсеге Күбө болуучу, силердин ыйманыңарга жана келишимиңерге да күбө. Бул, досторго мурас берүү исламдын баштапкы учурунда бар болчу, кийин бул өкүм жокко чыккан

ٱلرِّجَالُ قَوَّٰمُونَ عَلَى ٱلنِّسَآءِ بِمَا فَضَّلَ ٱللَّهُ بَعْضَهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍۢ وَبِمَآ أَنفَقُوا۟ مِنْ أَمْوَٰلِهِمْ ۚ فَٱلصَّـٰلِحَـٰتُ قَـٰنِتَـٰتٌ حَـٰفِظَـٰتٌۭ لِّلْغَيْبِ بِمَا حَفِظَ ٱللَّهُ ۚ وَٱلَّـٰتِى تَخَافُونَ نُشُوزَهُنَّ فَعِظُوهُنَّ وَٱهْجُرُوهُنَّ فِى ٱلْمَضَاجِعِ وَٱضْرِبُوهُنَّ ۖ فَإِنْ أَطَعْنَكُمْ فَلَا تَبْغُوا۟ عَلَيْهِنَّ سَبِيلًا ۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيًّۭا كَبِيرًۭا ﴿٣٤﴾

ي Эркектер аялдарын башкаруучу жана көзөмөлдөөчү, анткени эркектерди Аллах Таала ушуга ылайык кылып, аялдардын напакасын (үй-жай, тамак-аш, кийим-кече) алардын моюнуна жүктөгөн. Жаратуучусуна, күйөөсүнө баш ийген, күйөөсү жоктоАллахтын көмөгү менен өз абийирин жана күйөөсүнүн мал-дүйнөсүн сактаган аялдар - жакшы аялдар. Тили же иш-аракети менен күйөөсүнө баш ийбей, тоң моюндук кылган аялдарга, жылуу-жумшак эскертип, Аллахтан коркуу керектигин насаат кылгыла. Буга көнбөсө, анда төшөк аркылуу, тагыраагы, бирге жатпай, жакындык кылбай эскерткиле. Буга да болбосо, анда аза бербей, акырын ургула. Эгер майнап чыгып, силерге баш ие баштаса, мындан ашыкка барып (уруп-урушуп) аларга залым кылбагыла. Аллах Таала чынында улуулуктун Ээси, заты да, сыпаты да Жогору, Андан корккула

وَإِنْ خِفْتُمْ شِقَاقَ بَيْنِهِمَا فَٱبْعَثُوا۟ حَكَمًۭا مِّنْ أَهْلِهِۦ وَحَكَمًۭا مِّنْ أَهْلِهَآ إِن يُرِيدَآ إِصْلَـٰحًۭا يُوَفِّقِ ٱللَّهُ بَيْنَهُمَآ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا خَبِيرًۭا ﴿٣٥﴾

كان عليما خبيرا Оо, жубайлардын ишенимдүү кишилери (өкүлдөрү), эгер жубайлардын ортосунда келишпестик, душмандык пайда болот деп корксоңор, аларды ажыратууга же элдештирүүгө өкүм чыгаруу үчүн күйөөнүн да, аялдын да туугандарынан бир адил кишини жибергиле. Өкүм чыгаруучулар аларды элдештирүүнү кааласа жана аларга ушундай жолду көрсөтүшсө, жараштыруу жакшы, пайдалуу иш. Ошондо Аллах жубайлардын ынтымагын بلغ Куран · Тафсир бекемдеп, ортодогу келишпестикти жок кылат. Аллах Таалага чынында пенделеринин эч бир иши жашыруун эмес, алардын жүрөгүндө жашырылган майда-бараттыбүт Билүүчү

۞ وَٱعْبُدُوا۟ ٱللَّهَ وَلَا تُشْرِكُوا۟ بِهِۦ شَيْـًۭٔا ۖ وَبِٱلْوَٰلِدَيْنِ إِحْسَـٰنًۭا وَبِذِى ٱلْقُرْبَىٰ وَٱلْيَتَـٰمَىٰ وَٱلْمَسَـٰكِينِ وَٱلْجَارِ ذِى ٱلْقُرْبَىٰ وَٱلْجَارِ ٱلْجُنُبِ وَٱلصَّاحِبِ بِٱلْجَنۢبِ وَٱبْنِ ٱلسَّبِيلِ وَمَا مَلَكَتْ أَيْمَـٰنُكُمْ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ مَن كَانَ مُخْتَالًۭا فَخُورًا ﴿٣٦﴾

فخورا Аллахка баш ийип ибадат кылгыла, Аныменен бирге башкага ибадат кылбагыла. Ата-энеңерди урматтап, бапестеп жакшылык кылгыла. Жакын туугандарыңарга, жетимдерге, кедейлерге жакшылык кылгыла. Туугандыгы бар кошунаңарга да, туугандыгы жогуна да жакшылык кылгыла. Жаныңардагы шеригиңерге, сапарын улай албай калган карып, мусаапырга жакшылык кылгыла. Кол алдыңардагы кызматчы, кулдарга жакшылык кылгыла. Өзүнө- өзү чиренип өзүн-өзү мактагандарды жана өзгөлөрдү тоотпой текеберлик кылгандарды Аллах Таала жакшы көрбөйт

ٱلَّذِينَ يَبْخَلُونَ وَيَأْمُرُونَ ٱلنَّاسَ بِٱلْبُخْلِ وَيَكْتُمُونَ مَآ ءَاتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِن فَضْلِهِۦ ۗ وَأَعْتَدْنَا لِلْكَـٰفِرِينَ عَذَابًۭا مُّهِينًۭا ﴿٣٧﴾

Аллах ырыскы кылып берген нерседен башкаларга берүү милдетинен качып сараңдык кылгандарды жана башкаларды да ушуга үнөдгөндөрдү Аллах Таала жакшы көрбөйт. Алар Өзүнүн артыкчылыгы менен берген илим, ырыскы жана башка нерселерди жашырышат. Элге чындыкты айтпай, жашырып, жалганды айтышат. Мындай кысылет сыпаттар каапырларга таандык. Каапырларга алардыкор кыла турган азаптыдаярдап койгонбуз

وَٱلَّذِينَ يُنفِقُونَ أَمْوَٰلَهُمْ رِئَآءَ ٱلنَّاسِ وَلَا يُؤْمِنُونَ بِٱللَّهِ وَلَا بِٱلْيَوْمِ ٱلْـَٔاخِرِ ۗ وَمَن يَكُنِ ٱلشَّيْطَـٰنُ لَهُۥ قَرِينًۭا فَسَآءَ قَرِينًۭا ﴿٣٨﴾

قرينا Ошондой эле, Аллахка да, Кыямат күнүнө да ишенбеген, элге көрүнүү жана алардын мактоосуна татыктуу болуу үчүн мал-мүлкүнөн садага бергендерге да азапты даярдап койгонбуз; аларга ошол кор кылуучу азапты даядаганбыз. Алар шайтанга ээрчиген үчүн гана адашышты. Кимге шайтан дайыма чогуу жүрүүчү жолдош болсо, демек ал эң жаман жолдош

وَمَاذَا عَلَيْهِمْ لَوْ ءَامَنُوا۟ بِٱللَّهِ وَٱلْيَوْمِ ٱلْـَٔاخِرِ وَأَنفَقُوا۟ مِمَّا رَزَقَهُمُ ٱللَّهُ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِهِمْ عَلِيمًا ﴿٣٩﴾

Эгер алар Аллахка жана Кыямат күнгө чындап ыйман келтирип, мал-дүйнөсүн Аллах жакшыкөрүп, ыраазыболгон жолго садага кылса, аларга эмне зыянын тийгизмек?! Тескерисинче, жакшылыктын баары ушунда болмок. Аллах Таала аларды Билүүчү, алардын абалы Ага жашыруун эмес, кийин баарын кылган ишине жараша жазалайт же сыйлайт

إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَظْلِمُ مِثْقَالَ ذَرَّةٍۢ ۖ وَإِن تَكُ حَسَنَةًۭ يُضَـٰعِفْهَا وَيُؤْتِ مِن لَّدُنْهُ أَجْرًا عَظِيمًۭا ﴿٤٠﴾

Аллах Таала чынында Адил, пенделерине залым кылбайт. Алардын жакшы иштеринен кичине кумурскачалык да кемитпейт, күнөөлөрүнө да эч нерсе кошпойт. Эгер пендеде чаңдын кыпынындай жакшылыгы болсо, артыкчылыгыменен аныбир канча эсе көбөйтөт,анан Өзүнөн өтө чоң сооп-сый берет بلغ Куран · Тафсир

فَكَيْفَ إِذَا جِئْنَا مِن كُلِّ أُمَّةٍۭ بِشَهِيدٍۢ وَجِئْنَا بِكَ عَلَىٰ هَـٰٓؤُلَآءِ شَهِيدًۭا ﴿٤١﴾

Оо, элчи, Кыямат күнү ар бир үммөткө алардын эмне кылганына күбө кылып пайгамбарларын алып келгенде, сени да үммөтүңө күбө кылып алып келсек абалкандай болот?!

يَوْمَئِذٍۢ يَوَدُّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَعَصَوُا۟ ٱلرَّسُولَ لَوْ تُسَوَّىٰ بِهِمُ ٱلْأَرْضُ وَلَا يَكْتُمُونَ ٱللَّهَ حَدِيثًۭا ﴿٤٢﴾

Ошол азабы катуу күндө (Кыяматта) Аллахка каапыр болуп, Анын элчисине күнөөкөр болгондор топуракка айланып жер менен жексен болуп кетсек экен деп тилешет. Кылган иш-аракеттеринен эч нерсесин Аллахтан жашырып кала албайт; анткени, Аллах Таала алардын тилине мөөр басып, эмне кылганына күбө өтүүгө дене- мүчөлөрүнө уруксат берет

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تَقْرَبُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَأَنتُمْ سُكَـٰرَىٰ حَتَّىٰ تَعْلَمُوا۟ مَا تَقُولُونَ وَلَا جُنُبًا إِلَّا عَابِرِى سَبِيلٍ حَتَّىٰ تَغْتَسِلُوا۟ ۚ وَإِن كُنتُم مَّرْضَىٰٓ أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ أَوْ جَآءَ أَحَدٌۭ مِّنكُم مِّنَ ٱلْغَآئِطِ أَوْ لَـٰمَسْتُمُ ٱلنِّسَآءَ فَلَمْ تَجِدُوا۟ مَآءًۭ فَتَيَمَّمُوا۟ صَعِيدًۭا طَيِّبًۭا فَٱمْسَحُوا۟ بِوُجُوهِكُمْ وَأَيْدِيكُمْ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَفُوًّا غَفُورًا ﴿٤٣﴾

إ ر ء ئ ء ى Оо, Аллахка ишенип, пайгамбарды ээрчиген момундар, мас болуп калсаңар, качан соолугуп, эмнени сүйлөп жатканыңарды билмейинче намазга жакындабагыла (окубагыла). Бул өкүм аракты толук бойдон арамга чыгарган өкүмдөн мурда келген. (Кийин бул өкүм күчүн жоготкон). Ошондой эле жунуб болсоңор да, жуунуп тазаланмайынча намаз окубагыла жана мечитке кирбегиле. Бирок көпкө кармалбай кирип чыгып кеткендерге уруксат. Эгер суу менен жуунса күчөп кете турган оору менен оорусаңар, же сапарда болсоңор, же дааратсыз болуп калсаңар, же аялыңар менен кошулсаңар, анан жуунуга же даарат алууга суу таппасаңар, анда ниет кылып таза топуракка колуңардыуруп аныменен бети-колуңардысүрткүлө. Аллах Таала чынында силердин кемчилигиңерди Өчүрүүчү жана сиерди Кечирүүчү

أَلَمْ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ نَصِيبًۭا مِّنَ ٱلْكِتَـٰبِ يَشْتَرُونَ ٱلضَّلَـٰلَةَ وَيُرِيدُونَ أَن تَضِلُّوا۟ ٱلسَّبِيلَ ﴿٤٤﴾

Оо, элчи, Аллах Таала Тоороттон илим берген яхудилер, туура жолду адашууга алмаштырганын билбейсиңби. Эй, момундар, алар өздөрүнүн ийри жолуна түшүрүү үчүн силерди да элчи-пайгамбар алып келген түз, туура жолдон адаштырууга кызыкдар. ي

وَٱللَّهُ أَعْلَمُ بِأَعْدَآئِكُمْ ۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَلِيًّۭا وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ نَصِيرًۭا ﴿٤٥﴾

Оо, ыймандуулар, Аллах Таала душманыңарды силерге караганда жакшы билет, силерге алар тууралуу кабар берип, алардын душмандыгын баяндайт. Силерди алардын жамандыгынан сактоого Аллах Өзү жетиштүү Башчы. Алардын зыянынан, куулук-шумдугунан коргоп, силерге жардам берүүгө Аллах Өзү жетиштүү Жардамчы بلغ Куран · Тафсир

مِّنَ ٱلَّذِينَ هَادُوا۟ يُحَرِّفُونَ ٱلْكَلِمَ عَن مَّوَاضِعِهِۦ وَيَقُولُونَ سَمِعْنَا وَعَصَيْنَا وَٱسْمَعْ غَيْرَ مُسْمَعٍۢ وَرَٰعِنَا لَيًّۢا بِأَلْسِنَتِهِمْ وَطَعْنًۭا فِى ٱلدِّينِ ۚ وَلَوْ أَنَّهُمْ قَالُوا۟ سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا وَٱسْمَعْ وَٱنظُرْنَا لَكَانَ خَيْرًۭا لَّهُمْ وَأَقْوَمَ وَلَـٰكِن لَّعَنَهُمُ ٱللَّهُ بِكُفْرِهِمْ فَلَا يُؤْمِنُونَ إِلَّا قَلِيلًۭا ﴿٤٦﴾

فلا يؤمنون إلا قليلا Яхудилердин арасында Аллах Таала түшүргөн сөздөрдү өзгөрткөн жамандары бар. Сөздү Аллах Таала түшүргөн маани-маңызынан бурмалап, туура эмес, башка мааниде колдонушат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгыжана мактоо дубасыболсун) аларга бир ишти буйруган кезде, алар: сенин сөзүңдү уктук, бирок сенин буйругуңа баш ийбедик дешет. Анан шылдыңдап: биздин айтканыбызды укпасаң да угасың; деп, анан "рааина" (бизге күтө тур) деген сөздү бурмалап, пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сөз тийгизип, диндин баркын түшүрүүнү максат кылып (ушул сөзгө уңгулаш болгон) "наадан" деген сөздү колдонушту. Эгер алар сенин айтканыңды уктук, бирок сенин буйругуңа баш ийбедик дегендин ордуна, сенин айтканыңды уктук, сенин буйругуңа баш ийдик дешкенде, ошондой эле, бизди укпасаң да угасың дебей, бизди ук дешкенде жана "рааина" дебей "унзурнаа" сенин айтканыңды биз түшүнүшүбүз үчүн бизди күтө тур дешкенде алардын өздөрүнө жакшы жана туура болмок; анткени мында пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ылайыктуу жакшы адеп бар эле. Бирок алар минтишкен жок, Аллах Таала аларды каапырлыгы себептүү ырайымынан кууп каргыштады. Алар пайдалуу ыйманга келишпейт

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَـٰبَ ءَامِنُوا۟ بِمَا نَزَّلْنَا مُصَدِّقًۭا لِّمَا مَعَكُم مِّن قَبْلِ أَن نَّطْمِسَ وُجُوهًۭا فَنَرُدَّهَا عَلَىٰٓ أَدْبَارِهَآ أَوْ نَلْعَنَهُمْ كَمَا لَعَنَّآ أَصْحَـٰبَ ٱلسَّبْتِ ۚ وَكَانَ أَمْرُ ٱللَّهِ مَفْعُولًا ﴿٤٧﴾

Оо, китеп берилген яхудилер жана христиандар, силердеги Тоорот жана Инжилде айтылгандарды тастыктаган, Биз Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) түшүргөн Куранга ишенгиле. Болбосо, жүзүңөрдү артыңарга каратып коёбуз же, ишемби күнү балук уулоого тыюу салынганда ага баш ийбеген "ишемби күн ээлерин" каргап, ырайымынан алыстатып, маймылга айландыргандай, силерди да каргайбыз. Аллахтын иши жана тагдырысөзсүз болот

إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَغْفِرُ أَن يُشْرَكَ بِهِۦ وَيَغْفِرُ مَا دُونَ ذَٰلِكَ لِمَن يَشَآءُ ۚ وَمَن يُشْرِكْ بِٱللَّهِ فَقَدِ ٱفْتَرَىٰٓ إِثْمًا عَظِيمًا ﴿٤٨﴾

Өзү жараткан нерселердин бирин Ага шерик кылып алууну Аллах Таала чынында кечирбейт. Ширк жана каапырлыктан башка күнөөлөрүн каалаган адамынан Өзүнүн артыкчылыгыменен кечирип жиберет.Же Өзүнүнү адилдиги менен каалаган пендесин күнөөсүнө жараша жазалап,азаптайт.Аллахка башка нерсени шерик кылган адам өтө чоң күнөөнү жаратыптыр, ошол боюнча өтүп кетсе, анысы кечирилбейт

أَلَمْ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ يُزَكُّونَ أَنفُسَهُم ۚ بَلِ ٱللَّهُ يُزَكِّى مَن يَشَآءُ وَلَا يُظْلَمُونَ فَتِيلًا ﴿٤٩﴾

Оо, элчи, тиги өзүн жана ишин мактап, аруулангандардын абалын билбейсиңби? Чыны, Жалгыз Аллах гана каалаган пендесин мактап, аруулайт; Анткени Ал жүрөктө жашырылгандарды билет, иш-аракеттериңердин сообу эч кемитилбейт, эгер ал курма данегинин чел кабыгындай болсо да

ٱنظُرْ كَيْفَ يَفْتَرُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلْكَذِبَ ۖ وَكَفَىٰ بِهِۦٓ إِثْمًۭا مُّبِينًا ﴿٥٠﴾

Оо, элчи, аларды карачы, өздөрүн мактоо менен Аллахка кандай жалган нерселерди жаратып жатышат! Мына ушунун өзү алардын адашуусуна анык, жетиштүү күнөө بلغ Куран · Тафсир

أَلَمْ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ نَصِيبًۭا مِّنَ ٱلْكِتَـٰبِ يُؤْمِنُونَ بِٱلْجِبْتِ وَٱلطَّـٰغُوتِ وَيَقُولُونَ لِلَّذِينَ كَفَرُوا۟ هَـٰٓؤُلَآءِ أَهْدَىٰ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ سَبِيلًا ﴿٥١﴾

Оо, элчи,Аллах Таала Тоороттон илим берген яхудилердин абалын билбейсиңби жана ага таң калбайсыңбы? Алар Аллахтан башка нерсени сыйынууга ылайыктуу деп, ага ишенип, анан бутпарастардын кылык-жолун мактап: "Мухаммаддын сахабаларынын жолуна караганда булар туура жолдо" дешет

أُو۟لَـٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ لَعَنَهُمُ ٱللَّهُ ۖ وَمَن يَلْعَنِ ٱللَّهُ فَلَن تَجِدَ لَهُۥ نَصِيرًا ﴿٥٢﴾

мына ушундай бузук ишенимдегилерди Аллах Таала ырайымынан алыстаткан. Аллах кимди ырайымынан четтетсе,ага жардам бер турган эчбир жардамчытабылбайт

أَمْ لَهُمْ نَصِيبٌۭ مِّنَ ٱلْمُلْكِ فَإِذًۭا لَّا يُؤْتُونَ ٱلنَّاسَ نَقِيرًا ﴿٥٣﴾

Аларда мүлктөн үлүшү жок, эгер болсо деле андан эч кимге эч нерсени, курма данегинин үстүндөгү чеиттей кичине нерсени да бермек эмес

أَمْ يَحْسُدُونَ ٱلنَّاسَ عَلَىٰ مَآ ءَاتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِن فَضْلِهِۦ ۖ فَقَدْ ءَاتَيْنَآ ءَالَ إِبْرَٰهِيمَ ٱلْكِتَـٰبَ وَٱلْحِكْمَةَ وَءَاتَيْنَـٰهُم مُّلْكًا عَظِيمًۭا ﴿٥٤﴾

عظيما Мүмкүн алар Аллах Таала Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгыжана мактоо дубасыболсун) жана анын сахабаларына берген пайгамбарлык, ыйман жана мекен сыяктууларга көралбастык кылышабы? Эмне үчүн көралбастык кылышат, мурда деле Ибрахим пайгамбардын урук-тукумуна китеп, түшүргөнбүз, китептен башка нерселерди да аян-кабар бергенбиз жана элдин үстүнө чоң бийликке ээ кылганбыз

فَمِنْهُم مَّنْ ءَامَنَ بِهِۦ وَمِنْهُم مَّن صَدَّ عَنْهُ ۚ وَكَفَىٰ بِجَهَنَّمَ سَعِيرًا ﴿٥٥﴾

Китеп берилгендердин арасында Аллах Таала Ибрахим пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) жана анын урпагынан чыккан башка пайгамбарларга түшргөн нерсеге (динге) ыйман келтирип ишенгендери бар.Ошондой эле аларга ишенбей баш тарткандары да жок эмес. Мына ушундай эле абал Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) пайгамбарлыгында да болду. Алардын арасындагы каапырларды жазалоочу азап, бул, тозок оту

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا سَوْفَ نُصْلِيهِمْ نَارًۭا كُلَّمَا نَضِجَتْ جُلُودُهُم بَدَّلْنَـٰهُمْ جُلُودًا غَيْرَهَا لِيَذُوقُوا۟ ٱلْعَذَابَ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَزِيزًا حَكِيمًۭا ﴿٥٦﴾

Биздин аяттарыбызга каапыр болгондорду жакында, Кыямат күнү, аларды ороп ала турган тозокко таштайбыз. Түбөлүк азапталуусу үчүн терилери күйүп бүткөндө, кайра жаңы тери менен каптайбыз. Аллах Таала чынында Ага эч ким үстөмдүк кыла албай турган Ызаттуу, эзелтен чара көрүүдө жана аныишке ашырууда Даанышман. بلغ Куран · Тафсир

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ سَنُدْخِلُهُمْ جَنَّـٰتٍۢ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَـٰرُ خَـٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدًۭا ۖ لَّهُمْ فِيهَآ أَزْوَٰجٌۭ مُّطَهَّرَةٌۭ ۖ وَنُدْخِلُهُمْ ظِلًّۭا ظَلِيلًا ﴿٥٧﴾

Аллах Таалага ишенип, Анын элчисин ээрчип таат-ибаадат кылгандардыжакында, Кыямат күнү, ак сарайларынын алдынан дарыяларыагып турган бейишке киргизебиз. Алар анда түбөлүк калышат. Анда аларга такыр кемчилиги жок аруу-таза колуктулар бар. Алардыысык да, суук да болбогон, салкын көлөкөлүү жайга киргизебиз

۞ إِنَّ ٱللَّهَ يَأْمُرُكُمْ أَن تُؤَدُّوا۟ ٱلْأَمَـٰنَـٰتِ إِلَىٰٓ أَهْلِهَا وَإِذَا حَكَمْتُم بَيْنَ ٱلنَّاسِ أَن تَحْكُمُوا۟ بِٱلْعَدْلِ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ نِعِمَّا يَعِظُكُم بِهِۦٓ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ سَمِيعًۢا بَصِيرًۭا ﴿٥٨﴾

Чынында, Аллах Таала силерди алган аманатыңарды ээсине кыянат кылбай тапшырууга буйруду. Ошондой эле адамдарга өкүм чыгаруучу болсоңор, жек көрүп же чындыктан четтебестен, адил өкүм чыгарууга буйруду. Аллах Таала силерге сонун эскертүүчү жана кандай абалда болбогула силерди туура жолго багыттайт. Аллах Таала силердин сөзүңөрдү Угуучу, иш-аракетиңерди Көрүүчү

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ أَطِيعُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُوا۟ ٱلرَّسُولَ وَأُو۟لِى ٱلْأَمْرِ مِنكُمْ ۖ فَإِن تَنَـٰزَعْتُمْ فِى شَىْءٍۢ فَرُدُّوهُ إِلَى ٱللَّهِ وَٱلرَّسُولِ إِن كُنتُمْ تُؤْمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلْيَوْمِ ٱلْـَٔاخِرِ ۚ ذَٰلِكَ خَيْرٌۭ وَأَحْسَنُ تَأْوِيلًا ﴿٥٩﴾

Оо, Аллахка ишенип, Анын пайгамбарына ээрчиген ыймандуулар, Аллахка жана Анын элчисине баш ийгиле, алардын буйруктарын аткаргыла,тыюуларынан тыйылгыла.Ошондой эле өзүңөрдүн башчыңарга,эгер алсилерди күнөөгө буйрубаса, баш ийгиле. Эгер силер Аллахка жана Кыямат күнүнө ишенген ыймандуу болсоңор жана кайсы бир нерседе ортоңордо талаш чыкса, анда дароо Аллахтын китебине (Куранга) жана пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сүннөтүнө кайткыла. Ушинтип Аллахтын китебине жана сүннөткө кайтуу, талашты күчөтүүдөн же акылга салып чечим чыгаруудан алда канча жакшы. Мунун акыбети да силерге жакшы болот

أَلَمْ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ يَزْعُمُونَ أَنَّهُمْ ءَامَنُوا۟ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيْكَ وَمَآ أُنزِلَ مِن قَبْلِكَ يُرِيدُونَ أَن يَتَحَاكَمُوٓا۟ إِلَى ٱلطَّـٰغُوتِ وَقَدْ أُمِرُوٓا۟ أَن يَكْفُرُوا۟ بِهِۦ وَيُرِيدُ ٱلشَّيْطَـٰنُ أَن يُضِلَّهُمْ ضَلَـٰلًۢا بَعِيدًۭا ﴿٦٠﴾

Оо, элчи, сага жана сенден мурдагыпайгамбарларга түшкөн нерсеге ишендик деп жалган айтышкан яхудилердин эки жүздүүлөрүн көрдүңбү? Алар иштеринде Аллахтын шарияты эмес, адамдар каалаган нерсе менен өкүм кылууну каалашат. А чыны, алар мындайдан баш тартууга буйрулган эле. Шайтан аларды эч туура эолго түшө албай тургандай кылып чындыктан алыстатуунукаалайт

وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا۟ إِلَىٰ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ وَإِلَى ٱلرَّسُولِ رَأَيْتَ ٱلْمُنَـٰفِقِينَ يَصُدُّونَ عَنكَ صُدُودًۭا ﴿٦١﴾

Бул эки жүздүүлөргө, келгиле, Аллах Таала китебинде түшүргөн өкүмдөргө жана Аллахтын элчисине кайталы, силердин талашыңарга туура өкүм чыгарып берсин деп айтылса,алардын сенден толук баш тартып,башка өкүм чыгаруучуга кеткенин көрөсүң بلغ Куран · Тафсир

فَكَيْفَ إِذَآ أَصَـٰبَتْهُم مُّصِيبَةٌۢ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ ثُمَّ جَآءُوكَ يَحْلِفُونَ بِٱللَّهِ إِنْ أَرَدْنَآ إِلَّآ إِحْسَـٰنًۭا وَتَوْفِيقًا ﴿٦٢﴾

Жасаган күнөөлөрүнүн себебинен экү жүздүүлөрдүн башына балээ келсе, абалдары кандай болот? Эй, элчи, кийин алар сага келип, сенден башкадан өкүм суроо менен жакшылыкты жана талашуучуларды бириктирүүнү каалаганбыз деп, үзүр-себебин айтып ант ичишет (беришет) Алар ушунтип жалган айтышат, чыны, жакшылык АллахТаала пенделерине шарият кылган өкүмдөрдө

أُو۟لَـٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ يَعْلَمُ ٱللَّهُ مَا فِى قُلُوبِهِمْ فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ وَعِظْهُمْ وَقُل لَّهُمْ فِىٓ أَنفُسِهِمْ قَوْلًۢا بَلِيغًۭا ﴿٦٣﴾

Аллах Таала алардын жүрөгүндөгү эки жүздүүлүгүн жана жаман ниеттерин билет. эй, элчи, аларды ташта, алардан жүз бур, аларга Аллахтын өкүмүн кызыктырып, эскертип, жан-дүйнөсүн сиңе тургандай жеткиликтүү кылып айт

وَمَآ أَرْسَلْنَا مِن رَّسُولٍ إِلَّا لِيُطَاعَ بِإِذْنِ ٱللَّهِ ۚ وَلَوْ أَنَّهُمْ إِذ ظَّلَمُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ جَآءُوكَ فَٱسْتَغْفَرُوا۟ ٱللَّهَ وَٱسْتَغْفَرَ لَهُمُ ٱلرَّسُولُ لَوَجَدُوا۟ ٱللَّهَ تَوَّابًۭا رَّحِيمًۭا ﴿٦٤﴾

Ар бир жөнөтүлгөн пайгамбардыАллахтын каалоосужана тагдырыменен Аллахка баш ие турган кылып жөнөттүк. Эгер тиги эки жүздүүлөр күнөөлөрү менен жанына зыян келтиргенден кийин сага келип, кылгандарына өкүнүп, тообо кылышканда жана аларга кечирим тилөөнү суранышканда, анда алар Аллах Таала аларга ырайым кылып, тооболорун кабылкылганын көрүшмөк

فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّىٰ يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا۟ فِىٓ أَنفُسِهِمْ حَرَجًۭا مِّمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا۟ تَسْلِيمًۭا ﴿٦٥﴾

Иштин жайы тиги эки жүздүүлөр ойлогондой эмес. Аллах Таала бул жерде Өзүнүн улуулугуна ант берип, алар бардык талаштуу иштеринде пайгамбардын көзү тирүүсүндө аны өкүм чыгаруучу кылмайынча, көзү өтүп кеткенден кийин анын шариятын өкүм чыгаруучукылмайынча жана пайгамбардын өкүмүнө ыраазыболмоюнча, жүрөктөрүндө ага карата эч бир жек көрүү, шек-күмөн калтырбай, ичи-сырты менен толук ишенип өздөрүн тапшырмайынча, аларды чыныгы ыймандуу болушпайт

وَلَوْ أَنَّا كَتَبْنَا عَلَيْهِمْ أَنِ ٱقْتُلُوٓا۟ أَنفُسَكُمْ أَوِ ٱخْرُجُوا۟ مِن دِيَـٰرِكُم مَّا فَعَلُوهُ إِلَّا قَلِيلٌۭ مِّنْهُمْ ۖ وَلَوْ أَنَّهُمْ فَعَلُوا۟ مَا يُوعَظُونَ بِهِۦ لَكَانَ خَيْرًۭا لَّهُمْ وَأَشَدَّ تَثْبِيتًۭا ﴿٦٦﴾

يوعظون به لكان خيرا لهم وأشد تثبيتا

وَإِذًۭا لَّـَٔاتَيْنَـٰهُم مِّن لَّدُنَّآ أَجْرًا عَظِيمًۭا ﴿٦٧﴾

(66-68-аяттарга түшүндүрмө) Биз аларга бири-бирин өлтүрүүнү же жашаган жеринен чыгып кетүүнү буйрусак; бйругубузду алардын азы гана аткарды, аларга машакат жараткан ишти жүктөбөгөнү үчүн Аллахка мактоо айтышсын. Эгер тигилер каршычыгуунун ордуна Аллахка баш ийип Анын айтканын аткарышканда жакшыболмок, ыймандарыда бекемделмек. Аларга чоң сооп-сый тартууламакпыз, Аллахка жана бейишке алып бара турган туура жолго салып коймокпуз ولهدينهم صرطا م ستقيما

وَلَهَدَيْنَـٰهُمْ صِرَٰطًۭا مُّسْتَقِيمًۭا ﴿٦٨﴾

(66-68-аяттарга түшүндүрмө) Биз аларга бири-бирин өлтүрүүнү же жашаган жеринен чыгып кетүүнү буйрусак; буйругубузду алардын азыгана аткарды, аларга машакат жараткан ишти жүктөбөгөнү үчүн Аллахка мактоо بلغ Куран · Тафсир айтышсын. Эгер тигилер каршычыгуунун ордуна Аллахка баш ийип Анын айтканын аткарышканда жакшыболмок, ыймандарыда бекемделмек. Аларга чоң сооп-сый тартууламакпыз, Аллахка жана бейишке алып бара турган туура жолго салып коймокпуз

وَمَن يُطِعِ ٱللَّهَ وَٱلرَّسُولَ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ مَعَ ٱلَّذِينَ أَنْعَمَ ٱللَّهُ عَلَيْهِم مِّنَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ وَٱلصِّدِّيقِينَ وَٱلشُّهَدَآءِ وَٱلصَّـٰلِحِينَ ۚ وَحَسُنَ أُو۟لَـٰٓئِكَ رَفِيقًۭا ﴿٦٩﴾

Ким Аллахка жанан Анын элчисине баш ийсе, ал, Аллах Таала бейишке кирүү жакшылыгын ыроологон пайгамбарлар, пайгамбарлар алып келген нерсеге чын жүрөктөн ишенип, аны иш жүзүндө аткарган ыймандуулар, Аллах жолунда каза болгон шейиттер, ичи-тышы таза, ибадат-иштери так салих кишилер менен бирге болот. Булар бейиштеги эң жакшы жолдоштор

ذَٰلِكَ ٱلْفَضْلُ مِنَ ٱللَّهِ ۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ عَلِيمًۭا ﴿٧٠﴾

Жогоруда айтылган сооп-сый АллахТааланын пенделерине берген артыкчылыгынан,алардын абалдарын билүүгө Аллахжетиштүү,эми алардын ар бирин ишине жараша сыйлайт

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ خُذُوا۟ حِذْرَكُمْ فَٱنفِرُوا۟ ثُبَاتٍ أَوِ ٱنفِرُوا۟ جَمِيعًۭا ﴿٧١﴾

Оо, Аллахка ишенген жана пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, согушка жардам берчү иш-аракетиңерди кылып сак тургула. Аларга каршы топ-топ болуп, бириңердин артыңардан бириңер чыккыла, же чогуу чыккыла. Мунун баары өзүңөрдү оңдоого жана душманыңардан өч алууга ылайык

وَإِنَّ مِنكُمْ لَمَن لَّيُبَطِّئَنَّ فَإِنْ أَصَـٰبَتْكُم مُّصِيبَةٌۭ قَالَ قَدْ أَنْعَمَ ٱللَّهُ عَلَىَّ إِذْ لَمْ أَكُن مَّعَهُمْ شَهِيدًۭا ﴿٧٢﴾

Оо, мусулмандар, силердин араңарда коркоктугунан улам душманга бетме-бет чыгуудан айбыгып, башкалардыда артка кайтаргандар бар. Булар эки жүздүү, ыйманы алсыз адамдар. Эгер силерден бирөөлөр шейит болсо, же жеңилүүгө учурасаңар, тигилердин бирөөсү тирүү калганына сүйүнүп: Аллах мени булар сыяктуу согушка катыштырбай,алардын башына түшкөн ишти менин башыма түшүрбөй,мени сыйладыдеп мактанат

وَلَئِنْ أَصَـٰبَكُمْ فَضْلٌۭ مِّنَ ٱللَّهِ لَيَقُولَنَّ كَأَن لَّمْ تَكُنۢ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَهُۥ مَوَدَّةٌۭ يَـٰلَيْتَنِى كُنتُ مَعَهُمْ فَأَفُوزَ فَوْزًا عَظِيمًۭا ﴿٧٣﴾

Оо, мусулмандар, эгер Аллахтын артыкчылыгы менен силер жеңишке жетип олжого ээ болсоңор, баягы жихадга чыкпай койгондор, тим эле силер менен мурда эч байланыш, мамилеси болбогондой: аттиң, алар менен бирге жихадда болсок, алар алган олжого биз да марымакпыз дешет

۞ فَلْيُقَـٰتِلْ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ ٱلَّذِينَ يَشْرُونَ ٱلْحَيَوٰةَ ٱلدُّنْيَا بِٱلْـَٔاخِرَةِ ۚ وَمَن يُقَـٰتِلْ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ فَيُقْتَلْ أَوْ يَغْلِبْ فَسَوْفَ نُؤْتِيهِ أَجْرًا عَظِيمًۭا ﴿٧٤﴾

فسوف نؤتيه أجرا عظيما Булдүйнөнүн кызыгын кечип,акыреттин кызыгына берилүүменен дүйнөнүн ордуна акыретти сатып алган чыныгы ыймандуулар Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн Аллах жолунда согушсун. Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн согушуп, шейит болгондор, же душманын жеңгендер, аларга жакында улуу сооп-сый беребиз. Бул сооп-сый - Аллахтын ыраазылыгыжана бейиш. بلغ Куран · Тафсир

وَمَا لَكُمْ لَا تُقَـٰتِلُونَ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱلْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ ٱلرِّجَالِ وَٱلنِّسَآءِ وَٱلْوِلْدَٰنِ ٱلَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَآ أَخْرِجْنَا مِنْ هَـٰذِهِ ٱلْقَرْيَةِ ٱلظَّالِمِ أَهْلُهَا وَٱجْعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ وَلِيًّۭا وَٱجْعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ نَصِيرًا ﴿٧٥﴾

Оо, момундар, Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн жана Аллахка кайрылып: О, Жаратуучубуз, бизди тургундары Аллахка ширк кылуу жана пенделерге душмандык кылуу менен залым кылып жаткан Меккеден чыгар, бизге Өзүңдөн бизди сактап, жардам берип калакалап ала турган дос-жардамчы жибер деп дуба кылган алсыз аял- эркек,жаш балдардын азаттыгыүчүн казатка чыгуудан силерди эмне тыйып жатат?

ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ يُقَـٰتِلُونَ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ ۖ وَٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ يُقَـٰتِلُونَ فِى سَبِيلِ ٱلطَّـٰغُوتِ فَقَـٰتِلُوٓا۟ أَوْلِيَآءَ ٱلشَّيْطَـٰنِ ۖ إِنَّ كَيْدَ ٱلشَّيْطَـٰنِ كَانَ ضَعِيفًا ﴿٧٦﴾

Чыныгыыарймандуулар Аллахтын сөзүбийик болуусуүчүн согушат,каапырлар болсо,өздөрүнүн "кудайларынын" жолунда согушат. Шайтандын жардамчыларына каршы согушкула, эгер согушсаңар аларга үстөмдүк кыласыңар; анткени шайтандын айла-амалыалсыз, ал Аллахка тобокел кылгандарга зыянын тийгизе албайт

أَلَمْ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ قِيلَ لَهُمْ كُفُّوٓا۟ أَيْدِيَكُمْ وَأَقِيمُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُوا۟ ٱلزَّكَوٰةَ فَلَمَّا كُتِبَ عَلَيْهِمُ ٱلْقِتَالُ إِذَا فَرِيقٌۭ مِّنْهُمْ يَخْشَوْنَ ٱلنَّاسَ كَخَشْيَةِ ٱللَّهِ أَوْ أَشَدَّ خَشْيَةًۭ ۚ وَقَالُوا۟ رَبَّنَا لِمَ كَتَبْتَ عَلَيْنَا ٱلْقِتَالَ لَوْلَآ أَخَّرْتَنَآ إِلَىٰٓ أَجَلٍۢ قَرِيبٍۢ ۗ قُلْ مَتَـٰعُ ٱلدُّنْيَا قَلِيلٌۭ وَٱلْـَٔاخِرَةُ خَيْرٌۭ لِّمَنِ ٱتَّقَىٰ وَلَا تُظْلَمُونَ فَتِيلًا ﴿٧٧﴾

ى Оо, элчи, аларга жихад парз болсо деп сурап жүргөн кээ бир сахаба-жолдошторуңду билесиңби? Аларга: согушка кол сунбай тура тургула, намаз окуп, зекет берип жүрө бергиле деп айтылган болчу, (бул учурда жихад парз боло элек эле). Кийин алар Мадинага көчүп барып, Ислам күч алганда жихад парз кылынды. Бул алардын кээсине оор сезилди. Адамдардан Аллахтан корккондон да катуу коркуп: Оо, Жаратуучубуз, бизге эмне үчүн жихадды парз кылдың? Биз дүйнө ырахатын татып алганча бир аз кечиктирип турсаң жакшы болмок дешти. Эй, элчи, аларга: дүйнө ырахаты канчалык көп болбосун баары бир жок боло турган аз нерсе, ал эми акырет түгөнгүс жакшылыктарга ээ болуу үчүн Аллахка такыбалык кылган адамдарга жакшы жай, анда силердин жакшы иштериңерден курма данегинин челкабыгындай да кемитилбейт

أَيْنَمَا تَكُونُوا۟ يُدْرِككُّمُ ٱلْمَوْتُ وَلَوْ كُنتُمْ فِى بُرُوجٍۢ مُّشَيَّدَةٍۢ ۗ وَإِن تُصِبْهُمْ حَسَنَةٌۭ يَقُولُوا۟ هَـٰذِهِۦ مِنْ عِندِ ٱللَّهِ ۖ وَإِن تُصِبْهُمْ سَيِّئَةٌۭ يَقُولُوا۟ هَـٰذِهِۦ مِنْ عِندِكَ ۚ قُلْ كُلٌّۭ مِّنْ عِندِ ٱللَّهِ ۖ فَمَالِ هَـٰٓؤُلَآءِ ٱلْقَوْمِ لَا يَكَادُونَ يَفْقَهُونَ حَدِيثًۭا ﴿٧٨﴾

Эгер ажалыңар жетсе, кайсыжерде болсоңор да, согуш талаасынан алыстагыбекем курулган ак сарайыңардын ичинде болсо да өлүм келет. Тиги каапырлар бала-чакасы, ырыскысы мол болуп калса: бул Аллахтын бергени дешет. А эгер бала-чакасында же ырыскысында тарчылык болуп, кыйынчылыкка кабылса, муну дароо пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) шылтап ырымдап: бул жамандык сенин айыңдан болду дешет. Эй, элчи, алардын сөзүн кайтарып: бардык жакшылык жана жамандык Аллахтын өлчөм, тагдырыменен болот деп айт. Мына ушундай сөздөр айтылса да ага түшүнбөгөн бул адамдарга эмне болгон?! بلغ Куран · Тафсир

مَّآ أَصَابَكَ مِنْ حَسَنَةٍۢ فَمِنَ ٱللَّهِ ۖ وَمَآ أَصَابَكَ مِن سَيِّئَةٍۢ فَمِن نَّفْسِكَ ۚ وَأَرْسَلْنَـٰكَ لِلنَّاسِ رَسُولًۭا ۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ شَهِيدًۭا ﴿٧٩﴾

شهيدا Оо, Адам баласы, сени кубандыра турган бала-чака, ырыскы ж.б. көп болуусу бул Аллахтан, муну сага Аллах артыкча кылды. Ал эми сени кайгырта турган бала-чака, ырыскы ж.б. нерседеги жамандыктар сенин өзүңдөн, сенин күнөөгө кириптер болгондугуңдан. Эй, пайгамбар, биз сени бардык адам баласына Аллахтын элчиси кылып, Жаратуучуңдун динин жеткирүү үчүн жибергенбиз. Сага берген далилдер менен динди жеткиргениңеАллах Өзү жетиштүү күбө

مَّن يُطِعِ ٱلرَّسُولَ فَقَدْ أَطَاعَ ٱللَّهَ ۖ وَمَن تَوَلَّىٰ فَمَآ أَرْسَلْنَـٰكَ عَلَيْهِمْ حَفِيظًۭا ﴿٨٠﴾

Пайгамбардын буйругун аткарып, тыйганынан тыйылып ага баш ийсе; демек ал Аллахка баш ийген болот. Ал эми, эй, элчи, ким сага баш ийбесе, сен ага кайгырба, Биз сени анын ар бир ишин көзөмөлдөөчү кароол кылып жиберген эмеспиз,Биз анын ишин эсептеп,эсеп-кысап кылабыз

وَيَقُولُونَ طَاعَةٌۭ فَإِذَا بَرَزُوا۟ مِنْ عِندِكَ بَيَّتَ طَآئِفَةٌۭ مِّنْهُمْ غَيْرَ ٱلَّذِى تَقُولُ ۖ وَٱللَّهُ يَكْتُبُ مَا يُبَيِّتُونَ ۖ فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ وَتَوَكَّلْ عَلَى ٱللَّهِ ۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلًا ﴿٨١﴾

ى Эки жүздүүлөр сага тили менен: сага баш ийебиз жана айтканыңды кылабыз дешет. Сенден чыккандан кийин алардын бир жамаатысага айтканынан жашыруун кайтып кетет. Аллах алардын өзгөргөнүн жакшыбилет жана ушул куулуктары себептүү аларды жакында жазалайт. Сен аларга караба; алар сага эч зыянын тийгизе албайт. Ишиңде Аллахка гана тапшырып Ага таян, сага таяныч болууга Аллах Таала жетиштүү (Өкүл)

أَفَلَا يَتَدَبَّرُونَ ٱلْقُرْءَانَ ۚ وَلَوْ كَانَ مِنْ عِندِ غَيْرِ ٱللَّهِ لَوَجَدُوا۟ فِيهِ ٱخْتِلَـٰفًۭا كَثِيرًۭا ﴿٨٢﴾

Алар эмне үчүн Куранда бир да карама-каршылык же талаш жок экенине ой жүгүртүшпөйт?! Ошондо сен алып келген нерсенин чындыгына ишенишмек. Эгер Куран Аллахтан башканын сөзү болсо, анын өкүмдөрүндө бир канча талаштарды, маанисинде карама-каршылыктарды табышмак

وَإِذَا جَآءَهُمْ أَمْرٌۭ مِّنَ ٱلْأَمْنِ أَوِ ٱلْخَوْفِ أَذَاعُوا۟ بِهِۦ ۖ وَلَوْ رَدُّوهُ إِلَى ٱلرَّسُولِ وَإِلَىٰٓ أُو۟لِى ٱلْأَمْرِ مِنْهُمْ لَعَلِمَهُ ٱلَّذِينَ يَسْتَنۢبِطُونَهُۥ مِنْهُمْ ۗ وَلَوْلَا فَضْلُ ٱللَّهِ عَلَيْكُمْ وَرَحْمَتُهُۥ لَٱتَّبَعْتُمُ ٱلشَّيْطَـٰنَ إِلَّا قَلِيلًۭا ﴿٨٣﴾

Ал эки жүздүүлөргө мусулмандардын амандыгы, кубанычы же тескерисинче, коркунучу, кайгысы тууралуу кабар угулса, аны дароо жайып, таратып жиберишет. Эгер антпестен, кабарды Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) же илимдүү, акылдуу, кеңеш берүүчү адамдарына айтып барышса, алар бул кабарды жаюу же жашырып коюу тууралуу жакшы билмек. Оо, ыймандуулар, эгер силерге Аллах пазилети менен Исламга киргизип, ырайым кылып Куран түшүрүп, эки жүздүүлөрдү сынаган сыяктуу сыноодон куткарбаганда,силердин да көбүңөр шайтандын азгырыгын ээрчип кетмексиңер. بلغ Куран · Тафсир

فَقَـٰتِلْ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ لَا تُكَلَّفُ إِلَّا نَفْسَكَ ۚ وَحَرِّضِ ٱلْمُؤْمِنِينَ ۖ عَسَى ٱللَّهُ أَن يَكُفَّ بَأْسَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ ۚ وَٱللَّهُ أَشَدُّ بَأْسًۭا وَأَشَدُّ تَنكِيلًۭا ﴿٨٤﴾

أشد بأ سا وأشد تنكيلا Оо, элчи, Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн согуш, башкалардан суралбайсың жана бул зарыл эмес. Сен өзүңдү гана согушка буйру. Ыймандууларды ага шыктандыр жана кызыктыр. Силердин согушууңар себептүү, Аллах Таала каапырлардын күч-кубатын алып коюусу мүмкүн, Аллах Таала өтө кубаттуу жана Анын азыбыда катуу

مَّن يَشْفَعْ شَفَـٰعَةً حَسَنَةًۭ يَكُن لَّهُۥ نَصِيبٌۭ مِّنْهَا ۖ وَمَن يَشْفَعْ شَفَـٰعَةًۭ سَيِّئَةًۭ يَكُن لَّهُۥ كِفْلٌۭ مِّنْهَا ۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ مُّقِيتًۭا ﴿٨٥﴾

شىء م قيتا Ким башкаларга жакшылык алып келүүгө аракет кылса, ага ошол жакшылыгынан сооп берилет. Ким башкаларга жамандык алып келүүгө тырышса,ага ошолжамандыгынан кунөө берилет.АллахТаала пенденин ар бир кылган ишине күбө, кийин ошол ишине жараша жазалайт же сыйлайт. Силердин кимиңер жакшылыкка себепкер болсо, ага ошондон үлүш берилет. Ал эми ким жамандыкка себепкер болсо, ага ошондон берилет

وَإِذَا حُيِّيتُم بِتَحِيَّةٍۢ فَحَيُّوا۟ بِأَحْسَنَ مِنْهَآ أَوْ رُدُّوهَآ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍ حَسِيبًا ﴿٨٦﴾

Эгер силерге бирөө салам айтса, анын саламынан ашыкчараак кылып, же саламынын өзүндөй жооп кайтарып алик алгыла. Анын саламынан ашыкча жооп берүү жакшы. Аллах Таала чынында силердин кылган ишиңерди сактоочу, кийин ар бириңди ошол ишиңерге жараша сыйлайт же жазалайт

ٱللَّهُ لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ ۚ لَيَجْمَعَنَّكُمْ إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْقِيَـٰمَةِ لَا رَيْبَ فِيهِ ۗ وَمَنْ أَصْدَقُ مِنَ ٱللَّهِ حَدِيثًۭا ﴿٨٧﴾

Аллах - Ал андан башка сыйынууга ылайыктуу эч нерсе жок (Жалгыз) Зат. Эч бир күмөнү жок кыямат күнү Ал силердин мурдыгыларыңарды да кийинкилериңерди да чогултат, иштериңерге жараша сыйлайт же жазалайт. Аллахтан туура,чын сүйлөгөн эчким жок

۞ فَمَا لَكُمْ فِى ٱلْمُنَـٰفِقِينَ فِئَتَيْنِ وَٱللَّهُ أَرْكَسَهُم بِمَا كَسَبُوٓا۟ ۚ أَتُرِيدُونَ أَن تَهْدُوا۟ مَنْ أَضَلَّ ٱللَّهُ ۖ وَمَن يُضْلِلِ ٱللَّهُ فَلَن تَجِدَ لَهُۥ سَبِيلًۭا ﴿٨٨﴾

فلن تجد له سبيلا Оо, ыймандуулар, эки жүздүүлөр менен мамиле кылуу боюнча кайчы пикирде болуп экиге бөлүнүп кеткениңер эмне:бириңер алар каапыр болгонуүчүн алар менен согушуукерек десе,экинчиңер:алар ыймандуу,алар менен согушууга болбойт дейсиңер?! Алар үчүн силердин бөлүнүүңөр туура эмес. Аларды кылган иштери үчүн Аллах Таала каапырлыкка жана адашуу жолуна салдыго, Аллах туура жолду ыраа көрбөгөн адамдардысилер туура жолго салууну каалайсыңарбы?! Аллах кимди адаштырса, ага эч туура жол таба албайсың

وَدُّوا۟ لَوْ تَكْفُرُونَ كَمَا كَفَرُوا۟ فَتَكُونُونَ سَوَآءًۭ ۖ فَلَا تَتَّخِذُوا۟ مِنْهُمْ أَوْلِيَآءَ حَتَّىٰ يُهَاجِرُوا۟ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ ۚ فَإِن تَوَلَّوْا۟ فَخُذُوهُمْ وَٱقْتُلُوهُمْ حَيْثُ وَجَدتُّمُوهُمْ ۖ وَلَا تَتَّخِذُوا۟ مِنْهُمْ وَلِيًّۭا وَلَا نَصِيرًا ﴿٨٩﴾

Эки жүздүүлөр силерге түшкөн динге өздөрү сыяктуу силер да каапыр болуп, алар менен каапырлыкта бирдей болууңарды самайт. Алар ыйманына далил кылып, ширкке толгон жерден ислам жайылып жаткан шаарга Аллах жолунда көчүп чыгышса гана алардыдос туткула. А эгер мындан баш тартып, каапырлыктарын уланта берсе, кайсы بلغ Куран · Тафсир жерде жолуксаңар ошол жерде өлтүргүлө. Аларды ишиңерде башкаруучу дос да, душманыңарга каршы кол кабыш кылуучу жардамчы да кылбагыла

إِلَّا ٱلَّذِينَ يَصِلُونَ إِلَىٰ قَوْمٍۭ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَهُم مِّيثَـٰقٌ أَوْ جَآءُوكُمْ حَصِرَتْ صُدُورُهُمْ أَن يُقَـٰتِلُوكُمْ أَوْ يُقَـٰتِلُوا۟ قَوْمَهُمْ ۚ وَلَوْ شَآءَ ٱللَّهُ لَسَلَّطَهُمْ عَلَيْكُمْ فَلَقَـٰتَلُوكُمْ ۚ فَإِنِ ٱعْتَزَلُوكُمْ فَلَمْ يُقَـٰتِلُوكُمْ وَأَلْقَوْا۟ إِلَيْكُمُ ٱلسَّلَمَ فَمَا جَعَلَ ٱللَّهُ لَكُمْ عَلَيْهِمْ سَبِيلًۭا ﴿٩٠﴾

سبيلا Бирок, силер менен тынчтык келишимин түзгөндөргө кошулуп алган адамдарды, силер менен да, коому менен да согушууга жүрөгү ээ бербей, силерге келген адамдарды өлтүрбөгүлө. Эгер Аллах кааласа, аларды силерге каршы коюп, алар силер менен согушмак. Аллахтын кечиримин кабыл кылгыла, аларга согушуу, туткундоо менен каршы чыкпагыла, силерге тынчтыкты сунуштаса, алар менен согушпагыла. Аллах Таала аларды өлтүрүүңөргө же туткундооңорго жол (уруксат) бербейт

سَتَجِدُونَ ءَاخَرِينَ يُرِيدُونَ أَن يَأْمَنُوكُمْ وَيَأْمَنُوا۟ قَوْمَهُمْ كُلَّ مَا رُدُّوٓا۟ إِلَى ٱلْفِتْنَةِ أُرْكِسُوا۟ فِيهَا ۚ فَإِن لَّمْ يَعْتَزِلُوكُمْ وَيُلْقُوٓا۟ إِلَيْكُمُ ٱلسَّلَمَ وَيَكُفُّوٓا۟ أَيْدِيَهُمْ فَخُذُوهُمْ وَٱقْتُلُوهُمْ حَيْثُ ثَقِفْتُمُوهُمْ ۚ وَأُو۟لَـٰٓئِكُمْ جَعَلْنَا لَكُمْ عَلَيْهِمْ سُلْطَـٰنًۭا مُّبِينًۭا ﴿٩١﴾

م بينا Оо, ыймандуулар, өздөрүнүн жанынын тынчтыгын көздөп, силерге ыймандуу көрүнгөн, коомуна барганда алардан аман калуу үчүн аларга каапырлыгын көрсөткөн эки жүздүүлөрдүн бир тобун көрөсүңөр. Аларды каапырлыкка, ширкке чакырса, алар ага баш оту менен берилишет. Эгер алар силерге согушун токтотпосо, тынч жашоону сунуштабаса, силерден колун тарпаса, анда аларды көргөн жерде өлтүргүлө. Мына ушундай сыпаттагы эки жүздүүлөрдү,алардын бузукужана куулугуүчүн өлтүрүүгө силерге ачык далилуруксат бердик

وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ أَن يَقْتُلَ مُؤْمِنًا إِلَّا خَطَـًۭٔا ۚ وَمَن قَتَلَ مُؤْمِنًا خَطَـًۭٔا فَتَحْرِيرُ رَقَبَةٍۢ مُّؤْمِنَةٍۢ وَدِيَةٌۭ مُّسَلَّمَةٌ إِلَىٰٓ أَهْلِهِۦٓ إِلَّآ أَن يَصَّدَّقُوا۟ ۚ فَإِن كَانَ مِن قَوْمٍ عَدُوٍّۢ لَّكُمْ وَهُوَ مُؤْمِنٌۭ فَتَحْرِيرُ رَقَبَةٍۢ مُّؤْمِنَةٍۢ ۖ وَإِن كَانَ مِن قَوْمٍۭ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَهُم مِّيثَـٰقٌۭ فَدِيَةٌۭ مُّسَلَّمَةٌ إِلَىٰٓ أَهْلِهِۦ وَتَحْرِيرُ رَقَبَةٍۢ مُّؤْمِنَةٍۢ ۖ فَمَن لَّمْ يَجِدْ فَصِيَامُ شَهْرَيْنِ مُتَتَابِعَيْنِ تَوْبَةًۭ مِّنَ ٱللَّهِ ۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًۭا ﴿٩٢﴾

ه عليما حكيما ыймандуу адам ыймандуу адамды өлтүрүүгө болбойт, бирок адашып кокустан өлтүрүп алуусу мүмкүн. Ким ушинтип кокустан ыймандуу адамды өлтүрүп алса, мунусун жуу үчүн бир кулду азаттыкка чыгаруусу керек. Өлтүргөн адамдан мурас ала турган жакын туугандарыөлгөн адамдан мурас ала турган жакындарына кун төлөп берүүсү кажет. А эгер туугандары кечип жиберсе, анда кун төлөөдөн кутулат. Эгерде өлтүрүлгөн адам ыймандуу, бирок мусулмандарга каршы согушуп жаткан коомдон болсо, анда өлтүрүүчү бир кулду азат кылса жетиштүү, кун төлөнбөйт. А эгер өлтүрүлгөн адам ыймандуу болбосо, бирок мусулмандар менен анын коомунун ортосунда тынчтык келишим түзүлгөн коомдон болсо(мусулмандарга салык төлөп, алардын арасында жашаган каапырлар сыяктуу), анда өлтүргөн адамдан мурас ала турган жакын туугандары кун төлөйт жана өлтүрүүчү күнөөсүн жуу үчүн кул азат кылат. Эгер азат кылууга кыл таппаса же кулдун баасын төлөй албаса, анда АллахТаала анын тообосун кабыл кылуусу үчүн, катары менен арасын үзбөстөн алтымыш күн орозо кармасын. Аллах Таала пенделеринин иштерин жана ниеттерин Билүүчү, шарият кылууда жана башкарууда Данышман. بلغ Куран · Тафсир

وَمَن يَقْتُلْ مُؤْمِنًۭا مُّتَعَمِّدًۭا فَجَزَآؤُهُۥ جَهَنَّمُ خَـٰلِدًۭا فِيهَا وَغَضِبَ ٱللَّهُ عَلَيْهِ وَلَعَنَهُۥ وَأَعَدَّ لَهُۥ عَذَابًا عَظِيمًۭا ﴿٩٣﴾

Ал эми ыймандуу адамды акысыз атайлап өлтүргөн адамдын жазасы, эгер ал кылганын адал деп эсептесе, же тообо кылбаса, анда тозокко кирип, түбөлүк калат. Аллах Таала ага ачууланат, ырайым кылбайт, ушундай чоң күнөөгө баткандыгыүчүн ага катууазап даярдап койгон

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِذَا ضَرَبْتُمْ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ فَتَبَيَّنُوا۟ وَلَا تَقُولُوا۟ لِمَنْ أَلْقَىٰٓ إِلَيْكُمُ ٱلسَّلَـٰمَ لَسْتَ مُؤْمِنًۭا تَبْتَغُونَ عَرَضَ ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا فَعِندَ ٱللَّهِ مَغَانِمُ كَثِيرَةٌۭ ۚ كَذَٰلِكَ كُنتُم مِّن قَبْلُ فَمَنَّ ٱللَّهُ عَلَيْكُمْ فَتَبَيَّنُوٓا۟ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرًۭا ﴿٩٤﴾

ه ه تعملون خبيرا Эй, Аллахка ишенип, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, Аллах жолунда казатка аттансаңар, ким менен согушарыңарды жакшылап билип алгыла. Мусулман экени көрүнүп турган адамга сен мусулман эмессиң, сен жаның же малың үчүн коркуп эле мусулман көрүнүп жатасың дебегиле. Анан анын болор-болбос дүйнөсүнө кызыгып өлтүрөсүңөр. Аллахтын алдында олжо көп, ал олжо мына бу силер алган нерседен жакшы жана түбөлүктүү. Силерде бир кезде тиги сыяктуу коомуңардан ыйманыңарды жашырып коркуп жүргөнсүңөр, кийин Аллах Таала силерди ислам менен кубаттандырды, каныңарды сактады, эми ишиңерди так билгиле. Силердин кылганыңар канчалык кичине болбосун Аллахка жашыруун калбайт, кийин ошол ишиңерге жараша сый же жаза аласыңар (Жихадга бара жаткан сахабалар, алдынан чыккан киши мусулманча салам айтса, "бул коркуп эле салам айтты, өзү каапыр экен" деп өлтүрүп, мал-келин айлап кетишет. Аллах Таала аларды туура эмес кылганы үчүн жемелеп,бир кезде өздөрүда ушинтип коркуп-үркүп жүргөнүн эскертти)

لَّا يَسْتَوِى ٱلْقَـٰعِدُونَ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ غَيْرُ أُو۟لِى ٱلضَّرَرِ وَٱلْمُجَـٰهِدُونَ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ بِأَمْوَٰلِهِمْ وَأَنفُسِهِمْ ۚ فَضَّلَ ٱللَّهُ ٱلْمُجَـٰهِدِينَ بِأَمْوَٰلِهِمْ وَأَنفُسِهِمْ عَلَى ٱلْقَـٰعِدِينَ دَرَجَةًۭ ۚ وَكُلًّۭا وَعَدَ ٱللَّهُ ٱلْحُسْنَىٰ ۚ وَفَضَّلَ ٱللَّهُ ٱلْمُجَـٰهِدِينَ عَلَى ٱلْقَـٰعِدِينَ أَجْرًا عَظِيمًۭا ﴿٩٥﴾

ى أجرا عظيما Оорулуу,көзүкөрбөгөн ж.б.себептери жок эле казатка чыкпай үйдө калып калган ыймандуулар менен мал-мүлкүн сарптап казатка аттанган ыймандуулар бирдей болбойт. Аллах Таала мал-жаны менен казатка аттангандардын даражасын тигилерге караганда жогору кылды. Малы-жаны менен казатка аттангандардын да, же бир себеп менен үйдө калгандардын да өзүнө жараша сооп-сыйы бар. Аллах Таала мал-жаны менен казатка аттангандарды өзгөчө чоң сооп-сый менен артыкча кылды

دَرَجَـٰتٍۢ مِّنْهُ وَمَغْفِرَةًۭ وَرَحْمَةًۭ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورًۭا رَّحِيمًا ﴿٩٦﴾

Бул сооп-сый - күнөөлөрүнүн кечирилүүсү, Аллахтын ырайымыжана биринен-бири өйдө болгон орун-даражалар, Аллах Таала пенделерин Кечирүүчү жана аларга Ырайымдуу

إِنَّ ٱلَّذِينَ تَوَفَّىٰهُمُ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ ظَالِمِىٓ أَنفُسِهِمْ قَالُوا۟ فِيمَ كُنتُمْ ۖ قَالُوا۟ كُنَّا مُسْتَضْعَفِينَ فِى ٱلْأَرْضِ ۚ قَالُوٓا۟ أَلَمْ تَكُنْ أَرْضُ ٱللَّهِ وَٰسِعَةًۭ فَتُهَاجِرُوا۟ فِيهَا ۚ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ مَأْوَىٰهُمْ جَهَنَّمُ ۖ وَسَآءَتْ مَصِيرًا ﴿٩٧﴾

ى Каапыр жеринен ислам жерине көчүүдөн баш тартып өз жандарына залым кылган адамдардын жанын алар учурда,периштелер алардыжемелеп:Абалыңар эмне болду?Бутпарастардан эмнеңер менен айырмаландыңар? بلغ Куран · Тафсир деп сурашат. Алар: биз алсыз элек, аларды кайтарууга биздин күч-кудуретибиз жеткен жок деп шылтоо айтышат. Периштелер алардыжемелеп:Аллахтын жери кенен эмеспи,булжерден чыгып кетип диниңерди да,өзүңөрдүда каар-казаптан аман алып калсаңар болбойт беле?!дешет.Мына ушинтип кочүп чыкпай калгандардын барар жери тозок,булалар кайтып бара турган эң жаман жай

إِلَّا ٱلْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ ٱلرِّجَالِ وَٱلنِّسَآءِ وَٱلْوِلْدَٰنِ لَا يَسْتَطِيعُونَ حِيلَةًۭ وَلَا يَهْتَدُونَ سَبِيلًۭا ﴿٩٨﴾

فَأُو۟لَـٰٓئِكَ عَسَى ٱللَّهُ أَن يَعْفُوَ عَنْهُمْ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَفُوًّا غَفُورًۭا ﴿٩٩﴾

Бул коркунучтуу убада (тозокко түшүү) алсыз себеби бар эркек, аял жана балдарга тиешелүү эмес. Булар каар, залымдарды токтотууга чамасы чарк келбеген, мындай кыйынчылыктан чыгып кетүүгө жол таба албаган жарды- жармачтар. Буларды Аллах Таала ырайымы жана жумшактыгы менен кечирип коёр. Аллах Таала пенделерине Жумшак, алардын тообо кылгандарын Кечирүүчү

۞ وَمَن يُهَاجِرْ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ يَجِدْ فِى ٱلْأَرْضِ مُرَٰغَمًۭا كَثِيرًۭا وَسَعَةًۭ ۚ وَمَن يَخْرُجْ مِنۢ بَيْتِهِۦ مُهَاجِرًا إِلَى ٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ ثُمَّ يُدْرِكْهُ ٱلْمَوْتُ فَقَدْ وَقَعَ أَجْرُهُۥ عَلَى ٱللَّهِ ۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورًۭا رَّحِيمًۭا ﴿١٠٠﴾

ه Каапыр жеринен ислам жерине Аллахтын ыраазылыгын көздөп көчүп чыккан адам, көчүп барган жеринен таштап кеткен жерине караганда жылуу орунду табат, ал жерде ызаттуу болуп, кенен ырыскыга жетет. Аллах жана анын элчиси үчүн үйүнөн көчүп чыккан адам, көксөгөн жерине жетпей ара жолдо каза болуп калса, жетпей калганы ага эч зыянын тийгизбейт, анын сооп-сыйы Аллахтын алдында сакталуу. Аллах Таала тообо кылган пенделерин Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу

وَإِذَا ضَرَبْتُمْ فِى ٱلْأَرْضِ فَلَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ أَن تَقْصُرُوا۟ مِنَ ٱلصَّلَوٰةِ إِنْ خِفْتُمْ أَن يَفْتِنَكُمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ ۚ إِنَّ ٱلْكَـٰفِرِينَ كَانُوا۟ لَكُمْ عَدُوًّۭا مُّبِينًۭا ﴿١٠١﴾

Сапарда каапырлар тараптан жамандык келээринен коркксоңор, төрт рекеттүү намаздыэки рекетке кыскартып окууңарда күнөө жок. Анткени алардын силерге болгон душмандыгы ачык-айкын. Сапарда аманчылык учурунда да намаздыкыскартып окуунун дурустугу сахих хадистерде келген

وَإِذَا كُنتَ فِيهِمْ فَأَقَمْتَ لَهُمُ ٱلصَّلَوٰةَ فَلْتَقُمْ طَآئِفَةٌۭ مِّنْهُم مَّعَكَ وَلْيَأْخُذُوٓا۟ أَسْلِحَتَهُمْ فَإِذَا سَجَدُوا۟ فَلْيَكُونُوا۟ مِن وَرَآئِكُمْ وَلْتَأْتِ طَآئِفَةٌ أُخْرَىٰ لَمْ يُصَلُّوا۟ فَلْيُصَلُّوا۟ مَعَكَ وَلْيَأْخُذُوا۟ حِذْرَهُمْ وَأَسْلِحَتَهُمْ ۗ وَدَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَوْ تَغْفُلُونَ عَنْ أَسْلِحَتِكُمْ وَأَمْتِعَتِكُمْ فَيَمِيلُونَ عَلَيْكُم مَّيْلَةًۭ وَٰحِدَةًۭ ۚ وَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ إِن كَانَ بِكُمْ أَذًۭى مِّن مَّطَرٍ أَوْ كُنتُم مَّرْضَىٰٓ أَن تَضَعُوٓا۟ أَسْلِحَتَكُمْ ۖ وَخُذُوا۟ حِذْرَكُمْ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ أَعَدَّ لِلْكَـٰفِرِينَ عَذَابًۭا مُّهِينًۭا ﴿١٠٢﴾

ى Оо, элчи, душмандар менен согуш учурунда аскерлериң менен бирге намаз окуй турган болсоң, аскерди эки жамаатка бөл. Биринчи жамаат сени менен намазга турсун, намазга курал-жарактарыменен тура берсин. Экинчи жамаат болсо силерге кароол болуп турсун. Биринчи жамаат имам менен бир ирекет окуган соң, намаздын калганын өздөрү акырына чыгарат. Акырына чыгаргандар силердин артыңарга өтүп душманга бет турат, бул учурда коргоп турган экинчи жамаат келип имам менен бир ирекет окуйт, имам салам берген соң намаздарын толуктап бүтүрөт.Булучурларда душмандан этият болушсун жана курал-жарагын алып алышсын.Анткени بلغ Куран · Тафсир каапырлар, силер намазга турганда курал-жарак, буюм-теримиңерден капарсыз калсаңар, капарсыздыгыңардан пайдаланып дароо кол салууну көздөп турушат. Эгер жамгырдын айынан же ооруу себептүү зыян тартып жатсаңар, анда курал-жарагыңарды жерге коюп турсаңар деле күнөө эмес, болгону, колуңардан келишинче душмандан этиет кылгыла. Аллах Таала чынында каапырларга алардыкордоочу азаптыдаярдап койгон

فَإِذَا قَضَيْتُمُ ٱلصَّلَوٰةَ فَٱذْكُرُوا۟ ٱللَّهَ قِيَـٰمًۭا وَقُعُودًۭا وَعَلَىٰ جُنُوبِكُمْ ۚ فَإِذَا ٱطْمَأْنَنتُمْ فَأَقِيمُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ ۚ إِنَّ ٱلصَّلَوٰةَ كَانَتْ عَلَى ٱلْمُؤْمِنِينَ كِتَـٰبًۭا مَّوْقُوتًۭا ﴿١٠٣﴾

Оо, ыймандуулар, намазды бүткөнүңөрдө аруулоо, (тасбих), мактоо (тамхид), келиме (тахлил) айтуу менен турган, отурган, жаткан абалыңарда Аллахты эстеп зикир кылгыла. Коркунуч жок болгондо, тынчтык кезде намазды парз, важыб, сүннөттөрүн толук так аткарып буйрулгандай окугула. Намаз чынында ыймандууларга өз убактысында окула турган парз, милдет. Намазды себепсиз убактысынан кечиктирүүгө болбойт. Бул өкүм жергиликтүү тургундарга тиешелүү,алэми сапарда болсоңор кошуп жана кыскартып окусаңар болот

وَلَا تَهِنُوا۟ فِى ٱبْتِغَآءِ ٱلْقَوْمِ ۖ إِن تَكُونُوا۟ تَأْلَمُونَ فَإِنَّهُمْ يَأْلَمُونَ كَمَا تَأْلَمُونَ ۖ وَتَرْجُونَ مِنَ ٱللَّهِ مَا لَا يَرْجُونَ ۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا ﴿١٠٤﴾

Оо, ыймандуулар, каапыр душманыңардын артынан сая түшүүгө алсыздык же жалкоолук кылбагыла. Өлүм, жаракат алуу ж.б. силерди чарчаткан болсо, бул нерселер аларды деле чарчатты, алар деле силер сыяктуу кыйналды. Алардын сабыр-чыдамы, силердин сабыр-чыдамыңардан ашып кетпесин. Силер Аллахтан сооп-сый, жардам, колдоо үмүт кылып жатасыңар, алар болсо буларды үмүт кылбайт. Аллах Таала пенделеринин абалын Билүүчү, көзөмөлдөөдө жана шарият кылууда Даанышман

إِنَّآ أَنزَلْنَآ إِلَيْكَ ٱلْكِتَـٰبَ بِٱلْحَقِّ لِتَحْكُمَ بَيْنَ ٱلنَّاسِ بِمَآ أَرَىٰكَ ٱللَّهُ ۚ وَلَا تَكُن لِّلْخَآئِنِينَ خَصِيمًۭا ﴿١٠٥﴾

Оо, элчи, Биз сага Куранды бардык чындыкты камтыган абалда түшүрдүк; сен адамдардын ортосунда өз оюң жана пикириң менен өкүм чыгарбай, кандай абал болсо да Аллах үйрөткөн жана пикириңе салган нерсе менен өкүм кылууң үчүн. Эми сен андан чындыкты талап кылган адамды кайтарып, жанына жана аманатка кыянат кылган адамга тарапкер болбо

وَٱسْتَغْفِرِ ٱللَّهَ ۖ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ غَفُورًۭا رَّحِيمًۭا ﴿١٠٦﴾

Аллах Тааладан кечирим жана ырайым кылуусун сура, Аллах Таала чынында тообо кылган пендесине Кечиримдүү жана ага Ырайымдуу

وَلَا تُجَـٰدِلْ عَنِ ٱلَّذِينَ يَخْتَانُونَ أَنفُسَهُمْ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ مَن كَانَ خَوَّانًا أَثِيمًۭا ﴿١٠٧﴾

Кыянат кылган жана кыянаттыгын жаап-жашырган адам тарабында болуп талашпа,АллахТаала мындай жалганчы кыянатчыларды жакшы көрбөйт. بلغ Куран · Тафсир

يَسْتَخْفُونَ مِنَ ٱلنَّاسِ وَلَا يَسْتَخْفُونَ مِنَ ٱللَّهِ وَهُوَ مَعَهُمْ إِذْ يُبَيِّتُونَ مَا لَا يَرْضَىٰ مِنَ ٱلْقَوْلِ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِمَا يَعْمَلُونَ مُحِيطًا ﴿١٠٨﴾

يعملون محيطا Адамдардан коркуп же уялып батып кеткен күнөөлөрүн жашыруусу мүмкүн, бирок Аллахтан жашыра албайт. Аллах аларды илими менен ороп алар менен бирге. Таза адамга жалаа жабуу, күнөөнү жашыруу сыяктуу Аллахты ыраазы кылбай турган нерселерди кылууну ойлоп жатышкандары да Аллахка жашыруун эмес. Аллах Таала алардын ачык жана жашыруун кылган иштерин ороп алуучу, Ага эч нерсе билинбей калбайт, кийин ошол кылган иштерине жараша жазалайт

هَـٰٓأَنتُمْ هَـٰٓؤُلَآءِ جَـٰدَلْتُمْ عَنْهُمْ فِى ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا فَمَن يُجَـٰدِلُ ٱللَّهَ عَنْهُمْ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ أَم مَّن يَكُونُ عَلَيْهِمْ وَكِيلًۭا ﴿١٠٩﴾

Оо, мобуреки күнөөгө баткандардын ишине арачы болгондор, бул дүйнөдө аларды таза деп, аларды жазадан сактап талашкандар, а кыямат күнүчү, алардын кылганы ачыкка чыкканда, Аллах Таала менен ким талаша алат?! Ошол күнү ким аларга колдоочу өкүл боло алат?! Шек жок, мындай кылуу эч кимдин колунан келбейт

وَمَن يَعْمَلْ سُوٓءًا أَوْ يَظْلِمْ نَفْسَهُۥ ثُمَّ يَسْتَغْفِرِ ٱللَّهَ يَجِدِ ٱللَّهَ غَفُورًۭا رَّحِيمًۭا ﴿١١٠﴾

Жаман иш кылып, же күнөөгө бут коюп өзүнө залым кылган адам, күнөөсүн моюндап, ага өкүнүп, эми анытакыр кылбайм деп Аллахтан кечирим сурап тообо кылса, Аллах Тааланы дайыма анын күнөөсүн Кечирүүчү жана ага Ырайымдуу табат

وَمَن يَكْسِبْ إِثْمًۭا فَإِنَّمَا يَكْسِبُهُۥ عَلَىٰ نَفْسِهِۦ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًۭا ﴿١١١﴾

Адам чоң күнөө кылабы, кичине күнөө кылабы анын жаман акыбети өзүнө, ал үчүн башка жооп бербейт. Аллах Таала пенделердин ишин Билүүчү,көзөмөлдөөдө жана шарият кылууда Даанышман

وَمَن يَكْسِبْ خَطِيٓـَٔةً أَوْ إِثْمًۭا ثُمَّ يَرْمِ بِهِۦ بَرِيٓـًۭٔا فَقَدِ ٱحْتَمَلَ بُهْتَـٰنًۭا وَإِثْمًۭا مُّبِينًۭا ﴿١١٢﴾

Ким билбестен ката кетирсе, же атайлап эле күнөө кылса, кийин мындай күнөөдөн таза адамга ошону кылдың деп жалаа кылса, бул кылыгыменен өтө жалганчылыктыжана ачык күнөөнү моюнуна илип алды

وَلَوْلَا فَضْلُ ٱللَّهِ عَلَيْكَ وَرَحْمَتُهُۥ لَهَمَّت طَّآئِفَةٌۭ مِّنْهُمْ أَن يُضِلُّوكَ وَمَا يُضِلُّونَ إِلَّآ أَنفُسَهُمْ ۖ وَمَا يَضُرُّونَكَ مِن شَىْءٍۢ ۚ وَأَنزَلَ ٱللَّهُ عَلَيْكَ ٱلْكِتَـٰبَ وَٱلْحِكْمَةَ وَعَلَّمَكَ مَا لَمْ تَكُن تَعْلَمُ ۚ وَكَانَ فَضْلُ ٱللَّهِ عَلَيْكَ عَظِيمًۭا ﴿١١٣﴾

ه Оо, элчи, эгер сенин тазалыгыңа Аллахтын артыкчылыгы болбогондо, тиги жандарына кыянат кылгандардын бир жамааты сени адаштырууну жана туура эмес өкүм чыгартууну көксөп калган эле. Акыйкатта алар өздөрүн гана адаштырды; анткени адаштырууга жасаган аракетинин жаман акыбети өздөрүнө кайтты. Аллах таала сени коргогону себептүү алар сага зыян бере алышпайт. Аллах таала сага Куран, сүннөттү түшүрдү, сен буга чейин билбеген туура жолду, нурду билдирди. Аллахтын артыкчылыгы сага берген пайгамбарлык жана күнөөсүздүк менен улуу болду. بلغ Куран · Тафсир

۞ لَّا خَيْرَ فِى كَثِيرٍۢ مِّن نَّجْوَىٰهُمْ إِلَّا مَنْ أَمَرَ بِصَدَقَةٍ أَوْ مَعْرُوفٍ أَوْ إِصْلَـٰحٍۭ بَيْنَ ٱلنَّاسِ ۚ وَمَن يَفْعَلْ ذَٰلِكَ ٱبْتِغَآءَ مَرْضَاتِ ٱللَّهِ فَسَوْفَ نُؤْتِيهِ أَجْرًا عَظِيمًۭا ﴿١١٤﴾

Адамдар күбүр-шыбыр кылган көп сөздөрдо жакшылык жок, алардан пайда да чыкпайт. Бирок, садага берүүгө буйруган, шариятка туура келген жана акылга сыйган жакшы иштерге чакырган, талашып-тартышкандарды жараштырууга үндөгөн сөздөр жакшы жана пайдалуу. ким ушундай сөздөрдү Аллахтын ыраазылыгын талап кылып айтса, жакында ага чоң сооп-сый тартуулайбыз

وَمَن يُشَاقِقِ ٱلرَّسُولَ مِنۢ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُ ٱلْهُدَىٰ وَيَتَّبِعْ غَيْرَ سَبِيلِ ٱلْمُؤْمِنِينَ نُوَلِّهِۦ مَا تَوَلَّىٰ وَنُصْلِهِۦ جَهَنَّمَ ۖ وَسَآءَتْ مَصِيرًا ﴿١١٥﴾

Чындык ачык-айкын болгондон кийин деле пайгамбарга кежирлик кылып, ага каршы иш кылса жана ыймандуулардын жолунан башка жолготүшсө, өзүнө тандаган жолуна жөн коёбуз. Атайын баш тартканыүчүн аны туура жолго багыттабайбыз. Аны табы күчтүү тозок отуна киргизебиз, кирген адам үчүн ал эң жаман жай

إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَغْفِرُ أَن يُشْرَكَ بِهِۦ وَيَغْفِرُ مَا دُونَ ذَٰلِكَ لِمَن يَشَآءُ ۚ وَمَن يُشْرِكْ بِٱللَّهِ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَـٰلًۢا بَعِيدًا ﴿١١٦﴾

Аллах Таала чынында Ага шерик кошкондорду кечирбейт, тескерисинче, шерик кошуучуларды тозокто түбөлүк калтырат. Ширктен башка күнөөлөрдү ырайымы жана артыкчылыгы менен каалаган адамдан кечирет. Ким Аллахка башка бир нерсени шерик кылып алса, чындыктан тайып андан өтө алыс кетиптир; анткени ал Жаратуучуну жаратылгандарга теңеди

إِن يَدْعُونَ مِن دُونِهِۦٓ إِلَّآ إِنَـٰثًۭا وَإِن يَدْعُونَ إِلَّا شَيْطَـٰنًۭا مَّرِيدًۭا ﴿١١٧﴾

Бул бутпарастар (шерик кылуучулар) ибадат кылышпайт, Аллах менен бирге "Лат", "Узза" деген сыяктуу аял тегиндеги айкелдерге да дуба кылышат. Булардан пайда да, зыян да жок. Булар Аллахтын жолунан чыккан, эч пайдасыжок шайтанга ибадат кылышат; анткени ошол шайтан алардыайкелдерге ибадат кылууга буйруйт

لَّعَنَهُ ٱللَّهُ ۘ وَقَالَ لَأَتَّخِذَنَّ مِنْ عِبَادِكَ نَصِيبًۭا مَّفْرُوضًۭا ﴿١١٨﴾

Ошон үчүн Аллах Таала аны ырайымынан кууганда, ал шайтан Жаратуучусуна ант берип: мага пенделериңден белгилүүбир бөлүгүн бер,мен алардытуура жолдон бурайын деген

وَلَأُضِلَّنَّهُمْ وَلَأُمَنِّيَنَّهُمْ وَلَـَٔامُرَنَّهُمْ فَلَيُبَتِّكُنَّ ءَاذَانَ ٱلْأَنْعَـٰمِ وَلَـَٔامُرَنَّهُمْ فَلَيُغَيِّرُنَّ خَلْقَ ٱللَّهِ ۚ وَمَن يَتَّخِذِ ٱلشَّيْطَـٰنَ وَلِيًّۭا مِّن دُونِ ٱللَّهِ فَقَدْ خَسِرَ خُسْرَانًۭا مُّبِينًۭا ﴿١١٩﴾

Аларды Сенин туура жолуңдан тосом, аларга адашуусун кооз көрсөтө турган жалган убадаларды берем, Аллах адал кылган малдарын арамга чыгартуу үчүн алардын кулагын кесүүгө буйруймун (айкелдерине арнап кээ бир төөлөрүнүн кулагын кесип, эн тамга салып, ошол төөнү ыйык санап, аны минбей, иштетпей, сойбой бош коё берип коюшкан) Аллахтын жаратканын жана табиятын өзгөртүүгө буйруймун (дейт шайтан). Ким шайтандыдос-башчы кылып, ага баш ийсе куулган шайтанды дос кылганы үчүн анык зыянга туш болуптур بلغ Куран · Тафсир

يَعِدُهُمْ وَيُمَنِّيهِمْ ۖ وَمَا يَعِدُهُمُ ٱلشَّيْطَـٰنُ إِلَّا غُرُورًا ﴿١٢٠﴾

Аларга шайтан жалган убада берет, жалган кыялга берилтет, чынында эч бир акыйкатыжок жалган нерсени убада кылат

أُو۟لَـٰٓئِكَ مَأْوَىٰهُمْ جَهَنَّمُ وَلَا يَجِدُونَ عَنْهَا مَحِيصًۭا ﴿١٢١﴾

Шайтандын жолуна түшкөңдөрдүн барып токтоочу жайы тозок оту, андан аларды куткарып чыгаруучуну таба алышпайтق

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ سَنُدْخِلُهُمْ جَنَّـٰتٍۢ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَـٰرُ خَـٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدًۭا ۖ وَعْدَ ٱللَّهِ حَقًّۭا ۚ وَمَنْ أَصْدَقُ مِنَ ٱللَّهِ قِيلًۭا ﴿١٢٢﴾

Аллахка ишенип, Ага жакындатуучу жакшы иш-аракеттерди кылганыймандуу адамдарды ак сарайларынын алдынан дарыялар агып турган бейишке киргизебиз.Алар анда түбөлүк калышат.БулАллахтын убадасы,Аллахтын убадасычындык,ي Ал убадасына тескери иш кылбайт, эч ким Аллах Тааладай чын сүйлөй албайт

لَّيْسَ بِأَمَانِيِّكُمْ وَلَآ أَمَانِىِّ أَهْلِ ٱلْكِتَـٰبِ ۗ مَن يَعْمَلْ سُوٓءًۭا يُجْزَ بِهِۦ وَلَا يَجِدْ لَهُۥ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَلِيًّۭا وَلَا نَصِيرًۭا ﴿١٢٣﴾

Оо, мусулмандар, ийгилик жана жеңиш силер, же китеп берилгендер кыялдангандай эле болуп калбайт. Бул, иш аракетке жараша болот. Силердин кимиңер жаман иш кылса, кыматта ошого жооп берет, ага пайдасын тийгизе турган Аллахтан башка дос,анызыяндан коргоп кала турган Аллахтан башка жардамчытабылбайт

وَمَن يَعْمَلْ مِنَ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ مِن ذَكَرٍ أَوْ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤْمِنٌۭ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ يَدْخُلُونَ ٱلْجَنَّةَ وَلَا يُظْلَمُونَ نَقِيرًۭا ﴿١٢٤﴾

Аллах Таалага чындап ишенген эркек болобу, аял болобу жакшы иштерди кылса, мына ушул ыйман менен жакшы иштерди бирге кылган адамдар бейишке кирет жана алардын кылган иштеринен курманын данегинин чел кабыгындай да кемитилбейт

وَمَنْ أَحْسَنُ دِينًۭا مِّمَّنْ أَسْلَمَ وَجْهَهُۥ لِلَّهِ وَهُوَ مُحْسِنٌۭ وَٱتَّبَعَ مِلَّةَ إِبْرَٰهِيمَ حَنِيفًۭا ۗ وَٱتَّخَذَ ٱللَّهُ إِبْرَٰهِيمَ خَلِيلًۭا ﴿١٢٥﴾

Ниетин Жалгыз Аллахка буруп, ичи-сырты менен Аллахка баш ийип өзүн тапшырган, шариятты толук карманган, ширк жана каапырлыктан тескери бурулуп, бир Кудайга сыйынуу ишенимине жана ыйманга кайткан, Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) дининин негизи болгон Ибрахим пайгамбардын динине ээрчиген адамдын дининен өткөн динди карманган жан барбы? Аллах Таала пайгамбары Ибрахимди бардык адамдардын арасынан чындап жакшы көрүү менен Өзүнө дос кылып тандап алган

وَلِلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِكُلِّ شَىْءٍۢ مُّحِيطًۭا ﴿١٢٦﴾

Асман-жердеги мүлк, падышалыктын баары Жалгыз Аллахка таандык, Аллах Таала Өзү жараткандын баарын илими,кудурети жана көзөмөлүменен ороп алган. بلغ Куран · Тафсир

وَيَسْتَفْتُونَكَ فِى ٱلنِّسَآءِ ۖ قُلِ ٱللَّهُ يُفْتِيكُمْ فِيهِنَّ وَمَا يُتْلَىٰ عَلَيْكُمْ فِى ٱلْكِتَـٰبِ فِى يَتَـٰمَى ٱلنِّسَآءِ ٱلَّـٰتِى لَا تُؤْتُونَهُنَّ مَا كُتِبَ لَهُنَّ وَتَرْغَبُونَ أَن تَنكِحُوهُنَّ وَٱلْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ ٱلْوِلْدَٰنِ وَأَن تَقُومُوا۟ لِلْيَتَـٰمَىٰ بِٱلْقِسْطِ ۚ وَمَا تَفْعَلُوا۟ مِنْ خَيْرٍۢ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِهِۦ عَلِيمًۭا ﴿١٢٧﴾

ى Оо, элчи, сенден аялдар тууралуу аларга жана алардан эмне аткарылуу милдет экенин сурашат. Сен айт: Аллах силер сураган нерсени баян кылган, Курандагы силердин кол алдыңардагы жетим кыздардын абалы, аларга берилүүсү парз болгон махыр жана мурасты бербей койгонуңар, аларды никелөөгө кызыкпаганыңар, алардын малына кызыгып алардыникелендирбей койгонуңар (тууралуу айтылган аяттарда баян кылган). Силерге ал алсыз- байкуштар кичине кезинде аларга мурас берүү милдет экени, алардын малын иштетип залым кылбооңор зарыл экени баян кылынды. Жетимдерге алардын дүйнө-акыреттеги абалын жакшырта тургандай адилдик менен мамиле кылуу милдет экени баян кылынды. Жетимдерге болобу, башкага болобу кандай жакшылык кылсаңар, аны Аллах Билүүчү, кийин ошого жараша сыйланасыңар

وَإِنِ ٱمْرَأَةٌ خَافَتْ مِنۢ بَعْلِهَا نُشُوزًا أَوْ إِعْرَاضًۭا فَلَا جُنَاحَ عَلَيْهِمَآ أَن يُصْلِحَا بَيْنَهُمَا صُلْحًۭا ۚ وَٱلصُّلْحُ خَيْرٌۭ ۗ وَأُحْضِرَتِ ٱلْأَنفُسُ ٱلشُّحَّ ۚ وَإِن تُحْسِنُوا۟ وَتَتَّقُوا۟ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرًۭا ﴿١٢٨﴾

ه Эгер аял күйөөсү ага көңүлкош болуусунан корксо же аныташтап кетет деп чочуласа, анда экөө аялдын напакасы, жашай турган жери сыяктуу укуктарын чектөө үчүн келишим кылышса күнөө эмес. Келишим кылуу талакка караганда экөөнө жакшы. Чынында напси ач көз жана сараң, өзүнө тиешелүү укуктардын чектелүүсүн каалабайт, жубайлар кечиримдүү болуу, жакшылык кылуу менен напсилерин тарбиялап бул табигый оорууну дарылоосу кажет. Бардык абалдарда жакшылык кылуучу болсоңор, буйругун аткарып, тыйганынан тыйылып Аллахка такыба болсоңор, Аллах Таала чынында силердин эмне кылганыңардан Кабардар, Ага эч нерсе билинбей калбайт, кийин ошогожараша силерди сыйлайт

وَلَن تَسْتَطِيعُوٓا۟ أَن تَعْدِلُوا۟ بَيْنَ ٱلنِّسَآءِ وَلَوْ حَرَصْتُمْ ۖ فَلَا تَمِيلُوا۟ كُلَّ ٱلْمَيْلِ فَتَذَرُوهَا كَٱلْمُعَلَّقَةِ ۚ وَإِن تُصْلِحُوا۟ وَتَتَّقُوا۟ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ غَفُورًۭا رَّحِيمًۭا ﴿١٢٩﴾

Оо, күйөөлөр, канчалык аракет кылсаңар да жүрөктүн берилүүсүндө аялдарыңарга баары бир адиеттик кыла албайсыңар; Себеби кээде иштер силердин каалооңордон сырткары болот. Жакшы көрбөгөн аялыңарды ашыкча жек көрүп, аны кам көрбөгөн күйөөсү бар, же күйөөсү жок күйөөгө муктаж болгон аял сыяктуу ара жолго таштабагыла. Аялыңардын акысын берүүнү каалабаган напсиңерди көндүрүү менен ортоңорду оңдосоңор жана Аллахка такыба болсоңор, Аллах Таала чынында силерге Кечиримдүүل жана Ырайымдуу

وَإِن يَتَفَرَّقَا يُغْنِ ٱللَّهُ كُلًّۭا مِّن سَعَتِهِۦ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ وَٰسِعًا حَكِيمًۭا ﴿١٣٠﴾

Эри-катын талак же хульу себептүү бири-биринен ажырашса, Аллах Өз пазилети менен аларды бири-бирине муктаж кылбайт. Аллах таала Пазилеттүү, Ырайымдуу башкаруу жана тагдыр кылуусунда Даанышман. بلغ Куран · Тафсир

وَلِلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ ۗ وَلَقَدْ وَصَّيْنَا ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَـٰبَ مِن قَبْلِكُمْ وَإِيَّاكُمْ أَنِ ٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ ۚ وَإِن تَكْفُرُوا۟ فَإِنَّ لِلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ غَنِيًّا حَمِيدًۭا ﴿١٣١﴾

ه Асман-жердеги жана алардын ортосундагы мүлк, падышалыктын баары Жалгыз Аллахка таандык. Китеп ээлерине да, силерге да Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларынан тыйылууну келишим кылганбыз. Бул келишимди бузсаңар, өзүңөргө гана зыяны тиет. Аллах Таала силердин баш ийүүңөргө муктаж эмес, асман-жердеги мүлк, падышалыктын баары Ага таандык. Ал бардык жаратылгандарга муктаж эмес, бардык сыпаттары жана иштери макталган Зат

وَلِلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ ۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلًا ﴿١٣٢﴾

Асман-жердеги мүлк, падышалыктын баары Жалгыз Аллахка таандык, баш ийүүгө ылайык. Жаратылгандардын бардык абалдарын көзөмөлдөөгө жетиштүүӨкүл

إِن يَشَأْ يُذْهِبْكُمْ أَيُّهَا ٱلنَّاسُ وَيَأْتِ بِـَٔاخَرِينَ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ ذَٰلِكَ قَدِيرًۭا ﴿١٣٣﴾

Эй, адамдар, эгер кааласа силерди жок кылып кырып, Аллахка баш ийип, күнөөдөн тыйыла турган силерден башкалардыжаратып коёт, мындай кылууга Аллах Таала Кудуреттүү

مَّن كَانَ يُرِيدُ ثَوَابَ ٱلدُّنْيَا فَعِندَ ٱللَّهِ ثَوَابُ ٱلدُّنْيَا وَٱلْـَٔاخِرَةِ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ سَمِيعًۢا بَصِيرًۭا ﴿١٣٤﴾

Эй, адамдар, силерден ким иш-аракети үчүн бул дүйнөнүн гана жакшылыгын кааласа, билсин, Аллахта дүйнө- акыреттин сообу бар, бул экөөнүн тең сооп-сыйын сурасын, Аллах Таала силердин сөзүңөрду Угуучу, иш- аракетиңерди Көрүүчү,кийин ошогожараша силерди сыйлайт же жазалайт

۞ يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ كُونُوا۟ قَوَّٰمِينَ بِٱلْقِسْطِ شُهَدَآءَ لِلَّهِ وَلَوْ عَلَىٰٓ أَنفُسِكُمْ أَوِ ٱلْوَٰلِدَيْنِ وَٱلْأَقْرَبِينَ ۚ إِن يَكُنْ غَنِيًّا أَوْ فَقِيرًۭا فَٱللَّهُ أَوْلَىٰ بِهِمَا ۖ فَلَا تَتَّبِعُوا۟ ٱلْهَوَىٰٓ أَن تَعْدِلُوا۟ ۚ وَإِن تَلْوُۥٓا۟ أَوْ تُعْرِضُوا۟ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرًۭا ﴿١٣٥﴾

Оо, Аллахка ишенип, пайгамбарга ээрчиген ыймандуулар, бардык абалңарда адилеттүү болгула. Бардык адамдарга күбөлүк берүүдө адил болгула. Эгер өзүңөрдүн зыяныңарга же ата-энеңердин, же жакын туугандарыңардын зыянына болсо да күбөлүк берүүдө адил болгула. Алардын кедейлиги же байлыгы аларга күбөлүк берүүгө же бербей коюуга тоскоол болбосун. Кедейге да, байга да силерге караганда Аллах абзелирээк жана алардын жакшылыгын билүүчүрөөк. Чындык ачыкка чыгып калбоосу үчүн күбөлүк берүүдө каалооңорго берилип кетпегиле. Эгер күбөлүктү өзүнө ылайык болбогон жакка буруп өзгөртсөңөр же күбөлүк берүүдөн баш тартсаңар; Аллах Таала чынында силердин эмне кылганыңардан Кабардар

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ ءَامِنُوا۟ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَٱلْكِتَـٰبِ ٱلَّذِى نَزَّلَ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ وَٱلْكِتَـٰبِ ٱلَّذِىٓ أَنزَلَ مِن قَبْلُ ۚ وَمَن يَكْفُرْ بِٱللَّهِ وَمَلَـٰٓئِكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ وَٱلْيَوْمِ ٱلْـَٔاخِرِ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَـٰلًۢا بَعِيدًا ﴿١٣٦﴾

Оо, ыймандуулар, Аллахка жана Анын элчисине, Анын элчисине түшүрүлгөн Куранга, андан мурдагы пайгамбарларына түшүргөн китепке болгон ишенимиңерде бекем болгула. Ким Аллахка, периштелерине, китептерине, элчилерине, кыямат күнүнө ишенбей каапырлык кылса; анда ал туура жолдон өтө алыс кетиптир بلغ Куран · Тафсир

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ثُمَّ كَفَرُوا۟ ثُمَّ ءَامَنُوا۟ ثُمَّ كَفَرُوا۟ ثُمَّ ٱزْدَادُوا۟ كُفْرًۭا لَّمْ يَكُنِ ٱللَّهُ لِيَغْفِرَ لَهُمْ وَلَا لِيَهْدِيَهُمْ سَبِيلًۢا ﴿١٣٧﴾

Ыйман келтиргенден кийин кайра динден чыгып, кийин кайра ыйман келтирип,кийин дагы динден чыгып, каапырлыгын бир канча жолу кайталаган жана каапыр тейинче жүрүп өтүп кеткендер; Аллах алардын күнөөсүн кечирбейт, Аллах Таалага алып барчу түз жолду аларга ыраа көрбөйт

بَشِّرِ ٱلْمُنَـٰفِقِينَ بِأَنَّ لَهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا ﴿١٣٨﴾

Оо, элчи, сыртынан ыймандуу, ичинде каапыр болгон эки жүздүүлөргө кыямат күнү Аллах Тааланын кордоочу азабыболорун айтып сүйүнчүлө

ٱلَّذِينَ يَتَّخِذُونَ ٱلْكَـٰفِرِينَ أَوْلِيَآءَ مِن دُونِ ٱلْمُؤْمِنِينَ ۚ أَيَبْتَغُونَ عِندَهُمُ ٱلْعِزَّةَ فَإِنَّ ٱلْعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعًۭا ﴿١٣٩﴾

Алар ыймандууларды эмес, каапырларды жардамчы, колдоочу кылып алганы үчүн аларга ушундай азап болот, (алардын ошолорго ишенип алуусу таң калыштуу). алар көтөрүлүү үчүн ошолордон күч, колдоо сурашабы?! Чынында күч да, колдоо да, баары Аллахта

وَقَدْ نَزَّلَ عَلَيْكُمْ فِى ٱلْكِتَـٰبِ أَنْ إِذَا سَمِعْتُمْ ءَايَـٰتِ ٱللَّهِ يُكْفَرُ بِهَا وَيُسْتَهْزَأُ بِهَا فَلَا تَقْعُدُوا۟ مَعَهُمْ حَتَّىٰ يَخُوضُوا۟ فِى حَدِيثٍ غَيْرِهِۦٓ ۚ إِنَّكُمْ إِذًۭا مِّثْلُهُمْ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ جَامِعُ ٱلْمُنَـٰفِقِينَ وَٱلْكَـٰفِرِينَ فِى جَهَنَّمَ جَمِيعًا ﴿١٤٠﴾

Оо, момундар, Аллах Таала силерге Куранда, эгер бир отурушта отурсаңар жана анда Аллахтын аяттарына каапыр болгон жана анышылдыңдагандардыуксаңар; Аллахтын аяттарына каапыр болбогон жана шылдыңдабаган башка сөзгө өтмөйүнчө аларды таштап ал жерден туруп кетүү зарыл деген өкүмдү түшүрдү. Эгер алардан Аллахтын аяттарына каапыр болгон жана анышылдыңдаган сөздөрүн уккандан кийин деле алар менен отура берсеңер, Аллахтын ишине каршычыгууда алар менен бирдей болуп каласыңар; анткени алар каапырлыгыменен Аллахка күнөөкөр болгондой эле силер да алар менен чогууолтуруп Аллахка күнөөкөр болдуңар.Кыямат күнүАллахТаала сыртын мусулман көрсөтүп, каапырлыгын ичине жашырган эки жүздүүлөрдүн баарын каапырлар менен бирге тозокко киргизет

ٱلَّذِينَ يَتَرَبَّصُونَ بِكُمْ فَإِن كَانَ لَكُمْ فَتْحٌۭ مِّنَ ٱللَّهِ قَالُوٓا۟ أَلَمْ نَكُن مَّعَكُمْ وَإِن كَانَ لِلْكَـٰفِرِينَ نَصِيبٌۭ قَالُوٓا۟ أَلَمْ نَسْتَحْوِذْ عَلَيْكُمْ وَنَمْنَعْكُم مِّنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ ۚ فَٱللَّهُ يَحْكُمُ بَيْنَكُمْ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ ۗ وَلَن يَجْعَلَ ٱللَّهُ لِلْكَـٰفِرِينَ عَلَى ٱلْمُؤْمِنِينَ سَبِيلًا ﴿١٤١﴾

سبيلا Алар силерге жакшылык болобу, жамандык болобу күтүп турушат. Эгер силерге Аллах жардам берип, олжого ээ болсоңор,олжодон алып калууүчүн:"биз силер менен бирге,силер күбө болгон нерсеге күбө болбодукпу?!" дешет. А эгер жеңиш каапырлар тарапка оосо, аларга: "биз силерге жардам, колдоо көрсөтүп, ыймандуулардан силерди коргободук беле?! дешет. Кыяматта баарыңардын үстүнөн Аллах өкүм чыгарат, ыймандуулар бейишке кирүү менен сыйланат, эки жүздүүлөр тозоктун эң төмөнкү катмарына түшүү менен жазаланат. Аллах Таала кыямат күнү каапырлар ыймандуулардын үстүнөн далил алып келүүсүнө жол бербейт, тескерисинче ыймандууларга жакшы акыбетин берет.Эгер ыймандарында чынчылболуп,шарияттын чегинен чыгышпаса. بلغ Куран · Тафсир

إِنَّ ٱلْمُنَـٰفِقِينَ يُخَـٰدِعُونَ ٱللَّهَ وَهُوَ خَـٰدِعُهُمْ وَإِذَا قَامُوٓا۟ إِلَى ٱلصَّلَوٰةِ قَامُوا۟ كُسَالَىٰ يُرَآءُونَ ٱلنَّاسَ وَلَا يَذْكُرُونَ ٱللَّهَ إِلَّا قَلِيلًۭا ﴿١٤٢﴾

إ ل اقليلا Сыртынан исламды көрсөтүп, каапырлыгын ичине катып эки жүздүүлөр Аллахты алдайбыз деп ойлойт, Аллах алардыалдайт; алардын каапырлыгын билип канын кечип койду жана акыретте алардын акыбети катуу болорун убада кылды. Эки жүздүүлөр намазга турса, аны жактырбай, жалкоолонуп турушат, Аллахты ыймандууларды көргөндө гана бир аз эстешет

مُّذَبْذَبِينَ بَيْنَ ذَٰلِكَ لَآ إِلَىٰ هَـٰٓؤُلَآءِ وَلَآ إِلَىٰ هَـٰٓؤُلَآءِ ۚ وَمَن يُضْلِلِ ٱللَّهُ فَلَن تَجِدَ لَهُۥ سَبِيلًۭا ﴿١٤٣﴾

Ал эки жүздүүлөр эки анжы болуп айран калышты, ичинде да, сыртында да ыймандуулар менен бирге эмес, каапырлар менен да бирге эмес.Алардын сыртымусулмандар менен ичи каапырлар менен бирге,эй,элчи,Аллах кимди ушинтип адаштырып койсо,аныадашуудан туура жолгоэчбаштай албайсың

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تَتَّخِذُوا۟ ٱلْكَـٰفِرِينَ أَوْلِيَآءَ مِن دُونِ ٱلْمُؤْمِنِينَ ۚ أَتُرِيدُونَ أَن تَجْعَلُوا۟ لِلَّهِ عَلَيْكُمْ سُلْطَـٰنًۭا مُّبِينًا ﴿١٤٤﴾

Оо, Аллахка ишенип, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, ыймандууларды эмес, Аллахка каапыр болгондорду дос кыласыңарбы, ушул кылыгыңардыАллах Таала азапка ылайык кыла турган анык далил кылуусун каалайсыңарбы?!

إِنَّ ٱلْمُنَـٰفِقِينَ فِى ٱلدَّرْكِ ٱلْأَسْفَلِ مِنَ ٱلنَّارِ وَلَن تَجِدَ لَهُمْ نَصِيرًا ﴿١٤٥﴾

Эки жүздүүлөрдү Аллах Таала кыямат күнү тозоктун эң түпкү катмарында кылат, алардыазаптан куткара турган эч бир жардамчы таппайсың

إِلَّا ٱلَّذِينَ تَابُوا۟ وَأَصْلَحُوا۟ وَٱعْتَصَمُوا۟ بِٱللَّهِ وَأَخْلَصُوا۟ دِينَهُمْ لِلَّهِ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ مَعَ ٱلْمُؤْمِنِينَ ۖ وَسَوْفَ يُؤْتِ ٱللَّهُ ٱلْمُؤْمِنِينَ أَجْرًا عَظِيمًۭا ﴿١٤٦﴾

А бирок, эки жүздүүлүгүн таштап, тообо кылып Аллахка кайткандар, ичиндеги кирин тазарткандар, Аллахтын келишимин бекем кармагандар, иштерин элге көрсөтүү үчүн эмес, калыс Аллах үчүн кылгандар, мына ушул сыпаттар менен сыпатталгандар бул дүйнөдө да, акыретте да ыймандуулар менен бирге, жакында Аллах Таала ыймандууларга көп сооп-сыйын берет

مَّا يَفْعَلُ ٱللَّهُ بِعَذَابِكُمْ إِن شَكَرْتُمْ وَءَامَنتُمْ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ شَاكِرًا عَلِيمًۭا ﴿١٤٧﴾

Эгер Аллахка ишенип, Ага шүгүр кылсаңар, Аллах Таалага силерди азаптоонун кажети жок. Аллах Таала жакшылык кылуучу, ыйрайымдуу, Ал силерди күнөөңөр себептүү гана азаптайт. Эгер ишиңерди оңдосоңор, жакшылктарына шүгүр кылсаңар, ичиңерде да, тышыңарда да Ага ишенсеңер, силерди эч азаптабайт. Жакшылыгын моюндаган адамдарга Аллах Таала Шүгүр кылуучу, ал үчүн аларга сообун көп кылат, пенделеринин ыйманын жакшы билет, кийин ар бирин ошогожараша сыйлайт же жазалайт بلغ Куран · Тафсир

۞ لَّا يُحِبُّ ٱللَّهُ ٱلْجَهْرَ بِٱلسُّوٓءِ مِنَ ٱلْقَوْلِ إِلَّا مَن ظُلِمَ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ سَمِيعًا عَلِيمًا ﴿١٤٨﴾

Аллах Таала жаман сөздөрдүн ашкере айтылуусун жактырбайт, ага ачуусу келет жана мындай сөздөрдү айткандардын акыбети жаман болорун убада кылган.Бирок кимдир бирөөдөн зыян көрүп,жапа чеккен адам ага карата жаман сөз айтса уруксат. Мисалы, залымдыгын айтып арызданса, же ага жаман дуба кылса, же анын айтканындай жооп кайтарса болот. А эгер зыян көргөн киши сабыр кылып унчукпай калса, бул андан да жакшы. Аллах Таала силердин ар бир сөзүңөрдү Угуучу, ниетиңерди Билүүчү, жаман сөз айтуудан жана аны максат кылуудан этиет болгула. و

إِن تُبْدُوا۟ خَيْرًا أَوْ تُخْفُوهُ أَوْ تَعْفُوا۟ عَن سُوٓءٍۢ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَفُوًّۭا قَدِيرًا ﴿١٤٩﴾

Сөз менен болобу, иш менен болобу, айтор кандай жакшылык болбосун, аны ашкере кылсыңар да, жашыруун кылсыңар да, же силерге жасалган жамандыктыкечирип койсоңор; (Аллах силерди кечирет) анткени Аллах Таала чынында Кечиримдүү жана Кудуреттүү. Кечиримдүүлүк силердин кулкуңардан болсун, ошондо Аллах Таала да силерди кечирээр

إِنَّ ٱلَّذِينَ يَكْفُرُونَ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦ وَيُرِيدُونَ أَن يُفَرِّقُوا۟ بَيْنَ ٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦ وَيَقُولُونَ نُؤْمِنُ بِبَعْضٍۢ وَنَكْفُرُ بِبَعْضٍۢ وَيُرِيدُونَ أَن يَتَّخِذُوا۟ بَيْنَ ذَٰلِكَ سَبِيلًا ﴿١٥٠﴾

ويريدون أن يتخذوابين ذلك سبيلا Аллахка да, Анын элчисине да каапыр болгондор жана Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарларын жалганга чыгаруу менен Аллах жана Анын элчилеринин ортосун бөлүүнү каалагандар: элчилердин кээ бирине ыйман келтиребиз, кээ бирине ыйман келтирбейбиз дешет. Алар каапырлык менен ыймандын ортосунда бир жолду кармап, мына ушул жол менен ийгиликке жетебиз деп قкыялданат

أُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْكَـٰفِرُونَ حَقًّۭا ۚ وَأَعْتَدْنَا لِلْكَـٰفِرِينَ عَذَابًۭا مُّهِينًۭا ﴿١٥١﴾

мына ушундай жолду тандап алгандар чыныгы каапырлар; анткени элчилердин кээ бирине каапыр болуу, бул Аллахка жана бардык элчилерге каапыр болуу деген сөз. Каапырларды кор кыла турган азапты Кыямат күнгө даярдап койгонбуз. Бул жаман акыбет алар Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтирүүдө текеберленгени үчүн

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦ وَلَمْ يُفَرِّقُوا۟ بَيْنَ أَحَدٍۢ مِّنْهُمْ أُو۟لَـٰٓئِكَ سَوْفَ يُؤْتِيهِمْ أُجُورَهُمْ ۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورًۭا رَّحِيمًۭا ﴿١٥٢﴾

ر حيما Аллахка ишенип, Аны Жалгыз деп тааныган, Ага эч нерсени шерик кылбаган жана Анын бардык элчилерин чындык деп ишенген, каапырлар сыяктуу ал элчилерди бири-биринен ажыратпастан баарына бирдей ишенген адамдар; мына ушундай адамдарга Аллах Таала жакында алардын ыйманы жана жакшы иштери үчүн чоң сооп- сый тартуулайт. Аллах Таала тообокылган пенделерине Кечиримдүү жана аларга Ырайымдуу بلغ Куран · Тафсир

يَسْـَٔلُكَ أَهْلُ ٱلْكِتَـٰبِ أَن تُنَزِّلَ عَلَيْهِمْ كِتَـٰبًۭا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ ۚ فَقَدْ سَأَلُوا۟ مُوسَىٰٓ أَكْبَرَ مِن ذَٰلِكَ فَقَالُوٓا۟ أَرِنَا ٱللَّهَ جَهْرَةًۭ فَأَخَذَتْهُمُ ٱلصَّـٰعِقَةُ بِظُلْمِهِمْ ۚ ثُمَّ ٱتَّخَذُوا۟ ٱلْعِجْلَ مِنۢ بَعْدِ مَا جَآءَتْهُمُ ٱلْبَيِّنَـٰتُ فَعَفَوْنَا عَن ذَٰلِكَ ۚ وَءَاتَيْنَا مُوسَىٰ سُلْطَـٰنًۭا مُّبِينًۭا ﴿١٥٣﴾

موس سلطنا مبينا ى Оо, элчи, яхудилер сенден сенин чын пайгамбар экениңдин белгиси катары, Муса пайгамбарга түшүрүлгөн сыяктуу, Куранды да толук бойдон дароо түшүрүп берүүңдү сурашат. Алардын бул кылыгын сен оор санаба, алардын мурдагыларыМусадан мындан да оор нерсени ьалып кылган. Алар Аллахтыбиздин көзүбүзгө көрсөт дешкен.Анан ушулкылгандарынын айынан алар чагылган уруп азапталды.Кийин алардыАллахкайра тирилтти. Алар Аллах Тааланын жалгыздыгына, жаратууда да, ибадат кылууда да Аллах Жалгыз экенине ачык далил, белгилер келгенден кийин деле Аллахка ибадат кылбай, музоого сыйынып кетишти. Кийин алардын бул кылыгын да кечирдик. Мусага болсокоомуна көрсөтүүсү үчүн ачык-айкын белги-далилдерди бердик

وَرَفَعْنَا فَوْقَهُمُ ٱلطُّورَ بِمِيثَـٰقِهِمْ وَقُلْنَا لَهُمُ ٱدْخُلُوا۟ ٱلْبَابَ سُجَّدًۭا وَقُلْنَا لَهُمْ لَا تَعْدُوا۟ فِى ٱلسَّبْتِ وَأَخَذْنَا مِنْهُم مِّيثَـٰقًا غَلِيظًۭا ﴿١٥٤﴾

غليظا Алардыэмне күтүп турганын билсин деп коркутуп,анан ант-убадасын алууүчүн тоонуалардын үстүнө көтөрдүк. Тоону алардын үстүнө көтөргөндөн кийин: эми ыйык үйгө (байт ал-мукаддаска) башыңардыийип, сажда кылып киргиле дедик. Алар арты менен сойлоп киришти. Анан аларга: ишемби күнү балык уулоого чыгпагыла дедик. Бирок алардын кээ бирлери бул күнүуулоогочыгышты.Ушинтип алар менен бекем ант-убада алыштык,бирок бул убаданы алар бузушту

فَبِمَا نَقْضِهِم مِّيثَـٰقَهُمْ وَكُفْرِهِم بِـَٔايَـٰتِ ٱللَّهِ وَقَتْلِهِمُ ٱلْأَنۢبِيَآءَ بِغَيْرِ حَقٍّۢ وَقَوْلِهِمْ قُلُوبُنَا غُلْفٌۢ ۚ بَلْ طَبَعَ ٱللَّهُ عَلَيْهَا بِكُفْرِهِمْ فَلَا يُؤْمِنُونَ إِلَّا قَلِيلًۭا ﴿١٥٥﴾

بكفرهم فلا يؤمنون إلا قليلا Берген убадаларын аткарбаганы, Аллахтын аяттарына каапыр болгону, пайгамбарларды тартынбай өлтүргөндүктөрү жана Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) биздин жүрөгүбүз кулптануу дегени себептүү аларды ырайымыбыздан четтетик. Бирок иштин жайы алар айткандай эмес, Аллах Таала алардын каапырлыктары себептүү жүрөктөрүнө мөөр басып койгон, аларга эми эч жакшылык жетпейт, алар ыйманга келбейт келсе да пайдасын тийгизбей турган аз гана ыйманга келет. وبكفرهم وقولهم عل مريمبهتنا عظيما

وَبِكُفْرِهِمْ وَقَوْلِهِمْ عَلَىٰ مَرْيَمَ بُهْتَـٰنًا عَظِيمًۭا ﴿١٥٦﴾

ошондой эле каапырлыгы жана Мариямга (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) зына кылдың деп жалган жалаа жапканы үчүн аларды ырайымдан четтеттик

وَقَوْلِهِمْ إِنَّا قَتَلْنَا ٱلْمَسِيحَ عِيسَى ٱبْنَ مَرْيَمَ رَسُولَ ٱللَّهِ وَمَا قَتَلُوهُ وَمَا صَلَبُوهُ وَلَـٰكِن شُبِّهَ لَهُمْ ۚ وَإِنَّ ٱلَّذِينَ ٱخْتَلَفُوا۟ فِيهِ لَفِى شَكٍّۢ مِّنْهُ ۚ مَا لَهُم بِهِۦ مِنْ عِلْمٍ إِلَّا ٱتِّبَاعَ ٱلظَّنِّ ۚ وَمَا قَتَلُوهُ يَقِينًۢا ﴿١٥٧﴾

Биз Аллахтын элчиси Мариямдын уулу Масихти өлтүрдүк деген жалган мактаныч сөздөрү себептүү аларды каргадык. Алар айтышкандай, аны (Исаны) өлтүргөн да эмес, аскан да эмес. Алар Аллах Таала Исага окшотуп койгон адамдыасып өлтүрүшкөн. Анан ошол өлтүргөндөрү Иса деп ойлошкон. Аныөлтүрдүк деген яхудилер да, аларга ишенген христиандар да, экөө тең бул иште шек-күмөндө, алар аныачык билбейт, күмөндөрүн гана بلغ Куран · Тафсир айтышат. Чынында, алардын күмөнүндө эч бир чындык жок, алар исаныөлтүргөн эмес жана аныаскан да эмес

بَل رَّفَعَهُ ٱللَّهُ إِلَيْهِ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًۭا ﴿١٥٨﴾

Аллах Таала Исаны алардын жамандыгынан сактап, аны дене жана руху менен бирге Өзүнө көтөрүп алган. Аллах Таала падышалыгында Ызаттуу, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт. Көзөмөл кылууда, ишке ашырууда жана шарият кылууда Даанышман

وَإِن مِّنْ أَهْلِ ٱلْكِتَـٰبِ إِلَّا لَيُؤْمِنَنَّ بِهِۦ قَبْلَ مَوْتِهِۦ ۖ وَيَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ يَكُونُ عَلَيْهِمْ شَهِيدًۭا ﴿١٥٩﴾

Иса пайгамбар акыр заманда кайра түшүп, өлгөнгө чейин ага китеп берилгендердин баары ыйман келтирип, ишенишет. Кыямат күнү Иса пайгамбар алардын шариятка дал келбеген, ага каршыболгон иштерине күбө өтөт

فَبِظُلْمٍۢ مِّنَ ٱلَّذِينَ هَادُوا۟ حَرَّمْنَا عَلَيْهِمْ طَيِّبَـٰتٍ أُحِلَّتْ لَهُمْ وَبِصَدِّهِمْ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ كَثِيرًۭا ﴿١٦٠﴾

Яхудилердин залымдыгы себептүү аларга мурда адал болгон кээ бир таза азыктарды арам кылып, тыюу салдык. Аларга бардык (ай) туяктууларды, уй, койдун жонундагы майы, чарбысы жана чучугунан башка майларын, арам кылдык. Бул, алар өздөрүн да, өзгөлөрдү да Аллахтын жолунан тоскондугу үчүн болду, алардын тосуусу тубаса адатка айланды

وَأَخْذِهِمُ ٱلرِّبَوٰا۟ وَقَدْ نُهُوا۟ عَنْهُ وَأَكْلِهِمْ أَمْوَٰلَ ٱلنَّاسِ بِٱلْبَـٰطِلِ ۚ وَأَعْتَدْنَا لِلْكَـٰفِرِينَ مِنْهُمْ عَذَابًا أَلِيمًۭا ﴿١٦١﴾

Пайдалануудан Аллах Таала тыйгандан кийин деле сүткордукту пайдана бергени жана шарияттык укугу жок эле башкалардын малын алып жегени себептүү (адал нерселерди аларга арам кылдык). Алардын каапырларына жан кейиткен азаптыдаярдап койдук

لَّـٰكِنِ ٱلرَّٰسِخُونَ فِى ٱلْعِلْمِ مِنْهُمْ وَٱلْمُؤْمِنُونَ يُؤْمِنُونَ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيْكَ وَمَآ أُنزِلَ مِن قَبْلِكَ ۚ وَٱلْمُقِيمِينَ ٱلصَّلَوٰةَ ۚ وَٱلْمُؤْتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَٱلْمُؤْمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلْيَوْمِ ٱلْـَٔاخِرِ أُو۟لَـٰٓئِكَ سَنُؤْتِيهِمْ أَجْرًا عَظِيمًا ﴿١٦٢﴾

و Бирок яхудилердин арасында илимде бекем болгондору, Аллах Таала сага түшүргөн Куранга, сенден мурдагы пайгамбарларга түшүргөн Тоорот, Инжил сыяктуу китептерге ишенгендери, намаз окгандары, малынын зекетин бергендери, Аллахты Жалгыз деп таанып, Ага эч шерик кошпогондору, кыямат күнүнө ишенгендери да бар; мына ушундай сыпаттар менен сыпатталгандарга жакында чоң сооп-сый беребиз

۞ إِنَّآ أَوْحَيْنَآ إِلَيْكَ كَمَآ أَوْحَيْنَآ إِلَىٰ نُوحٍۢ وَٱلنَّبِيِّـۧنَ مِنۢ بَعْدِهِۦ ۚ وَأَوْحَيْنَآ إِلَىٰٓ إِبْرَٰهِيمَ وَإِسْمَـٰعِيلَ وَإِسْحَـٰقَ وَيَعْقُوبَ وَٱلْأَسْبَاطِ وَعِيسَىٰ وَأَيُّوبَ وَيُونُسَ وَهَـٰرُونَ وَسُلَيْمَـٰنَ ۚ وَءَاتَيْنَا دَاوُۥدَ زَبُورًۭا ﴿١٦٣﴾

ى Оо, элчи, биз сага сенден мурдагыпайгамбарларга аян-кабар берген сыяктуу аян-кабар бердик. Сен биринчи элчи эмессиң. Биз Нухка да аян-кабар бергенбиз жана андан кийин келген пайгамбарларга да аян-кабар түшүргөнбүз. Ибрахимге аян-кабар бердик, анын балдары Исмаил менен Исхакка бердик, Исхактын уулу Якубга бердик жана алардын урпактарына бердик (алар Якуб пайгамбардын он эки уулунан тараган Исраил урпактарынан чыккан пайгамбарлар). Исага, Аюбга, Юнуска, Харунга жана Сулайманга аян-кабар бердик. Ошондой эле Даудга Забур китебин түшүрдүк بلغ Куран · Тафсир

وَرُسُلًۭا قَدْ قَصَصْنَـٰهُمْ عَلَيْكَ مِن قَبْلُ وَرُسُلًۭا لَّمْ نَقْصُصْهُمْ عَلَيْكَ ۚ وَكَلَّمَ ٱللَّهُ مُوسَىٰ تَكْلِيمًۭا ﴿١٦٤﴾

Биз сага Куранда аңгемелеп айтып берген элчилер бар, сага айтпаган элчилер да бар. Аларды айтпай коюунун өзүнчө даанышман сыры бар. Ал эми Муса пайгамбар менен Аллах Таала ортомчусуз Өзүнө гана ылайык чыныгы сүйлөшүү менен сүйлөштү, Мусаны урматтаганы үчүн

رُّسُلًۭا مُّبَشِّرِينَ وَمُنذِرِينَ لِئَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى ٱللَّهِ حُجَّةٌۢ بَعْدَ ٱلرُّسُلِ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًۭا ﴿١٦٥﴾

Пайгамбар, элчилерден кийин адамдар Аллах Таалага түрдүү шылтоо айтып, далил кылбоосу үчүн, Аллахка ишенгендерге чоң сооп-сый болорун сүйүнчүлөөчү, ал эми Ага каапыр болгондорго катуу азап болорун айтып коркутуучу кылып бул элчилерди жибердик. Аллах Таала падышалыгында Ызаттуу, ишке ашырууда Даанышман

لَّـٰكِنِ ٱللَّهُ يَشْهَدُ بِمَآ أَنزَلَ إِلَيْكَ ۖ أَنزَلَهُۥ بِعِلْمِهِۦ ۖ وَٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ يَشْهَدُونَ ۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ شَهِيدًا ﴿١٦٦﴾

Оо, элчи, сага яхудилер каапыр болгону менен, Аллах Таала сага түшүрүлгөн Курандын туура, чындык экенин бекемдеп, тасыктап жатат. Аллах Таала Куранды эмнени жакшы көрүп, эмнеге ыраазы болорун, эмнени жек көрүп, эмнеге нааразы болорун пенделерине билдирүүнү каалап, Өз илими менен түшүрдү. (Эй, Мухаммад) Аллахтын күбөлүгү менен бирге периштелер да сага түшкөн Куранга күбөлүк берип жатат. Аллах Таала жетиштүү Күбө, Анын күбөлүгү башкалардын күбөлүгүсүз эле жетиштүү

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَصَدُّوا۟ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ قَدْ ضَلُّوا۟ ضَلَـٰلًۢا بَعِيدًا ﴿١٦٧﴾

Сенин пайгамбарлыгыңа ишенбегендер жана адамдардыисламдан тыйгандар чындыктан аябай алыс кетишти

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَظَلَمُوا۟ لَمْ يَكُنِ ٱللَّهُ لِيَغْفِرَ لَهُمْ وَلَا لِيَهْدِيَهُمْ طَرِيقًا ﴿١٦٨﴾

Аллахка жана Анын элчилерине ишенбегендерди,каапыр тейинде калып өз жандарына залым кылгандарды, ала каапырлыгын улантканысебептүү Аллах Таала кечирбейт жана азаптан кутула турган туура жолгобагыттабайт

إِلَّا طَرِيقَ جَهَنَّمَ خَـٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدًۭا ۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرًۭا ﴿١٦٩﴾

Бирок аларды тозокко алыпбарчу жолго багыттайт, анда түбөлүк калышат. Мындай кылуу Аллах Таалага жеңил, Ал эчнерсени аткара албай калбайт

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ قَدْ جَآءَكُمُ ٱلرَّسُولُ بِٱلْحَقِّ مِن رَّبِّكُمْ فَـَٔامِنُوا۟ خَيْرًۭا لَّكُمْ ۚ وَإِن تَكْفُرُوا۟ فَإِنَّ لِلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًۭا ﴿١٧٠﴾

Оо, адамдар, Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) чынында силерге Аллах Тааладан акыйкат динди, туура жолду алып келди. Ал алып келген динге ишенгиле, бул дүйнөдө да, акыретте да өзүңөргө жакшы. Эгер Аллахка ишенбей каапырлык кылсаңар, Аллах силердин ишенимиңерге муктаж эмес, каапырлыгыңар Ага эч зыянын тийгизбейт. Асмандардагы, жердеги жана булардын ортосундагы бардык мүлк падышалык Аллахка таандык. Аллах Таала туура жолго ким ылайыктуу экенин билет жана ага ал жолго түшүүнү жеңил кылат, ал эми ким ылайык болбосо, аны ал жолдон тыйып коёт, Аллах сөзүндө, ишинде, بلغ Куран · Тафсир шариятында жана тагдыр кылууда Өтө Даанышман

يَـٰٓأَهْلَ ٱلْكِتَـٰبِ لَا تَغْلُوا۟ فِى دِينِكُمْ وَلَا تَقُولُوا۟ عَلَى ٱللَّهِ إِلَّا ٱلْحَقَّ ۚ إِنَّمَا ٱلْمَسِيحُ عِيسَى ٱبْنُ مَرْيَمَ رَسُولُ ٱللَّهِ وَكَلِمَتُهُۥٓ أَلْقَىٰهَآ إِلَىٰ مَرْيَمَ وَرُوحٌۭ مِّنْهُ ۖ فَـَٔامِنُوا۟ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦ ۖ وَلَا تَقُولُوا۟ ثَلَـٰثَةٌ ۚ ٱنتَهُوا۟ خَيْرًۭا لَّكُمْ ۚ إِنَّمَا ٱللَّهُ إِلَـٰهٌۭ وَٰحِدٌۭ ۖ سُبْحَـٰنَهُۥٓ أَن يَكُونَ لَهُۥ وَلَدٌۭ ۘ لَّهُۥ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ ۗ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلًۭا ﴿١٧١﴾

Оо, элчи, Инжилдин ээси болгон христиандарга айт: Диниңерде аша чаппагыла, Аллах Таалага Иса пайгамбар тууралуу чындыкты гана айткыла, чынында Мариямдын уулу Иса Масих чыныгы дин менен Аллах Таала чыгарган элчи, аны Жебирейилди Мариямга жиберип Өзүнүн бир ооз сөзү менен жараткан, ал сөзү "бол" деген сөз, ошону менен "болуп" калды. Ал Аллахтын буйругу менен Жебирейил үйлөгөн Аллахтын деми. Аллахка жана Анын элчилерине бири-биринен ажыратпастан ишенгиле. Аллахты үчөө дебегиле, бул жалган, бузуку сөзүңөрдү токтоткула, токтотконуңар дүйнө жана акыретте өзүңөргө жакшы. Аллах Таала чынында Жалгыз шериги, баласы болуудан аруу-таза, Ал муктаж эмес, Асмандагы, жердеги жана булардын ортосундагы мүлк, падышалыктын баары Аныкы, асман-жердегинин баарын көзөмөлдөп, башкарууга Жетиштүү

لَّن يَسْتَنكِفَ ٱلْمَسِيحُ أَن يَكُونَ عَبْدًۭا لِّلَّهِ وَلَا ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ ٱلْمُقَرَّبُونَ ۚ وَمَن يَسْتَنكِفْ عَنْ عِبَادَتِهِۦ وَيَسْتَكْبِرْ فَسَيَحْشُرُهُمْ إِلَيْهِ جَمِيعًۭا ﴿١٧٢﴾

فسيحشرهم إليه جميعا Мариямдын уулу Иса Аллахка кул болуудан арданган жана тыйылган жок, Аллах Өзүнө жакын кылган периштелер да Ага кул болууга арданган жок. Анан кантип силер Исаны кудай санайсыңар?! Ким Аллахка ибадат кылуудан арданып, текеберленсе, кыямат күнү Аллах Таала алардын баарын жыйнайт жана ар бирин өзүнө жараша жазалайт

فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ فَيُوَفِّيهِمْ أُجُورَهُمْ وَيَزِيدُهُم مِّن فَضْلِهِۦ ۖ وَأَمَّا ٱلَّذِينَ ٱسْتَنكَفُوا۟ وَٱسْتَكْبَرُوا۟ فَيُعَذِّبُهُمْ عَذَابًا أَلِيمًۭا وَلَا يَجِدُونَ لَهُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ وَلِيًّۭا وَلَا نَصِيرًۭا ﴿١٧٣﴾

Ал эми Аллахка ишенип, Анын элчилерин тастыктап, шариятка ылайык иштерди Аллахка ыклас кылып аткаргандарга, алардын иштеринин сооп-сыйын эч кемитпестен берет. Андан сырткары аларга Аллах Өзүнүн артыкчлык, жакшылыктарынан кошумча кылат. А Аллахка баш ийүүдөн, ибадат кылуудан арданып текеберленгендерди кордоочу азап менен кыйнайт, ошондо алар аларга пайда берчү Аллахтан башка досту, алардызыяндан сактоочу Аллахтан башка жардамчынытаба албайт

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ قَدْ جَآءَكُم بُرْهَـٰنٌۭ مِّن رَّبِّكُمْ وَأَنزَلْنَآ إِلَيْكُمْ نُورًۭا مُّبِينًۭا ﴿١٧٤﴾

Оо, адамдар, чынында Жаратуучуңардан силердин шылтооңорду жоюп, күмөнүңөрдү кетире турган чоң далил келди. Ал - Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгыжана мактоо дубасыболсун) жана силерге ачык-айкын жарык нурду түшүрдүк, бул - Куран

فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ بِٱللَّهِ وَٱعْتَصَمُوا۟ بِهِۦ فَسَيُدْخِلُهُمْ فِى رَحْمَةٍۢ مِّنْهُ وَفَضْلٍۢ وَيَهْدِيهِمْ إِلَيْهِ صِرَٰطًۭا مُّسْتَقِيمًۭا ﴿١٧٥﴾

Аллахка ишенип, пайгамбарына түшкөн Куранды бекем кармангандарды бейишке киргизүү менен аларга ырайымын төгөт, сооп-сыйларын арттырат, даражаларын көтөрөт. олку-солкусу жок туура жолготүшүүгө аларга بلغ Куран · Тафсир жеңилдик берет, бул жол Адн бейишине алап бара турган жол

يَسْتَفْتُونَكَ قُلِ ٱللَّهُ يُفْتِيكُمْ فِى ٱلْكَلَـٰلَةِ ۚ إِنِ ٱمْرُؤٌا۟ هَلَكَ لَيْسَ لَهُۥ وَلَدٌۭ وَلَهُۥٓ أُخْتٌۭ فَلَهَا نِصْفُ مَا تَرَكَ ۚ وَهُوَ يَرِثُهَآ إِن لَّمْ يَكُن لَّهَا وَلَدٌۭ ۚ فَإِن كَانَتَا ٱثْنَتَيْنِ فَلَهُمَا ٱلثُّلُثَانِ مِمَّا تَرَكَ ۚ وَإِن كَانُوٓا۟ إِخْوَةًۭ رِّجَالًۭا وَنِسَآءًۭ فَلِلذَّكَرِ مِثْلُ حَظِّ ٱلْأُنثَيَيْنِ ۗ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمْ أَن تَضِلُّوا۟ ۗ وَٱللَّهُ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌۢ ﴿١٧٦﴾

إ ه ه Оо, элчи,сенден "калала"кишиден калган мурас жөнүндө өкүм сурашат. Калала дегени - баласыжок, атасыда жок кайтыш болгон киши. Аларга мындай кишинин мурасы тууралуу Аллах Таала минтип баян кылды деп айт: каза болгон кишинин баласы да, атасы да жок болсо, бирок анын бир тууган эжеси же карындашы болсо, же атасынын бир тууган эжеси же карындашыболсо, анда маркумдан калган мүлктүн тең жарымымилдеттүү түрдө ошол аялга тиет. А эгер аял киши каза болсоэркек бир тууганы, же атасынын эркек бир тууганыболуп, андан башка милдеттүү түрдө мурас ала турган эч ким болбосо, анда ал калган мүлктү толук алат. Эгер милдеттүү түрдө мурас бөлүнө турган адамы болсо, анда башкалар андан кийин гана алат. Эгер бир тууган эже-карындаштары, же атасы менен бир тууган эже-карындаштарыэкөө же андан көп болсо,аларга үчтөн бири милдеттүүтиет.А эгер маркумдун аял- эркек бир туугандары, же атасынын аял-эркек бир туугандарыболсо, анда тууганчылыктагыэреже боюнча алышат (бир эркекке эки аялдын үлүшү) аялдын үлүшүнөн эркектин үлүшү эки эсе көп болот. Силер мурас ишинде адашпооңор үчүн АллахТаала ушинтип калаланын жана башкалардын мурас өкүмүн баяндап берди.АллахТаала бардык нерсени билүүчү, Ага эчнерсе билинбей калбайт. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · An-Nisaa — النساء

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил