Башкы бетТафсирAn-Nasr (110)

Тафсир An-Nasr (110) — النصر

Мединалык · 3 аят

Окуу · УгууPDF файл

إِذَا جَآءَ نَصْرُ ٱللَّهِ وَٱلْفَتْحُ ﴿١﴾

Оо, пайгамбар! Сенин диниңе Аллахтын жеңиши, аны күч-кубаттуу кылуусу келсе жана Меккени багындыруу ишке ашса

وَرَأَيْتَ ٱلنَّاسَ يَدْخُلُونَ فِى دِينِ ٱللَّهِ أَفْوَاجًۭا ﴿٢﴾

жана адамдар биринин артынан бири топ-топ болуп Исламга кирип жатканын көрсөң,

فَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ وَٱسْتَغْفِرْهُ ۚ إِنَّهُۥ كَانَ تَوَّابًۢا ﴿٣﴾

анда бул сен жиберилген иштин аяктап баратканынын белгиси экенин билгин. Эми сен жеңиш жана багындыруу жакшылыгына шүгүр кылып, Раббиңе мактоолорду айтып аруула жана Андан кечирим сура. Чындыгында ал пенделеринин күнөөлөрүн кечирип, тооболорун кабыл кылуучу. Булак: Аль-Мухтасар фи тафсир аль-Куран

Үйрөн · An-Nasr — النصر

Ээрчи · кайтала · жатта · Каттоосуз

Тафсир · 31 тил