Башкы бетТафсирAal-i-Imraan (3)

Тафсир Aal-i-Imraan (3) — آل عمران

Мединалык · 200 аят

Окуу · УгууPDF файл

الٓمٓ ﴿١﴾

Алиф, лаам, миим. Бул бириндеген тамгалар тууралуу бакара сүрөөсүнүн башында келген. Мында арабдар ушул сыяктуу Куранды алып келе албастыгына ишараттар бар. Болбосо Куран бул сүрөөнүн башында келген жана алар сөз жасоодоколдонгон тамгалардан эле куралган

ٱللَّهُ لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلْحَىُّ ٱلْقَيُّومُ ﴿٢﴾

Аллах – жалгыз Андан башка сыйынынууга татыктуу кудай жок. Ал түбөлүк Тирүү, анда эч кандай өлүм да, кемчилик да болбойт. Ал Өзү жеке бүт баарын кармап Туруучу жана жараткандарынын эч бирине муктаж эмес. Бардык макулуктар Ал себептүүкармалып турат жана алар бардык абалдарында Ага муктаж

نَزَّلَ عَلَيْكَ ٱلْكِتَـٰبَ بِٱلْحَقِّ مُصَدِّقًۭا لِّمَا بَيْنَ يَدَيْهِ وَأَنزَلَ ٱلتَّوْرَىٰةَ وَٱلْإِنجِيلَ ﴿٣﴾

مِن قَبْلُ هُدًۭى لِّلنَّاسِ وَأَنزَلَ ٱلْفُرْقَانَ ۗ إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِـَٔايَـٰتِ ٱللَّهِ لَهُمْ عَذَابٌۭ شَدِيدٌۭ ۗ وَٱللَّهُ عَزِيزٌۭ ذُو ٱنتِقَامٍ ﴿٤﴾

Оо, пайгамбар! Ал сага окуяларда жана өкүмдөрдөгү адилеттикте мурдагы илахий китептерге ылайык келген Куранды акыйкат менен түшүрдү жана алардын ортосунда эч кандай карама-каршылык жок. Ошондой эле сага Куран түшүрүлгөнгө чейин Мусага Тооратты, Исага Инжилди түшүргөн. Бул илахий китептердин баарысы адамдардын дининин жана дүйнөсүнүн оңолуусуна туура жол жана багыт көрсөтүүчү. Ал акыйкатты жалгандан, туура жолду адашуудан айырмалап көрсөткөн Фурканды (ажыратуучу) түшүрдү. Ал эми Аллахтын сага түшүргөн аяттарына каапырлык кылгандар үчүн катуу азап бар. Аллах – Ага эч бир нерсе үстөмдүк кыла албаган кудуреттүү жана Анын элчилерин жалганга чыгарып, Анын буйругуна каршычыккандардан өч алуучу

إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَخْفَىٰ عَلَيْهِ شَىْءٌۭ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَا فِى ٱلسَّمَآءِ ﴿٥﴾

ى Чындыгында жердеги жана асмандагы эч бир нерсе Аллахка жашыруун эмес. Анын илими сырткы жана ички бардык нерселерди камтыган

هُوَ ٱلَّذِى يُصَوِّرُكُمْ فِى ٱلْأَرْحَامِ كَيْفَ يَشَآءُ ۚ لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ ﴿٦﴾

Ал силерди энеңердин курсагында Өзү каалагандай уул же кыз, жакшы же жаман, ак же кара кылып ар кандай көрүнүштө жаратты. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Ал жеңилбеген кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, башкаруусунда, шариятында Даанышман. بلغ Куран · Тафсир

هُوَ ٱلَّذِىٓ أَنزَلَ عَلَيْكَ ٱلْكِتَـٰبَ مِنْهُ ءَايَـٰتٌۭ مُّحْكَمَـٰتٌ هُنَّ أُمُّ ٱلْكِتَـٰبِ وَأُخَرُ مُتَشَـٰبِهَـٰتٌۭ ۖ فَأَمَّا ٱلَّذِينَ فِى قُلُوبِهِمْ زَيْغٌۭ فَيَتَّبِعُونَ مَا تَشَـٰبَهَ مِنْهُ ٱبْتِغَآءَ ٱلْفِتْنَةِ وَٱبْتِغَآءَ تَأْوِيلِهِۦ ۗ وَمَا يَعْلَمُ تَأْوِيلَهُۥٓ إِلَّا ٱللَّهُ ۗ وَٱلرَّٰسِخُونَ فِى ٱلْعِلْمِ يَقُولُونَ ءَامَنَّا بِهِۦ كُلٌّۭ مِّنْ عِندِ رَبِّنَا ۗ وَمَا يَذَّكَّرُ إِلَّآ أُو۟لُوا۟ ٱلْأَلْبَـٰبِ ﴿٧﴾

Оо, пайгамбар! Ал сага Куранды түшүрдү. Анда эч кандай бүдөмүгү жок, мааниси айкын аяттар бар. Алар китептин негизин жана көпчүлүгүн түзөт жана талаш-тартышта негизги таяныч булак болуп саналат. Ошондой эле анда бир нече маанини туюнткан аяттар да бар, алардын мааниси көпчүлүк адамдар үчүн түшүнүксүз. Ал эми жүрөгүндө акыйкаттан четтеген адамдар мааниси айкын аяттарды таштап, ыктымалдуулугу бар бүдөмүк аяттарды карманышат. Алар муну менен шек салууну жаратып, адамдарды адаштырууну көздөшөт жана муну менен аларды өздөрүнүн адашкан жолдоруна тууралап, напси каалоолоруна жараша чечмелөөгө аракет жасашат. Бул аяттардын чыныгы маанилерин жана алардын акыркы жыйынтыгын Аллах гана билет. Ал эми илими тереңдер жана күчтүүлөр: «Биз Курандын баарына ыйман келтирдик, анткени анын баары Раббибизден» – деп айтышат жана мааниси бүдөмүк аяттарды андагы айкын маанидеги аяттар менен чечмелешет. Туура акыл калчаган адамдар гана үлгү,сабак алышат

رَبَّنَا لَا تُزِغْ قُلُوبَنَا بَعْدَ إِذْ هَدَيْتَنَا وَهَبْ لَنَا مِن لَّدُنكَ رَحْمَةً ۚ إِنَّكَ أَنتَ ٱلْوَهَّابُ ﴿٨﴾

Ошол терең илимдүүлөр айтышат: «Раббибиз, бизди акыйкат жолго салганыңдан кийин жүрөгүбүздү андан бурба, акыйкаттан четтеп адашкандардын башына түшкөн нерседен сакта, Өзүң тараптан жүрөктөрүбүздү туура жолго багыттаган кенен ырайымды тартуула жана аны менен бизди адашуудан сакта. Оо, Раббибиз! Чындыгында Сен эч нерсени аябаган Берешенсиң

رَبَّنَآ إِنَّكَ جَامِعُ ٱلنَّاسِ لِيَوْمٍۢ لَّا رَيْبَ فِيهِ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُخْلِفُ ٱلْمِيعَادَ ﴿٩﴾

Раббибиз, Сен эч кандай шек-күмөнү жок, сөзсүз келе турган күндө бардык адамдарды сурак алуу үчүн Өзүңө чогултасың. Оо, Раббибиз! Чындыгында Сен убаданы бузбайсың»

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَن تُغْنِىَ عَنْهُمْ أَمْوَٰلُهُمْ وَلَآ أَوْلَـٰدُهُم مِّنَ ٱللَّهِ شَيْـًۭٔا ۖ وَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمْ وَقُودُ ٱلنَّارِ ﴿١٠﴾

Аллахка жана Анын элчилерине каапырлык кылгандарды мал-мүлктөрү жана бала-чакасы бул дүйнөдө да, акыретте да кутката албайт. Мына ушундай сапаттарга ээ болгондор кыямат күнү күйүүчү тозок отундары

كَدَأْبِ ءَالِ فِرْعَوْنَ وَٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ ۚ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَـٰتِنَا فَأَخَذَهُمُ ٱللَّهُ بِذُنُوبِهِمْ ۗ وَٱللَّهُ شَدِيدُ ٱلْعِقَابِ ﴿١١﴾

Бул каапырлардын абалы Фараондун үй-бүлөсү жана алардан мурун Аллахка каапырлык кылып, Анын аят- белгилерин жалганга чыгаргандардын абалына окшош. Аллах аларды күнөөлөрү үчүн жазалады жана аларга мал- мүлкү да, бала-чакасы да пайда келтирген жок. Аллахка каапырлык кылгандарга жана Анын аят-белгилерин жалганга чыгаргандарга Анын жазасыкатаал

قُل لِّلَّذِينَ كَفَرُوا۟ سَتُغْلَبُونَ وَتُحْشَرُونَ إِلَىٰ جَهَنَّمَ ۚ وَبِئْسَ ٱلْمِهَادُ ﴿١٢﴾

Оо, пайгамбар! Ар кайсы диндеги каапырларга айт: «Жакында ыймандуулар силердин үстүңөрдөн жеңишке жетип, каапырлыкта өлөсүңөр. Аллах силерди тозок отуна чогултат. Ал силер үчүн кандай жаман жай». بلغ Куран · Тафсир

قَدْ كَانَ لَكُمْ ءَايَةٌۭ فِى فِئَتَيْنِ ٱلْتَقَتَا ۖ فِئَةٌۭ تُقَـٰتِلُ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ وَأُخْرَىٰ كَافِرَةٌۭ يَرَوْنَهُم مِّثْلَيْهِمْ رَأْىَ ٱلْعَيْنِ ۚ وَٱللَّهُ يُؤَيِّدُ بِنَصْرِهِۦ مَن يَشَآءُ ۗ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَعِبْرَةًۭ لِّأُو۟لِى ٱلْأَبْصَـٰرِ ﴿١٣﴾

Бадр күнү согушуу үчүн беттешкен эки жоодо силер үчүн өрнөктөр жана белгилер бар. Алардын бири – ыймандуулар тайпасы,алар Аллахтын сөзүбийик жана каапырлардын сөзүтөмөн болуусуүчүн согушкан Аллахтын элчиси жана анын сахабалары.Алэми экинчиси – каапырлар тайпасы,алар элкөрсүн үчүн менменсинип,уруусуна берилген абалда чыккан Мекке каапырлары. Ыймандуулар алардын чындап эле эки эсе көп экенин өз көздөрү менен көрүштү. Ошондо Аллах досторуна жардам берди. Аллах кимге кааласа Өз жеңиши менен колдоо көрсөтөт. Саны аз болсо да жеңиш ыйман ээлери тарапта, саны көп болсо да жеңилүү жалган ээлери тарапта экенин билүүлөрүүчүн мында акылээлери үчүн үлгүлөр жана сабактар бар

زُيِّنَ لِلنَّاسِ حُبُّ ٱلشَّهَوَٰتِ مِنَ ٱلنِّسَآءِ وَٱلْبَنِينَ وَٱلْقَنَـٰطِيرِ ٱلْمُقَنطَرَةِ مِنَ ٱلذَّهَبِ وَٱلْفِضَّةِ وَٱلْخَيْلِ ٱلْمُسَوَّمَةِ وَٱلْأَنْعَـٰمِ وَٱلْحَرْثِ ۗ ذَٰلِكَ مَتَـٰعُ ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا ۖ وَٱللَّهُ عِندَهُۥ حُسْنُ ٱلْمَـَٔابِ ﴿١٤﴾

Аллах таала адамдарды сыноо үчүн дүйнө кумарларына болгон сүйүүнү, мисалы, аялдарды, уул балдарды, алтын- күмүштөн чогулган көп байлыктарды, үйрөтүлгөн асыл жылкыларды, төө, уй, кой сыяктуу үй жаныбарларын, айдоо жерлерди кооз кылып көрсөтүп койгондугун айтты. Булар аз гана убакыт пайдаланылып жок боло турган дүйнө жашоосунун ырахаты. Ошондуктан ыймандуу адам буларга байланбашы керек. Ал эми Аллахтын алдында кайтып баруучуэң сонун жай бар,аласмандар менен жердин кеңдигиндей болгон бейиш

۞ قُلْ أَؤُنَبِّئُكُم بِخَيْرٍۢ مِّن ذَٰلِكُمْ ۚ لِلَّذِينَ ٱتَّقَوْا۟ عِندَ رَبِّهِمْ جَنَّـٰتٌۭ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَـٰرُ خَـٰلِدِينَ فِيهَا وَأَزْوَٰجٌۭ مُّطَهَّرَةٌۭ وَرِضْوَٰنٌۭ مِّنَ ٱللَّهِ ۗ وَٱللَّهُ بَصِيرٌۢ بِٱلْعِبَادِ ﴿١٥﴾

ه Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силерге бул кумарлардан да жакшыраак нерсени айтайынбы?». Аллахка иш жүзүндө моюн сунуп жана Ага баш ийбестик кылуунуташтап Андан корккондор үчүн хан сарайларынын жана бактарынын астынан дарыялар агып турган бейиштер бар,алар алжайда өлбөстөн жана жок болбостон түбөлүк калышат жана алар үчүн жаралуусунда жана кулк-мүнөзүндө бардык жамандыктардан таза болгон аялдар бар. Ушуну менен бирге алар үчүн Аллахтан болгон ыраазылык бар жана Ал аларга эч качан ачууланбайт. Аллах пенделеринин абалдарын Көрүүчү. Алардын эч нерсеси Ага жашыруун эмес. Жакында аларга сыйлыгын берет

ٱلَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَآ إِنَّنَآ ءَامَنَّا فَٱغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَا وَقِنَا عَذَابَ ٱلنَّارِ ﴿١٦﴾

Мына ушул бейиш адамдары дубаларында Раббисине айтышат: «Раббибиз, биз Сага жана Сенин элчилериңе түшүргөн нерселерге ыйман келтирдик,Сенин шариятыңдыээрчидик.Эми биздин кылган күнөөлөрүбүздүкечир жана бизди тозок азабынан алыстат»

ٱلصَّـٰبِرِينَ وَٱلصَّـٰدِقِينَ وَٱلْقَـٰنِتِينَ وَٱلْمُنفِقِينَ وَٱلْمُسْتَغْفِرِينَ بِٱلْأَسْحَارِ ﴿١٧﴾

Алар ибадаттарды аткарууда, күнөөлөрдү таштоодо жана баштарына түшкөн сыноодо сабыр кылуучулар, сөздөрүндө жана иш-аракеттеринде чынчылдар, Аллахка толук моюн сунгандар, мал-мүлктөрүн Аллах жолуна сарптагандар, түндүн акырында кечирим сурагандар, анткени бул учурда дубанын кабыл болуу ыктымалы жогору жана жүрөк түйшүктөрдөн алыс болот. بلغ Куран · Тафсир

شَهِدَ ٱللَّهُ أَنَّهُۥ لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ وَٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ وَأُو۟لُوا۟ ٱلْعِلْمِ قَآئِمًۢا بِٱلْقِسْطِ ۚ لَآ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ ﴿١٨﴾

Аллах Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок экенине күбөлүк берди. Мунун себеби Ал Өзүнүн сыйынууга татыктуулугун көрсөткөн шарияттык жана ааламдык аят-белгилерди белгиледи. Жана буга периштелер күбөлүк беришти. Ошондой эле буга илим ээлери да жалгыз кудайлуулукту (таухид) түшүндүрүү жана ага чакыруу менен күбөлүк беришти. Алар эң чоң күбөлүк болгон Аллахтын жалгыздыгына (таухид) жана Анын жараткандарында, шариятында адилеттүүлүктү орнотуусуна күбөлүк беришти. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Ал жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман

إِنَّ ٱلدِّينَ عِندَ ٱللَّهِ ٱلْإِسْلَـٰمُ ۗ وَمَا ٱخْتَلَفَ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَـٰبَ إِلَّا مِنۢ بَعْدِ مَا جَآءَهُمُ ٱلْعِلْمُ بَغْيًۢا بَيْنَهُمْ ۗ وَمَن يَكْفُرْ بِـَٔايَـٰتِ ٱللَّهِ فَإِنَّ ٱللَّهَ سَرِيعُ ٱلْحِسَابِ ﴿١٩﴾

ه Акыйкатта Аллахтын алдында кабыл боло турган дин – Ислам. Ал – ибадат кылуу аркылуу Аллахтын Өзүнө гана моюн сунуу жана кулчулук кылуу менен Ага толук берилүү, ошондой эле акыркы пайгамбар Мухаммадга чейинки бардык пайгамбарларга ыйман келтирүү. Аллах аны менен пайгамбарчылыкты жыйынтыктады жана анын шариятынан башкасы кабыл кылынбайт. Жөөттөр менен христиандар өздөрүнө келген илим себептүү далил келтирилгенден кийин көрө албастыктан жана дүйнөгө берилгендиктен улам диндеринде талашып-тартышып, агымдарга жана жамааттарга бөлүнүп кетишти. Кимде-ким Аллахтын элчисине түшүргөн аяттарына каапырлык кылса, анда Аллах Өзүнө каапырлык кылгандардын жана Анын элчилерин жалганга чыгаргандардын эсебин тез берүүчү

فَإِنْ حَآجُّوكَ فَقُلْ أَسْلَمْتُ وَجْهِىَ لِلَّهِ وَمَنِ ٱتَّبَعَنِ ۗ وَقُل لِّلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَـٰبَ وَٱلْأُمِّيِّـۧنَ ءَأَسْلَمْتُمْ ۚ فَإِنْ أَسْلَمُوا۟ فَقَدِ ٱهْتَدَوا۟ ۖ وَّإِن تَوَلَّوْا۟ فَإِنَّمَا عَلَيْكَ ٱلْبَلَـٰغُ ۗ وَٱللَّهُ بَصِيرٌۢ بِٱلْعِبَادِ ﴿٢٠﴾

Оо, пайгамбар! Эгер алар сага түшүрүлгөн акыйкат жөнүндө сени менен талашып-тартышса, анда аларга: «Мен жана ыймандуулардан мени ээрчигендер Аллах таалага моюн сундук» – деп жооп бер. Оо, пайгамбар! Китеп ээлерине жана мушриктерге айт: «Мен алып келген нерсеге ээрчип, Аллах таалага чын ыкластан моюн сундуңарбы?». Эгер алар Аллахка моюн сунуп, сенин шариятыңды ээрчишсе, анда алар туура жолго түшкөн болот. А эгер Исламдан баш тартышса, анда сен жиберилген нерсени гана жеткирүүгө милдеттүүсүң. Ал эми алардын ишин Аллах чечет, Ал пенделерин Көрүүчү. Жакында ар биринин кылган иш-аракетине жараша сыйлыгын же жазасын берет

إِنَّ ٱلَّذِينَ يَكْفُرُونَ بِـَٔايَـٰتِ ٱللَّهِ وَيَقْتُلُونَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ بِغَيْرِ حَقٍّۢ وَيَقْتُلُونَ ٱلَّذِينَ يَأْمُرُونَ بِٱلْقِسْطِ مِنَ ٱلنَّاسِ فَبَشِّرْهُم بِعَذَابٍ أَلِيمٍ ﴿٢١﴾

بعذاب أليم Аллахтын аларга түшүргөн далилдерине каапырлык кылгандар жана укугу жок туруп зулумдук жана душмандык менен пайгамбарларын өлтүргөндөр, ошондой эле адамдарды жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйып, аларды адилеттүүлүккө чакыргандарды өлтүргөн канкор каапырларга кыйноочу азапты сүйүнчүлө. بلغ Куран · Тафсир

أُو۟لَـٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ حَبِطَتْ أَعْمَـٰلُهُمْ فِى ٱلدُّنْيَا وَٱلْـَٔاخِرَةِ وَمَا لَهُم مِّن نَّـٰصِرِينَ ﴿٢٢﴾

Мындай сыпаттагы адамдардын иш-аракеттери жокко чыгарылат жана Аллахка ыйман келтиришпегени үчүн алардын пайдасын дүйнөдө да, акыретте да көрүшпөйт. Аларды азаптан куткара турган эч бир жардамчы болбойт

أَلَمْ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ نَصِيبًۭا مِّنَ ٱلْكِتَـٰبِ يُدْعَوْنَ إِلَىٰ كِتَـٰبِ ٱللَّهِ لِيَحْكُمَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ يَتَوَلَّىٰ فَرِيقٌۭ مِّنْهُمْ وَهُم مُّعْرِضُونَ ﴿٢٣﴾

م عرضون Оо, пайгамбар! Аллах Тоорат илиминин бир бөлүгүн жана сенин пайгамбарлыгыңа далил болгон нерселерди берген жөөттөрдүн абалына карабайсыңбы? Алар өз ара талашып-тартышкан нерселерде өкүм чыгаруу үчүн Аллахтын китеби Тооратка кайтууга чакырылат, анан алардын аалымдарыменен башчыларынын бир тобу анын өкүмү алардын напси каалоолоруна туура келбегени үчүн андан жүз буруп кайтып кетишет. Эгерде алар ага ээрчийбиз деп ойлогондой болгондо, анда алар адамдардын ичинен аны менен өкүм кылууга эң шашылгандардан болушмак

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُوا۟ لَن تَمَسَّنَا ٱلنَّارُ إِلَّآ أَيَّامًۭا مَّعْدُودَٰتٍۢ ۖ وَغَرَّهُمْ فِى دِينِهِم مَّا كَانُوا۟ يَفْتَرُونَ ﴿٢٤﴾

Акыйкаттан минтип бурулуунун жана андан жүз буруунун себеби,алар кыямат күнүбир нече күн эле тозоктоболуп, кийин бейишке киребиз деп айтышат эле.Алардыбулишеним алдап койду.Алар мунужалган нерселерден ойлоп таап, Аллахка жана Анын динине асылышты. فكيف إذا جمعنهم ليوم لا ريب فيهووفيت كل نفس ما كسبت وهم لا يظلمون

فَكَيْفَ إِذَا جَمَعْنَـٰهُمْ لِيَوْمٍۢ لَّا رَيْبَ فِيهِ وَوُفِّيَتْ كُلُّ نَفْسٍۢ مَّا كَسَبَتْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ ﴿٢٥﴾

Эми алардын абалы жана өкүнүчү кандай болот? Биз аларды эч кандай шек-күмөнү жок кыямат күнү чогултканда эң жаман болот. Ошондо ар бир жанга кылган ишине жараша сыйлыгы же жазасы берилет, анын жакшылыктары азайтылып же күнөөлөрүкөбөйтүлүп зулумдук кылынбайт

قُلِ ٱللَّهُمَّ مَـٰلِكَ ٱلْمُلْكِ تُؤْتِى ٱلْمُلْكَ مَن تَشَآءُ وَتَنزِعُ ٱلْمُلْكَ مِمَّن تَشَآءُ وَتُعِزُّ مَن تَشَآءُ وَتُذِلُّ مَن تَشَآءُ ۖ بِيَدِكَ ٱلْخَيْرُ ۖ إِنَّكَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرٌۭ ﴿٢٦﴾

ى Оо, пайгамбар! Раббиңди мактоо жана улуктоо менен минтип айт: «Оо, Аллах! Сен дүйнө жана акыреттеги бардык мүлктүн Падышасысың. Жараткандарыңдын кимисине кааласаң мүлк бересиң, кимисинен кааласаң тартып аласың, алардын каалаганын ардактуу кыласың, каалаганын кор кыласың. Мунун баары Сенин даанышмандыгыңдан жана адилеттүүлүгүңдөн. Бардык жакшылык жалгыз Сенин колуңда жана Сен бардык нерсеге кудуреттүүсүң

تُولِجُ ٱلَّيْلَ فِى ٱلنَّهَارِ وَتُولِجُ ٱلنَّهَارَ فِى ٱلَّيْلِ ۖ وَتُخْرِجُ ٱلْحَىَّ مِنَ ٱلْمَيِّتِ وَتُخْرِجُ ٱلْمَيِّتَ مِنَ ٱلْحَىِّ ۖ وَتَرْزُقُ مَن تَشَآءُ بِغَيْرِ حِسَابٍۢ ﴿٢٧﴾

بغير حساب Сенин кудуреттүүлүгүңдүн көрүнүштөрүнөн, Сен түндү күндүзгө киргизип, күндүздүн убактысын узартасың, күндүздү түнгө киргизип, түндүн убактысын узартасың. Каапырдан ыймандууну, уруктан өсүмдүктөрдү чыгарган сыяктуу өлүктөн тирүүнү чыгарасың жана ыймандуудан каапырды, жумурткадан жөжөнү чыгарган сыяктуу بلغ Куран · Тафсир тирүүдөн өлүктү чыгарасың. Жана кимге кааласаң, эсептебестен жана санабастан кенен ырыскыбересиң»

لَّا يَتَّخِذِ ٱلْمُؤْمِنُونَ ٱلْكَـٰفِرِينَ أَوْلِيَآءَ مِن دُونِ ٱلْمُؤْمِنِينَ ۖ وَمَن يَفْعَلْ ذَٰلِكَ فَلَيْسَ مِنَ ٱللَّهِ فِى شَىْءٍ إِلَّآ أَن تَتَّقُوا۟ مِنْهُمْ تُقَىٰةًۭ ۗ وَيُحَذِّرُكُمُ ٱللَّهُ نَفْسَهُۥ ۗ وَإِلَى ٱللَّهِ ٱلْمَصِيرُ ﴿٢٨﴾

ه Оо, ыймандуулар! Ыймандуулардын ордуна каапырларды сүйүктүү жана жардамчы дос кылып албагыла. Ким ушундай кылса, ал Аллахтан баш тартты жана Аллах да андан баш тартты. Бирок силер алардын бийлик астында болуп, өзүңөр үчүн корксоңор, анда аларга болгон душмандыгыңарды жашыруу менен сөзүңөрдө жумшактыкты жана ишиңерде сыпайылыкты көрсөтүп, алардын зыянан сактансаңар күнөө эмес. Аллах силерди Өзүнөн эскертет, андыктан Андан корккула жана күнөө кылып Анын каарына калбагыла. Пенделер иш-аракеттеринин сыйлыгын же жазасын алууүчүн кыямат күнү Аллахка гана кайтышат

قُلْ إِن تُخْفُوا۟ مَا فِى صُدُورِكُمْ أَوْ تُبْدُوهُ يَعْلَمْهُ ٱللَّهُ ۗ وَيَعْلَمُ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ ۗ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرٌۭ ﴿٢٩﴾

شىء قدير Оо, пайгамбар! Айткын: «Каапырлар менен достошуу сыяктуу Аллах тыйган нерселерди көкүрөгүңөргө жашырасыңарбы же ачыкка чыгарасыңарбы, Аллах аны билет. Алардын эч бир нерсеси Ага жашыруун эмес. Ал асмандардагыжана жердеги нерселерди билет. Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, алардын эч бири Аныалсырата албайт»

يَوْمَ تَجِدُ كُلُّ نَفْسٍۢ مَّا عَمِلَتْ مِنْ خَيْرٍۢ مُّحْضَرًۭا وَمَا عَمِلَتْ مِن سُوٓءٍۢ تَوَدُّ لَوْ أَنَّ بَيْنَهَا وَبَيْنَهُۥٓ أَمَدًۢا بَعِيدًۭا ۗ وَيُحَذِّرُكُمُ ٱللَّهُ نَفْسَهُۥ ۗ وَٱللَّهُ رَءُوفٌۢ بِٱلْعِبَادِ ﴿٣٠﴾

Кыямат күнү ар бир жан кылган жакшыиштерине туш болот, алар эч кемитилбестен алып келинет, ал эми жаман иштерди кылган адам, ал экөөнүн ортосунда узак убакыт болсо деп тилейт. Бирок тилеги кантип кабыл болсун! Аллах силерди Өзүнөн эскертет, андыктан күнөө кылып Анын каарына калбагыла. Аллах пенделерине Боорукер, ошондуктан аларга эскертет жана коркутат

قُلْ إِن كُنتُمْ تُحِبُّونَ ٱللَّهَ فَٱتَّبِعُونِى يُحْبِبْكُمُ ٱللَّهُ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ ۗ وَٱللَّهُ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ ﴿٣١﴾

Оо, пайгамбар! Айткын: «Эгер Аллахты чындап сүйсөңөр, анда мен алып келген нерсеге ичиңерден жана сыртыңардан ээрчигиле. Ошондо Аллахтын сүйүүсүнө жетесиңер жана Ал күнөөлөрүңөрдү кечирет. Аллах тообо кылган пенделерине кечиримдүү, аларга ырайымдуу»

قُلْ أَطِيعُوا۟ ٱللَّهَ وَٱلرَّسُولَ ۖ فَإِن تَوَلَّوْا۟ فَإِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ ٱلْكَـٰفِرِينَ ﴿٣٢﴾

Оо, пайгамбар! Айткын: «Буйруктарды аткарып, тыюуларды таштоо менен Аллахка баш ийгиле жана Анын элчисине моюн сунгула». Эгерде алар мындан жүз бурушса, анда Аллах Анын буйругуна жана элчисинин буйругуна каршы чыккан каапырларды жакшы көрбөйт. بلغ Куран · Тафсир

۞ إِنَّ ٱللَّهَ ٱصْطَفَىٰٓ ءَادَمَ وَنُوحًۭا وَءَالَ إِبْرَٰهِيمَ وَءَالَ عِمْرَٰنَ عَلَى ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٣٣﴾

Чындыгында Аллах Адам атаны тандап, ага периштелерди сажда кылдырды. Нухту тандап, аны жер жүзүнө биринчи элчи кылды. Ибрахимдин үй-бүлөсүн тандап, анын урпактарына пайгамбарлыкты кылды. Ошондой Имрамдын үй-бүлөсүн да тандады.Ушулардын баарысын тандап,өз доорундагыадамдардан артык кылды

ذُرِّيَّةًۢ بَعْضُهَا مِنۢ بَعْضٍۢ ۗ وَٱللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ ﴿٣٤﴾

Мына ушул аталган пайгамбарлар жана алардын жолун жолдогон урпактары – алар Аллахты жалгыздоодо жана жакшылык иштерди кылууда биринин артынан бири келген урпактар.Алар бири-биринен асылсыпаттардыжана артыкчылыктарды мураска алышкан. Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Билүүчү. Ошол себептен алардын арасынан Өзүкаалагандарын тандайт

إِذْ قَالَتِ ٱمْرَأَتُ عِمْرَٰنَ رَبِّ إِنِّى نَذَرْتُ لَكَ مَا فِى بَطْنِى مُحَرَّرًۭا فَتَقَبَّلْ مِنِّىٓ ۖ إِنَّكَ أَنتَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ ﴿٣٥﴾

Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Имрандын аялы (Мариямдын энеси) айтты: «Оо, Раббим! Мен курсагымдагы баланы Сага жана Сенин үйүңө кызмат кылуусу үчүн Сенин Жүзүңдү көздөп бүткүл нерседен бошотууну өзүмө милдет кылдым. Муну менден кабыл кыл. Чындыгында Сен дубамды Угуучусуң, ниетимди Билүүчүсүң»

فَلَمَّا وَضَعَتْهَا قَالَتْ رَبِّ إِنِّى وَضَعْتُهَآ أُنثَىٰ وَٱللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا وَضَعَتْ وَلَيْسَ ٱلذَّكَرُ كَٱلْأُنثَىٰ ۖ وَإِنِّى سَمَّيْتُهَا مَرْيَمَ وَإِنِّىٓ أُعِيذُهَا بِكَ وَذُرِّيَّتَهَا مِنَ ٱلشَّيْطَـٰنِ ٱلرَّجِيمِ ﴿٣٦﴾

Ал уул төрөйм деп үмүт кылып жүрүп, айы-күнү жетип төрөгөндө өкүнүп: «Оо, Раббим! Мен кыз төрөдүм» – деди. Аллах анын ким төрөгөнүн жакшы билет. Ал үмүт кылып күткөн уул күч-кубат жана турпат жактан ага берилген кыздай эмес.Ал:«Мен анын атын Мариям койдум,аныжана анын урпактарын ырайымыңдан куулган шайтандан коргоону Өзүңө тапшырдым» – деди

فَتَقَبَّلَهَا رَبُّهَا بِقَبُولٍ حَسَنٍۢ وَأَنۢبَتَهَا نَبَاتًا حَسَنًۭا وَكَفَّلَهَا زَكَرِيَّا ۖ كُلَّمَا دَخَلَ عَلَيْهَا زَكَرِيَّا ٱلْمِحْرَابَ وَجَدَ عِندَهَا رِزْقًۭا ۖ قَالَ يَـٰمَرْيَمُ أَنَّىٰ لَكِ هَـٰذَا ۖ قَالَتْ هُوَ مِنْ عِندِ ٱللَّهِ ۖ إِنَّ ٱللَّهَ يَرْزُقُ مَن يَشَآءُ بِغَيْرِ حِسَابٍ ﴿٣٧﴾

ه Аллах анын назирин жакшы кабыл алып, аны татыктуу тарбиялап чоңойтту, пенделеринин ичинен такыба адамдардын жүрөктөрүн ага жумшак кылды жана анын жоопкерчилигин Закарияга тапшырды. Закария анын ибадат кылган жайына кирген сайын анын алдынан жеңил жана таза ырыскыларды көрчү. Бирде ага кайрылып: «Оо, Мариям! Бул ырыскы сага кандай келди?» – деп сураганда, ал айтты: «Бул ырыскы Аллахтан. Чындыгында Аллах кимге кааласа эсепсиз кенен ырыскыберет»

هُنَالِكَ دَعَا زَكَرِيَّا رَبَّهُۥ ۖ قَالَ رَبِّ هَبْ لِى مِن لَّدُنكَ ذُرِّيَّةًۭ طَيِّبَةً ۖ إِنَّكَ سَمِيعُ ٱلدُّعَآءِ ﴿٣٨﴾

Мына ошондо Закария пайгамбар Имрандын кызы Мариямдын алдынан Аллахтын ырыскы берүүдөгү адаттан тыш жолдорунда Ал тараптан келген ырыскыныкөргөндө, өзүнүн жашыулгайып, кемпири төрөй турган курактан өтүп калганына карабастан, Аллахтан бала үмүт кылып, мындай деди: «Оо, Раббим! Мага жакшы бала бер. Чындыгында Сен дуба кылгандардын дубасын угасың жана ага жооп бересиң». بلغ Куран · Тафсир ي

فَنَادَتْهُ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ وَهُوَ قَآئِمٌۭ يُصَلِّى فِى ٱلْمِحْرَابِ أَنَّ ٱللَّهَ يُبَشِّرُكَ بِيَحْيَىٰ مُصَدِّقًۢا بِكَلِمَةٍۢ مِّنَ ٱللَّهِ وَسَيِّدًۭا وَحَصُورًۭا وَنَبِيًّۭا مِّنَ ٱلصَّـٰلِحِينَ ﴿٣٩﴾

Ал сыйынуучу жайда намазда турган кезде периштелер чакырык салдыжана ага кайрылып мындай дешти: «Аллах сени Яхья деген уулду болот деп сүйүнчүлөп жатат. Анын өзгөчөлүктөрүнүн бири – ал Аллахтан болгон сөздү (Мариямдын уулуИсаны) тастыктайт,анткени алАллахтан болгон сөз менен өзгөчө жаратылышта жаратылган.Бул бала илимде жана ибадатта элине башчы болот, өз напсисин тыят, кумарлардан, анын ичинде аялдарга жакындоодон карманат,өзүн Раббисине ибадат кылууга арнайт жана ошондой эле салихтерден болгон пайгамбар болот»

قَالَ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِى غُلَـٰمٌۭ وَقَدْ بَلَغَنِىَ ٱلْكِبَرُ وَٱمْرَأَتِى عَاقِرٌۭ ۖ قَالَ كَذَٰلِكَ ٱللَّهُ يَفْعَلُ مَا يَشَآءُ ﴿٤٠﴾

Периштелер Закарияга Яхья тууралуу сүйүнчүлөгөндө ал айтты: «Оо, Раббим! Мен өзүм картайып, кемпирим төрөбөс болсо, анан мен кантип балалуу болмок элем?». Аллах анын сөзүнө жооп кылып мындай деди: «Сен карылык жашка келип, аялың төрөттөн калган кезде Яхьянын төрөлүүсү ¬– Аллах адатка каршы келген нерселерден Өзү каалаганын жаратуусуна мисал. Анткени Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, Өз даанышмандыгы жана илими менен каалаганын кылат»

قَالَ رَبِّ ٱجْعَل لِّىٓ ءَايَةًۭ ۖ قَالَ ءَايَتُكَ أَلَّا تُكَلِّمَ ٱلنَّاسَ ثَلَـٰثَةَ أَيَّامٍ إِلَّا رَمْزًۭا ۗ وَٱذْكُر رَّبَّكَ كَثِيرًۭا وَسَبِّحْ بِٱلْعَشِىِّ وَٱلْإِبْكَـٰرِ ﴿٤١﴾

Закария: «Оо, Раббим! Аялым менден боюнда болгон кезде белги бер» – деди. Аллах айтты: «Сен сураган белгиң – эч кандай кемчиликке кабылбастан адамдар менен үч күн, үч түн ишарат менен гана сүйлөшүп каласың. Андыктан эртең менен жана кечинде Аллахтыкөп зикир кыл жана аруула»

وَإِذْ قَالَتِ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ يَـٰمَرْيَمُ إِنَّ ٱللَّهَ ٱصْطَفَىٰكِ وَطَهَّرَكِ وَٱصْطَفَىٰكِ عَلَىٰ نِسَآءِ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٤٢﴾

Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде периштелер Мариямга айтты: «Аллах сени мактоого татыктуу сыпаттарга ээ болгонуң үчүн тандады, сени кемчиликтерден тазаладыжана заманыңдагыааламдагыаялдардан тандап алды

يَـٰمَرْيَمُ ٱقْنُتِى لِرَبِّكِ وَٱسْجُدِى وَٱرْكَعِى مَعَ ٱلرَّٰكِعِينَ ﴿٤٣﴾

Оо, Мариям! Намазда узакка тур, Раббиңе сажда кыл жана Анын такыба пенделеринен рүкү кылгандар менен бирге Ага рүкү кыл»

ذَٰلِكَ مِنْ أَنۢبَآءِ ٱلْغَيْبِ نُوحِيهِ إِلَيْكَ ۚ وَمَا كُنتَ لَدَيْهِمْ إِذْ يُلْقُونَ أَقْلَـٰمَهُمْ أَيُّهُمْ يَكْفُلُ مَرْيَمَ وَمَا كُنتَ لَدَيْهِمْ إِذْ يَخْتَصِمُونَ ﴿٤٤﴾

يختص مون Оо, пайгамбар! Закария менен Мариям тууралуу айтылган бул кабар – Биз сага вахий кылуучу кайып кабарларынан. Сен ал аалымдар менен такыба адамдар Мариямды тарбиялоого ким татыктуу деп талашып- тартышып жатканда жанында эмес болчуң, алар акыры чүчү кулакка токтолуп, калемдерин ташташты, ошондо Закариянын калеми утуп чыкты. بلغ Куран · Тафсир

إِذْ قَالَتِ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةُ يَـٰمَرْيَمُ إِنَّ ٱللَّهَ يُبَشِّرُكِ بِكَلِمَةٍۢ مِّنْهُ ٱسْمُهُ ٱلْمَسِيحُ عِيسَى ٱبْنُ مَرْيَمَ وَجِيهًۭا فِى ٱلدُّنْيَا وَٱلْـَٔاخِرَةِ وَمِنَ ٱلْمُقَرَّبِينَ ﴿٤٥﴾

Оо, пайгамбар! Эстечи, периштелер айтышты: «Оо, Мариям! Аллах сага атасыз жаралуучу уулду сүйүнчүлөп жатат. Чындыгында ал Аллахтын «бол» деген сөзү менен гана ишке ашып, Аллахтын уруксаты менен ошол замат бала болот. Бул баланын аты Аль-Масих Иса ибн Мариям. Анын бул дүйнөдө да, акыретте да орду бийик жана ал Аллах таалага жакындардан болот»

وَيُكَلِّمُ ٱلنَّاسَ فِى ٱلْمَهْدِ وَكَهْلًۭا وَمِنَ ٱلصَّـٰلِحِينَ ﴿٤٦﴾

Ал тили чыга турган убакка чейинки ымыркай бала кезинде эле адамдарга сүйлөйт, ал эми күч-кубатка толуп, эр жетилип чоңойгондо аларга кайрылып дин жана дүйнө иштеринде пайдалуу нерселерди сүйлөйт. Ал сөздөрүндө жана иш-аракеттеринде такыба адамдардан болот

قَالَتْ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِى وَلَدٌۭ وَلَمْ يَمْسَسْنِى بَشَرٌۭ ۖ قَالَ كَذَٰلِكِ ٱللَّهُ يَخْلُقُ مَا يَشَآءُ ۚ إِذَا قَضَىٰٓ أَمْرًۭا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ ﴿٤٧﴾

كن فيكون Күйөөгө чыкпай туруп эле балалуу болууга таң калган Мариям: «Мага бир дагыкиши адал жолдода, арам жолдода жолобосо, мен кантип балалуу болмок элем?!» – деди. Периште ага айтты: «Аллах сага атасыз уул жаратканы сыяктуу адатка каршы келген нерселерден Өзү каалаганын жаратат. Эгер бир ишти кааласа, ага «бол» дейт, ал ошол замат ишке ашат. Аныэч бир нерсе алсыз калтыра албайт

وَيُعَلِّمُهُ ٱلْكِتَـٰبَ وَٱلْحِكْمَةَ وَٱلتَّوْرَىٰةَ وَٱلْإِنجِيلَ ﴿٤٨﴾

Ал ага жазууну, тууралыкты, сөз менен иш-аракетте ийгиликке жетүүнү үйрөтөт, ага Мусага түшүргөн Тооратты үйрөтөт жана ага жакында түшүрө турган Инжилди үйрөтөт

وَرَسُولًا إِلَىٰ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ أَنِّى قَدْ جِئْتُكُم بِـَٔايَةٍۢ مِّن رَّبِّكُمْ ۖ أَنِّىٓ أَخْلُقُ لَكُم مِّنَ ٱلطِّينِ كَهَيْـَٔةِ ٱلطَّيْرِ فَأَنفُخُ فِيهِ فَيَكُونُ طَيْرًۢا بِإِذْنِ ٱللَّهِ ۖ وَأُبْرِئُ ٱلْأَكْمَهَ وَٱلْأَبْرَصَ وَأُحْىِ ٱلْمَوْتَىٰ بِإِذْنِ ٱللَّهِ ۖ وَأُنَبِّئُكُم بِمَا تَأْكُلُونَ وَمَا تَدَّخِرُونَ فِى بُيُوتِكُمْ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةًۭ لَّكُمْ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ ﴿٤٩﴾

Ошондой эле аны Исраил урпактарына элчи кылат, ал аларга айтат: «Мен силерге жиберилген Аллахтын элчисимин жана силерге пайгамбарлыгымдын чындыгын билдирген белгилер менен келдим, алар: мен силерге ылайдан куш жасап, ага үйлөсөм, ал Аллахтын уруксаты менен тирүү кушка айланат, тубаса сокурду айыктырам, ал көрүп калат, ала оорусуна чалдыккандардын терисин калыбына келтирем, өлгөн адамды тирилтем. Ушулардын баарысы Аллахтын уруксаты менен болот. Силерге тамак-аштардан эмнени жеп, эмнени үйүңөрдө катып жатканыңарды айтып берем. Мен силерге айткан адам баласынын кудурети жетпеген мындай улуу иштер, эгер силер ыймандыкааласаңар жана далилдерге ишенсеңер, анда менин силерге Аллахтын элчиси экендигиме ачык белги болот. بلغ Куран · Тафсир

وَمُصَدِّقًۭا لِّمَا بَيْنَ يَدَىَّ مِنَ ٱلتَّوْرَىٰةِ وَلِأُحِلَّ لَكُم بَعْضَ ٱلَّذِى حُرِّمَ عَلَيْكُمْ ۚ وَجِئْتُكُم بِـَٔايَةٍۢ مِّن رَّبِّكُمْ فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ ﴿٥٠﴾

وأ طيعون Ошондой эле силерге мага чейин түшүрүлгөн Тооратты тастыктоо үчүн келдим, силерге жеңил болсун үчүн буга чейин арам кылынган кээ бир нерселерди адалкылууүчүн келдим жана силерге айткандарым чындык экендигин көрсөткөн ачык далилдер менен келдим.Андыктан Аллахтын буйруктарын аткарып,тыйгандарын таштооменен Андан корккула жана мен силерди чакырган нерседе мага баш ийгиле

إِنَّ ٱللَّهَ رَبِّى وَرَبُّكُمْ فَٱعْبُدُوهُ ۗ هَـٰذَا صِرَٰطٌۭ مُّسْتَقِيمٌۭ ﴿٥١﴾

Анткени Аллах менин да Раббим, силердин да Раббиңер. Ал жалгыз Өзү гана баш ийдирүүгө жана коркууга татыктуу. Андыктан Ага гана сыйынгыла. Мен силерди Аллахка сыйынгыла жана Андан корккула деп чакырган нерсе – эч кандай бурмалануусу жок туура жол»

۞ فَلَمَّآ أَحَسَّ عِيسَىٰ مِنْهُمُ ٱلْكُفْرَ قَالَ مَنْ أَنصَارِىٓ إِلَى ٱللَّهِ ۖ قَالَ ٱلْحَوَارِيُّونَ نَحْنُ أَنصَارُ ٱللَّهِ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَٱشْهَدْ بِأَنَّا مُسْلِمُونَ ﴿٥٢﴾

بأ ن امسلمون Иса алардын каапырлыктан кайтпастыгын билгенде, Исраил урпактарына кайрылып: «Аллахка даават кылууда ким мага жардамчы болот?» – деди. Аны ээрчигендерден такыбалары: «Биз Аллахтын динине жардам беребиз. Биз Аллахка ыйман келтирдик жана сени ээрчидик. Оо, Иса! Күбө бол, биз Аллахты жалгыздап, Ага моюн сунуу менен Аны ээрчийбиз» – дешти

رَبَّنَآ ءَامَنَّا بِمَآ أَنزَلْتَ وَٱتَّبَعْنَا ٱلرَّسُولَ فَٱكْتُبْنَا مَعَ ٱلشَّـٰهِدِينَ ﴿٥٣﴾

Ошондой эле шакирттери айтышты: «Раббибиз, Биз Сен түшүргөн Инжилге ыйман келтирдик жана Исаны ээрчидик. Бизди Сага жана элчилериңе ыйман келтирип, акыйкатка күбө болгондор менен бирге кыл»

وَمَكَرُوا۟ وَمَكَرَ ٱللَّهُ ۖ وَٱللَّهُ خَيْرُ ٱلْمَـٰكِرِينَ ﴿٥٤﴾

Исраил урпактарынын каапырлары айлакерлик кылып Исаны өлтүрүүгө аракет жасашты. Аллах да айлакерлик кылып, аларды адашкан боюнча калтырды жана башка адамды Исага окшотуп койду. Аллах айлакерлердин эң мыктысы,анткени душманга кылган айлакерликте Андан эчким өтө албайт

إِذْ قَالَ ٱللَّهُ يَـٰعِيسَىٰٓ إِنِّى مُتَوَفِّيكَ وَرَافِعُكَ إِلَىَّ وَمُطَهِّرُكَ مِنَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَجَاعِلُ ٱلَّذِينَ ٱتَّبَعُوكَ فَوْقَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْقِيَـٰمَةِ ۖ ثُمَّ إِلَىَّ مَرْجِعُكُمْ فَأَحْكُمُ بَيْنَكُمْ فِيمَا كُنتُمْ فِيهِ تَخْتَلِفُونَ ﴿٥٥﴾

Аллахтын аларга кылган дагы бир айлакерлиги, Ал Исага кайрылып: «Оо, Иса! Мен сени өлтүрбөстөн алып кетем, денеңди жана рухуңдуӨзүмө көтөрүп кетем.Сага каапырлык кылгандардын ыпластыгынан сени тазалап,аларды сенден алыстатам. Ал эми акыйкат динде (анын ичинде Мухаммадга ыйман келтирүү да бар) сени ээрчигендерди кыяматка чейин далил жана кадыр-барк менен сага каапырлык кылгандардан жогору кылам. Андан кийин кыяматта жалгыз Мага кайтып келесиңер, ошондо силер өз ара талашып-тартышкан нерселерде акыйкат менен өкүм чыгарам. بلغ Куран · Тафсир

فَأَمَّا ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ فَأُعَذِّبُهُمْ عَذَابًۭا شَدِيدًۭا فِى ٱلدُّنْيَا وَٱلْـَٔاخِرَةِ وَمَا لَهُم مِّن نَّـٰصِرِينَ ﴿٥٦﴾

Ал эми сага жана сен алып келген акыйкатка каапырлык кылгандарды бул дүйнөдө өлтүрүү, туткундоо, кордукка салуу ж.б. катаал азап менен, акыретте болсо тозок азабы менен азаптаймын. Аларды азаптан куткарган эч кандай жардамчы болбойт»

وَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّـٰلِحَـٰتِ فَيُوَفِّيهِمْ أُجُورَهُمْ ۗ وَٱللَّهُ لَا يُحِبُّ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿٥٧﴾

Ал эми сага жана сен алып келген акыйкатка ыйман келтиргендерге жана намаз, зекет, орозо, туугандык мамилени бекемдөө ж.б.ушулсыяктуужакшылык иштерди кылгандарга Аллахалардын иш-аракеттеринин сообун кемитпестен толук берет.Бул сөз Иса пайгамбар өзүкуш кабарын берген Мухаммад пайгамбар келгенге чейинки анын жолдоочулары тууралуу айтылды. Аллах залымдарды жакшы көрбөйт. Аллах таалага ширк кылуу жана Анын элчилерин жалганга чыгаруу – эң чоң зулумдуктардан

ذَٰلِكَ نَتْلُوهُ عَلَيْكَ مِنَ ٱلْـَٔايَـٰتِ وَٱلذِّكْرِ ٱلْحَكِيمِ ﴿٥٨﴾

Биз сага окуп жаткан Иса пайгамбардын кабары – сага түшкөн нерсенин чындык экендигин көрсөткөн ачык белгилерден. Ал – такыбалар үчүн эскертме, эч кандай жалганды алып келбеген акыйкат

إِنَّ مَثَلَ عِيسَىٰ عِندَ ٱللَّهِ كَمَثَلِ ءَادَمَ ۖ خَلَقَهُۥ مِن تُرَابٍۢ ثُمَّ قَالَ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ ﴿٥٩﴾

Аллахтын Исаны жаратуусунун мисалы, Адамды атасыз жана энесиз топурактан жаратканына эле окшош. Чындыгында Аллах ага «бол» деди, ал Аллах таала каалагандай болду. Эмнеге алар Адамды атасыз жана энесиз жаралганына карабастан пенде экенин моюнга алып, ал эми Исанын атасыз жаралганын бетке кармап аныкудай деп ойлоп жатышат?!

ٱلْحَقُّ مِن رَّبِّكَ فَلَا تَكُن مِّنَ ٱلْمُمْتَرِينَ ﴿٦٠﴾

Иса тууралуу шексиз чындык сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн. Андыктан шектенгендерден жана экиленгендерден болбо. Тескерисинче, өзүң турган акыйкатка бекем бол

فَمَنْ حَآجَّكَ فِيهِ مِنۢ بَعْدِ مَا جَآءَكَ مِنَ ٱلْعِلْمِ فَقُلْ تَعَالَوْا۟ نَدْعُ أَبْنَآءَنَا وَأَبْنَآءَكُمْ وَنِسَآءَنَا وَنِسَآءَكُمْ وَأَنفُسَنَا وَأَنفُسَكُمْ ثُمَّ نَبْتَهِلْ فَنَجْعَل لَّعْنَتَ ٱللَّهِ عَلَى ٱلْكَـٰذِبِينَ ﴿٦١﴾

Оо, пайгамбар! Эгер Нажран христиандары сага Иса жөнүндө анык илим келгенден кийин деле Иса Аллахтын пендеси эмес деп талаша беришсе, аларга: «Келгиле, биздин жана силердин балдарыңарды, биздин жана силердин аялдарыңарды жана өзүбүздү кошо катышууга чакырып, баарыбыз чогулалы, анан Аллахка дуба кылып, биздин жана силердин араңардагыжалганчыларга каргышыңдытүшүр деп сураналы» – деп айт. بلغ Куран · Тафсир

إِنَّ هَـٰذَا لَهُوَ ٱلْقَصَصُ ٱلْحَقُّ ۚ وَمَا مِنْ إِلَـٰهٍ إِلَّا ٱللَّهُ ۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ ﴿٦٢﴾

Биз Иса жөнүндө сага айткан бул нерсе – эч кандай жалганы жок жана шек-күмөнсүз чындык кабар. Жалгыз Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Чындыгында Аллах Өз мүлкүндө Кудуреттүү жана Өз башкаруусунда, буйругунда, жаратуусунда Даанышман

فَإِن تَوَلَّوْا۟ فَإِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌۢ بِٱلْمُفْسِدِينَ ﴿٦٣﴾

Эгер алар сен алып келген нерседен жүз бурушса жана сени ээрчишпесе, анда бул алардын бузукулугунан. Аллах жер бетиндеги бузукулардыжакшыбилет жана жакында алардын жазасын берет

قُلْ يَـٰٓأَهْلَ ٱلْكِتَـٰبِ تَعَالَوْا۟ إِلَىٰ كَلِمَةٍۢ سَوَآءٍۭ بَيْنَنَا وَبَيْنَكُمْ أَلَّا نَعْبُدَ إِلَّا ٱللَّهَ وَلَا نُشْرِكَ بِهِۦ شَيْـًۭٔا وَلَا يَتَّخِذَ بَعْضُنَا بَعْضًا أَرْبَابًۭا مِّن دُونِ ٱللَّهِ ۚ فَإِن تَوَلَّوْا۟ فَقُولُوا۟ ٱشْهَدُوا۟ بِأَنَّا مُسْلِمُونَ ﴿٦٤﴾

Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Эй, жөөттөрдөн жана христиандардан болгон китеп ээлери! Келгиле, баарыбыз бирдей болгон адилеттүү сөзгө биригели: «Жалгыз Аллахка ибадат кылабыз жана Андан башканын орду жана даражасы канчалык жогору болсо да, Аны менен катар эч кимге сыйынбайбыз. Ошондой эле Аллахты таштап, бири-бирибизди сыйынуу жана баш ийүү үчүн кудай тутпайбыз». Оо, ыймандуулар! Эгерде алар силер чакырып жаткан акыйкаттан жана адилеттүүлүктөн баш тартышса, анда аларга: «Күбө болгула, биз Аллахка өзүбүздү тапшырдык жана моюн сунуу менен Аныээрчидик» – деп айткыла

يَـٰٓأَهْلَ ٱلْكِتَـٰبِ لِمَ تُحَآجُّونَ فِىٓ إِبْرَٰهِيمَ وَمَآ أُنزِلَتِ ٱلتَّوْرَىٰةُ وَٱلْإِنجِيلُ إِلَّا مِنۢ بَعْدِهِۦٓ ۚ أَفَلَا تَعْقِلُونَ ﴿٦٥﴾

Эй, китеп ээлери! Эмне үчүн Ибрахимдин дини тууралуу талашып жатасыңар? Жөөттөр Ибрахимди жөөт болгон дешет,христиандар болсоаныхристиан болгон дешет.Бирок силер иудаизм жана христиан дини анын өлүмүнөн көп убакыт өткөндөн кийин гана пайда болгонун билесиңер. Силер сөзүңөрдүн жалган жана оюңардын ката экенине акылыңар жетпейби?!

هَـٰٓأَنتُمْ هَـٰٓؤُلَآءِ حَـٰجَجْتُمْ فِيمَا لَكُم بِهِۦ عِلْمٌۭ فَلِمَ تُحَآجُّونَ فِيمَا لَيْسَ لَكُم بِهِۦ عِلْمٌۭ ۚ وَٱللَّهُ يَعْلَمُ وَأَنتُمْ لَا تَعْلَمُونَ ﴿٦٦﴾

Эй, китеп ээлери! Мына, силер өзүңөр билген диний иштер жана силерге түшүрүлгөн нерселер тууралуу пайгамбар менен талашып-тартыштыңар. Эми болсо силердин китептериңерде айтылбаган жана пайгамбарларыңар алып келбеген Ибрахимдин иши жана анын дини тууралуу өзүңөр билбеген нерселер жөнүндө эмнеге талашып жатасыңар.Аллахиштердин акыйкатынي жана ичкиي табиятын билет,силер билбейсиңер

مَا كَانَ إِبْرَٰهِيمُ يَهُودِيًّۭا وَلَا نَصْرَانِيًّۭا وَلَـٰكِن كَانَ حَنِيفًۭا مُّسْلِمًۭا وَمَا كَانَ مِنَ ٱلْمُشْرِكِينَ ﴿٦٧﴾

Ибрахим иудаизм дининде да, христиан дининде да болгон эмес, ал жалган диндерден алыстаган жана Аллахты жалгыздап, Ага моюн сунган адам болгон. Араб мушриктери биз анын дининдебиз деп ойлошкондой ал Аллахка ширк кылгандардан эмес эле. بلغ Куран · Тафсир

إِنَّ أَوْلَى ٱلنَّاسِ بِإِبْرَٰهِيمَ لَلَّذِينَ ٱتَّبَعُوهُ وَهَـٰذَا ٱلنَّبِىُّ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ۗ وَٱللَّهُ وَلِىُّ ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿٦٨﴾

Ибрахимге кошулууга эң татыктуулар – алар анын заманында ал алып келген нерселерге ээрчигендер, ошондой эле адамдардын арасынан ага эң татыктуусу – бул Мухаммад пайгамбар жана бул үммөттөн ага ыйман келтиргендер. Аллах Ага ыйман келтиргендерге жардам берүүчү жана алардыкоргоочу

وَدَّت طَّآئِفَةٌۭ مِّنْ أَهْلِ ٱلْكِتَـٰبِ لَوْ يُضِلُّونَكُمْ وَمَا يُضِلُّونَ إِلَّآ أَنفُسَهُمْ وَمَا يَشْعُرُونَ ﴿٦٩﴾

Оо,ыймандуулар!Китеп ээлеринен болгон жөөттөр менен христиандардын аалымдарысилерди Аллахбагыттаган туура жолдон адаштырууну каалашат, бирок өздөрүн гана адаштырат. Анткени алардын ыймандууларды адаштырууга болгон аракети өздөрүнүн адашуусун гана күчөтөт. Алар иш-аракеттеринин кесепети кандай болорун билишпейт

يَـٰٓأَهْلَ ٱلْكِتَـٰبِ لِمَ تَكْفُرُونَ بِـَٔايَـٰتِ ٱللَّهِ وَأَنتُمْ تَشْهَدُونَ ﴿٧٠﴾

Эй, китеп ээлеринен болгон жөөттөр жана христиандар!Эмне үчүн Аллахтын силерге түшүргөн аят-белгилерине жана анын ичинде Мухаммаддын пайгамбарлыгын көрсөткөн нерселерге ишенбейсиңер, анын акыйкат экени китептериңерде көрсөтүлгөнүнө өзүңөр күбө болдунар го?!

يَـٰٓأَهْلَ ٱلْكِتَـٰبِ لِمَ تَلْبِسُونَ ٱلْحَقَّ بِٱلْبَـٰطِلِ وَتَكْتُمُونَ ٱلْحَقَّ وَأَنتُمْ تَعْلَمُونَ ﴿٧١﴾

Эй, китеп ээлери! Эмне үчүн китептериңерде түшүрүлгөн акыйкаттыөзүңөрдөгү жалган менен аралаштырасыңар, андагы чындыкты жана туура жолду жашырасыңар, анын ичинде Мухаммаддын пайгамбарлыгынын чындык экендиги да камтылган жана акыйкаттыжалгандан, туура жолду адашуудан айырмалап билесиңер?!

وَقَالَت طَّآئِفَةٌۭ مِّنْ أَهْلِ ٱلْكِتَـٰبِ ءَامِنُوا۟ بِٱلَّذِىٓ أُنزِلَ عَلَى ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَجْهَ ٱلنَّهَارِ وَٱكْفُرُوٓا۟ ءَاخِرَهُۥ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ ﴿٧٢﴾

يرجعون Жөөт аалымдарынын бир тобу айтышты: «Мусулмандарга түшкөн Куранга эртең менен сыртынан ыйман келтиргиле, кечинде ага каапырлык кылгыла. Балким алар силердин ыйман келтиргенден кийин каапырлык кылганыңар себептүү: «Булар бизге караганда Аллахтын китептерин жакшыраак билгендиктен андан кайтып кетишти»–деп дининен шектенип,андан кайтып кетишет

وَلَا تُؤْمِنُوٓا۟ إِلَّا لِمَن تَبِعَ دِينَكُمْ قُلْ إِنَّ ٱلْهُدَىٰ هُدَى ٱللَّهِ أَن يُؤْتَىٰٓ أَحَدٌۭ مِّثْلَ مَآ أُوتِيتُمْ أَوْ يُحَآجُّوكُمْ عِندَ رَبِّكُمْ ۗ قُلْ إِنَّ ٱلْفَضْلَ بِيَدِ ٱللَّهِ يُؤْتِيهِ مَن يَشَآءُ ۗ وَٱللَّهُ وَٰسِعٌ عَلِيمٌۭ ﴿٧٣﴾

ه Жана дагы: «Ыйман келтирбегиле жана диниңерди тутунгандарды гана ээрчигиле» – дешет. Оо, пайгамбар! Айткын: «Чындыгында акыйкатка карай туура жол – Аллахтын туура жолу, ал – силерге берилген жакшылык башкаларга берилбесин деген коркунучтан же силер аларга түшкөн нерсени моюнга алсаңар,алар Раббиңердин алдында силер менен талашып-тартышат деген коркунучтан улам силер карманган жалгандык жана баш ийбестик эмес». Оо, пайгамбар! Айткын: «Жакшылык Аллахтын колунда, аны пенделеринен кимге кааласа берет. Анын жакшылыгыбир эле үммөткө чектелбейт. Аллахтын жакшылыгыкең жана Ал ага татыктуулардыбилет». بلغ Куран · Тафсир

يَخْتَصُّ بِرَحْمَتِهِۦ مَن يَشَآءُ ۗ وَٱللَّهُ ذُو ٱلْفَضْلِ ٱلْعَظِيمِ ﴿٧٤﴾

Жараткандарынан кимди кааласа, Өзүнүн мээримине бөлөйт жана ага туура жолду, пайгамбарлыкты, түрдүү сыйлыктарды тартуу кылат. Аллах эч кандай чеги жок улуу жакшылык ээси

۞ وَمِنْ أَهْلِ ٱلْكِتَـٰبِ مَنْ إِن تَأْمَنْهُ بِقِنطَارٍۢ يُؤَدِّهِۦٓ إِلَيْكَ وَمِنْهُم مَّنْ إِن تَأْمَنْهُ بِدِينَارٍۢ لَّا يُؤَدِّهِۦٓ إِلَيْكَ إِلَّا مَا دُمْتَ عَلَيْهِ قَآئِمًۭا ۗ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُوا۟ لَيْسَ عَلَيْنَا فِى ٱلْأُمِّيِّـۧنَ سَبِيلٌۭ وَيَقُولُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلْكَذِبَ وَهُمْ يَعْلَمُونَ ﴿٧٥﴾

Китеп ээлеринин арасында ишенип көп мал-мүлк тапшырсаң, аманатыңдыкайтарып бергендер бар, ошондой эле алардын арасында бир аз мал-мүлктү тапшырсаң, аманат кылган нерсеңди артынан түшүп доолаганда жана соттошкондо гана кайтаргандары бар. Бул алардын: «Биз арабдар үчүн жана алардын мал-мүлкүн жегенибиз үчүн күнөөкөр эмеспиз, анткени Аллах аны бизге адал кылган» – деген сөздөрү жана бузуку ишенимдери себептүү. Алар Аллахка жалаа жаап жаткандарын билип туруп ушулжалгандыайтышат

بَلَىٰ مَنْ أَوْفَىٰ بِعَهْدِهِۦ وَٱتَّقَىٰ فَإِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلْمُتَّقِينَ ﴿٧٦﴾

Абал алар ойлогондой эмес, тескерисинче, алар күнөө алышат. Бирок ким Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтирип Аны менен болгон милдеттенмесин аткарса, аманатка бекем болуп адамдар менен болгон милдеттенмесин аткарса жана Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап Андан корксо, албетте Аллах такыбаларды жакшы көрөт жана жакында аларга эң жакшы сыйлыктарды берет

إِنَّ ٱلَّذِينَ يَشْتَرُونَ بِعَهْدِ ٱللَّهِ وَأَيْمَـٰنِهِمْ ثَمَنًۭا قَلِيلًا أُو۟لَـٰٓئِكَ لَا خَلَـٰقَ لَهُمْ فِى ٱلْـَٔاخِرَةِ وَلَا يُكَلِّمُهُمُ ٱللَّهُ وَلَا يَنظُرُ إِلَيْهِمْ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ وَلَا يُزَكِّيهِمْ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌۭ ﴿٧٧﴾

Аллах Өзүнүн китебинде түшүргөн жана Өзүнүн элчилерине жиберген нерсеге ээрчүү тууралуу аларга кылган осуятын, ошондой эле Аллах менен болгон келишимди бузбайбыз деген анттарын арзыбаган дүйнө жыргалчылыгына алмаштыргандар акыретте эч кандай соопко ээ болушпайт, кыямат күнү Аллах аларды кубанта тургандай сөз айтпайт, аларга ырайымдуулук менен карабайт жана аларга кыйноочу азап болот

وَإِنَّ مِنْهُمْ لَفَرِيقًۭا يَلْوُۥنَ أَلْسِنَتَهُم بِٱلْكِتَـٰبِ لِتَحْسَبُوهُ مِنَ ٱلْكِتَـٰبِ وَمَا هُوَ مِنَ ٱلْكِتَـٰبِ وَيَقُولُونَ هُوَ مِنْ عِندِ ٱللَّهِ وَمَا هُوَ مِنْ عِندِ ٱللَّهِ وَيَقُولُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلْكَذِبَ وَهُمْ يَعْلَمُونَ ﴿٧٨﴾

Жөөттөрдүн бир тобу бар, силер аларды Тоораттан окуп жатат деп ойлошуңар үчүн алар Аллахтан түшүрүлгөн Тооратта жок эле нерсени тилдери менен бурмалап айтышат, бирок ал Тоораттан эмес. Тескерисинче, бул алардын жалгандарынан жана Аллахка жапкан жалааларынан. Алар: «Биз окуп жаткан нерселер Аллахтан түшкөн» – дешет, бирок ал Аллахтан эмес. Алар Аллахка жана Анын элчилерине жалганчылык кылып жатышканын билип туруп, Аллахка каршыжалган айтышат. بلغ Куран · Тафсир

مَا كَانَ لِبَشَرٍ أَن يُؤْتِيَهُ ٱللَّهُ ٱلْكِتَـٰبَ وَٱلْحُكْمَ وَٱلنُّبُوَّةَ ثُمَّ يَقُولَ لِلنَّاسِ كُونُوا۟ عِبَادًۭا لِّى مِن دُونِ ٱللَّهِ وَلَـٰكِن كُونُوا۟ رَبَّـٰنِيِّـۧنَ بِمَا كُنتُمْ تُعَلِّمُونَ ٱلْكِتَـٰبَ وَبِمَا كُنتُمْ تَدْرُسُونَ ﴿٧٩﴾

Кайсы бир адамга Аллах Өзү тараптан китеп түшүрсө, ага илим жана түшүнүк берсе жана аны пайгамбар кылып тандаса, кийин ал адамдарга: «Аллахты таштап мага кулчулук кылгыла» – деп айтуусу мүмкүн эмес. Бирок аларга: «Силер адамдарга түшүрүлгөн китепти үйрөтүп, ошондой эле аныжаттоожана түшүнүү менен үйрөнгөн нерсеңер аркылуу адамдарды тарбиялоочу, алардын иштерин жөнгө салуучу, иш жүзүндө аткаруучу илимдүүлөрдөн болгула» – деп айтат

وَلَا يَأْمُرَكُمْ أَن تَتَّخِذُوا۟ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةَ وَٱلنَّبِيِّـۧنَ أَرْبَابًا ۗ أَيَأْمُرُكُم بِٱلْكُفْرِ بَعْدَ إِذْ أَنتُم مُّسْلِمُونَ ﴿٨٠﴾

Ошондой эле ал силерге Аллахтын ордуна периштелерди жана пайгамбарларды кудай тутуп сыйынгыла деп буюрушу мүмкүн эмес. Силер Аллахка моюн сунуп, өзүңөрдү толук тапшыргандан кийин силерди Ага каапырлык кылууга буйруганыболмок беле?

وَإِذْ أَخَذَ ٱللَّهُ مِيثَـٰقَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ لَمَآ ءَاتَيْتُكُم مِّن كِتَـٰبٍۢ وَحِكْمَةٍۢ ثُمَّ جَآءَكُمْ رَسُولٌۭ مُّصَدِّقٌۭ لِّمَا مَعَكُمْ لَتُؤْمِنُنَّ بِهِۦ وَلَتَنصُرُنَّهُۥ ۚ قَالَ ءَأَقْرَرْتُمْ وَأَخَذْتُمْ عَلَىٰ ذَٰلِكُمْ إِصْرِى ۖ قَالُوٓا۟ أَقْرَرْنَا ۚ قَالَ فَٱشْهَدُوا۟ وَأَنَا۠ مَعَكُم مِّنَ ٱلشَّـٰهِدِينَ ﴿٨١﴾

ى Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Аллах пайгамбарлардан бекем убада алып, аларга мындай деди: «Мен силерге түшүргөн китептен жана үйрөткөн даанышмандыктан эмнени берсем, ошондой эле араңардан кимдир бирөө артыкчылыкка жана кадыр-баркка жетсе, кийин Мен тараптан Мухаммад силерге элчи болуп келип, силердеги китепти жана даанышмандыктытастыктаса, анда силер ал алып келген нерсеге сөзсүз ыйман келтиресиңер жана аны ээрчүү менен жардам бересиңер. Оо, пайгамбарлар! Силер ушуга макулсуңарбы, Менин бекем келишимимди кабыл алдыңарбы? – дегенде, алар: «Аны кабыл алдык» – дешти. Аллах айтты: «Өзүңөргө жана үммөттөрүңөргө күбө болгула, Мен дагысилерге жана аларга күбө болуучуларданмын»

فَمَن تَوَلَّىٰ بَعْدَ ذَٰلِكَ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْفَـٰسِقُونَ ﴿٨٢﴾

Кимде-ким Аллахтын жана Анын элчилеринин күбөлүгү менен тастыкталган бул келишимден жүз бурса, мына ошолор Аллахка башийбестик кылып,Анын дининен чыккандар

أَفَغَيْرَ دِينِ ٱللَّهِ يَبْغُونَ وَلَهُۥٓ أَسْلَمَ مَن فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ طَوْعًۭا وَكَرْهًۭا وَإِلَيْهِ يُرْجَعُونَ ﴿٨٣﴾

Аллахка баш ийбестик кылып, Анын дининен чыккандар Аллах пенделери үчүн Өзү тандаган Ислам дининен башканы каалап жатышабы?! Асмандардагы жана жердеги макулуктардын баарысы ыймандуулардын абалы сыяктуу ыктыярдуу түрдө жана каапырлардын абалы сыяктуу мажбур түрдө Ага моюн сунуп, багынышты. Кийин кыямат күнү макулуктардын бүт баарысысурак берүү үчүн, сыйлык жана жаза алуу үчүн Аллах таалага кайтышат

قُلْ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَمَآ أُنزِلَ عَلَيْنَا وَمَآ أُنزِلَ عَلَىٰٓ إِبْرَٰهِيمَ وَإِسْمَـٰعِيلَ وَإِسْحَـٰقَ وَيَعْقُوبَ وَٱلْأَسْبَاطِ وَمَآ أُوتِىَ مُوسَىٰ وَعِيسَىٰ وَٱلنَّبِيُّونَ مِن رَّبِّهِمْ لَا نُفَرِّقُ بَيْنَ أَحَدٍۢ مِّنْهُمْ وَنَحْنُ لَهُۥ مُسْلِمُونَ ﴿٨٤﴾

ى Оо, пайгамбар! Айткын: «Аллахты кудай деп ыйман келтирдик, Анын бизге буйруган нерселерине моюн сундук, бизге түшүргөн вахийине, ошондой эле Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка жана Якубга түшүргөн нерселерге, Якубдун بلغ Куран · Тафсир балдарынан болгон пайгамбарларга түшүргөн нерселерге, Мусага, Исага жана бардык пайгамбарларга Раббисинен түшкөн китептерге жана аят-белгилерге ыйман келтирдик. Биз алардын бирине ыйман келтирип, бирине каапырлык кылып, алардыбөлүп-жарбайбыз. Биз бир гана Аллахка ээрчийбиз жана Ага багынабыз»

وَمَن يَبْتَغِ غَيْرَ ٱلْإِسْلَـٰمِ دِينًۭا فَلَن يُقْبَلَ مِنْهُ وَهُوَ فِى ٱلْـَٔاخِرَةِ مِنَ ٱلْخَـٰسِرِينَ ﴿٨٥﴾

Ал эми ким Аллах Өзү ыраазы болгон Исламдан башка динди кааласа, Аллах андан аны кабыл албайт жана ал акыретте тозоккокирүү менен өздөрүнөقзыян келтиргендердин катарында болот

كَيْفَ يَهْدِى ٱللَّهُ قَوْمًۭا كَفَرُوا۟ بَعْدَ إِيمَـٰنِهِمْ وَشَهِدُوٓا۟ أَنَّ ٱلرَّسُولَ حَقٌّۭ وَجَآءَهُمُ ٱلْبَيِّنَـٰتُ ۚ وَٱللَّهُ لَا يَهْدِى ٱلْقَوْمَ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿٨٦﴾

Аллахка ыйман келтирип,Мухаммад пайгамбар алып келген нерсе акыйкат экендигине күбөлүк берип жана анын тууралыгына ачык-айкын далилдер келгенден кийин кайра каапырлык кылган коомгоАллахӨзүнө жана элчисине ыйман келтирүүгө кантип ийгилик берсин?!Аллахтуура жолдун ордуна адашуунутандап алган залым коомдуАга ыйман келтирүүгө ийгилик бербейт

أُو۟لَـٰٓئِكَ جَزَآؤُهُمْ أَنَّ عَلَيْهِمْ لَعْنَةَ ٱللَّهِ وَٱلْمَلَـٰٓئِكَةِ وَٱلنَّاسِ أَجْمَعِينَ ﴿٨٧﴾

Жалганды тандап алган залымдардын жазасы – аларга Аллахтын, периштелердин жана бүткүл адамдардын каргышыболот. Алар Аллахтын ырайымынан куулуп, алыстатылгандар

خَـٰلِدِينَ فِيهَا لَا يُخَفَّفُ عَنْهُمُ ٱلْعَذَابُ وَلَا هُمْ يُنظَرُونَ ﴿٨٨﴾

Алар тозокто түбөлүк калышат, андан чыгышпайт, азаптары жеңилдетилбейт жана аларга тообо кылып, кечирим сурооүчүн мөөнөт берилбейт

إِلَّا ٱلَّذِينَ تَابُوا۟ مِنۢ بَعْدِ ذَٰلِكَ وَأَصْلَحُوا۟ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌ ﴿٨٩﴾

Бирок каапырлык жана зулумдук кылгандан кийин Аллахка кайткандар жана жакшылык иштерди кылгандар гана андайга кабылбайт. Чындыгында Аллах тообокылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بَعْدَ إِيمَـٰنِهِمْ ثُمَّ ٱزْدَادُوا۟ كُفْرًۭا لَّن تُقْبَلَ تَوْبَتُهُمْ وَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلضَّآلُّونَ ﴿٩٠﴾

Ыйман келтиргенден кийин каапыр болгондор жана өлүмдү өз көзү менен көргөнгө чейин каапырлыгын уланткандар, өлүм келген кезде тооболору кабыл кылынбайт, себеби анын убактысы өтүп кетти. Мына ошолор Аллах таалага алып баруучу туура жолдон адашкандар. بلغ Куран · Тафсир

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَمَاتُوا۟ وَهُمْ كُفَّارٌۭ فَلَن يُقْبَلَ مِنْ أَحَدِهِم مِّلْءُ ٱلْأَرْضِ ذَهَبًۭا وَلَوِ ٱفْتَدَىٰ بِهِۦٓ ۗ أُو۟لَـٰٓئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌۭ وَمَا لَهُم مِّن نَّـٰصِرِينَ ﴿٩١﴾

عذاب أليم وما لهم من نصرين Ал эми каапырлык кылып жүрүп ошол абалда өлгөндөр, тозоктон кутулуш үчүн жердин салмагындай алтынды сунуш кылса да кабыл кылынбайт. Аларга кыйноочу азап бар жана кыяматта аларды азаптан куткарган жардамчылар болбойт

لَن تَنَالُوا۟ ٱلْبِرَّ حَتَّىٰ تُنفِقُوا۟ مِمَّا تُحِبُّونَ ۚ وَمَا تُنفِقُوا۟ مِن شَىْءٍۢ فَإِنَّ ٱللَّهَ بِهِۦ عَلِيمٌۭ ﴿٩٢﴾

Оо, ыймандуулар! Өзүңөр жакшы көргөн мал-мүлкүңөрдөн Аллах жолуна сарптамайынча жакшылык ээлеринин соопторуна жана даражасына жете албайсыңар. Сарптаган нерсеңер аз болобу, же көп болобу, Аллах ниетиңерди жана иш-аракетиңерди Билүүчү жана ар бирине иш-аракетине жараша сыйлыгынلберет

۞ كُلُّ ٱلطَّعَامِ كَانَ حِلًّۭا لِّبَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ إِلَّا مَا حَرَّمَ إِسْرَٰٓءِيلُ عَلَىٰ نَفْسِهِۦ مِن قَبْلِ أَن تُنَزَّلَ ٱلتَّوْرَىٰةُ ۗ قُلْ فَأْتُوا۟ بِٱلتَّوْرَىٰةِ فَٱتْلُوهَآ إِن كُنتُمْ صَـٰدِقِينَ ﴿٩٣﴾

Исраил урпактарына таза тамактын баары эле адал болчу. Болгону Тоорот түшө элегинде Якуб пайгамбар кээ бир тамактан өзүн тыйып жечү эмес. бул Яхудилер айткандай Тооротто арам кылынган эмес. Оо, пайгамбар, сен аларга: эгер айтып жатканыңарчын болсо, Тооротту алып келип окуп көргүлөчү, - деп айт. Алао оозунан сөзү учуп аны алып келе алышпайт. Бул Яхудилердин Тооротко жалаа жаап, анын мазмунун өзгөртүп жибергенине далил болотурган бир мисал

فَمَنِ ٱفْتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ ٱلْكَذِبَ مِنۢ بَعْدِ ذَٰلِكَ فَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلظَّـٰلِمُونَ ﴿٩٤﴾

Якубпайгамбар тыйылган азыктар Аллахтын тыюусуэмес,жеке өзүнүн каалоосуменен тыйылуудеген ачык далил келгенден кийин деле Аллахка булнерсени жүктөп доомат кыла бергендер;алар далили ачык болгондон кийин да чындыктыташтап жандарына залым кылгандар

قُلْ صَدَقَ ٱللَّهُ ۗ فَٱتَّبِعُوا۟ مِلَّةَ إِبْرَٰهِيمَ حَنِيفًۭا وَمَا كَانَ مِنَ ٱلْمُشْرِكِينَ ﴿٩٥﴾

Оо, пайгамбар, аларга айт: Аллах Таала Якуб пайгамбар тууралуу туура кабар айтты, ошондой эле Анын ар бир түшүргөнү жана шарият кылганы чындык. Ибрахимдин динине ээрчигиле, Исламдан башка бардык динден жуз бурган, Аллахка башка нерсени эч шерик кылган эмес إن أول بيت وضع للناس للذى ببكةمباركا وهدى للعلمين

إِنَّ أَوَّلَ بَيْتٍۢ وُضِعَ لِلنَّاسِ لَلَّذِى بِبَكَّةَ مُبَارَكًۭا وَهُدًۭى لِّلْعَـٰلَمِينَ ﴿٩٦﴾

Чынында адамдар Аллахка ибадат кылуусуүчүн курулган жердеги үй - бул,Меккедеги Аллахтын үйүХарам мечити. Ал өтө ыйык үй, дүйнө жана диний пайдаларыкөп, анда бүтүндөй ааламга туура жол бар بلغ Куран · Тафсир

فِيهِ ءَايَـٰتٌۢ بَيِّنَـٰتٌۭ مَّقَامُ إِبْرَٰهِيمَ ۖ وَمَن دَخَلَهُۥ كَانَ ءَامِنًۭا ۗ وَلِلَّهِ عَلَى ٱلنَّاسِ حِجُّ ٱلْبَيْتِ مَنِ ٱسْتَطَاعَ إِلَيْهِ سَبِيلًۭا ۚ وَمَن كَفَرَ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَنِىٌّ عَنِ ٱلْعَـٰلَمِينَ ﴿٩٧﴾

Бул үйдө анын шарапаттуулугуна жана өзгөчөлүгүнө ачык белгилери бар, иадат кылына турган орундарысыяктуу, мисалы, дубалын тургузууда Ибрахим пайгамбар бутунун алдына койгон таш. Дагы бири, ага кирген адамдын жүрөгү тынчып коркуусу жоголот жана ага эч зыян боолбойт. Адамдарга Аллах үчүн бул үйдү максат кылып келип ажы амалдарын аткаруу милдети жүктөлдү. Бул милдет, ага келүүгө мүмкүнчүлүгү жеткен адамга гана тиешелүү. Ал эми ким ажы амалы парз экенине каапыр болсо, Аллах ага муктаж эмес, деги эле Аллах Таала ааламда эч нерсеге муктаж эмес

قُلْ يَـٰٓأَهْلَ ٱلْكِتَـٰبِ لِمَ تَكْفُرُونَ بِـَٔايَـٰتِ ٱللَّهِ وَٱللَّهُ شَهِيدٌ عَلَىٰ مَا تَعْمَلُونَ ﴿٩٨﴾

Оо, пайгамбар, аларга айт: эй, яхудилер менен христиандар, эмнеге менин пайгамбарлыгым тууралуу ачык далилдер келип жатса деле анытана бересиңер, мындай далилдердин кээси Тоорот менен Инжилде да келбеди беле?! Аллах Таала бул кылганыңарды карап, ага күбө болуп турат, кийин ошого жараша жазаланасыңар

قُلْ يَـٰٓأَهْلَ ٱلْكِتَـٰبِ لِمَ تَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ مَنْ ءَامَنَ تَبْغُونَهَا عِوَجًۭا وَأَنتُمْ شُهَدَآءُ ۗ وَمَا ٱللَّهُ بِغَـٰفِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ ﴿٩٩﴾

Оо, пайгамбар, аларга минтип айт: Эй, яхудилер жана христиандар, Аллах ишенген адамдарды эмне үчүн Анын дининен тыясыңар, Аллахтын динин чындыктан жалганга өзгөртүүгө аракет кыласыңар диндегилерди туура жолдон адашууга үгүттөйсүңөр. А өзүңөр бул дин чыныгы дин экенине, силердин китебиңерди тастыктап келгенине күбө болуп турасыңар?!АллахТаала силер Ага каапырлык кылып,Анын жолунан тосуп жатканыңардан бейкапар эмес, кийин ушуга жараша жазаланасыңар

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِن تُطِيعُوا۟ فَرِيقًۭا مِّنَ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَـٰبَ يَرُدُّوكُم بَعْدَ إِيمَـٰنِكُمْ كَـٰفِرِينَ ﴿١٠٠﴾

Оо, Аллахка ишенип, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, эгер яхуди же христиандардын кээ бир тайпалары айтып жаткан сөзгө кирсеңер жана алардын оюна ээрчисеңер, ыйманыңардан кийин кайра каапырлыкка ээрчитип кетет, анткени аларда силерди көралбастыгыжана туура жолдон адашуу бар

وَكَيْفَ تَكْفُرُونَ وَأَنتُمْ تُتْلَىٰ عَلَيْكُمْ ءَايَـٰتُ ٱللَّهِ وَفِيكُمْ رَسُولُهُۥ ۗ وَمَن يَعْتَصِم بِٱللَّهِ فَقَدْ هُدِىَ إِلَىٰ صِرَٰطٍۢ مُّسْتَقِيمٍۢ ﴿١٠١﴾

Аллахка ыйман келтиргенден кийин кайра кантип каапыр болосуңар, ыйманыңардысактап турууга чоң себептер турбайбы! Аллахтын аяттары окулуп жатат, Анын элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасыболсун) силерге ачык баяндап жатат. Ким Аллахтын динин жана пайгамбардын сүннөтүн бекем карманса, Аллах Таала аны адашуусу жок туура, түз жолгобагыттап коёт

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ حَقَّ تُقَاتِهِۦ وَلَا تَمُوتُنَّ إِلَّا وَأَنتُم مُّسْلِمُونَ ﴿١٠٢﴾

Оо, Аллахка ишенген, пайгамбарга ээрчиген ыймандуулар, Жаратуучуңардан чындап корккула, бул Анын буйруктарын аткаруу, күнөөлөрдөн тыйылуу, нээматтарына шүгүр кылуу аркылуу болот. Ажалыңар жетип өтүп кеткичеңер диниңерде бекем болгула بلغ Куран · Тафсир

وَٱعْتَصِمُوا۟ بِحَبْلِ ٱللَّهِ جَمِيعًۭا وَلَا تَفَرَّقُوا۟ ۚ وَٱذْكُرُوا۟ نِعْمَتَ ٱللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ كُنتُمْ أَعْدَآءًۭ فَأَلَّفَ بَيْنَ قُلُوبِكُمْ فَأَصْبَحْتُم بِنِعْمَتِهِۦٓ إِخْوَٰنًۭا وَكُنتُمْ عَلَىٰ شَفَا حُفْرَةٍۢ مِّنَ ٱلنَّارِ فَأَنقَذَكُم مِّنْهَا ۗ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمْ ءَايَـٰتِهِۦ لَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ ﴿١٠٣﴾

ى Оо, ыймандуулар, китеп жана сүннөттү бекем кармагыла, бөлүнүп-жарылууга алап барчу иштерден сак болгула. Исламдан мурда болбогон себеп менен согушуп, душман элеңер, Аллах Таала жүрөгүңөрдү исламга бириктирип, бири-бириңе ырайымдуу, жардам берүүчү диндеш бир тууган болдуңар. Аллахтын мына ушул нээматын эстегиле. Буга чейин каапырлыгыңар менен тозокко бет алган элеңер, андан Аллах Таала Ислам менен куткарып калды жана ыйманга баштады. Аллах Таала силер түз жолдобекем болууңар, туура жолдожүрүүңөр жана дүйнө, акыретте абалыңар жакшыболуусуүчүн мына ушинтип аяттарын баяндады

وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌۭ يَدْعُونَ إِلَى ٱلْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِٱلْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ ٱلْمُنكَرِ ۚ وَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْمُفْلِحُونَ ﴿١٠٤﴾

Оо, ыймандуулар, силерден Аллахка жаккан бадык жакшылыкка үндөгөн, шарият талап кылган жана акылга сыя турган жакшы иштерге чакырган, шариятта тыюу салынган жана акылга да туура келбеген жаман иштерден кайтарган жамаат болсун.Мына ушулар дүйнө жана акыретте жеңишке жеткен адамдар

وَلَا تَكُونُوا۟ كَٱلَّذِينَ تَفَرَّقُوا۟ وَٱخْتَلَفُوا۟ مِنۢ بَعْدِ مَا جَآءَهُمُ ٱلْبَيِّنَـٰتُ ۚ وَأُو۟لَـٰٓئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌۭ ﴿١٠٥﴾

Оо, ыймандуулар, бөлүнүп-жарылып бир канча тайпа, топторго айланган китеп берилгендерге окшобогула. Алар Аллах Тааладан ачык-айкын аят, далилдер келгенден кийин дининде каршылаш болуп кетишти. Буларга Аллах Тааланын катуу азабы болот

يَوْمَ تَبْيَضُّ وُجُوهٌۭ وَتَسْوَدُّ وُجُوهٌۭ ۚ فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ٱسْوَدَّتْ وُجُوهُهُمْ أَكَفَرْتُم بَعْدَ إِيمَـٰنِكُمْ فَذُوقُوا۟ ٱلْعَذَابَ بِمَا كُنتُمْ تَكْفُرُونَ ﴿١٠٦﴾

تكفرون Аларга бул катуу азап кыямат күну болот. Бул күну ыймандуулардын жүзү кубаныч жана бакыттан улам агарып нурданып турат. Каапырлардын жүзү болсо кайгы жана кыйынчылыктан улам карарып кетет. Ал улук күндө жүзү карарып калгандарга: Ишенип, тастыктаганыңардан кийин Аллахтын Жалгыздыгына каапыр болуп, Ага эч шерик кылбагыла деген келишимин буздуңарбы?! Эми ушул каапырлыгыңар себептүү силерге даярдалып коюлган азаптын даамын тата бергиле

وَأَمَّا ٱلَّذِينَ ٱبْيَضَّتْ وُجُوهُهُمْ فَفِى رَحْمَةِ ٱللَّهِ هُمْ فِيهَا خَـٰلِدُونَ ﴿١٠٧﴾

А берки жүзү агарган адамдардын орду нээматтуу бейиште, анда түбөлүк калышат, анын нээмат жакшылыгы азайбайт жана түгөнбөйт

تِلْكَ ءَايَـٰتُ ٱللَّهِ نَتْلُوهَا عَلَيْكَ بِٱلْحَقِّ ۗ وَمَا ٱللَّهُ يُرِيدُ ظُلْمًۭا لِّلْعَـٰلَمِينَ ﴿١٠٨﴾

Аллахтын бул жакшылыкты жана жамандыкты убада кылган аяттарын сага, оо, пайгамбар, чыныгы кабар, адилеттүү өкүм менен окуп беребиз. Аллах Таала ааламда эч кимге залымдык кылбайт, ар кимди кылган ишине жараша гана азаптайт بلغ Куран · Тафсир

وَلِلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ ۚ وَإِلَى ٱللَّهِ تُرْجَعُ ٱلْأُمُورُ ﴿١٠٩﴾

Асман жердегинин баарынын жаралуусу да, башкарылуусу да Жалгыз Аллахка тиешелүү, баарынын иши Ага кайтат,анан ар бирине өзүнө тиешелүүжазасын же сыйын берет

كُنتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِٱلْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ ٱلْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِٱللَّهِ ۗ وَلَوْ ءَامَنَ أَهْلُ ٱلْكِتَـٰبِ لَكَانَ خَيْرًۭا لَّهُم ۚ مِّنْهُمُ ٱلْمُؤْمِنُونَ وَأَكْثَرُهُمُ ٱلْفَـٰسِقُونَ ﴿١١٠﴾

Оо, Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үммөтү, силер үммөттөрдүн арасынан ыйманыңарда жана амалыңарда эң жакшы үммөт болдуңар. Адамдарга эң пайдалуу болдуңар, шарият көрсөткөн жана акылга туура келген жакшы иштерге чакырасыңар, шарият тыюу салган жана акылга сыйбас жаман иштеден тыясыңар. Аллахка чындап ишенип, ишенимиңерди иш жүзүндө далилдейсиңер. Эгер тиги китеп берилген яхудилер менен христиандар Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жанамактоо дубасы болсун) ишенишсе алардын дүйнө акырети үчүн жакшы болмок. Алардын арасынан азы гана Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) алып келген динге ишеништи, көбү Аллахтын дини жана шариятынан сыртта калды

لَن يَضُرُّوكُمْ إِلَّآ أَذًۭى ۖ وَإِن يُقَـٰتِلُوكُمْ يُوَلُّوكُمُ ٱلْأَدْبَارَ ثُمَّ لَا يُنصَرُونَ ﴿١١١﴾

Оо,ыймандуулар,алардын душмандыгыканчалык күчөбөсүн силердин диниңерге жана өзүңөргө эчзыян тийгизе албайт, болгону доомат артып, же силерди шылдыңдап тили менен зыян тийгизет. Кокус согушуп калсаңар, алдыңарга түшүп качышат, аларга эч ким эч качан жардам бербейт

ضُرِبَتْ عَلَيْهِمُ ٱلذِّلَّةُ أَيْنَ مَا ثُقِفُوٓا۟ إِلَّا بِحَبْلٍۢ مِّنَ ٱللَّهِ وَحَبْلٍۢ مِّنَ ٱلنَّاسِ وَبَآءُو بِغَضَبٍۢ مِّنَ ٱللَّهِ وَضُرِبَتْ عَلَيْهِمُ ٱلْمَسْكَنَةُ ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ كَانُوا۟ يَكْفُرُونَ بِـَٔايَـٰتِ ٱللَّهِ وَيَقْتُلُونَ ٱلْأَنۢبِيَآءَ بِغَيْرِ حَقٍّۢ ۚ ذَٰلِكَ بِمَا عَصَوا۟ وَّكَانُوا۟ يَعْتَدُونَ ﴿١١٢﴾

Яхудилер кайда барбасын кор,жер көз болуп жүрүшөт.Аллахтын же адамдардын келишимин аткарып жашашса гана тынч болушат. Алар Аллахтын каар-казабына калышты, эми алар муктаждыкта бечара өмүр сүрүшөт. Себеби алар Аллахтын аятына каапырлык кылышты,заалымдык менен пайгамбарларын өлтүрүштү,күнөөгө батып Аллах чийген чектен чыгып кетишти

۞ لَيْسُوا۟ سَوَآءًۭ ۗ مِّنْ أَهْلِ ٱلْكِتَـٰبِ أُمَّةٌۭ قَآئِمَةٌۭ يَتْلُونَ ءَايَـٰتِ ٱللَّهِ ءَانَآءَ ٱلَّيْلِ وَهُمْ يَسْجُدُونَ ﴿١١٣﴾

Китеп берилгендердин баарынын абалы окшош эмес, алардын арасында Аллахтын дининде бекем болгон тайпасы да бар. Буйругун аткарат, күнөөдөн тыйылат, Аллах үчүн намазга туруп, түнү Аллахтын аяттарын окуйт. Бул тайпа Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жиберилгенге чейин болчу. Алардын катарындагылардан пайгамбарыбыздын пайгамбарлыгына жеткени, Исламды кабыл кылды. بلغ Куран · Тафсир

يُؤْمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلْيَوْمِ ٱلْـَٔاخِرِ وَيَأْمُرُونَ بِٱلْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ ٱلْمُنكَرِ وَيُسَـٰرِعُونَ فِى ٱلْخَيْرَٰتِ وَأُو۟لَـٰٓئِكَ مِنَ ٱلصَّـٰلِحِينَ ﴿١١٤﴾

Аллахка жана кыямат күнүнө шексиз, толук ишенишет, туура, жакшы иштерге чакырат, тыюу салынган, жаман иштерден кайтарышат. Жакшы амалдарды жасоого шашылат. ибадаттын жемишин татышат. Булар ниет жана амалы түз болгон пенделер

وَمَا يَفْعَلُوا۟ مِنْ خَيْرٍۢ فَلَن يُكْفَرُوهُ ۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌۢ بِٱلْمُتَّقِينَ ﴿١١٥﴾

Булар жакшыиштери азбы, көппү, анын сообу жоголбойт жана кемибейт. Буйругун аткарып, тыйганынан тыйылган такыба кишилерди Аллах жакшы билет. Алардын эмне кылып жатканынан бей капар эмес, кийин аларды ошол амалдарына жараша сыйлайт

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَن تُغْنِىَ عَنْهُمْ أَمْوَٰلُهُمْ وَلَآ أَوْلَـٰدُهُم مِّنَ ٱللَّهِ شَيْـًۭٔا ۖ وَأُو۟لَـٰٓئِكَ أَصْحَـٰبُ ٱلنَّارِ ۚ هُمْ فِيهَا خَـٰلِدُونَ ﴿١١٦﴾

Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгондоргомал-дүйнөсү, бала-чакасыэч пайда бербейт, Аллахтын азабынан арачалай албайт. Аллах аларга ырайым кылбайт, алардын азабын жана өкүнүчүн арттырат. Алар тозокто түбөлүк калуучулар

مَثَلُ مَا يُنفِقُونَ فِى هَـٰذِهِ ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا كَمَثَلِ رِيحٍۢ فِيهَا صِرٌّ أَصَابَتْ حَرْثَ قَوْمٍۢ ظَلَمُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ فَأَهْلَكَتْهُ ۚ وَمَا ظَلَمَهُمُ ٱللَّهُ وَلَـٰكِنْ أَنفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ ﴿١١٧﴾

Ал каапырлардын жумшаган жакшылыктары жана сообун күтүп отурган иштери, шамалга окшош; ал ызгаардуу шамал күнөөсү менен өз жандарына зыян кылган кайсы бир коомдун эгинин талкалап жок кылат. Алар болсо эгининен көп жакшылыктыүмүт кылып отурган эле. Шамал талкалап кеткенден кийин ал эгинден кыпындай да пайда көрүшпөйт. Ошол сыяктуу каапырлар да амалдарынын сообун үмүт кылышат. Аллах Таала ч кимге залым кылбайт,бирок тигилер Аллахка каапыр болуп,Анын элчисин жалганга чыгарып өздөрүнө өздөрүзалым кылышты

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تَتَّخِذُوا۟ بِطَانَةًۭ مِّن دُونِكُمْ لَا يَأْلُونَكُمْ خَبَالًۭا وَدُّوا۟ مَا عَنِتُّمْ قَدْ بَدَتِ ٱلْبَغْضَآءُ مِنْ أَفْوَٰهِهِمْ وَمَا تُخْفِى صُدُورُهُمْ أَكْبَرُ ۚ قَدْ بَيَّنَّا لَكُمُ ٱلْـَٔايَـٰتِ ۖ إِن كُنتُمْ تَعْقِلُونَ ﴿١١٨﴾

Оо, Аллахка ишенген жана Анын элчисин ээрчиген ыймандуулар, момундардан башкаларды сырдаш, акылдаш кылбагыла. Аларга өзүңөрдүн сырыңарды ачпагыла жана абалыңарды билдирбегиле. Алар силерге зыян тийгизүүдөн абалыңарды бузуудан кайра тартпайт. Силерге машакат жаратып, зыянын тийгизүүнү самашат. Алардын душмандыгы жана жек көрүүсү, диниңерди кемсинткен, сырыңарды жайылткан, ортоңорго от жаккан сөздөрүнөн билинип турат. Ал эми ичине каткан жек көрүүсү андан да жаман. Эй, момундар, эгер Жаратуучуңар түшүргөн нерсеге жакшыакыл жүгүртсөңөр, силерге дүйнө, акыретте пайдасын тийгизе турган ачык далилдерди баян кылдык. بلغ Куран · Тафсир

هَـٰٓأَنتُمْ أُو۟لَآءِ تُحِبُّونَهُمْ وَلَا يُحِبُّونَكُمْ وَتُؤْمِنُونَ بِٱلْكِتَـٰبِ كُلِّهِۦ وَإِذَا لَقُوكُمْ قَالُوٓا۟ ءَامَنَّا وَإِذَا خَلَوْا۟ عَضُّوا۟ عَلَيْكُمُ ٱلْأَنَامِلَ مِنَ ٱلْغَيْظِ ۚ قُلْ مُوتُوا۟ بِغَيْظِكُمْ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ ﴿١١٩﴾

Оо, ыймандуулар, силер ал коомду жакшыкөрүп, аларга жакшылык каалаганыңар менен алар силерге жакшылык каалабайт, тескерисинче, силерге жаалданат. Силер бардык китептерге анын ичинде алардын китебине да ишенесиңер. Алар болсо Аллах Таала силердин пайгамбарыңарга түшүргөн китепке ишенишпейт. Силерге жолукканда тил учунда: ыйман келтирдик дешет. Ал эми өздөрү менен өздөрү калганда силер бир ооздон ыраазы болуп, биригип алганыңарга, Исламдын ызатына, а өздөрү кор болуп калганына ичи күйүп, силерди жек көрүп манжаларын чайнашат. Эй, пайгамбар, ал коомго кайрылып: ушул ачууланган, жек көргөн абалыңарды жүрүп өтүп кеткиле, Аллах Таала көкүрөктө жашырылган ыйман жана каапырлыкты, жакшылык жана жамандыкты билип турат - деп айт

إِن تَمْسَسْكُمْ حَسَنَةٌۭ تَسُؤْهُمْ وَإِن تُصِبْكُمْ سَيِّئَةٌۭ يَفْرَحُوا۟ بِهَا ۖ وَإِن تَصْبِرُوا۟ وَتَتَّقُوا۟ لَا يَضُرُّكُمْ كَيْدُهُمْ شَيْـًٔا ۗ إِنَّ ٱللَّهَ بِمَا يَعْمَلُونَ مُحِيطٌۭ ﴿١٢٠﴾

Оо, ыймандуулар, эгер душмандарыңарды жеңсеңер, же мал-мүлк, бала-чакаңар көбөйсө, алар буга кыжаалат болуп кайгырат. А эгер душманыңардан жеңилсеңер, же мал-мүлк, бала-чакаңар азайса, буга кубанышат жана силерге жаман айтат. Силер такыба болуп, алардын кылык-жоругуна сабыр кылсаңар, алардын кылганы жана куулук-шумдуктары силерге зыянын тийгизбейт. Аллах Таала алардын куулук-шумдугун билип турат жана аларды кайгырган абалда кайтарат

وَإِذْ غَدَوْتَ مِنْ أَهْلِكَ تُبَوِّئُ ٱلْمُؤْمِنِينَ مَقَـٰعِدَ لِلْقِتَالِ ۗ وَٱللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ ﴿١٢١﴾

Оо, пайгамбар, эстегин, таң эрте Мадинадан чыгып Ухудда бутпарастар менен согушуу үчүн момундарды орду- ордуна жайгаштырдың, ар бирине ордун табыштадың. Аллах силердин сөзүңөрду Угуучу, ишиңерди Билүүчү

إِذْ هَمَّت طَّآئِفَتَانِ مِنكُمْ أَن تَفْشَلَا وَٱللَّهُ وَلِيُّهُمَا ۗ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ ٱلْمُؤْمِنُونَ ﴿١٢٢﴾

Оо, пайгамбар, эстегин, Бану Салама жана Бану Хариса урууларынан болгон момундардын эки тайпасы мунафыктар кайра тартканда, өздөрүн алсыз сезип жеңиштен үмүтү үзүлдү. Аллах Таала алардын үмүтүн жандыруу жана согушта туруктуу кылуу менен жардам берүүчү. Момундар бардык абалда Аллах Таалага гана таянып, сүйөнүшсүн

وَلَقَدْ نَصَرَكُمُ ٱللَّهُ بِبَدْرٍۢ وَأَنتُمْ أَذِلَّةٌۭ ۖ فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ ﴿١٢٣﴾

Бадр согушунда да силердин саныңар, курал-жарагыңар аз болгону үчүн алсыз болуп турганыңарда бутпарастарды жеңүүңөгө АллахТаала жардам берген. Аллахтан корккула, силерге берген жакшылыктарына шүгүр кылгыла

إِذْ تَقُولُ لِلْمُؤْمِنِينَ أَلَن يَكْفِيَكُمْ أَن يُمِدَّكُمْ رَبُّكُم بِثَلَـٰثَةِ ءَالَـٰفٍۢ مِّنَ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةِ مُنزَلِينَ ﴿١٢٤﴾

Оо, пайгамбар, эстегин, ошондо, Бадрда бутпарастарга жардам келгенин угушканда момундарга сен дагы: Аллах Таала силерге жардам берсин деп үч миң периштени түшүргөнү жетиштүү эмеспи?! деп айттың. بلغ Куран · Тафсир

بَلَىٰٓ ۚ إِن تَصْبِرُوا۟ وَتَتَّقُوا۟ وَيَأْتُوكُم مِّن فَوْرِهِمْ هَـٰذَا يُمْدِدْكُمْ رَبُّكُم بِخَمْسَةِ ءَالَـٰفٍۢ مِّنَ ٱلْمَلَـٰٓئِكَةِ مُسَوِّمِينَ ﴿١٢٥﴾

Эгер ушул жетиштүү болуп, согушка сабыр кылып чыдап турсаңар жана Аллахка такыба болсоңор, силерге Аллахтан дагы бир жардам болору сүйүнчүлөнөт. Душмандарыңар силерге атырылып кол салары менен каапырлардын айласын билген,ачык белгилери бар беш миңпериште менен жардам берет

وَمَا جَعَلَهُ ٱللَّهُ إِلَّا بُشْرَىٰ لَكُمْ وَلِتَطْمَئِنَّ قُلُوبُكُم بِهِۦ ۗ وَمَا ٱلنَّصْرُ إِلَّا مِنْ عِندِ ٱللَّهِ ٱلْعَزِيزِ ٱلْحَكِيمِ ﴿١٢٦﴾

Аллах Таала бул жардамын жана периштелер аркылуу колдоосун силердин жүрөгүңөр тынчтансын үчүн кубанычтуукабар кылды.Болбосо,негизи жардам мындай ачык себептер менен болбойт.Жардам чынында эчким үстөмдүк кыла албай турган Ызаттуу,тагдырыжана шариятында Даанышман Аллахтан болот

لِيَقْطَعَ طَرَفًۭا مِّنَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ أَوْ يَكْبِتَهُمْ فَيَنقَلِبُوا۟ خَآئِبِينَ ﴿١٢٧﴾

Бадрдагы силерге берилген жеңиш аркылуу Аллах Таала согушта каапырлардын бир тобун кыйратып, бир тобун ачууланган, кордолгон, үмүтсүз абалда кайтарууну каалады

لَيْسَ لَكَ مِنَ ٱلْأَمْرِ شَىْءٌ أَوْ يَتُوبَ عَلَيْهِمْ أَوْ يُعَذِّبَهُمْ فَإِنَّهُمْ ظَـٰلِمُونَ ﴿١٢٨﴾

Ухудда кыйроогоучурагандан кийин Аллахтын элчиси бутпарастардын башчыларын даабат кылганда,АллахТаала: сенин колуңда алардыары-бери кыла турган эч мүмкүнчүлүк жок, Аллах аларга өкүм чыгарганча сабыр кылып күтө тур. Алар же тообо кылып мусулман болушат, же каапыр боюнча кала беришет да азапка туш болот. Алар азапка татыктуу залымдар - деди

وَلِلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ ۚ يَغْفِرُ لِمَن يَشَآءُ وَيُعَذِّبُ مَن يَشَآءُ ۚ وَٱللَّهُ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌۭ ﴿١٢٩﴾

Жаратууда, башкарууда да асман-жердегинин баары Аллахтын мүлкү, пенделеринен кимди кааласа, ага ырайым кылып күнөөсүн кечирет, кимди кааласа адилдиги менен аны азаптайт. Тообо кылган пенделерине Аллах Таала ырайымдуу жана Кечиридүү

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تَأْكُلُوا۟ ٱلرِّبَوٰٓا۟ أَضْعَـٰفًۭا مُّضَـٰعَفَةًۭ ۖ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ ﴿١٣٠﴾

Оо, Аллахка ишенип, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, берген карызыңардын үстүнө үстөк пайыз алып сүткорлук кылуудан сактангыла. Мындайды исламдан мурдагы доордо кылшычу. Буйругун аткаруу жана күнөөдөн тыйылуу менен Аллахка такыба болгула. Ошондо бул дүйнөдө жана акыретте каалаган жакшылыгыңарга жетерсиңер

وَٱتَّقُوا۟ ٱلنَّارَ ٱلَّتِىٓ أُعِدَّتْ لِلْكَـٰفِرِينَ ﴿١٣١﴾

Аллах Таала каапырларга даярдап койгон тозок менен өзүңөдүн ортоңорго тосмо койгула, бул тосмо жакшы амалдарды аткаруу, күнөөдөн тыйылуу менен болот بلغ Куран · Тафсир

وَأَطِيعُوا۟ ٱللَّهَ وَٱلرَّسُولَ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ ﴿١٣٢﴾

Буйругун аткаруу жана тыйганынан тыйылуу менен Аллахка жана Анын элчисине баш ийгиле. Ошондобул дүйнөдө дагы, акыретте дагы ырайымга ээ болорсуңар

۞ وَسَارِعُوٓا۟ إِلَىٰ مَغْفِرَةٍۢ مِّن رَّبِّكُمْ وَجَنَّةٍ عَرْضُهَا ٱلسَّمَـٰوَٰتُ وَٱلْأَرْضُ أُعِدَّتْ لِلْمُتَّقِينَ ﴿١٣٣﴾

Ибадаттын түрлөрүн аткаруу менен Аллахка жакындоого, жакылыктарды жасоого шашылгыла; Аллахтын кенен кечиримине жетүүңөр үчүн жана чоңдугу асман-жердебейишке кирүүңөр үчүн, аны Аллах Таала такыба пенделерине даярдаган

ٱلَّذِينَ يُنفِقُونَ فِى ٱلسَّرَّآءِ وَٱلضَّرَّآءِ وَٱلْكَـٰظِمِينَ ٱلْغَيْظَ وَٱلْعَافِينَ عَنِ ٱلنَّاسِ ۗ وَٱللَّهُ يُحِبُّ ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿١٣٤﴾

Чыныгы такыбалар, булар барчылыкта да, жокчулукта да Аллах жолунда садага берген, өч алууга күчү жетип туруп ачуусун жуткан, зыянын тийгизген адамдардыкечирип жиберген адамдар. Мына ушундай ахлактагыадамдарды Аллах Таала жакшы көрөт

وَٱلَّذِينَ إِذَا فَعَلُوا۟ فَـٰحِشَةً أَوْ ظَلَمُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ ذَكَرُوا۟ ٱللَّهَ فَٱسْتَغْفَرُوا۟ لِذُنُوبِهِمْ وَمَن يَغْفِرُ ٱلذُّنُوبَ إِلَّا ٱللَّهُ وَلَمْ يُصِرُّوا۟ عَلَىٰ مَا فَعَلُوا۟ وَهُمْ يَعْلَمُونَ ﴿١٣٥﴾

يصرواعل ما فعلواوهم يعلمون ى Булар кокустан чоң күнөө кылып алышса, же майда күнөөлөрдү жасаса, Аллахтыэстеп, Анын күнөөкөрлөргө убада кылган азабын эстеп, такыбаларга убада кылган жыргалды эстеп, кылганына өкүнүп, дароо Аллахтан күнөөлөрүн жашырууну жана кечирүүнү суранып тобо кылышат. Анткени, күнөөнү Жалгыз Аллахтан башка ким кечирмек эле. Булар күнөө кылганын жана Аллах Таала бардык күнөөлөрдү кечирүүчү экенин билип туруп, күнөөсүн кайра- кайра уланта бербейт

أُو۟لَـٰٓئِكَ جَزَآؤُهُم مَّغْفِرَةٌۭ مِّن رَّبِّهِمْ وَجَنَّـٰتٌۭ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَـٰرُ خَـٰلِدِينَ فِيهَا ۚ وَنِعْمَ أَجْرُ ٱلْعَـٰمِلِينَ ﴿١٣٦﴾

Ушундай мактоого татыктуу сыпаттар менен сыпатталгандар, алардын сооп-сыйы Аллах алардын күнөөсүн жашырат жана кечирет, алар үчүн акыретте ак сарайлардын астынан дарыялары агып турган бейиш бар. Анда түбөлүк турушат. Бул Аллахка баш ийип амал кылуучуларга берилген кандай сонун нээмат

قَدْ خَلَتْ مِن قَبْلِكُمْ سُنَنٌۭ فَسِيرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ فَٱنظُرُوا۟ كَيْفَ كَانَ عَـٰقِبَةُ ٱلْمُكَذِّبِينَ ﴿١٣٧﴾

Момундар Ухуд күнү башына иш түшүп сыналганда, Аллах Таала алардын көңүлүн тынчытып мындай деди: Силерден мурдагы доорлордо да каапырларды кыйраткан учурлар болгон, сыноодон кийин момундарга акыбети берилген. Жер бетин карап, Аллахка жана Анын элчисине жалганчы болгондордун абалы кандай болгонуна, жашаган жерлери аңгырап бош калып,жыйган мүлкүтыптыйпылболуп кеткенине этибар бергиле هذا بيان للناس وهدى وموعظةللمتقين

هَـٰذَا بَيَانٌۭ لِّلنَّاسِ وَهُدًۭى وَمَوْعِظَةٌۭ لِّلْمُتَّقِينَ ﴿١٣٨﴾

Бул Касиеттүү Куран жалпы адамдарга чындыкты баяндоочу, жалганды эскертүүчү, туура жолго багытоочу жана такыбаларга насаатчы. Анткени, мындан пайдалануучулар туура жолгобагыт алат بلغ Куран · Тафсир

وَلَا تَهِنُوا۟ وَلَا تَحْزَنُوا۟ وَأَنتُمُ ٱلْأَعْلَوْنَ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ ﴿١٣٩﴾

Оо, ыймандуулар, Ухуд күнүндө болгон ишке өкүнбөгүлө жана алсырабагыла, мындай кылуу силерге ылайык эмес. Силер эгер Аллахка жана Анын ыймандууларга берген убадаларына ишенсеңер, ыйманыңар менен, Аллахтын жардамыменен жана Анын жардамын үмүт кылууменен ар дайым жогоруболосуңар

إِن يَمْسَسْكُمْ قَرْحٌۭ فَقَدْ مَسَّ ٱلْقَوْمَ قَرْحٌۭ مِّثْلُهُۥ ۚ وَتِلْكَ ٱلْأَيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيْنَ ٱلنَّاسِ وَلِيَعْلَمَ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَيَتَّخِذَ مِنكُمْ شُهَدَآءَ ۗ وَٱللَّهُ لَا يُحِبُّ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿١٤٠﴾

Оо, ыймандуулар, Ухуд күнү силерде өлүм, жаракат көоп болсо, Бадрда каапырларга ушундай болгон. Аллах Таала мындай күндөрдү момундарга да, каапырларга да кээде кааласа жеңдирип кааласа, жеңилдирип айланта берет, муну көп сыры бар; анын бири: чыныгы ыймандууларды мунафыктардан айырмалоо, дагы бири, каалаган адамын шейиттик менен сыйлоо. Жихадды танып өзүнө-өзү залым кылгандарды Аллах Таала жакшы көрбөйт

وَلِيُمَحِّصَ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَيَمْحَقَ ٱلْكَـٰفِرِينَ ﴿١٤١﴾

Бул сырлардын кээси, момундарды күнөөсүнөн тазалоо, алардын арасын мунафыктардан арылтуу жана каапырлардыкыйратып жок кылуу

أَمْ حَسِبْتُمْ أَن تَدْخُلُوا۟ ٱلْجَنَّةَ وَلَمَّا يَعْلَمِ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ جَـٰهَدُوا۟ مِنكُمْ وَيَعْلَمَ ٱلصَّـٰبِرِينَ ﴿١٤٢﴾

Оо, ыймандуулар, силер Аллах жолунда чындап жихад кылганыңарды жана башыңарга келген балээге сабыр кылганыңардыбилүү үчүн сыналбай туруп эле бейишке киребиз деп ойлодуңарбы?!

وَلَقَدْ كُنتُمْ تَمَنَّوْنَ ٱلْمَوْتَ مِن قَبْلِ أَن تَلْقَوْهُ فَقَدْ رَأَيْتُمُوهُ وَأَنتُمْ تَنظُرُونَ ﴿١٤٣﴾

Оо, ыймандуулар, өлүмгө себеп болгон катуу согушка катышканга чейин, биз да Бадр согушунда шейит болгондор сыяктуу шейит болсок деп каапырлар менен бет келүүнү самабадыңар беле? Мына Ухуд күнү ошол самаганыңар болду, муну өзкөзүңөр менен көрдүңөр

وَمَا مُحَمَّدٌ إِلَّا رَسُولٌۭ قَدْ خَلَتْ مِن قَبْلِهِ ٱلرُّسُلُ ۚ أَفَإِي۟ن مَّاتَ أَوْ قُتِلَ ٱنقَلَبْتُمْ عَلَىٰٓ أَعْقَـٰبِكُمْ ۚ وَمَن يَنقَلِبْ عَلَىٰ عَقِبَيْهِ فَلَن يَضُرَّ ٱللَّهَ شَيْـًۭٔا ۗ وَسَيَجْزِى ٱللَّهُ ٱلشَّـٰكِرِينَ ﴿١٤٤﴾

Мухаммад мурда жиберилип өлгөн же өлтүрүлгөн элчилер сыяктуу эле Аллахтын элчиси. Эгер ал өлсө же өлтүрүлсө силер диниңерден кайтып кетесиңерби, жихаддыташтап коёсуңарбы?Дининен кайтып кеткен адам Аллах кыпындай зыянын тийгизбейт; анткени, Аллах Ызаттуу, Күчтүү. Дининен кайткан адам дүйнө жана акыретте өкүнүчкө калып, өзүнүн жанына зыян кылат. Дининде бекем, Аллах жолундагы согушта туруктуу болгону үчүн Аллах Таала шүгүр кылуучулардычоң сыйлык менен сыйлайт. بلغ Куран · Тафсир

وَمَا كَانَ لِنَفْسٍ أَن تَمُوتَ إِلَّا بِإِذْنِ ٱللَّهِ كِتَـٰبًۭا مُّؤَجَّلًۭا ۗ وَمَن يُرِدْ ثَوَابَ ٱلدُّنْيَا نُؤْتِهِۦ مِنْهَا وَمَن يُرِدْ ثَوَابَ ٱلْـَٔاخِرَةِ نُؤْتِهِۦ مِنْهَا ۚ وَسَنَجْزِى ٱلشَّـٰكِرِينَ ﴿١٤٥﴾

Адам качан Аллах Таала жазган күнү бүтүп ажалы жетмейинче өлбөйт, буга кошумча да кыла албайт, кемите да албайт. Ким кылган амалына дүйнө жакшылыгын кааласа, ага өлчөмдөгү жакшылк берилет, бирок акыретте ага эч нерсе берилбейт. А ким кылган амалына акырет сообун үмүт кылса, ага акыретте сообу берилет, Жаратуучусуна шүгүр кылгандардыөтө чоңсый менен сыйлайбыз

وَكَأَيِّن مِّن نَّبِىٍّۢ قَـٰتَلَ مَعَهُۥ رِبِّيُّونَ كَثِيرٌۭ فَمَا وَهَنُوا۟ لِمَآ أَصَابَهُمْ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ وَمَا ضَعُفُوا۟ وَمَا ٱسْتَكَانُوا۟ ۗ وَٱللَّهُ يُحِبُّ ٱلصَّـٰبِرِينَ ﴿١٤٦﴾

Көптөгөн пайгамбарлардын сахабалары пайгамбарлары менен бирге өлүм, жаракат коштогон согуштарга катышкан. Алар душманга каршы турууда алсыздык кылган эмес, сабыр кылып, туруктуу болушкан. Аллах Таала Анын жолундагы кыйынчылыкка сабыр кылгандарды жакшы көрөт

وَمَا كَانَ قَوْلَهُمْ إِلَّآ أَن قَالُوا۟ رَبَّنَا ٱغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَا وَإِسْرَافَنَا فِىٓ أَمْرِنَا وَثَبِّتْ أَقْدَامَنَا وَٱنصُرْنَا عَلَى ٱلْقَوْمِ ٱلْكَـٰفِرِينَ ﴿١٤٧﴾

Ал, сабырдуулар башына балээ түшкөндө: Жаратуучубуз, биздин күнөөбүздү, ишибизде чектен чыгып кеткенибизди кечир, душмандар менен бетме-бет келгенде кадамыбыздыбекем кыл, сага каапыр болгон коомго каршыбизге жардам бер - деп айтышкан

فَـَٔاتَىٰهُمُ ٱللَّهُ ثَوَابَ ٱلدُّنْيَا وَحُسْنَ ثَوَابِ ٱلْـَٔاخِرَةِ ۗ وَٱللَّهُ يُحِبُّ ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿١٤٨﴾

Аллах Таала аларга жардам жана жеңишке мүмкүнчүлүк берүү менен сыйлады. А акыретте болсонээматтуу бейиш, Өзүнүн ыраазылыгы сыяктуу сооп-сый тартуулайт. Ибадатында жана мамилесинде жакшы болгондорду Аллах Таала жакшы көрөт

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِن تُطِيعُوا۟ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ يَرُدُّوكُمْ عَلَىٰٓ أَعْقَـٰبِكُمْ فَتَنقَلِبُوا۟ خَـٰسِرِينَ ﴿١٤٩﴾

Оо, Аллахка ишенген, пайгамбарды ээрчиген момундар, эгер яхуди, христиан же бутпарас каапырларга баш ийсеңер, ыйманыңардан кийин силерди өздөрүнүн каапырлыгына тартат, анан дүйнө, акыретте өкүнүүчүлөрдөн болосуңар

بَلِ ٱللَّهُ مَوْلَىٰكُمْ ۖ وَهُوَ خَيْرُ ٱلنَّـٰصِرِينَ ﴿١٥٠﴾

Ал каапырлар силер аларга баш ийсеңер да жардам бербейт. Ал эми Аллах душманыңарга каршысилерге жардам берүүчү, Ага баш ийгиле, Ал Кемчиликсиз Аллах жардам берүүчүлөрдүн эң жакшысы, Андан кийин эч кимдин жардамына муктаж болбойсуңар بلغ Куран · Тафсир

سَنُلْقِى فِى قُلُوبِ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ ٱلرُّعْبَ بِمَآ أَشْرَكُوا۟ بِٱللَّهِ مَا لَمْ يُنَزِّلْ بِهِۦ سُلْطَـٰنًۭا ۖ وَمَأْوَىٰهُمُ ٱلنَّارُ ۚ وَبِئْسَ مَثْوَى ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿١٥١﴾

Каалоолорун ээрчип, эч далили жок эле Аллахка башка нерселерди шерик кылып, анан ага сыйынганы үчүн каапырлардын жүрөгүнө катуу коркунуч салабыз. Анан силер менен согушууда туруштук бере албайт. Алардын акырете тура турган жайларытозок.Зааламдардын жайыболгон тозок кандай жаман

وَلَقَدْ صَدَقَكُمُ ٱللَّهُ وَعْدَهُۥٓ إِذْ تَحُسُّونَهُم بِإِذْنِهِۦ ۖ حَتَّىٰٓ إِذَا فَشِلْتُمْ وَتَنَـٰزَعْتُمْ فِى ٱلْأَمْرِ وَعَصَيْتُم مِّنۢ بَعْدِ مَآ أَرَىٰكُم مَّا تُحِبُّونَ ۚ مِنكُم مَّن يُرِيدُ ٱلدُّنْيَا وَمِنكُم مَّن يُرِيدُ ٱلْـَٔاخِرَةَ ۚ ثُمَّ صَرَفَكُمْ عَنْهُمْ لِيَبْتَلِيَكُمْ ۖ وَلَقَدْ عَفَا عَنكُمْ ۗ وَٱللَّهُ ذُو فَضْلٍ عَلَى ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿١٥٢﴾

Ухуд күнү Аллахтын уруксаты менен силер каапырларды кырып-жоюп киргениңерде, Аллах Таала силерге жеңиш берем деген убадасынын үстүнөн чыккан болчу.Кийин силер Аллахтын элчиси силерди буйруган иште алсыздык кылып жана ордуңарда калуу же ордуңарды таштап, олжо жыюуга киришүү жөнүндө талаштыңар. Абал кандай өзгөрсө да ээлеген ордуңардан жылбагыла деген Аллахтын элчисине күнөөкөр болдуңар. Бул, силер душманыңардыжеңүүнүкаалап турганыңардан кийин болду.Силердин араңардагыдүйнө олжосун каалагандар, ээлеген орундарын таштап коюшту. Ал эми акырет сообун каалагандар, Аллахтын элчисине баш ийип орундарында калышты. Андан кийин Аллах Таала силерди сыноо үчүн аларды силерге үстөм кылып койду. Башына келген балээге алы жетпей, кадамы титиреп чыныгы сабырдуу ыймандуулар ачык болду. Анан Аллах Таала пайгамбардын буйругун аткарбай койгонуңарды кечирди. Аллах Таала ыймандууларга ушундай артыкчылык кылат, аларды ыйманга баштайт, күнөөлөрүн кечирет, кыйынчылыктан чыгарат

۞ إِذْ تُصْعِدُونَ وَلَا تَلْوُۥنَ عَلَىٰٓ أَحَدٍۢ وَٱلرَّسُولُ يَدْعُوكُمْ فِىٓ أُخْرَىٰكُمْ فَأَثَـٰبَكُمْ غَمًّۢا بِغَمٍّۢ لِّكَيْلَا تَحْزَنُوا۟ عَلَىٰ مَا فَاتَكُمْ وَلَا مَآ أَصَـٰبَكُمْ ۗ وَٱللَّهُ خَبِيرٌۢ بِمَا تَعْمَلُونَ ﴿١٥٣﴾

Оо, ыймандуулар, эстегиле, Ухуд күнү согушка чыкканыңарда, Аллахтын элчиси айткан ишти кылбай кыйынчылыкка кабылып, бири-бириңе карабай качып жөнөгөнүңөрдө, Аллахтын элчиси силердин артыңарда силер менен бутпарастардын ортосунда калып, силерге: эй, Аллахтын кулдары! Мага кайткыла! Эй, Аллахтын кулдары! Мага кайткыла деп кыйкырып жатты. Жеңишти жана олжону өзүңөр колдон чыгарып алганынар үчүн Аллах ушинтип ыза, кыйынчылык менен жазалады. Ал аз келгенсип, араңарда пайгамбар өлтүрүлдү деген кеп тарады. Бул силер жанагы колдон чыгарган жеңиш менен олжого жана өлгөндөр менен жараткаттангандарга өкүнбөшүңөр үчүн болду. Качан Аллахтын элчиси тирүү экенин укканыңарда кайгы-капа, өкүнүчтүн баары унутулду. Аллах Таала силердин кылган ишиңерден кабардар. Жүрөктөгү ниеттер да, сырткы иш-аракеттер да Аллахка жашыруун калбайт بلغ Куран · Тафсир

ثُمَّ أَنزَلَ عَلَيْكُم مِّنۢ بَعْدِ ٱلْغَمِّ أَمَنَةًۭ نُّعَاسًۭا يَغْشَىٰ طَآئِفَةًۭ مِّنكُمْ ۖ وَطَآئِفَةٌۭ قَدْ أَهَمَّتْهُمْ أَنفُسُهُمْ يَظُنُّونَ بِٱللَّهِ غَيْرَ ٱلْحَقِّ ظَنَّ ٱلْجَـٰهِلِيَّةِ ۖ يَقُولُونَ هَل لَّنَا مِنَ ٱلْأَمْرِ مِن شَىْءٍۢ ۗ قُلْ إِنَّ ٱلْأَمْرَ كُلَّهُۥ لِلَّهِ ۗ يُخْفُونَ فِىٓ أَنفُسِهِم مَّا لَا يُبْدُونَ لَكَ ۖ يَقُولُونَ لَوْ كَانَ لَنَا مِنَ ٱلْأَمْرِ شَىْءٌۭ مَّا قُتِلْنَا هَـٰهُنَا ۗ قُل لَّوْ كُنتُمْ فِى بُيُوتِكُمْ لَبَرَزَ ٱلَّذِينَ كُتِبَ عَلَيْهِمُ ٱلْقَتْلُ إِلَىٰ مَضَاجِعِهِمْ ۖ وَلِيَبْتَلِىَ ٱللَّهُ مَا فِى صُدُورِكُمْ وَلِيُمَحِّصَ مَا فِى قُلُوبِكُمْ ۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ ﴿١٥٤﴾

Кыйналып-кысталып, жабыркаганыңардан соң, Аллах силерге бейпилдик берди. Аллахтын убадасына ишенген адамдарды жеңил уйку басып, жүрөктөрүнө бейпилдик орноду. Ал эми керт башынын кызыкчылыгын ойлогон мунафыктарды уйку баспады, алардын жүрөгү да эс албады. Алар тынчсызданып, коркуп, Аллах Таала элчисине элчисине да, пенделерине да жардам бербейт деп, тиги жахилият доорунда Аллахтын кадырына шек келтиришкени сыяктуу мында да жаман күмөндө болушту. Алар Аллахты жакшы тааныбаганы себептүү: бизде бул согушка чыга турчу оюбуз да жок эле, эгер оюбузга койгондо, бул жерге келбейт элек дешти. Эй, пайгамбар, аларга жооп кылып, мындай де: "Иштин баары Аллахтын колунда, Ал каалагандай тагдыр кылат, каалаган өкүмүн жүргүзөт, силердин бул жакка чыгууңарды Ал тагдыр кылган". Мунафыктар жаман, шектүү күмөн санаганы үчүн коркуп сага ачыгын айтышпайт: эгер бул жакка чыгууга биздин оюбузга койгондо согушка чыкпайт элек дешет. Эй, пайгамбар, сен алардын айтканын жокко чыгарып: "Силер эгер согуш талаасынан, андагы өлүмдөн алыс өзүңөрдүн үйүңөрдө олтурсаңар да, Аллах жазып койгон өлүм маалы келсе, өлөсүңөр. Аллах Таала муну (согушту) силердин ниет, максатыңарды текшерүү жана ыймандуу менен мунафыкты ажыратуу үчүн жазды. Аллах Таала пенденин көкүрөгүндөгү сырды Билүүчү, Ага эч нерсе жарыруун калбайт

إِنَّ ٱلَّذِينَ تَوَلَّوْا۟ مِنكُمْ يَوْمَ ٱلْتَقَى ٱلْجَمْعَانِ إِنَّمَا ٱسْتَزَلَّهُمُ ٱلشَّيْطَـٰنُ بِبَعْضِ مَا كَسَبُوا۟ ۖ وَلَقَدْ عَفَا ٱللَّهُ عَنْهُمْ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌ حَلِيمٌۭ ﴿١٥٥﴾

غفور حليم Оо, Мухаммад пайгамбардын сахабалары, Ухуд күнү бутпарастар менен мусулмандар беттешкенде силердин араңардагы артка качкандарды алардын кээ бир күнөөсү себептүү шайтан азгырды. Аллах аларды кечирди, ырайымы жана артыкчылыгы менен аларды жазалабады. Аллах Таала тобо кылуучулардын тобосун кабыл кылуучу, аларды жазалоого шашылбаган Жумшак пейил. ز

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تَكُونُوا۟ كَٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَقَالُوا۟ لِإِخْوَٰنِهِمْ إِذَا ضَرَبُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ أَوْ كَانُوا۟ غُزًّۭى لَّوْ كَانُوا۟ عِندَنَا مَا مَاتُوا۟ وَمَا قُتِلُوا۟ لِيَجْعَلَ ٱللَّهُ ذَٰلِكَ حَسْرَةًۭ فِى قُلُوبِهِمْ ۗ وَٱللَّهُ يُحْىِۦ وَيُمِيتُ ۗ وَٱللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌۭ ﴿١٥٦﴾

Оо, Аллахка ишенген, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, ырыскы издеп сапарга чыгып же, казатка аттанып ошондоөлгөн же өлтүрүлгөн бир туугандарытууралуу,эгер алар биздин жаныбыздан алыс чыкпаганда өлбөйт эле деп айткан мунафык каапырларга окшобогула. Аллах Таала алардын жүрөгүндөгү өкүнүч жана кайгыны көбөйтүү үчүн аларга ушундай туура эмесишенимди киргизип койгон. А чыны, Аллах Өз каалоосу менен өлтүрөт жана тирилтет. Анын тагдырындагы өлүмдү үйдө олтуруу токтотпойт, же согушка чыгуу тездетпейт. Аллах силердин кылганыңарды Көрүүчү, амалыңар Ага жашыруун эмес, ошол амалыңарга жараша сый көрөсүңөр же жазаланасыңар

وَلَئِن قُتِلْتُمْ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ أَوْ مُتُّمْ لَمَغْفِرَةٌۭ مِّنَ ٱللَّهِ وَرَحْمَةٌ خَيْرٌۭ مِّمَّا يَجْمَعُونَ ﴿١٥٧﴾

Оо, момундар, силер Аллах жолунда өлтүрүлсөңөр же өлсөңөр, Аллах силердин күнөөңөрдү кечирет жана ырайым кылат,мына ушулбулдүйнөдөн жана анда жыйылган эртеби-кечпи жок болуучукөр оокаттан жакшы بلغ Куран · Тафсир

وَلَئِن مُّتُّمْ أَوْ قُتِلْتُمْ لَإِلَى ٱللَّهِ تُحْشَرُونَ ﴿١٥٨﴾

Кайсы жерде, кандай абалда өлсөңөр же өлтүрүлсөңөр; баарыңар Жалгыз Аллахка кайтасыңар жана ар кимиң амалыңа жараша сый же жаза аласыңар

فَبِمَا رَحْمَةٍۢ مِّنَ ٱللَّهِ لِنتَ لَهُمْ ۖ وَلَوْ كُنتَ فَظًّا غَلِيظَ ٱلْقَلْبِ لَٱنفَضُّوا۟ مِنْ حَوْلِكَ ۖ فَٱعْفُ عَنْهُمْ وَٱسْتَغْفِرْ لَهُمْ وَشَاوِرْهُمْ فِى ٱلْأَمْرِ ۖ فَإِذَا عَزَمْتَ فَتَوَكَّلْ عَلَى ٱللَّهِ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلْمُتَوَكِّلِينَ ﴿١٥٩﴾

ه Аллах ыроологон ырайым менен сенин мүнөзүң, эй, пайгамбар, сахабаларыңа жумшак болду. Эгер сөзүң же ишиң аларга катуу тие турган таш жүрөк болгонуңда, анда алар сенден ажырап кетишмек жана сенин укугуңду кыскартышмак. Сен эми аларга кечирим тиле, кеңешке муктаж болсоң алардын ой-пикирин сура. Кеңештен кийин оюңа бекем ишенсең, аны аткар, Аллахка тобокел кыл, чынында, Аллах Таала Ага тобокел кылгандарды жакшы көрөт, аларды ийгиликтүү кылып жардам берет

إِن يَنصُرْكُمُ ٱللَّهُ فَلَا غَالِبَ لَكُمْ ۖ وَإِن يَخْذُلْكُمْ فَمَن ذَا ٱلَّذِى يَنصُرُكُم مِّنۢ بَعْدِهِۦ ۗ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ ٱلْمُؤْمِنُونَ ﴿١٦٠﴾

Эгер Аллах силерге жардам берип, коргоосуна алса, жер бетиндегинин баары чогулса да силерге эч ким үстөмдүк кыла албайт. А эгер силерге жардам бербей өзүңөрдү таштап койсо, Аллахтан башка силерге эч ким жардам бере албайт. Жардам Жалгыз Анын колунда. Момундар бир гана Аллахка таянышсын, Андан башка эч нерсеге таянбасын

وَمَا كَانَ لِنَبِىٍّ أَن يَغُلَّ ۚ وَمَن يَغْلُلْ يَأْتِ بِمَا غَلَّ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ ۚ ثُمَّ تُوَفَّىٰ كُلُّ نَفْسٍۢ مَّا كَسَبَتْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ ﴿١٦١﴾

Пайгамбарлардын эч кимиси олжодон өзүнө бөлүнбөгөн нерсени кыянаттык менен алган эмес. Силерден ким олжодон өзүнө тиешелүүболбогон нерсени кыянаттык менен алса,кыямат күнүошонун жаман акыбетир тартат, катып алган нерсесин калайыктын алдын көтөрүп келет. Кийин ар бир жан кылган ишине жараша эч бир азайтпастан жазасын алат, аларга күнөөсү көбөйтүлүп, же жакшылыгыазайтылып залым кылынбайт

أَفَمَنِ ٱتَّبَعَ رِضْوَٰنَ ٱللَّهِ كَمَنۢ بَآءَ بِسَخَطٍۢ مِّنَ ٱللَّهِ وَمَأْوَىٰهُ جَهَنَّمُ ۚ وَبِئْسَ ٱلْمَصِيرُ ﴿١٦٢﴾

Ыйманыжана жакшыамалыменен Аллахтын ыраазылыгын табууну көксөгөн адам менен каапыр болуп, жаман иштерди жасап,Аллахтын каар-казабына калып,барар жери тозок болгон адам АллахТааланын хузурунда бирдей эмес.Тозок кандай жаман жай

هُمْ دَرَجَـٰتٌ عِندَ ٱللَّهِ ۗ وَٱللَّهُ بَصِيرٌۢ بِمَا يَعْمَلُونَ ﴿١٦٣﴾

мындай адамдар бул дүйнөдө да, акыретте да бирдей эмес. Аллах Таала алардын эмне кылганын Көрүүчү, Ага эч нерсе купуя-сыр эмес,кийин баарын кылган амалына жараша сыйлайт же жазалайт بلغ Куран · Тафсир

لَقَدْ مَنَّ ٱللَّهُ عَلَى ٱلْمُؤْمِنِينَ إِذْ بَعَثَ فِيهِمْ رَسُولًۭا مِّنْ أَنفُسِهِمْ يَتْلُوا۟ عَلَيْهِمْ ءَايَـٰتِهِۦ وَيُزَكِّيهِمْ وَيُعَلِّمُهُمُ ٱلْكِتَـٰبَ وَٱلْحِكْمَةَ وَإِن كَانُوا۟ مِن قَبْلُ لَفِى ضَلَـٰلٍۢ مُّبِينٍ ﴿١٦٤﴾

Өздөрүнөн пайгамбар жиберип, Аллах Таала момундарга чоң жакшылык кылган. Ал пайгамбар аларга Куран окуп берет, ширк жана зыяндуу ахлактардан арылтат, Куран, сүннөттү үйрөтөт. бул пайгамбар аларга келе элегинде туура жолдон адашып,жаңылып жүрүшкөн эле

أَوَلَمَّآ أَصَـٰبَتْكُم مُّصِيبَةٌۭ قَدْ أَصَبْتُم مِّثْلَيْهَا قُلْتُمْ أَنَّىٰ هَـٰذَا ۖ قُلْ هُوَ مِنْ عِندِ أَنفُسِكُمْ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرٌۭ ﴿١٦٥﴾

Оо, ыймандуулар, Ухудда артка качканыңарда жана араңардан бир топ адам өлтүрүлгөндө: Биз ыйман келтирген болсок, анан кантип мындай балээге кабылдык?! дедиңер. А Бадр согушунда душмандарыңар өлүп жана туткун болууда силерден эки эсе көп жапа тартышкан эле. Оо, пайгамбар, аларга: "Бул балээге өз ара талашып, Аллахтын элчисине баш ийбей койгон себептүү кабылдыңар, - деп айт. Чынында, Аллах Таала бардык ишке Кадыр; каалаганына жардам берет,каалаганын таштап коёт

وَمَآ أَصَـٰبَكُمْ يَوْمَ ٱلْتَقَى ٱلْجَمْعَانِ فَبِإِذْنِ ٱللَّهِ وَلِيَعْلَمَ ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿١٦٦﴾

Ухуд күнү силер менен мушриктер жолуккандагыөлүм, жаракат жана башка кыйынчылыктар Аллахтын уруксаты жана тагдыры менен болду. Бул чыныгы момундарды ажыратуудагы Аллахтын жеткиликтүү даанышмандыгы

وَلِيَعْلَمَ ٱلَّذِينَ نَافَقُوا۟ ۚ وَقِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا۟ قَـٰتِلُوا۟ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ أَوِ ٱدْفَعُوا۟ ۖ قَالُوا۟ لَوْ نَعْلَمُ قِتَالًۭا لَّٱتَّبَعْنَـٰكُمْ ۗ هُمْ لِلْكُفْرِ يَوْمَئِذٍ أَقْرَبُ مِنْهُمْ لِلْإِيمَـٰنِ ۚ يَقُولُونَ بِأَفْوَٰهِهِم مَّا لَيْسَ فِى قُلُوبِهِمْ ۗ وَٱللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا يَكْتُمُونَ ﴿١٦٧﴾

Ошондой эле силердин араңардагы мунафыктарды ачыкка чыгаруу үчүн болду. Аларга: Аллахтын жолунда согушкула же жөн эле мусулмандардын караанын көбөйтүп биз менен чогуу чыккыла - дегенде, алар: Биз силер менен чыкмакпыз, бирок силер менен бутпарастардын ортосунда эч кандай согушту көрбөй эле турабыз - дешти. Ушинтишкен учурда алардын абалы ыймандууларга эмес, каапырларга кобүрөөк окшоп турду. Тилдери жүрөгүндө болбогон нерсени айтып жатты.АллахТаала алар ичине жашырган нерсени билет,кийин алардыошого жараша жазалайт

ٱلَّذِينَ قَالُوا۟ لِإِخْوَٰنِهِمْ وَقَعَدُوا۟ لَوْ أَطَاعُونَا مَا قُتِلُوا۟ ۗ قُلْ فَٱدْرَءُوا۟ عَنْ أَنفُسِكُمُ ٱلْمَوْتَ إِن كُنتُمْ صَـٰدِقِينَ ﴿١٦٨﴾

Ошентип согушка чыкпай калып калгандар, Ухуд согушуна барып жапа чеккендери тууралуу: Эгер булар чыкпай койгондо минтип өлүмгө учурабайт эле - дешет. Эй, пайгамбар, алардын айтканын четке кагып: Алар бизди укканда өлбөйт эле деген сөзүңөр чындыкка жакын болсо жана согушка чыкпай үйдө отуруу адамды өлүмдөн сактап кала турган болсо,өлүм келген учурда силер өзүңөрдүөлүмдөн алып калгылачы,- деп айт

وَلَا تَحْسَبَنَّ ٱلَّذِينَ قُتِلُوا۟ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ أَمْوَٰتًۢا ۚ بَلْ أَحْيَآءٌ عِندَ رَبِّهِمْ يُرْزَقُونَ ﴿١٦٩﴾

Оо, пайгамбар, Аллах жолундагы жихадда шейит болгондлорду өлүк деп ойлобогула. алар Жаратуучусунун алдында кереметтүү орунда өздөрүнө гана тиешелүү жашоодо тирүү. Аллахтан башка эч ким билбеген түрдүү ырыскыларды жешет بلغ Куран · Тафсир

فَرِحِينَ بِمَآ ءَاتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِن فَضْلِهِۦ وَيَسْتَبْشِرُونَ بِٱلَّذِينَ لَمْ يَلْحَقُوا۟ بِهِم مِّنْ خَلْفِهِمْ أَلَّا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ ﴿١٧٠﴾

يحزنون Аларды бакыт ороп, шаң курчаган, мунун баарын аларга Аллах Өзүнүн артыкчылыгы менен берген. Алар бул жакта бул дүйнөдө калган бир туугандарын күтүшөт. Эгер алар да жихадда шейит болшуса, булар сыяктуу жыргалды табышат. Аларда акырет иштеринен коркуп чочулооболбойт, ошондой эле дүйнөдожасаган иштерине өкүнбөйт

۞ يَسْتَبْشِرُونَ بِنِعْمَةٍۢ مِّنَ ٱللَّهِ وَفَضْلٍۢ وَأَنَّ ٱللَّهَ لَا يُضِيعُ أَجْرَ ٱلْمُؤْمِنِينَ ﴿١٧١﴾

мындан сырткары Аллах аларга даярдап койгон чоң соопторго кубанышат. Аллах Таала момундардын сообун кемитпейт, анытолук берет жана кошумча кошот

ٱلَّذِينَ ٱسْتَجَابُوا۟ لِلَّهِ وَٱلرَّسُولِ مِنۢ بَعْدِ مَآ أَصَابَهُمُ ٱلْقَرْحُ ۚ لِلَّذِينَ أَحْسَنُوا۟ مِنْهُمْ وَٱتَّقَوْا۟ أَجْرٌ عَظِيمٌ ﴿١٧٢﴾

Ухуд согушунда жапа чегип турганыңарда, анын артынан эле "Хамра ал-Асад" согушуна аттангыла деген Аллахтын жана Анын элчисинин буйругуна баш ийип, жаракаттарына карабай аттанып чыккандарга, алардан амалдарын жакшыаткаргандарга, Аллахтын буйругун аткарып, күнөөдөн тыйылып такыба болгондоргоАллахтын чоң сыйлыгы бар, ал - бейиш

ٱلَّذِينَ قَالَ لَهُمُ ٱلنَّاسُ إِنَّ ٱلنَّاسَ قَدْ جَمَعُوا۟ لَكُمْ فَٱخْشَوْهُمْ فَزَادَهُمْ إِيمَـٰنًۭا وَقَالُوا۟ حَسْبُنَا ٱللَّهُ وَنِعْمَ ٱلْوَكِيلُ ﴿١٧٣﴾

Бутпарастардан бирөөлөрү келип: Курайштар Абу Суфянды башчы кылып, көп кол топтоп, силер менен согушканы турат, - деп коркутканда, бул коркутуу ыймандуулардын Аллахка ишенимин жана Аллахтын убадасына болгон үмүтүн күчөттү. Анан: Бизге Аллах жетиштүү,Ал, ишибизди ишенип тапшыра турган эң жакшы Колдоочу - деп, согушка аттанышты

فَٱنقَلَبُوا۟ بِنِعْمَةٍۢ مِّنَ ٱللَّهِ وَفَضْلٍۢ لَّمْ يَمْسَسْهُمْ سُوٓءٌۭ وَٱتَّبَعُوا۟ رِضْوَٰنَ ٱللَّهِ ۗ وَٱللَّهُ ذُو فَضْلٍ عَظِيمٍ ﴿١٧٤﴾

Кийин алар Хамра ал-Асад казатынан эчкандай согушсуз,өлүм-жаракатсыз,бирок өтө чоң соопкоээ болуп кайтып келишти. Күнөөдөн тыйылып, ибадатын бекем карманып Аллахты ыраазы кылышты. Аллах Таала момун пенделерине өзгөчө Артыкчалуу

إِنَّمَا ذَٰلِكُمُ ٱلشَّيْطَـٰنُ يُخَوِّفُ أَوْلِيَآءَهُۥ فَلَا تَخَافُوهُمْ وَخَافُونِ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ ﴿١٧٥﴾

Силерди коркуткан ал шайтан, ал силерге өзүнүн достору, жардам берүүчүлөрүн (каапырларды) айтып коркутат. Алардан коркпогула, аларда күч да, кубат да жок. Эгер Ага чындап ишенсеңер, катуу баш ийүү менен бир гана Жалгыз Аллахтанظ корккула

وَلَا يَحْزُنكَ ٱلَّذِينَ يُسَـٰرِعُونَ فِى ٱلْكُفْرِ ۚ إِنَّهُمْ لَن يَضُرُّوا۟ ٱللَّهَ شَيْـًۭٔا ۗ يُرِيدُ ٱللَّهُ أَلَّا يَجْعَلَ لَهُمْ حَظًّۭا فِى ٱلْـَٔاخِرَةِ ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ ﴿١٧٦﴾

ولهم عذاب عظيم Оо, элчи, каапырлыкка шашып жаткан мунафыктар сени кайгыртпасын. Аллар Аллахка эч зыян тийгизе албайт, Аллахтан жана Анын ибадатынан алыстаганыүчүн өздөрүнө гана зыян кылышат.Алардын эки жүздүүлүгү,бекем بلغ Куран · Тафсир турбаганы себептүү Аллах Таала аларга акыретте эч нерсе бербөөнү каалады. Акыретте аларга тозокто катуу азап болот

إِنَّ ٱلَّذِينَ ٱشْتَرَوُا۟ ٱلْكُفْرَ بِٱلْإِيمَـٰنِ لَن يَضُرُّوا۟ ٱللَّهَ شَيْـًۭٔا وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌۭ ﴿١٧٧﴾

ыйманды каапырлыкка алмаштырып алгандар Аллахка эч зыян тийгизе албайт, болгону өздөрүнө зыян тийгизет, акыретте аларга жан кейиткен азап бар

وَلَا يَحْسَبَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ أَنَّمَا نُمْلِى لَهُمْ خَيْرٌۭ لِّأَنفُسِهِمْ ۚ إِنَّمَا نُمْلِى لَهُمْ لِيَزْدَادُوٓا۟ إِثْمًۭا ۚ وَلَهُمْ عَذَابٌۭ مُّهِينٌۭ ﴿١٧٨﴾

Шариятына моюн сунбай кежирленип, Жаратуучусуна каапыр болгондор, каапырлыкта көп өмүр сүргөнү аларга жакшы деп ойлошот. Бирок, алар ойлогондой эмес, алардын өмүрү күнөөлөрүнө дагы күнөө кошулуусу үчүн узун болду, эми аларга катуу азап болот

مَّا كَانَ ٱللَّهُ لِيَذَرَ ٱلْمُؤْمِنِينَ عَلَىٰ مَآ أَنتُمْ عَلَيْهِ حَتَّىٰ يَمِيزَ ٱلْخَبِيثَ مِنَ ٱلطَّيِّبِ ۗ وَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيُطْلِعَكُمْ عَلَى ٱلْغَيْبِ وَلَـٰكِنَّ ٱللَّهَ يَجْتَبِى مِن رُّسُلِهِۦ مَن يَشَآءُ ۖ فَـَٔامِنُوا۟ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦ ۚ وَإِن تُؤْمِنُوا۟ وَتَتَّقُوا۟ فَلَكُمْ أَجْرٌ عَظِيمٌۭ ﴿١٧٩﴾

ه Оо, ыймандуулар, Аллах Тааланын даанышмандыгы силерди мунафыктар менен аралаш, алардын ким экенин билбеген абалда калтырып койбойт. Таза момундардыыпылас мунафыктардан ажыратуу үчун силерди ар түрдүү кыйынчылыктар менен сынайт. Ошондой эле, Аллах Таала даанышмандыгы менен силерди кайыпты билбей турган кылып койду. Бирок, каалаган адамын пайгамбар кылып, ага кээ бир кайыпты билдирип койду. Мисалы, Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) мунафыктарды билдирген сыяктуу. Эми Аллахка жана Анын элчисине ыйманыңарды бекмдегиле. Эгер Аллахка чындап ыйман келтирсеңер, Анын буйруктарын аткарып, тыюусунан тыйылып Ага такыба болгула, силерге Аллах Таала чоң сый даярдап койгон ر

وَلَا يَحْسَبَنَّ ٱلَّذِينَ يَبْخَلُونَ بِمَآ ءَاتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِن فَضْلِهِۦ هُوَ خَيْرًۭا لَّهُم ۖ بَلْ هُوَ شَرٌّۭ لَّهُمْ ۖ سَيُطَوَّقُونَ مَا بَخِلُوا۟ بِهِۦ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ ۗ وَلِلَّهِ مِيرَٰثُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۗ وَٱللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌۭ ﴿١٨٠﴾

ه АллахТаала артыкчылыгыменен берген нээмат-жакшылыктарга сараңдык кылып, Аллахтын акысын бербегендер, муну жакшылык кылды деп ойлобосун, тескерисинче, бул жамандык. Анткени, азыр сараңдык кылып,эч кимге бербеген нерселери кыямат күнү алардын башына азап болот, ошол нерселери алардымоюнунан кысат. Асман- жердегинин баары Жалгыз Аллахка тиешелүү эмеспи, жаратылгандын баары жок болуп кеткенде да Ал Тирүү калат. Аллах Таала силердин кылган ишиңерди ийне-жибине чейин Билүүчү, кийин ошол амалыңарга жараша сыйлайт, же жазалайт

لَّقَدْ سَمِعَ ٱللَّهُ قَوْلَ ٱلَّذِينَ قَالُوٓا۟ إِنَّ ٱللَّهَ فَقِيرٌۭ وَنَحْنُ أَغْنِيَآءُ ۘ سَنَكْتُبُ مَا قَالُوا۟ وَقَتْلَهُمُ ٱلْأَنۢبِيَآءَ بِغَيْرِ حَقٍّۢ وَنَقُولُ ذُوقُوا۟ عَذَابَ ٱلْحَرِيقِ ﴿١٨١﴾

Яхудилердин: "Аллах бизден карыз талап кылат, Ал кембагал, а биз болсо мал-дүйнөбүз көп байбыз" дегенин Аллах Таала укту. Жаратуучуларына ушинтип жалаа жапкан сөздөрүн жана пайгамбарларды себепсиз өлтүргөндөрүн жазып коёбуз. Анан аларга: тозоктокүйгүзүүчү азаптын даамын тарткыла дейбиз بلغ Куран · Тафсир

ذَٰلِكَ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيكُمْ وَأَنَّ ٱللَّهَ لَيْسَ بِظَلَّامٍۢ لِّلْعَبِيدِ ﴿١٨٢﴾

Эй, яхудилер, бул азап күнөө жана тоң моюндугуңардын себебинен болуп жатат, болбосо, Аллах Таала пенделеринин эчбирине залымдык кылбайт

ٱلَّذِينَ قَالُوٓا۟ إِنَّ ٱللَّهَ عَهِدَ إِلَيْنَآ أَلَّا نُؤْمِنَ لِرَسُولٍ حَتَّىٰ يَأْتِيَنَا بِقُرْبَانٍۢ تَأْكُلُهُ ٱلنَّارُ ۗ قُلْ قَدْ جَآءَكُمْ رُسُلٌۭ مِّن قَبْلِى بِٱلْبَيِّنَـٰتِ وَبِٱلَّذِى قُلْتُمْ فَلِمَ قَتَلْتُمُوهُمْ إِن كُنتُمْ صَـٰدِقِينَ ﴿١٨٣﴾

Бул яхудилер жалган жерден: "Аллах Таала бизге китебинде пайгамбарлардын тили менен, бул элчи качан гана өзүнүн айтканын тастыктай турган нерсени б.а. Аллахка садага кылып, анысын асмандан түшкөн от жалмап кеткенин силерге көрсөтүп бермейинче, ага ишенбегиле деп осуят кылган" деп айтышат. Ушинтип Аллахты жалганга аралаштырышат. Ошон үчүн Аллах Таала Мухаммад пайгамбарды аларга минтип айт деп буйруган: "Силерге менден мурдагы элчилер да чыныгы элчи экенине ачык-айкын далилдери менен келген, силер айтып жаткан асмандан түшкөн от садаганы жалмап кетчү курбандыкты да алар көрсөткөн, эгер азыр айтып жатканыңар чын болсо, анда эмне үчүн ошол пайгамбарлардыда жалганга чыгардыңар жана өлтүрдүңөр!?"

فَإِن كَذَّبُوكَ فَقَدْ كُذِّبَ رُسُلٌۭ مِّن قَبْلِكَ جَآءُو بِٱلْبَيِّنَـٰتِ وَٱلزُّبُرِ وَٱلْكِتَـٰبِ ٱلْمُنِيرِ ﴿١٨٤﴾

Оо, пайгамбар, сени жалганчы дешсе, кайгырба, бул каапырлардын көнүмүш адаты. Сенден мурдагы кп пайгамбар,элчилерди алар жалганга чыгарышкан. Болбосо, алар ачык-айкын далилдерди, үлгү, өрнөк ала турган китептерди туура жолгобаштай турган өкүм,шарияттыкамтыган китепти алып келишкен

كُلُّ نَفْسٍۢ ذَآئِقَةُ ٱلْمَوْتِ ۗ وَإِنَّمَا تُوَفَّوْنَ أُجُورَكُمْ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ ۖ فَمَن زُحْزِحَ عَنِ ٱلنَّارِ وَأُدْخِلَ ٱلْجَنَّةَ فَقَدْ فَازَ ۗ وَمَا ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَآ إِلَّا مَتَـٰعُ ٱلْغُرُورِ ﴿١٨٥﴾

Тирүү жан канча көп жашаса да бир күнү өлүмдүн даамын татат. Дүйнөгө түркүк болуп эч ким калбайт. Кыямат күнү бул дүйнөдө аткарган иш-амалдарыңардын сооп-сыйын эч кемитилбестен аласыңар. Аллах Таала кимди тозоктон ары кылып, бейишке киргизсе; үмүт-тилек кылган жакшылыкка жетип, корккон жамандыктан кутулат. Дүйнө жашоосутүккө турбаган,арзыбаган жашоо,ага алданган адамдар гана байланып калат

۞ لَتُبْلَوُنَّ فِىٓ أَمْوَٰلِكُمْ وَأَنفُسِكُمْ وَلَتَسْمَعُنَّ مِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَـٰبَ مِن قَبْلِكُمْ وَمِنَ ٱلَّذِينَ أَشْرَكُوٓا۟ أَذًۭى كَثِيرًۭا ۚ وَإِن تَصْبِرُوا۟ وَتَتَّقُوا۟ فَإِنَّ ذَٰلِكَ مِنْ عَزْمِ ٱلْأُمُورِ ﴿١٨٦﴾

Оо, ыймандуулар, милдеттүү зекет, садага берүү же жут, кыргын сыяктуу мал-келге келүүчү сыноо менен сыналасыңар.Ошондой эле,өзүңөр да шарияттытак аткарганыңар же аткарбаганыңар жана башыңарга келген ар түрдүү балээлер аркылуу сыналасыңар. Китеп берилгендерден жана Аллахка шерик кошкон бутпарастардан силергежана диниңерге жалаа жапкан көп жаман сөздөрдү угасыңар. Мына ушундай оор сыноо, балээлерге сабыр кылсаңар, буйругуна аткарып, тыйганынан тыйылып Аллахка такыба болсоңор, чыны бул өтө чыдамкайлыкты талап кылган жана буга шашылып жарыша турган улук иштерден. بلغ Куран · Тафсир

وَإِذْ أَخَذَ ٱللَّهُ مِيثَـٰقَ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَـٰبَ لَتُبَيِّنُنَّهُۥ لِلنَّاسِ وَلَا تَكْتُمُونَهُۥ فَنَبَذُوهُ وَرَآءَ ظُهُورِهِمْ وَٱشْتَرَوْا۟ بِهِۦ ثَمَنًۭا قَلِيلًۭا ۖ فَبِئْسَ مَا يَشْتَرُونَ ﴿١٨٧﴾

Оо, пайгамбар, эстегин, Аллах Таала китеп берилген Яхуд жана христиандардын аалымдарына Аллахтын китебин элге ачык айткыла, андагы туура жолду жана Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) тууралуу кабарды жашырбагыла деп ант албады беле. Кийин аларды кээси антты бузду, ага көңүл да бурбады, чындыкты жашырып, жалганды жарыя кылды, Аллахтын ант-келишимин жарыбаган баага, мансап, мал сыяктуу нерсеге алмаштырып жиберишти.Бул кандай жаман иш

لَا تَحْسَبَنَّ ٱلَّذِينَ يَفْرَحُونَ بِمَآ أَتَوا۟ وَّيُحِبُّونَ أَن يُحْمَدُوا۟ بِمَا لَمْ يَفْعَلُوا۟ فَلَا تَحْسَبَنَّهُم بِمَفَازَةٍۢ مِّنَ ٱلْعَذَابِ ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌۭ ﴿١٨٨﴾

عذاب أليم Оо, пайгамбар, жаман иштерине кубанып, жакшылык кылбаганы үчүн башкалардан мактоо угууну каалаган адамдар азаптан саламат кутулуп кетет деп ойлобо.Тескерисинче алардын ордутозок,алар анда катууазапталат

وَلِلَّهِ مُلْكُ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۗ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرٌ ﴿١٨٩﴾

Асман, жер жана андагынын баарын жаратуу жана башкаруу Жалгыз Аллахтын Өзүнө таандык, Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү

إِنَّ فِى خَلْقِ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَٱخْتِلَـٰفِ ٱلَّيْلِ وَٱلنَّهَارِ لَـَٔايَـٰتٍۢ لِّأُو۟لِى ٱلْأَلْبَـٰبِ ﴿١٩٠﴾

Мурда эч болбогон асман менен жердин жаратылышы, түн менен күндүн бирде узарып, бирде кыскарып ээрчишип жүрүүсү; акыл-эси жайындагы адамдарга ааламдын жаратуучусу бардыгына жана Ал ибадат кылууга ылайыктуу Жалгыз Аллах экенине ачык-айкын далил

ٱلَّذِينَ يَذْكُرُونَ ٱللَّهَ قِيَـٰمًۭا وَقُعُودًۭا وَعَلَىٰ جُنُوبِهِمْ وَيَتَفَكَّرُونَ فِى خَلْقِ ٱلسَّمَـٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ رَبَّنَا مَا خَلَقْتَ هَـٰذَا بَـٰطِلًۭا سُبْحَـٰنَكَ فَقِنَا عَذَابَ ٱلنَّارِ ﴿١٩١﴾

Аллах Тааланы бардык учурда, туруп баратканда да, отурганда да, жамбаштап жатканында да эстеп, зикир кылгандар жана асман-жердин жаралышына ой жүгүрткөндөр: Оо, жаратуучубуз, бул көркөм жаратылышты жөндөн-жөн эле жараткан эмессиң, жөн эле жаратып коюудан Сен Аруу-Тазасың. Жакшы амалдарды аткарууга топук бер, жаман амалдардан сакта, тозок отунан алыс кыла көр" - дешет

رَبَّنَآ إِنَّكَ مَن تُدْخِلِ ٱلنَّارَ فَقَدْ أَخْزَيْتَهُۥ ۖ وَمَا لِلظَّـٰلِمِينَ مِنْ أَنصَارٍۢ ﴿١٩٢﴾

Оо, Жаратуучубуз, Сен пенделериңден кимди тозокко киргизсең, аны кордогонуң жана шерменде кылганың. Кыямат күнүзалымдардыАллахтын азабынан жана каарынан коргой турган эчжардамчыболбойт بلغ Куран · Тафсир

رَّبَّنَآ إِنَّنَا سَمِعْنَا مُنَادِيًۭا يُنَادِى لِلْإِيمَـٰنِ أَنْ ءَامِنُوا۟ بِرَبِّكُمْ فَـَٔامَنَّا ۚ رَبَّنَا فَٱغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَا وَكَفِّرْ عَنَّا سَيِّـَٔاتِنَا وَتَوَفَّنَا مَعَ ٱلْأَبْرَارِ ﴿١٩٣﴾

Жаратуучубуз, биз ыйманга чакырган пайгамбарың Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) уктук. Ал: Жаратуучуңарды сыйынууга ылайык Жалгыз Аллах деп ишенгиле - деп айтты. Биз анын айтканына ыйман келтирдик, шариятын кармандык. Биздин күнөөлөрүбүздү жашыр, ачыкка чыгарба, каталарыбызды кечир, ал үчүн жазалаба. Жакшы амалдарды кылып жаман амалдарды таштоого топук берип, жакшы адамдардын катарында жаныбызды ал

رَبَّنَا وَءَاتِنَا مَا وَعَدتَّنَا عَلَىٰ رُسُلِكَ وَلَا تُخْزِنَا يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ ۗ إِنَّكَ لَا تُخْلِفُ ٱلْمِيعَادَ ﴿١٩٤﴾

Жаратуучубуз, пайгамбарыңдын тили менен убада кылган бул дүйнөдөгү жеңиш, туура жолду бере көр. Кыямат күнү тозокко киргизип шерменде кылба. Сен, оо, Жаратуучубуз, убадасын түк бузбаган берешенсиң

فَٱسْتَجَابَ لَهُمْ رَبُّهُمْ أَنِّى لَآ أُضِيعُ عَمَلَ عَـٰمِلٍۢ مِّنكُم مِّن ذَكَرٍ أَوْ أُنثَىٰ ۖ بَعْضُكُم مِّنۢ بَعْضٍۢ ۖ فَٱلَّذِينَ هَاجَرُوا۟ وَأُخْرِجُوا۟ مِن دِيَـٰرِهِمْ وَأُوذُوا۟ فِى سَبِيلِى وَقَـٰتَلُوا۟ وَقُتِلُوا۟ لَأُكَفِّرَنَّ عَنْهُمْ سَيِّـَٔاتِهِمْ وَلَأُدْخِلَنَّهُمْ جَنَّـٰتٍۢ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَـٰرُ ثَوَابًۭا مِّنْ عِندِ ٱللَّهِ ۗ وَٱللَّهُ عِندَهُۥ حُسْنُ ٱلثَّوَابِ ﴿١٩٥﴾

وأخرجوامن ديرهم وأوذوا فى سبيلى وقتلوا وقتلوا لأكفرن عنهم سئاتهم ولأدخلنهم جنت تجرى من ه Жаратуучусу алардын дубасына жооп кылып мындай деди: Эркекпи, аялбы жакшы амал кылгандардын амалы мейли аз, мейли көп болсун анысынын сооп-сыйын эч кемитпей беремин. Баарыңар бир ишенимдесиңер, эркектерге кошумчаланбайт, аялдарга кемитилбейт, баарыңарга бирдей өкүм. Аллах жолунда көчүп чыккандар, каапырлар журтунан кууп чыккан адамдар, Жаратуучусуна баш ийгени себептүү ыза тарткандар, Аллах жолунда согушкандар, Аллахтын сөзү бийик болсун үчүн согушта өлтүрүлгөндөр, Кыямат күнү мына ушулардын күнөөсүн кечирем,күнөөсүүчүн жазалабайм,ак сарайлардын алдынан шылдыр сууларыагып турган бейишке киргизем.Бул Аллахтын сыйлыгы,Аллахта башка эчбир окшошужок ушундай сыйлыктар бар

لَا يَغُرَّنَّكَ تَقَلُّبُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ فِى ٱلْبِلَـٰدِ ﴿١٩٦﴾

Оо, пайгамбар, каапырлардын бир шаардан экинчи шаарга көчүп конуусу, шаарлардымекендеп отурукташуусу, соодасы кирешелүү, ырыскысы мол болгону сени алдабасын. Алардын ушул абалынан кыжаалат, кайгыны сезесиң

مَتَـٰعٌۭ قَلِيلٌۭ ثُمَّ مَأْوَىٰهُمْ جَهَنَّمُ ۚ وَبِئْسَ ٱلْمِهَادُ ﴿١٩٧﴾

Булдүйнөнүн мындай кызыктарыөтө кыска,түбөлүк уланбайт.Кийин Кыяматта алардын барар жери тозок,тозок отунун төшөгүкандай жаман! بلغ Куран · Тафсир

لَـٰكِنِ ٱلَّذِينَ ٱتَّقَوْا۟ رَبَّهُمْ لَهُمْ جَنَّـٰتٌۭ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَـٰرُ خَـٰلِدِينَ فِيهَا نُزُلًۭا مِّنْ عِندِ ٱللَّهِ ۗ وَمَا عِندَ ٱللَّهِ خَيْرٌۭ لِّلْأَبْرَارِ ﴿١٩٨﴾

للأبرار Ал эми Жаратуучусуна такыба болуп, Анын буйругун аткарып, күнөөдөн тыйылгандарга ак сарайларынын алдынан дарыялар агып турган бейиш бар. Аллах Таала аларга убадалап, берген сыйлык ушу, анда түбөлүк турушат. Аллах Таала ыймандуу пенделерине убада кылган нерселер, каапрлар бул дүйнөдө жыргал деп эсептеген нерселерден алда канча жакшы, абзел

وَإِنَّ مِنْ أَهْلِ ٱلْكِتَـٰبِ لَمَن يُؤْمِنُ بِٱللَّهِ وَمَآ أُنزِلَ إِلَيْكُمْ وَمَآ أُنزِلَ إِلَيْهِمْ خَـٰشِعِينَ لِلَّهِ لَا يَشْتَرُونَ بِـَٔايَـٰتِ ٱللَّهِ ثَمَنًۭا قَلِيلًا ۗ أُو۟لَـٰٓئِكَ لَهُمْ أَجْرُهُمْ عِندَ رَبِّهِمْ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ سَرِيعُ ٱلْحِسَابِ ﴿١٩٩﴾

ه Китеп берилгендердин да баары окшош эмес. арасында Аллахка, силерге түшүрүлгөн Куранга жана өздөрүнүн китебинде айтылган чындыкка ишенген,Аллахтын элчилерин бири-биринен ажыратпаган,Аллахтан коркуп,кичи пейил болуп, Анын сооп-сыйына кызыккан, Аллахтын аят-сөздөрүн дүйнө үчүн арзыбаган баага сатпаган жакшылары да бар. Мындайларга Жаратуучусу үлкөн сооп-сый тартуулайт. Аллах Таала ишти өтө тез эсеп-кысап кылат жана сый же жазасын да өтө тез берет

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱصْبِرُوا۟ وَصَابِرُوا۟ وَرَابِطُوا۟ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ ﴿٢٠٠﴾

Оо, Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарды ээрчигендер, шариятты аткарууда, жашоодогу кээ бир кыйынчылыктарда сабырдуу болгула. Сабырдуулукта каапырлардан кем болбоогула, алар силерден сабырдуу болуп кетпесин. Аллах жолундагы жихадга даяр тургула. Буйруктарын аткарып, күнөөдөн тыйылып, Аллахка такыба болгула. Мына ошондотозоктон кутулуп, бейишке кирип максатыңарга жетесиңер. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · Aal-i-Imraan — آل عمران

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил